Курани карим Марям • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

مَریَم

Марям

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    19 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • کٓہٰیٰعٓصٓ ۟﴿ۚ۲﴾
    19 : 2 Анта каафин ва хаадин йаа аалиму, йаа саадику: Сен жетиштүүсүӊ жана хидаят берүүчүсүӊ, эй, билүүчү! Эй, чынчыл!
  • ذِکۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّکَ عَبۡدَہٗ زَکَرِیَّا ۖ﴿ۚ۳﴾
    19 : 3 Бул – Өзүнүн пендеси Закарияга болгон Раббиӊдин рахматынын зикири.
  • اِذۡ نَادٰی رَبَّہٗ نِدَآءً خَفِیًّا ﴿۴﴾
    19 : 4 Качан ал өзүнүн Раббисине басыӊкы үн менен жалбарды.
  • قَالَ رَبِّ اِنِّیۡ وَہَنَ الۡعَظۡمُ مِنِّیۡ وَ اشۡتَعَلَ الرَّاۡسُ شَیۡبًا وَّ لَمۡ اَکُنۡۢ بِدُعَآئِکَ رَبِّ شَقِیًّا ﴿۵﴾
    19 : 5 Ал айтты: «Эй, Раббим! Албетте, сөөктөрүм алсырап калды жана карылыктан чачым агарды, ошого карабастан, эй, Раббим! Мен Сага дуба кылып туруп, эч качан бактысыз болгон эмесмин.
  • وَ اِنِّیۡ خِفۡتُ الۡمَوَالِیَ مِنۡ وَّرَآءِیۡ وَ کَانَتِ امۡرَاَتِیۡ عَاقِرًا فَہَبۡ لِیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ وَلِیًّا ۙ﴿۶﴾
    19 : 6 Мен албетте, артымда (кала турган) туугандарымдан кооптономун, ал эми аялым дагы уруксуз; ошондуктан, Өзүӊдүн алдыӊан мага бир мураскер тартуулагын.
  • یَّرِثُنِیۡ وَ یَرِثُ مِنۡ اٰلِ یَعۡقُوۡبَ ٭ۖ وَ اجۡعَلۡہُ رَبِّ رَضِیًّا ﴿۷﴾
    19 : 7 Ал менин дагы мураскорум болсун, Яъкуубдун тукумунун дагы мураскору болсун. Эй, Раббим! Аны абдан сүйүктүү кылгын».
  • یٰزَکَرِیَّاۤ اِنَّا نُبَشِّرُکَ بِغُلٰمِ ۣاسۡمُہٗ یَحۡیٰی ۙ لَمۡ نَجۡعَلۡ لَّہٗ مِنۡ قَبۡلُ سَمِیًّا ﴿۸﴾
    19 : 8 «Эй, Закария! Албетте, Биз сага бир улуу перзент куш кабарын беребиз, анын аты Яхйа болот. Илгери Биз анын кандайдыр бир аты окшошун жаратпаганбыз».
  • قَالَ رَبِّ اَنّٰی یَکُوۡنُ لِیۡ غُلٰمٌ وَّ کَانَتِ امۡرَاَتِیۡ عَاقِرًا وَّ قَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ الۡکِبَرِ عِتِیًّا ﴿۹﴾
    19 : 9 Ал айтты: «Эй, Раббим! Аялым уруксуз болсо жана мен карылыктын эӊ чегине жетип калган болсом, кандайча менден перзент болсун?»
  • قَالَ کَذٰلِکَ ۚ قَالَ رَبُّکَ ہُوَ عَلَیَّ ہَیِّنٌ وَّ قَدۡ خَلَقۡتُکَ مِنۡ قَبۡلُ وَ لَمۡ تَکُ شَیۡئًا ﴿۱۰﴾
    19 : 10 Ал айтты: «Ушундай. Раббиӊ айтты: «Бул Мен үчүн абдан жеӊил жана албетте, Мен сени дагы, илгери сен эч нерсе болбогонуӊда жаратканмын го!»
  • قَالَ رَبِّ اجۡعَلۡ لِّیۡۤ اٰیَۃً ؕ قَالَ اٰیَتُکَ اَلَّا تُکَلِّمَ النَّاسَ ثَلٰثَ لَیَالٍ سَوِیًّا ﴿۱۱﴾
    19 : 11 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мен үчүн кандайдыр бир белги-жышаанды белгилегин». Ал (Алла) айтты: «Тынымсыз үч түнгө чейин адамдарга сүйлөбөшүӊ сенин белги-жышааныӊ».
  • فَخَرَجَ عَلٰی قَوۡمِہٖ مِنَ الۡمِحۡرَابِ فَاَوۡحٰۤی اِلَیۡہِمۡ اَنۡ سَبِّحُوۡا بُکۡرَۃً وَّ عَشِیًّا ﴿۱۲﴾
    19 : 12 Анан ал өз коомуна «Михраабдан» пайда болду жана аларга: «Таӊкысын дагы, кечкисин дагы тасбийх айткыла!» - деп ишаарат кылды.
  • یٰیَحۡیٰی خُذِ الۡکِتٰبَ بِقُوَّۃٍ ؕ وَ اٰتَیۡنٰہُ الۡحُکۡمَ صَبِیًّا ﴿ۙ۱۳﴾
    19 : 13 Эй, Яхйа! Китепти бекем тут! Биз ага балалыгында акылмандык тартуулаган элек.
  • وَّ حَنَانًا مِّنۡ لَّدُنَّا وَ زَکٰوۃً ؕ وَ کَانَ تَقِیًّا ﴿ۙ۱۴﴾
    19 : 14 Ошондой эле Өзүбүздөн жумшак көӊүлдүк жана тазалык тартуулаган элек. Ал такыба болчу.
  • وَّ بَرًّۢا بِوَالِدَیۡہِ وَ لَمۡ یَکُنۡ جَبَّارًا عَصِیًّا ﴿۱۵﴾
    19 : 15 Жана ата-энеси менен жакшы мамиле кылуучу болчу; ошондой эле заалым (жана) кулак салбоочу болгон эмес.
  • وَ سَلٰمٌ عَلَیۡہِ یَوۡمَ وُلِدَ وَ یَوۡمَ یَمُوۡتُ وَ یَوۡمَ یُبۡعَثُ حَیًّا ﴿٪۱۶﴾
    19 : 16 Ал туулган күндө (дагы), ал каза боло турган күндө (дагы), кайра тирилтирилип тургузула турган күндө дагы ага тынчтык-аманчылык болот!
  • وَ اذۡکُرۡ فِی الۡکِتٰبِ مَرۡیَمَ ۘ اِذِ انۡتَبَذَتۡ مِنۡ اَہۡلِہَا مَکَانًا شَرۡقِیًّا ﴿ۙ۱۷﴾
    19 : 17 Ушул Китепте Марямды эсте, качан ал үй-бүлө мүчөлөрүнөн четтеп, чыгыш тараптагы бир жайга кетти.
  • فَاتَّخَذَتۡ مِنۡ دُوۡنِہِمۡ حِجَابًا ۪۟ فَاَرۡسَلۡنَاۤ اِلَیۡہَا رُوۡحَنَا فَتَمَثَّلَ لَہَا بَشَرًا سَوِیًّا ﴿۱۸﴾
    19 : 18 Ошентип, ал өзү менен алардын ортосунда бир парданы тартып койду; ошондо Биз ага Өз периштебизди жөнөттүк жана ал (периште) ал үчүн бир ылайыктуу инсан кейпине кирди.
  • قَالَتۡ اِنِّیۡۤ اَعُوۡذُ بِالرَّحۡمٰنِ مِنۡکَ اِنۡ کُنۡتَ تَقِیًّا ﴿۱۹﴾
    19 : 19 Ал айтты: «Эгер такыба болсоӊ, Мен сенден Рахмаандын паанасына келемин».
  • قَالَ اِنَّمَاۤ اَنَا رَسُوۡلُ رَبِّکِ ٭ۖ لِاَہَبَ لَکِ غُلٰمًا زَکِیًّا ﴿۲۰﴾
    19 : 20 Ал айтты: «Мен сага бир таза уул тартуулоо үчүн Раббиӊдин бир элчисимин».
  • قَالَتۡ اَنّٰی یَکُوۡنُ لِیۡ غُلٰمٌ وَّ لَمۡ یَمۡسَسۡنِیۡ بَشَرٌ وَّ لَمۡ اَکُ بَغِیًّا ﴿۲۱﴾
    19 : 21 Ал айтты: «Мага кандайдыр бир эркек кол тийгизбеген болсо жана бузулган дагы болбосом, менде кантип уул болсун?»
  • قَالَ کَذٰلِکِ ۚ قَالَ رَبُّکِ ہُوَ عَلَیَّ ہَیِّنٌ ۚ وَ لِنَجۡعَلَہٗۤ اٰیَۃً لِّلنَّاسِ وَ رَحۡمَۃً مِّنَّا ۚ وَ کَانَ اَمۡرًا مَّقۡضِیًّا ﴿۲۲﴾
    19 : 22 Ал айтты: «Ушундай! Раббиӊ: «Бул иш Мен үчүн жеӊил. Аны адамдар үчүн аят-белги кылуубуз үчүн жана Өзүбүздөн рахмат кылуубуз үчүн аны (пайда кылабыз)», - деди. Бул – чечилген маселе».
  • فَحَمَلَتۡہُ فَانۡتَبَذَتۡ بِہٖ مَکَانًا قَصِیًّا ﴿۲۳﴾
    19 : 23 Ошентип, ал боюнда болуп калды жана аны менен узак бир жайга четтеп кетти.
  • فَاَجَآءَہَا الۡمَخَاضُ اِلٰی جِذۡعِ النَّخۡلَۃِ ۚ قَالَتۡ یٰلَیۡتَنِیۡ مِتُّ قَبۡلَ ہٰذَا وَ کُنۡتُ نَسۡیًا مَّنۡسِیًّا ﴿۲۴﴾
    19 : 24 Анан талгак дарты аны бир курма дарагын көздөй алып барды. Ал айтты: «Атаганат, мен мындан мурунураак өлүп кетсем жана такыр унутулган болсом, кана!»
  • فَنَادٰٮہَا مِنۡ تَحۡتِہَاۤ اَلَّا تَحۡزَنِیۡ قَدۡ جَعَلَ رَبُّکِ تَحۡتَکِ سَرِیًّا ﴿۲۵﴾
    19 : 25 Ошондо (бир үн салуучу) анын асты жагынан ага кайрылды: «Эч кайгырба! Раббиӊ астыӊан бир булак агызып койду.
  • وَ ہُزِّیۡۤ اِلَیۡکِ بِجِذۡعِ النَّخۡلَۃِ تُسٰقِطۡ عَلَیۡکِ رُطَبًا جَنِیًّا ﴿۫۲۶﴾
    19 : 26 Курма шагын өзүӊдү карай силки, ал жаӊы бышкан курмаларды үстүӊө түшүрөт.
  • فَکُلِیۡ وَ اشۡرَبِیۡ وَ قَرِّیۡ عَیۡنًا ۚ فَاِمَّا تَرَیِنَّ مِنَ الۡبَشَرِ اَحَدًا ۙ فَقُوۡلِیۡۤ اِنِّیۡ نَذَرۡتُ لِلرَّحۡمٰنِ صَوۡمًا فَلَنۡ اُکَلِّمَ الۡیَوۡمَ اِنۡسِیًّا ﴿ۚ۲۷﴾
    19 : 27 Ошентип, андан жегин, ичкин жана көздөрүӊдү тойдургун; эгер кандайдыр бир адамды көрө турган болсоӊ, анда айткын: «Албетте, мен Рахмаан үчүн орозо тутууну убада кылганмын, ошондуктан бүгүн бир дагы адам менен сүйлөшпөймүн».
  • فَاَتَتۡ بِہٖ قَوۡمَہَا تَحۡمِلُہٗ ؕ قَالُوۡا یٰمَرۡیَمُ لَقَدۡ جِئۡتِ شَیۡئًا فَرِیًّا ﴿۲۸﴾
    19 : 28 Анан ал аны көтөргөн бойдон өз коомун көздөй алып келди. Алар айтышты: «Эй, Марям! Албетте, сен абдан жаман иш кылдыӊ.
  • یٰۤاُخۡتَ ہٰرُوۡنَ مَا کَانَ اَبُوۡکِ امۡرَ اَ سَوۡءٍ وَّ مَا کَانَتۡ اُمُّکِ بَغِیًّا ﴿ۖۚ۲۹﴾
    19 : 29 Эй, Хаарундун карындашы! Сенин атаӊ жаман адам эмес эле жана энеӊ дагы бузуку эмес болчу».
  • فَاَشَارَتۡ اِلَیۡہِ ؕ قَالُوۡا کَیۡفَ نُکَلِّمُ مَنۡ کَانَ فِی الۡمَہۡدِ صَبِیًّا ﴿۳۰﴾
    19 : 30 Ошондо ал (Марям) ага карата ишаарат кылды; алар айтышты: «Али бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшөбүз?»
  • قَالَ اِنِّیۡ عَبۡدُ اللّٰہِ ۟ؕ اٰتٰنِیَ الۡکِتٰبَ وَ جَعَلَنِیۡ نَبِیًّا ﴿ۙ۳۱﴾
    19 : 31 Ал айтты: «Албетте, мен Алланын пендесимин. Ал (Алла) мага китеп тартуулады жана мени пайгамбар кылды.
  • وَّ جَعَلَنِیۡ مُبٰرَکًا اَیۡنَ مَا کُنۡتُ ۪ وَ اَوۡصٰنِیۡ بِالصَّلٰوۃِ وَ الزَّکٰوۃِ مَا دُمۡتُ حَیًّا ﴿۪ۖ۳۲﴾
    19 : 32 Ошондой эле каерде болсом дагы, мени берекелүү кылды жана тирүүлүгүмдө мага намаз окууну жана зекет берүүнү белгиледи.
  • وَّ بَرًّۢا بِوَالِدَتِیۡ ۫ وَ لَمۡ یَجۡعَلۡنِیۡ جَبَّارًا شَقِیًّا ﴿۳۳﴾
    19 : 33 Жана энем менен жакшы мамиле кылуучу кылды; мени заалым жана таш боор кылбады.
  • وَ السَّلٰمُ عَلَیَّ یَوۡمَ وُلِدۡتُّ وَ یَوۡمَ اَمُوۡتُ وَ یَوۡمَ اُبۡعَثُ حَیًّا ﴿۳۴﴾
    19 : 34 Туулган күнүмдө дагы, өлө турган күнүмдө дагы, кайра тирилип тургузула турган күнүмдө дагы мага тынчтык-аманчылык болот».
  • ذٰلِکَ عِیۡسَی ابۡنُ مَرۡیَمَ ۚ قَوۡلَ الۡحَقِّ الَّذِیۡ فِیۡہِ یَمۡتَرُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    19 : 35 Мына ушул – Иса Марям уулу. (Бул) алар шектенип жаткан чыныгы кеп.
  • مَا کَانَ لِلّٰہِ اَنۡ یَّتَّخِذَ مِنۡ وَّلَدٍ ۙ سُبۡحٰنَہٗ ؕ اِذَا قَضٰۤی اَمۡرًا فَاِنَّمَا یَقُوۡلُ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿ؕ۳۶﴾
    19 : 36 Өзүнө кандайдыр бир уул тутуу Аллага туура келбейт. Ал таза! Ал кандайдыр бир нерсени кылууга чечим кылганда, ага карата: «Бол!» - дейт, ошондо ал нерсе боло баштайт жана болуп калат.
  • وَ اِنَّ اللّٰہَ رَبِّیۡ وَ رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡہُ ؕ ہٰذَا صِرَاطٌ مُّسۡتَقِیۡمٌ ﴿۳۷﴾
    19 : 37 «Албетте, жалгыз Алла менин Раббим жана силердин Раббиӊер. Ошондуктан, Ага гана ибадат кылгыла. Мына ушунун өзү туура жол».
  • فَاخۡتَلَفَ الۡاَحۡزَابُ مِنۡۢ بَیۡنِہِمۡ ۚ فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ مَّشۡہَدِ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۳۸﴾
    19 : 38 Анан алардын ичинен тайпалар талашып тартышты. Анан бир улук күндө бар болуунун натыйжасында каапырлык кылгандарга ойрондук болот.
  • اَسۡمِعۡ بِہِمۡ وَ اَبۡصِرۡ ۙ یَوۡمَ یَاۡتُوۡنَنَا لٰکِنِ الظّٰلِمُوۡنَ الۡیَوۡمَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۳۹﴾
    19 : 39 Алар Биздин алдыбызга келе турган күнү алардын угуулары жана көрүүлөрү кандай керемет болот! Бирок заалимдер бүгүн ачыктан-ачык адашууда.
  • وَ اَنۡذِرۡہُمۡ یَوۡمَ الۡحَسۡرَۃِ اِذۡ قُضِیَ الۡاَمۡرُ ۘ وَ ہُمۡ فِیۡ غَفۡلَۃٍ وَّ ہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    19 : 40 Аларды өкүм ишке ашырыла турган өкүнүчтүү күнүнөн кулактандыр! Чынында, алар бейкабар жана алар ыйман келтиришпейт.
  • اِنَّا نَحۡنُ نَرِثُ الۡاَرۡضَ وَ مَنۡ عَلَیۡہَا وَ اِلَیۡنَا یُرۡجَعُوۡنَ ﴿٪۴۱﴾
    19 : 41 Албетте, Биз жерге жана андагы бардык нерселерге Өзүбүз мураскор болобуз жана алар Бизге гана кайтарылышат.
  • وَ اذۡکُرۡ فِی الۡکِتٰبِ اِبۡرٰہِیۡمَ ۬ؕ اِنَّہٗ کَانَ صِدِّیۡقًا نَّبِیًّا ﴿۴۲﴾
    19 : 42 (Ушул) Китепте Ибраахиймди да эсте. Албетте, ал бир чынчыл пайгамбар болчу.
  • اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ یٰۤاَبَتِ لِمَ تَعۡبُدُ مَا لَا یَسۡمَعُ وَ لَا یُبۡصِرُ وَ لَا یُغۡنِیۡ عَنۡکَ شَیۡئًا ﴿۴۳﴾
    19 : 43 Качан ал атасына айтты: «Эй, атам! Эмнеге сен (эч нерсени) укпай турган жана көрбөй турган, ошондой эле сага эч бир пайда бербей турган нерсеге ибадат кыласыӊ?
  • یٰۤاَبَتِ اِنِّیۡ قَدۡ جَآءَنِیۡ مِنَ الۡعِلۡمِ مَا لَمۡ یَاۡتِکَ فَاتَّبِعۡنِیۡۤ اَہۡدِکَ صِرَاطًا سَوِیًّا ﴿۴۴﴾
    19 : 44 Эй, атам! Албетте, сага келбеген илим мага келди. Ошондуктан, мени ээрчигин, мен сени туура жолго багыттаймын.
  • یٰۤاَبَتِ لَا تَعۡبُدِ الشَّیۡطٰنَ ؕ اِنَّ الشَّیۡطٰنَ کَانَ لِلرَّحۡمٰنِ عَصِیًّا ﴿۴۵﴾
    19 : 45 Эй, атам! Шайтанга ибадат кылба! Албетте, шайтан Рахмаанга моюн сунбоочу.
  • یٰۤاَبَتِ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اَنۡ یَّمَسَّکَ عَذَابٌ مِّنَ الرَّحۡمٰنِ فَتَکُوۡنَ لِلشَّیۡطٰنِ وَلِیًّا ﴿۴۶﴾
    19 : 46 Эй, атам! Сага Рахмаан тарабынан кандайдыр бир азап келип, (ошондо) сен шайтандын досу болуп калышыӊан мен коркомун».
  • قَالَ اَرَاغِبٌ اَنۡتَ عَنۡ اٰلِہَتِیۡ یٰۤـاِبۡرٰہِیۡمُ ۚ لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہِ لَاَرۡجُمَنَّکَ وَ اہۡجُرۡنِیۡ مَلِیًّا ﴿۴۷﴾
    19 : 47 Ал айтты: «Эмне, менин кудайларымдан жүз буруп жатасыӊбы, эй, Ибраахийм? Эгер кайтпасыӊ, албетте, мен сени таш бараӊ кыламын; сен мени узак мөөнөткө чейин жалгыз кой».
  • قَالَ سَلٰمٌ عَلَیۡکَ ۚ سَاَسۡتَغۡفِرُ لَکَ رَبِّیۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ بِیۡ حَفِیًّا ﴿۴۸﴾
    19 : 48 (Ибраахийм) айтты: «Сага салам болсун! Мен сөзсүз Раббимден сен үчүн кечирим сураймын. Албетте, Ал мага абдан мээрбан.
  • وَ اَعۡتَزِلُکُمۡ وَ مَا تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ اَدۡعُوۡا رَبِّیۡ ۫ۖ عَسٰۤی اَلَّاۤ اَکُوۡنَ بِدُعَآءِ رَبِّیۡ شَقِیًّا ﴿۴۹﴾
    19 : 49 Жана мен силерди дагы, силер Алланын ордуна жалбарып жаткан нерселериӊерди дагы таштап кетемин. Мен Раббиме дуба кыламын. Раббиме дуба кылып жатканда, бактысыз болуп калбастыгым мүмкүн».
  • فَلَمَّا اعۡتَزَلَہُمۡ وَ مَا یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ۙ وَہَبۡنَا لَہٗۤ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ ؕ وَ کُلًّا جَعَلۡنَا نَبِیًّا ﴿۵۰﴾
    19 : 50 Анан ал алардан да, алар Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жаткан нерселеринен да четтеп кеткенде, Биз ага Исхаак жана Яъкуубду тартууладык. Алардын баарын пайгамбар кылдык.
  • وَ وَہَبۡنَا لَہُمۡ مِّنۡ رَّحۡمَتِنَا وَ جَعَلۡنَا لَہُمۡ لِسَانَ صِدۡقٍ عَلِیًّا ﴿٪۵۱﴾
    19 : 51 Ошондой эле Биз аларга Өз рахматыбызды тартууладык жана Биз аларга бир жогорку даражалуу чынчыл тил бердик.
  • وَ اذۡکُرۡ فِی الۡکِتٰبِ مُوۡسٰۤی ۫ اِنَّہٗ کَانَ مُخۡلَصًا وَّ کَانَ رَسُوۡلًا نَّبِیًّا ﴿۵۲﴾
    19 : 52 (Ушул) Китепте Мусаны дагы эсте. Албетте, ал тандалган жана бир элчи-пайгамбар эле.
  • وَ نَادَیۡنٰہُ مِنۡ جَانِبِ الطُّوۡرِ الۡاَیۡمَنِ وَ قَرَّبۡنٰہُ نَجِیًّا ﴿۵۳﴾
    19 : 53 Биз ага Тур (тоосу)нун оӊ тарабынан үн салдык жана шыбыраган абалда аны жакындаштырып алдык.
  • وَ وَہَبۡنَا لَہٗ مِنۡ رَّحۡمَتِنَاۤ اَخَاہُ ہٰرُوۡنَ نَبِیًّا ﴿۵۴﴾
    19 : 54 Жана Биз ага Өз рахматыбыздан тууганы Хаарунду пайгамбар катары тартууладык.
  • وَ اذۡکُرۡ فِی الۡکِتٰبِ اِسۡمٰعِیۡلَ ۫ اِنَّہٗ کَانَ صَادِقَ الۡوَعۡدِ وَ کَانَ رَسُوۡلًا نَّبِیًّا ﴿ۚ۵۵﴾
    19 : 55 (Ушул) Китепте Исмааийлди дагы эсте. Албетте, ал убадасына бекем туруучу жана элчи-пайгамбар эле.
  • وَ کَانَ یَاۡمُرُ اَہۡلَہٗ بِالصَّلٰوۃِ وَ الزَّکٰوۃِ ۪ وَ کَانَ عِنۡدَ رَبِّہٖ مَرۡضِیًّا ﴿۵۶﴾
    19 : 56 Ал өзүнүн үйүндөгүлөрдү намаз жана зекетке буюраар эле, ошондой эле Раббисинин алдында абдан сүйкүмдүү болгон.
  • وَ اذۡکُرۡ فِی الۡکِتٰبِ اِدۡرِیۡسَ ۫ اِنَّہٗ کَانَ صِدِّیۡقًا نَّبِیًّا ﴿٭ۙ۵۷﴾
    19 : 57 (Ушул) Китепте Идристи дагы эсте. Албетте, ал абдан чынчыл (жана) пайгамбар болчу.
  • وَّ رَفَعۡنٰہُ مَکَانًا عَلِیًّا ﴿۵۸﴾
    19 : 58 Биз аны бийик жай тарапка көтөргөн элек.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ مِّنَ النَّبِیّٖنَ مِنۡ ذُرِّیَّۃِ اٰدَمَ ٭ وَ مِمَّنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوۡحٍ ۫ وَّ مِنۡ ذُرِّیَّۃِ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡرَآءِیۡلَ ۫ وَ مِمَّنۡ ہَدَیۡنَا وَ اجۡتَبَیۡنَا ؕ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُ الرَّحۡمٰنِ خَرُّوۡا سُجَّدًا وَّ بُکِیًّا ﴿ٛ۵۹﴾
    19 : 59 Мына ушулар Адам тукумунан, Биз Нух менен бирге (кемеге) чыгаргандардан, Ибраахийм жана Исрааийл тукумдарынан, ошондой эле Биз хидаят кылган жана тандап алгандардан болгон, Алла тартуу кылган пайгамбарлар. Аларга Рахмаандын аяттары окулганда, алар сажда кылган жана ыйлаган бойдон жыгылаар эле.
  • فَخَلَفَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ خَلۡفٌ اَضَاعُوا الصَّلٰوۃَ وَ اتَّبَعُوا الشَّہَوٰتِ فَسَوۡفَ یَلۡقَوۡنَ غَیًّا ﴿ۙ۶۰﴾
    19 : 60 Анан алардан кийин намазды текке кетирген жана жеӊил ойлорду ээрчигендер (алардын) ордун ээлешти. Демек, алар адашуунун натыйжасын сөзсүз көрүшөт.
  • اِلَّا مَنۡ تَابَ وَ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَاُولٰٓئِکَ یَدۡخُلُوۡنَ الۡجَنَّۃَ وَ لَا یُظۡلَمُوۡنَ شَیۡئًا ﴿ۙ۶۱﴾
    19 : 61 Тобо кылган жана ыйман келтирип, жакшы амал кылгандан башкалар; мына ошолор гана бейишке киришет жана аларга кенедей дагы зулумдук кылынбайт.
  • جَنّٰتِ عَدۡنِ ۣالَّتِیۡ وَعَدَ الرَّحۡمٰنُ عِبَادَہٗ بِالۡغَیۡبِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ وَعۡدُہٗ مَاۡتِیًّا ﴿۶۲﴾
    19 : 62 (Алар) Рахмаан кайыптан Өз пенделерине убада кылган түбөлүктүү бейиштерге (киришет). Албетте, Анын убадасы сөзсүз ишке ашырылат.
  • لَا یَسۡمَعُوۡنَ فِیۡہَا لَغۡوًا اِلَّا سَلٰمًا ؕ وَ لَہُمۡ رِزۡقُہُمۡ فِیۡہَا بُکۡرَۃً وَّ عَشِیًّا ﴿۶۳﴾
    19 : 63 Алар ал (бейиш)терде бир дагы маанисиз (сөздү) угушпайт, (жалаӊ) «саламды» (угушат). Ал (бейиш)терде аларга ырыскылары таӊкысын дагы, кечкисин дагы насип болот.
  • تِلۡکَ الۡجَنَّۃُ الَّتِیۡ نُوۡرِثُ مِنۡ عِبَادِنَا مَنۡ کَانَ تَقِیًّا ﴿۶۴﴾
    19 : 64 Биз Өз пенделерибизден такыба болгон кишини мурас кыла турган бейиш – мына ошол.
  • وَ مَا نَتَنَزَّلُ اِلَّا بِاَمۡرِ رَبِّکَ ۚ لَہٗ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡنَا وَ مَا خَلۡفَنَا وَ مَا بَیۡنَ ذٰلِکَ ۚ وَ مَا کَانَ رَبُّکَ نَسِیًّا ﴿ۚ۶۵﴾
    19 : 65 (Периштелер айтышат): «Биз Раббиӊдин буйругуна ылайык гана түшөбүз; биздин алдыбыздагы да, артыбыздагы да жана алардын ортосундагы нерселердин бардыгы да Ага гана таандык. Раббиӊ унутуучу (Кудай) эмес».
  • رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا فَاعۡبُدۡہُ وَ اصۡطَبِرۡ لِعِبَادَتِہٖ ؕ ہَلۡ تَعۡلَمُ لَہٗ سَمِیًّا ﴿٪۶۶﴾
    19 : 66 (Ал) асмандар жана жердин, ошондой эле ал экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин Раббиси. Ошондуктан, Ага гана ибадат кыл жана Анын ибадатына сабырдуулук менен туруктуу бол. Эмне, Анын кандайдыр бир аты окшошун билесиӊби?
  • وَ یَقُوۡلُ الۡاِنۡسَانُ ءَ اِذَا مَا مِتُّ لَسَوۡفَ اُخۡرَجُ حَیًّا ﴿۶۷﴾
    19 : 67 Инсан айтат: «Эмне, өлүп кеткенимден кийин тирилтилип чыгарыламбы?»
  • اَوَ لَا یَذۡکُرُ الۡاِنۡسَانُ اَنَّا خَلَقۡنٰہُ مِنۡ قَبۡلُ وَ لَمۡ یَکُ شَیۡئًا ﴿۶۸﴾
    19 : 68 Акыры, инсан илгери дагы Биз аны ал эч нерсе болбогондо, жоктон бар кылганыбызды эстебейби?
  • فَوَ رَبِّکَ لَنَحۡشُرَنَّہُمۡ وَ الشَّیٰطِیۡنَ ثُمَّ لَنُحۡضِرَنَّہُمۡ حَوۡلَ جَہَنَّمَ جِثِیًّا ﴿ۚ۶۹﴾
    19 : 69 Раббиӊе касам! Биз аларды албетте, топтойбуз жана шайтандарды дагы; анан Биз аларды сөзсүз тозоктун айланасында тизелеген бойдон алып келебиз.
  • ثُمَّ لَنَنۡزِعَنَّ مِنۡ کُلِّ شِیۡعَۃٍ اَیُّہُمۡ اَشَدُّ عَلَی الرَّحۡمٰنِ عِتِیًّا ﴿ۚ۷۰﴾
    19 : 70 Ошондо Биз ар бир тайпанын ичинен Рахмаанга каршы козголоӊ көтөрүүдө эӊ катуу болгонун сууруп алабыз.
  • ثُمَّ لَنَحۡنُ اَعۡلَمُ بِالَّذِیۡنَ ہُمۡ اَوۡلٰی بِہَا صِلِیًّا ﴿۷۱﴾
    19 : 71 Анан анын ичинде күйүүгө эӊ ылайыктуу болгондорду Биз Өзүбүз гана эӊ жакшы билебиз.
  • وَ اِنۡ مِّنۡکُمۡ اِلَّا وَارِدُہَا ۚ کَانَ عَلٰی رَبِّکَ حَتۡمًا مَّقۡضِیًّا ﴿ۚ۷۲﴾
    19 : 72 Силер (заалимдер)ден анын ичине түшпөй турган бирөөӊөр да жок; бул Раббиӊе чечилген бир чечим катары парыз.
  • ثُمَّ نُنَجِّی الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا وَّ نَذَرُ الظّٰلِمِیۡنَ فِیۡہَا جِثِیًّا ﴿۷۳﴾
    19 : 73 Анан Биз такыба болгондорду куткарып алабыз жана заалимдерди анын ичинде тизелеп, жыгылган бойдон калтырабыз.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا ۙ اَیُّ الۡفَرِیۡقَیۡنِ خَیۡرٌ مَّقَامًا وَّ اَحۡسَنُ نَدِیًّا ﴿۷۴﴾
    19 : 74 Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, каапырлык кылгандар ыйман келтиргендерге карата айтышат: «Эки тайпанын кайсы бири мартаба жагынан жакшыраак жана чогулуш жагынан чырайлуураак?»
  • وَ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا قَبۡلَہُمۡ مِّنۡ قَرۡنٍ ہُمۡ اَحۡسَنُ اَثَاثًا وَّ رِءۡیًا ﴿۷۵﴾
    19 : 75 Биз алардан илгери эмеректер жана тышкы көрүнүштө (өздөрүнөн) жакшыраак болгон канчалаган тукумдарды жок кылып жибергенбиз.
  • قُلۡ مَنۡ کَانَ فِی الضَّلٰلَۃِ فَلۡیَمۡدُدۡ لَہُ الرَّحۡمٰنُ مَدًّا ۬ۚ حَتّٰۤی اِذَا رَاَوۡا مَا یُوۡعَدُوۡنَ اِمَّا الۡعَذَابَ وَ اِمَّا السَّاعَۃَ ؕ فَسَیَعۡلَمُوۡنَ مَنۡ ہُوَ شَرٌّ مَّکَانًا وَّ اَضۡعَفُ جُنۡدًا ﴿۷۶﴾
    19 : 76 Айткын: «Адашууда болгон бирөөнө Рахмаан сөзсүз бир аз мөөнөт берет. А түгүл алар өздөрүнө убада кылына турган нерсени көрүп алгандарында – мейли ал азап болсун, мейли кыямат «Сааты» – алар даража жагынан ким эӊ жаман жана тайпа жагынан эӊ күчсүз экендигин сөзсүз билип алышат.
  • وَ یَزِیۡدُ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اہۡتَدَوۡا ہُدًی ؕ وَ الۡبٰقِیٰتُ الصّٰلِحٰتُ خَیۡرٌ عِنۡدَ رَبِّکَ ثَوَابًا وَّ خَیۡرٌ مَّرَدًّا ﴿۷۷﴾
    19 : 77 Алла хидаят тапкан кишилердин хидаятын көбөйтөт. Түбөлүк кала турган жакшылыктар Раббиӊдин алдында сыйлык жагынан дагы, акыбет жагынан дагы жакшыраак».
  • اَفَرَءَیۡتَ الَّذِیۡ کَفَرَ بِاٰیٰتِنَا وَ قَالَ لَاُوۡتَیَنَّ مَالًا وَّ وَلَدًا ﴿ؕ۷۸﴾
    19 : 78 Биздин аяттарыбызды четке каккан жана: «Сөзсүз мага дүнүйө-мүлк жана тукум берилет», - деген бирөөнө көӊүл бурдуӊбу?
  • اَطَّلَعَ الۡغَیۡبَ اَمِ اتَّخَذَ عِنۡدَ الرَّحۡمٰنِ عَہۡدًا ﴿ۙ۷۹﴾
    19 : 79 Эмне, ал кайыптан кабардар болгонбу же Рахмаандын алдынан кандайдыр бир ант-убада алганбы?
  • کَلَّا ؕ سَنَکۡتُبُ مَا یَقُوۡلُ وَ نَمُدُّ لَہٗ مِنَ الۡعَذَابِ مَدًّا ﴿ۙ۸۰﴾
    19 : 80 Сак болгула! Биз ал айтып жаткан (сөздөр)дү сөзсүз жазып коёбуз жана Биз ал үчүн азапты узартып турабыз.
  • وَّ نَرِثُہٗ مَا یَقُوۡلُ وَ یَاۡتِیۡنَا فَرۡدًا ﴿۸۱﴾
    19 : 81 Жана ал айтып жаткан бардык нерселерге Биз мураскор болуп калабыз. Ал болсо, Биздин алдыбызга жалгыз келет.
  • وَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اٰلِہَۃً لِّیَکُوۡنُوۡا لَہُمۡ عِزًّا ﴿ۙ۸۲﴾
    19 : 82 Алар Алланы коюп, өздөрүнө урмат-сый себепчиси болушу үчүн (башкаларды) кудай кылып алышты.
  • کَلَّا ؕ سَیَکۡفُرُوۡنَ بِعِبَادَتِہِمۡ وَ یَکُوۡنُوۡنَ عَلَیۡہِمۡ ضِدًّا ﴿٪۸۳﴾
    19 : 83 Сак болгула! Алар сөзсүз алардын ибадатын четке кагышат жана аларга каршы болуп калышат.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّـاۤ اَرۡسَلۡنَا الشَّیٰطِیۡنَ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ تَؤُزُّہُمۡ اَزًّا ﴿ۙ۸۴﴾
    19 : 84 Эмне, сен көрбөдүӊбү? Биз шайтандарды каапырларга каршы жиберебиз: алар аларды ар түрдүү жолдор менен тукурушат.
  • فَلَا تَعۡجَلۡ عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّمَا نَعُدُّ لَہُمۡ عَدًّا ﴿ۚ۸۵﴾
    19 : 85 Демек, аларга карата шашкалактык кылба. Биз алардын ар бир мүнөтүн эсептөөдөбүз.
  • یَوۡمَ نَحۡشُرُ الۡمُتَّقِیۡنَ اِلَی الرَّحۡمٰنِ وَفۡدًا ﴿ۙ۸۶﴾
    19 : 86 Биз такыбаларды (ардактуу) жамаат түрүндө Рахмаандын алдына топтоп алып кете турган күн(дү эстегиле).
  • وَّ نَسُوۡقُ الۡمُجۡرِمِیۡنَ اِلٰی جَہَنَّمَ وِرۡدًا ﴿ۘ۸۷﴾
    19 : 87 Жана күнөөкөрлөрдү Биз тозок тарапка кире турган бир жайга түшүүчү коом катары айдап алып кете турган күн(дү дагы).
  • لَا یَمۡلِکُوۡنَ الشَّفَاعَۃَ اِلَّا مَنِ اتَّخَذَ عِنۡدَ الرَّحۡمٰنِ عَہۡدًا ﴿ۘ۸۸﴾
    19 : 88 Рахмаандын алдынан ант-убада алган кишиден тышкары, алардын эч кандай шапаат кылууга укуктары болбойт.
  • وَ قَالُوا اتَّخَذَ الرَّحۡمٰنُ وَلَدًا ﴿ؕ۸۹﴾
    19 : 89 Алар айтышат: «Рахмаан Өзүнө уул тандаган».
  • لَقَدۡ جِئۡتُمۡ شَیۡئًا اِدًّا ﴿ۙ۹۰﴾
    19 : 90 Албетте, силер бир аябай бекер сөз сүйлөдүӊөр!
  • تَکَادُ السَّمٰوٰتُ یَتَفَطَّرۡنَ مِنۡہُ وَ تَنۡشَقُّ الۡاَرۡضُ وَ تَخِرُّ الۡجِبَالُ ہَدًّا ﴿ۙ۹۱﴾
    19 : 91 Андан асмандар жарылып, жер бытырап, тоолор титереп, кулап түшүүсүнө аз калды.
  • اَنۡ دَعَوۡا لِلرَّحۡمٰنِ وَلَدًا ﴿ۚ۹۲﴾
    19 : 92 Себеби, алар Рахмаанга перзентти таандык кылышты.
  • وَ مَا یَنۡۢبَغِیۡ لِلرَّحۡمٰنِ اَنۡ یَّتَّخِذَ وَلَدًا ﴿ؕ۹۳﴾
    19 : 93 Чынында, кандайдыр бир уулду тандоо Рахмаанга туура келбейт.
  • اِنۡ کُلُّ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ اِلَّاۤ اٰتِی الرَّحۡمٰنِ عَبۡدًا ﴿ؕ۹۴﴾
    19 : 94 Албетте, асмандар жана жердеги бардык нерселер Рахмаандын алдына жалаӊ пенде катары келүүчү.
  • لَقَدۡ اَحۡصٰہُمۡ وَ عَدَّہُمۡ عَدًّا ﴿ؕ۹۵﴾
    19 : 95 Ал албетте, аларды курчап алган жана аларды даана санап койгон.
  • وَ کُلُّہُمۡ اٰتِیۡہِ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فَرۡدًا ﴿۹۶﴾
    19 : 96 Алардын ар бири кыямат күнү Анын алдына жалгыз бойдон келет.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ سَیَجۡعَلُ لَہُمُ الرَّحۡمٰنُ وُدًّا ﴿۹۷﴾
    19 : 97 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар – аларга Рахмаан сүйүүнү жаратып коёт.
  • فَاِنَّمَا یَسَّرۡنٰہُ بِلِسَانِکَ لِتُبَشِّرَ بِہِ الۡمُتَّقِیۡنَ وَ تُنۡذِرَ بِہٖ قَوۡمًا لُّدًّا ﴿۹۸﴾
    19 : 98 Албетте, бул (Куран)дын жардамында такыбаларга куш кабар беришиӊ үчүн, жана жаӊжалчыл коомду бул аркылуу кулактандырышыӊ үчүн Биз муну тилиӊе жеӊил кылып койдук.
  • وَ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا قَبۡلَہُمۡ مِّنۡ قَرۡنٍ ؕ ہَلۡ تُحِسُّ مِنۡہُمۡ مِّنۡ اَحَدٍ اَوۡ تَسۡمَعُ لَہُمۡ رِکۡزًا ﴿٪۹۹﴾
    19 : 99 Алардан мурун Биз жок кылып жиберген канчалаган тукумдар бар! Сен алардын бирөөсүн сезесиӊби же алардын дабышын угасыӊбы?
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via