بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
72 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
قُلۡ اُوۡحِیَ اِلَیَّ اَنَّہُ اسۡتَمَعَ نَفَرٌ مِّنَ الۡجِنِّ فَقَالُوۡۤا اِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡاٰنًا عَجَبًا ۙ﴿۲﴾
72 : 2 Айткын: «Мага мындай вахий-аян кылынды: «Жиндердин бир тайпасы (Куранды) көӊүл коюп угуп, айтты: «Албетте, биз бир ажайып Куранды уктук.
یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الرُّشۡدِ فَاٰمَنَّا بِہٖ ؕ وَ لَنۡ نُّشۡرِکَ بِرَبِّنَاۤ اَحَدًا ۙ﴿۳﴾
72 : 3 Ал жакшылыкка багыттайт. Ошондуктан, биз ага ыйман келтирдик. Биз Раббибизге эч нерсени такыр шерик кылбайбыз».
وَّ اَنَّہٗ تَعٰلٰی جَدُّ رَبِّنَا مَا اتَّخَذَ صَاحِبَۃً وَّ لَا وَلَدًا ۙ﴿۴﴾
72 : 4 «Жана албетте, Раббибиздин шаан-шөөкөтү өтө бийик. Ал Өзүнө кандайдыр бир жолдош да, кандайдыр бир уул да туткан эмес» - деп (да айтты).
وَّ اَنَّہٗ کَانَ یَقُوۡلُ سَفِیۡہُنَا عَلَی اللّٰہِ شَطَطًا ۙ﴿۵﴾
72 : 5 «Жана албетте, биздин бир нааданыбыз Алланын урматына туура эмес кептерди сүйлөөр эле», - деп (да айтты).
وَّ اَنَّا ظَنَنَّاۤ اَنۡ لَّنۡ تَقُوۡلَ الۡاِنۡسُ وَ الۡجِنُّ عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا ۙ﴿۶﴾
72 : 6 Жана албетте, биз: «Адамдар жана жиндер Алла туурасында такыр жалган сүйлөшпөйт», - деп ойлоор элек.
وَّ اَنَّہٗ کَانَ رِجَالٌ مِّنَ الۡاِنۡسِ یَعُوۡذُوۡنَ بِرِجَالٍ مِّنَ الۡجِنِّ فَزَادُوۡہُمۡ رَہَقًا ۙ﴿۷﴾
72 : 7 Жана албетте, жалпы адамдардын ичинен айрымдары чоӊ-чоӊ адамдардын паанасына келишер эле. Ошондо алар алардын арамзалыгын жана наадандыгын көбөйтүштү.
وَّ اَنَّہُمۡ ظَنُّوۡا کَمَا ظَنَنۡتُمۡ اَنۡ لَّنۡ یَّبۡعَثَ اللّٰہُ اَحَدًا ۙ﴿۸﴾
72 : 8 Жана алар дагы кудум силер ойлогонуӊардай: «Алла эч качан бирөөнү жөнөтпөйт», - деп ойлошкон эле.
وَّ اَنَّا لَمَسۡنَا السَّمَآءَ فَوَجَدۡنٰہَا مُلِئَتۡ حَرَسًا شَدِیۡدًا وَّ شُہُبًا ۙ﴿۹﴾
72 : 9 Жана албетте, Биз асманга кол тийгизип көрдүк. Ошондо анын күчтүү корукчулары жана от шоолалары менен толук экенин көрдүк.
وَّ اَنَّا کُنَّا نَقۡعُدُ مِنۡہَا مَقَاعِدَ لِلسَّمۡعِ ؕ فَمَنۡ یَّسۡتَمِعِ الۡاٰنَ یَجِدۡ لَہٗ شِہَابًا رَّصَدًا ۙ﴿۱۰﴾
72 : 10 Жана албетте, Биз угуу үчүн анын орундарында отурар элек. Эми ким тыӊшоого аракет кылса, ал өзүн аӊдып турган бир от шооласын табат.
وَّ اَنَّا لَا نَدۡرِیۡۤ اَشَرٌّ اُرِیۡدَ بِمَنۡ فِی الۡاَرۡضِ اَمۡ اَرَادَ بِہِمۡ رَبُّہُمۡ رَشَدًا ﴿ۙ۱۱﴾
72 : 11 Жана албетте, биз билбейбиз: «Жердегилер үчүн жамандык каалаганбы же алардын Раббиси аларга жакшылык кылууга ниет кылдыбы?
وَّ اَنَّا مِنَّا الصّٰلِحُوۡنَ وَ مِنَّا دُوۡنَ ذٰلِکَ ؕ کُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدًا ﴿ۙ۱۲﴾
72 : 12 Жана албетте, биздин арабызда айрым жакшы адамдар да бар болчу жана арабызда булардан башкалар дагы бар эле. Биз түрдүү көз карашка бөлүнүп кеткен элек.
وَّ اَنَّا ظَنَنَّاۤ اَنۡ لَّنۡ نُّعۡجِزَ اللّٰہَ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَنۡ نُّعۡجِزَہٗ ہَرَبًا ﴿ۙ۱۳﴾
72 : 13 Жана албетте, биз Алланы жер жүзүндө эч алсырата албастыгыбызга жана жүгүрүп дагы Аны жеӊе албастыгыбызга ишенген элек.
وَّ اَنَّا لَمَّا سَمِعۡنَا الۡہُدٰۤی اٰمَنَّا بِہٖ ؕ فَمَنۡ یُّؤۡمِنۡۢ بِرَبِّہٖ فَلَا یَخَافُ بَخۡسًا وَّ لَا رَہَقًا ﴿ۙ۱۴﴾
72 : 14 Жана албетте, биз хидаят (сөзү)н укканыбызда, ага ыйман келтирдик. Ошентип, ким Раббисине ыйман келтирсе, ал зыян көрүүдөн дагы, акысыздыктан дагы коркпойт.
وَّ اَنَّا مِنَّا الۡمُسۡلِمُوۡنَ وَ مِنَّا الۡقٰسِطُوۡنَ ؕ فَمَنۡ اَسۡلَمَ فَاُولٰٓئِکَ تَحَرَّوۡا رَشَدًا ﴿۱۵﴾
72 : 15 Жана албетте, биздин арабызда баш ийүүчүлөр дагы бар болчу жана арабызда зулумдук кылуучулар дагы бар болчу. Ошентип, ким баш ийген болсо – мына ошолор хидаятты издешти.
وَ اَمَّا الۡقٰسِطُوۡنَ فَکَانُوۡا لِجَہَنَّمَ حَطَبًا ﴿ۙ۱۶﴾
72 : 16 Жана заалимдер болсо, тозокко отун болушту».
وَّ اَنۡ لَّوِ اسۡتَقَامُوۡا عَلَی الطَّرِیۡقَۃِ لَاَسۡقَیۡنٰہُمۡ مَّآءً غَدَقًا ﴿ۙ۱۷﴾
72 : 17 Жана эгер алар туура көз карашта туруктуулук көрсөткөндөрүндө, Биз аларга албетте, мол суу ичирген болоор элек –
لِّنَفۡتِنَہُمۡ فِیۡہِ ؕ وَ مَنۡ یُّعۡرِضۡ عَنۡ ذِکۡرِ رَبِّہٖ یَسۡلُکۡہُ عَذَابًا صَعَدًا ﴿ۙ۱۸﴾
72 : 18 Ал аркылуу аларды сынап көрүшүбүз үчүн. Ким өз Раббисин эске алуудан жүз бурса, Ал (Алла) аны бир дайыма ашып баруучу азапка ыргытат.
وَّ اَنَّ الۡمَسٰجِدَ لِلّٰہِ فَلَا تَدۡعُوۡا مَعَ اللّٰہِ اَحَدًا ﴿ۙ۱۹﴾
72 : 19 Жана албетте, мечиттер жалаӊ Алла үчүн. Ошондуктан, Алла менен бирге башка эч нерсеге жалбарбагыла!
وَّ اَنَّہٗ لَمَّا قَامَ عَبۡدُ اللّٰہِ یَدۡعُوۡہُ کَادُوۡا یَکُوۡنُوۡنَ عَلَیۡہِ لِبَدًا ﴿ؕ٪۲۰﴾
72 : 20 Жана албетте, Алланын пендеси Ага жалбарган бойдон турганында, алар анын үстүнө топ-топ болуп жапырылышына аз калат.
قُلۡ اِنَّمَاۤ اَدۡعُوۡا رَبِّیۡ وَ لَاۤ اُشۡرِکُ بِہٖۤ اَحَدًا ﴿۲۱﴾
72 : 21 Айткын: «Мен жалгыз Раббиме гана жалбарамын; Ага эч нерсени шерик кылбаймын».
قُلۡ اِنِّیۡ لَاۤ اَمۡلِکُ لَکُمۡ ضَرًّا وَّ لَا رَشَدًا ﴿۲۲﴾
72 : 22 Айткын: «Мен силерге кандайдыр бир зыян жана кандайдыр бир пайда келтирүү кудуретине ээ эмесмин».
قُلۡ اِنِّیۡ لَنۡ یُّجِیۡرَنِیۡ مِنَ اللّٰہِ اَحَدٌ ۬ۙ وَّ لَنۡ اَجِدَ مِنۡ دُوۡنِہٖ مُلۡتَحَدًا ﴿ۙ۲۳﴾
72 : 23 Айткын: «Албетте, кимдир бирөө Аллага каршы мага эч качан паана бере албайт жана мен эч качан Алладан өзгө башпаанек таба албаймын –
اِلَّا بَلٰغًا مِّنَ اللّٰہِ وَ رِسٰلٰتِہٖ ؕ وَ مَنۡ یَّعۡصِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ فَاِنَّ لَہٗ نَارَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ﴿ؕ۲۴﴾
72 : 24 Бирок, Алла тарабынан үгүт жүргүзгөн жана Анын кабарларын жеткирген бойдон». Ким Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийбестик кылса, албетте, ал үчүн тозок оту болот. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
حَتّٰۤی اِذَا رَاَوۡا مَا یُوۡعَدُوۡنَ فَسَیَعۡلَمُوۡنَ مَنۡ اَضۡعَفُ نَاصِرًا وَّ اَقَلُّ عَدَدًا ﴿۲۵﴾
72 : 25 А түгүл алар өздөрүнө убада кылынып жаткан нерсени көргөндөрүндө, жардамчы катары ким эӊ алсыз жана сан жагынан эӊ аз экендигин, албетте, билип алышат.
قُلۡ اِنۡ اَدۡرِیۡۤ اَقَرِیۡبٌ مَّا تُوۡعَدُوۡنَ اَمۡ یَجۡعَلُ لَہٗ رَبِّیۡۤ اَمَدًا ﴿۲۶﴾
72 : 26 Айткын: «Силерге убада кылынып жаткан нерсе жакынбы же Раббим анын мөөнөтүн созуп коёбу, мен (муну) билбеймин».
عٰلِمُ الۡغَیۡبِ فَلَا یُظۡہِرُ عَلٰی غَیۡبِہٖۤ اَحَدًا ﴿ۙ۲۷﴾
72 : 27 Ал кайыпты билүүчү. Ал Өз кайыбынын үстүнөн эч кимге жеӊиш тартуулабайт –
اِلَّا مَنِ ارۡتَضٰی مِنۡ رَّسُوۡلٍ فَاِنَّہٗ یَسۡلُکُ مِنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ مِنۡ خَلۡفِہٖ رَصَدًا ﴿ۙ۲۸﴾
72 : 28 Өзү тандаган пайгамбарынан бөлөк. Албетте, Ал анын алдынан дагы, аркасынан дагы коргоп жүрөт –
لِّیَعۡلَمَ اَنۡ قَدۡ اَبۡلَغُوۡا رِسٰلٰتِ رَبِّہِمۡ وَ اَحَاطَ بِمَا لَدَیۡہِمۡ وَ اَحۡصٰی کُلَّ شَیۡءٍ عَدَدًا ﴿٪۲۹﴾
72 : 29 Алар Раббисинин кабарларын ачык жеткиргендиктерин билиш үчүн. Ал алардагы бардык нерсени курчап алган. Ал бардык нерсенин сан жагынан эсеп-кысабын кылып койгон.