Курани карим Сабаа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

سَبَإ

Сабаа

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    34 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра- кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ وَ لَہُ الۡحَمۡدُ فِی الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡخَبِیۡرُ ﴿۲﴾
    34 : 2 Баардык мактоо асмандар жана жердеги баардык нерселердин ээси – Аллага гана таандык. Акыретте дагы баардык мактоо Аныкы болот. Ал өтө акылман (жана) дайыма кабардар.
  • یَعۡلَمُ مَا یَلِجُ فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا یَخۡرُجُ مِنۡہَا وَ مَا یَنۡزِلُ مِنَ السَّمَآءِ وَ مَا یَعۡرُجُ فِیۡہَا ؕ وَ ہُوَ الرَّحِیۡمُ الۡغَفُوۡرُ ﴿۳﴾
    34 : 3 Ал жерге кире турган жана андан чыга турган, ошондой эле асмандан түшө турган жана ага көтөрүлүп кете турган ар бир нерсени билет. Ал кайра-кайра ырайым кылуучу (жана) өтө кечирүүчү.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَا تَاۡتِیۡنَا السَّاعَۃُ ؕ قُلۡ بَلٰی وَ رَبِّیۡ لَتَاۡتِیَنَّکُمۡ ۙ عٰلِمِ الۡغَیۡبِ ۚ لَا یَعۡزُبُ عَنۡہُ مِثۡقَالُ ذَرَّۃٍ فِی السَّمٰوٰتِ وَ لَا فِی الۡاَرۡضِ وَ لَاۤ اَصۡغَرُ مِنۡ ذٰلِکَ وَ لَاۤ اَکۡبَرُ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ٭ۙ﴿۴﴾
    34 : 4 Каапырлык кылгандар: «Бизге «Саат» келбейт», - дешет. Айт: «Жок! Кайыпты билүүчү Раббиме касам! Ал албетте, силерге келет. Асмандарда жана жерде кенедей дагы бир нерсе Андан жашыруун калбас, андан кичине дагы, андан чоӊ дагы, бирок ал ачыктан-ачык китепте бар.
  • لِّیَجۡزِیَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ رِزۡقٌ کَرِیۡمٌ ﴿۵﴾
    34 : 5 Ал ыйман келтирген жана жакшы амал кылгандарды сыйласын үчүн. Мына ошолор үчүн гана кечирим жана урматтуу ырыскы бар».
  • وَ الَّذِیۡنَ سَعَوۡ فِیۡۤ اٰیٰتِنَا مُعٰجِزِیۡنَ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ مِّنۡ رِّجۡزٍ اَلِیۡمٌ ﴿۶﴾
    34 : 6 Биздин аят-жышаандарыбыз тууралуу (Бизди) алсыратууга аракеттенип, желип жүргөндөр – мына ошолор үчүн калтырак басуучу азаптан бир оор азап бар.
  • وَ یَرَی الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ ہُوَ الۡحَقَّ ۙ وَ یَہۡدِیۡۤ اِلٰی صِرَاطِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَمِیۡدِ ﴿۷﴾
    34 : 7 Илим тартууланган кишилер Раббиӊ тарабынан сага түшүрүлгөн нерсе гана акыйкат экенин көрүшөт. Ал эӊ жеӊүүчү, мактоо ээси (Алла) жолуна багыттайт.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ہَلۡ نَدُلُّکُمۡ عَلٰی رَجُلٍ یُّنَبِّئُکُمۡ اِذَا مُزِّقۡتُمۡ کُلَّ مُمَزَّقٍ ۙ اِنَّکُمۡ لَفِیۡ خَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ۚ﴿۸﴾
    34 : 8 Каапыр болгондор айтышат: «Силерди бир ушундай киши тууралуу кулактандыралыбы? Ал: «Силер бүтүндөй бөлүк-бөлүк кылынганыӊарда, албетте, бир жаӊы жаратылыш дооруна (киресиӊер)», - деп силерге кабар берет.
  • اَفۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَمۡ بِہٖ جِنَّۃٌ ؕ بَلِ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ فِی الۡعَذَابِ وَ الضَّلٰلِ الۡبَعِیۡدِ ﴿۹﴾
    34 : 9 Ал Алла туурасында калп чыгарып алдыбы, же акыл-эстен ажырадыбы?» Жок! Чынында, акыретке ыйман келтирбей тургандар азапта жана абдан узактагы адашууда (жүрүшөт).
  • اَفَلَمۡ یَرَوۡا اِلٰی مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اِنۡ نَّشَاۡ نَخۡسِفۡ بِہِمُ الۡاَرۡضَ اَوۡ نُسۡقِطۡ عَلَیۡہِمۡ کِسَفًا مِّنَ السَّمَآءِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّکُلِّ عَبۡدٍ مُّنِیۡبٍ ٪﴿۱۰﴾
    34 : 10 Алар өз алдыларында болгон же алардан мурун өткөн асман жана жер(де жүз берген аят-белгилер)ге караган жокпу? Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберишибиз мүмкүн же асмандын кандайдыр бир бөлүгүн үстүлөрүнө түшүрүп коюшубуз мүмкүн. Албетте, мында ар бир баш ийүүчү пенде үчүн бир абдан чоӊ аят-белги бар.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا دَاوٗدَ مِنَّا فَضۡلًا ؕ یٰجِبَالُ اَوِّبِیۡ مَعَہٗ وَ الطَّیۡرَ ۚ وَ اَلَنَّا لَہُ الۡحَدِیۡدَ ﴿ۙ۱۱﴾
    34 : 11 «Эй, тоолор! Аны менен бирге ийилгиле жана эй, куштар! Силер дагы!» - (деп буюруп), албетте, Биз Давуудга Өзүбүздөн бир улуу берешендик тартуулаган элек жана Биз ага темирди жумшак кылып койдук.
  • اَنِ اعۡمَلۡ سٰبِغٰتٍ وَّ قَدِّرۡ فِی السَّرۡدِ وَ اعۡمَلُوۡا صَالِحًا ؕ اِنِّیۡ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۱۲﴾
    34 : 12 (Жана Давуудга айттык): «Сен денени толук орой турган соотторду жасагын жана (анын) кармоочторун тар кылгын, ошондой эле баарыӊар жакшы иштерди кылгыла; албетте, силер кылып жаткан баардык иштериӊерди Мен тереӊ күзөтүүчүмүн».
  • وَ لِسُلَیۡمٰنَ الرِّیۡحَ غُدُوُّہَا شَہۡرٌ وَّ رَوَاحُہَا شَہۡرٌ ۚ وَ اَسَلۡنَا لَہٗ عَیۡنَ الۡقِطۡرِ ؕ وَ مِنَ الۡجِنِّ مَنۡ یَّعۡمَلُ بَیۡنَ یَدَیۡہِ بِاِذۡنِ رَبِّہٖ ؕ وَ مَنۡ یَّزِغۡ مِنۡہُمۡ عَنۡ اَمۡرِنَا نُذِقۡہُ مِنۡ عَذَابِ السَّعِیۡرِ ﴿۱۳﴾
    34 : 13 Сулайманга (Биз) шамалды (бой сундуруп койдук); анын таӊдагы жолу дагы ай(лык аралык)ка теӊ болчу жана шамдагы жолу дагы ай(лык аралык)ка теӊ эле. Биз ал үчүн жез булагын агызып койдук жана жиндер (эмгекчил тоолук коомдор)дун айрымдарын (бой сундурдук); алар анын алдында Раббисинин буйругуна ылайык эмгек иштерин кылышаар эле; алардын кайсы бири Биздин амирибизден жүз бурса, ага Биз балбылдаган от азабын таттырып коёбуз.
  • یَعۡمَلُوۡنَ لَہٗ مَا یَشَآءُ مِنۡ مَّحَارِیۡبَ وَ تَمَاثِیۡلَ وَ جِفَانٍ کَالۡجَوَابِ وَ قُدُوۡرٍ رّٰسِیٰتٍ ؕ اِعۡمَلُوۡۤا اٰلَ دَاوٗدَ شُکۡرًا ؕ وَ قَلِیۡلٌ مِّنۡ عِبَادِیَ الشَّکُوۡرُ ﴿۱۴﴾
    34 : 14 Алар ага ал каалаган нерсени жасашчу. Тактап айтканда чоӊ-чоӊ чептер, айкелдер жана көлмөдөй чоӊ-чоӊ табак-чаралар жана бир жайда гана туруучу (оор) казандарды. «Эй, Давууд тукуму! (Аллага) шүкүрлөр айтып, (ошол шүкүрлөргө жараша) иш кылгыла!» Менин пенделеримдин арасында (чындыгында), шүкүр кылуучулар абдан аз.
  • فَلَمَّا قَضَیۡنَا عَلَیۡہِ الۡمَوۡتَ مَا دَلَّہُمۡ عَلٰی مَوۡتِہٖۤ اِلَّا دَآبَّۃُ الۡاَرۡضِ تَاۡکُلُ مِنۡسَاَتَہٗ ۚ فَلَمَّا خَرَّ تَبَیَّنَتِ الۡجِنُّ اَنۡ لَّوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ الۡغَیۡبَ مَا لَبِثُوۡا فِی الۡعَذَابِ الۡمُہِیۡنِ ﴿ؕ۱۵﴾
    34 : 15 Анан Биз ага өлүм чечимин өкүм кылганыбызда, анын өлүмүнөн анын (өкмөт) таягын жеп жаткан бир жер курту (анын жараксыз уулу)нан башка эч ким аларды кулактандырбады; анан ал (өкмөт түзүмү) жок болуп кеткенде, жин (тоолук коом)дорго: «(Эгер биз кайып илимин) билгенибизде, бул кор кылуучу азапта калбаган болоор элек», - деген нерсе ачык болуп калды.
  • لَقَدۡ کَانَ لِسَبَاٍ فِیۡ مَسۡکَنِہِمۡ اٰیَۃٌ ۚ جَنَّتٰنِ عَنۡ یَّمِیۡنٍ وَّ شِمَالٍ ۬ؕ کُلُوۡا مِنۡ رِّزۡقِ رَبِّکُمۡ وَ اشۡکُرُوۡا لَہٗ ؕ بَلۡدَۃٌ طَیِّبَۃٌ وَّ رَبٌّ غَفُوۡرٌ ﴿۱۶﴾
    34 : 16 Албетте, Сабаа (коому) үчүн дагы алардын мекенинде бир чоӊ аят-белги бар болчу; оӊ жана сол жактарында эки бак бар эле. «(Эй, Сабаа коому!) Өз Раббиӊердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла». (Сабаанын борбору) абдан жакшы бир шаар болчу жана (ал шаардын) бир өтө кечирүүчү Раббиси бар эле.
  • فَاَعۡرَضُوۡا فَاَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ سَیۡلَ الۡعَرِمِ وَ بَدَّلۡنٰہُمۡ بِجَنَّتَیۡہِمۡ جَنَّتَیۡنِ ذَوَاتَیۡ اُکُلٍ خَمۡطٍ وَّ اَثۡلٍ وَّ شَیۡءٍ مِّنۡ سِدۡرٍ قَلِیۡلٍ ﴿۱۷﴾
    34 : 17 Анан алар жүз бурушту, ошондо Биз алардын үстүнө бузулуп кеткен тосмонун (толкунданып жаткан) селин жөнөттүк; ошондой эле Биз алар үчүн алардын эки багын ачуу мөмөлүү, жылгандуу жана бир аз чалкандуу бакка айландырып койдук.
  • ذٰلِکَ جَزَیۡنٰہُمۡ بِمَا کَفَرُوۡا ؕ وَ ہَلۡ نُجٰزِیۡۤ اِلَّا الۡکَفُوۡرَ ﴿۱۸﴾
    34 : 18 Бул «сыйлыкты» Биз аларга алардын шүкүрсүздүктөрү себептүү бердик; Биз абдан чоӊ шүкүрсүз бирөөнөн башка бирөөнү да (ушундай жол менен) «сыйлайбызбы?»
  • وَ جَعَلۡنَا بَیۡنَہُمۡ وَ بَیۡنَ الۡقُرَی الَّتِیۡ بٰرَکۡنَا فِیۡہَا قُرًی ظَاہِرَۃً وَّ قَدَّرۡنَا فِیۡہَا السَّیۡرَ ؕ سِیۡرُوۡا فِیۡہَا لَیَالِیَ وَ اَیَّامًا اٰمِنِیۡنَ ﴿۱۹﴾
    34 : 19 Биз алар менен Өзүбүз берекелүү кылган кыштактардын арасында (дагы башка) ачык көрүнө турган кыштактарды пайда кылган элек жана силер аларда түнкүсүн да, күндүзү да, кабатыр болбой жүрө беришиӊер (үчүн) Биз алардын ортосунда жүрүм-турумду (жеӊил) кылып койгон элек.
  • فَقَالُوۡا رَبَّنَا بٰعِدۡ بَیۡنَ اَسۡفَارِنَا وَ ظَلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فَجَعَلۡنٰہُمۡ اَحَادِیۡثَ وَ مَزَّقۡنٰہُمۡ کُلَّ مُمَزَّقٍ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّکُلِّ صَبَّارٍ شَکُوۡرٍ ﴿۲۰﴾
    34 : 20 Анан (алар шүкүрсүз болуп калышканда), айтышты: «Эй, Раббибиз! Сапарларыбыздын арасындагы аралыкты чоӊураак кылгын». Ошентип, алар өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышты. Ошондо Биз аларды баян-жомокторго айландырып койдук жана аларды бөлүктөргө бөлүп жибердик. Албетте, мында ар бир өтө сабыр кылуучу (жана) өтө шүкүр кылуучу үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ لَقَدۡ صَدَّقَ عَلَیۡہِمۡ اِبۡلِیۡسُ ظَنَّہٗ فَاتَّبَعُوۡہُ اِلَّا فَرِیۡقًا مِّنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    34 : 21 Албетте, Иблис аларга каршы өз пикиринин туура экендигин далилдеди. Ошондо, момундардын бир тайпасынан башка алардын баары аны ээрчишти.
  • وَ مَا کَانَ لَہٗ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ سُلۡطٰنٍ اِلَّا لِنَعۡلَمَ مَنۡ یُّؤۡمِنُ بِالۡاٰخِرَۃِ مِمَّنۡ ہُوَ مِنۡہَا فِیۡ شَکٍّ ؕ وَ رَبُّکَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ حَفِیۡظٌ ﴿٪۲۲﴾
    34 : 22 Ал алардын үстүндө эч кандай кудуретке ээ эмес болчу, бирок Биз акыретке ыйман келтире турганды ал жөнүндө күмөнгө (кабылган) бирөөнөн ажыратууну кааладык. Сенин Раббиӊ баардык нерселердин үстүнөн коргоочу.
  • قُلِ ادۡعُوا الَّذِیۡنَ زَعَمۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ۚ لَا یَمۡلِکُوۡنَ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ فِی السَّمٰوٰتِ وَ لَا فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا لَہُمۡ فِیۡہِمَا مِنۡ شِرۡکٍ وَّ مَا لَہٗ مِنۡہُمۡ مِّنۡ ظَہِیۡرٍ ﴿۲۳﴾
    34 : 23 Айткын: «Алладан башка (бир нерсе) деп ойлогонуӊарды чакыргылачы? Алар асмандарда дагы, жерде дагы кенедей нерсеге да ээ эмес жана бул экөөсүндө теӊ алардын эч бир үлүшү дагы жок жана алардан эч ким Ага жардамчы эмес».
  • وَ لَا تَنۡفَعُ الشَّفَاعَۃُ عِنۡدَہٗۤ اِلَّا لِمَنۡ اَذِنَ لَہٗ ؕ حَتّٰۤی اِذَا فُزِّعَ عَنۡ قُلُوۡبِہِمۡ قَالُوۡا مَاذَا ۙ قَالَ رَبُّکُمۡ ؕ قَالُوا الۡحَقَّ ۚ وَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡکَبِیۡرُ ﴿۲۴﴾
    34 : 24 Анын алдында Анын Өзү шапаатка уруксат берген (киши жөнүндөгү шапааттан) бөлөк эч ким жөнүндө эч бир шапаат пайда бербейт. А түгүл алардын жүрөктөрүнөн коркуу кетирилгенде, алар (өздөрүнө шапаат кылуучулардан) сурашат: «(Бая) Раббиӊер эмне деди?» Алар: «Чындык (деген эле)», - деп жооп беришет. Ал өтө бийик шаӊдуу (жана) эӊ улук.
  • قُلۡ مَنۡ یَّرۡزُقُکُمۡ مِّنَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ قُلِ اللّٰہُ ۙ وَ اِنَّاۤ اَوۡ اِیَّاکُمۡ لَعَلٰی ہُدًی اَوۡ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۲۵﴾
    34 : 25 Каапырлардан сурагын: «Асмандар жана жерден силерге ким ырыскы берет?» (Анан өзүӊ) айт: «Алла!» (Муну да айтып кой): «Албетте, биз же силер хидаят үстүндөсүӊөр же ачыктан-ачык адашуудасыӊар.
  • قُلۡ لَّا تُسۡـَٔلُوۡنَ عَمَّاۤ اَجۡرَمۡنَا وَ لَا نُسۡـَٔلُ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    34 : 26 Айткын: «Биз кылган күнөөлөрүбүз үчүн силер жоопкер болбойсуӊар жана силер кылып жатканыӊар үчүн биз жоопкер болбойбуз».
  • قُلۡ یَجۡمَعُ بَیۡنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ یَفۡتَحُ بَیۡنَنَا بِالۡحَقِّ ؕ وَ ہُوَ الۡفَتَّاحُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۲۷﴾
    34 : 27 Айткын: «Раббибиз бизди топтойт, анан ортобузда чындык менен өкүм кылат. Ал (Алла) абдан анык өкүм кылуучу (жана) дайыма билүүчү».
  • قُلۡ اَرُوۡنِیَ الَّذِیۡنَ اَلۡحَقۡتُمۡ بِہٖ شُرَکَآءَ کَلَّا ؕ بَلۡ ہُوَ اللّٰہُ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۲۸﴾
    34 : 28 Айткын: «Шериктер катарында Ал (Алла)га кошуп жиберген нерселериӊерди мага көрсөткүлөчү? Такыр андай эмес. Жок, Ал Алла гана эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ اِلَّا کَآفَّۃً لِّلنَّاسِ بَشِیۡرًا وَّ نَذِیۡرًا وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    34 : 29 Биз сени баардык адамдар үчүн куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу кылып гана жөнөттүк. Бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билбейт.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    34 : 30 Алар айтышат: «Бул убада качан (аткарылат), эгер чынчыл болсоӊор?»
  • قُلۡ لَّکُمۡ مِّیۡعَادُ یَوۡمٍ لَّا تَسۡتَاۡخِرُوۡنَ عَنۡہُ سَاعَۃً وَّ لَا تَسۡتَقۡدِمُوۡنَ ﴿٪۳۱﴾
    34 : 31 Айткын: «Силер үчүн ушундай бир (белгилүү) күндүн убадасы бар: силер андан бир көз ирмем аркада дагы кала албайсыӊар, алдыга дагы кете албайсыӊар».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَنۡ نُّؤۡمِنَ بِہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ وَ لَا بِالَّذِیۡ بَیۡنَ یَدَیۡہِ ؕ وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذِ الظّٰلِمُوۡنَ مَوۡقُوۡفُوۡنَ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ۚۖ یَرۡجِعُ بَعۡضُہُمۡ اِلٰی بَعۡضِ ۣالۡقَوۡلَ ۚ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ اسۡتُضۡعِفُوۡا لِلَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡا لَوۡ لَاۤ اَنۡتُمۡ لَکُنَّا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    34 : 32 Каапыр болгондор айтышты: «Биз бул Куранга да, анын алдында болгон (алдын ала кабарлар)га да такыр ыйман келтирбейбиз». Атаганат! Сен заалимдердин өз Раббисинин алдында тургузулуп коюлганын көрө алганыӊда, кана! Алардын айрымдары (башка) айрымдарына сөз кайтарып турган болушат. Алсыратылгандар текеберленгендерге карата айтышат: «Эгер силер болбогонуӊарда, биз албетте, момун болуп калаар элек».
  • قَالَ الَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡا لِلَّذِیۡنَ اسۡتُضۡعِفُوۡۤا اَنَحۡنُ صَدَدۡنٰکُمۡ عَنِ الۡہُدٰی بَعۡدَ اِذۡ جَآءَکُمۡ بَلۡ کُنۡتُمۡ مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    34 : 33 Текеберлик кылгандар алсыз кылынгандарга карата айтышат: «Хидаят силерге келгенден кийин, биз силерди андан тостук беле? (Жок), акыйкатта, силердин өзүӊөр күнөөкөр элеӊер».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اسۡتُضۡعِفُوۡا لِلَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡا بَلۡ مَکۡرُ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ اِذۡ تَاۡمُرُوۡنَنَاۤ اَنۡ نَّکۡفُرَ بِاللّٰہِ وَ نَجۡعَلَ لَہٗۤ اَنۡدَادًا ؕ وَ اَسَرُّوا النَّدَامَۃَ لَمَّا رَاَوُا الۡعَذَابَ ؕ وَ جَعَلۡنَا الۡاَغۡلٰلَ فِیۡۤ اَعۡنَاقِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ ہَلۡ یُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    34 : 34 Жана алсыз кылынгандар текеберлик кылгандарга карата айтышат: «Жок, бул – күнү-түнү кылына турган бир айла-амал болчу; качан силер бизди Алланы четке кагууга жана (башкаларды) Ага шерик кылууга буюраар элеӊер». Алар азапты көргөндөрүндө, өз шермендечилигин жашырып турган болушат. Биз каапыр болгондордун моюндарына моюнтурук асабыз. Алар жалаӊ кылган амалдары үчүн гана «сыйланышат».
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا فِیۡ قَرۡیَۃٍ مِّنۡ نَّذِیۡرٍ اِلَّا قَالَ مُتۡرَفُوۡہَاۤ ۙ اِنَّا بِمَاۤ اُرۡسِلۡتُمۡ بِہٖ کٰفِرُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    34 : 35 Биз кандайдыр бир кыштакка жөнөткөн ар бир кулактандыруучуга ал жердин байлары: «Албетте, биз силер келтирген нерсени катуу четке кагуучубуз», - деп айтышты.
  • وَ قَالُوۡا نَحۡنُ اَکۡثَرُ اَمۡوَالًا وَّ اَوۡلَادًا ۙ وَّ مَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۳۶﴾
    34 : 36 Жана алар: «Биз мал-дүнүйө жана урук-тукумда байыраакпыз жана бизге азап берилбейт», - деп да айтышты.
  • قُلۡ اِنَّ رَبِّیۡ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۳۷﴾
    34 : 37 Айткын: «Албетте, Раббим Өзү каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊ дагы, тар дагы кылып коёт, бирок адамдардын көпчүлүгү билбейт».
  • وَ مَاۤ اَمۡوَالُکُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُکُمۡ بِالَّتِیۡ تُقَرِّبُکُمۡ عِنۡدَنَا زُلۡفٰۤی اِلَّا مَنۡ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا ۫ فَاُولٰٓئِکَ لَہُمۡ جَزَآءُ الضِّعۡفِ بِمَا عَمِلُوۡا وَ ہُمۡ فِی الۡغُرُفٰتِ اٰمِنُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    34 : 38 Силердин мал-мүлкүӊөр жана тукумуӊар силерди даража боюнча Бизге жакын кыла турган нерсе эмес. (Туура), ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган киши болсо, анда башка кеп. Демек, мына ошолорго гана кылган амалдары үчүн эки эсе сыйлык берилет жана алар бийик бөлмөлөрдө жайбаракат жашоочулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَسۡعَوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِنَا مُعٰجِزِیۡنَ اُولٰٓئِکَ فِی الۡعَذَابِ مُحۡضَرُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    34 : 39 Жана Биздин аяттарыбызды алсыратууга аракеттенип, желип жүргөндөр – мына ошолор азапка алып келинүүчүлөр.
  • قُلۡ اِنَّ رَبِّیۡ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ وَ یَقۡدِرُ لَہٗ ؕ وَ مَاۤ اَنۡفَقۡتُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ فَہُوَ یُخۡلِفُہٗ ۚ وَ ہُوَ خَیۡرُ الرّٰزِقِیۡنَ ﴿۴۰﴾
    34 : 40 Айткын: «Албетте, Раббим Өз пенделеринен каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊ кылып коёт, (а кээде) ал үчүн (ырыскыны) тар дагы кылат. Силер эмнени сарп кылсаӊар, Ал (Алла) гана анын акысын берет; Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эӊ жакшысы».
  • وَ یَوۡمَ یَحۡشُرُہُمۡ جَمِیۡعًا ثُمَّ یَقُوۡلُ لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اَہٰۤؤُلَآءِ اِیَّاکُمۡ کَانُوۡا یَعۡبُدُوۡنَ ﴿۴۱﴾
    34 : 41 Ал (Алла) алардын баарын топтой турган күн(дү эстегиле). Ошондо Ал периштелерден: «Мына бул адамдар силерге сыйынчу беле?» - деп сурайт.
  • قَالُوۡا سُبۡحٰنَکَ اَنۡتَ وَلِیُّنَا مِنۡ دُوۡنِہِمۡ ۚ بَلۡ کَانُوۡا یَعۡبُدُوۡنَ الۡجِنَّ ۚ اَکۡثَرُہُمۡ بِہِمۡ مُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    34 : 42 Алар айтышат: «Сен тазасыӊ! Алардан көрө Сен биздин досубузсуӊ. Жок! Андай эмес, алар жиндерге ибадат кылаар эле. Мына булардын көпчүлүгү аларга гана ыйман келтирүүчүлөр болчу».
  • فَالۡیَوۡمَ لَا یَمۡلِکُ بَعۡضُکُمۡ لِبَعۡضٍ نَّفۡعًا وَّ لَا ضَرًّا ؕ وَ نَقُوۡلُ لِلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ذُوۡقُوۡا عَذَابَ النَّارِ الَّتِیۡ کُنۡتُمۡ بِہَا تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    34 : 43 Ошентип, бүгүн силерден эч бирөөӊөр башка бирөөӊөр үчүн кандайдыр бир пайдага да, зыянга да ээ болбойсуӊар. Биз зулумдук кылгандарга: «Өзүӊөр жалганга чыгарган от азабын таткыла!» - деп айтабыз.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ قَالُوۡا مَا ہٰذَاۤ اِلَّا رَجُلٌ یُّرِیۡدُ اَنۡ یَّصُدَّکُمۡ عَمَّا کَانَ یَعۡبُدُ اٰبَآؤُکُمۡ ۚ وَ قَالُوۡا مَا ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اِفۡکٌ مُّفۡتَرًی ؕ وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہُمۡ ۙ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۴۴﴾
    34 : 44 Биздин ачык-айкын аяттарыбыз аларга окулганда, алар: «Бул силердин ата-бабаларыӊар ибадат кылып жүргөн нерселерден силерди кайтармакчы болгон бир жөнөкөй киши гана», - деп айтышчу жана алар: «Бул ойлоп чыгарылган бир чоӊ жалгандан бөлөк эч нерсе эмес», - деп айтышаар эле. Чындыкты өздөрүнө келгенде, четке каккандар: «Бул бир ачыктан-ачык сыйкырдан бөлөк эч нерсе эмес», - дешти.
  • وَ مَاۤ اٰتَیۡنٰہُمۡ مِّنۡ کُتُبٍ یَّدۡرُسُوۡنَہَا وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلَیۡہِمۡ قَبۡلَکَ مِنۡ نَّذِیۡرٍ ﴿ؕ۴۵﴾
    34 : 45 Биз алар окуй турган жана үйрөтө турган эч кандай китептерди аларга берген эмеспиз жана Биз аларга сенден мурун эч бир кулактандыруучуну да жөнөткөн эмеспиз.
  • وَ کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ۙ وَ مَا بَلَغُوۡا مِعۡشَارَ مَاۤ اٰتَیۡنٰہُمۡ فَکَذَّبُوۡا رُسُلِیۡ ۟ فَکَیۡفَ کَانَ نَکِیۡرِ ﴿٪۴۶﴾
    34 : 46 Алардан мурун өткөндөр дагы жалганга чыгарган эле. Булар болсо, Биз аларга берген нерсенин ондон бир эсесине дагы жетишкен эмес. Анан алар (дагы) пайгамбарларымды жалганчыга чыгарган(дарында), Менин тутушум кандай (катуу) болгон?!
  • قُلۡ اِنَّمَاۤ اَعِظُکُمۡ بِوَاحِدَۃٍ ۚ اَنۡ تَقُوۡمُوۡا لِلّٰہِ مَثۡنٰی وَ فُرَادٰی ثُمَّ تَتَفَکَّرُوۡا ۟ مَا بِصَاحِبِکُمۡ مِّنۡ جِنَّۃٍ ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا نَذِیۡرٌ لَّکُمۡ بَیۡنَ یَدَیۡ عَذَابٍ شَدِیۡدٍ ﴿۴۷﴾
    34 : 47 Айткын: «Мен силерге бир гана нерсени насаат кыламын: «Алла үчүн жуп-жуп жана бир-бирден тургула, анан силердин жолдошуӊарда эч кандай акылсыздык жоктугуна жакшылап көӊүл бургула; ал бир катуу азаптан мурун силерди кулактандыруучу (болуп гана келген)».
  • قُلۡ مَا سَاَلۡتُکُمۡ مِّنۡ اَجۡرٍ فَہُوَ لَکُمۡ ؕ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلَی اللّٰہِ ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ﴿۴۸﴾
    34 : 48 Айткын: «Мен силерден эмнени сыйлык (катары) сурасам, ал силердин өзүӊөр үчүн гана; менин сыйлыгым жалгыз Алланын алдында. Ал (Алла) баардык нерселердин үстүндө күбө».
  • قُلۡ اِنَّ رَبِّیۡ یَقۡذِفُ بِالۡحَقِّ ۚ عَلَّامُ الۡغُیُوۡبِ ﴿۴۹﴾
    34 : 49 Айткын: «Албетте, Раббим чындык менен (жалганга) сокку берет. (Ал) кайыптарды эӊ билүүчү».
  • قُلۡ جَآءَ الۡحَقُّ وَ مَا یُبۡدِئُ الۡبَاطِلُ وَ مَا یُعِیۡدُ ﴿۵۰﴾
    34 : 50 Айткын: «Чындык келип бүттү; жалган болсо, (кандайдыр бир нерсени) баштай да албайт, (аны) кайтара да албайт».
  • قُلۡ اِنۡ ضَلَلۡتُ فَاِنَّمَاۤ اَضِلُّ عَلٰی نَفۡسِیۡ ۚ وَ اِنِ اہۡتَدَیۡتُ فَبِمَا یُوۡحِیۡۤ اِلَیَّ رَبِّیۡ ؕ اِنَّہٗ سَمِیۡعٌ قَرِیۡبٌ ﴿۵۱﴾
    34 : 51 Айткын: «Эгер мен адашып калсам, анда мен өз жаным(дын пайдасы)на каршы адашамын, а эгер мен хидаят тапсам, бул (жалаӊ) Раббимдин мага вахий-аян кылуусу себептүү (болот). Албетте, Ал өтө угуучу (жана) жакын туруучу».
  • وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذۡ فَزِعُوۡا فَلَا فَوۡتَ وَ اُخِذُوۡا مِنۡ مَّکَانٍ قَرِیۡبٍ ﴿ۙ۵۲﴾
    34 : 52 Атаганат! Сен көрө алганыӊда, кана! Качан алар катуу коркунучту сезишет жана (анын) бүтүшү эч мүмкүн эмес. Алар жакын жайдан, (тактап айтканда тезирээк) тутулушат.
  • وَّ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِہٖ ۚ وَ اَنّٰی لَہُمُ التَّنَاوُشُ مِنۡ مَّکَانٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿ۚۖ۵۳﴾
    34 : 53 Алар: «(Эми), биз буга ыйман келтирдик», - деп айтышат. Бир узак жайдан алардын (ыйманын) тутуп алуусу кандайча мүмкүн?!
  • وَّ قَدۡ کَفَرُوۡا بِہٖ مِنۡ قَبۡلُ ۚ وَ یَقۡذِفُوۡنَ بِالۡغَیۡبِ مِنۡ مَّکَانٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۵۴﴾
    34 : 54 Мындан мурун болсо, алар муну четке кагышкан эле. Алар алыс бир жайдан кайыпта божомол окторун атышат.
  • وَ حِیۡلَ بَیۡنَہُمۡ وَ بَیۡنَ مَا یَشۡتَہُوۡنَ کَمَا فُعِلَ بِاَشۡیَاعِہِمۡ مِّنۡ قَبۡلُ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا فِیۡ شَکٍّ مُّرِیۡبٍ ﴿٪۵۵﴾
    34 : 55 Мындан илгери кудум алардын табакташтарына кылынгандай, алар менен алар каалаган нерсе ортосунда тосук кылынып коюлат. Албетте, алар дайыма бир тынчсыздандыруучу күмөндө турушкан.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via