Курани карим Ал-Ваакиъа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الواقِعَة

Ал-Ваакиъа

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    56 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِذَا وَقَعَتِ الۡوَاقِعَۃُ ۙ﴿۲﴾
    56 : 2 Боло турган болгондо,
  • لَیۡسَ لِوَقۡعَتِہَا کَاذِبَۃٌ ۘ﴿۳﴾
    56 : 3 Эч бир (жан) анын жүз берүүсүнө тоскоолдук кыла албайт.
  • خَافِضَۃٌ رَّافِعَۃٌ ۙ﴿۴﴾
    56 : 4 Ал (айрымдарды) пас кылуучу, (айрымдарды) жогору кылуучу болот.
  • اِذَا رُجَّتِ الۡاَرۡضُ رَجًّا ۙ﴿۵﴾
    56 : 5 Жер катуу титирөөгө салынганда,
  • وَّ بُسَّتِ الۡجِبَالُ بَسًّا ۙ﴿۶﴾
    56 : 6 Жана тоолор майдалап жиберилгенде,
  • فَکَانَتۡ ہَبَآءً مُّنۡۢبَثًّا ۙ﴿۷﴾
    56 : 7 Ошондо алар чачылган чаӊ-тозоӊго айланып кетет.
  • وَّ کُنۡتُمۡ اَزۡوَاجًا ثَلٰثَۃً ؕ﴿۸﴾
    56 : 8 Жана силер болсо, үч тайпага бөлүнүп кеткен болосуӊар.
  • فَاَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡمَیۡمَنَۃِ ؕ﴿۹﴾
    56 : 9 Оӊ тараптагылар. Оӊ тараптагылар эмне?
  • وَ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡمَشۡـَٔمَۃِ ؕ﴿۱۰﴾
    56 : 10 Жана сол тараптагылар. Сол тараптагылар эмне?
  • وَ السّٰبِقُوۡنَ السّٰبِقُوۡنَ ﴿ۚۙ۱۱﴾
    56 : 11 Жана алдыӊкылар, баарынан озуп кетүүчүлөр болушат.
  • اُولٰٓئِکَ الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ۚ۱۲﴾
    56 : 12 Мына ошолор (Алланын) жакын (пенделери).
  • فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۱۳﴾
    56 : 13 Нээматтуу бейиштерде.
  • ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۱۴﴾
    56 : 14 Илгеркилерден бир чоӊ жамаат.
  • وَ قَلِیۡلٌ مِّنَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ؕ۱۵﴾
    56 : 15 Жана кийинкилерден аз гана кишилер.
  • عَلٰی سُرُرٍ مَّوۡضُوۡنَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾
    56 : 16 Жасалгаланган сөөрүлөрдө –
  • مُّتَّکِـِٕیۡنَ عَلَیۡہَا مُتَقٰبِلِیۡنَ ﴿۱۷﴾
    56 : 17 Ошол (сөөрүлөр)дө бири-бирине бетме-бет сүйөнгөн бойдон.
  • یَطُوۡفُ عَلَیۡہِمۡ وِلۡدَانٌ مُّخَلَّدُوۡنَ ﴿ۙ۱۸﴾
    56 : 18 Түбөлүктүүлүк тартууланган (кызмат кылуучу) жаш балдар аларды айланып турган болушат –
  • بِاَکۡوَابٍ وَّ اَبَارِیۡقَ ۬ۙ وَ کَاۡسٍ مِّنۡ مَّعِیۡنٍ ﴿ۙ۱۹﴾
    56 : 19 Кеселер, кумара жана тунук суу менен толгон чыныларды көтөргөн бойдон.
  • لَّا یُصَدَّعُوۡنَ عَنۡہَا وَ لَا یُنۡزِفُوۡنَ ﴿ۙ۲۰﴾
    56 : 20 Анын таасиринен аларга баш оору болбойт, алар куру кептерди да сүйлөшпөйт.
  • وَ فَاکِہَۃٍ مِّمَّا یَتَخَیَّرُوۡنَ ﴿ۙ۲۱﴾
    56 : 21 Жана ар түрдүү мөмөлөрдү көтөрүп, алар андан каалаганча тандашат.
  • وَ لَحۡمِ طَیۡرٍ مِّمَّا یَشۡتَہُوۡنَ ﴿ؕ۲۲﴾
    56 : 22 Жана куштардын эти – андан алар каалаганын (тандашат).
  • وَ حُوۡرٌ عِیۡنٌ ﴿ۙ۲۳﴾
    56 : 23 Жана кара көздүү кыздар.
  • کَاَمۡثَالِ اللُّؤۡلُوَٴ الۡمَکۡنُوۡنِ ﴿ۚ۲۴﴾
    56 : 24 Тим эле жашырылган берметтердей.
  • جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    56 : 25 Алар жасап жүргөн амалдар үчүн сыйлык катарында.
  • لَا یَسۡمَعُوۡنَ فِیۡہَا لَغۡوًا وَّ لَا تَاۡثِیۡمًا ﴿ۙ۲۶﴾
    56 : 26 Алар анда кандайдыр бир курулай же күнөө сөздү эшитишпейт.
  • اِلَّا قِیۡلًا سَلٰمًا سَلٰمًا ﴿۲۷﴾
    56 : 27 Жалаӊ: «Салам! Салам! » - деген сөздү (угушат).
  • وَ اَصۡحٰبُ الۡیَمِیۡنِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ۲۸﴾
    56 : 28 Жана оӊ тараптагылар. Оӊ тараптагылар кимдер?
  • فِیۡ سِدۡرٍ مَّخۡضُوۡدٍ ﴿ۙ۲۹﴾
    56 : 29 Тикенсиз «Сидр» заарларда.
  • وَّ طَلۡحٍ مَّنۡضُوۡدٍ ﴿ۙ۳۰﴾
    56 : 30 Жана кат-кат (мөмөлүү) банан бактарынын ортосунда.
  • وَّ ظِلٍّ مَّمۡدُوۡدٍ ﴿ۙ۳۱﴾
    56 : 31 Жана алыс-алыска жайылган көлөкөлөрдө.
  • وَّ مَآءٍ مَّسۡکُوۡبٍ ﴿ۙ۳۲﴾
    56 : 32 Жана жаадырыла турган сууда.
  • وَّ فَاکِہَۃٍ کَثِیۡرَۃٍ ﴿ۙ۳۳﴾
    56 : 33 Жана мол мөмөлөрдө –
  • لَّا مَقۡطُوۡعَۃٍ وَّ لَا مَمۡنُوۡعَۃٍ ﴿ۙ۳۴﴾
    56 : 34 Алар токтотулбайт жана аларга тыюу салынбайт.
  • وَّ فُرُشٍ مَّرۡفُوۡعَۃٍ ﴿ؕ۳۵﴾
    56 : 35 Жана бийик төшөлгөн жайларда.
  • اِنَّاۤ اَنۡشَاۡنٰہُنَّ اِنۡشَآءً ﴿ۙ۳۶﴾
    56 : 36 Албетте, Биз алар(дын жуптары)н абдан улук ыкмада жараттык.
  • فَجَعَلۡنٰہُنَّ اَبۡکَارًا ﴿ۙ۳۷﴾
    56 : 37 Ошентип, Биз аларды теӊдешсиз кылдык.
  • عُرُبًا اَتۡرَابًا ﴿ۙ۳۸﴾
    56 : 38 Сүйкүмдүү (жана) курбу.
  • لِّاَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ٪۳۹﴾
    56 : 39 Оӊ тараптагылар үчүн.
  • ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
    56 : 40 Илгеркилерден бир чоӊ жамаат.
  • وَ ثُلَّۃٌ مِّنَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ؕ۴۱﴾
    56 : 41 Жана кийинкилерден дагы бир чоӊ жамаат.
  • وَ اَصۡحٰبُ الشِّمَالِ ۬ۙ مَاۤ اَصۡحٰبُ الشِّمَالِ ﴿ؕ۴۲﴾
    56 : 42 Жана сол тараптагылар. Сол тараптагылар кимдер?
  • فِیۡ سَمُوۡمٍ وَّ حَمِیۡمٍ ﴿ۙ۴۳﴾
    56 : 43 Күйдүрө турган ысык шамал жана кайнак сууда.
  • وَّ ظِلٍّ مِّنۡ یَّحۡمُوۡمٍ ﴿ۙ۴۴﴾
    56 : 44 Жана кара түтүндүн натыйжасында пайда боло турган көлөкөдө:
  • لَّا بَارِدٍ وَّ لَا کَرِیۡمٍ ﴿۴۵﴾
    56 : 45 Салкын да эмес, мээримдүү да эмес.
  • اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَبۡلَ ذٰلِکَ مُتۡرَفِیۡنَ ﴿ۚۖ۴۶﴾
    56 : 46 Мындан илгери албетте, алар абдан молчулукта болушчу.
  • وَ کَانُوۡا یُصِرُّوۡنَ عَلَی الۡحِنۡثِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ۚ۴۷﴾
    56 : 47 Жана чоӊ күнөө үстүнө өжөрлүк кылышчу.
  • وَ کَانُوۡا یَقُوۡلُوۡنَ ۬ۙ اَئِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا وَّ عِظَامًا ءَاِنَّا لَمَبۡعُوۡثُوۡنَ ﴿ۙ۴۸﴾
    56 : 48 Жана алар (мындай) айтышчу: «Биз өлүп, топуракка жана сөөктөргө айланганыбыздан кийин да албетте, тургузулабызбы?
  • اَوَ اٰبَآؤُنَا الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    56 : 49 Биздин ата-бабаларыбыз дагыбы?»
  • قُلۡ اِنَّ الۡاَوَّلِیۡنَ وَ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ۙ۵۰﴾
    56 : 50 Айткын: «Абалкылар дагы, акыркылар дагы.
  • لَمَجۡمُوۡعُوۡنَ ۬ۙ اِلٰی مِیۡقَاتِ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿۵۱﴾
    56 : 51 Бир анык доордун белгиленген убакытына карай албетте, топтолуштурулат».
  • ثُمَّ اِنَّکُمۡ اَیُّہَا الضَّآلُّوۡنَ الۡمُکَذِّبُوۡنَ ﴿ۙ۵۲﴾
    56 : 52 Анан албетте, силер – эй, катуу адашкандар! Аябай көп жалганга чыгаруучулар!
  • لَاٰکِلُوۡنَ مِنۡ شَجَرٍ مِّنۡ زَقُّوۡمٍ ﴿ۙ۵۳﴾
    56 : 53 Албетте, (силер) «Заккуум» дарагынан жей туруучулар.
  • فَمَالِـُٔوۡنَ مِنۡہَا الۡبُطُوۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾
    56 : 54 Анан ошондон карындарды толтуруучусуӊар.
  • فَشٰرِبُوۡنَ عَلَیۡہِ مِنَ الۡحَمِیۡمِ ﴿ۚ۵۵﴾
    56 : 55 Анын үстүнө кайнап турган суу ичүүчүсүӊөр.
  • فَشٰرِبُوۡنَ شُرۡبَ الۡہِیۡمِ ﴿ؕ۵۶﴾
    56 : 56 Ошондо кудум чаӊкаган төөлөр (суу) ичкен сыӊары ичүүчүсүӊөр.
  • ہٰذَا نُزُلُہُمۡ یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۵۷﴾
    56 : 57 Жаза жана сыйлык күнүндөгү алардын «зыяпаты» – мына ушул болот.
  • نَحۡنُ خَلَقۡنٰکُمۡ فَلَوۡ لَا تُصَدِّقُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    56 : 58 Биз гана силерди жаратканбыз. Анда эмнеге тастыктабайсыӊар?
  • اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا تُمۡنُوۡنَ ﴿ؕ۵۹﴾
    56 : 59 Айткылачы, силер (жатынга) түшүрө турган бел суусу(н) –
  • ءَاَنۡتُمۡ تَخۡلُقُوۡنَہٗۤ اَمۡ نَحۡنُ الۡخٰلِقُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    56 : 60 Аны силер жаратасыӊарбы же Биз жаратуучубузбу?
  • نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَیۡنَکُمُ الۡمَوۡتَ وَ مَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوۡقِیۡنَ ﴿ۙ۶۱﴾
    56 : 61 Биз гана силердин араӊарда өлүмдү белгиледик. Бизге эч ким тоскоолдук кыла албайт:
  • عَلٰۤی اَنۡ نُّبَدِّلَ اَمۡثَالَکُمۡ وَ نُنۡشِئَکُمۡ فِیۡ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    56 : 62 Силердин кебетелериӊерди өзгөртүп жиберишибизге жана силерди өзүӊөр билбеген көрүнүштө тургузушубузга.
  • وَ لَقَدۡ عَلِمۡتُمُ النَّشۡاَۃَ الۡاُوۡلٰی فَلَوۡ لَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    56 : 63 Жана албетте, биринчи жаратылышты силер билип алдыӊар. Эмнеге насаат албайсыӊар?
  • اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا تَحۡرُثُوۡنَ ﴿ؕ۶۴﴾
    56 : 64 Айткылачы, силер эге турган нерсе(ни) –
  • ءَاَنۡتُمۡ تَزۡرَعُوۡنَہٗۤ اَمۡ نَحۡنُ الزّٰرِعُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    56 : 65 Аны силер өстүрөсүӊөрбү же Биз өстүрүүчүбүзбү?
  • لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنٰہُ حُطَامًا فَظَلۡتُمۡ تَفَکَّہُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    56 : 66 Эгер Биз каалаганыбызда, албетте, аны майдалап таштайт элек. Анан силер кургак кеп-сөз менен убара болуп кеткен болоор элеӊер:
  • اِنَّا لَمُغۡرَمُوۡنَ ﴿ۙ۶۷﴾
    56 : 67 «Биз ойрон болдук!
  • بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُوۡمُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    56 : 68 Жок! Тескерисинче, биз бүтүндөй куру калдык».
  • اَفَرَءَیۡتُمُ الۡمَآءَ الَّذِیۡ تَشۡرَبُوۡنَ ﴿ؕ۶۹﴾
    56 : 69 Силер өзүӊөр иче турган суу туурасында ойлоп көрдүӊөрбү?
  • ءَاَنۡتُمۡ اَنۡزَلۡتُمُوۡہُ مِنَ الۡمُزۡنِ اَمۡ نَحۡنُ الۡمُنۡزِلُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    56 : 70 Аны силер булуттардан түшүргөнсүӊөрбү же Биз түшүрүүчүбүзбү?
  • لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنٰہُ اُجَاجًا فَلَوۡ لَا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    56 : 71 Эгер Биз каалаганыбызда, аны ачуу кылып койгон болоор элек. Демек, силер эмнеге шүкүр кылбайсыӊар?
  • اَفَرَءَیۡتُمُ النَّارَ الَّتِیۡ تُوۡرُوۡنَ ﴿ؕ۷۲﴾
    56 : 72 Силер өзүӊөр жага турган отко көӊүл бурдуӊарбы?
  • ءَاَنۡتُمۡ اَنۡشَاۡتُمۡ شَجَرَتَہَاۤ اَمۡ نَحۡنُ الۡمُنۡشِـُٔوۡنَ ﴿۷۳﴾
    56 : 73 Анын дарак(тай шооласы)н силер көтөрөсүӊөрбү же Биз (аны) көтөрүүчүбүзбү?
  • نَحۡنُ جَعَلۡنٰہَا تَذۡکِرَۃً وَّ مَتَاعًا لِّلۡمُقۡوِیۡنَ ﴿ۚ۷۴﴾
    56 : 74 Биз аны бир насаат жана мусапырлар үчүн пайда алуу куралы кылып койдук.
  • فَسَبِّحۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الۡعَظِیۡمِ ﴿٪ؓ۷۵﴾
    56 : 75 Ошентип, улук Раббиӊдин наамы менен тасбийх айт.
  • فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِمَوٰقِعِ النُّجُوۡمِ ﴿ۙ۷۶﴾
    56 : 76 Албетте, Мен топ-топ жылдыздарды күбө катары келтиремин.
  • وَ اِنَّہٗ لَقَسَمٌ لَّوۡ تَعۡلَمُوۡنَ عَظِیۡمٌ ﴿ۙ۷۷﴾
    56 : 77 Жана албетте, бул – бир үлкөн күбөлүк. Атаганат, силер билсеӊер кана!
  • اِنَّہٗ لَقُرۡاٰنٌ کَرِیۡمٌ ﴿ۙ۷۸﴾
    56 : 78 Албетте, бул – бир урматтуу Куран –
  • فِیۡ کِتٰبٍ مَّکۡنُوۡنٍ ﴿ۙ۷۹﴾
    56 : 79 Бир жашыруун китепте (сакталган).
  • لَّا یَمَسُّہٗۤ اِلَّا الۡمُطَہَّرُوۡنَ ﴿ؕ۸۰﴾
    56 : 80 Пакиза кылынгандардан башка эч ким ага кол тийгизе албайт.
  • تَنۡزِیۡلٌ مِّنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    56 : 81 (Анын) түшүрүлүшү баардык ааламдардын Раббиси тарабынан.
  • اَفَبِہٰذَا الۡحَدِیۡثِ اَنۡتُمۡ مُّدۡہِنُوۡنَ ﴿ۙ۸۲﴾
    56 : 82 Ушинтип, силер ушул баянга карата кошамат сөздөрдү сүйлөйсүӊөрбү?
  • وَ تَجۡعَلُوۡنَ رِزۡقَکُمۡ اَنَّکُمۡ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    56 : 83 Жана силер четке кагуу менен ырыскыӊарды табасыӊарбы?
  • فَلَوۡ لَاۤ اِذَا بَلَغَتِ الۡحُلۡقُوۡمَ ﴿ۙ۸۴﴾
    56 : 84 Эмнеге (жан) алкымга келип тыгылганда,
  • وَ اَنۡتُمۡ حِیۡنَئِذٍ تَنۡظُرُوۡنَ ﴿ۙ۸۵﴾
    56 : 85 Жана ошол мүнөттө (өзүӊөр үчүн кандайдыр бир нерсе кылуу максатында) ар тарапка жоодурап карар элеӊер.
  • وَ نَحۡنُ اَقۡرَبُ اِلَیۡہِ مِنۡکُمۡ وَ لٰکِنۡ لَّا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    56 : 86 Жана (ошол убакытта) Биз ал (жан бере турган)га силерден көрө жакыныраак элек. Бирок силер акыл-парасат менен иш тутпайт элеӊер.
  • فَلَوۡ لَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ غَیۡرَ مَدِیۡنِیۡنَ ﴿ۙ۸۷﴾
    56 : 87 Эгер силер карыз төлөөчүлөрдөн эмес экенсиӊер, анда эмнеге –
  • تَرۡجِعُوۡنَہَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    56 : 88 Силер ал (жан)ды кайтара албадыӊар, эгер чынчыл болсоӊор?
  • فَاَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿ۙ۸۹﴾
    56 : 89 Ооба! Эгер ал (жан бере турган Алланын) жакын пенделеринен болсо,
  • فَرَوۡحٌ وَّ رَیۡحَانٌ ۬ۙ وَّ جَنَّتُ نَعِیۡمٍ ﴿۹۰﴾
    56 : 90 Анда (ал үчүн) бейпилдик, жыпар жыттуу мейкиндиктер жана үлкөн нээматтуу бейиш (бар).
  • وَ اَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنۡ اَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ۙ۹۱﴾
    56 : 91 Жана эгер ал оӊ тараптагылардан болсо,
  • فَسَلٰمٌ لَّکَ مِنۡ اَصۡحٰبِ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕ۹۲﴾
    56 : 92 Анда (ага): «Сага тынчтык! Эй, оӊ тараптагылардан болгон бирөө», - (деп айтылат).
  • وَ اَمَّاۤ اِنۡ کَانَ مِنَ الۡمُکَذِّبِیۡنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ۙ۹۳﴾
    56 : 93 Эгер ал жалганчыга чыгаруучулар (жана) адашкандардан болсо,
  • فَنُزُلٌ مِّنۡ حَمِیۡمٍ ﴿ۙ۹۴﴾
    56 : 94 Анда (анын) түшө турган жайы – бир өзгөчө кайнап турган суу болот.
  • وَّ تَصۡلِیَۃُ جَحِیۡمٍ ﴿۹۵﴾
    56 : 95 Жана тозоктун отунда куйкалануу бар.
  • اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ حَقُّ الۡیَقِیۡنِ ﴿ۚ۹۶﴾
    56 : 96 Албетте, бекем даражадагы ишенич – мына ошол.
  • فَسَبِّحۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الۡعَظِیۡمِ ﴿٪۹۷﴾
    56 : 97 Ошондуктан, улук Раббиӊдин наамы менен тасбийх айт.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via