Курани карим Ас-Сааффаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الصَّافات

Ас-Сааффаат

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    37 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • وَ الصّٰٓفّٰتِ صَفًّا ۙ﴿۲﴾
    37 : 2 Катар-катар сап тартуучу (аскерлер)ге касам!
  • فَالزّٰجِرٰتِ زَجۡرًا ۙ﴿۳﴾
    37 : 3 Дагы эскертип, сес берүүчүлөргө (касам)!
  • فَالتّٰلِیٰتِ ذِکۡرًا ۙ﴿۴﴾
    37 : 4 Дагы зикирди жогорулатуучуларга (касам)!
  • اِنَّ اِلٰـہَکُمۡ لَوَاحِدٌ ﴿ؕ۵﴾
    37 : 5 Албетте, силердин Кудайыӊар бирөө гана.
  • رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا وَ رَبُّ الۡمَشَارِقِ ؕ﴿۶﴾
    37 : 6 Ал асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагы бар нерселердин Раббиси жана баардык чыгыштардын дагы Раббиси.
  • اِنَّا زَیَّنَّا السَّمَآءَ الدُّنۡیَا بِزِیۡنَۃِ ۣالۡکَوَاکِبِ ۙ﴿۷﴾
    37 : 7 Албетте, Биз жакындагы асманды жылдыздардын жасалгасы менен кооздодук.
  • وَ حِفۡظًا مِّنۡ کُلِّ شَیۡطٰنٍ مَّارِدٍ ۚ﴿۸﴾
    37 : 8 (Бул) – ар бир куулган шайтандан коргонуу катарында.
  • لَا یَسَّمَّعُوۡنَ اِلَی الۡمَلَاِ الۡاَعۡلٰی وَ یُقۡذَفُوۡنَ مِنۡ کُلِّ جَانِبٍ ٭ۖ﴿۹﴾
    37 : 9 Алар жогоркулардын сөздөрүн уга алышпайт; аларга ар тараптан таштар жаадырылат –
  • دُحُوۡرًا وَّ لَہُمۡ عَذَابٌ وَّاصِبٌ ۙ﴿۱۰﴾
    37 : 10 Куулган бойдон. Алар үчүн жабышкак азап бар.
  • اِلَّا مَنۡ خَطِفَ الۡخَطۡفَۃَ فَاَتۡبَعَہٗ شِہَابٌ ثَاقِبٌ ﴿۱۱﴾
    37 : 11 Бир-эки сөздү жашыруун угуп алган бирөө болсо, анда бул башка кеп. Бирок анын изине дагы бир жарык шоола түшөт.
  • فَاسۡتَفۡتِہِمۡ اَہُمۡ اَشَدُّ خَلۡقًا اَمۡ مَّنۡ خَلَقۡنَا ؕ اِنَّا خَلَقۡنٰہُمۡ مِّنۡ طِیۡنٍ لَّازِبٍ ﴿۱۲﴾
    37 : 12 Демек, алардан сурачы, жаратуу жагынан алар күчтүүрөөкпү же Биз жараткандарбы? Албетте, аларды Биз бир жабышкак ылайдан жараттык.
  • بَلۡ عَجِبۡتَ وَ یَسۡخَرُوۡنَ ﴿۪۱۳﴾
    37 : 13 Чынында, сен (жаратылууга) мактоо айттыӊ, алар болсо, маскара кылышат.
  • وَ اِذَا ذُکِّرُوۡا لَا یَذۡکُرُوۡنَ ﴿۪۱۴﴾
    37 : 14 Аларга насаат кылынганда, алар ибарат алышпайт.
  • وَ اِذَا رَاَوۡا اٰیَۃً یَّسۡتَسۡخِرُوۡنَ ﴿۪۱۵﴾
    37 : 15 Ар качан алар кандайдыр бир аят-жышаанды көрүшсө, маскара кыла башташат.
  • وَ قَالُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚۖ۱۶﴾
    37 : 16 Алар айтышат: «Бул – ачыктан-ачык бир сыйкыр гана».
  • ءَ اِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَاِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ ﴿ۙ۱۷﴾
    37 : 17 Эмне, биз өлүп кетип, топурак жана сөөктөргө айланып калганыбызда дагы, албетте, биз тургузулуучуларбызбы?
  • اَوَ اٰبَآؤُنَا الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿ؕ۱۸﴾
    37 : 18 Жана илгери өтүп кеткен ата-бабаларыбыз дагыбы?»
  • قُلۡ نَعَمۡ وَ اَنۡتُمۡ دَاخِرُوۡنَ ﴿ۚ۱۹﴾
    37 : 19 Айткын: «Ооба! Кор болуп кеткениӊер бойдон».
  • فَاِنَّمَا ہِیَ زَجۡرَۃٌ وَّاحِدَۃٌ فَاِذَا ہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    37 : 20 Ошентип, албетте, бул бир сес көрсөтүү гана болот, ошондо кокустан алар караган бойдон калып калышат.
  • وَ قَالُوۡا یٰوَیۡلَنَا ہٰذَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿۲۱﴾
    37 : 21 Алар айтышат: «Эх, шорубуз курусун! Бул жаза-сыйлык күнү го!»
  • ہٰذَا یَوۡمُ الۡفَصۡلِ الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿٪۲۲﴾
    37 : 22 Бул – (ошол) силер жалганга чыгарып жүргөн калыс-сот күнү.
  • اُحۡشُرُوا الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا وَ اَزۡوَاجَہُمۡ وَ مَا کَانُوۡا یَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۲۳﴾
    37 : 23 Зулумдук кылгандарды да, алардын шериктерин да, алар ибадат кылып жүргөн нерселерин да топтогула –
  • مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَاہۡدُوۡہُمۡ اِلٰی صِرَاطِ الۡجَحِیۡمِ ﴿ٙ۲۴﴾
    37 : 24 Алланы коюп, (алар ибадат кылган нерселерин). Анан аларды тозоктун жолуна баштап койгула.
  • وَ قِفُوۡہُمۡ اِنَّہُمۡ مَّسۡئُوۡلُوۡنَ ﴿ۙ۲۵﴾
    37 : 25 Аларды аз гана токтотуп тургула. Албетте, алар суракка тартылуучулар.
  • مَا لَکُمۡ لَا تَنَاصَرُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    37 : 26 (Мына эми) силерге эмне болду, (бүгүн) бири-бириӊерге жардам бербейсиӊер?
  • بَلۡ ہُمُ الۡیَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    37 : 27 Жок, алар бүгүн (ар бир күнөөнү) мойнуна алуучулар.
  • وَ اَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    37 : 28 Алардын айрымдары-айрымдарына суроо берген бойдон кайрылышат.
  • قَالُوۡۤا اِنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَاۡتُوۡنَنَا عَنِ الۡیَمِیۡنِ ﴿۲۹﴾
    37 : 29 Алар айтышат: «Албетте, силер оӊ жактан (дин тарабынан бизди жолдон чыгаруу максатында) алдыбызга келээр элеӊер».
  • قَالُوۡا بَلۡ لَّمۡ تَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۳۰﴾
    37 : 30 Алар жооп беришет: «Өзүӊөр дагы такыр ыйман келтирүүчүлөр эмес элеӊер го!
  • وَ مَا کَانَ لَنَا عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ سُلۡطٰنٍ ۚ بَلۡ کُنۡتُمۡ قَوۡمًا طٰغِیۡنَ ﴿۳۱﴾
    37 : 31 Жана биз силердин үстүӊөрдөн эч бир күчтүү далилге ээ эмес элек. Жок, өзүӊөр гана чектен чыгуучулар элеӊер.
  • فَحَقَّ عَلَیۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَاۤ ٭ۖ اِنَّا لَذَآئِقُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    37 : 32 Ошентип, Раббибиздин сөзү бизге акыйкат болуп чыкты. Биз албетте, (азаптын даамын) татып көрүүчүбүз.
  • فَاَغۡوَیۡنٰکُمۡ اِنَّا کُنَّا غٰوِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    37 : 33 Ошентип, биз силерди жолдон чыгардык. Албетте, биз өзүбүз дагы адашкан элек».
  • فَاِنَّہُمۡ یَوۡمَئِذٍ فِی الۡعَذَابِ مُشۡتَرِکُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    37 : 34 Ошентип, албетте, ошол күнү (алардын) баардыгы азапта теӊ шерик болушат.
  • اِنَّا کَذٰلِکَ نَفۡعَلُ بِالۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۵﴾
    37 : 35 Албетте, күнөөкөрлөргө Биз мына ушундай мамиле кылабыз.
  • اِنَّہُمۡ کَانُوۡۤا اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا اللّٰہُ ۙ یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿ۙ۳۶﴾
    37 : 36 Албетте, аларга: «Алладан башка кудай жок», - деп айтылганда, алар текеберлик кылышчу.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ اَئِنَّا لَتَارِکُوۡۤا اٰلِہَتِنَا لِشَاعِرٍ مَّجۡنُوۡنٍ ﴿ؕ۳۷﴾
    37 : 37 Алар мындай дешчү: «Биз бир жинди ырчы үчүн өз кудайларыбыздан баш тартабызбы?»
  • بَلۡ جَآءَ بِالۡحَقِّ وَ صَدَّقَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    37 : 38 Чынында, ал акыйкатты келтирген болчу жана баардык пайгамбарларды тастыктаар эле.
  • اِنَّکُمۡ لَذَآئِقُوا الۡعَذَابِ الۡاَلِیۡمِ ﴿ۚ۳۹﴾
    37 : 39 Албетте, силер оор азапты сөзсүз татып көрүүчүлөрсүӊөр.
  • وَ مَا تُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
    37 : 40 Жана силер тек өзүӊөр кылган амалдарыӊарга жараша «сыйлануудасыӊар».
  • اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    37 : 41 Алланын өзгөчө пенделеринин мамилеси башкача.
  • اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ رِزۡقٌ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿ۙ۴۲﴾
    37 : 42 Мына ошолор үчүн белгилүү ырыскы бар;
  • فَوَاکِہُ ۚ وَ ہُمۡ مُّکۡرَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۳﴾
    37 : 43 Ар түрдүү мөмөлөр; аларга чоӊ урмат-сый көрсөтүлгөн абалда.
  • فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿ۙ۴۴﴾
    37 : 44 Нээмат-берекелүү бактарда;
  • عَلٰی سُرُرٍ مُّتَقٰبِلِیۡنَ ﴿۴۵﴾
    37 : 45 Тактарда бетме-бет отурушат;
  • یُطَافُ عَلَیۡہِمۡ بِکَاۡسٍ مِّنۡ مَّعِیۡنٍۭ ﴿ۙ۴۶﴾
    37 : 46 Булактардын агып турган суусунан толтурулган кеселер алардын ортосунда айландырылат;
  • بَیۡضَآءَ لَذَّۃٍ لِّلشّٰرِبِیۡنَ ﴿ۚۖ۴۷﴾
    37 : 47 Абдан тунук, ичүүчүлөргө өтө ширин;
  • لَا فِیۡہَا غَوۡلٌ وَّ لَا ہُمۡ عَنۡہَا یُنۡزَفُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    37 : 48 Ал (ичимдик)терде кандайдыр бир мас кылуучу нерсе болбойт жана алардын таасиринен акыл-эстен ажырашпайт;
  • وَ عِنۡدَہُمۡ قٰصِرٰتُ الطَّرۡفِ عِیۡنٌ ﴿ۙ۴۹﴾
    37 : 49 Жана алардын алдында тартынчаак бакыракай көздүү (кыздар) болот;
  • کَاَنَّہُنَّ بَیۡضٌ مَّکۡنُوۡنٌ ﴿۵۰﴾
    37 : 50 Алар тим эле бекитилип коюлган жумурткадай (жалтырап турат);
  • فَاَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    37 : 51 Анан алардын айрымдары башкаларга суроо берип кайрылышат;
  • قَالَ قَآئِلٌ مِّنۡہُمۡ اِنِّیۡ کَانَ لِیۡ قَرِیۡنٌ ﴿ۙ۵۲﴾
    37 : 52 Алардын арасынан бир айтуучу: «Албетте, менин бир жолдошум бар эле», - дейт.
  • یَّقُوۡلُ اَئِنَّکَ لَمِنَ الۡمُصَدِّقِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    37 : 53 Ал мындай айтчу: «Сен (бул нерсени) тастыктоочулардансыңбы?
  • ءَ اِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَ اِنَّا لَمَدِیۡنُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    37 : 54 Тактап айтканда, биз көз жумуп, топуракка айланып, сөөк болуп калганыбызда дагы, сыйлык-жаза көрүүчүлөрбүзбү?»
  • قَالَ ہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّطَّلِعُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    37 : 55 Ал айтат: «Силер шыкаалап көрө аласыӊарбы?»
  • فَاطَّلَعَ فَرَاٰہُ فِیۡ سَوَآءِ الۡجَحِیۡمِ ﴿۵۶﴾
    37 : 56 Анан ал шыкаалап карады, ошондо аны (жолдошун) тозоктун дал ортосунда көрдү.
  • قَالَ تَاللّٰہِ اِنۡ کِدۡتَّ لَتُرۡدِیۡنِ ﴿ۙ۵۷﴾
    37 : 57 Ал айтты: «Аллага касам! Мени дагы жок кылып коёруӊа аз калган эле.
  • وَ لَوۡ لَا نِعۡمَۃُ رَبِّیۡ لَکُنۡتُ مِنَ الۡمُحۡضَرِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    37 : 58 Эгер Раббимдин нээмат-берекеси болбогондо, мен албетте, келтирилүүчүлөрдөн болуп калаар элем.
  • اَفَمَا نَحۡنُ بِمَیِّتِیۡنَ ﴿ۙ۵۹﴾
    37 : 59 Демек, биз өлүүчүлөр эмес белек?
  • اِلَّا مَوۡتَتَنَا الۡاُوۡلٰی وَ مَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۶۰﴾
    37 : 60 Биздин биринчи өлүмүбүздөн сырткары. Бизге эч азап берилбейт».
  • اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۶۱﴾
    37 : 61 Албетте, мына ушунун өзү ыйман (келтирүүчү үчүн) абдан чоӊ бир ийгилик.
  • لِمِثۡلِ ہٰذَا فَلۡیَعۡمَلِ الۡعٰمِلُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    37 : 62 Ошентип, баардык амал кылуучулар кудум ушул сыяктуу даражага (жетишүү) үчүн амал кылуулары керек.
  • اَذٰلِکَ خَیۡرٌ نُّزُلًا اَمۡ شَجَرَۃُ الزَّقُّوۡمِ ﴿۶۳﴾
    37 : 63 Меймандостук катары мына ушул жакшыраакпы же Заккум дарагыбы?
  • اِنَّا جَعَلۡنٰہَا فِتۡنَۃً لِّلظّٰلِمِیۡنَ ﴿۶۴﴾
    37 : 64 Албетте, Биз аны заалимдер үчүн сыноо кылып койдук.
  • اِنَّہَا شَجَرَۃٌ تَخۡرُجُ فِیۡۤ اَصۡلِ الۡجَحِیۡمِ ﴿ۙ۶۵﴾
    37 : 65 Албетте, ал тозоктун түбүнөн өсүп чыга турган бир дарак.
  • طَلۡعُہَا کَاَنَّہٗ رُءُوۡسُ الشَّیٰطِیۡنِ ﴿۶۶﴾
    37 : 66 Анын бутактары кудум шайтандардын баштары сыяктуу.
  • فَاِنَّہُمۡ لَاٰکِلُوۡنَ مِنۡہَا فَمَالِـُٔوۡنَ مِنۡہَا الۡبُطُوۡنَ ﴿ؕ۶۷﴾
    37 : 67 Ошентип, албетте, алар анын өзүнөн жей тургандар; анан анын өзүнөн карынын толтуруучулар.
  • ثُمَّ اِنَّ لَہُمۡ عَلَیۡہَا لَشَوۡبًا مِّنۡ حَمِیۡمٍ ﴿ۚ۶۸﴾
    37 : 68 Анан албетте, алар үчүн ал (тамак)тан кийин катуу кайнап турган суу аралашкан ичимдик болот.
  • ثُمَّ اِنَّ مَرۡجِعَہُمۡ لَا۠ اِلَی الۡجَحِیۡمِ ﴿۶۹﴾
    37 : 69 Андан кийин, албетте, алар тозок тарапка кайтып баруулары зарыл.
  • اِنَّہُمۡ اَلۡفَوۡا اٰبَآءَہُمۡ ضَآلِّیۡنَ ﴿ۙ۷۰﴾
    37 : 70 Албетте, алар ата-бабаларын адашкан бойдон тапкан эле.
  • فَہُمۡ عَلٰۤی اٰثٰرِہِمۡ یُہۡرَعُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    37 : 71 Анан ошолордун таман издеринен алар дагы жүгүртүлүүдө.
  • وَ لَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَہُمۡ اَکۡثَرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۷۲﴾
    37 : 72 Албетте, алардан мурун илгерки коомдордон дагы көпчүлүгү адашып кеткен эле.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا فِیۡہِمۡ مُّنۡذِرِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    37 : 73 Чынында, Биз аларга албетте, кулактандыруучуларды жөнөтүп бүткөн элек.
  • فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿ۙ۷۴﴾
    37 : 74 Ошентип, кулактандырылуучулардын акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿٪۷۵﴾
    37 : 75 Алланын тандалган пенделеринен башкалар.
  • وَ لَقَدۡ نَادٰٮنَا نُوۡحٌ فَلَنِعۡمَ الۡمُجِیۡبُوۡنَ ﴿۫ۖ۷۶﴾
    37 : 76 Албетте, Нух Бизге кайрылды. Ошентип, (карагыла), Биз кандай сонун жооп берүүчүбүз!
  • وَ نَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗ مِنَ الۡکَرۡبِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۫ۖ۷۷﴾
    37 : 77 Биз аны жана анын үй-бүлөсүн бир чоӊ сар-санаадан куткардык.
  • وَ جَعَلۡنَا ذُرِّیَّتَہٗ ہُمُ الۡبٰقِیۡنَ ﴿۫ۖ۷۸﴾
    37 : 78 Жана Биз анын тукумун түбөлүккө калуучу кылып койдук.
  • وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۫ۖ۷۹﴾
    37 : 79 Жана Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • سَلٰمٌ عَلٰی نُوۡحٍ فِی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۰﴾
    37 : 80 Баардык ааламдарда Нухка салам болсун!
  • اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    37 : 81 Албетте, изги иш кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    37 : 82 Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден болчу.
  • ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۸۳﴾
    37 : 83 Анан Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.
  • وَ اِنَّ مِنۡ شِیۡعَتِہٖ لَاِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۘ۸۴﴾
    37 : 84 Албетте, Ибраахийм дагы анын тайпасынан болчу.
  • اِذۡ جَآءَ رَبَّہٗ بِقَلۡبٍ سَلِیۡمٍ ﴿۸۵﴾
    37 : 85 Качан ал өз Раббисинин алдына таза жүрөк менен келген(ин эсте).
  • اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖ مَاذَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۚ۸۶﴾
    37 : 86 (Анан) ал өз атасына жана анын коомуна: «Силер ибадат кылып жаткан нерсеӊер эмне өзү?» - деген(ин дагы эсте).
  • اَئِفۡکًا اٰلِہَۃً دُوۡنَ اللّٰہِ تُرِیۡدُوۡنَ ﴿ؕ۸۷﴾
    37 : 87 «Силер Алладан башка бүтүндөй жалган кудайларды каалайсыӊарбы?
  • فَمَا ظَنُّکُمۡ بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    37 : 88 Ошентип, бүтүн ааламдардын Раббисин эмне деп ойлодуӊар?»
  • فَنَظَرَ نَظۡرَۃً فِی النُّجُوۡمِ ﴿ۙ۸۹﴾
    37 : 89 Анан ал жылдыздарга бир назар таштады.
  • فَقَالَ اِنِّیۡ سَقِیۡمٌ ﴿۹۰﴾
    37 : 90 Ошондо айтты: «Албетте, мен безип кеткенмин».
  • فَتَوَلَّوۡا عَنۡہُ مُدۡبِرِیۡنَ ﴿۹۱﴾
    37 : 91 Ошондо алар андан жүз буруп, жөнөп кетишти.
  • فَرَاغَ اِلٰۤی اٰلِہَتِہِمۡ فَقَالَ اَلَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿ۚ۹۲﴾
    37 : 92 Анан ал көздөргө көрүнбөстөн алардын кудайларына жүздөндү. Ошондо, ал сурады: «Силер жебейсиӊерби?
  • مَا لَکُمۡ لَا تَنۡطِقُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    37 : 93 Силерге эмне болгон, сүйлөбөйсүӊөр?»
  • فَرَاغَ عَلَیۡہِمۡ ضَرۡبًۢا بِالۡیَمِیۡنِ ﴿۹۴﴾
    37 : 94 Анан оӊ кол менен бир катуу уруп, аларга каршы жашыруун иш жасады.
  • فَاَقۡبَلُوۡۤا اِلَیۡہِ یَزِفُّوۡنَ ﴿۹۵﴾
    37 : 95 Анан алар (адамдар) анын жанына жүгүрүп келишти.
  • قَالَ اَتَعۡبُدُوۡنَ مَا تَنۡحِتُوۡنَ ﴿ۙ۹۶﴾
    37 : 96 Ал (аларга) айтты: «(Өзүӊөр) жонуп даярдаган нерселериӊерге ибадат кыласыӊарбы?
  • وَ اللّٰہُ خَلَقَکُمۡ وَ مَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    37 : 97 Чынында, Алла силерди дагы, силер жасап жаткан нерселериӊерди дагы жараткан».
  • قَالُوا ابۡنُوۡا لَہٗ بُنۡیَانًا فَاَلۡقُوۡہُ فِی الۡجَحِیۡمِ ﴿۹۸﴾
    37 : 98 Алар айтышты: «Ал үчүн бир төрт дубал кургула, анан аны жалындап турган отко таштагыла!»
  • فَاَرَادُوۡا بِہٖ کَیۡدًا فَجَعَلۡنٰہُمُ الۡاَسۡفَلِیۡنَ ﴿۹۹﴾
    37 : 99 Ошентип, алар ага каршы бир (ырайымсыз) чараны көрүштү, ошондо Биз аларды өтө кор кылып койдук.
  • وَ قَالَ اِنِّیۡ ذَاہِبٌ اِلٰی رَبِّیۡ سَیَہۡدِیۡنِ ﴿۱۰۰﴾
    37 : 100 Ал айтты: «Албетте, мен өз Раббим тарапка баруучумун, Ал албетте, мени хидаят кылат».
  • رَبِّ ہَبۡ لِیۡ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    37 : 101 «Эй, Раббим! Мага саалих-жакшылардан (мураскер) тартуулагын!»
  • فَبَشَّرۡنٰہُ بِغُلٰمٍ حَلِیۡمٍ ﴿۱۰۲﴾
    37 : 102 Ошондо Биз ага бир көӊүлү жумшак уулдун куш кабарын бердик.
  • فَلَمَّا بَلَغَ مَعَہُ السَّعۡیَ قَالَ یٰبُنَیَّ اِنِّیۡۤ اَرٰی فِی الۡمَنَامِ اَنِّیۡۤ اَذۡبَحُکَ فَانۡظُرۡ مَاذَا تَرٰی ؕ قَالَ یٰۤاَبَتِ افۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُ ۫ سَتَجِدُنِیۡۤ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ مِنَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    37 : 103 Анан ал (бала) аны менен чуркап-жүгүрүү жашына жеткенде, (Ибраахийм) айтты: «Эй, сүйүктүү уулум! Албетте, мен уктаганда сени союп жатканымды көп көрөмүн. Ошондуктан, ойлоп көр, сенин оюӊ эмне?» Ал жооп берди: «Эй, атам! Сен өзүӊө буюрула турган нерсени кылгын. Кудай кааласа, мени сабыр кылуучулардан табаарсыӊ».
  • فَلَمَّاۤ اَسۡلَمَا وَ تَلَّہٗ لِلۡجَبِیۡنِ ﴿۱۰۴﴾ۚ
    37 : 104 Ошентип, качан ал экөөсү теӊ өз ара ыраазы болушканда, аны пешенеси менен жаткырып койду.
  • وَ نَادَیۡنٰہُ اَنۡ یّٰۤاِبۡرٰہِیۡمُ ﴿۱۰۵﴾ۙ
    37 : 105 Ошондо Биз ага кайрылдык: «Эй, Ибраахийм!
  • قَدۡ صَدَّقۡتَ الرُّءۡیَا ۚ اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    37 : 106 Албетте, сен түшүӊдү ишке ашырдыӊ. Албетте, изги иштер кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз».
  • اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡبَلٰٓـؤُا الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۰۷﴾
    37 : 107 Албетте, бул ачыктан-ачык бир сыноо эле.
  • وَ فَدَیۡنٰہُ بِذِبۡحٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۰۸﴾
    37 : 108 Биз бир улуу курмандыктын ордуна аны сактадык.
  • وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾ۖ
    37 : 109 Жана Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • سَلٰمٌ عَلٰۤی اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿۱۱۰﴾
    37 : 110 Ибраахиймге салам болсун!
  • کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    37 : 111 Жакшылык кыла тургандарды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    37 : 112 Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден эле.
  • وَ بَشَّرۡنٰہُ بِاِسۡحٰقَ نَبِیًّا مِّنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    37 : 113 Биз ага пайгамбар катары Исхаактын куш кабарын бердик, ал саалих-жакшылардан эле.
  • وَ بٰرَکۡنَا عَلَیۡہِ وَ عَلٰۤی اِسۡحٰقَ ؕ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِہِمَا مُحۡسِنٌ وَّ ظَالِمٌ لِّنَفۡسِہٖ مُبِیۡنٌ ﴿۱۱۴﴾٪
    37 : 114 Биз ал жана Исхаактын үстүнө береке жөнөттүк. Ал экөөсүнүн тукумунда изги иш кылуучулар да, өздөрүнө ачыктан-ачык зулумдук кылуучулар да бар болчу.
  • وَ لَقَدۡ مَنَنَّا عَلٰی مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۱۱۵﴾ۚ
    37 : 115 Албетте, Биз Муса жана Хаарунга дагы мээрбандык кылган элек.
  • وَ نَجَّیۡنٰہُمَا وَ قَوۡمَہُمَا مِنَ الۡکَرۡبِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۱۱۶﴾ۚ
    37 : 116 Биз ал экөөсүн жана алардын коомун абдан чоӊ кайгыдан куткарган элек.
  • وَ نَصَرۡنٰہُمۡ فَکَانُوۡا ہُمُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۱۱۷﴾ۚ
    37 : 117 Жана Биз аларга жардам көрсөттүк. Анан, ошолор гана жеӊүүчүлөр болушту.
  • وَ اٰتَیۡنٰہُمَا الۡکِتٰبَ الۡمُسۡتَبِیۡنَ ﴿۱۱۸﴾ۚ
    37 : 118 Биз ал экөөсүнө бир нур берүүчү Китеп тартууладык.
  • وَ ہَدَیۡنٰہُمَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَ ﴿۱۱۹﴾ۚ
    37 : 119 Жана Биз ал экөөсүн туура жолго багыт берген элек.
  • وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِمَا فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾ۙ
    37 : 120 Жана Биз ал экөөсү тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • سَلٰمٌ عَلٰی مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۱۲۱﴾
    37 : 121 Муса жана Хаарунга тынчтык болсун!
  • اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۲۲﴾
    37 : 122 Албетте, изги иштер кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • اِنَّہُمَا مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    37 : 123 Албетте, алардын экөөсү теӊ Биздин момун пенделерибизден эле.
  • وَ اِنَّ اِلۡیَاسَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۲۴﴾ؕ
    37 : 124 Иляс дагы албетте, пайгамбарлардан эле.
  • اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖۤ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    37 : 125 (Эстегиле), качан ал өз коомуна айткан: «Силер такыба болбойсуӊарбы?
  • اَتَدۡعُوۡنَ بَعۡلًا وَّ تَذَرُوۡنَ اَحۡسَنَ الۡخَالِقِیۡنَ ﴿۱۲۶﴾ۙ
    37 : 126 Силер Баълга кайрыласыӊар да, жаратуучулардын эӊ жакшысын четке кагасыӊарбы?
  • اللّٰہَ رَبَّکُمۡ وَ رَبَّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۲۷﴾
    37 : 127 Өзүӊөрдүн жана силердин мурунку ата-бабаларыӊардын Раббиси болгон Алланы (четке кагасыӊарбы?)»
  • فَکَذَّبُوۡہُ فَاِنَّہُمۡ لَمُحۡضَرُوۡنَ ﴿۱۲۸﴾ۙ
    37 : 128 Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Албетте, алар келтирилүүчүлөр –
  • اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۲۹﴾
    37 : 129 Алланын тандалган пенделеринен башкалар.
  • وَ تَرَکۡنَا عَلَیۡہِ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۳۰﴾ۙ
    37 : 130 Биз ал тууралуу кийинки (муун)дарга жакшы эскеруу калтырдык.
  • سَلٰمٌ عَلٰۤی اِلۡ یَاسِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾
    37 : 131 Илясийнге тынчтык болсун!
  • اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۳۲﴾
    37 : 132 Албетте, изги иштер кыла тургандарды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۳۳﴾
    37 : 133 Албетте, ал Биздин момун пенделерибизден эле.
  • وَ اِنَّ لُوۡطًا لَّمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ؕ
    37 : 134 Лут дагы албетте, пайгамбарлардан эле.
  • اِذۡ نَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۳۵﴾ۙ
    37 : 135 Качан Биз аны жана үй-бүлөсүнүн баарын куткарганыбызда –
  • اِلَّا عَجُوۡزًا فِی الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    37 : 136 Аркада калып калгандарга (кошулуп кеткен) бир кемпирден башкаларын.
  • ثُمَّ دَمَّرۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾
    37 : 137 Анан Биз башкаларды жок кылып койдук.
  • وَ اِنَّکُمۡ لَتَمُرُّوۡنَ عَلَیۡہِمۡ مُّصۡبِحِیۡنَ ﴿۱۳۸﴾
    37 : 138 Албетте, силер таӊ маалында алар(дын көмүлгөн жайы)нан өтөсүӊөр.
  • وَ بِالَّیۡلِ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۳۹﴾٪
    37 : 139 Кечкурун дагы. Демек, силер ой жүгүртпөйсүӊөрбү?
  • وَ اِنَّ یُوۡنُسَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۴۰﴾ؕ
    37 : 140 Албетте, Юнус (дагы) пайгамбарлардан эле.
  • اِذۡ اَبَقَ اِلَی الۡفُلۡکِ الۡمَشۡحُوۡنِ ﴿۱۴۱﴾ۙ
    37 : 141 Ал толо кемеге карай качканда,
  • فَسَاہَمَ فَکَانَ مِنَ الۡمُدۡحَضِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾ۚ
    37 : 142 Анан ал чүчү кулак кармады, ошондо ал ыргытылуучулардан болуп калды.
  • فَالۡتَقَمَہُ الۡحُوۡتُ وَ ہُوَ مُلِیۡمٌ ﴿۱۴۳﴾
    37 : 143 Ошентип, балык аны жутуп алды. Ошондо, ал (өзүн) жемелээр эле.
  • فَلَوۡ لَاۤ اَنَّہٗ کَانَ مِنَ الۡمُسَبِّحِیۡنَ ﴿۱۴۴﴾ۙ
    37 : 144 Анан, эгер ал тасбийх айтуучулардан болбогондо,
  • لَلَبِثَ فِیۡ بَطۡنِہٖۤ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۱۴۵﴾ۚؒ
    37 : 145 Анда, албетте, алар (адамдар) тургузула турган күнгө чейин анын карынында калып калмак.
  • فَنَبَذۡنٰہُ بِالۡعَرَآءِ وَ ہُوَ سَقِیۡمٌ ﴿۱۴۶﴾ۚ
    37 : 146 Ошентип, Биз аны бир ачык майданга ыргытып жибердик. Ошондо ал катуу кесел болчу.
  • وَ اَنۡۢبَتۡنَا عَلَیۡہِ شَجَرَۃً مِّنۡ یَّقۡطِیۡنٍ ﴿۱۴۷﴾ۚ
    37 : 147 Биз аны тосуу максатында бир ашкабактын сабагын өстүрүп койдук.
  • وَ اَرۡسَلۡنٰہُ اِلٰی مِائَۃِ اَلۡفٍ اَوۡ یَزِیۡدُوۡنَ ﴿۱۴۸﴾ۚ
    37 : 148 Биз аны жүз миӊ тарапка жөнөттүк, жок, алар (сан жагынан) көбөйүп жатышкан эле.
  • فَاٰمَنُوۡا فَمَتَّعۡنٰہُمۡ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۱۴۹﴾ؕ
    37 : 149 Анан алар ыйман келтиришти. Биз аларга бир мөөнөткө чейин бир аз пайда келтирдик.
  • فَاسۡتَفۡتِہِمۡ اَلِرَبِّکَ الۡبَنَاتُ وَ لَہُمُ الۡبَنُوۡنَ ﴿۱۵۰﴾ۙ
    37 : 150 Демек, алардан сурачы, Раббиӊ үчүн кыздар болсо, алар үчүн уулдар барбы?
  • اَمۡ خَلَقۡنَا الۡمَلٰٓئِکَۃَ اِنَاثًا وَّ ہُمۡ شٰہِدُوۡنَ ﴿۱۵۱﴾
    37 : 151 Же Биз периштелерди аял кылып койгонбузбу, алар болсо буга күбө болушканбы?
  • اَلَاۤ اِنَّہُمۡ مِّنۡ اِفۡکِہِمۡ لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿۱۵۲﴾ۙ
    37 : 152 Кулак салгыла! Алар албетте, өз тарабынан жалганды ойлоп чыгарган бойдон (мындай) айтышат:
  • وَلَدَ اللّٰہُ ۙ وَ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۵۳﴾
    37 : 153 «Алла уул көрдү». Шексиз, алар албетте, жалганчылар.
  • اَصۡطَفَی الۡبَنَاتِ عَلَی الۡبَنِیۡنَ ﴿۱۵۴﴾ؕ
    37 : 154 Ал уулдардан көрө кыздарды жакшы көргөнбү?
  • مَا لَکُمۡ ۟ کَیۡفَ تَحۡکُمُوۡنَ ﴿۱۵۵﴾
    37 : 155 Силерге эмне болгон өзү, кандай өкүм чыгарасыӊар?!
  • اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۱۵۶﴾ۚ
    37 : 156 Демек, силер ибарат-насаат албайсыӊарбы?
  • اَمۡ لَکُمۡ سُلۡطٰنٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۵۷﴾ۙ
    37 : 157 Же силерде кандайдыр бир жеӊүүчү (жана) ачык-айкын далил барбы?
  • فَاۡتُوۡا بِکِتٰبِکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۵۸﴾
    37 : 158 Ошентип, чынчыл болсоӊор, китебиӊерди келтиргилечи?
  • وَ جَعَلُوۡا بَیۡنَہٗ وَ بَیۡنَ الۡجِنَّۃِ نَسَبًا ؕ وَ لَقَدۡ عَلِمَتِ الۡجِنَّۃُ اِنَّہُمۡ لَمُحۡضَرُوۡنَ ﴿۱۵۹﴾ۙ
    37 : 159 Алар Ал (Алла) менен жиндердин ортосунда кандайдыр бир тууганчылыкты жаратышты. Чынында, жиндер албетте: «Биз дагы сөзсүз алып келинүүчүлөрбүз», - деп билишет.
  • سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۱۶۰﴾ۙ
    37 : 160 Алла алар баян кылып жаткан баардык нерселерден таза.
  • اِلَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۶۱﴾
    37 : 161 Алланын тандалган пенделери (мындай кептерден) оолак.
  • فَاِنَّکُمۡ وَ مَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۱۶۲﴾ۙ
    37 : 162 Ошентип, албетте, силер жана силер ибадат кылып жаткан нерселериӊер –
  • مَاۤ اَنۡتُمۡ عَلَیۡہِ بِفٰتِنِیۡنَ ﴿۱۶۳﴾ۙ
    37 : 163 Ага каршы (эч кимди) азгыра албайсыӊар.
  • اِلَّا مَنۡ ہُوَ صَالِ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۶۴﴾
    37 : 164 Тозокко кирүүчү бирөөнөн башкасын.
  • وَ مَا مِنَّاۤ اِلَّا لَہٗ مَقَامٌ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿۱۶۵﴾ۙ
    37 : 165 (Периштелер айтышат): «Арабыздагы ар бирибиз үчүн бир маалым даража бар.
  • وَّ اِنَّا لَنَحۡنُ الصَّآفُّوۡنَ ﴿۱۶۶﴾ۚ
    37 : 166 Биз албетте, сапма-сап турганбыз.
  • وَ اِنَّا لَنَحۡنُ الۡمُسَبِّحُوۡنَ ﴿۱۶۷﴾
    37 : 167 Албетте, биз тасбийх айтуудабыз».
  • وَ اِنۡ کَانُوۡا لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿۱۶۸﴾ۙ
    37 : 168 Алар (каапырлар) айтышчу:
  • لَوۡ اَنَّ عِنۡدَنَا ذِکۡرًا مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۶۹﴾ۙ
    37 : 169 «Эгер бизге мурункулардын кандайдыр бир эскерилүүсү келгенде,
  • لَکُنَّا عِبَادَ اللّٰہِ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۱۷۰﴾
    37 : 170 Анда, албетте, биз Алланын тандалган пенделери болоор элек».
  • فَکَفَرُوۡا بِہٖ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۷۱﴾
    37 : 171 Демек, алар Аны (Алланы) четке кагып коюшту. (Эми), алар албетте, (мунун натыйжасын) билип алышат.
  • وَ لَقَدۡ سَبَقَتۡ کَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۷۲﴾ۚۖ
    37 : 172 Албетте, Биздин жиберилген пенделерибиз тууралуу Биздин (ушул) буйругубуз өтүп кеткен:
  • اِنَّہُمۡ لَہُمُ الۡمَنۡصُوۡرُوۡنَ ﴿۱۷۳﴾۪
    37 : 173 «Албетте, жардам бериле тургандар – ошолор».
  • وَ اِنَّ جُنۡدَنَا لَہُمُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۱۷۴﴾
    37 : 174 Албетте, Биздин кошуунубуз гана сөзсүз жеӊүүчү.
  • فَتَوَلَّ عَنۡہُمۡ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۱۷۵﴾ۙ
    37 : 175 Ошентип, бир аз мөөнөткө алардан жүзүңдү буруп ал!
  • وَّ اَبۡصِرۡہُمۡ فَسَوۡفَ یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۷۶﴾
    37 : 176 Жана аларды күзөтүп тур! Ошентип, алар дагы тез арада көрүп алышат.
  • اَفَبِعَذَابِنَا یَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۱۷۷﴾
    37 : 177 Алар Биздин азабыбызды талап кылууда шашылуудабы?
  • فَاِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِہِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿۱۷۸﴾
    37 : 178 Анан ал алардын короосуна түшкөндө, кулактандырыла тургандардын таӊы абдан жаман болот.
  • وَ تَوَلَّ عَنۡہُمۡ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۱۷۹﴾ۙ
    37 : 179 Жана бир аз мөөнөткө алардан жүзүңдү буруп ал!
  • وَّ اَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۸۰﴾
    37 : 180 Жана карап тур! Ошентип, алар дагы албетте, көрүп алышат.
  • سُبۡحٰنَ رَبِّکَ رَبِّ الۡعِزَّۃِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۱۸۱﴾ۚ
    37 : 181 Урмат-сый Кожосу болгон Раббиӊ алар баян кылып жаткан баардык нерселерден таза!
  • وَ سَلٰمٌ عَلَی الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۸۲﴾ۚ
    37 : 182 Жана баардык пайгамбарларга тынчтык болсун!
  • وَ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۸۳﴾٪
    37 : 183 Жана баардык мактоо бүтүн ааламдардын Раабиси болгон Аллага гана таандык.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via