بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
32 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
الٓـمّٓ ۚ﴿۲﴾
32 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эӊ жакшы билүүчүмүн.
تَنۡزِیۡلُ الۡکِتٰبِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ مِنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ؕ﴿۳﴾
32 : 3 Толук Китептин түшүрүлүшү бүтүн ааламдардын Раббиси тарабынан экенине эч кандай шек-күмөн жок.
اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰٮہُ ۚ بَلۡ ہُوَ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ لِتُنۡذِرَ قَوۡمًا مَّاۤ اَتٰہُمۡ مِّنۡ نَّذِیۡرٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ لَعَلَّہُمۡ یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۴﴾
32 : 4 Алар: «Ал аны ойлоп чыгарган», - дешеби? Жок! (Андай эмес), ал сенден мурун эч бир кулактандыруучу келбеген коомду кулактандырууӊ үчүн Раббиӊ тарабынан акыйкат. Балким, алар хидаят табышаар.
اَللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ ؕ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا شَفِیۡعٍ ؕ اَفَلَا تَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵﴾
32 : 5 Алла асмандар менен жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагы баардык нерсени алты доордо жараткан, анан Аршка жайгашкан Зат; Андан бөлөк силердин эч бир досуӊар да, эч бир шапаатчыӊар да жок. Эмне, силер ибарат албайсыӊарбы?
یُدَبِّرُ الۡاَمۡرَ مِنَ السَّمَآءِ اِلَی الۡاَرۡضِ ثُمَّ یَعۡرُجُ اِلَیۡہِ فِیۡ یَوۡمٍ کَانَ مِقۡدَارُہٗۤ اَلۡفَ سَنَۃٍ مِّمَّا تَعُدُّوۡنَ ﴿۶﴾
32 : 6 Ал өкүмдү тадбир (иш-чара) менен асмандан жерге карай түшүрөт, анан ал силердин эсебиӊер боюнча миӊ жылга тете болгон бир күндө Ал (Алла) тарапка көтөрүлөт.
ذٰلِکَ عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ۙ﴿۷﴾
32 : 7 Мына ушул эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу, кайып жана бар нерсени билүүчү (Алла).
الَّذِیۡۤ اَحۡسَنَ کُلَّ شَیۡءٍ خَلَقَہٗ وَ بَدَاَ خَلۡقَ الۡاِنۡسَانِ مِنۡ طِیۡنٍ ۚ﴿۸﴾
32 : 8 Ал (Алла) Өзү жараткан ар бир нерсени абдан чырайлуу кылды. Ал инсандын жаратылышын ылайдан баштады.
ثُمَّ جَعَلَ نَسۡلَہٗ مِنۡ سُلٰلَۃٍ مِّنۡ مَّآءٍ مَّہِیۡنٍ ۚ﴿۹﴾
32 : 9 Анан Ал (Алла) анын насилин бир арзыбаган суунун маӊызынан пайда кылды.
ثُمَّ سَوّٰٮہُ وَ نَفَخَ فِیۡہِ مِنۡ رُّوۡحِہٖ وَ جَعَلَ لَکُمُ السَّمۡعَ وَ الۡاَبۡصَارَ وَ الۡاَفۡـِٕدَۃَ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۱۰﴾
32 : 10 Анан Ал аны ырастады жана ага Өзүнүн рухун үйлөдү. Ал силер үчүн кулактар, көздөр жана жүрөктөрдү жаратты. Силер абдан аз шүкүр кыласыӊар.
وَ قَالُوۡۤا ءَ اِذَا ضَلَلۡنَا فِی الۡاَرۡضِ ءَ اِنَّا لَفِیۡ خَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ۬ؕ بَلۡ ہُمۡ بِلِقَآیِٔ رَبِّہِمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۱۱﴾
32 : 11 Алар айтышат: «Биз жерде жоголуп кеткенибизден кийин дагы, албетте, бир жаӊы жаратылышка айланабызбы?» Чынында, алар өз Раббисине бетме-бет болууну четке кагуучулар.
قُلۡ یَتَوَفّٰٮکُمۡ مَّلَکُ الۡمَوۡتِ الَّذِیۡ وُکِّلَ بِکُمۡ ثُمَّ اِلٰی رَبِّکُمۡ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿٪۱۲﴾
32 : 12 Айткын: «Үстүӊөргө дайындалып коюлган өлүм периштеси силерди өлтүрөт. Анан силер өз Раббиӊердин алдына кайтарыласыӊар».
وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذِ الۡمُجۡرِمُوۡنَ نَاکِسُوۡا رُءُوۡسِہِمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕ رَبَّنَاۤ اَبۡصَرۡنَا وَ سَمِعۡنَا فَارۡجِعۡنَا نَعۡمَلۡ صَالِحًا اِنَّا مُوۡقِنُوۡنَ ﴿۱۳﴾
32 : 13 Эгер көрө алганыӊда, качан күнөөкөрлөр өз Раббисинин алдында баштарын ийип турган болушат (жана айтышат): «Эй, Раббибиз! Биз көрдүк жана уктук. Демек, биз жакшы амалдарды кылуубуз үчүн бизди кайтарып кой. Биз албетте, ишенүүчүлөр (болуп) чыгабыз».
وَ لَوۡ شِئۡنَا لَاٰتَیۡنَا کُلَّ نَفۡسٍ ہُدٰٮہَا وَ لٰکِنۡ حَقَّ الۡقَوۡلُ مِنِّیۡ لَاَمۡلَـَٔنَّ جَہَنَّمَ مِنَ الۡجِنَّۃِ وَ النَّاسِ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۴﴾
32 : 14 Эгер Биз каалаганыбызда, ар бир жанга (өзүнө жараша) хидаятты тартуулаган болоор элек. Бирок, Мен тараптан «Мен тозокту, албетте, бардык адамдар жана жиндер менен толтурамын» деген буйрук чыгарылып болду.
فَذُوۡقُوۡا بِمَا نَسِیۡتُمۡ لِقَآءَ یَوۡمِکُمۡ ہٰذَا ۚ اِنَّا نَسِیۡنٰکُمۡ وَ ذُوۡقُوۡا عَذَابَ الۡخُلۡدِ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۵﴾
32 : 15 Демек, (азапты) таткыла, анткени силер бул күндөгү кезигүүӊөрдү унутуп койгон элеӊер. Албетте, Биз (дагы) силерди унуттук. Мунун үстүнө, кылган амалдарыӊар себептүү түбөлүк азапты таткыла.
اِنَّمَا یُؤۡمِنُ بِاٰیٰتِنَا الَّذِیۡنَ اِذَا ذُکِّرُوۡا بِہَا خَرُّوۡا سُجَّدًا وَّ سَبَّحُوۡا بِحَمۡدِ رَبِّہِمۡ وَ ہُمۡ لَا یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿ٛ۱۶﴾
32 : 16 Албетте, аяттарыбыз аркылуу өздөрүнө насаат кылынганда, сажда кылган бойдон жыгыла турган жана өз Раббисинин мактоосу менен (Ага) тасбийх айта тургандар гана ошол (аят)тарга ыйман келтиришет. Алар текеберленишпейт.
تَتَجَافٰی جُنُوۡبُہُمۡ عَنِ الۡمَضَاجِعِ یَدۡعُوۡنَ رَبَّہُمۡ خَوۡفًا وَّ طَمَعًا ۫ وَّ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ﴿۱۷﴾
32 : 17 Алардын жамбаштары төшөктөрдөн ажырап кетет (жана) алар коркуу менен үмүт абалында Раббисине кайрылып турган болушат. Биз аларга берген нерселерден сарп кылышат.
فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٌ مَّاۤ اُخۡفِیَ لَہُمۡ مِّنۡ قُرَّۃِ اَعۡیُنٍ ۚ جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۸﴾
32 : 18 Демек, өздөрү кылган амалдарына сыйлык катары алар үчүн көздөр кубанычынан эмнелер жашыруун кылынып коюлганын эч бир жан билбейт.
اَفَمَنۡ کَانَ مُؤۡمِنًا کَمَنۡ کَانَ فَاسِقًا ؕؔ لَا یَسۡتَوٗنَ ﴿۱۹﴾
32 : 19 Демек, момун болгон киши фасыктай боло алабы? Алар эч качан теӊ боло алышпайт.
اَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَلَہُمۡ جَنّٰتُ الۡمَاۡوٰی ۫ نُزُلًۢا بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۰﴾
32 : 20 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар болсо – алар үчүн (өздөрүнө жараша) кылган амалдары себептүү зыяпат катары жашоо үчүн бактар болот.
وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ فَسَقُوۡا فَمَاۡوٰٮہُمُ النَّارُ ؕ کُلَّمَاۤ اَرَادُوۡۤا اَنۡ یَّخۡرُجُوۡا مِنۡہَاۤ اُعِیۡدُوۡا فِیۡہَا وَ قِیۡلَ لَہُمۡ ذُوۡقُوۡا عَذَابَ النَّارِ الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۲۱﴾
32 : 21 Ал эми баш ийбестик кылгандардын турак жайы – от. Ар качан алар андан чыкмакчы болгондорунда, ага гана кайтарылып жиберилет жана аларга: «Өзүӊөр жалганга чыгарган от азабын таткыла!» - деп айтылат.
وَ لَنُذِیۡقَنَّہُمۡ مِّنَ الۡعَذَابِ الۡاَدۡنٰی دُوۡنَ الۡعَذَابِ الۡاَکۡبَرِ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۲۲﴾
32 : 22 Биз албетте, аларга чоӊ азаптан мурун кичине азаптан бир аз таттырабыз. Мүмкүн, алар (хидаятты көздөй) кайтып келишээр.
وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ ذُکِّرَ بِاٰیٰتِ رَبِّہٖ ثُمَّ اَعۡرَضَ عَنۡہَا ؕ اِنَّا مِنَ الۡمُجۡرِمِیۡنَ مُنۡتَقِمُوۡنَ ﴿٪۲۳﴾
32 : 23 Ким өз Раббисинин аяттары аркылуу жакшылап насаат кылынса, анан алардан жүз буруп алса, андан дагы заалимирээк ким бар?! Албетте, Биз күнөөкөрлөрдөн өч алуучубуз.
وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ فَلَا تَکُنۡ فِیۡ مِرۡیَۃٍ مِّنۡ لِّقَآئِہٖ وَ جَعَلۡنٰہُ ہُدًی لِّبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ۚ۲۴﴾
32 : 24 Албетте, Биз Мусага дагы Китеп бердик. Демек, Анын жолугуусу жөнүндө күмөндө калба; Биз ал (Китеп)ти Исрааийл балдары үчүн хидаят кылып койгон элек.
وَ جَعَلۡنَا مِنۡہُمۡ اَئِمَّۃً یَّہۡدُوۡنَ بِاَمۡرِنَا لَمَّا صَبَرُوۡا ۟ؕ وَ کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا یُوۡقِنُوۡنَ ﴿۲۵﴾
32 : 25 Анан алар сабырдуулугун көрсөткөндө, алардын арасынан Биздин буйругубуз менен туура жолго багыттай турган имамдарды дайындадык; алар Биздин аят-жышаандарыбызга ишенээр эле.
اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ یَفۡصِلُ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۲۶﴾
32 : 26 Албетте, Раббиӊ гана кыямат күнү алардын ортосунда алар талашып жүргөн нерселер тууралуу өкүм кылат.
اَوَ لَمۡ یَہۡدِ لَہُمۡ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنَ الۡقُرُوۡنِ یَمۡشُوۡنَ فِیۡ مَسٰکِنِہِمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ ؕ اَفَلَا یَسۡمَعُوۡنَ ﴿۲۷﴾
32 : 27 Демек, Биз алардан илгери канчалаган коомдорду жок кылганыбыз аларды туура жолго салбадыбы? Алардын (калтырган) үйлөрүндө алар жүрүшөт. Албетте, мында абдан көп аят-белгилер бар. Демек, алар угушпайбы?
اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّا نَسُوۡقُ الۡمَآءَ اِلَی الۡاَرۡضِ الۡجُرُزِ فَنُخۡرِجُ بِہٖ زَرۡعًا تَاۡکُلُ مِنۡہُ اَنۡعَامُہُمۡ وَ اَنۡفُسُہُمۡ ؕ اَفَلَا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿ؓ۲۸﴾
32 : 28 Алар көрүшкөн жокпу? Биз кургак жерге сууну агызып алып келебиз, анан ал (суу) аркылуу чөптөрдү чыгарабыз; андан алардын жаныбарлары дагы, өздөрү дагы жешет. Демек, алар көрүшпөйбү?
وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡفَتۡحُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۲۹﴾
32 : 29 Алар сурашат: «Бул жеӊиш качан келет, эгер чынчыл болсоӊор?»
قُلۡ یَوۡمَ الۡفَتۡحِ لَا یَنۡفَعُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِیۡمَانُہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یُنۡظَرُوۡنَ ﴿۳۰﴾
32 : 30 Айт: «Жеӊиш күнү каапырлык кылгандардын ыйман келтирүүсү аларга эч пайда бербейт жана аларга мөөнөт да берилбейт».
فَاَعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ وَ انۡتَظِرۡ اِنَّہُمۡ مُّنۡتَظِرُوۡنَ ﴿٪۳۱﴾
32 : 31 Ошентип, алардан жүз бур жана (Алланын өкүмүн) күтүп тур! Албетте, алар дагы бир нерсени күтүшүүдө.