Курани карим Ал-Муддассир • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المدَّثِّر

Ал-Муддассир

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    74 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • یٰۤاَیُّہَا الۡمُدَّثِّرُ ۙ﴿۲﴾
    74 : 2 Эй, жамынчыга чүмкөнүүчү!
  • قُمۡ فَاَنۡذِرۡ ۪ۙ﴿۳﴾
    74 : 3 Тур жана кулактандыр!
  • وَ رَبَّکَ فَکَبِّرۡ ۪﴿ۙ۴﴾
    74 : 4 Жана Раббиӊди улукта!
  • وَ ثِیَابَکَ فَطَہِّرۡ ۪﴿ۙ۵﴾
    74 : 5 Жана кийимдериӊ, (тагыраак айтканда жакын шериктериӊ) болсо, (аларды) жакшылап тазала.
  • وَ الرُّجۡزَ فَاہۡجُرۡ ۪﴿ۙ۶﴾
    74 : 6 Жана ыпластыктан толук четте.
  • وَ لَا تَمۡنُنۡ تَسۡتَکۡثِرُ ۪﴿ۙ۷﴾
    74 : 7 Жана көбүрөөк алуу ниетинде айкөлдүк көрсөтпө.
  • وَ لِرَبِّکَ فَاصۡبِرۡ ؕ﴿۸﴾
    74 : 8 Жана өз Раббиӊ үчүн гана сабыр кыл.
  • فَاِذَا نُقِرَ فِی النَّاقُوۡرِ ۙ﴿۹﴾
    74 : 9 Сурнай чалынганда –
  • فَذٰلِکَ یَوۡمَئِذٍ یَّوۡمٌ عَسِیۡرٌ ۙ﴿۱۰﴾
    74 : 10 Мына ошол күн абдан оор күн болот.
  • عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ غَیۡرُ یَسِیۡرٍ ﴿۱۱﴾
    74 : 11 Каапырларга эч качан жеӊил болбойт.
  • ذَرۡنِیۡ وَ مَنۡ خَلَقۡتُ وَحِیۡدًا ﴿ۙ۱۲﴾
    74 : 12 Мени жана Өзүм жаратканды жалгыз кой.
  • وَّ جَعَلۡتُ لَہٗ مَالًا مَّمۡدُوۡدًا ﴿ۙ۱۳﴾
    74 : 13 Жана Мен ал үчүн мол мал-мүлк жараткан элем.
  • وَّ بَنِیۡنَ شُہُوۡدًا ﴿ۙ۱۴﴾
    74 : 14 Жана көз алдында туруучу уул-кыздарды дагы.
  • وَّ مَہَّدۡتُّ لَہٗ تَمۡہِیۡدًا ﴿ۙ۱۵﴾
    74 : 15 Жана Мен ага өнүгүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү жараткан элем.
  • ثُمَّ یَطۡمَعُ اَنۡ اَزِیۡدَ ﴿٭ۙ۱۶﴾
    74 : 16 Ошондо да, ал дагы көбөйтүүмдү тилеп, ач көздөнөт.
  • کَلَّا ؕ اِنَّہٗ کَانَ لِاٰیٰتِنَا عَنِیۡدًا ﴿ؕ۱۷﴾
    74 : 17 Эч качан! Албетте, ал Биздин аят-жышаандарыбызга душман болчу.
  • سَاُرۡہِقُہٗ صَعُوۡدًا ﴿ؕ۱۸﴾
    74 : 18 Мен албетте, аны бир күчөй берген балээге дуушар кыламын.
  • اِنَّہٗ فَکَّرَ وَ قَدَّرَ ﴿ۙ۱۹﴾
    74 : 19 Албетте, ал жакшылап ойлоду жана чамалап көрдү.
  • فَقُتِلَ کَیۡفَ قَدَّرَ ﴿ۙ۲۰﴾
    74 : 20 Демек, ага өлүм болсун! Ал кандай болжолдоду, ыя?
  • ثُمَّ قُتِلَ کَیۡفَ قَدَّرَ ﴿ۙ۲۱﴾
    74 : 21 Дагы бир ирет ага өлүм болсун! Ал кандай чамалап көрдү, ыя?
  • ثُمَّ نَظَرَ ﴿ۙ۲۲﴾
    74 : 22 Анан ал көз жүгүрттү.
  • ثُمَّ عَبَسَ وَ بَسَرَ ﴿ۙ۲۳﴾
    74 : 23 Кийин кабагын салды жана пешенесин тырыштырды.
  • ثُمَّ اَدۡبَرَ وَ اسۡتَکۡبَرَ ﴿ۙ۲۴﴾
    74 : 24 Анан жүз бурду жана текеберлик кылды.
  • فَقَالَ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ یُّؤۡثَرُ ﴿ۙ۲۵﴾
    74 : 25 Ал айтты: «Бул – илгеркилерден калган бир сыйкыр.
  • اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا قَوۡلُ الۡبَشَرِ ﴿ؕ۲۶﴾
    74 : 26 Бул адамзаттын сөзүнөн бөлөк эч нерсе эмес».
  • سَاُصۡلِیۡہِ سَقَرَ ﴿۲۷﴾
    74 : 27 Мен албетте, аны «Сакарга» ыргытып жиберемин.
  • وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا سَقَرُ ﴿ؕ۲۸﴾
    74 : 28 Жана «Сакар» эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
  • لَا تُبۡقِیۡ وَ لَا تَذَرُ ﴿ۚ۲۹﴾
    74 : 29 Ал эч нерсени калтырбайт жана (өз жайына да) койбойт.
  • لَوَّاحَۃٌ لِّلۡبَشَرِ ﴿ۚۖ۳۰﴾
    74 : 30 (Ал) жүздү күйдүрүп жиберүүчү.
  • عَلَیۡہَا تِسۡعَۃَ عَشَرَ ﴿ؕ۳۱﴾
    74 : 31 Анын үстүндө он тогуз (корукчу) бар.
  • وَ مَا جَعَلۡنَاۤ اَصۡحٰبَ النَّارِ اِلَّا مَلٰٓئِکَۃً ۪ وَّ مَا جَعَلۡنَا عِدَّتَہُمۡ اِلَّا فِتۡنَۃً لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ۙ لِیَسۡتَیۡقِنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ وَ یَزۡدَادَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِیۡمَانًا وَّ لَا یَرۡتَابَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ۙ وَ لِیَقُوۡلَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ وَّ الۡکٰفِرُوۡنَ مَاذَاۤ اَرَادَ اللّٰہُ بِہٰذَا مَثَلًا ؕ کَذٰلِکَ یُضِلُّ اللّٰہُ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ مَا یَعۡلَمُ جُنُوۡدَ رَبِّکَ اِلَّا ہُوَ ؕ وَ مَا ہِیَ اِلَّا ذِکۡرٰی لِلۡبَشَرِ ﴿٪۳۲﴾
    74 : 32 Жана Биз периштелерден бөлөк эч кимди тозок корукчусу кылганыбыз жок. Биз каапыр болгондорду сынаш үчүн гана алардын санын анык белгилеп койдук. Китеп берилгендер ишенишсин үчүн жана ыйман келтиргендер ыйманда өнүгүшсүн үчүн; ошондой эле Китеп берилгендер жана момундар эч кандай шек-күмөндө калышпасын; ошондой эле көӊүлдөрүндө кесел болгондор жана каапырлар: «Деги, Алла бул мисал менен эмне демекчи?» - деп айтышсын үчүн. Мына ушундай Алла Өзү каалаганын адашкан деп өкүм чыгарат жана Өзү каалаганын хидаят кылат. Раббиӊдин кошуундарын Анын Өзүнөн бөлөк эч ким билбейт. Бул адамдар үчүн бир чоӊ насаат гана.
  • کَلَّا وَ الۡقَمَرِ ﴿ۙ۳۳﴾
    74 : 33 Кулак салгыла! Айга касам!
  • وَ الَّیۡلِ اِذۡ اَدۡبَرَ ﴿ۙ۳۴﴾
    74 : 34 Жана түнгө – качан ал аркасына кайтып кеткенде.
  • وَ الصُّبۡحِ اِذَاۤ اَسۡفَرَ ﴿ۙ۳۵﴾
    74 : 35 Жана таӊга – качан ал жарышып кеткенде,
  • اِنَّہَا لَاِحۡدَی الۡکُبَرِ ﴿ۙ۳۶﴾
    74 : 36 Албетте, ал үлкөн нерселердин бири.
  • نَذِیۡرًا لِّلۡبَشَرِ ﴿ۙ۳۷﴾
    74 : 37 Адамзатты кулактандыруучу.
  • لِمَنۡ شَآءَ مِنۡکُمۡ اَنۡ یَّتَقَدَّمَ اَوۡ یَتَاَخَّرَ ﴿ؕ۳۸﴾
    74 : 38 Араӊардан каалаган киши алга жүрсүн жана каалаган киши артта калсын үчүн.
  • کُلُّ نَفۡسٍۭ بِمَا کَسَبَتۡ رَہِیۡنَۃٌ ﴿ۙ۳۹﴾
    74 : 39 Ар бир жан кылган амалына гана күрөө болот.
  • اِلَّاۤ اَصۡحٰبَ الۡیَمِیۡنِ ﴿ؕۛ۴۰﴾
    74 : 40 Оӊ тараптагылардан башкасы –
  • فِیۡ جَنّٰتٍ ۟ؕۛ یَتَسَآءَلُوۡنَ ﴿ۙ۴۱﴾
    74 : 41 Бейиштерде боло тургандар. Алар бири-биринен сурап-сураштырган болушат –
  • عَنِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿ۙ۴۲﴾
    74 : 42 Күнөөкөрлөр туурасында:
  • مَا سَلَکَکُمۡ فِیۡ سَقَرَ ﴿۴۳﴾
    74 : 43 «Силерди тозокко киргизген нерсе эмне?»
  • قَالُوۡا لَمۡ نَکُ مِنَ الۡمُصَلِّیۡنَ ﴿ۙ۴۴﴾
    74 : 44 Алар айтышат: «Биз намаз окуй тургандардан эмес элек.
  • وَ لَمۡ نَکُ نُطۡعِمُ الۡمِسۡکِیۡنَ ﴿ۙ۴۵﴾
    74 : 45 Жана биз кедей-кембагалдарга тамак бербейт элек.
  • وَ کُنَّا نَخُوۡضُ مَعَ الۡخَآئِضِیۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾
    74 : 46 Жана биз маанисиз кептер менен алектенгендер менен алек болот элек.
  • وَ کُنَّا نُکَذِّبُ بِیَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿ۙ۴۷﴾
    74 : 47 Жана биз сыйлык-жаза күнүн жалганга чыгарат элек –
  • حَتّٰۤی اَتٰٮنَا الۡیَقِیۡنُ ﴿ؕ۴۸﴾
    74 : 48 Бизге өлүм келгенге чейин».
  • فَمَا تَنۡفَعُہُمۡ شَفَاعَۃُ الشّٰفِعِیۡنَ ﴿ؕ۴۹﴾
    74 : 49 Анан шапаат кылуучулардын шапааты аларга эч пайда бербейт.
  • فَمَا لَہُمۡ عَنِ التَّذۡکِرَۃِ مُعۡرِضِیۡنَ ﴿ۙ۵۰﴾
    74 : 50 Демек, аларга эмне болгон эле, эмнеге алар насаат берүүчү нерселерден жүз бураар эле?
  • کَاَنَّہُمۡ حُمُرٌ مُّسۡتَنۡفِرَۃٌ ﴿ۙ۵۱﴾
    74 : 51 Тим эле алар коркуп кеткен эшектердей –
  • فَرَّتۡ مِنۡ قَسۡوَرَۃٍ ﴿ؕ۵۲﴾
    74 : 52 Арстандан (коркуп) качып кетип бара жаткан.
  • بَلۡ یُرِیۡدُ کُلُّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ اَنۡ یُّؤۡتٰی صُحُفًا مُّنَشَّرَۃً ﴿ۙ۵۳﴾
    74 : 53 Жок, алардын ар бири (өзүнүн көз карашын таркатуу максатында) өзүнө көп-көп таркатыла турган баракчаларды берилишин каалар эле.
  • کَلَّا ؕ بَلۡ لَّا یَخَافُوۡنَ الۡاٰخِرَۃَ ﴿ؕ۵۴﴾
    74 : 54 Эч качан! Жок, алар акыреттен коркушпайт.
  • کَلَّاۤ اِنَّہٗ تَذۡکِرَۃٌ ﴿ۚ۵۵﴾
    74 : 55 Кулак салгыла! Албетте, бул – бир чоӊ насаат.
  • فَمَنۡ شَآءَ ذَکَرَہٗ ﴿ؕ۵۶﴾
    74 : 56 Ошентип, каалаган киши андан насаат алсын.
  • وَ مَا یَذۡکُرُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ ؕ ہُوَ اَہۡلُ التَّقۡوٰی وَ اَہۡلُ الۡمَغۡفِرَۃِ ﴿٪۵۷﴾
    74 : 57 Жана Алла кааламайынча, алар ибарат алышпайт. Жалгыз Анын Өзү такыба ээси жана кечирим ээси.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via