Курани карим Ал-Хашр • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الحَشر

Ал-Хашр

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    59 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • سَبَّحَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۲﴾
    59 : 2 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аллага тасбийх айтат. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَخۡرَجَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ مِنۡ دِیَارِہِمۡ لِاَوَّلِ الۡحَشۡرِ ؕؔ مَا ظَنَنۡتُمۡ اَنۡ یَّخۡرُجُوۡا وَ ظَنُّوۡۤا اَنَّہُمۡ مَّانِعَتُہُمۡ حُصُوۡنُہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ فَاَتٰٮہُمُ اللّٰہُ مِنۡ حَیۡثُ لَمۡ یَحۡتَسِبُوۡا ٭ وَ قَذَفَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الرُّعۡبَ یُخۡرِبُوۡنَ بُیُوۡتَہُمۡ بِاَیۡدِیۡہِمۡ وَ اَیۡدِی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ٭ فَاعۡتَبِرُوۡا یٰۤاُولِی الۡاَبۡصَارِ ﴿۳﴾
    59 : 3 Ал (Алла) гана Китеп ээлеринен каапыр болгондорду биринчи «Хашр» убагында үйлөрүнөн чыгарган. Алардын чыгып кетишин ойго да келтирбеген элеӊер. Алар болсо: «Чептерибиз бизди Алладан сактап калат», - деп ойлошчу. Ошондо Алла аларга өздөрү күтпөгөн тарабынан келди. Ал алардын жүрөктөрүнө коркунуч салды. Алар үйлөрүн өз колдору менен да, момундардын колдору менен да буза башташты. Демек, эй, акыл-парасат ээлери! Ибарат алгыла.
  • وَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ کَتَبَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمُ الۡجَلَآءَ لَعَذَّبَہُمۡ فِی الدُّنۡیَا ؕ وَ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابُ النَّارِ ﴿۴﴾
    59 : 4 Жана эгер Алла аларга сүргүндү аныктап койбогондо, Ал аларды бул дүйнөнүн өзүндө сөзсүз жазалаган болоор эле. Акыретте болсо, аларга (баары бир) от азабы бар.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ شَآقُّوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ۚ وَ مَنۡ یُّشَآقِّ اللّٰہَ فَاِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۵﴾
    59 : 5 Бул алардын Аллага жана Анын Пайгамбарына катуу каршылыктар көрсөткөндүктөрү үчүн. Ким Аллага каршылык кылса, (ал) албетте, Алла жазалоодо абдан катуу экен(ин билсин).
  • مَا قَطَعۡتُمۡ مِّنۡ لِّیۡنَۃٍ اَوۡ تَرَکۡتُمُوۡہَا قَآئِمَۃً عَلٰۤی اُصُوۡلِہَا فَبِاِذۡنِ اللّٰہِ وَ لِیُخۡزِیَ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿۶﴾
    59 : 6 Силер эмне деген курма дарагын кескен болсоӊор же аны өз тамырларында турган бойдон калтырсаӊар, силер (баары бир) Алланын уруксаты менен ушундай жасадыӊар. Бул – Ал фасыктарды кордоосу үчүн болчу.
  • وَ مَاۤ اَفَآءَ اللّٰہُ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ مِنۡہُمۡ فَمَاۤ اَوۡجَفۡتُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ خَیۡلٍ وَّ لَا رِکَابٍ وَّ لٰکِنَّ اللّٰہَ یُسَلِّطُ رُسُلَہٗ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۷﴾
    59 : 7 Жана Алла Өз Пайгамбарына алар(дын мал-мүлктөрү)нөн олжо катарында берген нерсе(ни силер колго киргизүү) үчүн аттарды да, төөлөрдү да чаптырбагансыӊар. Бирок, Алла Өз пайгамбарларын Өзү каалагандарына кожоюн кылып коёт. Алла каалаган бардык нерселерге дайыма күчү жетүүчү.
  • مَاۤ اَفَآءَ اللّٰہُ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ مِنۡ اَہۡلِ الۡقُرٰی فَلِلّٰہِ وَ لِلرَّسُوۡلِ وَ لِذِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ ابۡنِ السَّبِیۡلِ ۙ کَیۡ لَا یَکُوۡنَ دُوۡلَۃًۢ بَیۡنَ الۡاَغۡنِیَآءِ مِنۡکُمۡ ؕ وَ مَاۤ اٰتٰٮکُمُ الرَّسُوۡلُ فَخُذُوۡہُ ٭ وَ مَا نَہٰٮکُمۡ عَنۡہُ فَانۡتَہُوۡا ۚ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ۘ﴿۸﴾
    59 : 8 Алла Өзүнүн Пайгамбарына айрым кыштактардын эли(нин мал-мүлкү)нөн олжо катарында берген нерселер Алла үчүн жана Пайгамбар үчүн, ошондой эле туугандар, жетимдер, мискиндер жана мусапырлар үчүн. Бул (олжолор) араӊардагы байлардын ортосунда айлана турган нерсе болуп калбасын үчүн. Пайгамбар силерге эмнени берсе, аны алгыла жана силерди эмнеден тыйса, андан тыйылгыла. Алладан корккула. Албетте, Алла жазалоодо абдан катуу.
  • لِلۡفُقَرَآءِ الۡمُہٰجِرِیۡنَ الَّذِیۡنَ اُخۡرِجُوۡا مِنۡ دِیَارِہِمۡ وَ اَمۡوَالِہِمۡ یَبۡتَغُوۡنَ فَضۡلًا مِّنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانًا وَّ یَنۡصُرُوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الصّٰدِقُوۡنَ ۚ﴿۹﴾
    59 : 9 (Бул олжолор) өздөрүнүн үйлөрүнөн кууп чыгарылган жана мал-мүлктөрүнөн (ажыратылган) кедей мухаажирлер үчүн дагы. Алар Алладан гана Анын айкөлдүгүн жана ыраазычылыгын тилешет жана Алла менен Анын Пайгамбарына жардам беришет. Мына ошолор чынчылдар.
  • وَ الَّذِیۡنَ تَبَوَّؤُ الدَّارَ وَ الۡاِیۡمَانَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ یُحِبُّوۡنَ مَنۡ ہَاجَرَ اِلَیۡہِمۡ وَ لَا یَجِدُوۡنَ فِیۡ صُدُوۡرِہِمۡ حَاجَۃً مِّمَّاۤ اُوۡتُوۡا وَ یُؤۡثِرُوۡنَ عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ وَ لَوۡ کَانَ بِہِمۡ خَصَاصَۃٌ ؕ۟ وَ مَنۡ یُّوۡقَ شُحَّ نَفۡسِہٖ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ۚ﴿۱۰﴾
    59 : 10 Жана алардан илгерирээк үйлөрдү даярдап койгон жана ыйманга (жүрөктөрүнөн) жай бергендер өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйүшөт жана ал (мухаажир)лерге берилген нерсе себептүү дилдеринде эч кандай кажет табышпайт эле. Ошондой эле өздөрү оор ахвалда болсо да, башкаларды өздөрүнөн жогору коюшчу. Ким өз напсисинин сараӊдыгынан сакталып алынса, ошолор ийгиликке жетишүүчүлөр.
  • وَ الَّذِیۡنَ جَآءُوۡ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَا اغۡفِرۡ لَنَا وَ لِاِخۡوَانِنَا الَّذِیۡنَ سَبَقُوۡنَا بِالۡاِیۡمَانِ وَ لَا تَجۡعَلۡ فِیۡ قُلُوۡبِنَا غِلًّا لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا رَبَّنَاۤ اِنَّکَ رَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۱۱﴾
    59 : 11 Жана алардан кийин келгендер айтышат: «Эй, Раббибиз! Бизди дагы, ыйман боюнча бизден озуп кеткен туугандарыбызды дагы кечиргин жана ыйман келтиргендерге карата жүрөктөрүбүзгө эч кандай кек сактоого жол бербегин. Эй, Раббибиз! Албетте, Сен өтө мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучусуӊ».
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ نَافَقُوۡا یَقُوۡلُوۡنَ لِاِخۡوَانِہِمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ لَئِنۡ اُخۡرِجۡتُمۡ لَنَخۡرُجَنَّ مَعَکُمۡ وَ لَا نُطِیۡعُ فِیۡکُمۡ اَحَدًا اَبَدًا ۙ وَّ اِنۡ قُوۡتِلۡتُمۡ لَنَنۡصُرَنَّکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَشۡہَدُ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    59 : 12 Мунафыктарды көрбөдүӊбү? Алар Китеп ээлеринин арасындагы өздөрүнүн каапыр туугандарына: «Эгер силер куулуп чыгарылсаӊар, албетте, биз дагы силер менен бирге чыгабыз жана силер тууралуу эч качан бирөөсүнө дагы баш ийбейбиз, ошондой эле эгер силерге каршы уруш кылынса, биз албетте, силерге жардам беребиз», - дешет. Алла алардын шексиз жалганчылар экенине күбөлүк берет.
  • لَئِنۡ اُخۡرِجُوۡا لَا یَخۡرُجُوۡنَ مَعَہُمۡ ۚ وَ لَئِنۡ قُوۡتِلُوۡا لَا یَنۡصُرُوۡنَہُمۡ ۚ وَ لَئِنۡ نَّصَرُوۡہُمۡ لَیُوَلُّنَّ الۡاَدۡبَارَ ۟ ثُمَّ لَا یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    59 : 13 Эгер алар куулуп чыгарылса, булар эч качан алар менен бирге чыгышпайт жана эгер алар менен уруш кылынса, булар эч качан аларга жардам беришпейт. Эгер булар аларга жардам беришсе дагы, албетте, аркаларына карап качышат. Анан аларга эч кандай жардам берилбейт.
  • لَاَنۡتُمۡ اَشَدُّ رَہۡبَۃً فِیۡ صُدُوۡرِہِمۡ مِّنَ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    59 : 14 Силер албетте, алардын жүрөктөрүнө коркунуч салуу жагынан Алладан көрө катуураак (көрүнө)сүӊөр. Бул алардын түшүнбөй турган бир коом болгондугу үчүн.
  • لَا یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ جَمِیۡعًا اِلَّا فِیۡ قُرًی مُّحَصَّنَۃٍ اَوۡ مِنۡ وَّرَآءِ جُدُرٍ ؕ بَاۡسُہُمۡ بَیۡنَہُمۡ شَدِیۡدٌ ؕ تَحۡسَبُہُمۡ جَمِیۡعًا وَّ قُلُوۡبُہُمۡ شَتّٰی ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿ۚ۱۵﴾
    59 : 15 Алар баары биргелешип, силер менен жалаӊ коргон менен оролгон кыштактарда же дубалдардын артында гана урушушат. Алардын өз ара урушу абдан катуу. Сен аларды ынтымактуу деп ойлойсуӊ, чынында, алардын жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Анткени алар акылды иштетпей турган бир коом.
  • کَمَثَلِ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ قَرِیۡبًا ذَاقُوۡا وَبَالَ اَمۡرِہِمۡ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿ۚ۱۶﴾
    59 : 16 (Булар) өздөрүнөн бир аз мурун өз кылмыштарынын оор акыбетин татып көргөндөргө окшош. Алар үчүн оор азап бар.
  • کَمَثَلِ الشَّیۡطٰنِ اِذۡ قَالَ لِلۡاِنۡسَانِ اکۡفُرۡ ۚ فَلَمَّا کَفَرَ قَالَ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّنۡکَ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اللّٰہَ رَبَّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۷﴾
    59 : 17 (Ошондой эле алар) шайтанга окшош, качан ал адамга: «Четке как», - деди. Анан ал четке какканында: «Албетте, мен сенден качамын. Албетте, мен бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Алладан коркомун», - дей баштады.
  • فَکَانَ عَاقِبَتَہُمَاۤ اَنَّہُمَا فِی النَّارِ خَالِدَیۡنِ فِیۡہَا ؕ وَ ذٰلِکَ جَزٰٓؤُا الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۱۸﴾
    59 : 18 Ошентип, ал экөөсүнүн акыбети мына ушундай болду: экөөсү теӊ отко кирет; экөөсү теӊ анда узак мөөнөткө чейин калуучу. Заалимдердин жазасы мына ушундай болот.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ لۡتَنۡظُرۡ نَفۡسٌ مَّا قَدَّمَتۡ لِغَدٍ ۚ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    59 : 19 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана ар бир жан эртеӊки күн үчүн эмнени жөнөтөөрүнө көӊүл бөлсүн. Алладан корккула. Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
  • وَ لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ نَسُوا اللّٰہَ فَاَنۡسٰہُمۡ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    59 : 20 Жана силер Алланы унутуп койгондор сыӊары болбогула. Ошондо Ал аларды өздөрүнөн кабарсыз кылып койду. Мына ошолор карөзгөй адамдар.
  • لَا یَسۡتَوِیۡۤ اَصۡحٰبُ النَّارِ وَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ؕ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ہُمُ الۡفَآئِزُوۡنَ ﴿۲۱﴾
    59 : 21 От ээлери жана бейиш ээлери эч качан теӊ боло алышпайт. Бейиш ээлери гана ийгиликке жетишүүчүлөр.
  • لَوۡ اَنۡزَلۡنَا ہٰذَا الۡقُرۡاٰنَ عَلٰی جَبَلٍ لَّرَاَیۡتَہٗ خَاشِعًا مُّتَصَدِّعًا مِّنۡ خَشۡیَۃِ اللّٰہِ ؕ وَ تِلۡکَ الۡاَمۡثَالُ نَضۡرِبُہَا لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    59 : 22 Эгер Биз ушул Куранды кандайдыр бир тоого түшүргөнүбүздө, сен албетте, аны Алланын коркуусунан алсырап, бөлөк-бөлөк болуп кеткенин көрөөр элеӊ. Булар – мисалдар. Аларды Биз адамдарга, алар ой жүгүртсүн үчүн баяндайбыз.
  • ہُوَ اللّٰہُ الَّذِیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ ۚ ہُوَ الرَّحۡمٰنُ الرَّحِیۡمُ ﴿۲۳﴾
    59 : 23 Ал – Алла; Андан өзгө эч бир кудай жок; Ал кайыпты дагы, ачыкты дагы билүүчү. Ал (Алла) гана ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • ہُوَ اللّٰہُ الَّذِیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ اَلۡمَلِکُ الۡقُدُّوۡسُ السَّلٰمُ الۡمُؤۡمِنُ الۡمُہَیۡمِنُ الۡعَزِیۡزُ الۡجَبَّارُ الۡمُتَکَبِّرُ ؕ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    59 : 24 Ал – Алла; Андан өзгө эч бир кудай жок; Ал падыша, пакиза, тынчтык, аманчылык берүүчү, күзөтүүчү, эӊ жеӊүүчү, бузулган иштерди оӊдоочу (жана) даӊкы улук. Алла алар (Ага) шерик кылып жаткан нерселерден таза!
  • ہُوَ اللّٰہُ الۡخَالِقُ الۡبَارِئُ الۡمُصَوِّرُ لَہُ الۡاَسۡمَآءُ الۡحُسۡنٰی ؕ یُسَبِّحُ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿٪۲۵﴾
    59 : 25 Ал Алла гана жаратуучу; жаратууну баштоочу жана кебете-түс берүүчү. Баардык көркөм ысымдар Аныкы. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Ага гана мактоо айтууда. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via