Курани карим Ал-Мутаффифийн • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المطفّفِین

Ал-Мутаффифийн

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    83 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • وَیۡلٌ لِّلۡمُطَفِّفِیۡنَ ۙ﴿۲﴾
    83 : 2 Таразада ынсапсыздык кылуучуларга өлүм болсун!
  • الَّذِیۡنَ اِذَا اکۡتَالُوۡا عَلَی النَّاسِ یَسۡتَوۡفُوۡنَ ۫﴿ۖ۳﴾
    83 : 3 Адамдарга бир нерсе тарттырганда, толук алына тургандарга:
  • وَ اِذَا کَالُوۡہُمۡ اَوۡ وَّزَنُوۡہُمۡ یُخۡسِرُوۡنَ ﴿ؕ۴﴾
    83 : 4 Жана өздөрү аларга (бир нерсени) өлчөп же тартып бергенде, кемитип бере тургандарга.
  • اَلَا یَظُنُّ اُولٰٓئِکَ اَنَّہُمۡ مَّبۡعُوۡثُوۡنَ ۙ﴿۵﴾
    83 : 5 Эмне, алар өздөрүнүн тургузулуштарына ишенишпейби?
  • لِیَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ۙ﴿۶﴾
    83 : 6 Бир улук күн(дө бетме-бет болуу) үчүн;
  • یَّوۡمَ یَقُوۡمُ النَّاسُ لِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ؕ﴿۷﴾
    83 : 7 Адамдар бардык ааламдардын Раббисинин алдында турган күнү.
  • کَلَّاۤ اِنَّ کِتٰبَ الۡفُجَّارِ لَفِیۡ سِجِّیۡنٍ ؕ﴿۸﴾
    83 : 8 Кулак салгыла! Албетте, бузукулардын эсеп-кысабы «Сижжийнде».
  • وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا سِجِّیۡنٌ ؕ﴿۹﴾
    83 : 9 Жана «Сижжийндин» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
  • کِتٰبٌ مَّرۡقُوۡمٌ ؕ﴿۱۰﴾
    83 : 10 (Ал) бир жазылган китеп.
  • وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾
    83 : 11 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
  • الَّذِیۡنَ یُکَذِّبُوۡنَ بِیَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۱۲﴾
    83 : 12 Жаза-сыйлык күнүн жалганга чыгаруучуларга.
  • وَ مَا یُکَذِّبُ بِہٖۤ اِلَّا کُلُّ مُعۡتَدٍ اَثِیۡمٍ ﴿ۙ۱۳﴾
    83 : 13 Жана аны ар бир чектен ашкан кызылдай күнөөкөрдөн бөлөк эч ким жалганга чыгарбайт.
  • اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِ اٰیٰتُنَا قَالَ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ؕ۱۴﴾
    83 : 14 Ага Биздин аяттарыбыз окулганда, ал: «Бул – эскилердин жомоктору!» - дейт.
  • کَلَّا بَلۡ ٜ رَانَ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    83 : 15 Кулак салгыла! Чынында, алардын кылган амалдары жүрөктөрүнө дат бастырды.
  • کَلَّاۤ اِنَّہُمۡ عَنۡ رَّبِّہِمۡ یَوۡمَئِذٍ لَّمَحۡجُوۡبُوۡنَ ﴿ؕ۱۶﴾
    83 : 16 Кулак салгыла! Ошол күнү алар албетте, өз Раббисинен четтетилип коюлушат, (тагыраак айтканда Анын зыяратынан куру калтырылат).
  • ثُمَّ اِنَّہُمۡ لَصَالُوا الۡجَحِیۡمِ ﴿ؕ۱۷﴾
    83 : 17 Анан алар сөзсүз тозокко киришет.
  • ثُمَّ یُقَالُ ہٰذَا الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿ؕ۱۸﴾
    83 : 18 Анан (аларга) мындай айтылат: «Силер жалганга чыгарган нерсе – мына ушул».
  • کَلَّاۤ اِنَّ کِتٰبَ الۡاَبۡرَارِ لَفِیۡ عِلِّیِّیۡنَ ﴿ؕ۱۹﴾
    83 : 19 Кулак салгыла! Албетте, жакшы пенделердин эсеп-кысабы сөзсүз «Иллиййинде».
  • وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا عِلِّیُّوۡنَ ﴿ؕ۲۰﴾
    83 : 20 Жана «Иллиййиндин» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
  • کِتٰبٌ مَّرۡقُوۡمٌ ﴿ۙ۲۱﴾
    83 : 21 (Ал) бир жазылган китеп.
  • یَّشۡہَدُہُ الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ؕ۲۲﴾
    83 : 22 (Алланын) жакын пенделери аны (өз көздөрү менен) көрүп алышат.
  • اِنَّ الۡاَبۡرَارَ لَفِیۡ نَعِیۡمٍ ﴿ۙ۲۳﴾
    83 : 23 Албетте, жакшы пенделер сөзсүз нээматтарда болушат;
  • عَلَی الۡاَرَآئِکِ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿ۙ۲۴﴾
    83 : 24 Кооздолгон тактыларда отурган бойдон карап турган болушат.
  • تَعۡرِفُ فِیۡ وُجُوۡہِہِمۡ نَضۡرَۃَ النَّعِیۡمِ ﴿ۚ۲۵﴾
    83 : 25 Сен алардын жүздөрүнөн нээмат-берекелердин ажарын көрөсүӊ.
  • یُسۡقَوۡنَ مِنۡ رَّحِیۡقٍ مَّخۡتُوۡمٍ ﴿ۙ۲۶﴾
    83 : 26 Аларга бир мөөрлөнгөн суусундуктан ичирилет.
  • خِتٰمُہٗ مِسۡکٌ ؕ وَ فِیۡ ذٰلِکَ فَلۡیَتَنَافَسِ الۡمُتَنَافِسُوۡنَ ﴿ؕ۲۷﴾
    83 : 27 Анын мөөрү жыпар жыт болот. Ошентип, бул (маселе)де мелдешүүгө каалоосу барлар бири-биринен озушсун.
  • وَ مِزَاجُہٗ مِنۡ تَسۡنِیۡمٍ ﴿ۙ۲۸﴾
    83 : 28 Жана ага «Таснийм» аралашкан болот.
  • عَیۡنًا یَّشۡرَبُ بِہَا الۡمُقَرَّبُوۡنَ ﴿ؕ۲۹﴾
    83 : 29 (Ал) бир булак болуп, андан (Алланын) жакын пенделери ичишет.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اَجۡرَمُوۡا کَانُوۡا مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا یَضۡحَکُوۡنَ ﴿۫ۖ۳۰﴾
    83 : 30 Албетте, күнөө кылгандар ыйман келтиргендердин үстүнөн күлүшөөр эле.
  • وَ اِذَا مَرُّوۡا بِہِمۡ یَتَغَامَزُوۡنَ ﴿۫ۖ۳۱﴾
    83 : 31 Жана алардын жанынан өткөн учурларда, өз ара бири-бирине ишаараттар кылышаар эле.
  • وَ اِذَا انۡقَلَبُوۡۤا اِلٰۤی اَہۡلِہِمُ انۡقَلَبُوۡا فَکِہِیۡنَ ﴿۫ۖ۳۲﴾
    83 : 32 Жана өз үй-бүлөсү тарапка кайтышканда, курулай кептерди ойлоп чыгарган бойдон кайтышаар эле.
  • وَ اِذَا رَاَوۡہُمۡ قَالُوۡۤا اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَضَآلُّوۡنَ ﴿ۙ۳۳﴾
    83 : 33 Жана ар сапар аларды көргөндөрүндө: «Албетте, булар чын эле адашкандар», - деп айтышаар эле.
  • وَ مَاۤ اُرۡسِلُوۡا عَلَیۡہِمۡ حٰفِظِیۡنَ ﴿ؕ۳۴﴾
    83 : 34 Жана акыйкатта болсо, алар алардын үстүнөн күзөтүүчү кылып жиберилбеген эле.
  • فَالۡیَوۡمَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنَ الۡکُفَّارِ یَضۡحَکُوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾
    83 : 35 Бүгүн ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.
  • عَلَی الۡاَرَآئِکِ ۙ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿ؕ۳۶﴾
    83 : 36 Кооздолгон тактыларда отурган бойдон карап турган болушат.
  • ہَلۡ ثُوِّبَ الۡکُفَّارُ مَا کَانُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿٪۳۷﴾
    83 : 37 Каапырларга өздөрү кылган амалдарына жараша толук «сыйлык» берилдиби?
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via