بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
102 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
اَلۡہٰکُمُ التَّکَاثُرُ ۙ﴿۲﴾
102 : 2 Бири-бириӊерден озуп кетүү арзуусу силерди кабарсыз кылып койду.
حَتّٰی زُرۡتُمُ الۡمَقَابِرَ ؕ﴿۳﴾
102 : 3 А түгүл силер мүрзөлөрдү да зыярат кылдыӊар.
کَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۙ﴿۴﴾
102 : 4 Кулак салгыла! Силер албетте, билип аласыӊар.
ثُمَّ کَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ؕ﴿۵﴾
102 : 5 Дагы бир ирет кулак салгыла! Силер албетте, билип аласыӊар.
کَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُوۡنَ عِلۡمَ الۡیَقِیۡنِ ؕ﴿۶﴾
102 : 6 Кулак салгыла! Эгер силер бекем билим даражасында билип алсаӊар,
لَتَرَوُنَّ الۡجَحِیۡمَ ۙ﴿۷﴾
102 : 7 Анда албетте, тозокту көрүп аласыӊар.
ثُمَّ لَتَرَوُنَّہَا عَیۡنَ الۡیَقِیۡنِ ۙ﴿۸﴾
102 : 8 Анан силер албетте, аны дал көздөр көргөндөй анык көрөсүӊөр.
ثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ یَوۡمَئِذٍ عَنِ النَّعِیۡمِ ٪﴿۹﴾
102 : 9 Анан ошол күнү (берилген) нээмат-берекелер тууралуу силер албетте, сураласыӊар.