Курани карим Аз-Зухруф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الزّخرُف

Аз-Зухруф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    43 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿ۛ۲﴾
    43 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • وَ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ۙ﴿ۛ۳﴾
    43 : 3 Ачык-айкын баян кылуучу Китепке касам!
  • اِنَّا جَعَلۡنٰہُ قُرۡءٰنًا عَرَبِیًّا لَّعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ۚ﴿۴﴾
    43 : 4 Силер ой жүгүртүшүӊөр үчүн Биз, албетте, аны жетик, кызыл тилдүү арабча Куран кылдык.
  • وَ اِنَّہٗ فِیۡۤ اُمِّ الۡکِتٰبِ لَدَیۡنَا لَعَلِیٌّ حَکِیۡمٌ ؕ﴿۵﴾
    43 : 5 Албетте, ушул (Куран) Умм-ул-Китепте бар (жана) Биздин алдыбызда албетте, даӊкы өтө улук (жана) хикмат-даанышмандуу.
  • اَفَنَضۡرِبُ عَنۡکُمُ الذِّکۡرَ صَفۡحًا اَنۡ کُنۡتُمۡ قَوۡمًا مُّسۡرِفِیۡنَ ﴿۶﴾
    43 : 6 Силер чектен ашкан бир коом болгондугуӊар үчүн гана Биз силерге насаат кылбай коёбузбу?!
  • وَ کَمۡ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ نَّبِیٍّ فِی الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۷﴾
    43 : 7 Жана мурунку адамдарга Биз канчалаган пайгамбарларды жөнөткөн элек.
  • وَ مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ نَّبِیٍّ اِلَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۸﴾
    43 : 8 Жана алар өздөрүнө келген ар бир пайгамбарды маскара кылышчу.
  • فَاَہۡلَکۡنَاۤ اَشَدَّ مِنۡہُمۡ بَطۡشًا وَّ مَضٰی مَثَلُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۹﴾
    43 : 9 Ошентип, Биз тутууда булардан дагы күчтүүрөөк болгондорду жок кылдык. Абалкылардын мисалы өтүп кеткен.
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ لَیَقُوۡلُنَّ خَلَقَہُنَّ الۡعَزِیۡزُ الۡعَلِیۡمُ ﴿ۙ۱۰﴾
    43 : 10 Жана эгер сен алардан: «Асмандар жана жерди ким жараткан?» - деп сурасаӊ, алар албетте: «Эӊ жеӊүүчү (жана) илим ээси аларды жараткан», - дешет.
  • الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ مَہۡدًا وَّ جَعَلَ لَکُمۡ فِیۡہَا سُبُلًا لَّعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿ۚ۱۱﴾
    43 : 11 Ал (Алла) гана силер үчүн жерди төшөк кылып койгон жана туура жол табууӊар максатында силер үчүн анда жолдорду пайда кылган.
  • وَ الَّذِیۡ نَزَّلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءًۢ بِقَدَرٍ ۚ فَاَنۡشَرۡنَا بِہٖ بَلۡدَۃً مَّیۡتًا ۚ کَذٰلِکَ تُخۡرَجُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    43 : 12 Жана Ал (Алла) гана бир өлчөмгө ылайык асмандан суу түшүрдү. Анан Биз анын жардамында бир өлүк жерди тирилттик. Силер дагы мына ушундай чыгарыласыӊар.
  • وَ الَّذِیۡ خَلَقَ الۡاَزۡوَاجَ کُلَّہَا وَ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنَ الۡفُلۡکِ وَ الۡاَنۡعَامِ مَا تَرۡکَبُوۡنَ ﴿ۙ۱۳﴾
    43 : 13 Жана Ал (Алла) гана ар кыл жуптарды жаратты. Силер үчүн ар түрдүү кемелер жана силер минип жүрө турган чарба малдарын дагы жаратты.
  • لِتَسۡتَوٗا عَلٰی ظُہُوۡرِہٖ ثُمَّ تَذۡکُرُوۡا نِعۡمَۃَ رَبِّکُمۡ اِذَا اسۡتَوَیۡتُمۡ عَلَیۡہِ وَ تَقُوۡلُوۡا سُبۡحٰنَ الَّذِیۡ سَخَّرَ لَنَا ہٰذَا وَ مَا کُنَّا لَہٗ مُقۡرِنِیۡنَ ﴿ۙ۱۴﴾
    43 : 14 Силер аркаларында бекем орношуп, отуруп алышыӊар үчүн. Анан силер алардын үстүнө бекем орношуп алганыӊарда, өз Раббиӊердин нээматын эстегиле жана айткыла: «Бизге муну бой сундуруп койгон (Алла) таза жана муну бой сундурууга бизде күч жок болчу.
  • وَ اِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا لَمُنۡقَلِبُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    43 : 15 Жана албетте, биз Раббибиздин алдына кайтуучуларбыз».
  • وَ جَعَلُوۡا لَہٗ مِنۡ عِبَادِہٖ جُزۡءًا ؕ اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لَکَفُوۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ؕ٪۱۶﴾
    43 : 16 Жана алар Анын пенделеринин айрымдарын Анын бир бөлүгүнө айландырып алышты. Албетте, адам баласы ачыктан-ачык шүкүрсүз.
  • اَمِ اتَّخَذَ مِمَّا یَخۡلُقُ بَنٰتٍ وَّ اَصۡفٰکُمۡ بِالۡبَنِیۡنَ ﴿۱۷﴾
    43 : 17 Ал (Алла) Өзү жарата тургандардан Өзүнө жалаӊ кыздарды тандап алып, силерди уулдар үчүн тандап алдыбы?
  • وَ اِذَا بُشِّرَ اَحَدُہُمۡ بِمَا ضَرَبَ لِلرَّحۡمٰنِ مَثَلًا ظَلَّ وَجۡہُہٗ مُسۡوَدًّا وَّ ہُوَ کَظِیۡمٌ ﴿۱۸﴾
    43 : 18 Жана качан алардын бирөөсүнө, ал өзү Рахмаанга тиешелүү болгон бийик мисал катары келтире турган нерсенин куш кабары берилсе, анын жүзү карайып кетет. Ал эми катуу кайгыны басууга аракеттенип жаткан болот.
  • اَوَ مَنۡ یُّنَشَّؤُا فِی الۡحِلۡیَۃِ وَ ہُوَ فِی الۡخِصَامِ غَیۡرُ مُبِیۡنٍ ﴿۱۹﴾
    43 : 19 Жасалгалардын ичинде «өстүрүлө турган» жана жаӊжал маалында ачык-даана «сүйлөй албаганды» (силер Аллага таандык кыласыӊарбы?)
  • وَ جَعَلُوا الۡمَلٰٓئِکَۃَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عِبٰدُ الرَّحۡمٰنِ اِنَاثًا ؕ اَشَہِدُوۡا خَلۡقَہُمۡ ؕ سَتُکۡتَبُ شَہَادَتُہُمۡ وَ یُسۡـَٔلُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    43 : 20 Жана алар Рахмаандын пенделери болгон периштелерди аялдар (буттар) кылып алышты. Алар алардын жаратылышына күбө болушканбы? Албетте, алардын күбөлүгү жазылып коюлат жана алар суралат.
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ شَآءَ الرَّحۡمٰنُ مَا عَبَدۡنٰہُمۡ ؕ مَا لَہُمۡ بِذٰلِکَ مِنۡ عِلۡمٍ ٭ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا یَخۡرُصُوۡنَ ﴿ؕ۲۱﴾
    43 : 21 Жана алар айтышат: «Эгер Рахмаан каалаганда, биз аларга сыйынбайт элек». Алар бул туурасында эч кандай билимге ээ эмес. Алар болгону болжолдошот.
  • اَمۡ اٰتَیۡنٰہُمۡ کِتٰبًا مِّنۡ قَبۡلِہٖ فَہُمۡ بِہٖ مُسۡتَمۡسِکُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    43 : 22 Биз мындан мурун аларга кандайдыр бир китеп берген белек? Демек, алар аны бекем тутуп турушуптурбу?
  • بَلۡ قَالُوۡۤا اِنَّا وَجَدۡنَاۤ اٰبَآءَنَا عَلٰۤی اُمَّۃٍ وَّ اِنَّا عَلٰۤی اٰثٰرِہِمۡ مُّہۡتَدُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    43 : 23 Жок, алар айтышат: «Биз ата-бабаларыбызды бир көз карашта таптык. Албетте, биз алардын кадам-издерин ээрчип хидаят табуучуларбыз».
  • وَ کَذٰلِکَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ فِیۡ قَرۡیَۃٍ مِّنۡ نَّذِیۡرٍ اِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوۡہَاۤ ۙ اِنَّا وَجَدۡنَاۤ اٰبَآءَنَا عَلٰۤی اُمَّۃٍ وَّ اِنَّا عَلٰۤی اٰثٰرِہِمۡ مُّقۡتَدُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    43 : 24 Жана ушундайча, Биз сенден мурун кандайдыр бир кыштакка эч бир кулактандыруучу жибербедик, бирок анын бай-дөөлөттүүлөрү: «Албетте, биз ата-бабаларыбызды бир өзгөчө көз карашта таптык. Албетте, биз алардын издеринен жүрүүчүлөрбүз», - дешти.
  • قٰلَ اَوَ لَوۡ جِئۡتُکُمۡ بِاَہۡدٰی مِمَّا وَجَدۡتُّمۡ عَلَیۡہِ اٰبَآءَکُمۡ ؕ قَالُوۡۤا اِنَّا بِمَاۤ اُرۡسِلۡتُمۡ بِہٖ کٰفِرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    43 : 25 Ал айтты: «Эгер силер ата-бабаларыӊарды тапкан көз караштан дагы жакшыраак нерсени келтирген болсом, дагыбы?» Алар айтышты: «Биз албетте, силер келтирген нерсени четке кагабыз».
  • فَانۡتَقَمۡنَا مِنۡہُمۡ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿٪۲۶﴾
    43 : 26 Ошондо Биз алардан өч алдык. Демек, жалганга чыгара тургандардын акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • وَ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہِیۡمُ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖۤ اِنَّنِیۡ بَرَآءٌ مِّمَّا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۲۷﴾
    43 : 27 Ибраахийм атасына жана коомуна (мындай) деген(ин эстегиле): «Албетте, мен силер сыйынып жаткан нерселерден жаа бою качамын.
  • اِلَّا الَّذِیۡ فَطَرَنِیۡ فَاِنَّہٗ سَیَہۡدِیۡنِ ﴿۲۸﴾
    43 : 28 Бирок мени жараткан (Алла)дан башкасынан. Демек, Ал (Алла) сөзсүз мени туура жолго салат».
  • وَ جَعَلَہَا کَلِمَۃًۢ بَاقِیَۃً فِیۡ عَقِبِہٖ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    43 : 29 Жана Ал бул (сөз)дү, андан кийинки тукумдарда алар кайтышсын үчүн түбөлүк кала турган бийик аят-белги кылып койду.
  • بَلۡ مَتَّعۡتُ ہٰۤؤُلَآءِ وَ اٰبَآءَہُمۡ حَتّٰی جَآءَہُمُ الۡحَقُّ وَ رَسُوۡلٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۳۰﴾
    43 : 30 Чынында, Мен аларга жана алардын ата-бабаларына, аларга акыйкат жана ачык-айкын баян кылуучу Пайгамбар келгенине чейин убактылуу пайда жеткирдим.
  • وَ لَمَّا جَآءَہُمُ الۡحَقُّ قَالُوۡا ہٰذَا سِحۡرٌ وَّ اِنَّا بِہٖ کٰفِرُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    43 : 31 Жана акыры, акыйкат өздөрүнө келгенде, алар айтышты: «Бул – сыйкырчылык. Албетте, биз аны четке кагуучуларбыз».
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ لَا نُزِّلَ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنُ عَلٰی رَجُلٍ مِّنَ الۡقَرۡیَتَیۡنِ عَظِیۡمٍ ﴿۳۲﴾
    43 : 32 Жана алар айтышты: «Эмнеге ушул Куран белгилүү эки кыштактагы кандайдыр бир улук инсанга түшүрүлгөн эмес?»
  • اَہُمۡ یَقۡسِمُوۡنَ رَحۡمَتَ رَبِّکَ ؕ نَحۡنُ قَسَمۡنَا بَیۡنَہُمۡ مَّعِیۡشَتَہُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ رَفَعۡنَا بَعۡضَہُمۡ فَوۡقَ بَعۡضٍ دَرَجٰتٍ لِّیَتَّخِذَ بَعۡضُہُمۡ بَعۡضًا سُخۡرِیًّا ؕ وَ رَحۡمَتُ رَبِّکَ خَیۡرٌ مِّمَّا یَجۡمَعُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    43 : 33 Раббиӊдин рахматын алар бөлүп беришеби? Биз Өзүбүз бул дүйнөдө алардын тиричилик куралдарын алардын ортосунда бөлүштүрүп бердик. Алардын айрымдары башка бирөөлөрүн көз каранды кылып алышсын үчүн даража жагынан алардын айрымдарын башка бирөөлөрүнөн жогору кылып койдук. Раббиӊдин рахматы алар жыя турган нерселерден жакшыраак.
  • وَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ یَّکُوۡنَ النَّاسُ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً لَّجَعَلۡنَا لِمَنۡ یَّکۡفُرُ بِالرَّحۡمٰنِ لِبُیُوۡتِہِمۡ سُقُفًا مِّنۡ فِضَّۃٍ وَّ مَعَارِجَ عَلَیۡہَا یَظۡہَرُوۡنَ ﴿ۙ۳۴﴾
    43 : 34 Жана эгер бардык адамдар бир үммөттөй болуп калышат деген ыктымал болбогондо, Биз албетте, Рахмаанды четке кага тургандарга алардын үйлөрүнүн чатырларын күмүштөн жасаган болоор элек жана алар чыга турган тепкичтерди дагы.
  • وَ لِبُیُوۡتِہِمۡ اَبۡوَابًا وَّ سُرُرًا عَلَیۡہَا یَتَّکِـُٔوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾
    43 : 35 Жана үйлөрүнүн эшиктерин дагы, алар жөлөнө турган жайларды дагы.
  • وَ زُخۡرُفًا ؕ وَ اِنۡ کُلُّ ذٰلِکَ لَمَّا مَتَاعُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ الۡاٰخِرَۃُ عِنۡدَ رَبِّکَ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿٪۳۶﴾
    43 : 36 Жана аларга шан-шөөкөт тартуулаган болоор элек. Бирок булардын баары албетте, бул дүйнөнүн жабдуусу гана. Раббиӊдин алдында акырет такыбалар үчүн гана болот.
  • وَ مَنۡ یَّعۡشُ عَنۡ ذِکۡرِ الرَّحۡمٰنِ نُقَیِّضۡ لَہٗ شَیۡطٰنًا فَہُوَ لَہٗ قَرِیۡنٌ ﴿۳۷﴾
    43 : 37 Жана ким Рахмаанды эске алуудан жүз бурса, Биз ал үчүн бир шайтанды дайындап коёбуз. Ошентип, ал ага шерик болуп калат.
  • وَ اِنَّہُمۡ لَیَصُدُّوۡنَہُمۡ عَنِ السَّبِیۡلِ وَ یَحۡسَبُوۡنَ اَنَّہُمۡ مُّہۡتَدُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    43 : 38 Жана албетте, алар аларды жолдон азгырышат. Алар болсо, өздөрүн: «Биз хидаят тапканбыз», - деп ойлоп жаткан болушат.
  • حَتّٰۤی اِذَا جَآءَنَا قَالَ یٰلَیۡتَ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکَ بُعۡدَ الۡمَشۡرِقَیۡنِ فَبِئۡسَ الۡقَرِیۡنُ ﴿۳۹﴾
    43 : 39 А түгүл ал Биздин алдыбызга келгенде, (өзүнүн жолдошуна мындай) дейт: «Эх, атаганат! Мени менен сенин ортоӊдо чыгыш менен батыш арасынчалык болсо, кана! » Демек, ал кандай жаман жолдош болуп чыгат!
  • وَ لَنۡ یَّنۡفَعَکُمُ الۡیَوۡمَ اِذۡ ظَّلَمۡتُمۡ اَنَّکُمۡ فِی الۡعَذَابِ مُشۡتَرِکُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    43 : 40 Жана силер зулумдук кылып бүткөндөн кийин азапта баарыӊардын шерик болушуӊар силерге бүгүн эч кандай пайда бербейт.
  • اَفَاَنۡتَ تُسۡمِعُ الصُّمَّ اَوۡ تَہۡدِی الۡعُمۡیَ وَ مَنۡ کَانَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۴۱﴾
    43 : 41 Демек, сен дүлөйлөргө угуза аласыӊбы, же сокурларга жол көрсөтө аласыӊбы жана ачыктан-ачык адашууда болгон бирөөнө дагы?
  • فَاِمَّا نَذۡہَبَنَّ بِکَ فَاِنَّا مِنۡہُمۡ مُّنۡتَقِمُوۡنَ ﴿ۙ۴۲﴾
    43 : 42 Ошентип, эгер Биз сени алып кетсек дагы, алардан баары бир Биз өч алуучубуз.
  • اَوۡ نُرِیَنَّکَ الَّذِیۡ وَعَدۡنٰہُمۡ فَاِنَّا عَلَیۡہِمۡ مُّقۡتَدِرُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    43 : 43 Же Биз аларга убада кылган нерсени сага сөзсүз көрсөтөбүз. Албетте, Биз алардын үстүнөн толук кудуретке ээбиз.
  • فَاسۡتَمۡسِکۡ بِالَّذِیۡۤ اُوۡحِیَ اِلَیۡکَ ۚ اِنَّکَ عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۴۴﴾
    43 : 44 Ошентип, сага вахий кылынып жаткан нерсени бекем карма. Албетте, сен туура жолдосуӊ.
  • وَ اِنَّہٗ لَذِکۡرٌ لَّکَ وَ لِقَوۡمِکَ ۚ وَ سَوۡفَ تُسۡـَٔلُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    43 : 45 Жана албетте, бул сен үчүн да, коомуӊ үчүн да бир улук Зикир. Силер албетте, сураласыӊар.
  • وَ سۡـَٔلۡ مَنۡ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ مِنۡ رُّسُلِنَاۤ اَجَعَلۡنَا مِنۡ دُوۡنِ الرَّحۡمٰنِ اٰلِـہَۃً یُّعۡبَدُوۡنَ ﴿٪۴۶﴾
    43 : 46 Жана Биз сенден мурун жөнөткөн пайгамбарларыбыздан: «Рахмаандан өзгө ибадат кылына турган кандайдыр бир кудайларды дайындаптырбызбы?» - деп сурап көргүн.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مُوۡسٰی بِاٰیٰتِنَاۤ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ فَقَالَ اِنِّیۡ رَسُوۡلُ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۴۷﴾
    43 : 47 Албетте, Биз Мусаны Өз аят-жышаандарыбыз менен Фараон жана анын төрөлөрүнө жөнөттүк. Ошондо ал айтты: «Мен албетте, бардык ааламдар Раббисинин пайгамбарымын».
  • فَلَمَّا جَآءَہُمۡ بِاٰیٰتِنَاۤ اِذَا ہُمۡ مِّنۡہَا یَضۡحَکُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    43 : 48 Анан ал аят-жышаандарыбыз менен алардын алдына келгенде, алар дароо анын үстүнөн күлө башташты.
  • وَ مَا نُرِیۡہِمۡ مِّنۡ اٰیَۃٍ اِلَّا ہِیَ اَکۡبَرُ مِنۡ اُخۡتِہَا ۫ وَ اَخَذۡنٰہُمۡ بِالۡعَذَابِ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    43 : 49 Жана Биз аларга көрсөтө турган ар бир (айкын) аят өзүнө окшош алдыӊкы аяттан чоӊураак болчу. Биз аларды азап менен кармадык. Балким, алар кайтышаар.
  • وَ قَالُوۡا یٰۤاَیُّہَ السّٰحِرُ ادۡعُ لَنَا رَبَّکَ بِمَا عَہِدَ عِنۡدَکَ ۚ اِنَّنَا لَمُہۡتَدُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    43 : 50 Жана алар айтышты: «Эй, сыйкырчы! Биз үчүн Раббиӊен Ал сага убада берген нерсени сура. Албетте, биз хидаят табуучулар болуп калабыз».
  • فَلَمَّا کَشَفۡنَا عَنۡہُمُ الۡعَذَابَ اِذَا ہُمۡ یَنۡکُثُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    43 : 51 Анан Биз алардан азапты узакташтырганыбызда, дароо алар убадасын буза башташты.
  • وَ نَادٰی فِرۡعَوۡنُ فِیۡ قَوۡمِہٖ قَالَ یٰقَوۡمِ اَلَیۡسَ لِیۡ مُلۡکُ مِصۡرَ وَ ہٰذِہِ الۡاَنۡہٰرُ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِیۡ ۚ اَفَلَا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿ؕ۵۲﴾
    43 : 52 Жана Фараон өз коомунун арасында жарыялады (жана) айтты: «Эй, коомум! Мисир өлкөсү жана менин ээлигимде агып турган мына ушул дайралар меники эмеспи? Силер көрбөй жатасыӊарбы?
  • اَمۡ اَنَا خَیۡرٌ مِّنۡ ہٰذَا الَّذِیۡ ہُوَ مَہِیۡنٌ ۬ۙ وَّ لَا یَکَادُ یُبِیۡنُ ﴿۵۳﴾
    43 : 53 Чынында, мен мына бул кадыры жок жана так сүйлөй албай турган кишиден жакшыраакмын.
  • فَلَوۡ لَاۤ اُلۡقِیَ عَلَیۡہِ اَسۡوِرَۃٌ مِّنۡ ذَہَبٍ اَوۡ جَآءَ مَعَہُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ مُقۡتَرِنِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    43 : 54 Ошентип, эмнеге анын үстүнө алтын билериктер түшүрүлгөн эмес же периштелер ага топ-топ болуп келишкен эмес?»
  • فَاسۡتَخَفَّ قَوۡمَہٗ فَاَطَاعُوۡہُ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمًا فٰسِقِیۡنَ ﴿۵۵﴾
    43 : 55 Демек, ал өз коомуна эч көӊүл бөлбөдү жана алар ага баш ийе башташты. Албетте, алар фасык коом болчу.
  • فَلَمَّاۤ اٰسَفُوۡنَا انۡتَقَمۡنَا مِنۡہُمۡ فَاَغۡرَقۡنٰہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾
    43 : 56 Ошентип, алар Биздин каарыбызды аракетке келтиргенде, Биз алардан өч алдык жана алардын баарын (аскерлери менен бирге) чөктүрүп жибердик.
  • فَجَعَلۡنٰہُمۡ سَلَفًا وَّ مَثَلًا لِّلۡاٰخِرِیۡنَ ﴿٪۵۷﴾
    43 : 57 Ошентип, Биз аларды өткөндөгү баян жана келечек муундар үчүн ибарат кылдык.
  • وَ لَمَّا ضُرِبَ ابۡنُ مَرۡیَمَ مَثَلًا اِذَا قَوۡمُکَ مِنۡہُ یَصِدُّوۡنَ ﴿۵۸﴾
    43 : 58 Жана Марям уулу мисал түрүндө келтирилгенде, дароо коомуӊ буга ызы-чуу көтөрө баштайт.
  • وَ قَالُوۡۤاءَ اٰلِہَتُنَا خَیۡرٌ اَمۡ ہُوَ ؕ مَا ضَرَبُوۡہُ لَکَ اِلَّا جَدَلًا ؕ بَلۡ ہُمۡ قَوۡمٌ خَصِمُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    43 : 59 Жана алар айтышат: «Кудайларыбыз жакшыбы же албы?» Сенин алдыӊда алар муну жалаӊ талашып-тартышуу үчүн гана тилге алышат. Жок, алар катуу жаӊжалчыл коом.
  • اِنۡ ہُوَ اِلَّا عَبۡدٌ اَنۡعَمۡنَا عَلَیۡہِ وَ جَعَلۡنٰہُ مَثَلًا لِّبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۶۰﴾
    43 : 60 Ал бир пенде гана болгон. Ага Биз айкөлдүк көрсөттүк жана аны Исрааийл балдары үчүн (ээрчүүгө ылайык) бир мисал кылдык.
  • وَ لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَا مِنۡکُمۡ مَّلٰٓئِکَۃً فِی الۡاَرۡضِ یَخۡلُفُوۡنَ ﴿۶۱﴾
    43 : 61 Жана эгер Биз каалаганыбызда, жерде ордуӊарды баса турган араларыӊардан периштелерди чыгараар элек.
  • وَ اِنَّہٗ لَعِلۡمٌ لِّلسَّاعَۃِ فَلَا تَمۡتَرُنَّ بِہَا وَ اتَّبِعُوۡنِ ؕ ہٰذَا صِرَاطٌ مُّسۡتَقِیۡمٌ ﴿۶۲﴾
    43 : 62 Жана албетте, ал ыӊкылап «Саатынын » белгиси болот. Ошондуктан, силер ал «Сааттан » шектенбегиле жана мени ээрчигиле. Мына ушул туура жол.
  • وَ لَا یَصُدَّنَّکُمُ الشَّیۡطٰنُ ۚ اِنَّہٗ لَکُمۡ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۶۳﴾
    43 : 63 Жана шайтан силерди эч токтотпосун. Албетте, ал силерге ачыктан-ачык душман.
  • وَ لَمَّا جَآءَ عِیۡسٰی بِالۡبَیِّنٰتِ قَالَ قَدۡ جِئۡتُکُمۡ بِالۡحِکۡمَۃِ وَ لِاُبَیِّنَ لَکُمۡ بَعۡضَ الَّذِیۡ تَخۡتَلِفُوۡنَ فِیۡہِ ۚ فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۶۴﴾
    43 : 64 Жана Иса ачык аят-белгилер менен келгенде, (мындай) деди: «Албетте, мен силерге хикмат-акылмандык келтирдим жана силер талашып жүргөн нерселердин айрымдарын силерге ачык-айкын баян кылып берүү үчүн келдим. Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
  • اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ رَبِّیۡ وَ رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡہُ ؕ ہٰذَا صِرَاطٌ مُّسۡتَقِیۡمٌ ﴿۶۵﴾
    43 : 65 Албетте, жалгыз Алла гана – менин Раббим жана силердин Раббиӊер. Ошол үчүн Ага ибадат кылгыла. Мына ушул туура жол».
  • فَاخۡتَلَفَ الۡاَحۡزَابُ مِنۡۢ بَیۡنِہِمۡ ۚ فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡ عَذَابِ یَوۡمٍ اَلِیۡمٍ ﴿۶۶﴾
    43 : 66 Анан алардын араларындагы (бөлүнгөн) агымдар талаш-тартыш чыгарышты. Ошондуктан, зулумдук кылгандарга оор күндүн азабы түрүндө ойрондук болсун!
  • ہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّا السَّاعَۃَ اَنۡ تَاۡتِیَہُمۡ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    43 : 67 Алар өздөрүнүн үстүнө (кыяматтын) сааты кокустан, алар сезбей турганда келип калуусун күтүшүүдөбү?
  • اَلۡاَخِلَّآءُ یَوۡمَئِذٍۭ بَعۡضُہُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوٌّ اِلَّا الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ؕ٪۶۸﴾
    43 : 68 Ошол күнү айрым жакын достор (дагы) өз ара душман болуп калышат; такыбалардан башкалар.
  • یٰعِبَادِ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡکُمُ الۡیَوۡمَ وَ لَاۤ اَنۡتُمۡ تَحۡزَنُوۡنَ ﴿ۚ۶۹﴾
    43 : 69 «Эй, пенделерим! Бүгүн силер үчүн эч кандай коркуу да болбойт, силер сар-санаа да болбойсуӊар.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ کَانُوۡا مُسۡلِمِیۡنَ ﴿ۚ۷۰﴾
    43 : 70 Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген жана баш ийип жүргөндөр!
  • اُدۡخُلُوا الۡجَنَّۃَ اَنۡتُمۡ وَ اَزۡوَاجُکُمۡ تُحۡبَرُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    43 : 71 Сүйүнгөн бойдон силер жана жолдошторуӊар бейишке киргиле!»
  • یُطَافُ عَلَیۡہِمۡ بِصِحَافٍ مِّنۡ ذَہَبٍ وَّ اَکۡوَابٍ ۚ وَ فِیۡہَا مَا تَشۡتَہِیۡہِ الۡاَنۡفُسُ وَ تَلَذُّ الۡاَعۡیُنُ ۚ وَ اَنۡتُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿ۚ۷۲﴾
    43 : 72 Алардын арасында алтын идиш-табактар жана кеселер айландырылат. Алар үчүн анда көӊүлдөр каалаган жана көздөр кубана турган бардык нерсе болот. Силер алардын ичинде түбөлүккө калуучусуӊар.
  • وَ تِلۡکَ الۡجَنَّۃُ الَّتِیۡۤ اُوۡرِثۡتُمُوۡہَا بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۷۳﴾
    43 : 73 Жана жасап жүргөн иштериӊердин натыйжасында силерге мурасталган бейиш – ушул.
  • لَکُمۡ فِیۡہَا فَاکِہَۃٌ کَثِیۡرَۃٌ مِّنۡہَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿۷۴﴾
    43 : 74 Анда силер үчүн мол мөмө-жемиштер болот, алардан жейсиӊер.
  • اِنَّ الۡمُجۡرِمِیۡنَ فِیۡ عَذَابِ جَہَنَّمَ خٰلِدُوۡنَ ﴿ۚۖ۷۵﴾
    43 : 75 Албетте, күнөөкөрлөр тозок азабында узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • لَا یُفَتَّرُ عَنۡہُمۡ وَ ہُمۡ فِیۡہِ مُبۡلِسُوۡنَ ﴿ۚ۷۶﴾
    43 : 76 Ал (азап) алар үчүн такыр жеӊилдештирилбейт жана алар анын ичинде үмүтсүздүккө түшүшөт.
  • وَ مَا ظَلَمۡنٰہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡا ہُمُ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۷۷﴾
    43 : 77 Жана Биз аларга зулумдук кылбадык, тескерисинче, алар өздөрү (өздөрүнө) зулумдук кылуучулар эле.
  • وَ نَادَوۡا یٰمٰلِکُ لِیَقۡضِ عَلَیۡنَا رَبُّکَ ؕ قَالَ اِنَّکُمۡ مّٰکِثُوۡنَ ﴿۷۸﴾
    43 : 78 Жана алар: «Эй, Кожоюн! Раббиӊ бизди биротоло жок кылып койсун», - деп кайрылышат. Ал айтат: «Силер албетте, (ушул жерде гана) калуучусуӊар.
  • لَقَدۡ جِئۡنٰکُمۡ بِالۡحَقِّ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَکُمۡ لِلۡحَقِّ کٰرِہُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    43 : 79 Албетте, Биз силерге чындык менен келген элек, бирок көпчүлүгүӊөр чындыкты жаман көрүүчү элеӊер».
  • اَمۡ اَبۡرَمُوۡۤا اَمۡرًا فَاِنَّا مُبۡرِمُوۡنَ ﴿ۚ۸۰﴾
    43 : 80 Алар кандайдыр бир планды ишке ашырууга чечим кылышканбы? Андай болсо, албетте, Биз дагы бир нерсе жасоого чечим кылдык.
  • اَمۡ یَحۡسَبُوۡنَ اَنَّا لَا نَسۡمَعُ سِرَّہُمۡ وَ نَجۡوٰٮہُمۡ ؕ بَلٰی وَ رُسُلُنَا لَدَیۡہِمۡ یَکۡتُبُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    43 : 81 Алар: «Биз алардын сырларын жана жашыруун кеӊештерин укпайбыз», - деп ойлошобу? Жок! Биздин элчилерибиз алардын жанында эле жазып турган болушат.
  • قُلۡ اِنۡ کَانَ لِلرَّحۡمٰنِ وَلَدٌ ٭ۖ فَاَنَا اَوَّلُ الۡعٰبِدِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    43 : 82 Айт: «Эгер Рахмаандын кандайдыр бир уулу болгондо, мен ибадат кылуучулардын эӊ биринчиси болоор элем».
  • سُبۡحٰنَ رَبِّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ رَبِّ الۡعَرۡشِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    43 : 83 Асмандар менен жердин Раббиси, Арштын Раббиси алар айтып жаткан нерселерден таза.
  • فَذَرۡہُمۡ یَخُوۡضُوۡا وَ یَلۡعَبُوۡا حَتّٰی یُلٰقُوۡا یَوۡمَہُمُ الَّذِیۡ یُوۡعَدُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    43 : 84 Демек, аларга убада кылынып жаткан күнгө бетме-бет болгондоруна чейин аларды курулай кеп салып, ойноп жүрө беришине коюп кой.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ فِی السَّمَآءِ اِلٰہٌ وَّ فِی الۡاَرۡضِ اِلٰہٌ ؕ وَ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۸۵﴾
    43 : 85 Жана Ал (Алла) гана – асманда дагы Кудай, жерде дагы Кудай. Ал өтө даанышман (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ تَبٰرَکَ الَّذِیۡ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ۚ وَ عِنۡدَہٗ عِلۡمُ السَّاعَۃِ ۚ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    43 : 86 Асмандар менен жер жана ал экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышачылыгы Өзүнүкү болгон (Алла) гана берекелүү. Ошол өзгөчө «Сааттын » илими жалгыз Анын алдында. Силер Ага гана кайтарыласыӊар.
  • وَ لَا یَمۡلِکُ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہِ الشَّفَاعَۃَ اِلَّا مَنۡ شَہِدَ بِالۡحَقِّ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸۷﴾
    43 : 87 Жана алар Анын ордуна сыйына турган нерселери шапаат укугуна ээ эмес; (ооба), чындык туурасында күбөлүк бере турган жана илим ээлери болсо, анда башка кеп.
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ خَلَقَہُمۡ لَیَقُوۡلُنَّ اللّٰہُ فَاَنّٰی یُؤۡفَکُوۡنَ ﴿ۙ۸۸﴾
    43 : 88 Жана эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» - деп сурасаӊ, алар албетте: «Алла!» - деп жооп беришет. Анан алар каякка адаштырылууда?!
  • وَ قِیۡلِہٖ یٰرَبِّ اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ قَوۡمٌ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۘ۸۹﴾
    43 : 89 Жана анын: «Эй, Раббим! Булар такыр ыйман келтиришпейт», - деген маалды эстегиле.
  • فَاصۡفَحۡ عَنۡہُمۡ وَ قُلۡ سَلٰمٌ ؕ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۹۰﴾
    43 : 90 Демек, аларды кечир жана: «Салам!» - деп кой. Анан тез арада алар билип алышат.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via