بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
85 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
وَ السَّمَآءِ ذَاتِ الۡبُرُوۡجِ ۙ﴿۲﴾
85 : 2 Топ жылдыз ээси болгон асманга касам!
وَ الۡیَوۡمِ الۡمَوۡعُوۡدِ ۙ﴿۳﴾
85 : 3 Жана убада кылынган күнгө.
وَ شَاہِدٍ وَّ مَشۡہُوۡدٍ ؕ﴿۴﴾
85 : 4 Ошондой эле бир күбөлүк берүүчү жана күбөлүк берилүүчүгө.
قُتِلَ اَصۡحٰبُ الۡاُخۡدُوۡدِ ۙ﴿۵﴾
85 : 5 Тереӊдик ээлери жок кылынып жиберилет.
النَّارِ ذَاتِ الۡوَقُوۡدِ ۙ﴿۶﴾
85 : 6 Отунга толгон от ээлери.
اِذۡ ہُمۡ عَلَیۡہَا قُعُوۡدٌ ۙ﴿۷﴾
85 : 7 Алар анын айланасында отургандарында,
وَّ ہُمۡ عَلٰی مَا یَفۡعَلُوۡنَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ شُہُوۡدٌ ؕ﴿۸﴾
85 : 8 Жана алар момундарга карата кыла турган амалдарына өздөрү күбө болушат.
وَ مَا نَقَمُوۡا مِنۡہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ یُّؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَمِیۡدِ ۙ﴿۹﴾
85 : 9 Жана алар эӊ жеӊүүчү мактоо ээси Аллага ыйман келтиргендиктери үчүн аларга душмандык кылышты –
الَّذِیۡ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ؕ﴿۱۰﴾
85 : 10 Асмандар жана жердин падышачылыгынын ээси болгон (Алла)га (ыйман келтиргендиктери үчүн). Алла ар бир нерсеге күбө.
اِنَّ الَّذِیۡنَ فَتَنُوا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ ثُمَّ لَمۡ یَتُوۡبُوۡا فَلَہُمۡ عَذَابُ جَہَنَّمَ وَ لَہُمۡ عَذَابُ الۡحَرِیۡقِ ﴿ؕ۱۱﴾
85 : 11 Албетте, момун эркектер жана момун аялдарды чагымчылдыкка салган, анан тобо кылбагандар – алар үчүн тозок азабы бар жана алар үчүн от азабы бар.
اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۬ؕؑ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡکَبِیۡرُ ﴿ؕ۱۲﴾
85 : 12 Албетте, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – алар үчүн болсо, ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштер бар. Бул – абдан чоӊ ийгилик.
اِنَّ بَطۡشَ رَبِّکَ لَشَدِیۡدٌ ﴿ؕ۱۳﴾
85 : 13 Албетте, Раббиӊдин тутуусу абдан катуу.
اِنَّہٗ ہُوَ یُبۡدِئُ وَ یُعِیۡدُ ﴿ۚ۱۴﴾
85 : 14 Албетте, Ал (Алла) гана баштайт жана кайталайт.
وَ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الۡوَدُوۡدُ ﴿ۙ۱۵﴾
85 : 15 Жана Ал (Алла) өтө кечирүүчү (жана) абдан сүйүүчү.
ذُو الۡعَرۡشِ الۡمَجِیۡدُ ﴿ۙ۱۶﴾
85 : 16 Арш ээси (жана) бийик даӊктуу.
فَعَّالٌ لِّمَا یُرِیۡدُ ﴿ؕ۱۷﴾
85 : 17 Ал Өзү каалаган ишти сөзсүз ишке ашырат.
ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ الۡجُنُوۡدِ ﴿ۙ۱۸﴾
85 : 18 Эмне, сага кошуундардын кабары жетип келдиби?
فِرۡعَوۡنَ وَ ثَمُوۡدَ ﴿ؕ۱۹﴾
85 : 19 Фараон жана Самуддун (кабары?)
بَلِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِیۡ تَکۡذِیۡبٍ ﴿ۙ۲۰﴾
85 : 20 Жок, каапырлар четке кагуу менен (убара болуп) турушат.
وَّ اللّٰہُ مِنۡ وَّرَآئِہِمۡ مُّحِیۡطٌ ﴿ۚ۲۱﴾
85 : 21 Жана Алла болсо, аларды алдыларынан дагы, арттарынан дагы курчап алган.
بَلۡ ہُوَ قُرۡاٰنٌ مَّجِیۡدٌ ﴿ۙ۲۲﴾
85 : 22 Жок! Ал бир улук Куран –
فِیۡ لَوۡحٍ مَّحۡفُوۡظٍ ﴿٪۲۳﴾
85 : 23 Бир «Лавхи Махфуузда».