Курани карим Ал-Мааида • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المَائدة

Ал-Мааида

Introduction
  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    5 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَوۡفُوۡا بِالۡعُقُوۡدِ ۬ؕ اُحِلَّتۡ لَکُمۡ بَہِیۡمَۃُ الۡاَنۡعَامِ اِلَّا مَا یُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ غَیۡرَ مُحِلِّی الصَّیۡدِ وَ اَنۡتُمۡ حُرُمٌ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَحۡکُمُ مَا یُرِیۡدُ ﴿۲﴾
    5 : 2 Эй, ыйман келтиргендер! Ант-убадаларды орундаткыла. Силерге окула тургандан башка чарба малдары адал кылынган. Бирок «Ихрам» абалында аңчылыкты адал деп билбегиле. Албетте, Алла каалагандай өкүм кылат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُحِلُّوۡا شَعَآئِرَ اللّٰہِ وَ لَا الشَّہۡرَ الۡحَرَامَ وَ لَا الۡہَدۡیَ وَ لَا الۡقَلَآئِدَ وَ لَاۤ آٰمِّیۡنَ الۡبَیۡتَ الۡحَرَامَ یَبۡتَغُوۡنَ فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ رِضۡوَانًا ؕ وَ اِذَا حَلَلۡتُمۡ فَاصۡطَادُوۡا ؕ وَ لَا یَجۡرِمَنَّکُمۡ شَنَاٰنُ قَوۡمٍ اَنۡ صَدُّوۡکُمۡ عَنِ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ اَنۡ تَعۡتَدُوۡا ۘ وَ تَعَاوَنُوۡا عَلَی الۡبِرِّ وَ التَّقۡوٰی ۪ وَ لَا تَعَاوَنُوۡا عَلَی الۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۳﴾
    5 : 3 Эй, ыйман келтиргендер! Алланын аят-белгилерин да, ыйык айды да, курмандыкка чалына турган малдарды да, курмандык белгиси катары моюндарына каргы байланган жаныбарларды да, ошондой эле өз Раббиси тарабынан мол берешендик жана ыраазычылыкты тилеп, ыйык Үй жакка барууну ниеттенген адамдарды да урматсыз кылбагыла. Силер «Ихрамдан» чыкканыңардан кийин (беймарал) аң уулагыла. Кандайдыр бир коомдун силерди Масжид аль-Харамдан тыюу салгандыктары себептүү аларга карата душмандыгыңар силерди адилетсиздикке үндөбөсүн. Жакшылык жана такыба (иштер)де бири-бириңерге жардам бергиле, ал эми күнөө жана зулумдук (иштер)де бири-бириңерге жардам бербегиле. Алладан корккула! Албетте, Алла жазалоодо абдан катуу.
  • حُرِّمَتۡ عَلَیۡکُمُ الۡمَیۡتَۃُ وَ الدَّمُ وَ لَحۡمُ الۡخِنۡزِیۡرِ وَ مَاۤ اُہِلَّ لِغَیۡرِ اللّٰہِ بِہٖ وَ الۡمُنۡخَنِقَۃُ وَ الۡمَوۡقُوۡذَۃُ وَ الۡمُتَرَدِّیَۃُ وَ النَّطِیۡحَۃُ وَ مَاۤ اَکَلَ السَّبُعُ اِلَّا مَا ذَکَّیۡتُمۡ ۟ وَ مَا ذُبِحَ عَلَی النُّصُبِ وَ اَنۡ تَسۡتَقۡسِمُوۡا بِالۡاَزۡلَامِ ؕ ذٰلِکُمۡ فِسۡقٌ ؕ اَلۡیَوۡمَ یَئِسَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ دِیۡنِکُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡہُمۡ وَ اخۡشَوۡنِ ؕ اَلۡیَوۡمَ اَکۡمَلۡتُ لَکُمۡ دِیۡنَکُمۡ وَ اَتۡمَمۡتُ عَلَیۡکُمۡ نِعۡمَتِیۡ وَ رَضِیۡتُ لَکُمُ الۡاِسۡلَامَ دِیۡنًا ؕ فَمَنِ اضۡطُرَّ فِیۡ مَخۡمَصَۃٍ غَیۡرَ مُتَجَانِفٍ لِّاِثۡمٍ ۙ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۴﴾
    5 : 4 Силерге өлүмтүк, кан, чочко эти, Алладан башка бирөөнүн атынан союлган, муунуп өлгөн, урулуп өлгөн, жыгылып өлгөн, сүзүлүп өлгөн (мал) арам кылынды; ошондой эле жырткыч айбандар жеген (мал) дагы (арам кылынды), бирок аны (өлө элегинде) союуга үлгүрсөңөр, (адал болот). Мындан тышкары жалган кудайлардын курмандык жайларында союлган (мал дагы арам). Жана жебелер (атуу) аркылуу өз ара бөлүшкөнүңөр (дагы арам). Мунун бардыгы фасыктык-бузгунчулук. Бүгүн каапыр болгондор силердин диниңер(ге жарака салуу)дан үмүт үзүшкөн. Ошентип, алардан коркпогула, тескерисинче, Менден гана корккула. Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым жана силерге Өз нээмат-кутумду толук кылдым, ошондой эле силерге Исламды дин катары макул көрдүм. Анан кимде-ким катуу ачкалыгы себебинен күнөөгө ыктабаган бойдон (тыюу салынган нерсени жешке) мажбур болсо, Алла албетте, өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ مَاذَاۤ اُحِلَّ لَہُمۡ ؕ قُلۡ اُحِلَّ لَکُمُ الطَّیِّبٰتُ ۙ وَ مَا عَلَّمۡتُمۡ مِّنَ الۡجَوَارِحِ مُکَلِّبِیۡنَ تُعَلِّمُوۡنَہُنَّ مِمَّا عَلَّمَکُمُ اللّٰہُ ۫ فَکُلُوۡا مِمَّاۤ اَمۡسَکۡنَ عَلَیۡکُمۡ وَ اذۡکُرُوا اسۡمَ اللّٰہِ عَلَیۡہِ ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۵﴾
    5 : 5 Алар сенден: «Биз үчүн эмне адал кылынган?» - деп сурашат. Айткын: «Бардык таза нерселер силерге адал кылынган. (Билгиле), силер аңчы жаныбарларды (аңга) үйрөтүп жатканыңарда, болгону Алла силерге үйрөткөн нерселерди гана үйрөтөсүңөр. Ошондуктан, алар силер үчүн тутуп келген (аң)ды жей бергиле жана анын үстүнө Алланын наамын айткыла. Алладан корккула, албетте, Алла эсеп-кысап (кылуу)да абдан тез.
  • اَلۡیَوۡمَ اُحِلَّ لَکُمُ الطَّیِّبٰتُ ؕ وَ طَعَامُ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ حِلٌّ لَّکُمۡ ۪ وَ طَعَامُکُمۡ حِلٌّ لَّہُمۡ ۫ وَ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ الۡمُؤۡمِنٰتِ وَ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ اِذَاۤ اٰتَیۡتُمُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ مُحۡصِنِیۡنَ غَیۡرَ مُسٰفِحِیۡنَ وَ لَا مُتَّخِذِیۡۤ اَخۡدَانٍ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡفُرۡ بِالۡاِیۡمَانِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُہٗ ۫ وَ ہُوَ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ٪﴿۶﴾
    5 : 6 Бүгүн силерге бардык таза нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин (таза) тамагы дагы силер үчүн адал, силердин тамагыңар болсо, алар үчүн адал; ошондой эле ойноштук кылбай жана жашыруун дос тутпай, никеңерге алып, калыңдарын бергениңерде, силер үчүн абийирдүү момун аялдар жана силерден илгери Китеп берилгендерден абийирдүү аялдар да адал. Ким ыйманды четке какса, анын амалы албетте, жокко чыгат жана акыретте ал зыян көрүүчүлөрдөн болот.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا قُمۡتُمۡ اِلَی الصَّلٰوۃِ فَاغۡسِلُوۡا وُجُوۡہَکُمۡ وَ اَیۡدِیَکُمۡ اِلَی الۡمَرَافِقِ وَ امۡسَحُوۡا بِرُءُوۡسِکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ اِلَی الۡکَعۡبَیۡنِ ؕ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ جُنُبًا فَاطَّہَّرُوۡا ؕ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مَّرۡضٰۤی اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ اَوۡ جَآءَ اَحَدٌ مِّنۡکُمۡ مِّنَ الۡغَآئِطِ اَوۡ لٰمَسۡتُمُ النِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُوۡا مَآءً فَتَیَمَّمُوۡا صَعِیۡدًا طَیِّبًا فَامۡسَحُوۡا بِوُجُوۡہِکُمۡ وَ اَیۡدِیۡکُمۡ مِّنۡہُ ؕ مَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ لِیَجۡعَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ حَرَجٍ وَّ لٰکِنۡ یُّرِیۡدُ لِیُطَہِّرَکُمۡ وَ لِیُتِمَّ نِعۡمَتَہٗ عَلَیۡکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷﴾
    5 : 7 Эй, ыйман келтиргендер! Силер намазга баруу максатында турганыңарда, жүздөрүңөрдү жана колдоруңарды дагы чыканактарга чейин жууп алгыла, башыңарга «Масх» тарткыла жана буттарыңарды дагы томугуңарга чейин жууп алгыла. Эгер «жунуб» абалында болсоңор, (толук гусул кылып) жакшылап тазалангыла. Эгер кесел болсоңор, же сапарда болсоңор, же бирөөңөр дааратканадан чыккан болсоңор, же аялдар менен кошулган болсоңор жана ушул абалда суу таппасаңар, таза топуракка «Таййаммум» кылгыла, ошондой эле аны менен жүздөрүңөр жана колдоруңарга «Масх» тарткыла. Алла силерди оор ахвалга салууну каалабайт, бирок Ал силерди жакшылап тазалоону жана шүкүр кылууңар үчүн силерге Өз нээмат-берекесин толуктоону каалайт.
  • وَ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَۃَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ مِیۡثَاقَہُ الَّذِیۡ وَاثَقَکُمۡ بِہٖۤ ۙ اِذۡ قُلۡتُمۡ سَمِعۡنَا وَ اَطَعۡنَا ۫ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۸﴾
    5 : 8 Алланын өзүңөргө берген нээматын жана силер: «Биз уктук жана моюн сундук», - дегениңерде, Ал силер менен бекем байлаган ант-убадасын эстегиле жана Алладан корккула! Алла албетте, көкүрөктөрдөгү сөздөрдү абдан жакшы билет.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُوۡنُوۡا قَوّٰمِیۡنَ لِلّٰہِ شُہَدَآءَ بِالۡقِسۡطِ ۫ وَ لَا یَجۡرِمَنَّکُمۡ شَنَاٰنُ قَوۡمٍ عَلٰۤی اَلَّا تَعۡدِلُوۡا ؕ اِعۡدِلُوۡا ۟ ہُوَ اَقۡرَبُ لِلتَّقۡوٰی ۫ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹﴾
    5 : 9 Эй, ыйман келтиргендер! Силер адилеттик менен күбөлүк берген бойдон Алла үчүн тургула. Эч бир коомдун душмандыгы силерди эч качан адилетсиздикке баштабасын. Адилеттүүлүк кылгыла, бул такыбага эң жакын. Алладан корккула. Албетте, Алла кылып жаткан иштериңерден дайыма кабардар.
  • وَعَدَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ۙ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۰﴾
    5 : 10 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга: «Алар үчүн кечирим жана улуу сыйлык бар», - деп Алла убада кылган.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۱﴾
    5 : 11 Ал эми каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандар — мына ошолор тозок ээлери.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ اِذۡ ہَمَّ قَوۡمٌ اَنۡ یَّبۡسُطُوۡۤا اِلَیۡکُمۡ اَیۡدِیَہُمۡ فَکَفَّ اَیۡدِیَہُمۡ عَنۡکُمۡ ۚ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿٪۱۲﴾
    5 : 12 Эй, ыйман келтиргендер! Алланын өзүңөргө берген нээмат-берекесин эстегиле. Качан бир коом өзүнүн (суук) колдорун силерге сунууга бекем ниет кылганда, Ал алардын колдорун силерден тосту. Алладан корккула. Момундар Аллага гана тобокел кылуулары керек.
  • وَ لَقَدۡ اَخَذَ اللّٰہُ مِیۡثَاقَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ۚ وَ بَعَثۡنَا مِنۡہُمُ اثۡنَیۡ عَشَرَ نَقِیۡبًا ؕ وَ قَالَ اللّٰہُ اِنِّیۡ مَعَکُمۡ ؕ لَئِنۡ اَقَمۡتُمُ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَیۡتُمُ الزَّکٰوۃَ وَ اٰمَنۡتُمۡ بِرُسُلِیۡ وَ عَزَّرۡتُمُوۡہُمۡ وَ اَقۡرَضۡتُمُ اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا لَّاُکَفِّرَنَّ عَنۡکُمۡ سَیِّاٰتِکُمۡ وَ لَاُدۡخِلَنَّکُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۚ فَمَنۡ کَفَرَ بَعۡدَ ذٰلِکَ مِنۡکُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ السَّبِیۡلِ ﴿۱۳﴾
    5 : 13 Албетте, Алла Исрааийл балдарынын ант-убадасын (дагы) алган. Биз алардын ичинен он эки башчы дайындаган элек. Алла айтты: «Албетте, силер менен биргемин. Эгер силер намаз окусаңар жана зекет берсеңер, ошондой эле Менин пайгамбарларыма ыйман келтирсеңер жана аларга жардам берсеңер, ошондой эле Аллага «карзы хасана» катары карыз берсеңер, анда Мен албетте, жамандыктарыңарды силерден алып таштаймын жана албетте, силерди ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргиземин. Демек, араңардан кимде-ким мындан кийин каапырлык кылса, ал албетте, туура жолдон адашып кетти».
  • فَبِمَا نَقۡضِہِمۡ مِّیۡثَاقَہُمۡ لَعَنّٰہُمۡ وَ جَعَلۡنَا قُلُوۡبَہُمۡ قٰسِیَۃً ۚ یُحَرِّفُوۡنَ الۡکَلِمَ عَنۡ مَّوَاضِعِہٖ ۙ وَ نَسُوۡا حَظًّا مِّمَّا ذُکِّرُوۡا بِہٖ ۚ وَ لَا تَزَالُ تَطَّلِعُ عَلٰی خَآئِنَۃٍ مِّنۡہُمۡ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّنۡہُمۡ فَاعۡفُ عَنۡہُمۡ وَ اصۡفَحۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۴﴾
    5 : 14 Ошентип, алардын өз ант-убадасын бузганы үчүн Биз аларды каргыштадык жана жүрөктөрүн таш кылып койдук. Алар сөздөрдү анын түпкү ордунан өзгөртүшөөр эле; ошондой эле алар жакшылап насаат кылынган нерсенин бир бөлүгүн унутушкан. Сен алардын азчылыгынан бөлөктөрүнүн кандайдыр бир кыянатынан дайыма кабардар болуп турасың. Ошондуктан, аларды кечир жана көңүлгө алба. Албетте, Алла изги иштер кылуучуларды сүйөт.
  • وَ مِنَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّا نَصٰرٰۤی اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَہُمۡ فَنَسُوۡا حَظًّا مِّمَّا ذُکِّرُوۡا بِہٖ ۪ فَاَغۡرَیۡنَا بَیۡنَہُمُ الۡعَدَاوَۃَ وَ الۡبَغۡضَآءَ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ سَوۡفَ یُنَبِّئُہُمُ اللّٰہُ بِمَا کَانُوۡا یَصۡنَعُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    5 : 15 Жана: «Биз христианбыз», - дегендерден (дагы) Биз ант-убадасын алдык. Анан алар дагы өздөрүнө жакшылап насаат кылынган нерсенин бир бөлүгүн унутуп коюшкан. Ошондуктан, Биз алардын ортосунда кыямат күнүнө чейин өз ара кастык жана кектик салып койдук. Алла албетте, алар кылып жаткан иштери(нин жаман акыбети)н аларга билдирип коёт.
  • یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ قَدۡ جَآءَکُمۡ رَسُوۡلُنَا یُبَیِّنُ لَکُمۡ کَثِیۡرًا مِّمَّا کُنۡتُمۡ تُخۡفُوۡنَ مِنَ الۡکِتٰبِ وَ یَعۡفُوۡا عَنۡ کَثِیۡرٍ ۬ؕ قَدۡ جَآءَکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ نُوۡرٌ وَّ کِتٰبٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۱۶﴾
    5 : 16 Эй, Китеп ээлери! Албетте, Биздин Пайгамбарыбыз силерге келди, ал Китеб(иңер)деги силер жашырган нерселериңердин көбүн силерге жакшылап ачып, баян кылууда жана көптөгөн нерселерди кечирүүдө. Албетте, силерге Алла тарабынан бир нур жана бир жарык Китеп келди.
  • یَّہۡدِیۡ بِہِ اللّٰہُ مَنِ اتَّبَعَ رِضۡوَانَہٗ سُبُلَ السَّلٰمِ وَ یُخۡرِجُہُمۡ مِّنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ بِاِذۡنِہٖ وَ یَہۡدِیۡہِمۡ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۱۷﴾
    5 : 17 Ушул аркылуу Алла Өзүнүн ыраазычылыгын ээрчигендерди тынчтык жолдоруна хидаят кылат жана Өзүнүн буйругу менен аларды караңгылыктардан нур тарапка алып келет жана аларды туура жолго баштайт.
  • لَقَدۡ کَفَرَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡمَسِیۡحُ ابۡنُ مَرۡیَمَ ؕ قُلۡ فَمَنۡ یَّمۡلِکُ مِنَ اللّٰہِ شَیۡئًا اِنۡ اَرَادَ اَنۡ یُّہۡلِکَ الۡمَسِیۡحَ ابۡنَ مَرۡیَمَ وَ اُمَّہٗ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا ؕ وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ؕ یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۸﴾
    5 : 18 «Албетте, Алланын Өзү Марям уулу Масийх», - дегендер чыныгы каапыр болушту. Айт: «Эгер Ал Марям уулу Масийхти, анын энесин жана жердеги бардык нерселерди жок кылууга чечим чыгарса, Аллага каршы ким эмне кыла алат?» Асмандар менен жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин падышачылыгы Алланыкы. Ал каалаган нерсени жаратат жана Алла каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ قَالَتِ الۡیَہُوۡدُ وَ النَّصٰرٰی نَحۡنُ اَبۡنٰٓؤُا اللّٰہِ وَ اَحِبَّآؤُہٗ ؕ قُلۡ فَلِمَ یُعَذِّبُکُمۡ بِذُنُوۡبِکُمۡ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ بَشَرٌ مِّمَّنۡ خَلَقَ ؕ یَغۡفِرُ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ۫ وَ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۹﴾
    5 : 19 Жөөттөр жана христиандар айтышты: «Биз Алланын балдарыбыз жана Анын сүйүктүүсүбүз». Айт: «(Андай болсо), эмнеге Ал күнөөлөрүңөр үчүн силерге азап берет? Жок, андай эмес, силер (дагы) Ал жараткан (башка адамдар)дай адамсыңар». Ал каалаган кишини кечирет жана каалаган кишиге азап берет. Ошондой эле асмандар менен жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин падышачылыгы Алланыкы. Акыбетте Анын Өзүнө гана кайтуу бар.
  • یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ قَدۡ جَآءَکُمۡ رَسُوۡلُنَا یُبَیِّنُ لَکُمۡ عَلٰی فَتۡرَۃٍ مِّنَ الرُّسُلِ اَنۡ تَقُوۡلُوۡا مَا جَآءَنَا مِنۡۢ بَشِیۡرٍ وَّ لَا نَذِیۡرٍ ۫ فَقَدۡ جَآءَکُمۡ بَشِیۡرٌ وَّ نَذِیۡرٌ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿٪۲۰﴾
    5 : 20 Эй, Китеп ээлери! Пайгамбарлардын узак үзүлүшүнөн кийин силер: «Бизге бир дагы куш кабар берүүчү жана бир дагы коркутуучу келген эмес», - деп айтпашыңар үчүн силерге (маанилүү маселелерди) ачык баян кылып жаткан Биздин Пайгамбарыбыз, албетте, келди. Ошентип, албетте, силерге куш кабар берүүчү жана коркутуучу келди. Алла Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِقَوۡمِہٖ یٰقَوۡمِ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَۃَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ اِذۡ جَعَلَ فِیۡکُمۡ اَنۡۢبِیَآءَ وَ جَعَلَکُمۡ مُّلُوۡکًا ٭ۖ وَّ اٰتٰٮکُمۡ مَّا لَمۡ یُؤۡتِ اَحَدًا مِّنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    5 : 21 (Эстегиле), качан Муса өз коомуна айткан: «Эй, коомум! Өзүңөргө тартууланган Алланын нээмат-берекесин эстегиле, качан Ал силердин араңарда пайгамбарлар дайындады жана силерди падыша кылды, ошондой эле ааламдарда эч кимге бербеген нерселерди силерге берди.
  • یٰقَوۡمِ ادۡخُلُوا الۡاَرۡضَ الۡمُقَدَّسَۃَ الَّتِیۡ کَتَبَ اللّٰہُ لَکُمۡ وَ لَا تَرۡتَدُّوۡا عَلٰۤی اَدۡبَارِکُمۡ فَتَنۡقَلِبُوۡا خٰسِرِیۡنَ ﴿۲۲﴾
    5 : 22 Эй, коомум! Алла силер үчүн жазып койгон ыйык жайга киргиле жана аркаңарга бурулуп кетпегиле, болбосо зыян көрүүчүлөрдөн болгон бойдон кайтасыңар».
  • قَالُوۡا یٰمُوۡسٰۤی اِنَّ فِیۡہَا قَوۡمًا جَبَّارِیۡنَ ٭ۖ وَ اِنَّا لَنۡ نَّدۡخُلَہَا حَتّٰی یَخۡرُجُوۡا مِنۡہَا ۚ فَاِنۡ یَّخۡرُجُوۡا مِنۡہَا فَاِنَّا دٰخِلُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    5 : 23 Алар айтышты: «Эй, Муса! Албетте, ал (жер)де бир абдан күчтүү коом бар, алар ал жерден чыгып кетмейинче, биз эч качан ал жерге кирбейбиз. Демек, эгер алар ал жерден чыгып кетишсе, биз албетте, киребиз».
  • قَالَ رَجُلٰنِ مِنَ الَّذِیۡنَ یَخَافُوۡنَ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمَا ادۡخُلُوۡا عَلَیۡہِمُ الۡبَابَ ۚ فَاِذَا دَخَلۡتُمُوۡہُ فَاِنَّکُمۡ غٰلِبُوۡنَ ۬ۚ وَ عَلَی اللّٰہِ فَتَوَکَّلُوۡۤا اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    5 : 24 Коркуп жаткан адамдардын арасынан Алла тартуу кылган эки эркек киши айтышты: «Аларга борбордук дарбазадан басып киргиле. Анан, эгерде силер (бир жолу) ошол (дарбаза)дан кирип алсаңар, албетте, жеңип чыгасыңар. Эгер момун болсоңор, Аллага гана тобокел кылгыла».
  • قَالُوۡا یٰمُوۡسٰۤی اِنَّا لَنۡ نَّدۡخُلَہَاۤ اَبَدًا مَّا دَامُوۡا فِیۡہَا فَاذۡہَبۡ اَنۡتَ وَ رَبُّکَ فَقَاتِلَاۤ اِنَّا ہٰہُنَا قٰعِدُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    5 : 25 Алар айтышты: «Эй, Муса! Качанга чейин алар ал жерде болушса, биз эч качан бул (кыштак)ка кирбейбиз. Ошондуктан, бар, сен жана Раббиң – экөөңөр уруша бергиле, биз болсо, ушул жерде отура беребиз».
  • قَالَ رَبِّ اِنِّیۡ لَاۤ اَمۡلِکُ اِلَّا نَفۡسِیۡ وَ اَخِیۡ فَافۡرُقۡ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَ الۡقَوۡمِ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    5 : 26 Ал айтты: «Эй, Раббим! Албетте, менде өзүм жана инимден башка эч кимге ыктыярым жок. Ошондуктан, биз менен фасык-бузуку коомдун арасындагы айырманы айкын кылгын!»
  • قَالَ فَاِنَّہَا مُحَرَّمَۃٌ عَلَیۡہِمۡ اَرۡبَعِیۡنَ سَنَۃً ۚ یَتِیۡہُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ فَلَا تَاۡسَ عَلَی الۡقَوۡمِ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿٪۲۷﴾
    5 : 27 (Алла) айтты: «Албетте, бул (ыйык жай) аларга кырк жылга чейин арам кылынды. Алар жерде каңгып жүрүшөт. Демек, сен фасык коомго эч өкүнбө!»
  • وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ ابۡنَیۡ اٰدَمَ بِالۡحَقِّ ۘ اِذۡ قَرَّبَا قُرۡبَانًا فَتُقُبِّلَ مِنۡ اَحَدِہِمَا وَ لَمۡ یُتَقَبَّلۡ مِنَ الۡاٰخَرِ ؕ قَالَ لَاَقۡتُلَنَّکَ ؕ قَالَ اِنَّمَا یَتَقَبَّلُ اللّٰہُ مِنَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    5 : 28 Алардын алдында Адамдын эки уулунун окуясын чындык менен баян кыл: качан ал экөөсү курмандык кылгандарында, алардын бирөөсүнүкү кабыл алынды, экинчисинен кабыл алынбады. (Ошондо) ал айтты: «Мен албетте, сени өлтүрөмүн». Ага жооп катары ал айтты: «Чындыгында, Алла такыбалардан гана (курмандыкты) кабыл кылат.
  • لَئِنۡۢ بَسَطۡتَّ اِلَیَّ یَدَکَ لِتَقۡتُلَنِیۡ مَاۤ اَنَا بِبَاسِطٍ یَّدِیَ اِلَیۡکَ لِاَقۡتُلَکَ ۚ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اللّٰہَ رَبَّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۲۹﴾
    5 : 29 Эгер сен мени өлтүрүү үчүн мага кол сунсаң, мен (жооп катары) сени өлтүрүү үчүн сага колумду сунбаймын. Албетте, мен бардык ааламдардын Раббиси болгон Алладан коркомун.
  • اِنِّیۡۤ اُرِیۡدُ اَنۡ تَبُوۡٓاَ بِاِثۡمِیۡ وَ اِثۡمِکَ فَتَکُوۡنَ مِنۡ اَصۡحٰبِ النَّارِ ۚ وَ ذٰلِکَ جَزٰٓؤُا الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۚ۳۰﴾
    5 : 30 Албетте, мен күнөөлөрүмдү жана өзүңдүн күнөөлөрүңдү көтөргөн бойдон кайтышыңды, натыйжада оттогулардан болуп калышыңды каалаймын. Зулумдук кылуучулардын жазасы мына ушундай болот».
  • فَطَوَّعَتۡ لَہٗ نَفۡسُہٗ قَتۡلَ اَخِیۡہِ فَقَتَلَہٗ فَاَصۡبَحَ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۳۱﴾
    5 : 31 Ошондо, анын напсиси ага өзүнүн бир тууганын өлтүрүүнү жакшы кылып көрсөттү. Ошондуктан, ал аны өлтүрдү жана зыян көрүүчүлөрдөн болуп калды.
  • فَبَعَثَ اللّٰہُ غُرَابًا یَّبۡحَثُ فِی الۡاَرۡضِ لِیُرِیَہٗ کَیۡفَ یُوَارِیۡ سَوۡءَۃَ اَخِیۡہِ ؕ قَالَ یٰوَیۡلَتٰۤی اَعَجَزۡتُ اَنۡ اَکُوۡنَ مِثۡلَ ہٰذَا الۡغُرَابِ فَاُوَارِیَ سَوۡءَۃَ اَخِیۡ ۚ فَاَصۡبَحَ مِنَ النّٰدِمِیۡنَ ﴿ۚۛۙ۳۲﴾
    5 : 32 Анан (Алла) ага бир тууганынын өлүгүн кандай көмүүнү көрсөтүү үчүн (тырмагы менен) жерди казып жаткан бир карга жиберди. Ал айтты: «Аттиң ай! Бир тууганымдын өлүгүн көмүү үчүн мына ушул каргадай (дагы) боло албадымбы?» Ошентип, ал өкүнүүчүлөрдөн болду.
  • مِنۡ اَجۡلِ ذٰلِکَ ۚۛؔ کَتَبۡنَا عَلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اَنَّہٗ مَنۡ قَتَلَ نَفۡسًۢا بِغَیۡرِ نَفۡسٍ اَوۡ فَسَادٍ فِی الۡاَرۡضِ فَکَاَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِیۡعًا ؕ وَ مَنۡ اَحۡیَاہَا فَکَاَنَّمَاۤ اَحۡیَا النَّاسَ جَمِیۡعًا ؕ وَ لَقَدۡ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُنَا بِالۡبَیِّنٰتِ ۫ ثُمَّ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ بَعۡدَ ذٰلِکَ فِی الۡاَرۡضِ لَمُسۡرِفُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    5 : 33 Мына ушул себептен Биз Исрааийл балдарына парыз кылдык: кимдир бирөө эч кимди өлтүрбөгөн же жерде бүлүк салбаган кишини өлтүрсө, тим эле ал бардык адамдарды өлтүргөндөй болот; ошондой эле ким аны тирүү калтырса, тим эле ал бардык адамдарды тирилткендей болот. Албетте, аларга Биздин пайгамбарларыбыз ачыктан-ачык аят-жышаандарды алып келишти. Мындан кийин дагы алардын көпчүлүгү жерде чектен ашат.
  • اِنَّمَا جَزٰٓؤُا الَّذِیۡنَ یُحَارِبُوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ یَسۡعَوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ فَسَادًا اَنۡ یُّقَتَّلُوۡۤا اَوۡ یُصَلَّبُوۡۤا اَوۡ تُقَطَّعَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ اَرۡجُلُہُمۡ مِّنۡ خِلَافٍ اَوۡ یُنۡفَوۡا مِنَ الۡاَرۡضِ ؕ ذٰلِکَ لَہُمۡ خِزۡیٌ فِی الدُّنۡیَا وَ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿ۙ۳۴﴾
    5 : 34 Албетте, Алла жана Анын Пайгамбарына каршы уруш кылган жана жерде бузгунчулук кылууга аракеттенгендердин ылайыктуураак жазасы – алар өлтүрүлүшү керек же дарга асылышы керек же алардын колдору жана буттары карама-каршы жагынан кесилип ташталышы керек же болбосо алар мекенинен сүргүнгө айдалышы керек. Бул алар үчүн дүйнөдө шерменделик жана кордук куралы. Акыретте алар үчүн үлкөн азап бар.
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ تَابُوۡا مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تَقۡدِرُوۡا عَلَیۡہِمۡ ۚ فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۳۵﴾
    5 : 35 Ооба, силердин алардын үстүнөн жеңип чыкканыңардан мурунураак тобо кылгандар буга кирбейт. Демек, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу экенин билгиле.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ ابۡتَغُوۡۤا اِلَیۡہِ الۡوَسِیۡلَۃَ وَ جَاہِدُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِہٖ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    5 : 36 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана Ага жакындоо жолун издегиле, ошондой эле ийгиликке жетишүүңөр үчүн Анын жолунда жихад кылгыла.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ اَنَّ لَہُمۡ مَّا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا وَّ مِثۡلَہٗ مَعَہٗ لِیَفۡتَدُوۡا بِہٖ مِنۡ عَذَابِ یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ مَا تُقُبِّلَ مِنۡہُمۡ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۳۷﴾
    5 : 37 Албетте, эгер кыямат күнүнүн азабынан кутулуу максатында төлөм кылып берүүлөрү үчүн жердеги бардык нерселер, мындан тышкары жана ошончолук нерселер каапырлык кылгандардыкы болгондо да, ошондо дагы ал (нерсе)лер алардан эч качан кабыл алынбайт эле. Алар үчүн эң оор азап бар.
  • یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یَّخۡرُجُوۡا مِنَ النَّارِ وَ مَا ہُمۡ بِخٰرِجِیۡنَ مِنۡہَا ۫ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّقِیۡمٌ ﴿۳۸﴾
    5 : 38 Алар оттон чыкмакчы болушат, бирок андан эч чыга алышпайт. Алар үчүн бир туруп калуучу азап бар.
  • وَ السَّارِقُ وَ السَّارِقَۃُ فَاقۡطَعُوۡۤا اَیۡدِیَہُمَا جَزَآءًۢ بِمَا کَسَبَا نَکَالًا مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۳۹﴾
    5 : 39 Ууру эркек жана ууру аял – алардын кылмыштары себептүү ал экөөсүнүн тең колдорун кесип таштагыла. (Бул) Алла тарабынан ибарат катары (болот). Алла эң жеңүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • فَمَنۡ تَابَ مِنۡۢ بَعۡدِ ظُلۡمِہٖ وَ اَصۡلَحَ فَاِنَّ اللّٰہَ یَتُوۡبُ عَلَیۡہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۴۰﴾
    5 : 40 Ошентип, кимде-ким кылган зулумунан кийин тобо кылса жана оңдосо, албетте, Алла тобосун кабыл кылган бойдон ага көңүл бурат. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اَلَمۡ تَعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَغۡفِرُ لِمَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۴۱﴾
    5 : 41 Эмне, сен асмандар жана жердин падышачылыгы жалаң Алланыкы экенин билбейсиңби? Ал Өзү каалаган кишиге азап берет жана Өзү каалаган кишини кечирет. Алла Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • یٰۤاَیُّہَا الرَّسُوۡلُ لَا یَحۡزُنۡکَ الَّذِیۡنَ یُسَارِعُوۡنَ فِی الۡکُفۡرِ مِنَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِاَفۡوَاہِہِمۡ وَ لَمۡ تُؤۡمِنۡ قُلُوۡبُہُمۡ ۚۛ وَ مِنَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا ۚۛ سَمّٰعُوۡنَ لِلۡکَذِبِ سَمّٰعُوۡنَ لِقَوۡمٍ اٰخَرِیۡنَ ۙ لَمۡ یَاۡتُوۡکَ ؕ یُحَرِّفُوۡنَ الۡکَلِمَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَوَاضِعِہٖ ۚ یَقُوۡلُوۡنَ اِنۡ اُوۡتِیۡتُمۡ ہٰذَا فَخُذُوۡہُ وَ اِنۡ لَّمۡ تُؤۡتَوۡہُ فَاحۡذَرُوۡا ؕ وَ مَنۡ یُّرِدِ اللّٰہُ فِتۡنَتَہٗ فَلَنۡ تَمۡلِکَ لَہٗ مِنَ اللّٰہِ شَیۡئًا ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ لَمۡ یُرِدِ اللّٰہُ اَنۡ یُّطَہِّرَ قُلُوۡبَہُمۡ ؕ لَہُمۡ فِی الدُّنۡیَا خِزۡیٌ ۚۖ وَّ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۴۲﴾
    5 : 42 Эй, Пайгамбар! Каапырлыкта тездик менен ашып кетип бара жаткандар сени сар-санаа кылбасын. Тактап айтканда ооздору менен: «Биз ыйман келтирдик», - дегендер (сени капа кылбасын). Чынында, алардын дилдери ыйман келтирген эмес; ошондой эле жөөттөр да (сени сар-санаа кылбасын). Булар калпты берилип угуучу (адам)дар. (Ошондой эле) сага келбеген башка бир коомдун кептерин дагы абдан кунт коюп угушат. Алар сөздөрдү ыңгайлуу орундарында коюлгандан кийин өзгөртүшөт. Алар (өз жолдошторуна) айтышат: «Эгер мына бул силерге берилсе, аны алгыла, эгер бул силерге берилбесе, анда абайлагыла». Кимди Алла бүлгүнгө салмакчы болсо, аны Алладан (куткарууга) сенде эч кандай күчүң жок. Мына ошолордун жүрөктөрүн тазалоону Алла эч качан каалабайт. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик бар жана акыретте алар үчүн бир чоң азап бар.
  • سَمّٰعُوۡنَ لِلۡکَذِبِ اَکّٰلُوۡنَ لِلسُّحۡتِ ؕ فَاِنۡ جَآءُوۡکَ فَاحۡکُمۡ بَیۡنَہُمۡ اَوۡ اَعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ ۚ وَ اِنۡ تُعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ فَلَنۡ یَّضُرُّوۡکَ شَیۡئًا ؕ وَ اِنۡ حَکَمۡتَ فَاحۡکُمۡ بَیۡنَہُمۡ بِالۡقِسۡطِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُقۡسِطِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    5 : 43 (Алар) жалганды берилип угуучулар, арам малды эң көп жей турган (адам)дар. Ошондуктан, эгер алар сенин алдыңа келишсе, кааласаң алардын ортосунда өкүм кыл же алардан жүз бур. Эгер сен алардан жүз бурсаң, алар сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер өкүм кылсаң, анда алардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Албетте, Алла адилеттик кылуучуларды сүйөт.
  • وَ کَیۡفَ یُحَکِّمُوۡنَکَ وَ عِنۡدَہُمُ التَّوۡرٰٮۃُ فِیۡہَا حُکۡمُ اللّٰہِ ثُمَّ یَتَوَلَّوۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ ؕ وَ مَاۤ اُولٰٓئِکَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿٪۴۴﴾
    5 : 44 Өздөрүндө Алланын буйругу бар Тоорат туруп, алар сени кандайча калыс кыла алышат? Алар мындан кийин дагы жүз буруп кетишет. Булар эч качан ыйман келтирүүчүлөр эмес.
  • اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنَا التَّوۡرٰٮۃَ فِیۡہَا ہُدًی وَّ نُوۡرٌ ۚ یَحۡکُمُ بِہَا النَّبِیُّوۡنَ الَّذِیۡنَ اَسۡلَمُوۡا لِلَّذِیۡنَ ہَادُوۡا وَ الرَّبّٰنِیُّوۡنَ وَ الۡاَحۡبَارُ بِمَا اسۡتُحۡفِظُوۡا مِنۡ کِتٰبِ اللّٰہِ وَ کَانُوۡا عَلَیۡہِ شُہَدَآءَ ۚ فَلَا تَخۡشَوُا النَّاسَ وَ اخۡشَوۡنِ وَ لَا تَشۡتَرُوۡا بِاٰیٰتِیۡ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ؕ وَ مَنۡ لَّمۡ یَحۡکُمۡ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    5 : 45 Албетте, Биз Тооратты түшүрдүк, анда нур да, хидаят да бар эле. Анын жардамында өздөрүн (бүтүндөй Аллага) табыштап койгон пайгамбарлар жөөттөр үчүн өкүм кылышаар эле. Дал ошондой Алланыкы болгондор жана Алланын Китебин сактоо милдети өздөрүнө жүктөлгөн аалымдар дагы (өкүм кылышаар эле). Жана алар буга күбө болушкан. Демек, силер адамдардан коркпогула, Менден корккула жана Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла. Кимде-ким Алла түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кылбаса, мына ошолор каапырлар.
  • وَ کَتَبۡنَا عَلَیۡہِمۡ فِیۡہَاۤ اَنَّ النَّفۡسَ بِالنَّفۡسِ ۙ وَ الۡعَیۡنَ بِالۡعَیۡنِ وَ الۡاَنۡفَ بِالۡاَنۡفِ وَ الۡاُذُنَ بِالۡاُذُنِ وَ السِّنَّ بِالسِّنِّ ۙ وَ الۡجُرُوۡحَ قِصَاصٌ ؕ فَمَنۡ تَصَدَّقَ بِہٖ فَہُوَ کَفَّارَۃٌ لَّہٗ ؕ وَ مَنۡ لَّمۡ یَحۡکُمۡ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۴۶﴾
    5 : 46 Биз ал (Тоорат)та аларга парыз кылып койгон элек: жандын ордуна жан (болот), көздүн ордуна көз, мурундун ордуна мурун, кулактын ордуна кулак жана тиштин ордуна тиш, ошондой эле жаракаттарга дагы тең ошончолук өч алуу керек. Демек, кимде-ким (өзү) садага катары ушул (өч)тү кечип жиберсе, бул ал үчүн күнөөлөрүнө Каффаарат-төлөм болуп калат. Ким Алла түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кылбаса, мына ошолор заалимдер.
  • وَ قَفَّیۡنَا عَلٰۤی اٰثَارِہِمۡ بِعِیۡسَی ابۡنِ مَرۡیَمَ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ مِنَ التَّوۡرٰٮۃِ ۪ وَ اٰتَیۡنٰہُ الۡاِنۡجِیۡلَ فِیۡہِ ہُدًی وَّ نُوۡرٌ ۙ وَّ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ مِنَ التَّوۡرٰٮۃِ وَ ہُدًی وَّ مَوۡعِظَۃً لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ؕ۴۷﴾
    5 : 47 Биз Тоораттагы нерселерден өз алдындагысын тастыктоочу кылып, Марям уулу Исаны алардын артынан алардын издерине жибердик; ошондой эле Биз ага Инжил бердик, анда хидаят жана нур бар эле. Ал Тоораттагы нерселерден өзүнүн алдындагысын тастыктоочу болгон. Ал такыбалар үчүн бир хидаят жана (насаат катары) эле.
  • وَ لۡیَحۡکُمۡ اَہۡلُ الۡاِنۡجِیۡلِ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ فِیۡہِ ؕ وَ مَنۡ لَّمۡ یَحۡکُمۡ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    5 : 48 Ошондуктан, Инжил ээлери Алла анда түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кылуулары керек. Ким Алла түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кылбаса, мына ошолор гана фасыктар.
  • وَ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ مِنَ الۡکِتٰبِ وَ مُہَیۡمِنًا عَلَیۡہِ فَاحۡکُمۡ بَیۡنَہُمۡ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَہُمۡ عَمَّا جَآءَکَ مِنَ الۡحَقِّ ؕ لِکُلٍّ جَعَلۡنَا مِنۡکُمۡ شِرۡعَۃً وَّ مِنۡہَاجًا ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَجَعَلَکُمۡ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً وَّ لٰکِنۡ لِّیَبۡلُوَکُمۡ فِیۡ مَاۤ اٰتٰٮکُمۡ فَاسۡتَبِقُوا الۡخَیۡرٰتِ ؕ اِلَی اللّٰہِ مَرۡجِعُکُمۡ جَمِیۡعًا فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ فِیۡہِ تَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿ۙ۴۹﴾
    5 : 49 Биз сага Китептен өзүнүн алдындагы бар нерсени тастыктаган бойдон жана анын үстүнөн күзөтүүчү катары чындык менен Китеп түшүрдүк. Ошондуктан, алардын арасында Алла түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кыл жана сага келген чындыкты коюп, алардын каалоолорун ээрчибе. Силердин ар бириңер үчүн Биз бир жол жана бир мазхабды белгилеп койгонбуз. Эгер Алла каалаганда, албетте, силердин баарыңарды бир үммөт кылып коймок эле, бирок Ал силерге берген нерсе аркылуу силерди сынап көрүүнү каалайт. Демек, силер жакшылыктар боюнча бири-бириңерден озуп кеткиле. Баарыңар Аллага гана кайтасыңар. Ошондо, Ал силер талашып жүргөн нерселердин акыйкатынан силерге кабар кылат.
  • وَ اَنِ احۡکُمۡ بَیۡنَہُمۡ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَہُمۡ وَ احۡذَرۡہُمۡ اَنۡ یَّفۡتِنُوۡکَ عَنۡۢ بَعۡضِ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ اِلَیۡکَ ؕ فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَاعۡلَمۡ اَنَّمَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ اَنۡ یُّصِیۡبَہُمۡ بِبَعۡضِ ذُنُوۡبِہِمۡ ؕ وَ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنَ النَّاسِ لَفٰسِقُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    5 : 50 (Дагы төмөнкүдөй баса көрсөтүлөт): алардын арасында Алла түшүргөн нерсеге ылайык өкүм кыл, алардын жеңил ойлуу напсилерин ээрчибе жана Алла сага түшүргөн таалимдин кандайдыр бир бөлүгү туурасында алар сени сыноого салбастыгы үчүн алардан этият бол! Ошентип, эгер алар жүз бурушса, анда алардын айрым күнөөлөрү себебинен Алла албетте, алардын үстүнө бир балээ-кырсык түшүрүүнү каалаганын билгин. Албетте, адамдардын көпчүлүгү фасыктар.
  • اَفَحُکۡمَ الۡجَاہِلِیَّۃِ یَبۡغُوۡنَ ؕ وَ مَنۡ اَحۡسَنُ مِنَ اللّٰہِ حُکۡمًا لِّقَوۡمٍ یُّوۡقِنُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
    5 : 51 Эмне, алар караңгычылык (доорундагы) өкүм чыгаруу (ыкмасы)н каалашабы? Ишенүүчүлөр үчүн өкүм кылууда Алладан жакшыраак ким бар?
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوا الۡیَہُوۡدَ وَ النَّصٰرٰۤی اَوۡلِیَآءَ ۘؔ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلِیَآءُ بَعۡضٍ ؕ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّہُمۡ مِّنۡکُمۡ فَاِنَّہٗ مِنۡہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۵۲﴾
    5 : 52 Эй, ыйман келтиргендер! Жөөттөр жана христиандарды (өзүңөргө) дос тутпагыла. Алар (өз ара) бири-бирине дос (болушат). Силерден ким алар менен достук кылса, ал алардан болуп калат. Албетте, Алла заалим коомду туура жолго жолдобойт.
  • فَتَرَی الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ یُّسَارِعُوۡنَ فِیۡہِمۡ یَقُوۡلُوۡنَ نَخۡشٰۤی اَنۡ تُصِیۡبَنَا دَآئِرَۃٌ ؕ فَعَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّاۡتِیَ بِالۡفَتۡحِ اَوۡ اَمۡرٍ مِّنۡ عِنۡدِہٖ فَیُصۡبِحُوۡا عَلٰی مَاۤ اَسَرُّوۡا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ نٰدِمِیۡنَ ﴿ؕ۵۳﴾
    5 : 53 Демек, сен жүрөктөрүндө кесел барларды алардын арасында чуркап жүргөндөрүн көрөсүң. Алар: «Бизге бир балээ келбесин деп коркобуз», - дешет. Ыктымал, Алла жеңиш (күнү)н алып келээр же Өз тарабынан бир өкүм чыгараар. Ошондо, алар жүрөктөрүндө жашырган нерселеринен шерменде болуп калышат.
  • وَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَہٰۤؤُلَآءِ الَّذِیۡنَ اَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ ۙ اِنَّہُمۡ لَمَعَکُمۡ ؕ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فَاَصۡبَحُوۡا خٰسِرِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    5 : 54 Ыйман келтиргендер айтышат: «Албетте, биз силер менен биргебиз», - деп өз (тарабынан) Аллага бекем касам бергендер ушуларбы?» Алардын амалдары бекер кетти. Ошондуктан, алар зыян көрүүчүлөр болуп калышты.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَنۡ یَّرۡتَدَّ مِنۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِہٖ فَسَوۡفَ یَاۡتِی اللّٰہُ بِقَوۡمٍ یُّحِبُّہُمۡ وَ یُحِبُّوۡنَہٗۤ ۙ اَذِلَّۃٍ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اَعِزَّۃٍ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ۫ یُجَاہِدُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ لَا یَخَافُوۡنَ لَوۡمَۃَ لَآئِمٍ ؕ ذٰلِکَ فَضۡلُ اللّٰہِ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۵۵﴾
    5 : 55 Эй, ыйман келтиргендер! Араңардан ким өз дининен кайтса, албетте, Алла (анын ордуна) ушундай бир коомду келтирет: Ал аларды сүйөт, алар Аны сүйүшөт; алар момундарга абдан мээрбан болушат, каапырларга болсо, абдан каардуу; алар Алла жолунда жихад кылышат жана кандайдыр бир жемелөөчүнүн жемесинен коркушпайт. Бул Алланын өзгөчө берешендиги, аны Ал каалаган пендесине берет. Алла абдан көп кеңчилик тартуулоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • اِنَّمَا وَلِیُّکُمُ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا الَّذِیۡنَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ ہُمۡ رٰکِعُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    5 : 56 Албетте, силердин досуңар жалгыз Алла, Анын Пайгамбары жана ыйман келтирип, намаз окуй тургандар жана зекет бергендер, ошондой эле (Алланын алдында) моюн сунуп тургандар.
  • وَ مَنۡ یَّتَوَلَّ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا فَاِنَّ حِزۡبَ اللّٰہِ ہُمُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿٪۵۷﴾
    5 : 57 Ким Алланы, Анын Пайгамбарын жана ыйман келтиргендерди (өзүнө) дос туткан болсо, ал Алланын тайпасы гана жеңип алуучу (экенин билип алсын).
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوا الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا دِیۡنَکُمۡ ہُزُوًا وَّ لَعِبًا مِّنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ الۡکُفَّارَ اَوۡلِیَآءَ ۚ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    5 : 58 Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурун Китеп берилген адамдардын арасынан диниңерди маскара жана оюн-күлкү кылып алгандарды жана каапырларды өзүңөргө дос тутпагыла. Эгер момун болсоңор, Алладан корккула.
  • وَ اِذَا نَادَیۡتُمۡ اِلَی الصَّلٰوۃِ اتَّخَذُوۡہَا ہُزُوًا وَّ لَعِبًا ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    5 : 59 Силер намазга чакырганыңарда, алар аны маскара жана оюн-күлкү кылып алышат. Себеби, алар акылсыздар.
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ ہَلۡ تَنۡقِمُوۡنَ مِنَّاۤ اِلَّاۤ اَنۡ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡنَا وَ مَاۤ اُنۡزِلَ مِنۡ قَبۡلُ ۙ وَ اَنَّ اَکۡثَرَکُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    5 : 60 Айт: «Эй, Китеп ээлери! Биз Аллага жана өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге, ошондой эле бизден мурун түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиргенибиз үчүн гана бизге кине коёсуңарбы? Чынында, силердин көпчүлүгүңөр бузукуларсыңар».
  • قُلۡ ہَلۡ اُنَبِّئُکُمۡ بِشَرٍّ مِّنۡ ذٰلِکَ مَثُوۡبَۃً عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ مَنۡ لَّعَنَہُ اللّٰہُ وَ غَضِبَ عَلَیۡہِ وَ جَعَلَ مِنۡہُمُ الۡقِرَدَۃَ وَ الۡخَنَازِیۡرَ وَ عَبَدَ الطَّاغُوۡتَ ؕ اُولٰٓئِکَ شَرٌّ مَّکَانًا وَّ اَضَلُّ عَنۡ سَوَآءِ السَّبِیۡلِ ﴿۶۱﴾
    5 : 61 Айт: «Алланын алдында (силер үчүн) жаза катары мындан дагы жаманыраак нерселер туурасында силерге кабар берейинби? Алар Алла каргыштаган жана каарга дуушар кылган, ошондой эле айрымдарын маймылдар жана чочколорго айландырган жана шайтанга кулчулук кылган адамдар. Мына ошолор даража жагынан жаманыраак жана туура жолдон эң көп адашкандар».
  • وَ اِذَا جَآءُوۡکُمۡ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا وَ قَدۡ دَّخَلُوۡا بِالۡکُفۡرِ وَ ہُمۡ قَدۡ خَرَجُوۡا بِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا کَانُوۡا یَکۡتُمُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    5 : 62 Алар силердин алдыңарга келгендеринде: «Биз ыйман келтирдик», - дешет. Чындыгында, алар каапырлык менен (силердин араңарга) киришкен эле жана аны менен чыгып кетишкен эле. Алла алар жашырган нерсени эң жакшы билет.
  • وَ تَرٰی کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ یُسَارِعُوۡنَ فِی الۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ وَ اَکۡلِہِمُ السُّحۡتَ ؕ لَبِئۡسَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    5 : 63 Сен алардын көпчүлүгүн күнөөдө жана чектен ашкандык боюнча, ошондой эле алардын арам малды жегендиктери боюнча бири-биринен озуп кеткен абалда көрөсүң. Албетте, алардын кылып жаткан амалдары эң жаман.
  • لَوۡ لَا یَنۡہٰہُمُ الرَّبّٰنِیُّوۡنَ وَ الۡاَحۡبَارُ عَنۡ قَوۡلِہِمُ الۡاِثۡمَ وَ اَکۡلِہِمُ السُّحۡتَ ؕ لَبِئۡسَ مَا کَانُوۡا یَصۡنَعُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    5 : 64 Алланыкы болгондор жана (Алланын Сөзүн сактоого дайындалган) аалымдар эмнеге аларды күнөө сөзүн айтуудан жана арамды жегендиктеринен кайтарган эмес? Алар кылып жүргөн амалдар, албетте, өтө жаман.
  • وَ قَالَتِ الۡیَہُوۡدُ یَدُ اللّٰہِ مَغۡلُوۡلَۃٌ ؕ غُلَّتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ لُعِنُوۡا بِمَا قَالُوۡا ۘ بَلۡ یَدٰہُ مَبۡسُوۡطَتٰنِ ۙ یُنۡفِقُ کَیۡفَ یَشَآءُ ؕ وَ لَیَزِیۡدَنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ مَّاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ طُغۡیَانًا وَّ کُفۡرًا ؕ وَ اَلۡقَیۡنَا بَیۡنَہُمُ الۡعَدَاوَۃَ وَ الۡبَغۡضَآءَ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ؕ کُلَّمَاۤ اَوۡقَدُوۡا نَارًا لِّلۡحَرۡبِ اَطۡفَاَہَا اللّٰہُ ۙ وَ یَسۡعَوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ فَسَادًا ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۶۵﴾
    5 : 65 Жөөттөр: «Алланын колу байланып коюлган», - дешет. Чынында, өздөрүнүн колдору байланып коюлган жана алардын ушундай дегендиктери себебинен аларга каргыш жиберилген. Жок, Анын эки колу тең ачык. Ал Өзү каалагандай каржылайт. Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсе алардын көпчүлүгүнүн кежирлигин жана каапырлыгын албетте, күчөтөт. Биз алардын арасында кыямат күнүнө чейин кастык жана ичи тардык салып койгонбуз. Ар сапар алар уруш отун жаккандарында, Алла аны өчүрүп коёт. Алар жерде баш аламандык кылуу максатында чуркап жүрүшөт. Алла баш аламандык кылуучуларды жактырбайт.
  • وَ لَوۡ اَنَّ اَہۡلَ الۡکِتٰبِ اٰمَنُوۡا وَ اتَّقَوۡا لَکَفَّرۡنَا عَنۡہُمۡ سَیِّاٰتِہِمۡ وَ لَاَدۡخَلۡنٰہُمۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۶۶﴾
    5 : 66 Эгер Китеп ээлери ыйман келтиришкенде жана такыба болушканда, Биз албетте, алардын жамандыктарын өздөрүнөн алып таштаган болоор элек жана Биз албетте, аларды нээмат-берекелүү бейиштерге киргизээр элек.
  • وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ اَقَامُوا التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡہِمۡ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ لَاَکَلُوۡا مِنۡ فَوۡقِہِمۡ وَ مِنۡ تَحۡتِ اَرۡجُلِہِمۡ ؕ مِنۡہُمۡ اُمَّۃٌ مُّقۡتَصِدَۃٌ ؕ وَ کَثِیۡرٌ مِّنۡہُمۡ سَآءَ مَا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۶۷﴾
    5 : 67 Эгер алар Тоорат менен Инжил(дин таалими)н жана алардын Раббиси тарабынан аларга түшүрүлгөн нерсени бекем тутушканда, (албетте), үстүлөрүнөн дагы, аяктарынын астынан дагы тамактанган болоор эле. Алардын арасында бир орточо жолду тандоочу жамаат дагы бар, бирок алардын көпчүлүгүнүн кылып жаткан иштери өтө жаман!
  • یٰۤاَیُّہَا الرَّسُوۡلُ بَلِّغۡ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ ؕ وَ اِنۡ لَّمۡ تَفۡعَلۡ فَمَا بَلَّغۡتَ رِسَالَتَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡصِمُکَ مِنَ النَّاسِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۶۸﴾
    5 : 68 Эй, Пайгамбар! Раббиңден сага түшүрүлгөн нерсени жакшылап жеткизип бер. Эгер ушундай кылбасаң, анда сен Анын кабарын жеткирбегендейсиң. Албетте, Алла сени адамдар(дын чабуулдары)нан сактайт. Албетте, Алла каапыр коомду туура жолго салбайт.
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لَسۡتُمۡ عَلٰی شَیۡءٍ حَتّٰی تُقِیۡمُوا التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکُمۡ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ وَ لَیَزِیۡدَنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ مَّاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ طُغۡیَانًا وَّ کُفۡرًا ۚ فَلَا تَاۡسَ عَلَی الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    5 : 69 Айт: «Эй, Китеп ээлери! Силер Тоорат жана Инжилди, ошондой эле Раббиңер тарабынан өзүңөргө түшүрүлгөн нерсени бекем тутмайынча, эч нерсеге ээ эмессиңер». Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе алардын көпчүлүгүнүн өжөрлүгүн жана каапырлыгын албетте, арттырып жиберет. Ошондуктан, сен каапыр коомго кайгырба!
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا وَ الصّٰبِـُٔوۡنَ وَ النَّصٰرٰی مَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    5 : 70 Албетте, ыйман келтиргендер, жөөттөр, «Сабийлер» жана христиандар – ким Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылса, аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт.
  • لَقَدۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ وَ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلَیۡہِمۡ رُسُلًا ؕ کُلَّمَا جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌۢ بِمَا لَا تَہۡوٰۤی اَنۡفُسُہُمۡ ۙ فَرِیۡقًا کَذَّبُوۡا وَ فَرِیۡقًا یَّقۡتُلُوۡنَ ﴿٭۷۱﴾
    5 : 71 Албетте, Биз Исрааийл балдарынан ант-убада алдык жана аларга көптөгөн пайгамбарларды жөнөттүк. Ар бир жолу бир пайгамбар алардын көңүлдөрүн тоспогон нерсе менен алардын алдына келгенде, бир тайпаны алар жалганчыга чыгараар эле жана бир тайпага акысыз каршылык кылышаар эле.
  • وَ حَسِبُوۡۤا اَلَّا تَکُوۡنَ فِتۡنَۃٌ فَعَمُوۡا وَ صَمُّوۡا ثُمَّ تَابَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ ثُمَّ عَمُوۡا وَ صَمُّوۡا کَثِیۡرٌ مِّنۡہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۷۲﴾
    5 : 72 Алар эч кандай баш аламандык-козголоң жүз бербейт, деп ойлошту. Ошентип, алар көр жана дүлөй болушту. Анан Алла тобону кабыл кылган бойдон аларга көңүл бурду, ошондо дагы алардын көпчүлүгү көр жана дүлөй бойдон калды. Алла алардын кылып жаткан амалдарын терең күзөтүүчү эле.
  • لَقَدۡ کَفَرَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡمَسِیۡحُ ابۡنُ مَرۡیَمَ ؕ وَ قَالَ الۡمَسِیۡحُ یٰبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اعۡبُدُوا اللّٰہَ رَبِّیۡ وَ رَبَّکُمۡ ؕ اِنَّہٗ مَنۡ یُّشۡرِکۡ بِاللّٰہِ فَقَدۡ حَرَّمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِ الۡجَنَّۃَ وَ مَاۡوٰٮہُ النَّارُ ؕ وَ مَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ اَنۡصَارٍ ﴿۷۳﴾
    5 : 73 «Албетте, Алла Марям уулу Масийхтин өзү», - дегендер каапырлык кылышты. Ал эми Масийх бир гана мындай деген эле: «Эй, Исрааийл балдары! Менин Раббим жана силердин Раббиңер болгон Аллага ибадат кылгыла!» Албетте, ким Аллага шерик кошсо, ага Алла бейишти арам кылып койду жана анын турар жайы от болот. Заалимдерге эч кандай жардамчылар болбойт.
  • لَقَدۡ کَفَرَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ ثَالِثُ ثَلٰثَۃٍ ۘ وَ مَا مِنۡ اِلٰہٍ اِلَّاۤ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ؕ وَ اِنۡ لَّمۡ یَنۡتَہُوۡا عَمَّا یَقُوۡلُوۡنَ لَیَمَسَّنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۷۴﴾
    5 : 74 «Алла үчтөн бир», - дегендер (дагы) албетте, каапырлык кылышты. Чынында, жалгыз Кудайдан башка эч кандай кудай жок. Эгер алар айтып жаткан сөздөрүнөн кайтышпаса, анда алардын арасынан каапырлык кылгандарга оор азап сөзсүз жетет.
  • اَفَلَا یَتُوۡبُوۡنَ اِلَی اللّٰہِ وَ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۷۵﴾
    5 : 75 Эмне, алар Алла тарапка тобо кылган бойдон ийилишпейби жана Андан кечирим сурашпайбы? Чынында, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • مَا الۡمَسِیۡحُ ابۡنُ مَرۡیَمَ اِلَّا رَسُوۡلٌ ۚ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِ الرُّسُلُ ؕ وَ اُمُّہٗ صِدِّیۡقَۃٌ ؕ کَانَا یَاۡکُلٰنِ الطَّعَامَ ؕ اُنۡظُرۡ کَیۡفَ نُبَیِّنُ لَہُمُ الۡاٰیٰتِ ثُمَّ انۡظُرۡ اَنّٰی یُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    5 : 76 Марям уулу Масийх болгону бир пайгамбар. Андан мурунку пайгамбарлардын бардыгы өтүп кетишкен жана анын энеси чынчыл болчу, экөөсү тең тамак жешчү. Карагын, Биз аларга аяттарыбызды кандай ачык-айкын баян кылабыз. Дагы карагын, алар каякка адаштырылууда.
  • قُلۡ اَتَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَمۡلِکُ لَکُمۡ ضَرًّا وَّ لَا نَفۡعًا ؕ وَ اللّٰہُ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۷۷﴾
    5 : 77 Айт: «Алланы коюп, силерге зыян дагы, пайда дагы жеткирүүгө кудурети болбогон нерсеге сыйынасыңарбы?» Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لَا تَغۡلُوۡا فِیۡ دِیۡنِکُمۡ غَیۡرَ الۡحَقِّ وَ لَا تَتَّبِعُوۡۤا اَہۡوَآءَ قَوۡمٍ قَدۡ ضَلُّوۡا مِنۡ قَبۡلُ وَ اَضَلُّوۡا کَثِیۡرًا وَّ ضَلُّوۡا عَنۡ سَوَآءِ السَّبِیۡلِ ﴿٪۷۸﴾
    5 : 78 Айткын: «Эй, Китеп ээлери! Диниңерде акысыз чектен ашпагыла жана илгери адашкан жана көпчүлүктү адаштырган, ошондой эле орточо жолдон адашкан коомдун жеңил напсилерин ээрчибегиле».
  • لُعِنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡۢ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ عَلٰی لِسَانِ دَاوٗدَ وَ عِیۡسَی ابۡنِ مَرۡیَمَ ؕ ذٰلِکَ بِمَا عَصَوۡا وَّ کَانُوۡا یَعۡتَدُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    5 : 79 Исрааийл балдарынын арасынан каапырлык кылгандар Давууд тилинен жана Марям уулу Исанын тилинен дагы каргышка алынышты. Себеби, алар баш ийбестик кылышты жана чектен чыгышаар эле.
  • کَانُوۡا لَا یَتَنَاہَوۡنَ عَنۡ مُّنۡکَرٍ فَعَلُوۡہُ ؕ لَبِئۡسَ مَا کَانُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۸۰﴾
    5 : 80 Алар кылып жаткан жамандыктан токтобойт эле. Албетте, алардын кылып жаткан иши эң жаман болгон.
  • تَرٰی کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ یَتَوَلَّوۡنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ لَبِئۡسَ مَا قَدَّمَتۡ لَہُمۡ اَنۡفُسُہُمۡ اَنۡ سَخِطَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ وَ فِی الۡعَذَابِ ہُمۡ خٰلِدُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    5 : 81 Алардын көпчүлүгүнүн каапырларды (өздөрүнө) дос тутканын көрөсүң. Албетте, алардын напсилери өздөрү үчүн алдына жиберген нерсе эң жаман. Алла аларга катуу капа болду жана алар абдан узак мөөнөткө чейин азапта калуучулар.
  • وَ لَوۡ کَانُوۡا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ النَّبِیِّ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡہِ مَا اتَّخَذُوۡہُمۡ اَوۡلِیَآءَ وَ لٰکِنَّ کَثِیۡرًا مِّنۡہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    5 : 82 Эгер алар Аллага, ушул Пайгамбарга жана ага түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, аларды – (каапырларды өздөрүнө) дос кылышпайт эле, бирок алардын көпчүлүгү фасыктар.
  • لَتَجِدَنَّ اَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَۃً لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوا الۡیَہُوۡدَ وَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا ۚ وَ لَتَجِدَنَّ اَقۡرَبَہُمۡ مَّوَدَّۃً لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوا الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّا نَصٰرٰی ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّ مِنۡہُمۡ قِسِّیۡسِیۡنَ وَ رُہۡبَانًا وَّ اَنَّہُمۡ لَا یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    5 : 83 Албетте, момундарга душмандыкта бардык адамдардын арасында жөөттөрдү жана мушриктерди өтө катуу экенин табасың. Жана албетте, момундарга сүйүүдө: «Биз христианбыз», - дегендерди эң жакын экендигин көрөсүң. Себеби, алардын арасында бир топ ибадат кылуучулар жана кечилдер бар. Буга себеп алар текеберлик кылышпайт.
  • وَ اِذَا سَمِعُوۡا مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَی الرَّسُوۡلِ تَرٰۤی اَعۡیُنَہُمۡ تَفِیۡضُ مِنَ الدَّمۡعِ مِمَّا عَرَفُوۡا مِنَ الۡحَقِّ ۚ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَاۤ اٰمَنَّا فَاکۡتُبۡنَا مَعَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    5 : 84 Алар ушул Пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени угуп жаткандарында, акыйкатты түшүнгөндүктөрү себебинен көздөрүнөн жаш ага баштаганын көрөсүң. Алар айтышат: «Эй, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, бизди күбөлүк берүүчүлөрдүн катарына жазып койгун.
  • وَ مَا لَنَا لَا نُؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ مَا جَآءَنَا مِنَ الۡحَقِّ ۙ وَ نَطۡمَعُ اَنۡ یُّدۡخِلَنَا رَبُّنَا مَعَ الۡقَوۡمِ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۸۵﴾
    5 : 85 Биз эмнеге Аллага жана өзүбүзгө келген чындыкка ыйман келтирбейт экенбиз. Чынында, биз Раббибиз бизди жакшы пенделер тайпасына киргизээр, деп тилек кылабыз».
  • فَاَثَابَہُمُ اللّٰہُ بِمَا قَالُوۡا جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَ ذٰلِکَ جَزَآءُ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۸۶﴾
    5 : 86 Ошондуктан, алардын ушундай дегендиктери үчүн Алла аларга ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштерди сыйлык катары тартуулады. Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар. Изги иштер кылуучулардын сыйлыгы мына ушундай болот.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَحِیۡمِ ﴿٪۸۷﴾
    5 : 87 Каапырлык кылган жана Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – мына ошолор тозок ээлери.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُحَرِّمُوۡا طَیِّبٰتِ مَاۤ اَحَلَّ اللّٰہُ لَکُمۡ وَ لَا تَعۡتَدُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡمُعۡتَدِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    5 : 88 Эй, ыйман келтиргендер! Алла силерге адал кылып койгон пакиза нерселерди арам деп билбегиле жана чектен чыкпагыла. Албетте, Алла чектен ашуучуларды жактырбайт.
  • وَ کُلُوۡا مِمَّا رَزَقَکُمُ اللّٰہُ حَلٰلًا طَیِّبًا ۪ وَّ اتَّقُوا اللّٰہَ الَّذِیۡۤ اَنۡتُمۡ بِہٖ مُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    5 : 89 Жана Алла силерге тартуулаган ырыскыдан адал (жана) тазасын жегиле. Өзүңөр ыйман келтирген Алладан корккула.
  • لَا یُؤَاخِذُکُمُ اللّٰہُ بِاللَّغۡوِ فِیۡۤ اَیۡمَانِکُمۡ وَ لٰکِنۡ یُّؤَاخِذُکُمۡ بِمَا عَقَّدۡتُّمُ الۡاَیۡمَانَ ۚ فَکَفَّارَتُہٗۤ اِطۡعَامُ عَشَرَۃِ مَسٰکِیۡنَ مِنۡ اَوۡسَطِ مَا تُطۡعِمُوۡنَ اَہۡلِیۡکُمۡ اَوۡ کِسۡوَتُہُمۡ اَوۡ تَحۡرِیۡرُ رَقَبَۃٍ ؕ فَمَنۡ لَّمۡ یَجِدۡ فَصِیَامُ ثَلٰثَۃِ اَیَّامٍ ؕ ذٰلِکَ کَفَّارَۃُ اَیۡمَانِکُمۡ اِذَا حَلَفۡتُمۡ ؕ وَ احۡفَظُوۡۤا اَیۡمَانَکُمۡ ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اٰیٰتِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۹۰﴾
    5 : 90 Алла силерди маанисиз касамдарыңар үчүн суракка тартпайт, бирок касам ичип, кылган убадаңар үчүн суракка тартат. Ошондуктан, анын «Каффараты» – өз үйдөгүлөрүңөргө жедире турган орто даражадагы азык-оокат менен он кембагалды азыктандыруу, же аларды кийиндирүү, же бир кулду азат кылуу. Буга күчү жетпеген киши үч күн орозо (тутуусу керек). Бул силер касам ичип, (анан аларды бузганыңарда), касамдарыңардын «Каффараты». (Колдон келишинче) касамдарыңарды сактагыла. Шүкүр кылууңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай ачык-айкын баян кылат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّمَا الۡخَمۡرُ وَ الۡمَیۡسِرُ وَ الۡاَنۡصَابُ وَ الۡاَزۡلَامُ رِجۡسٌ مِّنۡ عَمَلِ الشَّیۡطٰنِ فَاجۡتَنِبُوۡہُ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۹۱﴾
    5 : 91 Эй, момундар! Албетте, мас кылуучу нерселер, кумарпоздук, бут(парастык) жана жебелер атуу менен аныктоо – булардын бардыгы таза эмес шайтан амалдарынан. Ошондуктан, ийгиликке жетишүүңөр үчүн булардын баарынан сактангыла!
  • اِنَّمَا یُرِیۡدُ الشَّیۡطٰنُ اَنۡ یُّوۡقِعَ بَیۡنَکُمُ الۡعَدَاوَۃَ وَ الۡبَغۡضَآءَ فِی الۡخَمۡرِ وَ الۡمَیۡسِرِ وَ یَصُدَّکُمۡ عَنۡ ذِکۡرِ اللّٰہِ وَ عَنِ الصَّلٰوۃِ ۚ فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّنۡتَہُوۡنَ ﴿۹۲﴾
    5 : 92 Албетте, шайтан ичимдик жана кумарпоздук аркылуу араңарга кастык жана душмандык салууну, ошондой эле силерди Алланы эске алуудан жана намаздан четтетүүнү каалайт. Эмне, силер ушундай иштерден тыйыласыңарбы?
  • وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ وَ احۡذَرُوۡا ۚ فَاِنۡ تَوَلَّیۡتُمۡ فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَا عَلٰی رَسُوۡلِنَا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۹۳﴾
    5 : 93 Аллага моюн сунгула жана Пайгамбарга моюн сунгула, ошондой эле (жамандыктан) сактангыла. Эгер жүз бурсаңар, Биздин Пайгамбарыбыздын милдети болгону ачык-айкын кабар жеткирүү экенин билип койгула.
  • لَیۡسَ عَلَی الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ جُنَاحٌ فِیۡمَا طَعِمُوۡۤا اِذَا مَا اتَّقَوۡا وَّ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ثُمَّ اتَّقَوۡا وَّ اٰمَنُوۡا ثُمَّ اتَّقَوۡا وَّ اَحۡسَنُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿٪۹۴﴾
    5 : 94 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар такыба болушса, ыйман келтиришсе жана жакшы амалдарды кылышса, анан дагы такыба болушса жана дагы ыйман келтиришсе, анан дагы такыба болушса жана изги иштерди кылышса, алар эмнени жесе, алар үчүн эч кандай күнөө жок. Алла жакшы амал кылуучуларды сүйөт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَیَبۡلُوَنَّکُمُ اللّٰہُ بِشَیۡءٍ مِّنَ الصَّیۡدِ تَنَالُہٗۤ اَیۡدِیۡکُمۡ وَ رِمَاحُکُمۡ لِیَعۡلَمَ اللّٰہُ مَنۡ یَّخَافُہٗ بِالۡغَیۡبِ ۚ فَمَنِ اعۡتَدٰی بَعۡدَ ذٰلِکَ فَلَہٗ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۹۵﴾
    5 : 95 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан жашыруун корккондорду ажыратып көрсөтүү үчүн Алла силерди колдоруңар жана найзаларыңар жете турган аңчылык аркылуу албетте, сынайт. Ошентип, кимде-ким мындан кийин чектен ашса, ага оор азап болот.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَقۡتُلُوا الصَّیۡدَ وَ اَنۡتُمۡ حُرُمٌ ؕ وَ مَنۡ قَتَلَہٗ مِنۡکُمۡ مُّتَعَمِّدًا فَجَزَآءٌ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ النَّعَمِ یَحۡکُمُ بِہٖ ذَوَا عَدۡلٍ مِّنۡکُمۡ ہَدۡیًۢا بٰلِغَ الۡکَعۡبَۃِ اَوۡ کَفَّارَۃٌ طَعَامُ مَسٰکِیۡنَ اَوۡ عَدۡلُ ذٰلِکَ صِیَامًا لِّیَذُوۡقَ وَبَالَ اَمۡرِہٖ ؕ عَفَا اللّٰہُ عَمَّا سَلَفَ ؕ وَ مَنۡ عَادَ فَیَنۡتَقِمُ اللّٰہُ مِنۡہُ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ ذُو انۡتِقَامٍ ﴿۹۶﴾
    5 : 96 Эй, ыйман келтиргендер! «Ихрам» абалында болгонуңарда, аңды өлтүрбөгүлө. Араңардан ким атайын аны өлтүрсө, мунун жазасы катары ал өлтүргөн жаныбарга тең Каабага жете турган курмандык кылсын. Буга силердин араңардан эки адилеттүү киши чечим-өкүм чыгарат. Ал өзүнүн жаман кылык-жоруктарынын акыбетин татып көрсүн үчүн, же анын «Каффаараты» – кембагалдарга тамак берүү же ага тете орозо (тутуу). Өткөн иштерди Алла кечирип койду. Демек, ким муну кайтадан жасаса, Алла андан өч алат. Алла эң жеңүүчү (жана) өч алуучу.
  • اُحِلَّ لَکُمۡ صَیۡدُ الۡبَحۡرِ وَ طَعَامُہٗ مَتَاعًا لَّکُمۡ وَ لِلسَّیَّارَۃِ ۚ وَ حُرِّمَ عَلَیۡکُمۡ صَیۡدُ الۡبَرِّ مَا دُمۡتُمۡ حُرُمًا ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ الَّذِیۡۤ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    5 : 97 Силер үчүн деңиздеги аң уулоо жана аны жеш адал кылынды. Бул силердин жана жолоочулардын пайдасы үчүн. Силер «Ихрам» учурунда болгонуңарда, кургактагы аң силер үчүн арам кылынган. Силер алдына чогула турган Алладан корккула.
  • جَعَلَ اللّٰہُ الۡکَعۡبَۃَ الۡبَیۡتَ الۡحَرَامَ قِیٰمًا لِّلنَّاسِ وَ الشَّہۡرَ الۡحَرَامَ وَ الۡہَدۡیَ وَ الۡقَلَآئِدَ ؕ ذٰلِکَ لِتَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ وَ اَنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۹۸﴾
    5 : 98 Алла Кааба – Байтул-Хараамды, ыйык айды, курмандыкка чалына турган жаныбарларды жана мойнуна жип тагылган малдарды адамдардын (диний жана экономикалык) туруктуулук куралы кылып койгон. Бул (эскертүү) – Алла асмандар жана жердеги бардык нерселерден кабардар экендигин жана Алла бардык нерсени эң жакшы билүүчү экендигин билип коюшуңар үчүн.
  • اِعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ وَ اَنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿ؕ۹۹﴾
    5 : 99 Алла кармаганда абдан бекем экенин жана Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу экенин билип койгула.
  • مَا عَلَی الرَّسُوۡلِ اِلَّا الۡبَلٰغُ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا تُبۡدُوۡنَ وَ مَا تَکۡتُمُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    5 : 100 Кабарды жакшылап жеткирүү гана – Пайгамбардын милдети. Алла силер ачык кылган нерселерди да, силер жашырган нерселерди да билет.
  • قُلۡ لَّا یَسۡتَوِی الۡخَبِیۡثُ وَ الطَّیِّبُ وَ لَوۡ اَعۡجَبَکَ کَثۡرَۃُ الۡخَبِیۡثِ ۚ فَاتَّقُوا اللّٰہَ یٰۤاُولِی الۡاَلۡبَابِ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾٪
    5 : 101 Айт: «Ыпластык жана тазалык эч тең боло албайт, ыпластыктын молдугу сага канчалык жакса дагы. Демек, эй, акыл ээлери! Ийгиликке жетишүүңөр үчүн Алладан корккула.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَسۡـَٔلُوۡا عَنۡ اَشۡیَآءَ اِنۡ تُبۡدَ لَکُمۡ تَسُؤۡکُمۡ ۚ وَ اِنۡ تَسۡـَٔلُوۡا عَنۡہَا حِیۡنَ یُنَزَّلُ الۡقُرۡاٰنُ تُبۡدَ لَکُمۡ ؕ عَفَا اللّٰہُ عَنۡہَا ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ حَلِیۡمٌ ﴿۱۰۲﴾
    5 : 102 Эй, ыйман келтиргендер! Силерге айкын болгондо силерди иренжите турган нерселер туурасында суроо бербегиле. Эгер силер Куран түшүрүлүп жатканда, алар туурасында суроо берсеңер, анда алар силерге айкын кылынып коюлат. Алла аларды кечип жиберген. Алла өтө кечирүүчү (жана) жумшак.
  • قَدۡ سَاَلَہَا قَوۡمٌ مِّنۡ قَبۡلِکُمۡ ثُمَّ اَصۡبَحُوۡا بِہَا کٰفِرِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    5 : 103 Силерден мурун дагы бир коом ушул нерселер туурасында сураган эле, анан аларды четке кагуучу болушту.
  • مَا جَعَلَ اللّٰہُ مِنۡۢ بَحِیۡرَۃٍ وَّ لَا سَآئِبَۃٍ وَّ لَا وَصِیۡلَۃٍ وَّ لَا حَامٍ ۙ وَّ لٰکِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ ؕ وَ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۰۴﴾
    5 : 104 Алла эч бир «Бахийраны», эч бир «Сааибаны», эч бир «Васийланы» жана эч бир «Хаамды» белгилеген эмес. Бирок, каапырлык кылгандар Аллага каршы жалган-ушактарды ойлоп чыгарышат. Алардын көпчүлүгү өз акылын иштетпейт.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ تَعَالَوۡا اِلٰی مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ وَ اِلَی الرَّسُوۡلِ قَالُوۡا حَسۡبُنَا مَا وَجَدۡنَا عَلَیۡہِ اٰبَآءَنَا ؕ اَوَ لَوۡ کَانَ اٰبَآؤُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ شَیۡئًا وَّ لَا یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۰۵﴾
    5 : 105 Аларга: «Алла түшүргөн нерсеге жана Пайгамбар жакка келгиле», - деп айтылганда, алар айтышат: «Ата-бабаларыбызды эмне (ишенич)те тапкан болсок, ошол бизге жетиштүү». Эмне, алардын ата-бабалары эч нерсени билбеген жана туура жолду таппаган болсо дагыбы?
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا عَلَیۡکُمۡ اَنۡفُسَکُمۡ ۚ لَا یَضُرُّکُمۡ مَّنۡ ضَلَّ اِذَا اہۡتَدَیۡتُمۡ ؕ اِلَی اللّٰہِ مَرۡجِعُکُمۡ جَمِیۡعًا فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    5 : 106 Эй, ыйман келтиргендер! Силер өзүңөргө гана жоопкерсиңер. Эгер өзүңөр туура жолдо болсоңор, жолдон азган бирөө силерге эч кандай зыян жеткире албайт. Баарыңар Аллага гана кайтасыңар. Ошондо, Ал силерге кылып жүргөн амалдарыңардан кабар берет.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا شَہَادَۃُ بَیۡنِکُمۡ اِذَا حَضَرَ اَحَدَکُمُ الۡمَوۡتُ حِیۡنَ الۡوَصِیَّۃِ اثۡنٰنِ ذَوَا عَدۡلٍ مِّنۡکُمۡ اَوۡ اٰخَرٰنِ مِنۡ غَیۡرِکُمۡ اِنۡ اَنۡتُمۡ ضَرَبۡتُمۡ فِی الۡاَرۡضِ فَاَصَابَتۡکُمۡ مُّصِیۡبَۃُ الۡمَوۡتِ ؕ تَحۡبِسُوۡنَہُمَا مِنۡۢ بَعۡدِ الصَّلٰوۃِ فَیُقۡسِمٰنِ بِاللّٰہِ اِنِ ارۡتَبۡتُمۡ لَا نَشۡتَرِیۡ بِہٖ ثَمَنًا وَّ لَوۡ کَانَ ذَا قُرۡبٰی ۙ وَ لَا نَکۡتُمُ شَہَادَۃَ ۙ اللّٰہِ اِنَّاۤ اِذًا لَّمِنَ الۡاٰثِمِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    5 : 107 Эй, ыйман келтиргендер! Араңардан бирөөңөргө өлүм келгенде, осуят убагында араңарда күбөлүк катары өзүңөрдөн болгон эки адилеттүү күбөлөрдү дайындоо керек. Албетте, эгер силер жерде сапарда болуп, өлүм апааты силерге жетип келсе, анда жаттардан эки кишини күбө кылууңар мүмкүн. Силер ал экөөсүн намаздан кийин токтотуп калгыла. Эгер шектенсеңер, анда ал экөөсү Алла атына касам ичип: «Биз бул күбөлүктүн ордуна эч кандай акы албайбыз, а түгүл (биздин) жакын тууганыбыз болсо да. Жана Биз Алла белгилеп койгон күбөлүктү жашырбайбыз. Болбосо, биз албетте, күнөөкөрлөрдөн болуп калабыз», - деп айтуулары керек.
  • فَاِنۡ عُثِرَ عَلٰۤی اَنَّہُمَا اسۡتَحَقَّاۤ اِثۡمًا فَاٰخَرٰنِ یَقُوۡمٰنِ مَقَامَہُمَا مِنَ الَّذِیۡنَ اسۡتَحَقَّ عَلَیۡہِمُ الۡاَوۡلَیٰنِ فَیُقۡسِمٰنِ بِاللّٰہِ لَشَہَادَتُنَاۤ اَحَقُّ مِنۡ شَہَادَتِہِمَا وَ مَا اعۡتَدَیۡنَاۤ ۫ۖ اِنَّاۤ اِذًا لَّمِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    5 : 108 Анан эгер эки (күбөнүн) күнөөгө батканы билинип калса, анда акысын мурунку эки киши жеген адамдардан эки башка (күбө) – булардын ордун ээлесин. Ошентип, ал экөөсү тең Алла атына (ушундай) касам берсин: «Биздин күбөлүгүбүз (мурунку) эки күбөнүн күбөлүгүнөн көрө туурараак жана биз (адилеттен) эч четтебедик, болбосо, биз албетте, заалимдерден болуп калабыз».
  • ذٰلِکَ اَدۡنٰۤی اَنۡ یَّاۡتُوۡا بِالشَّہَادَۃِ عَلٰی وَجۡہِہَاۤ اَوۡ یَخَافُوۡۤا اَنۡ تُرَدَّ اَیۡمَانٌۢ بَعۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اسۡمَعُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾٪
    5 : 109 Бул (ыкма) ал (мурунку күбө)лөрдүн болуп өткөн окуяга ылайык туурараак күбөлүк бериши жакыныраак, антпесе ал (кийинки)лердин касамдарынан соң биздин касамдарыбыз четке кагылат, деп коркушат. Алладан корккула жана кунт коюп уккула! Алла фасык коомду туура жолго салбайт.
  • یَوۡمَ یَجۡمَعُ اللّٰہُ الرُّسُلَ فَیَقُوۡلُ مَا ذَاۤ اُجِبۡتُمۡ ؕ قَالُوۡا لَا عِلۡمَ لَنَا ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ عَلَّامُ الۡغُیُوۡبِ ﴿۱۱۰﴾
    5 : 110 Алла бардык пайгамбарларды жыйнап: «Силерге эмне жооп кылынды?» - деп сурай турган күн(дү эстегиле). Ошондо алар айтышат: «Биз (жакшы) билбейбиз. Албетте, бардык кайыптардын билүүчүсү жалгыз Өзүңсүң».
  • اِذۡ قَالَ اللّٰہُ یٰعِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ اذۡکُرۡ نِعۡمَتِیۡ عَلَیۡکَ وَ عَلٰی وَالِدَتِکَ ۘ اِذۡ اَیَّدۡتُّکَ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ۟ تُکَلِّمُ النَّاسَ فِی الۡمَہۡدِ وَ کَہۡلًا ۚ وَ اِذۡ عَلَّمۡتُکَ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ ۚ وَ اِذۡ تَخۡلُقُ مِنَ الطِّیۡنِ کَہَیۡـَٔۃِ الطَّیۡرِ بِاِذۡنِیۡ فَتَنۡفُخُ فِیۡہَا فَتَکُوۡنُ طَیۡرًۢا بِاِذۡنِیۡ وَ تُبۡرِیٴُ الۡاَکۡمَہَ وَ الۡاَبۡرَصَ بِاِذۡنِیۡ ۚ وَ اِذۡ تُخۡرِجُ الۡمَوۡتٰی بِاِذۡنِیۡ ۚ وَ اِذۡ کَفَفۡتُ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ عَنۡکَ اِذۡ جِئۡتَہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَقَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡہُمۡ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۱۱﴾
    5 : 111 (Эстегиле), качан Алла айткан: «Эй, Марям уулу Иса! Сага жана сенин энеңе көрсөткөн айкөлдүгүмдү эстегин. Качан Мен сени ыйык Рух менен кубаттандырдым. Сен бешикте да, орто жашта да адамдарга сүйлөчүсүң; ошондой эле Мен сага Китеп жана хикмат-акылмандыкты, Тоорат жана Инжилди үйрөткөн убактымды дагы (эстегин). Качан сен Менин буйругум менен ылайдан куштардын сөлөкөтүндөй жаратаар элең. Анан ага үйлөгөнүңдө, ал Менин буйругум менен куштарга айланаар эле. Жана сен Менин буйругум менен тубаса көрлөрдү жана ала ооруларды айыктыраар элең. Жана качан сен Менин буйругум менен өлүктөрдү чыгараар элең. Жана качан Мен сенден Исрааийл балдарын тосуп турдум. Качан сен аларга ачык аят-белгилер алып келгениңде, алардын арасындагы каапырлар: «Бул албетте, ачыктан-ачык сыйкырдан бөлөк эч нерсе эмес», - дешти.
  • وَ اِذۡ اَوۡحَیۡتُ اِلَی الۡحَوَارِیّٖنَ اَنۡ اٰمِنُوۡا بِیۡ وَ بِرَسُوۡلِیۡ ۚ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا وَ اشۡہَدۡ بِاَنَّنَا مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    5 : 112 (Эстегин), качан Мен «шакирттерге»: «Мага жана Менин пайгамбарыма ыйман келтиргиле», - деп вахий-аян кылганымда, алар: «Биз ыйман келтирдик, ошондуктан биздин баш ийүүчү болгонубузга күбө болгун», - дешти.
  • اِذۡ قَالَ الۡحَوَارِیُّوۡنَ یٰعِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ ہَلۡ یَسۡتَطِیۡعُ رَبُّکَ اَنۡ یُّنَزِّلَ عَلَیۡنَا مَآئِدَۃً مِّنَ السَّمَآءِ ؕ قَالَ اتَّقُوا اللّٰہَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    5 : 113 (Эстегин), качан «шакирттер»: «Эй, Марям уулу Иса! Асмандан (дүр-дүйүм жайнаган) дасторконду түшүрүү Раббиңдин колунан келеби?» - дегендеринде, ал (Иса) жооп кылды: «Эгер момун болсоңор, Алладан корккула».
  • قَالُوۡا نُرِیۡدُ اَنۡ نَّاۡکُلَ مِنۡہَا وَ تَطۡمَئِنَّ قُلُوۡبُنَا وَ نَعۡلَمَ اَنۡ قَدۡ صَدَقۡتَنَا وَ نَکُوۡنَ عَلَیۡہَا مِنَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    5 : 114 Алар айтышты: «Биз ал – (дүр-дүйүм жайнаган дасторкон)дон тамактанууну жана көңүлдөрүбүз канааттанышын, ошондой эле сенин туура сүйлөгөнүңдү билмекчибиз жана өзүбүз буга күбө болмокчубуз».
  • قَالَ عِیۡسَی ابۡنُ مَرۡیَمَ اللّٰہُمَّ رَبَّنَاۤ اَنۡزِلۡ عَلَیۡنَا مَآئِدَۃً مِّنَ السَّمَآءِ تَکُوۡنُ لَنَا عِیۡدًا لِّاَوَّلِنَا وَ اٰخِرِنَا وَ اٰیَۃً مِّنۡکَ ۚ وَ ارۡزُقۡنَا وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الرّٰزِقِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    5 : 115 Марям уулу Иса айтты: «Эй, Раббибиз – Алла! Биздин мурункуларыбыз жана акыркыларыбыз үчүн бир айт-майрам боло турган, ошондой эле Сенден бир улуу аят-жышаан боло турган (дүр-дүйүм жайнаган) дасторконду асмандан бизге түшүргүн жана бизге ырыскы бергин, Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысысың!»
  • قَالَ اللّٰہُ اِنِّیۡ مُنَزِّلُہَا عَلَیۡکُمۡ ۚ فَمَنۡ یَّکۡفُرۡ بَعۡدُ مِنۡکُمۡ فَاِنِّیۡۤ اُعَذِّبُہٗ عَذَابًا لَّاۤ اُعَذِّبُہٗۤ اَحَدًا مِّنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۱۶﴾٪
    5 : 116 Алла айтты: «Мен аны силерге албетте, түшүрөмүн. Бирок, ошондон кийин силерден ким шүгүрчүлүк кылбаса, Мен ага бардык ааламдарда эч кимге бербеген азапты албетте, беремин».
  • وَ اِذۡ قَالَ اللّٰہُ یٰعِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ ءَاَنۡتَ قُلۡتَ لِلنَّاسِ اتَّخِذُوۡنِیۡ وَ اُمِّیَ اِلٰہَیۡنِ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ قَالَ سُبۡحٰنَکَ مَا یَکُوۡنُ لِیۡۤ اَنۡ اَقُوۡلَ مَا لَیۡسَ لِیۡ ٭ بِحَقٍّ ؕ؃ اِنۡ کُنۡتُ قُلۡتُہٗ فَقَدۡ عَلِمۡتَہٗ ؕ تَعۡلَمُ مَا فِیۡ نَفۡسِیۡ وَ لَاۤ اَعۡلَمُ مَا فِیۡ نَفۡسِکَ ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ عَلَّامُ الۡغُیُوۡبِ ﴿۱۱۷﴾
    5 : 117 (Эстегиле), качан Алла Марям уулу Исага айтат: «Адамдарга: «Алланы коюп, мени жана менин энемди эки кудай кылып алгыла», - деп айттың беле?» Ал жооп кылат: «Сен Ыйыксың! Акым жок нерсени эч качан айта албаймын. Эгер ушундай деген болсом, Сен албетте, аны билген болот элең. Сен менин көңүлүмдөгү нерселерди билесиң, мен болсо Сенин көңүлүңдөгү нерселерди эч билбеймин. Албетте, Сен бардык кайыптарды жакшылап билүүчүсүң.
  • مَا قُلۡتُ لَہُمۡ اِلَّا مَاۤ اَمَرۡتَنِیۡ بِہٖۤ اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ رَبِّیۡ وَ رَبَّکُمۡ ۚ وَ کُنۡتُ عَلَیۡہِمۡ شَہِیۡدًا مَّا دُمۡتُ فِیۡہِمۡ ۚ فَلَمَّا تَوَفَّیۡتَنِیۡ کُنۡتَ اَنۡتَ الرَّقِیۡبَ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ اَنۡتَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ﴿۱۱۸﴾
    5 : 118 Мен аларга Өзүң буюргаңдай: «Менин Раббим жана өзүңөрдүн Раббиңер болгон Аллага ибадат кылгыла», - дегенден бөлөк эч нерсе айтканым жок. Алардын арасында болгонумда, мен алардын үстүнөн күзөтчү элем, бирок Сен мени өлтүргөнүңдөн кийин, жалгыз Өзүң күзөтчү болдуң. Сен бардык нерсеге күбөсүң.
  • اِنۡ تُعَذِّبۡہُمۡ فَاِنَّہُمۡ عِبَادُکَ ۚ وَ اِنۡ تَغۡفِرۡ لَہُمۡ فَاِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۱۱۹﴾
    5 : 119 Эгер Сен аларга азап берсең, алар Сенин пенделериң го! Эгер Сен аларды кечирсең, албетте, Сен эң жеңүүчү (жана) акылмандык ээсисиң».
  • قَالَ اللّٰہُ ہٰذَا یَوۡمُ یَنۡفَعُ الصّٰدِقِیۡنَ صِدۡقُہُمۡ ؕ لَہُمۡ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ رَضِیَ اللّٰہُ عَنۡہُمۡ وَ رَضُوۡا عَنۡہُ ؕ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۱۲۰﴾
    5 : 120 Алла айтты: «Бул чынчылдарга алардын чынчылдыгы пайда бере турган күн. Алар үчүн ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштер бар. Алардын ичинде алар түбөлүккө калуучулар. Алла аларга ыраазы болду жана алар Ага ыраазы болушту. Бул эң үлкөн ийгилик».
  • لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا فِیۡہِنَّ ؕ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۲۱﴾٪
    5 : 121 Асмандар менен жер жана алардын арасындагы бардык нерселердин падышачылыгы Алланыкы. Ал Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via