بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
8 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡاَنۡفَالِ ؕ قُلِ الۡاَنۡفَالُ لِلّٰہِ وَ الرَّسُوۡلِ ۚ فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَصۡلِحُوۡا ذَاتَ بَیۡنِکُمۡ ۪ وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲﴾
8 : 2 Алар сенден олжолор туурасында сурашат. Айткын: «Олжолор Алла жана Пайгамбардыкы. Демек, эгер момун болсоӊор, Алладан корккула жана өз ара оӊдогула, ошондой эле Алла менен Анын Пайгамбарына баш ийгиле.
اِنَّمَا الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الَّذِیۡنَ اِذَا ذُکِرَ اللّٰہُ وَجِلَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ وَ اِذَا تُلِیَتۡ عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُہٗ زَادَتۡہُمۡ اِیۡمَانًا وَّ عَلٰی رَبِّہِمۡ یَتَوَکَّلُوۡنَ ۚ﴿ۖ۳﴾
8 : 3 Алла жөнүндө сөз кылынганда жүрөктөрү титиреп кете тургандар гана момундар; жана Анын аяттары аларга окулганда, ыймандары көбөйөт жана алар өз Раббисине гана тобокел кылышат;
الَّذِیۡنَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ؕ﴿۴﴾
8 : 4 Алар намазды аткарышат жана Биз аларга тартуулаган нерселерден сарпташат.
اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ حَقًّا ؕ لَہُمۡ دَرَجٰتٌ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ وَ مَغۡفِرَۃٌ وَّ رِزۡقٌ کَرِیۡمٌ ۚ﴿۵﴾
8 : 5 Мына ошолор нукура (жана) чыныгы момундар. Алар үчүн Раббисинин алдында бийик даражалар, кечирим жана урматтуу ырыскы бар.
کَمَاۤ اَخۡرَجَکَ رَبُّکَ مِنۡۢ بَیۡتِکَ بِالۡحَقِّ ۪ وَ اِنَّ فَرِیۡقًا مِّنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ لَکٰرِہُوۡنَ ۙ﴿۶﴾
8 : 6 Раббиӊ сени чындык менен үйүӊдөн чыгаргандай, алар(дын ыйманы дагы чын). Чындыгында, момундардын бир тайпасы аны албетте, жактырбайт эле.
یُجَادِلُوۡنَکَ فِی الۡحَقِّ بَعۡدَ مَا تَبَیَّنَ کَاَنَّمَا یُسَاقُوۡنَ اِلَی الۡمَوۡتِ وَ ہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ ؕ﴿۷﴾
8 : 7 Акыйкат (аларга) ачык-айкын болгондон кийин дагы алар сени менен чындык туурасында талашып жатышкан эле. Кудум алар өлүм(дү өз көздөрү менен) көрүп, (ошол) өлүм тарапка айдалып бара жатышкандай.
وَ اِذۡ یَعِدُکُمُ اللّٰہُ اِحۡدَی الطَّآئِفَتَیۡنِ اَنَّہَا لَکُمۡ وَ تَوَدُّوۡنَ اَنَّ غَیۡرَ ذَاتِ الشَّوۡکَۃِ تَکُوۡنُ لَکُمۡ وَ یُرِیۡدُ اللّٰہُ اَنۡ یُّحِقَّ الۡحَقَّ بِکَلِمٰتِہٖ وَ یَقۡطَعَ دَابِرَ الۡکٰفِرِیۡنَ ۙ﴿۸﴾
8 : 8 Алла: «Эки тайпанын бири силердики», - деп убада бергенин жана силер: «Зыян жеткире албай турган биздики болсун», - деп тилегениӊер(ди эстегиле). Алла Өз «келимелери» менен акыйкатты далилдөөнү жана каапырлардын тамырын курутууну каалар эле;
لِیُحِقَّ الۡحَقَّ وَ یُبۡطِلَ الۡبَاطِلَ وَ لَوۡ کَرِہَ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ۚ﴿۹﴾
8 : 9 Мейли күнөөкөрлөр муну канчалык жактырбаса дагы, Ал акыйкатты далилдеп көрсөтүү үчүн жана жалганды жалган кылып көрсөтүү үчүн (ошондой каалаар эле).
اِذۡ تَسۡتَغِیۡثُوۡنَ رَبَّکُمۡ فَاسۡتَجَابَ لَکُمۡ اَنِّیۡ مُمِدُّکُمۡ بِاَلۡفٍ مِّنَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ مُرۡدِفِیۡنَ ﴿۱۰﴾
8 : 10 Силер өз Раббиӊерге жалбарып жатканыӊарда, Ал: «Мен албетте, удаа-удаа келе турган бир миӊ периште менен силерге жардам беремин», - деген (убадасы менен) жалбарууӊарды кабыл кылган(ын эстегиле).
وَ مَا جَعَلَہُ اللّٰہُ اِلَّا بُشۡرٰی وَ لِتَطۡمَئِنَّ بِہٖ قُلُوۡبُکُمۡ ۚ وَ مَا النَّصۡرُ اِلَّا مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿٪۱۱﴾
8 : 11 Алла аны (силерге) андан силердин көӊүлдөрүӊөр бейпил болсун үчүн жалаӊ куш кабар катары кылды. Чындыгында, ар бир жардам жалгыз Алладан (келет). Албетте, Алла эӊ жеӊүүчү (жана) даанышмандык ээси.
اِذۡ یُغَشِّیۡکُمُ النُّعَاسَ اَمَنَۃً مِّنۡہُ وَ یُنَزِّلُ عَلَیۡکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ مَآءً لِّیُطَہِّرَکُمۡ بِہٖ وَ یُذۡہِبَ عَنۡکُمۡ رِجۡزَ الشَّیۡطٰنِ وَ لِیَرۡبِطَ عَلٰی قُلُوۡبِکُمۡ وَ یُثَبِّتَ بِہِ الۡاَقۡدَامَ ﴿ؕ۱۲﴾
8 : 12 (Дагы эстегиле), качан Ал (Алла) Өз тарабынан силерге бейпилдик тартуулаган абалда үргүлөө салган жана асмандан суу түшүрүп жаткан эле – ал аркылуу Ал (Алла) силерди жакшылап тазалап, шайтандын ыпластыгын силерден алып таштасын үчүн, жана жүрөктөрүӊөрдү бекем кылып, ал аркылуу кадамыӊарды бекем кылсын үчүн.
اِذۡ یُوۡحِیۡ رَبُّکَ اِلَی الۡمَلٰٓئِکَۃِ اَنِّیۡ مَعَکُمۡ فَثَبِّتُوا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ سَاُلۡقِیۡ فِیۡ قُلُوۡبِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوا الرُّعۡبَ فَاضۡرِبُوۡا فَوۡقَ الۡاَعۡنَاقِ وَ اضۡرِبُوۡا مِنۡہُمۡ کُلَّ بَنَانٍ ﴿ؕ۱۳﴾
8 : 13 Сенин Раббиӊ периштелерге: «Мен силер менен биргемин. Ошондуктан, момундарды туруктуу кылгыла. Каапырлардын жүрөктөрүнө, албетте, Мен коркуу саламын. Демек, (алардын) моюндарына ургула жана ар бир муундарына сокку бергиле», - деп вахий-аян түшүрүп жаткан(ын эстегиле).
ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ شَآقُّوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ۚ وَ مَنۡ یُّشَاقِقِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ فَاِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۱۴﴾
8 : 14 Бул − алардын Аллага жана Анын Пайгамбарына каршы болгондуктары себептүү болду. Ким Аллага жана Анын пайгамбарына каршылык кылса, (ал) албетте, Алла жаза берүүдө абдан катуу экен(ин билип койсун).
ذٰلِکُمۡ فَذُوۡقُوۡہُ وَ اَنَّ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابَ النَّارِ ﴿۱۵﴾
8 : 15 Мына бул – (жазаӊар). Демек, аны таткыла жана каапырлар үчүн албетте, от азабы бар экен(ин билгиле).
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا لَقِیۡتُمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا زَحۡفًا فَلَا تُوَلُّوۡہُمُ الۡاَدۡبَارَ ﴿ۚ۱۶﴾
8 : 16 Эй, ыйман келтиргендер! Каапырлардын чоӊ кошуунуна туш келгениӊерде, аларга аркаӊарды буруп качпагыла.
وَ مَنۡ یُّوَلِّہِمۡ یَوۡمَئِذٍ دُبُرَہٗۤ اِلَّا مُتَحَرِّفًا لِّقِتَالٍ اَوۡ مُتَحَیِّزًا اِلٰی فِئَۃٍ فَقَدۡ بَآءَ بِغَضَبٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ مَاۡوٰٮہُ جَہَنَّمُ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۷﴾
8 : 17 Ошол күнү ким аларга аркасын бурса – ооба, согуш багытын өзгөртүп жаткан же (өздөрүнүн) кандайдыр бир тайпасына кошулуп жаткан болсо, анда башка кеп – ал албетте, Алланын каары менен кайтат, анын турар жайы тозок болот. Ал абдан жаман жай!
فَلَمۡ تَقۡتُلُوۡہُمۡ وَلٰکِنَّ اللّٰہَ قَتَلَہُمۡ ۪ وَ مَا رَمَیۡتَ اِذۡ رَمَیۡتَ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ رَمٰی ۚ وَ لِیُبۡلِیَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ مِنۡہُ بَلَآءً حَسَنًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۸﴾
8 : 18 Демек, силер аларды өлтүрбөдүӊөр, тескерисинче, аларды Алла өлтүрдү. (Эй, Мухаммад!) Сен (аларга таш) ыргытканыӊда, сен ыргытпадыӊ, тескерисинче, Алла ыргытты. Бул – Ал момундарды Өз тарабынан болгон бир жакшы сыноодон өткөрүүсү үчүн болду. Албетте, Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
ذٰلِکُمۡ وَ اَنَّ اللّٰہَ مُوۡہِنُ کَیۡدِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۹﴾
8 : 19 Ахвалыӊар мына ушундай эле. Бул (дагы чын): Алла гана каапырлардын айла-амалын алсыз кылуучу.
اِنۡ تَسۡتَفۡتِحُوۡا فَقَدۡ جَآءَکُمُ الۡفَتۡحُ ۚ وَ اِنۡ تَنۡتَہُوۡا فَہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ ۚ وَ اِنۡ تَعُوۡدُوۡا نَعُدۡ ۚ وَ لَنۡ تُغۡنِیَ عَنۡکُمۡ فِئَتُکُمۡ شَیۡئًا وَّ لَوۡ کَثُرَتۡ ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ مَعَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿٪۲۰﴾
8 : 20 (Демек, эй, момундар!) Эгер силер жеӊиш талап кылган болсоӊор, мына жеӊиш силерге келди. Жана (эй, четке кагуучулар! Азыр дагы) кайтсаӊар, силер үчүн жакшы болот, эгер силер (жамандыкты) кайталасаӊар, Биз дагы (азапты) кайталайбыз жана силердин тайпаӊар канчалык көп санда болбосун, баары бир силерге жардам бере албайт. Алла момундар менен бирге экен(ин билип койгула).
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ لَا تَوَلَّوۡا عَنۡہُ وَ اَنۡتُمۡ تَسۡمَعُوۡنَ ﴿ۚۖ۲۱﴾
8 : 21 Эй, ыйман келтиргендер! Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийгиле, ошондой эле угуп туруп, андан жүз буруп кетпегиле.
وَ لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ قَالُوۡا سَمِعۡنَا وَ ہُمۡ لَا یَسۡمَعُوۡنَ ﴿۲۲﴾
8 : 22 Жана силер өздөрү укпаган абалда: «Биз уктук», - дегендердей болбогула.
اِنَّ شَرَّ الدَّوَآبِّ عِنۡدَ اللّٰہِ الصُّمُّ الۡبُکۡمُ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۳﴾
8 : 23 Албетте, Алланын алдында баардык жандыктардын эӊ жаманы – акылды иштетпей турган дүлөй жана дудуктар.
وَ لَوۡ عَلِمَ اللّٰہُ فِیۡہِمۡ خَیۡرًا لَّاَسۡمَعَہُمۡ ؕ وَ لَوۡ اَسۡمَعَہُمۡ لَتَوَلَّوۡا وَّ ہُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۲۴﴾
8 : 24 Эгер Алла аларда кандайдыр бир жакшылык бар экенин билгенинде, албетте, аларга угузаар эле. Аларга уктурганында дагы, алар албетте, четтеген абалда жүз буруп алышмак.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اسۡتَجِیۡبُوۡا لِلّٰہِ وَ لِلرَّسُوۡلِ اِذَا دَعَاکُمۡ لِمَا یُحۡیِیۡکُمۡ ۚ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یَحُوۡلُ بَیۡنَ الۡمَرۡءِ وَ قَلۡبِہٖ وَ اَنَّہٗۤ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
8 : 25 Эй, ыйман келтиргендер! Алла жана Пайгамбар силерди тирилтсин үчүн силерди чакырганда, ага жооп кылгыла. Алла адам жана анын жүрөгүнүн арасында бар болгонун билгиле, ошондой эле силер Ага гана топтолушуӊарды дагы (билип алгыла).
وَ اتَّقُوۡا فِتۡنَۃً لَّا تُصِیۡبَنَّ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡکُمۡ خَآصَّۃً ۚ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۲۶﴾
8 : 26 Жана силердин араларыӊардан жалаӊ зулумдук кылгандарга гана жетпей турган фитна-чуудан корккула жана Алла жаза берүүдө абдан катуу экенин билгиле.
وَ اذۡکُرُوۡۤا اِذۡ اَنۡتُمۡ قَلِیۡلٌ مُّسۡتَضۡعَفُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ تَخَافُوۡنَ اَنۡ یَّتَخَطَّفَکُمُ النَّاسُ فَاٰوٰٮکُمۡ وَ اَیَّدَکُمۡ بِنَصۡرِہٖ وَ رَزَقَکُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۲۷﴾
8 : 27 Силер азчылык болгонуӊарды, жер жүзүндө алсыздардан эсептелгениӊерди, адамдар силерди тутуп алууларынан коркконуӊарды эстегиле. Ошондо шүкүр кылууӊар үчүн Ал силерге башпаана берди, силерди Өз жардамы менен кубаттандырды жана силерге таза нерселерден ырыскы берди.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَخُوۡنُوا اللّٰہَ وَ الرَّسُوۡلَ وَ تَخُوۡنُوۡۤا اَمٰنٰتِکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۸﴾
8 : 28 Эй , ыйман келтиргендер! Аллага жана (Анын) Пайгамбарына кыянат кылбагыла. Болбосо, силер өз аманаттарыӊарга билип туруп кыянат кыла баштайсыӊар.
وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَاۤ اَمۡوَالُکُمۡ وَ اَوۡلَادُکُمۡ فِتۡنَۃٌ ۙ وَّ اَنَّ اللّٰہَ عِنۡدَہٗۤ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿٪۲۹﴾
8 : 29 Ошондой эле дүнүйө-мүлкүӊөр жана тукумуӊар бир сыноо экенин билгиле жана Алланын алдында үлкөн сыйлык турган(ын дагы билип алгыла).
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنۡ تَتَّقُوا اللّٰہَ یَجۡعَلۡ لَّکُمۡ فُرۡقَانًا وَّ یُکَفِّرۡ عَنۡکُمۡ سَیِّاٰتِکُمۡ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۳۰﴾
8 : 30 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер Алладан корксоӊор, Ал силерге бир өзгөчө аят-белги тартуулайт, силерден жаманчылыктарыӊарды алып таштайт жана силерди кечирет. Алла үлкөн берешендик ээси.
وَ اِذۡ یَمۡکُرُ بِکَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِیُثۡبِتُوۡکَ اَوۡ یَقۡتُلُوۡکَ اَوۡ یُخۡرِجُوۡکَ ؕ وَ یَمۡکُرُوۡنَ وَ یَمۡکُرُ اللّٰہُ ؕ وَ اللّٰہُ خَیۡرُ الۡمٰکِرِیۡنَ ﴿۳۱﴾
8 : 31 Каапырлар сени (бир белгилүү жайда) камоо, же өлтүрүү же (мекенден) айдап чыгаруу жөнүндө сага каршы амал уюштурган(ын эсте). Алар айла-амалдар менен алек болчу жана Алла алардын амалын жокко чыгарып жаткан эле. Алла иш-чара кылуучулардын эӊ жакшысы.
وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا قَالُوۡا قَدۡ سَمِعۡنَا لَوۡ نَشَآءُ لَقُلۡنَا مِثۡلَ ہٰذَاۤ ۙ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۳۲﴾
8 : 32 Аларга Биздин аяттарыбыз окулганда, алар: «Демек, биз угуп алдык, эгер кааласак, биз дагы ушуга окшогон нерсени айта алабыз. Бул эскилердин жомоктору гана», - дешет.
وَ اِذۡ قَالُوا اللّٰہُمَّ اِنۡ کَانَ ہٰذَا ہُوَ الۡحَقَّ مِنۡ عِنۡدِکَ فَاَمۡطِرۡ عَلَیۡنَا حِجَارَۃً مِّنَ السَّمَآءِ اَوِ ائۡتِنَا بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۳۳﴾
8 : 33 Алардын: «Эй, Алла! Эгер мына ушул Сен тараптан чындык болсо, анда асмандан үстүбүзгө таштарды жаадыр же бизге бир оор азап алып кел», - деген(ин эстегиле).
وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُعَذِّبَہُمۡ وَ اَنۡتَ فِیۡہِمۡ ؕ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ مُعَذِّبَہُمۡ وَ ہُمۡ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ ﴿۳۴﴾
8 : 34 Сен алардын арасында болгонуӊда, Алла аларга эч качан азап бербейт жана алар кечирим сурап жаткандарында дагы, Алла аларга эч качан азап бербейт.
وَ مَا لَہُمۡ اَلَّا یُعَذِّبَہُمُ اللّٰہُ وَ ہُمۡ یَصُدُّوۡنَ عَنِ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ وَ مَا کَانُوۡۤا اَوۡلِیَآءَہٗ ؕ اِنۡ اَوۡلِیَآؤُہٗۤ اِلَّا الۡمُتَّقُوۡنَ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۵﴾
8 : 35 Алла аларга эмне үчүн азап бербесин? Алар болсо, Хараам Мечитинен адамдарды тыюу салышат. Акыйкатта, алар анын чыныгы ээлери эмес. Анын (чыныгы) ээлери жалаӊ такыбалар гана. Бирок, алардын көпчүлүгү (муну) билбейт.
وَ مَا کَانَ صَلَاتُہُمۡ عِنۡدَ الۡبَیۡتِ اِلَّا مُکَآءً وَّ تَصۡدِیَۃً ؕ فَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡفُرُوۡنَ ﴿۳۶﴾
8 : 36 (Алланын) Үйүнүн жанында алардын ибадаты ышкырык жана алакан чабуудан бөлөк эч нерсе эмес. Демек, четке какканыӊар үчүн азапты таткыла.
اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمۡ لِیَصُدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ فَسَیُنۡفِقُوۡنَہَا ثُمَّ تَکُوۡنُ عَلَیۡہِمۡ حَسۡرَۃً ثُمَّ یُغۡلَبُوۡنَ ۬ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِلٰی جَہَنَّمَ یُحۡشَرُوۡنَ ﴿ۙ۳۷﴾
8 : 37 Албетте, каапырлар өз дүнүйө-мүлктөрүн Алланын жолунан кайтаруу үчүн сарпташат. Ошентип, алар аны (ушундай) каржылап тура беришет. Кийин болсо, бул (дүнүйө-мүлк) аларга өкүнүч болот, анан алар жеӊилүүгө дуушар кылынат. Каапырлык кылгандар топтолушуп, тозокко алып барылат.
لِیَمِیۡزَ اللّٰہُ الۡخَبِیۡثَ مِنَ الطَّیِّبِ وَ یَجۡعَلَ الۡخَبِیۡثَ بَعۡضَہٗ عَلٰی بَعۡضٍ فَیَرۡکُمَہٗ جَمِیۡعًا فَیَجۡعَلَہٗ فِیۡ جَہَنَّمَ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿٪۳۸﴾
8 : 38 Алла ыпласты тазадан ажыратуусу үчүн жана ыпластын бир бөлүгүн экинчисинин үстүнө коюп, кийин баарын кат-кат кылып топтоп, тозокко тыгып таштоосу үчүн. Мына ошолор зыян көрүүчүлөр.
قُلۡ لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ یَّنۡتَہُوۡا یُغۡفَرۡ لَہُمۡ مَّا قَدۡ سَلَفَ ۚ وَ اِنۡ یَّعُوۡدُوۡا فَقَدۡ مَضَتۡ سُنَّتُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۳۹﴾
8 : 39 Каапырлык кылгандарга айт: «Эгер алар кайтышса, анда алардын өткөнү алар үчүн кечирилет, бирок эгер алар (күнөөнү) кайталашса, анда албетте, (буларга окшогон) абалкылардын мисалы өтүп кеткен.
وَ قَاتِلُوۡہُمۡ حَتّٰی لَا تَکُوۡنَ فِتۡنَۃٌ وَّ یَکُوۡنَ الدِّیۡنُ کُلُّہٗ لِلّٰہِ ۚ فَاِنِ انۡتَہَوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۴۰﴾
8 : 40 Кандайдыр бир фитна-чуу токтомоюнча жана дин толугу менен Алла үчүн болгончо, алар менен урушуп тургула. Демек, эгер алар кайтышса, албетте, Алла алар кылып жаткан амалдарды тереӊ күзөтүүчү.
وَ اِنۡ تَوَلَّوۡا فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ مَوۡلٰٮکُمۡ ؕ نِعۡمَ الۡمَوۡلٰی وَ نِعۡمَ النَّصِیۡرُ ﴿۴۱﴾
8 : 41 Жана эгер алар жүз бурушса, анда Алла гана силердин кепил-коргоочуӊар экенин билгиле. Ал кандай сонун кепил-коргоочу жана кандай сонун жардамчы!
وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَا غَنِمۡتُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ فَاَنَّ لِلّٰہِ خُمُسَہٗ وَ لِلرَّسُوۡلِ وَ لِذِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ ابۡنِ السَّبِیۡلِ ۙ اِنۡ کُنۡتُمۡ اٰمَنۡتُمۡ بِاللّٰہِ وَ مَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلٰی عَبۡدِنَا یَوۡمَ الۡفُرۡقَانِ یَوۡمَ الۡتَقَی الۡجَمۡعٰنِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۴۲﴾
8 : 42 Эгер силер Аллага жана Биз пендебизге акыйкат менен жалгандын ортосунда чечим чыгаруучу күнү эки тайпа кездешкен күнү түшүргөн нерсеге ыйман келтирүүчү болсоӊор, анда силер олжологон нерселердин бештен бири Аллага (диний иштерге), Пайгамбарга, тууган-уруктарга, жетимдерге, кембагалдарга жана мусапырларга тийиштүү экенин билгиле. Алла Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма кудуреттүү.
اِذۡ اَنۡتُمۡ بِالۡعُدۡوَۃِ الدُّنۡیَا وَ ہُمۡ بِالۡعُدۡوَۃِ الۡقُصۡوٰی وَ الرَّکۡبُ اَسۡفَلَ مِنۡکُمۡ ؕ وَ لَوۡ تَوَاعَدۡتُّمۡ لَاخۡتَلَفۡتُمۡ فِی الۡمِیۡعٰدِ ۙ وَ لٰکِنۡ لِّیَقۡضِیَ اللّٰہُ اَمۡرًا کَانَ مَفۡعُوۡلًا ۬ۙ لِّیَہۡلِکَ مَنۡ ہَلَکَ عَنۡۢ بَیِّنَۃٍ وَّ یَحۡیٰی مَنۡ حَیَّ عَنۡۢ بَیِّنَۃٍ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَسَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۴۳﴾
8 : 43 Силер (өрөөндүн) бул тарабында болгонуӊарды алар болсо, наркы тарабында болгонун жана кербен экөөӊөрдөн ылдыйыраак болгонун (эстегиле). Эгер силер (кандайдыр бир тайпа менен урушууга) өз ара бекем ант-убада кылганыӊарда дагы, аны(н убагын) аныктоодо талашып-тартышаар элеӊер. Бирок, Алла ишке ашырууга чечим кылган ишти жүзөгө ашыруу үчүн (Алла силерди топтоп койду). Ачык-айкын далил менен жок болмокчу киши жок болсун жана ачык-айкын далил менен тирүү калмакчы киши тирүү калсын үчүн дагы ушул белги-аят (көрсөтүлгөн). Албетте, Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
اِذۡ یُرِیۡکَہُمُ اللّٰہُ فِیۡ مَنَامِکَ قَلِیۡلًا ؕ وَ لَوۡ اَرٰٮکَہُمۡ کَثِیۡرًا لَّفَشِلۡتُمۡ وَ لَتَنَازَعۡتُمۡ فِی الۡاَمۡرِ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ سَلَّمَ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۴۴﴾
8 : 44 Алла уйкусураган абалыӊда, аларды сага аз кылып көрсөтүп жаткан(ын эсте). Эгер Ал аларды сага көп кылып көрсөткөндө, (эй, момундар!) Силер албетте, жүрөксүздүк кылаар элеӊер жана бул маанилүү маселе жөнүндө талашкан болоор элеӊер. Бирок, Алла (силерди) сактап калды. Албетте, Ал көкүрөктөрдөгү сырларды абдан жакшы билет.
وَ اِذۡ یُرِیۡکُمُوۡہُمۡ اِذِ الۡتَقَیۡتُمۡ فِیۡۤ اَعۡیُنِکُمۡ قَلِیۡلًا وَّ یُقَلِّلُکُمۡ فِیۡۤ اَعۡیُنِہِمۡ لِیَقۡضِیَ اللّٰہُ اَمۡرًا کَانَ مَفۡعُوۡلًا ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿٪۴۵﴾
8 : 45 Алла чечим чыгарып болгон ишти жүзөгө ашырыш үчүн алар менен согушуп жатканыӊарда, аларды силердин көздөрүӊөргө аз кылып көрсөтүп жатканын жана силерди дагы алардын көздөрүндө аз кылып көрсөтүп жаткан(ын эстегиле). Бардык иштер Аллага гана кайтарылат.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا لَقِیۡتُمۡ فِئَۃً فَاثۡبُتُوۡا وَ اذۡکُرُوا اللّٰہَ کَثِیۡرًا لَّعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿ۚ۴۶﴾
8 : 46 Эй, ыйман келтиргендер! Ар качан кандайдыр бир кошуунга кездешкениӊерде, туруктуу болгула жана ийгиликке жетишүүӊөр үчүн Алланы көп-көп эске алгыла.
وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ لَا تَنَازَعُوۡا فَتَفۡشَلُوۡا وَ تَذۡہَبَ رِیۡحُکُمۡ وَ اصۡبِرُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿ۚ۴۷﴾
8 : 47 Ошондой эле Алла менен Анын Пайгамбарына баш ийгиле жана өз ара жаӊжал кылбагыла. Антпесе, коркок болуп каласыӊар жана айбатыӊар жок болуп кетет. Жана сабыр кылгыла, албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге болот.
وَ لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ خَرَجُوۡا مِنۡ دِیَارِہِمۡ بَطَرًا وَّ رِئَآءَ النَّاسِ وَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ مُحِیۡطٌ ﴿۴۸﴾
8 : 48 Жана кекейип-кержейип, (өздөрүн) адамдарга көрсөтүү үчүн өз үйлөрүнөн чыккандар сыяктуу болбогула. Алар Алланын жолунан тыюу салышаар эле. Алла алар кылып жүргөн амалдарды курчап алган.
وَ اِذۡ زَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ اَعۡمَالَہُمۡ وَ قَالَ لَا غَالِبَ لَکُمُ الۡیَوۡمَ مِنَ النَّاسِ وَ اِنِّیۡ جَارٌ لَّکُمۡ ۚ فَلَمَّا تَرَآءَتِ الۡفِئَتٰنِ نَکَصَ عَلٰی عَقِبَیۡہِ وَ قَالَ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّنۡکُمۡ اِنِّیۡۤ اَرٰی مَا لَا تَرَوۡنَ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اللّٰہَ ؕ وَ اللّٰہُ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿٪۴۹﴾
8 : 49 Жана шайтан (сыпатына ээ болгон бир адам) аларга (кылган) амалдарын сонун кылып көрсөтүп: «Адамдардын арасынан эч ким бүгүн силерди жеӊе албайт жана мен албетте, силерге паана берүүчүмүн», - деген(ин эстегиле). Анан эки тайпа бетме-бет болушканда, ал изине кайтты жана айтты: «Мен, албетте, силерге жоопкер эмесмин. Мен, албетте, силер көрбөй жаткан нерсени көрүүдөмүн. Мен Алладан коркомун. Алла жаза берүүдө абдан катуу».
اِذۡ یَقُوۡلُ الۡمُنٰفِقُوۡنَ وَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ غَرَّہٰۤؤُ لَآءِ دِیۡنُہُمۡ ؕ وَ مَنۡ یَّتَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ فَاِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۵۰﴾
8 : 50 Мунафыктар жана жүрөктөрүндө кесел болгондор: «Булардын дини буларды алдап койгон», - дей баштаган(ын эстегиле). Чындыгында, ким Аллага тобокел кылса, (ал) албетте, Алла жеӊүүчү (жана) өтө акылмандык ээси (экенин көрөт).
وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذۡ یَتَوَفَّی الَّذِیۡنَ کَفَرُوا ۙ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یَضۡرِبُوۡنَ وُجُوۡہَہُمۡ وَ اَدۡبَارَہُمۡ ۚ وَ ذُوۡقُوۡا عَذَابَ الۡحَرِیۡقِ ﴿۵۱﴾
8 : 51 Эгер сен көрө алганыӊда, периштелер каапырлык кылгандардын жандарын алып жаткандарында, алардын жүздөрүнө жана аркаларына сокку уруп: «Катуу күйүү азабын таткыла!» - (деп айтып жаткандарын көрөсүӊ).
ذٰلِکَ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡکُمۡ وَ اَنَّ اللّٰہَ لَیۡسَ بِظَلَّامٍ لِّلۡعَبِیۡدِ ﴿ۙ۵۲﴾
8 : 52 Мына бул өз колдоруӊар менен кылган иштериӊер себебинен. Алла болсо, Өз пенделерине кенедей дагы зулум кылуучу эмес.
کَدَاۡبِ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ ۙ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ فَاَخَذَہُمُ اللّٰہُ بِذُنُوۡبِہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ قَوِیٌّ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۵۳﴾
8 : 53 Кудум Фараон коомунун жана алардан илгери өткөндөрдүн усулу сыяктуу (силердин да усулуӊар бар). Алар Алланын аяттарын четке кагышкан эле. Ошондуктан, Алла аларды күнөөлөрү себебинен кармап алды. Албетте, Алла абдан күчтүү (жана) жазалоодо абдан катуу.
ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ لَمۡ یَکُ مُغَیِّرًا نِّعۡمَۃً اَنۡعَمَہَا عَلٰی قَوۡمٍ حَتّٰی یُغَیِّرُوۡا مَا بِاَنۡفُسِہِمۡ ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۵۴﴾
8 : 54 Себеби, Алла кандайдыр бир коомго тартуулаган нээмат-кутун алар өздөрүнүн абалын өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт. Албетте, Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү экен(ин эстегиле).
کَدَاۡبِ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ ۙ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ فَاَہۡلَکۡنٰہُمۡ بِذُنُوۡبِہِمۡ وَ اَغۡرَقۡنَاۤ اٰلَ فِرۡعَوۡنَ ۚ وَ کُلٌّ کَانُوۡا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۵۵﴾
8 : 55 Кудум Фараон коомунун жана алардан илгери өткөндөрдүн усулу сыяктуу (силердин да усулуӊар бар). Алар өз Раббисинин аяттарын жалганга чыгарышкан. Ошондуктан, Биз аларды кылган күнөөлөрү себебинен жок кылып жибердик. Фараон коомун Биз чөктүрүп жибердик. Алардын баары заалим болчу.
اِنَّ شَرَّ الدَّوَآبِّ عِنۡدَ اللّٰہِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۖۚ۵۶﴾
8 : 56 Албетте, Алланын алдында жандыктардын эӊ жамандары − каапырлык кылгандар. Алар эч ыйман келтиришпейт –
اَلَّذِیۡنَ عٰہَدۡتَّ مِنۡہُمۡ ثُمَّ یَنۡقُضُوۡنَ عَہۡدَہُمۡ فِیۡ کُلِّ مَرَّۃٍ وَّ ہُمۡ لَا یَتَّقُوۡنَ ﴿۵۷﴾
8 : 57 Сен келишим түзгөн адамдар. Анан алар ар дайым убадасын бузушат жана алар (Алладан) коркушпайт.
فَاِمَّا تَثۡقَفَنَّہُمۡ فِی الۡحَرۡبِ فَشَرِّدۡ بِہِمۡ مَّنۡ خَلۡفَہُمۡ لَعَلَّہُمۡ یَذَّکَّرُوۡنَ ﴿۵۸﴾
8 : 58 Демек, эгер сен урушта алар менен кезиксеӊ, анда алар(дын жаман акыбети)нен алардын артындагыларын да таркатып жибер. Балким, алар ибарат алышаар.
وَ اِمَّا تَخَافَنَّ مِنۡ قَوۡمٍ خِیَانَۃً فَانۡۢبِذۡ اِلَیۡہِمۡ عَلٰی سَوَآءٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡخَآئِنِیۡنَ ﴿٪۵۹﴾
8 : 59 Жана эгер кандайдыр бир коомдун кыянатынан корксоӊ, анда сен дагы алар кылган мамиле сыяктуу мамиле кыл. Алла кыянаткорлорду эч жактырбайт.
وَ لَا یَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا سَبَقُوۡا ؕ اِنَّہُمۡ لَا یُعۡجِزُوۡنَ ﴿۶۰﴾
8 : 60 Каапырлык кылгандар: «Биз (башкалардан) озуп кеттик», - деп эч качан ойлобосун. Алар эч качан жеӊилүүгө дуушар кыла алышпайт.
وَ اَعِدُّوۡا لَہُمۡ مَّا اسۡتَطَعۡتُمۡ مِّنۡ قُوَّۃٍ وَّ مِنۡ رِّبَاطِ الۡخَیۡلِ تُرۡہِبُوۡنَ بِہٖ عَدُوَّ اللّٰہِ وَ عَدُوَّکُمۡ وَ اٰخَرِیۡنَ مِنۡ دُوۡنِہِمۡ ۚ لَا تَعۡلَمُوۡنَہُمۡ ۚ اَللّٰہُ یَعۡلَمُہُمۡ ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡا مِنۡ شَیۡءٍ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ یُوَفَّ اِلَیۡکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لَا تُظۡلَمُوۡنَ ﴿۶۱﴾
8 : 61 Силер мүмкүнчүлүгүӊөр жеткенче, алар үчүн белгилүү даражада күч-кубатты жыйнап, белгилүү өлчөмдө чегараларда аттарды даярдап туруп, даярдык көргүлө. Бул аркылуу силер Алланын душманын жана өз душманыӊарды, ошондой эле булардан тышкары башкаларды да коркутасыӊар. Силер аларды билбейсиӊер, Алла болсо, аларды билет. Алланын жолунда эмнени сарптасаӊар, ал силерге толук кайтарылат жана силерге акысыздык кылынбайт.
وَ اِنۡ جَنَحُوۡا لِلسَّلۡمِ فَاجۡنَحۡ لَہَا وَ تَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۶۲﴾
8 : 62 Эгер алар элдешүүгө оошсо, сен дагы ушуга оогун жана Аллага тобокел кыл. Албетте, Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
وَ اِنۡ یُّرِیۡدُوۡۤا اَنۡ یَّخۡدَعُوۡکَ فَاِنَّ حَسۡبَکَ اللّٰہُ ؕ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَیَّدَکَ بِنَصۡرِہٖ وَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۙ۶۳﴾
8 : 63 Эгер алар сени алдамакчы болушса, албетте, Алла сага жетиштүү. Ал (Алла) сага Өз жардамы менен, жана момундар аркылуу көмөктөшкөн.
وَ اَلَّفَ بَیۡنَ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ لَوۡ اَنۡفَقۡتَ مَا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا مَّاۤ اَلَّفۡتَ بَیۡنَ قُلُوۡبِہِمۡ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ اَلَّفَ بَیۡنَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۶۴﴾
8 : 64 Ал алардын жүрөктөрүн өз ара байлап койду. Эгер сен жердеги бардык нерселерди сарп кылганыӊда дагы, алардын жүрөктөрүн өз ара байлай албайт элеӊ. Бирок, ошол − Алла гана алар(дын жүрөктөрү)н өз ара байлап койду. Ал албетте, эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ حَسۡبُکَ اللّٰہُ وَ مَنِ اتَّبَعَکَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿٪۶۵﴾
8 : 65 Эй, Пайгамбар! Алла сага жана момундардын арасынан сени ээрчигендерге жетиштүү.
یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ حَرِّضِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ عَلَی الۡقِتَالِ ؕ اِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ عِشۡرُوۡنَ صٰبِرُوۡنَ یَغۡلِبُوۡا مِائَتَیۡنِ ۚ وَ اِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ مِّائَۃٌ یَّغۡلِبُوۡۤا اَلۡفًا مِّنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۶۶﴾
8 : 66 Эй, Пайгамбар! Момундарды согушка үндөгүн. Эгер силердин араӊарда жыйырма сабыр кылуучу болсо, алар эки жүздүн үстүнөн жеӊип чыгат. Эгер араларыӊарда жүз (сабыр кылуучу) болсо, алар каапырлардын миӊин жеӊишет, анткени алар түшүнбөй жүргөн коом.
اَلۡـٰٔنَ خَفَّفَ اللّٰہُ عَنۡکُمۡ وَ عَلِمَ اَنَّ فِیۡکُمۡ ضَعۡفًا ؕ فَاِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ مِّائَۃٌ صَابِرَۃٌ یَّغۡلِبُوۡا مِائَتَیۡنِ ۚ وَ اِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ اَلۡفٌ یَّغۡلِبُوۡۤا اَلۡفَیۡنِ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۶۷﴾
8 : 67 Азырынча Алла силерге жүктү жеӊилдетти. Анткени Ал силерде али алсыздык бар экенин билет. Демек, эгер араӊарда жүз сабыр кылуучу болсо, алар эки жүз (киши)ни жеӊишет. Эгер араӊарда миӊ (сабыр кылуучу) болсо, алар Алланын буйругу менен эки миӊ (адам)ды жеӊишет. Алла сабыр кылуучулар менен бирге болот.
مَا کَانَ لِنَبِیٍّ اَنۡ یَّکُوۡنَ لَہٗۤ اَسۡرٰی حَتّٰی یُثۡخِنَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ تُرِیۡدُوۡنَ عَرَضَ الدُّنۡیَا ٭ۖ وَ اللّٰہُ یُرِیۡدُ الۡاٰخِرَۃَ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۶۸﴾
8 : 68 Эч бир пайгамбарга жерде ал катуу кан төкмөйүнчө, туткун кылып алуусу дурус эмес. Силер (бул) дүйнөнүн эмерегин каалайсыӊар, Алла болсо акыретти жактырат. Алла эӊ жеӊүүчү (жана) өтө акылмандык ээси.
لَوۡ لَا کِتٰبٌ مِّنَ اللّٰہِ سَبَقَ لَمَسَّکُمۡ فِیۡمَاۤ اَخَذۡتُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۶۹﴾
8 : 69 Эгер Алла тарабынан (силерди кечирим кылуу жазмышы) мурунтан бүтүлбөгөндө, силер алган нерселериӊер себебинен силерге үлкөн азап жеткен болоор эле.
فَکُلُوۡا مِمَّا غَنِمۡتُمۡ حَلٰلًا طَیِّبًا ۫ۖ وَّ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۷۰﴾
8 : 70 Демек, силер алган олжоӊордон адал жана пакизасын жегиле жана Алладан корккула. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ قُلۡ لِّمَنۡ فِیۡۤ اَیۡدِیۡکُمۡ مِّنَ الۡاَسۡرٰۤی ۙ اِنۡ یَّعۡلَمِ اللّٰہُ فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ خَیۡرًا یُّؤۡتِکُمۡ خَیۡرًا مِّمَّاۤ اُخِذَ مِنۡکُمۡ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۷۱﴾
8 : 71 Эй, Пайгамбар! Колдоруӊардагы туткундарга айт: «Эгер Алла жүрөктөрүӊөрдө кандайдыр бир жакшылык бар экенин билсе, анда силерге өзүӊөрдөн алынган нерселерден жакшыраак нерсени берет жана силерди кечирет». Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
وَ اِنۡ یُّرِیۡدُوۡا خِیَانَتَکَ فَقَدۡ خَانُوا اللّٰہَ مِنۡ قَبۡلُ فَاَمۡکَنَ مِنۡہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۷۲﴾
8 : 72 Эгер алар сага кыянат кылмакчы болушса, илгери алар Аллага дагы кыянат кылышкан. Демек, Ал аларды аргасыз кылып койду. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ ہَاجَرُوۡا وَ جٰہَدُوۡا بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ الَّذِیۡنَ اٰوَوۡا وَّ نَصَرُوۡۤا اُولٰٓئِکَ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلِیَآءُ بَعۡضٍ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ لَمۡ یُہَاجِرُوۡا مَا لَکُمۡ مِّنۡ وَّلَایَتِہِمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ حَتّٰی یُہَاجِرُوۡا ۚ وَ اِنِ اسۡتَنۡصَرُوۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ فَعَلَیۡکُمُ النَّصۡرُ اِلَّا عَلٰی قَوۡمٍۭ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہُمۡ مِّیۡثَاقٌ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۷۳﴾
8 : 73 Албетте, ыйман келтирип хижрат кылган, ошондой эле өз дүнүйө-мүлктөрү жана өз жандары менен Алла жолунда жихад кылган жана (Мухаажирлерге) башпаанек берип, (аларга) жардам берген адамдар -мына ошолордун айрымдары-айрымдарына дос. Жана ыйман келтирген, бирок хижрат кылбагандар менен, алар хижрат кылмайынча, достошуу силерге дурус эмес. Ооба, эгер алар дин маселесинде силерден жардам сурашса (жана бул жардам) силер менен ант-келишим түзгөн коомго каршы болбосо, анда жардам беришиӊер шарт. Алла силердин жасап жаткан амалдарыӊарды тереӊ күзөтүүчү.
وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بَعۡضُہُمۡ اَوۡلِیَآءُ بَعۡضٍ ؕ اِلَّا تَفۡعَلُوۡہُ تَکُنۡ فِتۡنَۃٌ فِی الۡاَرۡضِ وَ فَسَادٌ کَبِیۡرٌ ﴿ؕ۷۴﴾
8 : 74 Каапыр болгондор – алардын айрымдары-айрымдарына дос. Эгер силер (өзүӊөргө таалим катары берилген) нерсеге амал кылбасаӊар, анда жерде фитна жана чоӊ баш аламандык пайда болот.
وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ ہَاجَرُوۡا وَ جٰہَدُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ الَّذِیۡنَ اٰوَوۡا وَّ نَصَرُوۡۤا اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ حَقًّا ؕ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ رِزۡقٌ کَرِیۡمٌ ﴿۷۵﴾
8 : 75 Ыйман келтирип, хижрат кылган жана Алла жолунда жихад кылгандар, ошондой эле башпаана берип, жардам көрсөткөндөр – мына ошолор чыныгы момундар. Алар үчүн кечирим жана ардактуу ырыскы бар.
وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡۢ بَعۡدُ وَ ہَاجَرُوۡا وَ جٰہَدُوۡا مَعَکُمۡ فَاُولٰٓئِکَ مِنۡکُمۡ ؕ وَ اُولُوا الۡاَرۡحَامِ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلٰی بِبَعۡضٍ فِیۡ کِتٰبِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿٪۷۶﴾
8 : 76 Ошондой эле кийинчерээк ыйман келтирген жана хижрат кылган жана силер менен бирге туруп, жихад кылгандар - алар силерден. Кандаш-туугандарга келсек, Алланын Китебинде алардын айрымдары башка айрымдарына жакыныраак. Албетте, Алла бардык нерсени билет.