Курани карим Ан-Нур • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

النُّور

Ан-Нур

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    24 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • سُوۡرَۃٌ اَنۡزَلۡنٰہَا وَ فَرَضۡنٰہَا وَ اَنۡزَلۡنَا فِیۡہَاۤ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ لَّعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲﴾
    24 : 2 Бул – Биз түшүргөн жана парыз кылган бир улуу сүрөө; силер насыйкат алышыӊар үчүн Биз анда ачык-айкын аяттарды түшүргөнбүз.
  • اَلزَّانِیَۃُ وَ الزَّانِیۡ فَاجۡلِدُوۡا کُلَّ وَاحِدٍ مِّنۡہُمَا مِائَۃَ جَلۡدَۃٍ ۪ وَّ لَا تَاۡخُذۡکُمۡ بِہِمَا رَاۡفَۃٌ فِیۡ دِیۡنِ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ۚ وَ لۡیَشۡہَدۡ عَذَابَہُمَا طَآئِفَۃٌ مِّنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۳﴾
    24 : 3 Зынаакор аял жана зынаакор эркек – алардан ар бирине жүз балактан ургула. Эгер Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире турган болсоӊор, Алланын дини туурасында ал экөөсүнө карата боорукерлик (сезимдери) силерди кармап албасын. Алардын жазаланышына момундардын бир тайпасы күбө болсун.
  • اَلزَّانِیۡ لَا یَنۡکِحُ اِلَّا زَانِیَۃً اَوۡ مُشۡرِکَۃً ۫ وَّ الزَّانِیَۃُ لَا یَنۡکِحُہَاۤ اِلَّا زَانٍ اَوۡ مُشۡرِکٌ ۚ وَ حُرِّمَ ذٰلِکَ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴﴾
    24 : 4 Бир зынаакор эркек (табиятынан) кандайдыр бир зынаакор же мушрик аялдан өзгө эч кимге үйлөнбөйт, ошондой эле бир зынаакор аял (табиятынан) кандайдыр бир зынаакор же мушрик эркектен өзгө эч кимге турмушка чыкпайт. Бул (бузук иш) момундарга тыюу салынды.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَرۡمُوۡنَ الۡمُحۡصَنٰتِ ثُمَّ لَمۡ یَاۡتُوۡا بِاَرۡبَعَۃِ شُہَدَآءَ فَاجۡلِدُوۡہُمۡ ثَمٰنِیۡنَ جَلۡدَۃً وَّ لَا تَقۡبَلُوۡا لَہُمۡ شَہَادَۃً اَبَدًا ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ۙ﴿۵﴾
    24 : 5 Абийирдүү аялдарга жалаа жапкан, анан төрт күбө келтирбей тургандар – аларга сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл кылбагыла. Мына ошолор бузукулар.
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ تَابُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ وَ اَصۡلَحُوۡا ۚ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۶﴾
    24 : 6 Бирок ошондон кийин тобо кылып, өздөрүн оӊдоп алгандар аларга кирбейт. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَرۡمُوۡنَ اَزۡوَاجَہُمۡ وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہُمۡ شُہَدَآءُ اِلَّاۤ اَنۡفُسُہُمۡ فَشَہَادَۃُ اَحَدِہِمۡ اَرۡبَعُ شَہٰدٰتٍۭ بِاللّٰہِ ۙ اِنَّہٗ لَمِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۷﴾
    24 : 7 Өздөрүнүн аялдарына жалаа жапкан жана өздөрүндө өзүнөн башка күбөлөр болбогондор – алардын ар бири Алланын аты менен касам ичип, өздөрүнүн албетте, чынчылдардан экенине төрт жолу күбөлүк бериши керек.
  • وَ الۡخَامِسَۃُ اَنَّ لَعۡنَتَ اللّٰہِ عَلَیۡہِ اِنۡ کَانَ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۸﴾
    24 : 8 Бешинчи жолу болсо: «Эгер жалганчылардан болсом, мага Алланын каргышы болсун!» - (деп айтуусу лаазым).
  • وَ یَدۡرَؤُا عَنۡہَا الۡعَذَابَ اَنۡ تَشۡہَدَ اَرۡبَعَ شَہٰدٰتٍۭ بِاللّٰہِ ۙ اِنَّہٗ لَمِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ۙ﴿۹﴾
    24 : 9 Ал (аял)дын: «Албетте, ал (күйөөм) жалганчылардан», - деп төрт жолу Алланын атынан касам ичип, күбөлүк бериши ал (аял)дан жазаны четтетип коёт.
  • وَ الۡخَامِسَۃَ اَنَّ غَضَبَ اللّٰہِ عَلَیۡہَاۤ اِنۡ کَانَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۰﴾
    24 : 10 Бешинчи жолу болсо: «Эгер ал (күйөөм) чынчылдардан болсо, анда Алланын каары үстүмө түшсүн!» - (деп айтуусу лаазым).
  • وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ وَ اَنَّ اللّٰہَ تَوَّابٌ حَکِیۡمٌ ﴿٪۱۱﴾
    24 : 11 Эгер Алланын берешендиги жана Анын рахматы силерге болбогондо, ошондой эле Алла тобону абдан көп кабыл кылуучу жана өтө акылмандык ээси (болбогондо, силер балээге кирептер болоор элеӊер).
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ جَآءُوۡ بِالۡاِفۡکِ عُصۡبَۃٌ مِّنۡکُمۡ ؕ لَا تَحۡسَبُوۡہُ شَرًّا لَّکُمۡ ؕ بَلۡ ہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ ؕ لِکُلِّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ مَّا اکۡتَسَبَ مِنَ الۡاِثۡمِ ۚ وَ الَّذِیۡ تَوَلّٰی کِبۡرَہٗ مِنۡہُمۡ لَہٗ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۲﴾
    24 : 12 Албетте, жалганды ойлоп чыгаргандар – араӊардагы бир тайпа. Бул (нерсе)ни өзүӊөр үчүн жаман деп ойлобогула, тескерисинче, ал силер үчүн жакшыраак. Алардын ар бирине өзү жасаган күнөө өлчөмүндө «сыйлык» берилет. Алардын арасындагы чоӊ бөлүк ээси үчүн болсо, абдан чоӊ азап бар.
  • لَوۡ لَاۤ اِذۡ سَمِعۡتُمُوۡہُ ظَنَّ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتُ بِاَنۡفُسِہِمۡ خَیۡرًا ۙ وَّ قَالُوۡا ہٰذَاۤ اِفۡکٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۳﴾
    24 : 13 Силер муну уккан учуруӊарда, эмнеге момун эркектер жана момун аялдар өз адамдары туурасында жакшы ойго барышпады жана: «Бул ачыктан-ачык жалган!» - дешпеди?
  • لَوۡ لَا جَآءُوۡ عَلَیۡہِ بِاَرۡبَعَۃِ شُہَدَآءَ ۚ فَاِذۡ لَمۡ یَاۡتُوۡا بِالشُّہَدَآءِ فَاُولٰٓئِکَ عِنۡدَ اللّٰہِ ہُمُ الۡکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    24 : 14 Эмнеге алар бул жөнүндө төрт күбө келтиришпеди? Демек, эч бир күбө келтирбегендиктери үчүн алардын өздөрү гана Алланын алдында жалганчылар.
  • وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ لَمَسَّکُمۡ فِیۡ مَاۤ اَفَضۡتُمۡ فِیۡہِ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿ۚۖ۱۵﴾
    24 : 15 Эгер дүйнө жана акыретте Алланын берешендиги жана Анын рахматы силерге болбогондо, силер киришип кеткен (чагымдын) натыйжасында бир улуу азап албетте, силерди тутуп алган болоор эле.
  • اِذۡ تَلَقَّوۡنَہٗ بِاَلۡسِنَتِکُمۡ وَ تَقُوۡلُوۡنَ بِاَفۡوَاہِکُمۡ مَّا لَیۡسَ لَکُمۡ بِہٖ عِلۡمٌ وَّ تَحۡسَبُوۡنَہٗ ہَیِّنًا ٭ۖ وَّ ہُوَ عِنۡدَ اللّٰہِ عَظِیۡمٌ ﴿۱۶﴾
    24 : 16 Силер ал (жалган)ды тилдериӊерге алып, ооздоруӊар менен өзүӊөр билбеген нерсени дастан кылганыӊарда, аны арзыбас нерсе деп ойлоор элеӊер. Алланын алдында болсо, ал абдан чоӊ нерсе болчу.
  • وَ لَوۡ لَاۤ اِذۡ سَمِعۡتُمُوۡہُ قُلۡتُمۡ مَّا یَکُوۡنُ لَنَاۤ اَنۡ نَّتَکَلَّمَ بِہٰذَا ٭ۖ سُبۡحٰنَکَ ہٰذَا بُہۡتَانٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۷﴾
    24 : 17 Силер аны уккан учуруӊарда, эмнеге: «Бул жөнүндө сүйлөө – бизге жарашпайт. (Эй, Алла!) Сен тазасыӊ! Бул абдан чоӊ жалаа го!» - дебедиӊер.
  • یَعِظُکُمُ اللّٰہُ اَنۡ تَعُوۡدُوۡا لِمِثۡلِہٖۤ اَبَدًا اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۱۸﴾
    24 : 18 «Эгер момун болсоӊор, мындан кийин эч качан мындай нерсени кайра жасабагыла», - деп Алла силерге насаат кылат.
  • وَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمُ الۡاٰیٰتِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۹﴾
    24 : 19 Алла силерге аяттарды ачык-айкын баян кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө даанышман.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُحِبُّوۡنَ اَنۡ تَشِیۡعَ الۡفَاحِشَۃُ فِی الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ۙ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    24 : 20 Албетте, ыйман келтиргендердин арасында бузукулуктун таркалышын каалай тургандарга (бул) дүйнөдө дагы, акыретте дагы оор азап болот. Алла билет, а силер билбейсиӊер.
  • وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ وَ اَنَّ اللّٰہَ رَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۲۱﴾
    24 : 21 Эгер Алланын берешендиги жана Анын рахматы силерге болбогондо, ошондой эле Алла өтө мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу болбогондо, (араӊарда бузукулук тарап кеткен болоор эле).
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّبِعُوۡا خُطُوٰتِ الشَّیۡطٰنِ ؕ وَ مَنۡ یَّتَّبِعۡ خُطُوٰتِ الشَّیۡطٰنِ فَاِنَّہٗ یَاۡمُرُ بِالۡفَحۡشَآءِ وَ الۡمُنۡکَرِ ؕ وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ مَا زَکٰی مِنۡکُمۡ مِّنۡ اَحَدٍ اَبَدًا ۙ وَّ لٰکِنَّ اللّٰہَ یُزَکِّیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۲﴾
    24 : 22 Эй, ыйман келтиргендер! Шайтандын изин ээрчибегиле; ким шайтандын изин ээрчисе, (ал киши) шайтандын албетте, бузуку иштер жана жарабас нерселерге буюрганын (билип койсун). Эгер Алланын берешендиги жана Анын рахматы силерге болбогондо, силердин бирөөӊөр дагы эч качан таза боло албайт элеӊер. Бирок Алла Өзү каалаганын тазалайт. Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ لَا یَاۡتَلِ اُولُوا الۡفَضۡلِ مِنۡکُمۡ وَ السَّعَۃِ اَنۡ یُّؤۡتُوۡۤا اُولِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنَ وَ الۡمُہٰجِرِیۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۪ۖ وَ لۡیَعۡفُوۡا وَ لۡیَصۡفَحُوۡا ؕ اَلَا تُحِبُّوۡنَ اَنۡ یَّغۡفِرَ اللّٰہُ لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۲۳﴾
    24 : 23 Араӊардагы дөөлөттүүлөр жана молчулук ээлери өз туугандарына, мискиндерге жана Алла жолунда хижрат кылуучуларга эч нерсе бербестикке касам ичишпесин. Ошентип, алар кечирүүлөрү жана мээримдүүлүк кылуулары лаазым. Эмне, Алла силерди кечирүүсүн жактырбайсыӊарбы? Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَرۡمُوۡنَ الۡمُحۡصَنٰتِ الۡغٰفِلٰتِ الۡمُؤۡمِنٰتِ لُعِنُوۡا فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۪ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿ۙ۲۴﴾
    24 : 24 Албетте, абийирдүү, кабарсыз момун аялдарга жалаа жаба тургандар бул дүйнөдө дагы, акыретте дагы каргышталышты. Алар үчүн үлкөн азап бар.
  • یَّوۡمَ تَشۡہَدُ عَلَیۡہِمۡ اَلۡسِنَتُہُمۡ وَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ اَرۡجُلُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    24 : 25 Алардын тилдери, алардын колдору жана алардын буттары өздөрүнүн кылган амалдары жөнүндө аларга каршы күбөлүк бере турган күн(дү эстегиле).
  • یَوۡمَئِذٍ یُّوَفِّیۡہِمُ اللّٰہُ دِیۡنَہُمُ الۡحَقَّ وَ یَعۡلَمُوۡنَ اَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡحَقُّ الۡمُبِیۡنُ ﴿۲۶﴾
    24 : 26 Ал күнү Алла аларга өздөрүнө жараша толук жазаларын берет жана алар Алла гана ачык-айкын акыйкат экендигин билип алышат.
  • اَلۡخَبِیۡثٰتُ لِلۡخَبِیۡثِیۡنَ وَ الۡخَبِیۡثُوۡنَ لِلۡخَبِیۡثٰتِ ۚ وَ الطَّیِّبٰتُ لِلطَّیِّبِیۡنَ وَ الطَّیِّبُوۡنَ لِلطَّیِّبٰتِ ۚ اُولٰٓئِکَ مُبَرَّءُوۡنَ مِمَّا یَقُوۡلُوۡنَ ؕ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ رِزۡقٌ کَرِیۡمٌ ﴿٪۲۷﴾
    24 : 27 Таза эмес аялдар таза эмес эркектер үчүн жана таза эмес эркектер таза эмес аялдар үчүн; ошондой эле таза аялдар таза эркектер үчүн жана таза эркектер таза аялдар үчүн. Булар – алардын айткан кеп-сөздөрүнөн оолак. Булар үчүн гана кечирим жана урматтуу ырыскы бар.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَدۡخُلُوۡا بُیُوۡتًا غَیۡرَ بُیُوۡتِکُمۡ حَتّٰی تَسۡتَاۡنِسُوۡا وَ تُسَلِّمُوۡا عَلٰۤی اَہۡلِہَا ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    24 : 28 Эй, ыйман келтиргендер! Уруксат сурабастан жана үйдөгүлөргө салам бербестен туруп, өз үйлөрүӊөрдөн башка үйлөргө кирбегиле. Бул ибарат алышыӊар үчүн силерге жакшыраак.
  • فَاِنۡ لَّمۡ تَجِدُوۡا فِیۡہَاۤ اَحَدًا فَلَا تَدۡخُلُوۡہَا حَتّٰی یُؤۡذَنَ لَکُمۡ ۚ وَ اِنۡ قِیۡلَ لَکُمُ ارۡجِعُوۡا فَارۡجِعُوۡا ہُوَ اَزۡکٰی لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ عَلِیۡمٌ ﴿۲۹﴾
    24 : 29 Эгер ал (үй)лөрдө эч кимди таппасаӊар, анда силерге уруксат берилмейинче, ал (үй)лөргө кирбегиле; эгер силерге: «Кайтып кеткиле!» - деп айтылса, анда кайтып кеткиле. Бул нерсе силер үчүн тазараак. Алла эмне кылып жатканыӊарды абдан жакшы билет.
  • لَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَنۡ تَدۡخُلُوۡا بُیُوۡتًا غَیۡرَ مَسۡکُوۡنَۃٍ فِیۡہَا مَتَاعٌ لَّکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا تُبۡدُوۡنَ وَ مَا تَکۡتُمُوۡنَ ﴿۳۰﴾
    24 : 30 Абат болбогон, дүнүйө-мүлкүӊөр турган үйлөргө кирсеӊер, силерге күнөө болбойт. Силер көрүнөө кыла турган нерсени дагы, жашыра турган нерсени дагы Алла билет.
  • قُلۡ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ یَغُضُّوۡا مِنۡ اَبۡصَارِہِمۡ وَ یَحۡفَظُوۡا فُرُوۡجَہُمۡ ؕ ذٰلِکَ اَزۡکٰی لَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا یَصۡنَعُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    24 : 31 Момундарга айт: «Алар көздөрүн төмөн каратышсын жана уяттуу жерлерин сакташсын». Бул нерсе алар үчүн тазараак. Албетте, Алла алар кылып жаткан амалдарынан дайыма кабардар.
  • وَ قُلۡ لِّلۡمُؤۡمِنٰتِ یَغۡضُضۡنَ مِنۡ اَبۡصَارِہِنَّ وَ یَحۡفَظۡنَ فُرُوۡجَہُنَّ وَ لَا یُبۡدِیۡنَ زِیۡنَتَہُنَّ اِلَّا مَا ظَہَرَ مِنۡہَا وَ لۡیَضۡرِبۡنَ بِخُمُرِہِنَّ عَلٰی جُیُوۡبِہِنَّ ۪ وَ لَا یُبۡدِیۡنَ زِیۡنَتَہُنَّ اِلَّا لِبُعُوۡلَتِہِنَّ اَوۡ اٰبَآئِہِنَّ اَوۡ اٰبَآءِ بُعُوۡلَتِہِنَّ اَوۡ اَبۡنَآئِہِنَّ اَوۡ اَبۡنَآءِ بُعُوۡلَتِہِنَّ اَوۡ اِخۡوَانِہِنَّ اَوۡ بَنِیۡۤ اِخۡوَانِہِنَّ اَوۡ بَنِیۡۤ اَخَوٰتِہِنَّ اَوۡ نِسَآئِہِنَّ اَوۡ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُنَّ اَوِ التّٰبِعِیۡنَ غَیۡرِ اُولِی الۡاِرۡبَۃِ مِنَ الرِّجَالِ اَوِ الطِّفۡلِ الَّذِیۡنَ لَمۡ یَظۡہَرُوۡا عَلٰی عَوۡرٰتِ النِّسَآءِ ۪ وَ لَا یَضۡرِبۡنَ بِاَرۡجُلِہِنَّ لِیُعۡلَمَ مَا یُخۡفِیۡنَ مِنۡ زِیۡنَتِہِنَّ ؕ وَ تُوۡبُوۡۤا اِلَی اللّٰہِ جَمِیۡعًا اَیُّہَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    24 : 32 Жана момун аялдарга (да) айт: «Алар көздөрүн төмөн каратышсын, уяттуу жерлерин сакташсын жана өзүнөн-өзү ачык болгон зыйнатынан башкасын көрсөтүшпөсүн; ошондой эле көкүрөктөрүн жоолуктары менен жабышсын жана күйөөлөрүнөн, же аталарынан, же кайынаталарынан, же уулдарынан, же күйөөлөрүнүн уулдарынан, же ага-инилеринен, же ага-инилеринин уулдарынан, же эже-сиӊдилеринин уулдарынан, же өз аялдарынан, же кол астындагы эркектерден, же эркектердин арасындагы (жыныстык) дараметинен ажыраган кызматчылардан, же аялдардын уяттуу жерлеринен кабарсыз жаш балдардан башка эч кимге өз сулуулугун көрсөтүшпөсүн; ошондой эле аялдар (жалпысынан) өз сулуулугунан жашыра турган нерселери (адамдарга) көрүнүп калгыдай буттарын (жерге) урушпасын. Эй, момундар! Баарыӊар ийгилик табууӊар үчүн тобо кылган бойдон Аллага ийилгиле.
  • وَ اَنۡکِحُوا الۡاَیَامٰی مِنۡکُمۡ وَ الصّٰلِحِیۡنَ مِنۡ عِبَادِکُمۡ وَ اِمَآئِکُمۡ ؕ اِنۡ یَّکُوۡنُوۡا فُقَرَآءَ یُغۡنِہِمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۳۳﴾
    24 : 33 Араӊардагы жесирлерди дагы, кул жана күӊдөрүӊөрдүн ичиндеги абийирдүүлөрдү дагы никелеп койгула; эгер алар кембагал болушса, Алла Өз берешендиги менен аларды байытып коёт. Алла абдан көп молчулук тартуулоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ لۡیَسۡتَعۡفِفِ الَّذِیۡنَ لَا یَجِدُوۡنَ نِکَاحًا حَتّٰی یُغۡنِیَہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَبۡتَغُوۡنَ الۡکِتٰبَ مِمَّا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ فَکَاتِبُوۡہُمۡ اِنۡ عَلِمۡتُمۡ فِیۡہِمۡ خَیۡرًا ٭ۖ وَّ اٰتُوۡہُمۡ مِّنۡ مَّالِ اللّٰہِ الَّذِیۡۤ اٰتٰٮکُمۡ ؕ وَ لَا تُکۡرِہُوۡا فَتَیٰتِکُمۡ عَلَی الۡبِغَآءِ اِنۡ اَرَدۡنَ تَحَصُّنًا لِّتَبۡتَغُوۡا عَرَضَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ مَنۡ یُّکۡرِہۡہُّنَّ فَاِنَّ اللّٰہَ مِنۡۢ بَعۡدِ اِکۡرَاہِہِنَّ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۳۴﴾
    24 : 34 Турмуш курууга мүмкүнчүлүк таба албай тургандар, Алла Өз берешендиги менен аларды байытканча, өздөрүн кармап турушсун. Өздөрүнүн азаттыгы үчүн силерге кун берип, жазуу келишим түзмөкчү болгон кулдарыӊарды – эгер аларда жөндөмдүүлүгүн сезсеӊер, жазма келишим менен азат кылгыла. Алла силерге тартуулаган байлыктан бир аз аларга дагы бергиле. Күӊдөрүӊөрдү эгер алар турмушка чыкмакчы болушса, дүйнөлүк жашоонун пайдаларын көздөп, (тоскон бойдон жашыруун) бузукулукка мажбур кылбагыла; кимдир бирөө аларды мажбурласа, анда Алла албетте, алардын мажбурланышынан соӊ өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ لَقَدۡ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکُمۡ اٰیٰتٍ مُّبَیِّنٰتٍ وَّ مَثَلًا مِّنَ الَّذِیۡنَ خَلَوۡا مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ مَوۡعِظَۃً لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿٪۳۵﴾
    24 : 35 Биз силерге ачык-айкындоочу аяттарды жана силерден илгери өткөндөрдүн мисалын, ошондой эле такыбалар үчүн акыл-насаатты түшүрдүк.
  • اَللّٰہُ نُوۡرُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ مَثَلُ نُوۡرِہٖ کَمِشۡکٰوۃٍ فِیۡہَا مِصۡبَاحٌ ؕ اَلۡمِصۡبَاحُ فِیۡ زُجَاجَۃٍ ؕ اَلزُّجَاجَۃُ کَاَنَّہَا کَوۡکَبٌ دُرِّیٌّ یُّوۡقَدُ مِنۡ شَجَرَۃٍ مُّبٰرَکَۃٍ زَیۡتُوۡنَۃٍ لَّا شَرۡقِیَّۃٍ وَّ لَا غَرۡبِیَّۃٍ ۙ یَّکَادُ زَیۡتُہَا یُضِیۡٓءُ وَ لَوۡ لَمۡ تَمۡسَسۡہُ نَارٌ ؕ نُوۡرٌ عَلٰی نُوۡرٍ ؕ یَہۡدِی اللّٰہُ لِنُوۡرِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ الۡاَمۡثَالَ لِلنَّاسِ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۳۶﴾
    24 : 36 Алла асмандар жана жердин нуру; Анын нурунун мисалы бир чырак турган текчеге окшойт; ал чырак шишеден турган шамдалдын ичинде; ал шише жаркырап турган жарык жылдыздай; ал (чырак) Батышка да, Чыгышка да таандык болбогон зайтундун куттуу дарагынан жагылган; ал (дарак)тын майына от жалыны тийбесе дагы, ал өзүнөн-өзү жалбырттап жанып кетейин деп турат. Бул нур үстүнө нур. Алла Өзү каалаган пендени Өзүнүн нуруна багыттайт. Алла адамдар үчүн мисалдар келтирет. Алла баардык нерсени дайыма билүүчү.
  • فِیۡ بُیُوۡتٍ اَذِنَ اللّٰہُ اَنۡ تُرۡفَعَ وَ یُذۡکَرَ فِیۡہَا اسۡمُہٗ ۙ یُسَبِّحُ لَہٗ فِیۡہَا بِالۡغُدُوِّ وَ الۡاٰصَالِ ﴿ۙ۳۷﴾
    24 : 37 (Бул чырактар) Алла жогорулатууга буюрган үйлөрдө; аларда Анын наамы эскерилет; аларда таӊкысын да, түнкүсүн да Ага тасбийх айтышат –
  • رِجَالٌ ۙ لَّا تُلۡہِیۡہِمۡ تِجَارَۃٌ وَّ لَا بَیۡعٌ عَنۡ ذِکۡرِ اللّٰہِ وَ اِقَامِ الصَّلٰوۃِ وَ اِیۡتَآءِ الزَّکٰوۃِ ۪ۙ یَخَافُوۡنَ یَوۡمًا تَتَقَلَّبُ فِیۡہِ الۡقُلُوۡبُ وَ الۡاَبۡصَارُ ﴿٭ۙ۳۸﴾
    24 : 38 Улуу эркектер – аларды бир дагы соода, бир дагы алыш-бериш Алланы эскерүүдөн же намаз окуудан же зекет берүүдөн бейкабар кыла албайт; алар жүрөктөр жана көздөр (коркунучтан) тескери айлана турган күндөн коркушат.
  • لِیَجۡزِیَہُمُ اللّٰہُ اَحۡسَنَ مَا عَمِلُوۡا وَ یَزِیۡدَہُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ یَرۡزُقُ مَنۡ یَّشَآءُ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۳۹﴾
    24 : 39 Натыйжада, алар кылган эӊ жакшы амалдары үчүн Алла аларды сыйлайт жана Өз берешендигинен аларга дагы көбөйтүп берет. Алла Өзү каалаган кишиге эсепсиз ырыскы берет.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَعۡمَالُہُمۡ کَسَرَابٍۭ بِقِیۡعَۃٍ یَّحۡسَبُہُ الظَّمۡاٰنُ مَآءً ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءَہٗ لَمۡ یَجِدۡہُ شَیۡئًا وَّ وَجَدَ اللّٰہَ عِنۡدَہٗ فَوَفّٰٮہُ حِسَابَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿ۙ۴۰﴾
    24 : 40 Каапыр болгондордун амалдары бир жылмакай майдандагы закымга окшойт: катуу чаӊкаган адам аны суу деп ойлойт, а түгүл ага жакын барганда, анын жок нерсе экенин көрөт жана Алланы ал жерде табат. Ошондо, Ал (Алла) ага эсебин толук төлөйт. Алла эсеп-кысап кылууда абдан тез.
  • اَوۡ کَظُلُمٰتٍ فِیۡ بَحۡرٍ لُّجِّیٍّ یَّغۡشٰہُ مَوۡجٌ مِّنۡ فَوۡقِہٖ مَوۡجٌ مِّنۡ فَوۡقِہٖ سَحَابٌ ؕ ظُلُمٰتٌۢ بَعۡضُہَا فَوۡقَ بَعۡضٍ ؕ اِذَاۤ اَخۡرَجَ یَدَہٗ لَمۡ یَکَدۡ یَرٰٮہَا ؕ وَ مَنۡ لَّمۡ یَجۡعَلِ اللّٰہُ لَہٗ نُوۡرًا فَمَا لَہٗ مِنۡ نُّوۡرٍ ﴿٪۴۱﴾
    24 : 41 Же (алардын амалдары) бир тереӊ деӊиздеги караӊгылыктарга окшойт: аны удаа-удаа толкундар бекитип турат, анын үстүндө болсо, булуттар бар; алар ушундай караӊгылыктар: алардын айрымдары-айрымдарын каптап турат; ал колун чыгарганда, аны дагы көрө албайт. Алла кимге нур бербеген болсо, ал үчүн эч кандай нур жок.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ یُسَبِّحُ لَہٗ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ الطَّیۡرُ صٰٓفّٰتٍ ؕ کُلٌّ قَدۡ عَلِمَ صَلَاتَہٗ وَ تَسۡبِیۡحَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِمَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    24 : 42 Сен асмандар жана жердеги бар нерсе, ошондой эле канаттарын кеӊ жайган куштар дагы тасбийх айтып жаткан Зат Алла экенин көрбөдүӊбү? Алардын ар бири өзүнүн ибадат кылуу жана тасбийх айтуу усулун билип алган. Алла алардын кылып жаткан амалдарын абдан жакшы билет.
  • وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ اِلَی اللّٰہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۴۳﴾
    24 : 43 Асмандар жана жердин падышачылыгы Алланыкы. Аллага гана кайтыш бар.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ یُزۡجِیۡ سَحَابًا ثُمَّ یُؤَلِّفُ بَیۡنَہٗ ثُمَّ یَجۡعَلُہٗ رُکَامًا فَتَرَی الۡوَدۡقَ یَخۡرُجُ مِنۡ خِلٰلِہٖ ۚ وَ یُنَزِّلُ مِنَ السَّمَآءِ مِنۡ جِبَالٍ فِیۡہَا مِنۡۢ بَرَدٍ فَیُصِیۡبُ بِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَصۡرِفُہٗ عَنۡ مَّنۡ یَّشَآءُ ؕ یَکَادُ سَنَا بَرۡقِہٖ یَذۡہَبُ بِالۡاَبۡصَارِ ﴿ؕ۴۴﴾
    24 : 44 Сен көрбөдүӊбү? Алла булуттарды айдайт анан аларды топтойт, анан аларды бири-биринин үстүнө жайгаштырат; анан сен анын ортосунан жамгыр чыга баштаганын көрөсүӊ. Ал (Алла) бийиктиктерден, тактап айтканда аларда жайгашкан тоолордон мөндүр түшүрөт, анан Өзү каалаган пендеге аларды жаадырат жана Өзү каалаган пендеден аларды ары кетирет. Анын чагылганынын жаркылдашы (алардын) көздөрүн алып коеюн дейт.
  • یُقَلِّبُ اللّٰہُ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَعِبۡرَۃً لِّاُولِی الۡاَبۡصَارِ ﴿۴۵﴾
    24 : 45 Алла түн жана күндү алмаштырып турат. Албетте, мында акыл-парасат ээлери үчүн ибарат бар.
  • وَ اللّٰہُ خَلَقَ کُلَّ دَآبَّۃٍ مِّنۡ مَّآءٍ ۚ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّمۡشِیۡ عَلٰی بَطۡنِہٖ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّمۡشِیۡ عَلٰی رِجۡلَیۡنِ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّمۡشِیۡ عَلٰۤی اَرۡبَعٍ ؕ یَخۡلُقُ اللّٰہُ مَا یَشَآءُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۴۶﴾
    24 : 46 Алла ар бир кыбыр эткен жандыкты суудан жаратты; демек, алардын ичинде боору менен сойлоп жүрө тургандар да бар, алардын ичинде эки аяктап жүрө тургандар да бар, ошондой эле алардын ичинде дагы төрт (аяк)тап жүрө тургандар да бар. Алла Өзү каалаган нерсени жаратат. Албетте, Алла Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма кудуреттүү.
  • لَقَدۡ اَنۡزَلۡنَاۤ اٰیٰتٍ مُّبَیِّنٰتٍ ؕ وَ اللّٰہُ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۴۷﴾
    24 : 47 Албетте, Биз ачык-айкын аяттарды түшүрдүк. Алла Өзү каалаган пендени туура жолго салат.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ بِالرَّسُوۡلِ وَ اَطَعۡنَا ثُمَّ یَتَوَلّٰی فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ ؕ وَ مَاۤ اُولٰٓئِکَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    24 : 48 Алар айтышат: «Биз Аллага жана Пайгамбарга ыйман келтирдик, ошондой эле биз бой сундук». Ошондо дагы алардын бир тайпасы мындан соӊ жүз буруп кетет. Алар такыр момун эмес.
  • وَ اِذَا دُعُوۡۤا اِلَی اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ لِیَحۡکُمَ بَیۡنَہُمۡ اِذَا فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    24 : 49 Ал (Пайгамбар) алардын ортосунда өкүм кылсын үчүн булар Алла жана Анын Пайгамбарына чакырылгандарында, алардын бир тайпасы кокустан жүз бура баштайт.
  • وَ اِنۡ یَّکُنۡ لَّہُمُ الۡحَقُّ یَاۡتُوۡۤا اِلَیۡہِ مُذۡعِنِیۡنَ ﴿ؕ۵۰﴾
    24 : 50 Эгер чындык алар тарапта болгондо, дароо ал (Пайгамбар)дын алдына баш ийүү менен жүгүрүп келмек.
  • اَفِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ اَمِ ارۡتَابُوۡۤا اَمۡ یَخَافُوۡنَ اَنۡ یَّحِیۡفَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ وَ رَسُوۡلُہٗ ؕ بَلۡ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
    24 : 51 Алардын жүрөктөрүндө бир кесел барбы же шек-күмөнгө кирептер болуштубу же Алла жана Анын Пайгамбары аларга зулумдук кылуусунан коркушабы? Жок, алардын өздөрү заалимдер.
  • اِنَّمَا کَانَ قَوۡلَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اِذَا دُعُوۡۤا اِلَی اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ لِیَحۡکُمَ بَیۡنَہُمۡ اَنۡ یَّقُوۡلُوۡا سَمِعۡنَا وَ اَطَعۡنَا ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    24 : 52 Ал (Пайгамбар) момундардын ортосунда өкүм кылсын үчүн алар Алла жана Анын Пайгамбарына чакырылгандарында, алардын сөзү болгону мындай болот: «Биз уктук жана бой сундук». Ийгиликке жетише тургандар мына ошолор.
  • وَ مَنۡ یُّطِعِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ یَخۡشَ اللّٰہَ وَ یَتَّقۡہِ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفَآئِزُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    24 : 53 Ким Алла менен Анын Пайгамбарына баш ийсе, Алладан корксо жана Ал (Алла)га такыба кылса, мына ошолор кутулуучулар.
  • وَ اَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ لَئِنۡ اَمَرۡتَہُمۡ لَیَخۡرُجُنَّ ؕ قُلۡ لَّا تُقۡسِمُوۡا ۚ طَاعَۃٌ مَّعۡرُوۡفَۃٌ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    24 : 54 Алар: «Эгер сен бизге буюрсаӊ, биз албетте, чыгабыз», - деп Алланын атына бекем касам ичишти. Айткын: «Касам ичпегиле, эреже боюнча баш ийгиле!» Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
  • قُلۡ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ ۚ فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّمَا عَلَیۡہِ مَا حُمِّلَ وَ عَلَیۡکُمۡ مَّا حُمِّلۡتُمۡ ؕ وَ اِنۡ تُطِیۡعُوۡہُ تَہۡتَدُوۡا ؕ وَ مَا عَلَی الرَّسُوۡلِ اِلَّا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۵۵﴾
    24 : 55 Айткын: «Аллага баш ийгиле жана Пайгамбарга баш ийгиле»; анан, эгер жүз бурсаӊар, анда (билип койгула), ал өзүнө жүктөлгөнгө гана жооп берет, ал эми силер дагы өзүӊөргө жүктөлгөнгө гана жоопкер болосуӊар; эгер силер ага баш ийсеӊер, анда силер хидаят табасыӊар. Пайгамбардын милдетинде кабарды ачык-айкын жеткирүү гана бар.
  • وَعَدَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡکُمۡ وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَیَسۡتَخۡلِفَنَّہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ کَمَا اسۡتَخۡلَفَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ۪ وَ لَیُمَکِّنَنَّ لَہُمۡ دِیۡنَہُمُ الَّذِی ارۡتَضٰی لَہُمۡ وَ لَیُبَدِّلَنَّہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ خَوۡفِہِمۡ اَمۡنًا ؕ یَعۡبُدُوۡنَنِیۡ لَا یُشۡرِکُوۡنَ بِیۡ شَیۡئًا ؕ وَ مَنۡ کَفَرَ بَعۡدَ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    24 : 56 Алла араӊардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандарга, алардан илгери өткөндөрдү халифа кылганы сыӊары, албетте, аларды дагы жерде халифа кылат деп бекем убада берген. Ал (Алла) алар үчүн Өзү жакшы көргөн динин, албетте, бекем орнотот, алардын коркуу абалынан соӊ аларды албетте, тынчтык абалына бөлөп коёт; алар Мага ибадат кылышат; Мага эч нерсени шерик кылышпайт. Ким ушундан кийин дагы шүкүрсүздүк кылса, мына ошолор фасык-баш ийбегендер.
  • وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    24 : 57 Силерге ырайым кылынсын үчүн намаз окугула, зекет бергиле жана Пайгамбарга баш ийгиле.
  • لَا تَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مُعۡجِزِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ۚ وَ مَاۡوٰٮہُمُ النَّارُ ؕ وَ لَبِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿٪۵۸﴾
    24 : 58 Каапыр болгондор жерде (момундарды) алсырата берет деп такыр ойлобо. Алардын турар жайы болсо – от. Ал абдан жаман турак жай.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لِیَسۡتَاۡذِنۡکُمُ الَّذِیۡنَ مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ وَ الَّذِیۡنَ لَمۡ یَبۡلُغُوا الۡحُلُمَ مِنۡکُمۡ ثَلٰثَ مَرّٰتٍ ؕ مِنۡ قَبۡلِ صَلٰوۃِ الۡفَجۡرِ وَ حِیۡنَ تَضَعُوۡنَ ثِیَابَکُمۡ مِّنَ الظَّہِیۡرَۃِ وَ مِنۡۢ بَعۡدِ صَلٰوۃِ الۡعِشَآءِ ۟ؕ ثَلٰثُ عَوۡرٰتٍ لَّکُمۡ ؕ لَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ وَ لَا عَلَیۡہِمۡ جُنَاحٌۢ بَعۡدَہُنَّ ؕ طَوّٰفُوۡنَ عَلَیۡکُمۡ بَعۡضُکُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمُ الۡاٰیٰتِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۵۹﴾
    24 : 59 Эй, ыйман келтиргендер! Араӊардан кол астыӊардагылар жана араӊардан али балакат жашына жетпегендер үч маалда (жатаканаӊарга кирүүдөн мурун) силерден уруксат суроолору лаазым: багымдат намазынан мурун, түштө дем алуу учурунда силер (ашыкча) кийимдериӊерди чечип отурганыӊарда жана куптан намазынан кийин. Мына ушул үч маал силер үчүн парда учурлары. Мына ушулардан тышкары (уруксатсыз кирип-чыгууга) силер үчүн дагы, алар үчүн дагы күнөө жок. Айрымдарыӊар-айрымдарыӊардын алдына тез-тез келип турасыӊар. Алла аяттарды силерге мына ушундай ачык баян кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө акылман.
  • وَ اِذَا بَلَغَ الۡاَطۡفَالُ مِنۡکُمُ الۡحُلُمَ فَلۡیَسۡتَاۡذِنُوۡا کَمَا اسۡتَاۡذَنَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اٰیٰتِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۶۰﴾
    24 : 60 Араӊардагы балдар балакат жашына жеткендеринде, алардан илгеркилер уруксат сурашкандай, алар уруксат суроолору лаазым. Алла аяттарын силерге мына ушундай ачык баян кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө даанышман.
  • وَ الۡقَوَاعِدُ مِنَ النِّسَآءِ الّٰتِیۡ لَا یَرۡجُوۡنَ نِکَاحًا فَلَیۡسَ عَلَیۡہِنَّ جُنَاحٌ اَنۡ یَّضَعۡنَ ثِیَابَہُنَّ غَیۡرَ مُتَبَرِّجٰتٍۭ بِزِیۡنَۃٍ ؕ وَ اَنۡ یَّسۡتَعۡفِفۡنَ خَیۡرٌ لَّہُنَّ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۶۱﴾
    24 : 61 Турмушка чыгууну үмүт кылбаган, отуруп калган аялдар – алар эгер сулуулугун көрсөтпөгөн бойдон өздөрүнүн (ашыкча) кийимдерин чечип коюшса, аларга эч кандай күнөө болбойт. Эгер алар этият болушса, өздөрү үчүн жакшыраак. Алла эӊ угуучу (жана) эӊ билүүчү.
  • لَیۡسَ عَلَی الۡاَعۡمٰی حَرَجٌ وَّ لَا عَلَی الۡاَعۡرَجِ حَرَجٌ وَّ لَا عَلَی الۡمَرِیۡضِ حَرَجٌ وَّ لَا عَلٰۤی اَنۡفُسِکُمۡ اَنۡ تَاۡکُلُوۡا مِنۡۢ بُیُوۡتِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اٰبَآئِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اُمَّہٰتِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اِخۡوَانِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اَخَوٰتِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اَعۡمَامِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ عَمّٰتِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ اَخۡوَالِکُمۡ اَوۡ بُیُوۡتِ خٰلٰتِکُمۡ اَوۡ مَا مَلَکۡتُمۡ مَّفَاتِحَہٗۤ اَوۡ صَدِیۡقِکُمۡ ؕ لَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَنۡ تَاۡکُلُوۡا جَمِیۡعًا اَوۡ اَشۡتَاتًا ؕ فَاِذَا دَخَلۡتُمۡ بُیُوۡتًا فَسَلِّمُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِکُمۡ تَحِیَّۃً مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ مُبٰرَکَۃً طَیِّبَۃً ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿٪۶۲﴾
    24 : 62 Көрдү да айыптап болбойт, чолокту да айыптап болбойт, оорукчанды да айыптап болбойт; ошондой эле эгер силер өз үйлөрүӊөрдөн, же ата-бабаларыӊардын үйлөрүнөн, же энелериӊердин үйлөрүнөн, же ага-инилериӊердин үйлөрүнөн, же эже-карындаштарыӊардын үйлөрүнөн, же абаларыӊардын үйлөрүнөн, же эжелериӊердин үйлөрүнөн, же таякелериӊердин үйлөрүнөн, же таэжелериӊердин үйлөрүнөн, же ачкычтары силердин карамагыӊарда болгон (үй)дөн, же досторуӊардын үйлөрүнөн тамактансаӊар, силерди да айыптап болбойт. Мейли силер бирге, мейли өз-өзүнчө тамактансаӊар, силер үчүн эч кандай күнөө жок. Ошентип, силер үйлөргө киргениӊерде, өз кишилериӊерге Алланын алдынан болгон бир куттуу, таза саламаттык белегин жибергиле. Түшүнүп алышыӊар үчүн Алла аяттарды силерге мына ушундай ачык баян кылат.
  • اِنَّمَا الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ اِذَا کَانُوۡا مَعَہٗ عَلٰۤی اَمۡرٍ جَامِعٍ لَّمۡ یَذۡہَبُوۡا حَتّٰی یَسۡتَاۡذِنُوۡہُ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَسۡتَاۡذِنُوۡنَکَ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ۚ فَاِذَا اسۡتَاۡذَنُوۡکَ لِبَعۡضِ شَاۡنِہِمۡ فَاۡذَنۡ لِّمَنۡ شِئۡتَ مِنۡہُمۡ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُمُ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۶۳﴾
    24 : 63 Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтире турган, ошондой эле кандайдыр бир маанилүү жалпы маселени (талкууга алуу үчүн) анын жанында чогулгандарында, андан уруксат алмайынча, кетпей тургандар гана нукура момундар. Албетте, сенден уруксат сурай тургандар – мына ошолор гана Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтире тургандар. Ошентип, алар өздөрүнүн айрым жумуштары үчүн сенден уруксат сурагандарында, алардын ичинен өзүӊ каалаганыӊа уруксат бер жана Алладан алар үчүн кечирим сурап тур. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • لَا تَجۡعَلُوۡا دُعَآءَ الرَّسُوۡلِ بَیۡنَکُمۡ کَدُعَآءِ بَعۡضِکُمۡ بَعۡضًا ؕ قَدۡ یَعۡلَمُ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ یَتَسَلَّلُوۡنَ مِنۡکُمۡ لِوَاذًا ۚ فَلۡیَحۡذَرِ الَّذِیۡنَ یُخَالِفُوۡنَ عَنۡ اَمۡرِہٖۤ اَنۡ تُصِیۡبَہُمۡ فِتۡنَۃٌ اَوۡ یُصِیۡبَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۶۴﴾
    24 : 64 Пайгамбардын (силерди) чакыруусун араӊарда өз ара бири-бириӊерди чакырганыӊардай кылбагыла. Алла албетте, араӊардагы сездирбей, акырын качып кете тургандарды жакшы билет. Ошентип, анын буйругуна каршы чыга тургандар баштарына кандайдыр бир балээ түшүп калуудан же оор азап өздөрүнө келүүдөн этият болушсун.
  • اَلَاۤ اِنَّ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ قَدۡ یَعۡلَمُ مَاۤ اَنۡتُمۡ عَلَیۡہِ ؕ وَ یَوۡمَ یُرۡجَعُوۡنَ اِلَیۡہِ فَیُنَبِّئُہُمۡ بِمَا عَمِلُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿٪۶۵﴾
    24 : 65 Сак болгула! Асмандар жана жердеги бардык нерселер Алланыкы. Ал (Алла) силердин ахвалыӊарды жакшы билет. Алар (адамдар) Анын алдына кайтарыла турган күнү Ал аларга өздөрү кылган амалдарынын кабарын берет. Алла баардык нерсени абдан жакшы билүүчү.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via