بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
90 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
لَاۤ اُقۡسِمُ بِہٰذَا الۡبَلَدِ ۙ﴿۲﴾
90 : 2 Кулак салгыла! Мен ушул шаарга касам ичемин!
وَ اَنۡتَ حِلٌّۢ بِہٰذَا الۡبَلَدِ ۙ﴿۳﴾
90 : 3 Сен болсо, (бир күнү) ушул шаарга түшүүчүсүӊ.
وَ وَالِدٍ وَّ مَا وَلَدَ ۙ﴿۴﴾
90 : 4 Жана атага да, ал жараткан тукумга да (касам!)
لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ فِیۡ کَبَدٍ ؕ﴿۵﴾
90 : 5 Албетте, Биз адамзатты бир тынымсыз мээнет-машакатта (туруусу үчүн) жараттык.
اَیَحۡسَبُ اَنۡ لَّنۡ یَّقۡدِرَ عَلَیۡہِ اَحَدٌ ۘ﴿۶﴾
90 : 6 Ал: «Менин үстүмөн эч ким жеӊе албайт», - деп ойлойбу?
یَقُوۡلُ اَہۡلَکۡتُ مَالًا لُّبَدًا ؕ﴿۷﴾
90 : 7 Ал: «Мен сансыз мал-дүйнө сарптадым», - деп ойлойт.
اَیَحۡسَبُ اَنۡ لَّمۡ یَرَہٗۤ اَحَدٌ ؕ﴿۸﴾
90 : 8 Ал: «Мени эч ким көргөн эмес», - деп ойлойбу?
اَلَمۡ نَجۡعَلۡ لَّہٗ عَیۡنَیۡنِ ۙ﴿۹﴾
90 : 9 Биз ага эки көз тартуулабадыкпы?
وَ لِسَانًا وَّ شَفَتَیۡنِ ۙ﴿۱۰﴾
90 : 10 Ошондой эле тил жана эки эринди (дагы?)
وَ ہَدَیۡنٰہُ النَّجۡدَیۡنِ ﴿ۚ۱۱﴾
90 : 11 Жана Биз аны эки бийик жолго багыттадык.
فَلَا اقۡتَحَمَ الۡعَقَبَۃَ ﴿۫ۖ۱۲﴾
90 : 12 Ал «Акабага» чыкпады.
وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا الۡعَقَبَۃُ ﴿ؕ۱۳﴾
90 : 13 Жана «Акаба» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
فَکُّ رَقَبَۃٍ ﴿ۙ۱۴﴾
90 : 14 (Ал) моюнду азат кылуу.
اَوۡ اِطۡعٰمٌ فِیۡ یَوۡمٍ ذِیۡ مَسۡغَبَۃٍ ﴿ۙ۱۵﴾
90 : 15 Же бир жөнөкөй каатчылык күнүндө тамактандыруу.
یَّتِیۡمًا ذَا مَقۡرَبَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾
90 : 16 Жакын тууган болгон жетимге.
اَوۡ مِسۡکِیۡنًا ذَا مَتۡرَبَۃٍ ﴿ؕ۱۷﴾
90 : 17 Же топуракка булганган кембагалга.
ثُمَّ کَانَ مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ تَوَاصَوۡا بِالصَّبۡرِ وَ تَوَاصَوۡا بِالۡمَرۡحَمَۃِ ﴿ؕ۱۸﴾
90 : 18 Анан ал ыйман келтирген жана сабыр-канааттуу болуп туруп, бири-бирин сабыр кылууга насаат кыла турган, ошондой эле боорукер болуп туруп, бири-бирин ырайым кылууга чакыргандардан болушу керек.
اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ﴿ؕ۱۹﴾
90 : 19 Мына ошолор оӊ тараптагылар.
وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِنَا ہُمۡ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ﴿ؕ۲۰﴾
90 : 20 Жана Биздин аяттарыбызды четке каккандар – алар сол тараптын ээлери.
عَلَیۡہِمۡ نَارٌ مُّؤۡصَدَۃٌ ﴿٪۲۱﴾
90 : 21 Аларга (жапырылуу үчүн) бир бекитилип коюлган от бар.