بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
11 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
الٓرٰ ۟ کِتٰبٌ اُحۡکِمَتۡ اٰیٰتُہٗ ثُمَّ فُصِّلَتۡ مِنۡ لَّدُنۡ حَکِیۡمٍ خَبِیۡرٍ ۙ﴿۲﴾
11 : 2 Аналлааху араа: Мен – Алламын. Мен көрөмүн. (Бул Китеп) – аяттары туруктуу кылынган, анан акылмандык ээси (жана) дайыма кабардар (Алла) тарабынан жакшылап айкындаштырылган Китеп.
اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّا اللّٰہَ ؕ اِنَّنِیۡ لَکُمۡ مِّنۡہُ نَذِیۡرٌ وَّ بَشِیۡرٌ ۙ﴿۳﴾
11 : 3 (Ал аяттар силерди кулактандырууда): «Силер Алладан башка эч нерсеге ибадат кылбагыла. Мен албетте, силер үчүн Ал (Алла) тарабынан бир эскертүүчү (жана) куш кабар берүүчүмүн.
وَّ اَنِ اسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّکُمۡ ثُمَّ تُوۡبُوۡۤا اِلَیۡہِ یُمَتِّعۡکُمۡ مَّتَاعًا حَسَنًا اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی وَّ یُؤۡتِ کُلَّ ذِیۡ فَضۡلٍ فَضۡلَہٗ ؕ وَ اِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ کَبِیۡرٍ ﴿۴﴾
11 : 4 Жана силер Раббиӊерден кечирим сурагыла, анан Ага тобо кылган бойдон ийилгиле, Ал силерге белгиленген мөөнөткө чейин эӊ жакшы жашоо керектөөлөрүн берет. Ал ар бир артыкчылык ээсине анын кадыр-баркына жараша берешендик тартуу кылат. Эгер силер жүз бурсаӊар, анда албетте, мен силер үчүн бир улуу күндүн азабынан коркомун.
اِلَی اللّٰہِ مَرۡجِعُکُمۡ ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۵﴾
11 : 5 Аллага гана кайтышыӊар бар. Ал Өзү каалган бардык нерсеге дайыма кудуреттүү.
اَلَاۤ اِنَّہُمۡ یَثۡنُوۡنَ صُدُوۡرَہُمۡ لِیَسۡتَخۡفُوۡا مِنۡہُ ؕ اَلَا حِیۡنَ یَسۡتَغۡشُوۡنَ ثِیَابَہُمۡ ۙ یَعۡلَمُ مَا یُسِرُّوۡنَ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ۚ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۶﴾
11 : 6 Сак болгула! Албетте, алар Андан жашынуу үчүн көкүрөктөрүн бурушат. Билгиле! Алар кийимдерин кийип жатышканда, Ал алардын эмнени жашырып жаткандарын жана эмнени ачык кылып жаткандарын билет. Албетте, Ал көкүрөктөрүндөгү нерселерди жакшы билүүчү.
وَ مَا مِنۡ دَآبَّۃٍ فِی الۡاَرۡضِ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ رِزۡقُہَا وَ یَعۡلَمُ مُسۡتَقَرَّہَا وَ مُسۡتَوۡدَعَہَا ؕ کُلٌّ فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۷﴾
11 : 7 Жердеги ар бир жандыктын ырыскысы Алланын милдетинде. Ал анын убактылуу турак жайын дагы, түбөлүктүү турак жайын дагы билет. Бардык нерселер бир ачык-айкын Китепте бар.
وَ ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ وَّ کَانَ عَرۡشُہٗ عَلَی الۡمَآءِ لِیَبۡلُوَکُمۡ اَیُّکُمۡ اَحۡسَنُ عَمَلًا ؕ وَ لَئِنۡ قُلۡتَ اِنَّکُمۡ مَّبۡعُوۡثُوۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِ الۡمَوۡتِ لَیَقُوۡلَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۸﴾
11 : 8 Ошол эле (Алла) асмандар жана жерди алты күндө жараткан. Араӊардан кайсы бириӊер эӊ жакшы амал кылуучуӊарды сыноосу үчүн Анын Аршы суунун үстүндө эле. Эгер сен: «Албетте, силер каза болгонуӊардан кийин тургузуласыӊар», - деп айтсаӊ, каапыр болгондор албетте: «Бул ачыктан-ачык жалгандан бөлөк эч нерсе эмес», - дешет.
وَ لَئِنۡ اَخَّرۡنَا عَنۡہُمُ الۡعَذَابَ اِلٰۤی اُمَّۃٍ مَّعۡدُوۡدَۃٍ لَّیَقُوۡلُنَّ مَا یَحۡبِسُہٗ ؕ اَلَا یَوۡمَ یَاۡتِیۡہِمۡ لَیۡسَ مَصۡرُوۡفًا عَنۡہُمۡ وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ٪﴿۹﴾
11 : 9 Эгер Биз азапты бир аз мөөнөткө чейин алардан кечиктирсек, алар албетте: «Аны эмне тосуп туруптур?» - дешет. Билгиле! Ал аларга келе турган күнү анын алардан кечиктирилиши мүмкүн эмес. Алар шылдыӊ-мазак кылып жүргөн ошол (убада кылынган азап) аларды курчап алат.
وَ لَئِنۡ اَذَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ مِنَّا رَحۡمَۃً ثُمَّ نَزَعۡنٰہَا مِنۡہُ ۚ اِنَّہٗ لَیَـُٔوۡسٌ کَفُوۡرٌ ﴿۱۰﴾
11 : 10 Эгер Биз Өзүбүздөн кандайдыр бир рахмат даамын адамзатка таттырып, анан аны андан тартып алсак, ал албетте, абдан үмүтсүз жана өтө шүкүрсүз болуп калат.
وَ لَئِنۡ اَذَقۡنٰہُ نَعۡمَآءَ بَعۡدَ ضَرَّآءَ مَسَّتۡہُ لَیَقُوۡلَنَّ ذَہَبَ السَّیِّاٰتُ عَنِّیۡ ؕ اِنَّہٗ لَفَرِحٌ فَخُوۡرٌ ﴿ۙ۱۱﴾
11 : 11 Жана эгер ага жеткен кандайдыр бир балээден кийин Биз ага нээмат-кут тартууласак, ал албетте: «Бардык балээлер менден алыс кетти», - дейт. Албетте, ал (арзыбас нерсеге) абдан кубануучу (жана) абдан мактануучу болуп калат.
اِلَّا الَّذِیۡنَ صَبَرُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ اَجۡرٌ کَبِیۡرٌ ﴿۱۲﴾
11 : 12 Сабырдуулук кылган жана жакшы амалдарды кылгандар буга кирбейт. Мына ошолор үчүн чоӊ кечирим жана үлкөн сыйлык бар.
فَلَعَلَّکَ تَارِکٌۢ بَعۡضَ مَا یُوۡحٰۤی اِلَیۡکَ وَ ضَآئِقٌۢ بِہٖ صَدۡرُکَ اَنۡ یَّقُوۡلُوۡا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ کَنۡزٌ اَوۡ جَآءَ مَعَہٗ مَلَکٌ ؕ اِنَّمَاۤ اَنۡتَ نَذِیۡرٌ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ وَّکِیۡلٌ ﴿ؕ۱۳﴾
11 : 13 Демек, сен үчүн өзүӊө кылынып жаткан вахий-аяндан бир азын таштап коюу мүмкүнбү? Анткени, алардын: «Эмнеге аны менен бирге кандайдыр бир казына түшүрүлгөн эмес же аны менен бирге кандайдыр бир периште келген эмес?» - дегендеринен көкүрөгүӊ сыгылат. Сен болгону бир эскертүүчүсүӊ. Алла бардык нерсенин үстүнөн күзөтүүчү.
اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰٮہُ ؕ قُلۡ فَاۡتُوۡا بِعَشۡرِ سُوَرٍ مِّثۡلِہٖ مُفۡتَرَیٰتٍ وَّ ادۡعُوۡا مَنِ اسۡتَطَعۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۴﴾
11 : 14 Же алар: «Ал муну ойлоп чыгарган», - дешет. Айт: «Андай болсо, ошого окшош ойлоп чыгарылган он чакты сүрөө келтиргилечи жана Алладан башка чакыра турганыӊарды (жардам үчүн) чакыргыла, эгер чынчыл болсоӊор?»
فَاِلَّمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَکُمۡ فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّمَاۤ اُنۡزِلَ بِعِلۡمِ اللّٰہِ وَ اَنۡ لَّاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۵﴾
11 : 15 Демек, эгер алар силерге: «Ооба!» - деп жооп беришпесе, анда бул болгону Алланын илими менен түшүрүлгөнүн жана Андан башка эч кандай кудай жок экенин билип койгула. Демек, силер баш ийүүчү болосуӊарбы (же жокпу?)
مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا وَ زِیۡنَتَہَا نُوَفِّ اِلَیۡہِمۡ اَعۡمَالَہُمۡ فِیۡہَا وَ ہُمۡ فِیۡہَا لَا یُبۡخَسُوۡنَ ﴿۱۶﴾
11 : 16 Кимде-ким дүйнөлүк жашоо жана анын зыйнатын кааласа, Биз аларга амалдарынын толук акысын мына ушул (дүйнө)дө берип коёбуз жана мында алардын акылары кыйылбайт.
اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ لَیۡسَ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ اِلَّا النَّارُ ۫ۖ وَ حَبِطَ مَا صَنَعُوۡا فِیۡہَا وَ بٰطِلٌ مَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۷﴾
11 : 17 Мына ошолор үчүн акыретте оттон бөлөк эч нерсе жок жана алар бул (дүйнө)дө эмнени кылган болсо, ал текке кетет жана алар кылып жүргөн бардык нерселер калп болуп чыгат.
اَفَمَنۡ کَانَ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّہٖ وَ یَتۡلُوۡہُ شَاہِدٌ مِّنۡہُ وَ مِنۡ قَبۡلِہٖ کِتٰبُ مُوۡسٰۤی اِمَامًا وَّ رَحۡمَۃً ؕ اُولٰٓئِکَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡفُرۡ بِہٖ مِنَ الۡاَحۡزَابِ فَالنَّارُ مَوۡعِدُہٗ ۚ فَلَا تَکُ فِیۡ مِرۡیَۃٍ مِّنۡہُ ٭ اِنَّہُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۸﴾
11 : 18 Демек, өз Раббиси тарабынан бир ачык-айкын далил үстүндө турган жана өзүнүн аркасынан келе турган бир күбөсү бар болгон, ошондой эле андан мурун Мусанын Китеби имам жана рахмат катары болгон киши (жалганчы боло алабы?) Мына ушулар – (бул убада кылынган пайгамбар чакыра тургандар аягында) ага ыйман келтиришет. Анан тайпалардын арасынан ким аны четке какса, от анын убада кылынган жайы болот. Демек, бул жөнүндө сен эч кандай шекте калба! Албетте, мына ушул Раббиӊ тарабынан акыйкат, бирок көпчүлүк ыйман келтиришпейт.
وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا ؕ اُولٰٓئِکَ یُعۡرَضُوۡنَ عَلٰی رَبِّہِمۡ وَ یَقُوۡلُ الۡاَشۡہَادُ ہٰۤؤُلَآءِ الَّذِیۡنَ کَذَبُوۡا عَلٰی رَبِّہِمۡ ۚ اَلَا لَعۡنَۃُ اللّٰہِ عَلَی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۱۹﴾
11 : 19 Аллага каршы жалган жалаа жапкан бирөөнөн заалимирээк ким бар? Мына ушулар өз Раббисинин алдына келтирилишет жана күбөлөр: «Өз Раббисине каршы жалган сүйлөгөн бирөөлөр – мына булар», - дешет. Сак болгула! Зулумдук кылуучуларга Алланын каргышы бар –
الَّذِیۡنَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ یَبۡغُوۡنَہَا عِوَجًا ؕ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۲۰﴾
11 : 20 Алланын жолунан тосо турган жана аны кыйшык (кылууну) тилей тургандарга. Ошолор гана акыретти четке кага тургандар.
اُولٰٓئِکَ لَمۡ یَکُوۡنُوۡا مُعۡجِزِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا کَانَ لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ اَوۡلِیَآءَ ۘ یُضٰعَفُ لَہُمُ الۡعَذَابُ ؕ مَا کَانُوۡا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ السَّمۡعَ وَ مَا کَانُوۡا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۲۱﴾
11 : 21 Жерде (Алланын пенделерин) эч качан алсыз кыла албай тургандар (да) мына ушулар. Алар үчүн Алладан өзгө эч бир дос жок. Алар үчүн азап көбөйтүлүп жиберилет. Алар эч бир нерсени уга да алышпайт жана эч бир нерсени көрө да алышпайт.
اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۲۲﴾
11 : 22 Өздөрүнө-өздөрү зыян кылгандар – мына ошолор. Алар ойлоп чыгарган жалган алардан жок болду.
لَا جَرَمَ اَنَّہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ ہُمُ الۡاَخۡسَرُوۡنَ ﴿۲۳﴾
11 : 23 Албетте, акыретте мына ошолор гана эӊ чоӊ зыян көрүүчү болушат.
اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ اَخۡبَتُوۡۤا اِلٰی رَبِّہِمۡ ۙ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۴﴾
11 : 24 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган жана өз Раббиси тарабына ийилгендер – мына ошолор бейиш ээлери. Алар анда түбөлүккө калуучулар.
مَثَلُ الۡفَرِیۡقَیۡنِ کَالۡاَعۡمٰی وَ الۡاَصَمِّ وَ الۡبَصِیۡرِ وَ السَّمِیۡعِ ؕ ہَلۡ یَسۡتَوِیٰنِ مَثَلًا ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿٪۲۵﴾
11 : 25 (Бул) эки тайпанын мисалы кудум сокур жана дүлөй, ошондой эле көрүүсү өткүр жана угуусу күчтүү сыяктуу. Бул экөөсү мисал жагынан теӊ боло алабы? Демек, силер ибарат албайсыӊарбы?
وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا اِلٰی قَوۡمِہٖۤ ۫ اِنِّیۡ لَکُمۡ نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۲۶﴾
11 : 26 Албетте, Биз Нухту дагы өз коомуна жөнөткөн элек. (Ал айтты): «Мен албетте, силер үчүн ачыктан-ачык бир эскертүүчүмүн.
اَنۡ لَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّا اللّٰہَ ؕ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ اَلِیۡمٍ ﴿۲۷﴾
11 : 27 Силер Алладан башкага ибадат кылбагыла. Мен албетте, силер үчүн бир оор күндүн азабынан коркомун».
فَقَالَ الۡمَلَاُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖ مَا نَرٰٮکَ اِلَّا بَشَرًا مِّثۡلَنَا وَ مَا نَرٰٮکَ اتَّبَعَکَ اِلَّا الَّذِیۡنَ ہُمۡ اَرَاذِلُنَا بَادِیَ الرَّاۡیِ ۚ وَ مَا نَرٰی لَکُمۡ عَلَیۡنَا مِنۡ فَضۡلٍۭ بَلۡ نَظُنُّکُمۡ کٰذِبِیۡنَ ﴿۲۸﴾
11 : 28 Ошондо, анын коомунун каапырлык кылган башчылары айтышты: «Биз болгону сени өзүбүзгө окшогон бир адам деп билебиз жана бир караганда, биздин эӊ төмөнкүлөрүбүздөн башкасы сени ээрчигенин көрбөйбүз. Бизге караганда, силердин кандайдыр бир артыкчылыгыӊарды билбейбиз. Тескерисинче, биз силерди жалганчы деп ойлойбуз».
قَالَ یٰقَوۡمِ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کُنۡتُ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّیۡ وَ اٰتٰٮنِیۡ رَحۡمَۃً مِّنۡ عِنۡدِہٖ فَعُمِّیَتۡ عَلَیۡکُمۡ ؕ اَنُلۡزِمُکُمُوۡہَا وَ اَنۡتُمۡ لَہَا کٰرِہُوۡنَ ﴿۲۹﴾
11 : 29 Ал айтты: «Эй, коомум! Ойлоп көргүлөчү? Эгер мен өз Раббим тарабынан бир ачык далилде турган болсом жана Ал мага Өз тарабынан рахмат тартуулаган болсо жана бул нерсе силерге караӊгы болсо, силер андан катуу жийиркенсеӊер, анда биз силерди ага мажбурлай алабызбы?
وَ یٰقَوۡمِ لَاۤ اَسۡئَلُکُمۡ عَلَیۡہِ مَالًا ؕ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ وَ مَاۤ اَنَا بِطَارِدِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ اِنَّہُمۡ مُّلٰقُوۡا رَبِّہِمۡ وَ لٰکِنِّیۡۤ اَرٰٮکُمۡ قَوۡمًا تَجۡہَلُوۡنَ ﴿۳۰﴾
11 : 30 Эй, коомум! Бул үчүн мен силерден эч кандай мал-мүлк талап кылбаймын. Менин сыйлыгым бир гана Алланын алдында жана мен ыйман келтиргендерди эч качан куугунтуктоочу эмесмин. Албетте, алар өз Раббисине жолугуучулар. Бирок, мен силерди наадандык кылып жаткан коом катары көрөмүн.
وَ یٰقَوۡمِ مَنۡ یَّنۡصُرُنِیۡ مِنَ اللّٰہِ اِنۡ طَرَدۡتُّہُمۡ ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۳۱﴾
11 : 31 Эй, коомум! Эгер мен аларды кууп жиберсем, анда Алладан коргонууда мага ким жардам берет? Демек, силер ибарат албайсыӊарбы?
وَ لَاۤ اَقُوۡلُ لَکُمۡ عِنۡدِیۡ خَزَآئِنُ اللّٰہِ وَ لَاۤ اَعۡلَمُ الۡغَیۡبَ وَ لَاۤ اَقُوۡلُ اِنِّیۡ مَلَکٌ وَّ لَاۤ اَقُوۡلُ لِلَّذِیۡنَ تَزۡدَرِیۡۤ اَعۡیُنُکُمۡ لَنۡ یُّؤۡتِیَہُمُ اللّٰہُ خَیۡرًا ؕ اَللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ ۚۖ اِنِّیۡۤ اِذًا لَّمِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۳۲﴾
11 : 32 Мен силерге: «Менде Алланын казыналары бар», - дебеймин. «Мен кайыпты да билемин жана мен периштемин», - деп дагы айтпаймын; ошондой эле көздөрүӊөр пас-төмөн жана кор деп көргөн кишилер туурасында: «Алла аларга эч бир жакшылык тартуу кылбайт», - деп дагы айтпаймын. Алардын көӊүлдөрүндөгүнү Алла баарынан жакшы билет. (Эгер силер айтып жаткан нерсени мен дагы айтсам), анда мен албетте, заалимдерден болуп каламын».
قَالُوۡا یٰنُوۡحُ قَدۡ جٰدَلۡتَنَا فَاَکۡثَرۡتَ جِدَالَنَا فَاۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَاۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۳۳﴾
11 : 33 Алар айтышты: «Эй, Нух! Сен биз менен жаӊжалдаштыӊ жана биз менен жаӊжалдашууда абдан озуп кеттиӊ. Ошондуктан, эми бизди коркутуп жаткан нерсеӊди алып келе бер, эгер чынчылдардан болсоӊ».
قَالَ اِنَّمَا یَاۡتِیۡکُمۡ بِہِ اللّٰہُ اِنۡ شَآءَ وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ ﴿۳۴﴾
11 : 34 Ал айтты: «Албетте, Алланын Өзү аны силерге алып келет, эгер Ал кааласа. Силер (Аны) эч качан алсыратуучу боло албайсыӊар.
وَ لَا یَنۡفَعُکُمۡ نُصۡحِیۡۤ اِنۡ اَرَدۡتُّ اَنۡ اَنۡصَحَ لَکُمۡ اِنۡ کَانَ اللّٰہُ یُرِیۡدُ اَنۡ یُّغۡوِیَکُمۡ ؕ ہُوَ رَبُّکُمۡ ۟ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿ؕ۳۵﴾
11 : 35 Алла силерди адашкан деп өкүм чыгармакчы болсо, мейли мен силерге насаат кылууга ниет кылсам дагы, менин насаатым силерге эч кандай пайда бербейт. Ал силердин Раббиӊер жана Ага гана силер кайтарыласыӊар».
اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰٮہُ ؕ قُلۡ اِنِ افۡتَرَیۡتُہٗ فَعَلَیَّ اِجۡرَامِیۡ وَ اَنَا بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تُجۡرِمُوۡنَ ﴿٪۳۶﴾
11 : 36 Алар: «Ал аны ойлоп чыгарган», - дешеби? Айткын: «Эгер мен аны ойлоп чыгарганымда, менин күнөөмдүн кесепети өзүмө тиер эле. Силер жасап жаткан күнөөлөрдөн мен алысмын».
وَ اُوۡحِیَ اِلٰی نُوۡحٍ اَنَّہٗ لَنۡ یُّؤۡمِنَ مِنۡ قَوۡمِکَ اِلَّا مَنۡ قَدۡ اٰمَنَ فَلَا تَبۡتَئِسۡ بِمَا کَانُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿ۚۖ۳۷﴾
11 : 37 Нухка (ушундай) вахий-аян кылынды: «Ыйман келтирип болгон адамдан бөлөк коомуӊдан дагы эч ким ыйман келтирбейт. Ошондуктан, алар кылып жаткан иштеринен кайгырба!
وَ اصۡنَعِ الۡفُلۡکَ بِاَعۡیُنِنَا وَ وَحۡیِنَا وَ لَا تُخَاطِبۡنِیۡ فِی الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ۚ اِنَّہُمۡ مُّغۡرَقُوۡنَ ﴿۳۸﴾
11 : 38 Биздин көздөрүбүздүн алдында жана Биздин вахий-аяныбызга ылайык кеме жасагын жана зулумдук кылгандар туурасында Мага такыр ооз ачпагын. Албетте, алар чөктүрүлүүчүлөр».
وَ یَصۡنَعُ الۡفُلۡکَ ۟ وَ کُلَّمَا مَرَّ عَلَیۡہِ مَلَاٌ مِّنۡ قَوۡمِہٖ سَخِرُوۡا مِنۡہُ ؕ قَالَ اِنۡ تَسۡخَرُوۡا مِنَّا فَاِنَّا نَسۡخَرُ مِنۡکُمۡ کَمَا تَسۡخَرُوۡنَ ﴿ؕ۳۹﴾
11 : 39 Ал кеме жасай берген. Ар жолу анын коомунун башчылары анын жанынан өтүшкөндө, аны маскара кылышаар эле. Ал айтты: «Эгер силер бизди маскара кылсаӊар, албетте, биз дагы силер маскара кылып жатканыӊар сыяктуу силерди маскара кылабыз.
فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۙ مَنۡ یَّاۡتِیۡہِ عَذَابٌ یُّخۡزِیۡہِ وَ یَحِلُّ عَلَیۡہِ عَذَابٌ مُّقِیۡمٌ ﴿۴۰﴾
11 : 40 Ошентип, жакын арада силер кимдин үстүнө азап келип, аны кор кылууну жана кимдин үстүнө туруп калуучу азап түшүүнү билип аласыӊар.
حَتّٰۤی اِذَا جَآءَ اَمۡرُنَا وَ فَارَ التَّنُّوۡرُ ۙ قُلۡنَا احۡمِلۡ فِیۡہَا مِنۡ کُلٍّ زَوۡجَیۡنِ اثۡنَیۡنِ وَ اَہۡلَکَ اِلَّا مَنۡ سَبَقَ عَلَیۡہِ الۡقَوۡلُ وَ مَنۡ اٰمَنَ ؕ وَ مَاۤ اٰمَنَ مَعَہٗۤ اِلَّا قَلِیۡلٌ ﴿۴۱﴾
11 : 41 А түгүл Биздин буйругубуз келгенде жана булактар кайнап чыкканда, Биз (Нухка) айттык: «Бул (кеме)ге ар түрдүү (керектүү жаныбар)лардан бир жуптан жана өз үй-бүлөӊдүн арасынан өкүм чыгарылгандарынан башкаларын дагы чыгаргын жана ыйман келтиргендерди (дагы чыгаргын). Аны менен бирге азчылык ыйман келтирди.
وَ قَالَ ارۡکَبُوۡا فِیۡہَا بِسۡمِ اللّٰہِ مَجۡؔرٖٮہَا وَ مُرۡسٰٮہَا ؕ اِنَّ رَبِّیۡ لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۴۲﴾
11 : 42 Ал айтты: «Буга чыккыла, анын жүрүшү да, анын токтошу да Алланын наамы менен гана. Албетте, Раббим өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
وَ ہِیَ تَجۡرِیۡ بِہِمۡ فِیۡ مَوۡجٍ کَالۡجِبَالِ ۟ وَ نَادٰی نُوۡحُ ۣ ابۡنَہٗ وَ کَانَ فِیۡ مَعۡزِلٍ یّٰـبُنَیَّ ارۡکَبۡ مَّعَنَا وَ لَا تَکُنۡ مَّعَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۴۳﴾
11 : 43 Ал (кеме) аларды алып, тоолордой толкундарда жүрө берди. Нух өзүнчө жайда болгон уулуна кайрылды: «Эй, уулум! Биз менен (кемеге) чык, каапырлар менен бирге болбо!»
قَالَ سَاٰوِیۡۤ اِلٰی جَبَلٍ یَّعۡصِمُنِیۡ مِنَ الۡمَآءِ ؕ قَالَ لَا عَاصِمَ الۡیَوۡمَ مِنۡ اَمۡرِ اللّٰہِ اِلَّا مَنۡ رَّحِمَ ۚ وَ حَالَ بَیۡنَہُمَا الۡمَوۡجُ فَکَانَ مِنَ الۡمُغۡرَقِیۡنَ ﴿۴۴﴾
11 : 44 Ал жооп кылды: «Мен тез арада бир тоодон паана (таап) аламын, ал мени суудан сактап калат». Ал айтты: «Бүгүн Алланын амиринен эч кандай сактоочу жок, бирок Ал ырайым кылган киши (гана аман калат)». Ошондо алардын арасына бир толкун келип, ал чөктүрүлүүчүлөрдөн болду.
وَ قِیۡلَ یٰۤاَرۡضُ ابۡلَعِیۡ مَآءَکِ وَ یٰسَمَآءُ اَقۡلِعِیۡ وَ غِیۡضَ الۡمَآءُ وَ قُضِیَ الۡاَمۡرُ وَ اسۡتَوَتۡ عَلَی الۡجُوۡدِیِّ وَ قِیۡلَ بُعۡدًا لِّلۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۵﴾
11 : 45 «Эй, жер! Сууӊду жуткун жана эй, асман! Токтогун!» - деп айтылды. Суу кургатылды жана маселе чечилди. Ал (кеме) Жудий (тоосунун) үстүнө токтоду жана: «Заалим коомго балакет болсун!» - деп айтылды.
وَ نَادٰی نُوۡحٌ رَّبَّہٗ فَقَالَ رَبِّ اِنَّ ابۡنِیۡ مِنۡ اَہۡلِیۡ وَ اِنَّ وَعۡدَکَ الۡحَقُّ وَ اَنۡتَ اَحۡکَمُ الۡحٰکِمِیۡنَ ﴿۴۶﴾
11 : 46 Нух өзүнүн Раббисине кайрылып айтты: «Эй, Раббим! Албетте, менин уулум дагы менин үй-бүлөмдөн жана Сенин убадаӊ албетте, ак-чын . Сен өкүм кылуучулардын эӊ жакшысысыӊ».
قَالَ یٰنُوۡحُ اِنَّہٗ لَیۡسَ مِنۡ اَہۡلِکَ ۚ اِنَّہٗ عَمَلٌ غَیۡرُ صَالِحٍ ٭۫ۖ فَلَا تَسۡـَٔلۡنِ مَا لَـیۡسَ لَکَ بِہٖ عِلۡمٌ ؕ اِنِّیۡۤ اَعِظُکَ اَنۡ تَکُوۡنَ مِنَ الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۴۷﴾
11 : 47 Ал айтты: «Эй, Нух! Албетте, ал сенин үй-бүлөӊдөн эмес. Албетте, ал амалы таза эмес (киши) болгон. Ошондуктан, өзүӊ эч билбеген нерсеӊди Менден сураба! Мен сага наадандардан болуп калбагын деп насаат кыламын».
قَالَ رَبِّ اِنِّیۡۤ اَعُوۡذُ بِکَ اَنۡ اَسۡـَٔلَکَ مَا لَـیۡسَ لِیۡ بِہٖ عِلۡمٌ ؕ وَ اِلَّا تَغۡفِرۡ لِیۡ وَ تَرۡحَمۡنِیۡۤ اَکُنۡ مِّنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۴۸﴾
11 : 48 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мен билбеген нерсе тууралуу Сенден суроодон паанаӊды тилеймин. Эгер Сен мени кечирбесеӊ жана мага ырайым кылбасаӊ, мен албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп каламын».
قِیۡلَ یٰنُوۡحُ اہۡبِطۡ بِسَلٰمٍ مِّنَّا وَ بَرَکٰتٍ عَلَیۡکَ وَ عَلٰۤی اُمَمٍ مِّمَّنۡ مَّعَکَ ؕ وَ اُمَمٌ سَنُمَتِّعُہُمۡ ثُمَّ یَمَسُّہُمۡ مِّنَّا عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۴۹﴾
11 : 49 (Ошондо) айтылды: «Эй, Нух! Биз тараптан саламаттык менен жана сага да, сени менен бирге (кемеге чыккан) коомдорго да болгон берекеттер менен түшкүн! Айрым башка коомдор (дагы) бар: аларга Биз албетте, пайда жеткиребиз, (бирок) андан кийин аларга Биз жактан оор азап жетет».
تِلۡکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ الۡغَیۡبِ نُوۡحِیۡہَاۤ اِلَیۡکَ ۚ مَا کُنۡتَ تَعۡلَمُہَاۤ اَنۡتَ وَ لَا قَوۡمُکَ مِنۡ قَبۡلِ ہٰذَا ؕۛ فَاصۡبِرۡ ؕۛ اِنَّ الۡعَاقِبَۃَ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿٪۵۰﴾
11 : 50 Бул – Биз сага вахий-аян кылып жаткан кайып кабарларынан. Сен мындан илгери муну билбейт элеӊ жана коомуӊ дагы (билбейт эле). Ошентип, сабыр кылгын. (Жакшы) акыбет албетте, такыбалардыкы.
وَ اِلٰی عَادٍ اَخَاہُمۡ ہُوۡدًا ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا مُفۡتَرُوۡنَ ﴿۵۱﴾
11 : 51 Аад (коому)на Биз алардын тууганы Худду (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок! Силер болгону жалганды ойлоп чыгаруучусуӊар.
یٰقَوۡمِ لَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ اَجۡرًا ؕ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلَی الَّذِیۡ فَطَرَنِیۡ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۵۲﴾
11 : 52 Эй, коомум! Бул (кызмат) үчүн мен силерден эч кандай сыйлык талап кылбаймын, менин сыйлыгым бир гана мени жараткан (Алла)нын алдында. Демек, акылыӊарды иштетпейсиӊерби?
وَ یٰقَوۡمِ اسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّکُمۡ ثُمَّ تُوۡبُوۡۤا اِلَیۡہِ یُرۡسِلِ السَّمَآءَ عَلَیۡکُمۡ مِّدۡرَارًا وَّ یَزِدۡکُمۡ قُوَّۃً اِلٰی قُوَّتِکُمۡ وَ لَا تَتَوَلَّوۡا مُجۡرِمِیۡنَ ﴿۵۳﴾
11 : 53 Эй, коомум! Раббиӊерден кечирим сурагыла; Анан тобо кылган бойдон Ага гана ийилгиле; Ал силерге тынымсыз жамгыр жаадыра турган булуттарды жиберет жана күчүӊөргө күч кошот; күнөө кылган бойдон жүз буруп кетпегиле».
قَالُوۡا یٰہُوۡدُ مَا جِئۡتَنَا بِبَیِّنَۃٍ وَّ مَا نَحۡنُ بِتَارِکِیۡۤ اٰلِہَتِنَا عَنۡ قَوۡلِکَ وَ مَا نَحۡنُ لَکَ بِمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۵۴﴾
11 : 54 Алар айтышты: «Эй, Худ! Сен бизге эч бир ачык-айкын далил келтирбедиӊ, биз жалаӊ сенин сөзүӊө уюп, кудайларыбызды таштоочу эмеспиз жана биз сага эч качан ыйман келтирүүчү боло албайбыз.
اِنۡ نَّقُوۡلُ اِلَّا اعۡتَرٰٮکَ بَعۡضُ اٰلِہَتِنَا بِسُوۡٓءٍ ؕ قَالَ اِنِّیۡۤ اُشۡہِدُ اللّٰہَ وَ اشۡہَدُوۡۤا اَنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۵۵﴾
11 : 55 Биз: «Кудайларыбыздын бирөөсү сага кара көлөкө салып койгон», - деп айтуудан бөлөк эч нерсе дебейбиз». Ал айтты: «Албетте, Алланы күбө кыламын жана силер дагы күбө болгула, силер (Аллага) шерик кылып жаткан нерселериӊерден мен алысмын –
مِنۡ دُوۡنِہٖ فَکِیۡدُوۡنِیۡ جَمِیۡعًا ثُمَّ لَا تُنۡظِرُوۡنِ ﴿۵۶﴾
11 : 56 Ал – (Алла)дан башкасынан. Демек, баарыӊар бир болуп, мага каршы айла-амал колдонгула, анан мага эч кандай мөөнөт бербегиле.
اِنِّیۡ تَوَکَّلۡتُ عَلَی اللّٰہِ رَبِّیۡ وَ رَبِّکُمۡ ؕ مَا مِنۡ دَآبَّۃٍ اِلَّا ہُوَ اٰخِذٌۢ بِنَاصِیَتِہَا ؕ اِنَّ رَبِّیۡ عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۵۷﴾
11 : 57 Албетте, мен өзүмдүн Раббим жана силердин дагы Раббиӊер болгон Аллага гана тобокел кыламын. Ар бир кыбыр эткен жандыкты Алла көкүлүнөн кармап туруптур. Албетте, менин Раббим туура жолдо (табылат).
فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَقَدۡ اَبۡلَغۡتُکُمۡ مَّاۤ اُرۡسِلۡتُ بِہٖۤ اِلَیۡکُمۡ ؕ وَ یَسۡتَخۡلِفُ رَبِّیۡ قَوۡمًا غَیۡرَکُمۡ ۚ وَ لَا تَضُرُّوۡنَہٗ شَیۡئًا ؕ اِنَّ رَبِّیۡ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ حَفِیۡظٌ ﴿۵۸﴾
11 : 58 Ошентип, эгер силер жүз буруп кетсеӊер, анда кайсы нерселер менен силерге жөнөтүлгөн болсом, алардын бардыгын силерге жеткирип болдум. Менин Раббим силердин ордуӊарга бир башка коомду орун басар кылып коёт жана силер Ага эч кандай зыян жеткире албайсыӊар. Албетте, менин Раббим бардык нерсенин үстүнөн зор күзөтүүчү».
وَ لَمَّا جَآءَ اَمۡرُنَا نَجَّیۡنَا ہُوۡدًا وَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ بِرَحۡمَۃٍ مِّنَّا ۚ وَ نَجَّیۡنٰہُمۡ مِّنۡ عَذَابٍ غَلِیۡظٍ ﴿۵۹﴾
11 : 59 Ошентип, Биздин буйругубуз келгенде, Биз Худду жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди Өз рахматыбыз менен куткардык жана Биз аларды катуу азаптан сактадык.
وَ تِلۡکَ عَادٌ ۟ۙ جَحَدُوۡا بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ وَ عَصَوۡا رُسُلَہٗ وَ اتَّبَعُوۡۤا اَمۡرَ کُلِّ جَبَّارٍ عَنِیۡدٍ ﴿۶۰﴾
11 : 60 Булар – Аад (коому). Алар өз Раббисинин аяттарын четке кагышты жана Анын пайгамбарларына баш ийбестик кылышты жана ар бир өтө эзүүчү (жана) чектен чыгуучунун амирин ээрчишчү эле.
وَ اُتۡبِعُوۡا فِیۡ ہٰذِہِ الدُّنۡیَا لَعۡنَۃً وَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ عَادًا کَفَرُوۡا رَبَّہُمۡ ؕ اَلَا بُعۡدًا لِّعَادٍ قَوۡمِ ہُوۡدٍ ﴿٪۶۱﴾
11 : 61 Бул дүйнөдө дагы алардын аркасынан каргыш салынды жана кыямат күнү дагы. Сак болгула! Албетте, Аад (коому) өз Раббисин четке какты. Сак болгула! Худдун коому Аадга өлүм болсун!
وَ اِلٰی ثَمُوۡدَ اَخَاہُمۡ صٰلِحًا ۘ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ ہُوَ اَنۡشَاَکُمۡ مِّنَ الۡاَرۡضِ وَ اسۡتَعۡمَرَکُمۡ فِیۡہَا فَاسۡتَغۡفِرُوۡہُ ثُمَّ تُوۡبُوۡۤا اِلَیۡہِ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ قَرِیۡبٌ مُّجِیۡبٌ ﴿۶۲﴾
11 : 62 Самууд (коому)на алардын тууганы Саалихти (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок! Ал гана силерди жерден пайда кылды жана анда силерди абат кылды. Ошондуктан, Андан кечирим сурап тургула. Анан тобо менен Ага гана ийилгиле. Албетте, менин Раббим жакын жана дубаны кабыл кылуучу».
قَالُوۡا یٰصٰلِحُ قَدۡ کُنۡتَ فِیۡنَا مَرۡجُوًّا قَبۡلَ ہٰذَاۤ اَتَنۡہٰنَاۤ اَنۡ نَّعۡبُدَ مَا یَعۡبُدُ اٰبَآؤُنَا وَ اِنَّنَا لَفِیۡ شَکٍّ مِّمَّا تَدۡعُوۡنَاۤ اِلَیۡہِ مُرِیۡبٍ ﴿۶۳﴾
11 : 63 Алар айтышты: «Эй, Саалих! Мындан мурун сен биздин арабызда үмүттөр таянычы элеӊ. Ата-бабаларыбыз сыйынып турган нерсеге сыйынуудан бизди кайтарасыӊбы? Биз албетте, сен бизди чакырып жаткан нерсе туурасында тынчсыздандыруучу күмөнгө (кирептер)биз».
قَالَ یٰقَوۡمِ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کُنۡتُ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّیۡ وَ اٰتٰٮنِیۡ مِنۡہُ رَحۡمَۃً فَمَنۡ یَّنۡصُرُنِیۡ مِنَ اللّٰہِ اِنۡ عَصَیۡتُہٗ ۟ فَمَا تَزِیۡدُوۡنَنِیۡ غَیۡرَ تَخۡسِیۡرٍ ﴿۶۴﴾
11 : 64 Ал айтты: «Эй, коомум! Мага айткылачы, эгер мен өз Раббим тарабынан бир ачык-айкын далилде болсом жана Ал мага Өз тарабынан рахмат тартуулаган болсо, ошондо эгер мен Ага баш ийбестик кылсам, анда мени Алладан сактоодо ким мага жардам берет? Силер болсо, мага жалаӊ зыянды арттырасыӊар.
وَ یٰقَوۡمِ ہٰذِہٖ نَاقَۃُ اللّٰہِ لَکُمۡ اٰیَۃً فَذَرُوۡہَا تَاۡکُلۡ فِیۡۤ اَرۡضِ اللّٰہِ وَ لَا تَمَسُّوۡہَا بِسُوۡٓءٍ فَیَاۡخُذَکُمۡ عَذَابٌ قَرِیۡبٌ ﴿۶۵﴾
11 : 65 Эй, коомум! Мына бул Алланын (жолуна арналган) ургаачы төө силер үчүн бир жышаан; ошондуктан, аны (өз жайына) койгула, ал Алланын жеринде оттоп жүрө берсин; ага эч кандай зыян келтирбегиле, болбосо силерди тез арада келүүчү азап кармап алат».
فَعَقَرُوۡہَا فَقَالَ تَمَتَّعُوۡا فِیۡ دَارِکُمۡ ثَلٰثَۃَ اَیَّامٍ ؕ ذٰلِکَ وَعۡدٌ غَیۡرُ مَکۡذُوۡبٍ ﴿۶۶﴾
11 : 66 Буга карабастан, алар анын тарамыштарын кесип ташташты. Ошондо ал айтты: «Үч күн бою үйүӊөрдө убактылуу пайда алгыла. Бул жалганга чыгарылбай турган убада».
فَلَمَّا جَآءَ اَمۡرُنَا نَجَّیۡنَا صٰلِحًا وَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ بِرَحۡمَۃٍ مِّنَّا وَ مِنۡ خِزۡیِ یَوۡمِئِذٍ ؕ اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ الۡقَوِیُّ الۡعَزِیۡزُ ﴿۶۷﴾
11 : 67 Ошентип, Биздин буйругубуз келгенде, Биз Саалихти жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди Өз рахматыбыз менен куткардык жана ошол күндүн кордугунан сактадык. Албетте, сенин Раббиӊ гана түбөлүк күч-кудурет ээси (жана) жеӊүүчү.
وَ اَخَذَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوا الصَّیۡحَۃُ فَاَصۡبَحُوۡا فِیۡ دِیَارِہِمۡ جٰثِمِیۡنَ ﴿ۙ۶۸﴾
11 : 68 Зулумдук кылгандарды катуу күркүрөгөн дабыш тутуп алды. Ошентип, алар үйлөрүндө тизелеп отурган боюнча калып калышты.
کَاَنۡ لَّمۡ یَغۡنَوۡا فِیۡہَا ؕ اَلَاۤ اِنَّ ثَمُوۡدَا۠ کَفَرُوۡا رَبَّہُمۡ ؕ اَلَا بُعۡدًا لِّثَمُوۡدَ ﴿٪۶۹﴾
11 : 69 Тим эле алар эч качан ал (үй)лөрдө жашабагандай. Сак болгула! Самууд (коому) өз Раббисин четке какты. Сак болгула! Самуудга өлүм болсун!
وَ لَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُنَاۤ اِبۡرٰہِیۡمَ بِالۡبُشۡرٰی قَالُوۡا سَلٰمًا ؕ قَالَ سَلٰمٌ فَمَا لَبِثَ اَنۡ جَآءَ بِعِجۡلٍ حَنِیۡذٍ ﴿۷۰﴾
11 : 70 Албетте, Биздин жиберилгендерибиз Ибраахиймге куш кабар алып келишти. Алар: «Салам!» - дешти. Ал дагы: «Салам!» - деди жана дароо алардын алдына бир музоо(нун) куурулган (эти)н алып келди.
فَلَمَّا رَاٰۤ اَیۡدِیَہُمۡ لَا تَصِلُ اِلَیۡہِ نَکِرَہُمۡ وَ اَوۡجَسَ مِنۡہُمۡ خِیۡفَۃً ؕ قَالُوۡا لَا تَخَفۡ اِنَّاۤ اُرۡسِلۡنَاۤ اِلٰی قَوۡمِ لُوۡطٍ ﴿ؕ۷۱﴾
11 : 71 Анан ал алардын колдору ага (тамакка) тийбегенин көрүп, аларды бөтөн сезди жана алардан эмнегедир чоочулады. Алар: «Коркпо! Албетте, биз Лут коомуна жөнөтүлгөнбүз», - дешти.
وَ امۡرَاَتُہٗ قَآئِمَۃٌ فَضَحِکَتۡ فَبَشَّرۡنٰہَا بِاِسۡحٰقَ ۙ وَ مِنۡ وَّرَآءِ اِسۡحٰقَ یَعۡقُوۡبَ ﴿۷۲﴾
11 : 72 Анын аялы (жанында) турган эле, ал күлдү, ошондо Биз ага Исхаак туурасында куш кабар бердик. Исхаактан соӊ Яъкууб туурасында дагы.
قَالَتۡ یٰوَیۡلَتٰۤیءَ اَلِدُ وَ اَنَا عَجُوۡزٌ وَّ ہٰذَا بَعۡلِیۡ شَیۡخًا ؕ اِنَّ ہٰذَا لَشَیۡءٌ عَجِیۡبٌ ﴿۷۳﴾
11 : 73 Ал айтты: «О-ой, мен кемпир жана бул – менин эрим чал болсо, мен бала төрөймүнбү? Албетте, бул абдан таӊгалаарлык нерсе».
قَالُوۡۤا اَتَعۡجَبِیۡنَ مِنۡ اَمۡرِ اللّٰہِ رَحۡمَتُ اللّٰہِ وَ بَرَکٰتُہٗ عَلَیۡکُمۡ اَہۡلَ الۡبَیۡتِ ؕ اِنَّہٗ حَمِیۡدٌ مَّجِیۡدٌ ﴿۷۴﴾
11 : 74 Алар айтышты: «Алланын амирине таӊ каласыӊбы? Силерге Алланын рахматы жана Анын берекелери болсун, эй, үй-бүлө мүчөлөрү! Албетте, Ал мактоо ээси (жана) өтө улук».
فَلَمَّا ذَہَبَ عَنۡ اِبۡرٰہِیۡمَ الرَّوۡعُ وَ جَآءَتۡہُ الۡبُشۡرٰی یُجَادِلُنَا فِیۡ قَوۡمِ لُوۡطٍ ﴿ؕ۷۵﴾
11 : 75 Анан Ибраахиймден коркуу (сезими) жоголуп, ага куш кабар келгенде, ал Биз менен Лут коому тууралуу талаша баштады.
اِنَّ اِبۡرٰہِیۡمَ لَحَلِیۡمٌ اَوَّاہٌ مُّنِیۡبٌ ﴿۷۶﴾
11 : 76 Албетте, Ибраахийм абдан кичи пейил, жумшак көӊүл (жана) ийилүүчү эле.
یٰۤـاِبۡرٰہِیۡمُ اَعۡرِضۡ عَنۡ ہٰذَا ۚ اِنَّہٗ قَدۡ جَآءَ اَمۡرُ رَبِّکَ ۚ وَ اِنَّہُمۡ اٰتِیۡہِمۡ عَذَابٌ غَیۡرُ مَرۡدُوۡدٍ ﴿۷۷﴾
11 : 77 «Эй, Ибраахийм! Бул (нерсе)ден баш тарт. Албетте, Раббиӊдин буйругу келип бүткөн. Албетте, алардын үстүнө кайтарып болбой турган азап келет».
وَ لَمَّا جَآءَتۡ رُسُلُنَا لُوۡطًا سِیۡٓءَ بِہِمۡ وَ ضَاقَ بِہِمۡ ذَرۡعًا وَّ قَالَ ہٰذَا یَوۡمٌ عَصِیۡبٌ ﴿۷۸﴾
11 : 78 Биздин жиберилгендерибиз Луттун алдына келишкенде, ал алар себебинен ыраазы болбоду жана алар себептүү жүрөгү сыгылды. Ал айтты: «Бул абдан оор күн».
وَ جَآءَہٗ قَوۡمُہٗ یُہۡرَعُوۡنَ اِلَیۡہِ ؕ وَ مِنۡ قَبۡلُ کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ السَّیِّاٰتِ ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ ہٰۤؤُلَآءِ بَنَاتِیۡ ہُنَّ اَطۡہَرُ لَکُمۡ فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ لَا تُخۡزُوۡنِ فِیۡ ضَیۡفِیۡ ؕ اَلَـیۡسَ مِنۡکُمۡ رَجُلٌ رَّشِیۡدٌ ﴿۷۹﴾
11 : 79 Анын коому аны карай жүгүрүп келди. Алар мындан мурун дагы жамандык кылышаар эле. Ал айтты: «Эй, коомум! Мына булар менин кыздарым, алар силердин алдыӊарда абдан таза, (абийирдүү). Демек, Алладан корккула жана меймандарымдын алдында мени шерменде кылбагыла. Араӊарда бир дагы акылдуу киши жокпу?»
قَالُوۡا لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَا لَنَا فِیۡ بَنٰتِکَ مِنۡ حَقٍّ ۚ وَ اِنَّکَ لَتَعۡلَمُ مَا نُرِیۡدُ ﴿۸۰﴾
11 : 80 Алар (кепти башка жакка буруп), жооп беришти: «Сенин кыздарыӊ менен ишибиз жоктугун өзүӊ жакшы билесиӊ, ошондой эле биздин эмнени каалаарыбызды дагы албетте, өзүӊ жакшы билесиӊ».
قَالَ لَوۡ اَنَّ لِیۡ بِکُمۡ قُوَّۃً اَوۡ اٰوِیۡۤ اِلٰی رُکۡنٍ شَدِیۡدٍ ﴿۸۱﴾
11 : 81 Ал айтты: «Аттиӊ, силер менен алышууга күчүм жеткенде, же бир бекем таянычтан паана алалсам кана!»
قَالُوۡا یٰلُوۡطُ اِنَّا رُسُلُ رَبِّکَ لَنۡ یَّصِلُوۡۤا اِلَیۡکَ فَاَسۡرِ بِاَہۡلِکَ بِقِطۡعٍ مِّنَ الَّیۡلِ وَ لَا یَلۡتَفِتۡ مِنۡکُمۡ اَحَدٌ اِلَّا امۡرَاَتَکَ ؕ اِنَّہٗ مُصِیۡبُہَا مَاۤ اَصَابَہُمۡ ؕ اِنَّ مَوۡعِدَہُمُ الصُّبۡحُ ؕ اَلَـیۡسَ الصُّبۡحُ بِقَرِیۡبٍ ﴿۸۲﴾
11 : 82 Алар айтышты: «Эй, Лут! Албетте, биз Раббиӊ тарабынан жиберилгенбиз, булар сага эч нерсе кыла алышпайт. Ошентип, түндүн бир бөлүгүндө өз үй-бүлөӊ менен үйдөн чыгып кет жана аялыӊдан бөлөк эч ким артына бурулуп карабасын. Албетте, аларга келе турган балээ ага дагы тиет. Аларга убада кылынган убакыт таӊ-заар. Акыры, таӊ жакын эмеспи?!»
فَلَمَّا جَآءَ اَمۡرُنَا جَعَلۡنَا عَالِیَہَا سَافِلَہَا وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہَا حِجَارَۃً مِّنۡ سِجِّیۡلٍ ۬ۙ مَّنۡضُوۡدٍ ﴿ۙ۸۳﴾
11 : 83 Анан Биздин буйругубуз келгенде, Биз ал (кыштак)ты астын-үстүн кылып жибердик жана анын үстүнө удаа-удаа чоподон жасалган таш жамгырын жаадырдык –
مُّسَوَّمَۃً عِنۡدَ رَبِّکَ ؕ وَ مَا ہِیَ مِنَ الظّٰلِمِیۡنَ بِبَعِیۡدٍ ﴿٪۸۴﴾
11 : 84 Ал (таш)тар Раббиӊдин алдында белгиленип коюлган болчу. Мындай (мамиле) заалимдерден алыс эмес.
وَ اِلٰی مَدۡیَنَ اَخَاہُمۡ شُعَیۡبًا ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ وَ لَا تَنۡقُصُوا الۡمِکۡیَالَ وَ الۡمِیۡزَانَ اِنِّیۡۤ اَرٰٮکُمۡ بِخَیۡرٍ وَّ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ مُّحِیۡطٍ ﴿۸۵﴾
11 : 85 Мадян (коому)на (Биз) алардын тууганы Шуайыбды (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, силер үчүн Андан бөлөк эч кандай кудай жок! Ошондой эле өлчөө жана таразадан кемитип калбагыла. Албетте, мен силерди бай-дөөлөттүү көрөмүн. Мен силер үчүн бир курчап алуучу күндүн азабынан коркомун.
وَ یٰقَوۡمِ اَوۡفُوا الۡمِکۡیَالَ وَ الۡمِیۡزَانَ بِالۡقِسۡطِ وَ لَا تَبۡخَسُوا النَّاسَ اَشۡیَآءَہُمۡ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۸۶﴾
11 : 86 Эй, коомум! Өлчөө жана таразаны адилеттик менен толук кылгыла жана адамдардын нерселерин аларга кемитип бербегиле, ошондой эле жерде бүлүк салуучу болуп, тынчтыкты бузбагыла.
بَقِیَّتُ اللّٰہِ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ۬ۚ وَ مَاۤ اَنَا عَلَیۡکُمۡ بِحَفِیۡظٍ ﴿۸۷﴾
11 : 87 Эгер силер (нукура) момун болсоӊор, Алла тарабынан (соодадан) калган пайда гана силер үчүн жакшыраак. Мен силердин үстүӊөрдөн кароолчу эмесмин».
قَالُوۡا یٰشُعَیۡبُ اَصَلٰوتُکَ تَاۡمُرُکَ اَنۡ نَّتۡرُکَ مَا یَعۡبُدُ اٰبَآؤُنَاۤ اَوۡ اَنۡ نَّفۡعَلَ فِیۡۤ اَمۡوَالِنَا مَا نَشٰٓؤُاؕ اِنَّکَ لَاَنۡتَ الۡحَلِیۡمُ الرَّشِیۡدُ ﴿۸۸﴾
11 : 88 Алар айтышты: «Эй, Шуайыб! Сага намазыӊ ата-бабаларыбыз ибадат кылып жүргөн нерсени ташташыбызга же өз дүнүйө-мүлкүбүзгө өзүбүз каалаганча (ээлик) кылуудан (токтотуу) керектигин буюрабы? Албетте, сен (өзүӊдү) абдан жумшак көӊүл (жана) акыл-эстүү (эсептейсиӊби?)»
قَالَ یٰقَوۡمِ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کُنۡتُ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّیۡ وَ رَزَقَنِیۡ مِنۡہُ رِزۡقًا حَسَنًا ؕ وَ مَاۤ اُرِیۡدُ اَنۡ اُخَالِفَکُمۡ اِلٰی مَاۤ اَنۡہٰکُمۡ عَنۡہُ ؕ اِنۡ اُرِیۡدُ اِلَّا الۡاِصۡلَاحَ مَا اسۡتَطَعۡتُ ؕ وَ مَا تَوۡفِیۡقِیۡۤ اِلَّا بِاللّٰہِ ؕعَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ وَ اِلَیۡہِ اُنِیۡبُ ﴿۸۹﴾
11 : 89 Ал айтты: «Эй, коомум! Айткылачы, эгер мен өз Раббим тарабынан бир ачык-айкын далилде болсом жана Ал мага Өз алдынан таза ырыскы да тартууласа, (буга карабастан, силер каалаганыӊарды кылайынбы?) Негизи, мен силерге тыюу салган нерселерди өзүм кыла баштоо ниетинде эмесмин. Мен болгону колумдан келгенче, оӊдоону каалаймын. Алланын жардамынан башка мага эч кандай жардам насип эмес. Ага гана тобокел кыламын жана Ага гана ийилемин.
وَ یٰقَوۡمِ لَا یَجۡرِمَنَّکُمۡ شِقَاقِیۡۤ اَنۡ یُّصِیۡبَکُمۡ مِّثۡلُ مَاۤ اَصَابَ قَوۡمَ نُوۡحٍ اَوۡ قَوۡمَ ہُوۡدٍ اَوۡ قَوۡمَ صٰلِحٍ ؕ وَ مَا قَوۡمُ لُوۡطٍ مِّنۡکُمۡ بِبَعِیۡدٍ ﴿۹۰﴾
11 : 90 Эй, коомум! Мага болгон душмандыгыӊар – силерге да Нух коомуна, Хууд коомуна жана Саалих коомуна келген балээ сыяктуу балээ келүүгө силерди эч качан үндөбөсүн. Лут коому силерден анчалык деле узак эмес.
وَ اسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّکُمۡ ثُمَّ تُوۡبُوۡۤا اِلَیۡہِ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ رَحِیۡمٌ وَّدُوۡدٌ ﴿۹۱﴾
11 : 91 Өз Раббиӊерден кечирим тилегиле, анан тобо кылган бойдон Ага гана ийилгиле. Албетте, Раббим кайра-кайра ырайым кылуучу (жана) өтө сүйүүчү».
قَالُوۡا یٰشُعَیۡبُ مَا نَفۡقَہُ کَثِیۡرًا مِّمَّا تَقُوۡلُ وَ اِنَّا لَنَرٰٮکَ فِیۡنَا ضَعِیۡفًا ۚ وَ لَوۡ لَا رَہۡطُکَ لَرَجَمۡنٰکَ ۫ وَ مَاۤ اَنۡتَ عَلَیۡنَا بِعَزِیۡزٍ ﴿۹۲﴾
11 : 92 Алар айтышты: «Эй, Шуайыб! Сен сүйлөп жаткан нерселериӊдин көбүнө биз түшүнө албайбыз; биз сени арабызда эӊ алсыз көрөбүз; эгер сенин урууӊ болбогондо, биз албетте, сени ташбараӊ кылган болоор элек; сен биздин алдыбызда эч кандай жеӊишке ээ эмессиӊ».
قَالَ یٰقَوۡمِ اَرَہۡطِیۡۤ اَعَزُّ عَلَیۡکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اتَّخَذۡتُمُوۡہُ وَرَآءَکُمۡ ظِہۡرِیًّا ؕ اِنَّ رَبِّیۡ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ مُحِیۡطٌ ﴿۹۳﴾
11 : 93 Ал айтты: «Эй, коомум! Менин уруум силердин алдыңарда Алладан да күчтүүрөөкпү? Силер Аны аркаңарга таштап койгонсуңар. Албетте, менин Раббим силер кылып жаткан иштериңерди курчап алган.
وَ یٰقَوۡمِ اعۡمَلُوۡا عَلٰی مَکَانَتِکُمۡ اِنِّیۡ عَامِلٌ ؕ سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۙ مَنۡ یَّاۡتِیۡہِ عَذَابٌ یُّخۡزِیۡہِ وَ مَنۡ ہُوَ کَاذِبٌ ؕ وَ ارۡتَقِبُوۡۤا اِنِّیۡ مَعَکُمۡ رَقِیۡبٌ ﴿۹۴﴾
11 : 94 Эй, коомум! Силер өз жайыңарда эмнени кыла алсаңар, кыла бергиле. Албетте, мен дагы кандайдыр бир нерсе кыла беремин. Жакын арада силер кимдин үстүнө азап келип, аны кор кылуусун билип аласыңар; ошондой эле ким жалганчы экенин дагы (билип аласыңар). Күзөткүлө, албетте, мен дагы силер менен бирге күзөтүүчүмүн».
وَ لَمَّا جَآءَ اَمۡرُنَا نَجَّیۡنَا شُعَیۡبًا وَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ بِرَحۡمَۃٍ مِّنَّا وَ اَخَذَتِ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوا الصَّیۡحَۃُ فَاَصۡبَحُوۡا فِیۡ دِیَارِہِمۡ جٰثِمِیۡنَ ﴿ۙ۹۵﴾
11 : 95 Биздин буйругубуз келгенде, Биз Өз рахматыбыз менен Шуайыбды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди куткардык. Зулумдук кылгандарды айкырык (салган) азап тутуп алды. Ошентип, алар үйлөрүндө эңкейген боюнча калып калышты.
کَاَنۡ لَّمۡ یَغۡنَوۡا فِیۡہَا ؕ اَلَا بُعۡدًا لِّمَدۡیَنَ کَمَا بَعِدَتۡ ثَمُوۡدُ ﴿٪۹۶﴾
11 : 96 Тим эле алар эч качан аларда жашабагандай. Сак болгула! Самууд (коому)на балээ келгендей, Мадян үчүн дагы балакет болсун!
وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مُوۡسٰی بِاٰیٰتِنَا وَ سُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۹۷﴾
11 : 97 Албетте, Биз Мусаны Өз аят-жышаандарыбыз жана бир ачык-айкын далил менен жөнөттүк –
اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ فَاتَّبَعُوۡۤا اَمۡرَ فِرۡعَوۡنَ ۚ وَ مَاۤ اَمۡرُ فِرۡعَوۡنَ بِرَشِیۡدٍ ﴿۹۸﴾
11 : 98 Фараон жана анын башчылары тарапка. Ошондо алар Фараондун буйругун ээрчишти. Чынында, Фараондун буйругу туура эмес эле.
یَقۡدُمُ قَوۡمَہٗ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فَاَوۡرَدَہُمُ النَّارَ ؕ وَ بِئۡسَ الۡوِرۡدُ الۡمَوۡرُوۡدُ ﴿۹۹﴾
11 : 99 Кыямат күнү ал өз коомуна башчылык кылып, аларды отко кире турган жайга түшүрөт. (Ал) алып барыла турган жай абдан жаман!
وَ اُتۡبِعُوۡا فِیۡ ہٰذِہٖ لَعۡنَۃً وَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ بِئۡسَ الرِّفۡدُ الۡمَرۡفُوۡدُ ﴿۱۰۰﴾
11 : 100 Бул (дүйнө)дө дагы аларга каргыш ээрчитилди, кыямат күнү дагы. Берилген «тартуу» абдан жаман!
ذٰلِکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ الۡقُرٰی نَقُصُّہٗ عَلَیۡکَ مِنۡہَا قَآئِمٌ وَّ حَصِیۡدٌ ﴿۱۰۱﴾
11 : 101 Бул – Биз сага баян кылып жаткан кыштакчалардын кабарларынан (бир кабар). Алардын айрымдары бар, айрымдары болсо, кырылып ташталган.
وَ مَا ظَلَمۡنٰہُمۡ وَ لٰکِنۡ ظَلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فَمَاۤ اَغۡنَتۡ عَنۡہُمۡ اٰلِہَتُہُمُ الَّتِیۡ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ لَّمَّا جَآءَ اَمۡرُ رَبِّکَ ؕ وَ مَا زَادُوۡہُمۡ غَیۡرَ تَتۡبِیۡبٍ ﴿۱۰۲﴾
11 : 102 Биз аларга зулумдук кылбадык, тескерисинче, алар өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышты. Анан Раббиңдин буйругу келгенде, алар Алланы коюп, ибадат кылып жүргөн кудайлары аларга кенедей да жардам бере албады жана алар аларды ойрондуктан башка нерсеге жолуктурбады.
وَ کَذٰلِکَ اَخۡذُ رَبِّکَ اِذَاۤ اَخَذَ الۡقُرٰی وَ ہِیَ ظَالِمَۃٌ ؕ اِنَّ اَخۡذَہٗۤ اَلِیۡمٌ شَدِیۡدٌ ﴿۱۰۳﴾
11 : 103 Сенин Раббиң кыштактарды (алардын) заалим болгон абалында тутканда, Анын кармоосу мына ушундай болот. Албетте, Анын кармоосу абдан оор (жана) өтө катуу.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّمَنۡ خَافَ عَذَابَ الۡاٰخِرَۃِ ؕ ذٰلِکَ یَوۡمٌ مَّجۡمُوۡعٌ ۙ لَّہُ النَّاسُ وَ ذٰلِکَ یَوۡمٌ مَّشۡہُوۡدٌ ﴿۱۰۴﴾
11 : 104 Албетте, бул нерседе акырет азабынан корко турган бирөө үчүн бир чоң аят-белги бар. Бул ушундай күн: ал үчүн адамдар чогултулат. Бул ушундай күн: ал жөнүндө күбөлүк берилген.
وَ مَا نُؤَخِّرُہٗۤ اِلَّا لِاَجَلٍ مَّعۡدُوۡدٍ ﴿۱۰۵﴾ؕ
11 : 105 Биз аны болгону бир белгиленген анык убакытка чейин аркага сүрөбүз.
یَوۡمَ یَاۡتِ لَا تَکَلَّمُ نَفۡسٌ اِلَّا بِاِذۡنِہٖ ۚ فَمِنۡہُمۡ شَقِیٌّ وَّ سَعِیۡدٌ ﴿۱۰۶﴾
11 : 106 Ал келген күнү эч бир жан Анын уруксат-ыктыярысыз сүйлөй албайт. Демек, алардын арасында бактысыздар дагы бар, бактылуулар дагы бар.
فَاَمَّا الَّذِیۡنَ شَقُوۡا فَفِی النَّارِ لَہُمۡ فِیۡہَا زَفِیۡرٌ وَّ شَہِیۡقٌ ﴿۱۰۷﴾ۙ
11 : 107 Ырас, бактысыздар отто болушат, анда алар үчүн кыйкыруу жана ызаа тартуу бар.
خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا مَا دَامَتِ السَّمٰوٰتُ وَ الۡاَرۡضُ اِلَّا مَا شَآءَ رَبُّکَ ؕ اِنَّ رَبَّکَ فَعَّالٌ لِّمَا یُرِیۡدُ ﴿۱۰۸﴾
11 : 108 Алар анын ичинде асмандар жана жер турганча калуучулар. Бирок Раббиңдин каалаганы башка кеп. Албетте, Раббиң эмнени кааласа, аны сөзсүз орундайт.
وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ سُعِدُوۡا فَفِی الۡجَنَّۃِ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا مَا دَامَتِ السَّمٰوٰتُ وَ الۡاَرۡضُ اِلَّا مَا شَآءَ رَبُّکَ ؕ عَطَآءً غَیۡرَ مَجۡذُوۡذٍ ﴿۱۰۹﴾
11 : 109 Бактылуу кылынган кишилер бейиште болушат. Алар анда асмандар жана жер турганча калуучулар. Бирок Раббиңдин каалаганы башка кеп. Бул бир кыркылбай турган сыйлык катары болот.
فَلَا تَکُ فِیۡ مِرۡیَۃٍ مِّمَّا یَعۡبُدُ ہٰۤؤُلَآءِ ؕ مَا یَعۡبُدُوۡنَ اِلَّا کَمَا یَعۡبُدُ اٰبَآؤُہُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ ؕ وَ اِنَّا لَمُوَفُّوۡہُمۡ نَصِیۡبَہُمۡ غَیۡرَ مَنۡقُوۡصٍ ﴿۱۱۰﴾٪
11 : 110 Демек, мына ушул адамдар сыйына турган (жалган) нерсе туурасында такыр шек санаба! Булар жалаң илгеркиден ата-бабалары кылган ибадаттай ибадат кылышат. Биз албетте, аларга өздөрүнүн үлүшүн кемитпестен толук беребиз.
وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ فَاخۡتُلِفَ فِیۡہِ ؕ وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃٌ سَبَقَتۡ مِنۡ رَّبِّکَ لَقُضِیَ بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّہُمۡ لَفِیۡ شَکٍّ مِّنۡہُ مُرِیۡبٍ ﴿۱۱۱﴾
11 : 111 Биз албетте, Мусага дагы Китеп берген элек, ал (Китеп)те дагы талаш-тартыш чыгарылды. Эгер Раббиң тарабынан илгертеден бир буйрук өтпөгөндө, алардын ортосунда сөзсүз өкүм чыгарылмак. Алар албетте, ал туурасында бир тынчтык бербей турган шек-күмөндө.
وَ اِنَّ کُلًّا لَّمَّا لَیُوَفِّیَنَّہُمۡ رَبُّکَ اَعۡمَالَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۱۱۲﴾
11 : 112 Албетте, Раббиң алардын баарына амалдарынын толук төлөмүн сөзсүз берет. Албетте, Ал алар кылып жаткан амалдарынан дайыма кабардар.
فَاسۡتَقِمۡ کَمَاۤ اُمِرۡتَ وَ مَنۡ تَابَ مَعَکَ وَ لَا تَطۡغَوۡا ؕ اِنَّہٗ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۱۱۳﴾
11 : 113 Демек, сага буюрулган сыяктуу (бул нерсенин үстүндө) бекем туруктуу бол жана сени менен бирге тобо кылгандар дагы (туруктуу болсун). Чектен ашпагыла. Албетте, Ал кылып жаткан иштериңерди терең күзөтүүчү.
وَ لَا تَرۡکَنُوۡۤا اِلَی الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا فَتَمَسَّکُمُ النَّارُ ۙ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ اَوۡلِیَآءَ ثُمَّ لَا تُنۡصَرُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾
11 : 114 Зулумдук кылгандар жакка ооп кетпегиле. Болбосо, силерди дагы от тутуп алат жана Алладан бөлөк силердин эч кандай колдоочуңар болбойт. Анан силерге эч кандай жардам берилбейт.
وَ اَقِمِ الصَّلٰوۃَ طَرَفَیِ النَّہَارِ وَ زُلَفًا مِّنَ الَّیۡلِ ؕ اِنَّ الۡحَسَنٰتِ یُذۡہِبۡنَ السَّیِّاٰتِ ؕ ذٰلِکَ ذِکۡرٰی لِلذّٰکِرِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾ۚ
11 : 115 Күндүздүн ар эки тарабында жана түндүн айрым бөлүктөрүндө дагы намаз оку! Албетте, жакшылыктар жамандыктарды кетирет. Бул зикир кылуучулар үчүн абдан чоң насаат.
وَ اصۡبِرۡ فَاِنَّ اللّٰہَ لَا یُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۱۶﴾
11 : 116 Жана сабыр кыл! Демек, Алла изги иштерди кылуучулардын сыйлыгын эч качан текке кетирбейт.
فَلَوۡ لَا کَانَ مِنَ الۡقُرُوۡنِ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ اُولُوۡا بَقِیَّۃٍ یَّنۡہَوۡنَ عَنِ الۡفَسَادِ فِی الۡاَرۡضِ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّمَّنۡ اَنۡجَیۡنَا مِنۡہُمۡ ۚ وَ اتَّبَعَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مَاۤ اُتۡرِفُوۡا فِیۡہِ وَ کَانُوۡا مُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۱۷﴾
11 : 117 Демек, силерден мурунку замандарда жерде бузгунчулуктан кайтара турган айрым акылдуу кишилер эмнеге болбоду. Ооба, алардын ичинен Биз куткарган айрым кишилер маселеси болсо, ал башка кеп. Кайсы нерсе себептүү алар – (мурунку кишилер) баш ийбес деп өкүм чыгарылган болсо, зулумдук кылгандар мына ошол нерсени ээрчишти. Алар күнөөкөр адамдар эле.
وَ مَا کَانَ رَبُّکَ لِیُہۡلِکَ الۡقُرٰی بِظُلۡمٍ وَّ اَہۡلُہَا مُصۡلِحُوۡنَ ﴿۱۱۸﴾
11 : 118 Сенин Раббиң кыштактарды, алардын тургундары оңдоп жатканда, зулумдук менен жок кылуучу Зат эмес.
وَ لَوۡ شَآءَ رَبُّکَ لَجَعَلَ النَّاسَ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً وَّ لَا یَزَالُوۡنَ مُخۡتَلِفِیۡنَ ﴿۱۱۹﴾ۙ
11 : 119 Эгер Раббиң каалаганда, бардык адамдарды бир үммөт-жамаат кылып коймок эле. Бирок алар дайыма талаш-тартыш чыгарып турушат.
اِلَّا مَنۡ رَّحِمَ رَبُّکَ ؕ وَ لِذٰلِکَ خَلَقَہُمۡ ؕ وَ تَمَّتۡ کَلِمَۃُ رَبِّکَ لَاَمۡلَـَٔنَّ جَہَنَّمَ مِنَ الۡجِنَّۃِ وَ النَّاسِ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾
11 : 120 Раббиң ырайым кылган киши болсо, анда башка кеп. Мына ушул максатта Ал (Алла) аларды жараткан эле. Раббиңдин: «Мен албетте, тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтуруп коёмун», - деген сөзү орундалды.
وَ کُلًّا نَّقُصُّ عَلَیۡکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ الرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِہٖ فُؤَادَکَ ۚ وَ جَآءَکَ فِیۡ ہٰذِہِ الۡحَقُّ وَ مَوۡعِظَۃٌ وَّ ذِکۡرٰی لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۲۱﴾
11 : 121 Биз сага баян кылып жаткан пайгамбарлардын кабарлары – аны менен Биз жүрөгүңдү бекемдейбиз. Ал (кабар)ларда сага акыйкат, насаат сөз дагы, момундар үчүн бир чоң ибарат дагы келип бүттү.
وَ قُلۡ لِّلَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ اعۡمَلُوۡا عَلٰی مَکَانَتِکُمۡ ؕ اِنَّا عٰمِلُوۡنَ ﴿۱۲۲﴾ۙ
11 : 122 Ыйман келтирбей тургандарга айт: «Өз жайыңарда эмнени кыла алсаңар, кыла бергиле. Биз дагы албетте, бир нерсе кылуучубуз.
وَ انۡتَظِرُوۡا ۚ اِنَّا مُنۡتَظِرُوۡنَ ﴿۱۲۳﴾
11 : 123 Жана күткүлө. Биз дагы албетте, күтүүчүбүз».
وَ لِلّٰہِ غَیۡبُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ اِلَیۡہِ یُرۡجَعُ الۡاَمۡرُ کُلُّہٗ فَاعۡبُدۡہُ وَ تَوَکَّلۡ عَلَیۡہِ ؕ وَ مَا رَبُّکَ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾٪
11 : 124 Асмандар менен жердеги кайып бир гана Алланыкы. Бардык иштер Ага гана кайтарылат. Ошондуктан, Ага гана ибадат кыл жана Ага гана тобокел кыл. Раббиң силер кылып жаткан иштериңерден кабарсыз эмес.