Курани карим Ал-Мужаадала • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المجَادلة

Ал-Мужаадала

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    58 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • قَدۡ سَمِعَ اللّٰہُ قَوۡلَ الَّتِیۡ تُجَادِلُکَ فِیۡ زَوۡجِہَا وَ تَشۡتَکِیۡۤ اِلَی اللّٰہِ ٭ۖ وَ اللّٰہُ یَسۡمَعُ تَحَاوُرَکُمَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿۲﴾
    58 : 2 Албетте, Алла сени менен өз эри тууралуу талашып жаткан жана Аллага даттана турган аялдын сөзүн укту. Алла болсо, экөөӊөрдүн сүйлөшүүӊөрдү угаар эле. Албетте, Алла дайыма угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • اَلَّذِیۡنَ یُظٰہِرُوۡنَ مِنۡکُمۡ مِّنۡ نِّسَآئِہِمۡ مَّا ہُنَّ اُمَّہٰتِہِمۡ ؕ اِنۡ اُمَّہٰتُہُمۡ اِلَّا الّٰٓیِٴۡ وَلَدۡنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّہُمۡ لَیَقُوۡلُوۡنَ مُنۡکَرًا مِّنَ الۡقَوۡلِ وَ زُوۡرًا ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَعَفُوٌّ غَفُوۡرٌ ﴿۳﴾
    58 : 3 Араӊардагы өз аялдарын эне деп атагандар билсин, ал (аял)дары алардын энелери боло албайт. Аларды төрөгөн (аял)дар гана алардын энелери. Албетте, алар такыр болбогон жана жалган сөз айтышат. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кечирим кылуучу.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُظٰہِرُوۡنَ مِنۡ نِّسَآئِہِمۡ ثُمَّ یَعُوۡدُوۡنَ لِمَا قَالُوۡا فَتَحۡرِیۡرُ رَقَبَۃٍ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّتَمَآسَّا ؕ ذٰلِکُمۡ تُوۡعَظُوۡنَ بِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۴﴾
    58 : 4 Жана өз аялдарын эне деп айта тургандар, анан өз айткандарынан кайта тургандар – ал экөөсү бири-бирине кошулушунан мурун бир кулду азат кылышы лаазым. Бул – силерге насаат кылынып жаткан нерсе. Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
  • فَمَنۡ لَّمۡ یَجِدۡ فَصِیَامُ شَہۡرَیۡنِ مُتَتَابِعَیۡنِ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّتَمَآسَّا ۚ فَمَنۡ لَّمۡ یَسۡتَطِعۡ فَاِطۡعَامُ سِتِّیۡنَ مِسۡکِیۡنًا ؕ ذٰلِکَ لِتُؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ؕ وَ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ ؕ وَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۵﴾
    58 : 5 Анан кимдин (буга) күчү жетпесе, ал экөөсү бири-бирине кошулушунан мурун эки ай тынымсыз орозо тутуусу керек. Анан ким (буга да) кудурети жетпесе, алтымыш мискин-кембагалга тамак бериши лаазым. Бул силерге Алла жана Анын Пайгамбары тарабынан бейпилдик насип этилсин үчүн. Булар – Алланын чек аралары. Каапырлар үчүн абдан оор азап бар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُحَآدُّوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ کُبِتُوۡا کَمَا کُبِتَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ وَ قَدۡ اَنۡزَلۡنَاۤ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ ؕ وَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ۚ﴿۶﴾
    58 : 6 Албетте, Аллага жана Анын Пайгамбарына каршы чыга тургандар өздөрүнөн абалкылар жок кылынганы сыӊары жок кылынат. Чынында, Биз ачык-айкын аят-жышаандарды түшүргөнбүз. Каапырлар үчүн бир кор кылуучу азап бар.
  • یَوۡمَ یَبۡعَثُہُمُ اللّٰہُ جَمِیۡعًا فَیُنَبِّئُہُمۡ بِمَا عَمِلُوۡا ؕ اَحۡصٰہُ اللّٰہُ وَ نَسُوۡہُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ٪﴿۷﴾
    58 : 7 Алла аларды бир тайпа көрүнүшүндө тургуза турган күн(дү эстегиле). Ошондо Ал аларга өздөрү жасаган амалдарынын кабарын берет. Алла ал (амалдар)ды эсеп-кысап кылып койгон, алар болсо, аны унутуп жиберишкен. Алла бардык нерселердин үстүнөн күбө.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ مَا یَکُوۡنُ مِنۡ نَّجۡوٰی ثَلٰثَۃٍ اِلَّا ہُوَ رَابِعُہُمۡ وَ لَا خَمۡسَۃٍ اِلَّا ہُوَ سَادِسُہُمۡ وَ لَاۤ اَدۡنٰی مِنۡ ذٰلِکَ وَ لَاۤ اَکۡثَرَ اِلَّا ہُوَ مَعَہُمۡ اَیۡنَ مَا کَانُوۡا ۚ ثُمَّ یُنَبِّئُہُمۡ بِمَا عَمِلُوۡا یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۸﴾
    58 : 8 Алла асмандар жана жердеги бардык нерселерди билерин көрбөдүӊбү? Кандайдыр бир үч киши жашыруун кеӊешсе, алардын төртүнчүсү Ал болот; эгер беш киши болсо, алтынчысы Ал болот; мындан аз болсо да, көп болсо да, каерде болушпасын, Ал алар менен бирге болот. Анан кыямат күнү Ал аларга өздөрү жасаган амалдарынын кабарын берет. Албетте, Алла бардык нерсени абдан жакшы билет.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ نُہُوۡا عَنِ النَّجۡوٰی ثُمَّ یَعُوۡدُوۡنَ لِمَا نُہُوۡا عَنۡہُ وَ یَتَنٰجَوۡنَ بِالۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ وَ مَعۡصِیَتِ الرَّسُوۡلِ ۫ وَ اِذَا جَآءُوۡکَ حَیَّوۡکَ بِمَا لَمۡ یُحَیِّکَ بِہِ اللّٰہُ ۙ وَ یَقُوۡلُوۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ لَوۡ لَا یُعَذِّبُنَا اللّٰہُ بِمَا نَقُوۡلُ ؕ حَسۡبُہُمۡ جَہَنَّمُ ۚ یَصۡلَوۡنَہَا ۚ فَبِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۹﴾
    58 : 9 Жашыруун кеӊешүүгө тыюу салынгандарга бир назар таштабадыӊбы? Бирок, алар өздөрүнө тыюу салынган ишке дагы кайтышат. Алар күнөө, баш ийбестик жана Пайгамбарга моюн сунбоо туурасында өз ара жашыруун кеӊешет. Алар сенин жаныӊа келгендеринде, Алла сага салам жибербеген сөздөр менен сага салам беришет. Алар ичтеринде мындай дешет: «Биз сүйлөгөн кептерибиз үчүн эмнеге Алла бизге азап бербейт?» Алар (менен эсеп-кысап кылуу) үчүн тозок жетиштүү болот. Алар ага киришет. Демек, ал абдан жаман жай!
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا تَنَاجَیۡتُمۡ فَلَا تَتَنَاجَوۡا بِالۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ وَ مَعۡصِیَتِ الرَّسُوۡلِ وَ تَنَاجَوۡا بِالۡبِرِّ وَ التَّقۡوٰی ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ الَّذِیۡۤ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    58 : 10 Эй, ыйман келтиргендер! Силер өз ара жашыруун кеӊешкениӊерде, күнөө, баш көтөрүү жана Пайгамбарга баш ийбестик туурасында кеӊешпегиле. Жок, жакшылык жана такыба туурасында кеӊешкиле. Алладан корккула. Силер Анын алдына топтолосуӊар.
  • اِنَّمَا النَّجۡوٰی مِنَ الشَّیۡطٰنِ لِیَحۡزُنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ لَیۡسَ بِضَآرِّہِمۡ شَیۡئًا اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۱﴾
    58 : 11 Ал (шайтан) ыйман келтиргендерди кайгыга салсын үчүн жашыруун айла-амалдар жалаӊ шайтан тарабынан болот. Бирок, Алланын уруксатысыз ал аларга кенедей да зыян келтире албайт. Момундар Аллага гана тобокел кылуулары лаазым.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا قِیۡلَ لَکُمۡ تَفَسَّحُوۡا فِی الۡمَجٰلِسِ فَافۡسَحُوۡا یَفۡسَحِ اللّٰہُ لَکُمۡ ۚ وَ اِذَا قِیۡلَ انۡشُزُوۡا فَانۡشُزُوۡا یَرۡفَعِ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡکُمۡ ۙ وَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ دَرَجٰتٍ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۱۲﴾
    58 : 12 Эй, ыйман келтиргендер! Силерге: «Жыйналыштарда (башкаларга) жай бергиле!» - деп айтылганда, орун бергиле. Алла силерге кеӊдик берет. Качан силерге: «(Ордуӊардан) тургула!» - деп айтылганда, (ордуӊардан) тургула. Алла силердин араӊардагы ыйман келтиргендер, айрыкча, илим берилгендердин даражаларын жогорулатат. Алла жасаган иштериӊерден дайыма кабардар.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا نَاجَیۡتُمُ الرَّسُوۡلَ فَقَدِّمُوۡا بَیۡنَ یَدَیۡ نَجۡوٰٮکُمۡ صَدَقَۃً ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ وَ اَطۡہَرُ ؕ فَاِنۡ لَّمۡ تَجِدُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۳﴾
    58 : 13 Эй, ыйман келтиргендер! Пайгамбар менен (жеке) маселелер үчүн кеӊешмекчи болгонуӊарда, өз кеӊешүүӊөрдөн мурун садага бергиле. Бул нерсе өзүӊөр үчүн жакшыраак жана тазараак. Ошондо, эгер (өзүӊөрдөн) кандайдыр бир нерсе таба албасаӊар, албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • ءَاَشۡفَقۡتُمۡ اَنۡ تُقَدِّمُوۡا بَیۡنَ یَدَیۡ نَجۡوٰٮکُمۡ صَدَقٰتٍ ؕ فَاِذۡ لَمۡ تَفۡعَلُوۡا وَ تَابَ اللّٰہُ عَلَیۡکُمۡ فَاَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۱۴﴾
    58 : 14 Өзүӊөрдүн (жеке маселеӊер үчүн) кеӊешүүӊөрдөн мурун садага берүүдөн коркуп кеттиӊерби? Ошентип, мындай кыла албаганыӊарда намаз окугула жана зекет бергиле, ошондой эле Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийгиле. Чынында, Алла тобоӊорду кабыл кылды. Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ تَوَلَّوۡا قَوۡمًا غَضِبَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ ؕ مَا ہُمۡ مِّنۡکُمۡ وَ لَا مِنۡہُمۡ ۙ وَ یَحۡلِفُوۡنَ عَلَی الۡکَذِبِ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    58 : 15 Алланын каарына дуушар болгондорду (өздөрүнө) дос кылгандарды көрбөдүӊбү? Булар силердики да эмес, алардыкы да эмес. Алар билип туруп, жалган кептер үчүн касам ичишет.
  • اَعَدَّ اللّٰہُ لَہُمۡ عَذَابًا شَدِیۡدًا ؕ اِنَّہُمۡ سَآءَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    58 : 16 Алла алар үчүн катуу азапты даярдап койгон. Албетте, алардын жасаган амалдары абдан жаман.
  • اِتَّخَذُوۡۤا اَیۡمَانَہُمۡ جُنَّۃً فَصَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ فَلَہُمۡ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿۱۷﴾
    58 : 17 Алар өз касамдарын калкан кылып алышты. Ошентип, алар Алланын жолунан (адамдарды) тосуп коюшту. Ушул себептен, аларга кор кылуучу азап бар.
  • لَنۡ تُغۡنِیَ عَنۡہُمۡ اَمۡوَالُہُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ شَیۡئًا ؕ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ؕ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    58 : 18 Алардын мал-мүлктөрү дагы, тукумдары дагы Аллага каршы өздөрүнө кенедей да пайда бере албайт. Мына ошолор – от ээлери. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • یَوۡمَ یَبۡعَثُہُمُ اللّٰہُ جَمِیۡعًا فَیَحۡلِفُوۡنَ لَہٗ کَمَا یَحۡلِفُوۡنَ لَکُمۡ وَ یَحۡسَبُوۡنَ اَنَّہُمۡ عَلٰی شَیۡءٍ ؕ اَلَاۤ اِنَّہُمۡ ہُمُ الۡکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    58 : 19 Алла алардын баарын тургуза турган күнү алар кудум силердин алдыӊарда касам ичишкендей, Анын алдында дагы касам ичишет жана алар: «Бир чечкиндүү пикирде турабыз», - деп ойлошот. Кулак салгыла! Мына ошолор албетте, жалганчылар.
  • اِسۡتَحۡوَذَ عَلَیۡہِمُ الشَّیۡطٰنُ فَاَنۡسٰہُمۡ ذِکۡرَ اللّٰہِ ؕ اُولٰٓئِکَ حِزۡبُ الشَّیۡطٰنِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ حِزۡبَ الشَّیۡطٰنِ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    58 : 20 Шайтан алардын үстүнөн жеӊип чыкты. Ошентип, ал Алланы эстөөнү аларга унуттурду. Мына ушул – шайтандын тайпасы. Кулак салгыла! Шайтандын тайпасы гана сөзсүз зыян көрүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُحَآدُّوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗۤ اُولٰٓئِکَ فِی الۡاَذَلِّیۡنَ ﴿۲۱﴾
    58 : 21 Албетте, Аллага жана Анын пайгамбарына каршылык көрсөтө тургандар – мына ошолор эӊ кордолгондордон.
  • کَتَبَ اللّٰہُ لَاَغۡلِبَنَّ اَنَا وَ رُسُلِیۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ قَوِیٌّ عَزِیۡزٌ ﴿۲۲﴾
    58 : 22 Алла жазып койгон: «Албетте, Мен жана Менин пайгамбарларым жеӊип чыгабыз». Албетте, Алла өтө күчтүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
  • لَا تَجِدُ قَوۡمًا یُّؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ یُوَآدُّوۡنَ مَنۡ حَآدَّ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ لَوۡ کَانُوۡۤا اٰبَآءَہُمۡ اَوۡ اَبۡنَآءَہُمۡ اَوۡ اِخۡوَانَہُمۡ اَوۡ عَشِیۡرَتَہُمۡ ؕ اُولٰٓئِکَ کَتَبَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الۡاِیۡمَانَ وَ اَیَّدَہُمۡ بِرُوۡحٍ مِّنۡہُ ؕ وَ یُدۡخِلُہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ رَضِیَ اللّٰہُ عَنۡہُمۡ وَ رَضُوۡا عَنۡہُ ؕ اُولٰٓئِکَ حِزۡبُ اللّٰہِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ حِزۡبَ اللّٰہِ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿٪۲۳﴾
    58 : 23 Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген бойдон Алла жана Анын Пайгамбарына душмандык кыла тургандар менен достошкон кишилерди таппайсыӊ, мейли алар өздөрүнүн ата-бабалары болсун же уулдары болсун же ага-инилери болсун же урукташтары болсун. Алла жүрөктөрүнө ыйманды жазып койгон (ар-намыстуу) бирөөлөр – мына ушулар. Ал аларды Өзүнүн амири менен кубаттандырат; Ал аларды ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизет; алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калышат. Алла аларга ыраазы болду, алар Ага ыраазы болушту. Мына ошол гана Алланын тайпасы. Кулак салгыла! Алланын тайпасы гана – ийгиликке жетүүчүлөр.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via