Курани карим Ал-Калам • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

القَلَم

Ал-Калам

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    68 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • نٓ وَ الۡقَلَمِ وَ مَا یَسۡطُرُوۡنَ ۙ﴿۲﴾
    68 : 2 Нуун: калем жана алар жаза турган нерсеге касам!
  • مَاۤ اَنۡتَ بِنِعۡمَۃِ رَبِّکَ بِمَجۡنُوۡنٍ ۚ﴿۳﴾
    68 : 3 Раббиӊдин нээмат себебинен сен жинди эмессиӊ.
  • وَ اِنَّ لَکَ لَاَجۡرًا غَیۡرَ مَمۡنُوۡنٍ ۚ﴿۴﴾
    68 : 4 Жана албетте, сен үчүн бир бүтпөс-түгөнбөс сыйлык бар.
  • وَ اِنَّکَ لَعَلٰی خُلُقٍ عَظِیۡمٍ ﴿۵﴾
    68 : 5 Жана албетте, сен үлкөн кулк-мүнөз үстүндөсүӊ.
  • فَسَتُبۡصِرُ وَ یُبۡصِرُوۡنَ ۙ﴿۶﴾
    68 : 6 Ошентип, сен көрөсүӊ, алар дагы көрүшөт:
  • بِاَٮیِّکُمُ الۡمَفۡتُوۡنُ ﴿۷﴾
    68 : 7 Араӊарда ким жинди экенин.
  • اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَنۡ ضَلَّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ۪ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِالۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۸﴾
    68 : 8 Албетте, Раббиӊ гана ким Анын жолунан адашканын эӊ жакшы билет жана Ал хидаят тапкандарды дагы эӊ жакшы билет.
  • فَلَا تُطِعِ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۹﴾
    68 : 9 Демек, сен жалганчыга чыгаруучуларга баш ийбе.
  • وَدُّوۡا لَوۡ تُدۡہِنُ فَیُدۡہِنُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    68 : 10 Жана алар сенин элдешүүӊдү каалашат, ошондо алар дагы элдешет.
  • وَ لَا تُطِعۡ کُلَّ حَلَّافٍ مَّہِیۡنٍ ﴿ۙ۱۱﴾
    68 : 11 Жана сен эч бир төмөн, аябай касамкордун кебине такыр кирбе –
  • ہَمَّازٍ مَّشَّآءٍۭ بِنَمِیۡمٍ ﴿ۙ۱۲﴾
    68 : 12 Айып тагуучу (жана) ашыкча ушак кылып жүрүүчүгө;
  • مَّنَّاعٍ لِّلۡخَیۡرِ مُعۡتَدٍ اَثِیۡمٍ ﴿ۙ۱۳﴾
    68 : 13 Жакшылыктан тосуучу, чектен ашуучу жана кызылдай күнөөкөргө;
  • عُتُلٍّۭ بَعۡدَ ذٰلِکَ زَنِیۡمٍ ﴿ۙ۱۴﴾
    68 : 14 Абдан таш боорго. Мындан тышкары арам бала.
  • اَنۡ کَانَ ذَا مَالٍ وَّ بَنِیۡنَ ﴿ؕ۱۵﴾
    68 : 15 Ал мал-мүлк жана (көп) балалуу болгондугу үчүн гана (керсейүүдөбү?)
  • اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِ اٰیٰتُنَا قَالَ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    68 : 16 Биздин аяттарыбыз ага окулганда, ал: «Бул – эскилерден калган жомоктор», - дейт.
  • سَنَسِمُہٗ عَلَی الۡخُرۡطُوۡمِ ﴿۱۷﴾
    68 : 17 Албетте, Биз анын тумшугуна тамга басабыз.
  • اِنَّا بَلَوۡنٰہُمۡ کَمَا بَلَوۡنَاۤ اَصۡحٰبَ الۡجَنَّۃِ ۚ اِذۡ اَقۡسَمُوۡا لَیَصۡرِمُنَّہَا مُصۡبِحِیۡنَ ﴿ۙ۱۸﴾
    68 : 18 Биз аларды кудум калыӊ бак ээлерин сынап көргөндөй сынадык. Качан алар: «Мөмөлөрүн эрте таӊда албетте, терип алабыз», - деп касам ичишкен эле.
  • وَ لَا یَسۡتَثۡنُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    68 : 19 Жана алар эч кандай айырма кылышпайт эле (кудай кааласа дебейт эле).
  • فَطَافَ عَلَیۡہَا طَآئِفٌ مِّنۡ رَّبِّکَ وَ ہُمۡ نَآئِمُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    68 : 20 Алар уктап жаткандарында, Раббиӊ тарабынан ал (бак) үстүндө бир айлануучу (азап) айланып кетти.
  • فَاَصۡبَحَتۡ کَالصَّرِیۡمِ ﴿ۙ۲۱﴾
    68 : 21 Ошондо ал (бак) кудум кесилип ташталгандай болуп калды.
  • فَتَنَادَوۡا مُصۡبِحِیۡنَ ﴿ۙ۲۲﴾
    68 : 22 Анан алар эрте таӊда бири-бирин чакыра башташты:
  • اَنِ اغۡدُوۡا عَلٰی حَرۡثِکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰرِمِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    68 : 23 «Түшүмдү жыймакчы болсоӊор, эрте таӊда эгин талааӊарга жетип баргыла».
  • فَانۡطَلَقُوۡا وَ ہُمۡ یَتَخَافَتُوۡنَ ﴿ۙ۲۴﴾
    68 : 24 Ошентип, алар жолго түшүштү. Алар бири-бири менен (мындай) шыбырлашып кетип бараткан эле:
  • اَنۡ لَّا یَدۡخُلَنَّہَا الۡیَوۡمَ عَلَیۡکُمۡ مِّسۡکِیۡنٌ ﴿ۙ۲۵﴾
    68 : 25 «Бүгүн пайдаӊарга каршы ага эч кандай кедей-кембагал кирип калбасын».
  • وَّ غَدَوۡا عَلٰی حَرۡدٍ قٰدِرِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    68 : 26 Жана алар эч кимге эч нерсе бербестикке чечим чыгарган бойдон барышты.
  • فَلَمَّا رَاَوۡہَا قَالُوۡۤا اِنَّا لَضَآلُّوۡنَ ﴿ۙ۲۷﴾
    68 : 27 Ошондо алар аны көргөндөрүндө, айтышты: «Албетте, биз өлдүк!
  • بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُوۡمُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    68 : 28 Жок, биз куру (калдык)».
  • قَالَ اَوۡسَطُہُمۡ اَلَمۡ اَقُلۡ لَّکُمۡ لَوۡ لَا تُسَبِّحُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    68 : 29 Алардын ичиндеги эӊ жакшысы айтты: «Мен силерге: «Эмнеге тасбийх айтпайсыӊар», - деп айтпадым беле?»
  • قَالُوۡا سُبۡحٰنَ رَبِّنَاۤ اِنَّا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    68 : 30 Алар айтышты: «Раббибиз таза! Албетте, биз гана заалим элек».
  • فَاَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَلَاوَمُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    68 : 31 Ошондо айрымдары-айрымдарын жемелеген бойдон жөнөштү.
  • قَالُوۡا یٰوَیۡلَنَاۤ اِنَّا کُنَّا طٰغِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    68 : 32 Алар мындай айта башташты: «Оой, шорубуз курусун! Албетте, биз гана баш ийбес элек.
  • عَسٰی رَبُّنَاۤ اَنۡ یُّبۡدِلَنَا خَیۡرًا مِّنۡہَاۤ اِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا رٰغِبُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    68 : 33 Балким, Раббибиз бизге анын ордуна жакшыраагын берээр. Албетте, биз Раббибиз тарапка гана ооп кетүүчүбүз».
  • کَذٰلِکَ الۡعَذَابُ ؕ وَ لَعَذَابُ الۡاٰخِرَۃِ اَکۡبَرُ ۘ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۳۴﴾
    68 : 34 Азап ушундай болот. Албетте, акырет азабы абдан чоӊ болот. Атаганат, алар билишсе, кана!
  • اِنَّ لِلۡمُتَّقِیۡنَ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۳۵﴾
    68 : 35 Албетте, такыбалар үчүн өздөрүнүн Раббисинин алдында нээматтуу бейиштер бар.
  • اَفَنَجۡعَلُ الۡمُسۡلِمِیۡنَ کَالۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿ؕ۳۶﴾
    68 : 36 Биз баш ийүүчүлөрдү күнөөкөрлөргө теӊ деп билелиби?
  • مَا لَکُمۡ ٝ کَیۡفَ تَحۡکُمُوۡنَ ﴿ۚ۳۷﴾
    68 : 37 Силерге эмне болду, кандай өкүм чыгарасыӊар?
  • اَمۡ لَکُمۡ کِتٰبٌ فِیۡہِ تَدۡرُسُوۡنَ ﴿ۙ۳۸﴾
    68 : 38 Силер үчүн кандайдыр бир китеп барбы, анда (бул нерсени) окуйсуӊарбы?
  • اِنَّ لَکُمۡ فِیۡہِ لَمَا تَخَیَّرُوۡنَ ﴿ۚ۳۹﴾
    68 : 39 Албетте, анда силер үчүн эӊ жактырган нерселериӊер болот.
  • اَمۡ لَکُمۡ اَیۡمَانٌ عَلَیۡنَا بَالِغَۃٌ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ۙ اِنَّ لَکُمۡ لَمَا تَحۡکُمُوۡنَ ﴿ۚ۴۰﴾
    68 : 40 Же силер каалаганыӊар силерге берилет деп кыямат күнүнө чейин жете турган Биздин убадабызды алган белеӊер?
  • سَلۡہُمۡ اَیُّہُمۡ بِذٰلِکَ زَعِیۡمٌ ﴿ۚۛ۴۱﴾
    68 : 41 Сен алардан сура: «Алардын кимиси буга кепил?»
  • اَمۡ لَہُمۡ شُرَکَآءُ ۚۛ فَلۡیَاۡتُوۡا بِشُرَکَآئِہِمۡ اِنۡ کَانُوۡا صٰدِقِیۡنَ ﴿۴۲﴾
    68 : 42 Алардын тарабында кандайдыр бир шериктер барбы? Эгер алар чынчыл болсо, өз шериктерин келтиришсинчи?
  • یَوۡمَ یُکۡشَفُ عَنۡ سَاقٍ وَّ یُدۡعَوۡنَ اِلَی السُّجُوۡدِ فَلَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ ﴿ۙ۴۳﴾
    68 : 43 Катуу коркуу келе турган күнү алар сажда кылууга чакырылышат, бирок күчтөрү жетпейт –
  • خَاشِعَۃً اَبۡصَارُہُمۡ تَرۡہَقُہُمۡ ذِلَّۃٌ ؕ وَ قَدۡ کَانُوۡا یُدۡعَوۡنَ اِلَی السُّجُوۡدِ وَ ہُمۡ سٰلِمُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    68 : 44 Көздөрү жерге кадалган бойдон. Шерменделик аларды каптап алган болот. Албетте, алар сак-саламат болгондорунда сажда кылууга чакырылчу.
  • فَذَرۡنِیۡ وَ مَنۡ یُّکَذِّبُ بِہٰذَا الۡحَدِیۡثِ ؕ سَنَسۡتَدۡرِجُہُمۡ مِّنۡ حَیۡثُ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۵﴾
    68 : 45 Ошентип, сен Мени жана ушул Баянды жалганга чыгара турган бирөөнү жалгыз калтыр. Биз аларды өздөрү билбеген абалда аста-секин тутуп алабыз.
  • وَ اُمۡلِیۡ لَہُمۡ ؕ اِنَّ کَیۡدِیۡ مَتِیۡنٌ ﴿۴۶﴾
    68 : 46 Жана Мен аларга мөөнөт беремин. Албетте, Менин иш-чарам абдан бекем.
  • اَمۡ تَسۡـَٔلُہُمۡ اَجۡرًا فَہُمۡ مِّنۡ مَّغۡرَمٍ مُّثۡقَلُوۡنَ ﴿ۚ۴۷﴾
    68 : 47 Сен алардан кандайдыр бир сыйлык сурайсыӊбы? Натыйжада, алар карыз жүгүнө батып калышуудабы?
  • اَمۡ عِنۡدَہُمُ الۡغَیۡبُ فَہُمۡ یَکۡتُبُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    68 : 48 Же аларда кайып (илими) барбы, анан алар (аны) жазышуудабы?
  • فَاصۡبِرۡ لِحُکۡمِ رَبِّکَ وَ لَا تَکُنۡ کَصَاحِبِ الۡحُوۡتِ ۘ اِذۡ نَادٰی وَ ہُوَ مَکۡظُوۡمٌ ﴿ؕ۴۹﴾
    68 : 49 Ошентип, өз Раббиӊдин өкүмүн сабыр менен күт жана балык ээси сыӊары болбо! Ал (өз Раббисине) кайрылганында, ал кайгыга толгон болчу.
  • لَوۡ لَاۤ اَنۡ تَدٰرَکَہٗ نِعۡمَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ لَنُبِذَ بِالۡعَرَآءِ وَ ہُوَ مَذۡمُوۡمٌ ﴿۵۰﴾
    68 : 50 Эгер анын Раббиси тарабынан бир өзгөчө нээмат аны куткарбаганда, ал катуу жемеленген бойдон такыр майданга ташталган болоор эле.
  • فَاجۡتَبٰہُ رَبُّہٗ فَجَعَلَہٗ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۵۱﴾
    68 : 51 Бирок анын Раббиси аны тандап алды жана аны жакшылардан кылды.
  • وَ اِنۡ یَّکَادُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَیُزۡلِقُوۡنَکَ بِاَبۡصَارِہِمۡ لَمَّا سَمِعُوا الذِّکۡرَ وَ یَقُوۡلُوۡنَ اِنَّہٗ لَمَجۡنُوۡنٌ ﴿ۘ۵۲﴾
    68 : 52 Жана албетте, каапырлар Зикирди уккандарында, сени өз көздөрү(нүн каары) менен жыкмакчы болуулары ыктымалынан алыс эмес. Алар айтышат: «Бул албетте, бир жинди».
  • وَ مَا ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۵۳﴾
    68 : 53 Жана чынында, ал бүтүн ааламдар үчүн насаат гана.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via