بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
67 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
تَبٰرَکَ الَّذِیۡ بِیَدِہِ الۡمُلۡکُ ۫ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرُ ۣۙ﴿۲﴾
67 : 2 Бүт падышачылык колунда болгон (Алла) гана берекелүү. Ал Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
الَّذِیۡ خَلَقَ الۡمَوۡتَ وَ الۡحَیٰوۃَ لِیَبۡلُوَکُمۡ اَیُّکُمۡ اَحۡسَنُ عَمَلًا ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡغَفُوۡرُ ۙ﴿۳﴾
67 : 3 Кимиӊер амалда эӊ жакшы экениӊерди сыноо үчүн Ал гана өлүм жана жашоону жараткан. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) өтө кечирүүчү.
الَّذِیۡ خَلَقَ سَبۡعَ سَمٰوٰتٍ طِبَاقًا ؕ مَا تَرٰی فِیۡ خَلۡقِ الرَّحۡمٰنِ مِنۡ تَفٰوُتٍ ؕ فَارۡجِعِ الۡبَصَرَ ۙ ہَلۡ تَرٰی مِنۡ فُطُوۡرٍ ﴿۴﴾
67 : 4 Ал гана жети асманды кат-кат кылып жараткан. Сен Рахмаандын жаратылышында эч кандай карама-каршылык көрбөйсүӊ. Ошентип, назар ташта, сага кенедей да кемчилик көрүнөбү?
ثُمَّ ارۡجِعِ الۡبَصَرَ کَرَّتَیۡنِ یَنۡقَلِبۡ اِلَیۡکَ الۡبَصَرُ خَاسِئًا وَّ ہُوَ حَسِیۡرٌ ﴿۵﴾
67 : 5 Дагы бир жолу назар ташта, назарыӊ өзүӊө натыйжасыз кайтат жана ал алсыраган болот.
وَ لَقَدۡ زَیَّنَّا السَّمَآءَ الدُّنۡیَا بِمَصَابِیۡحَ وَ جَعَلۡنٰہَا رُجُوۡمًا لِّلشَّیٰطِیۡنِ وَ اَعۡتَدۡنَا لَہُمۡ عَذَابَ السَّعِیۡرِ ﴿۶﴾
67 : 6 Жана албетте, Биз жакынкы асманды чырактар менен кооздодук жана аларды шайтандарды кубалоочу курал кылдык. Алар үчүн Биз жалындап турган от азабын даярдап койдук.
وَ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِرَبِّہِمۡ عَذَابُ جَہَنَّمَ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۷﴾
67 : 7 Жана өз Раббисин четке каккандар үчүн тозок азабы бар. Ал абдан жаман кайтуу жайы.
اِذَاۤ اُلۡقُوۡا فِیۡہَا سَمِعُوۡا لَہَا شَہِیۡقًا وَّ ہِیَ تَفُوۡرُ ۙ﴿۸﴾
67 : 8 Алар анын ичине ташталып жиберилгендеринде, анын бир кыйкырык сыяктуу үнүн угушат. Ал кайнап турган болот.
تَکَادُ تَمَیَّزُ مِنَ الۡغَیۡظِ ؕ کُلَّمَاۤ اُلۡقِیَ فِیۡہَا فَوۡجٌ سَاَلَہُمۡ خَزَنَتُہَاۤ اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ نَذِیۡرٌ ﴿۹﴾
67 : 9 Анын каар айынан жарылып кетүүсүнө аз калды. Ар качан кандайдыр бир тайпа ага ташталып жиберилгенде, анын кароолчулары алардан сурашат: «Силерге кандайдыр бир кулактандыруучу келбегенби?»
قَالُوۡا بَلٰی قَدۡ جَآءَنَا نَذِیۡرٌ ۬ۙ فَکَذَّبۡنَا وَ قُلۡنَا مَا نَزَّلَ اللّٰہُ مِنۡ شَیۡءٍ ۚۖ اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا فِیۡ ضَلٰلٍ کَبِیۡرٍ ﴿۱۰﴾
67 : 10 Алар айтышат: «Ооба, албетте, бизге кулактандыруучу келген эле. Бирок биз (аны) жалганчыга чыгардык жана айттык: «Алла эч нерсени түшүргөн эмес, силер болгону чоӊ адашуудасыӊар».
وَ قَالُوۡا لَوۡ کُنَّا نَسۡمَعُ اَوۡ نَعۡقِلُ مَا کُنَّا فِیۡۤ اَصۡحٰبِ السَّعِیۡرِ ﴿۱۱﴾
67 : 11 Жана алар айтышат: «Эгер биз кулак салганыбызда же ой жүгүрткөнүбүздө, от ээлеринин арасында болбойт элек».
فَاعۡتَرَفُوۡا بِذَنۡۢبِہِمۡ ۚ فَسُحۡقًا لِّاَصۡحٰبِ السَّعِیۡرِ ﴿۱۲﴾
67 : 12 Ошентип, алар өз күнөөлөрүн моюнга алышты. Демек, от ээлерине ойрондук болсун!
اِنَّ الَّذِیۡنَ یَخۡشَوۡنَ رَبَّہُمۡ بِالۡغَیۡبِ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ اَجۡرٌ کَبِیۡرٌ ﴿۱۳﴾
67 : 13 Албетте, өз Раббисинен кайыпта корко тургандар – алар үчүн кечирим жана үлкөн сыйлык бар.
وَ اَسِرُّوۡا قَوۡلَکُمۡ اَوِ اجۡہَرُوۡا بِہٖ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۱۴﴾
67 : 14 Жана силер сөзүӊөрдү жашырсаӊар же аны ашкере кылсаӊар, албетте, Ал көкүрөктөгү сөздөрдү дайыма билет.
اَلَا یَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ ؕ وَ ہُوَ اللَّطِیۡفُ الۡخَبِیۡرُ ﴿٪۱۵﴾
67 : 15 Акыры жараткан (Алла) билбейби?! Чынында, Ал эң майда нерселерди күзөтүүчү (жана) дайыма кабардар.
ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ ذَلُوۡلًا فَامۡشُوۡا فِیۡ مَنَاکِبِہَا وَ کُلُوۡا مِنۡ رِّزۡقِہٖ ؕ وَ اِلَیۡہِ النُّشُوۡرُ ﴿۱۶﴾
67 : 16 Ал (Алла) гана жерди силер үчүн бой сундуруп койгон. Ошентип, анын жолдорунда жүргүлө жана Анын ырыскысынан жегиле. Ага гана тургузулуу бар.
ءَاَمِنۡتُمۡ مَّنۡ فِی السَّمَآءِ اَنۡ یَّخۡسِفَ بِکُمُ الۡاَرۡضَ فَاِذَا ہِیَ تَمُوۡرُ ﴿ۙ۱۷﴾
67 : 17 Асмандагы (Алла)нын силерди жерге жуткуруп жиберишинен коопсузсуӊарбы? Ошондо алар кокустан титирей башташты.
اَمۡ اَمِنۡتُمۡ مَّنۡ فِی السَّمَآءِ اَنۡ یُّرۡسِلَ عَلَیۡکُمۡ حَاصِبًا ؕ فَسَتَعۡلَمُوۡنَ کَیۡفَ نَذِیۡرِ ﴿۱۸﴾
67 : 18 Же силер асмандагы (Алла)нын үстүӊөргө таш жаадыра турган бороон жиберишинен коопсузсуӊарбы? Анан силер Менин кулактандыруум кандай болгонун албетте, билип аласыӊар!
وَ لَقَدۡ کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَکَیۡفَ کَانَ نَکِیۡرِ ﴿۱۹﴾
67 : 19 Жана албетте, алардан илгери өткөндөр дагы жалганчыга чыгарган. Анан Менин жазам кандай катуу эле?!
اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اِلَی الطَّیۡرِ فَوۡقَہُمۡ صٰٓفّٰتٍ وَّ یَقۡبِضۡنَ ؔۘؕ مَا یُمۡسِکُہُنَّ اِلَّا الرَّحۡمٰنُ ؕ اِنَّہٗ بِکُلِّ شَیۡءٍۭ بَصِیۡرٌ ﴿۲۰﴾
67 : 20 Алар өз үстүлөрүндө куштардын канаттарын жазганын жана жыйганын көрүшкөн жокпу? Рахмаандан бөлөк эч ким аларды кармап тура албайт. Албетте, Ал бардык нерсени тереӊ күзөтүүчү.
اَمَّنۡ ہٰذَا الَّذِیۡ ہُوَ جُنۡدٌ لَّکُمۡ یَنۡصُرُکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ الرَّحۡمٰنِ ؕ اِنِ الۡکٰفِرُوۡنَ اِلَّا فِیۡ غُرُوۡرٍ ﴿ۚ۲۱﴾
67 : 21 Кошуундарыӊар болуп, Рахмаанга каршы силерге жардам бере тургандар кимдер өзү? Каапырлар болгону бир чоӊ алдоодо.
اَمَّنۡ ہٰذَا الَّذِیۡ یَرۡزُقُکُمۡ اِنۡ اَمۡسَکَ رِزۡقَہٗ ۚ بَلۡ لَّجُّوۡا فِیۡ عُتُوٍّ وَّ نُفُوۡرٍ ﴿۲۲﴾
67 : 22 Эгер Ал Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы бере турган булар ким өзү? Жок, алар баш көтөрүү жана жек көрүүдө күчөй беришет.
اَفَمَنۡ یَّمۡشِیۡ مُکِبًّا عَلٰی وَجۡہِہٖۤ اَہۡدٰۤی اَمَّنۡ یَّمۡشِیۡ سَوِیًّا عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۲۳﴾
67 : 23 Демек, өз наадандыгында жана таӊ калуусунда каӊгып жүрө берген бирөө жакшыраак хидаят тапканбы же туура жолдо түз жүрө турган бирөөбү?
قُلۡ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَکُمۡ وَ جَعَلَ لَکُمُ السَّمۡعَ وَ الۡاَبۡصَارَ وَ الۡاَفۡـِٕدَۃَ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۲۴﴾
67 : 24 Айткын: «Ал (Алла) гана силерди жараткан жана силерге кулактар, көздөр жана жүрөктөрдү тартуулаган. Силер абдан кем шүкүр кыласыӊар!»
قُلۡ ہُوَ الَّذِیۡ ذَرَاَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
67 : 25 Айткын: «Ал (Алла) гана силерди жерде өстүргөн. Силер Ага гана топтолосуӊар».
وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۲۶﴾
67 : 26 Жана алар сурашат: «Эгер чынчыл болсоӊор, бул убада качан (ишке ашат?)»
قُلۡ اِنَّمَا الۡعِلۡمُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۪ وَ اِنَّمَاۤ اَنَا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۲۷﴾
67 : 27 Айткын: «(Бул жөнүндө) жетик билим жалгыз Алланын алдында. Мен бир гана ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
فَلَمَّا رَاَوۡہُ زُلۡفَۃً سِیۡٓـَٔتۡ وُجُوۡہُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ قِیۡلَ ہٰذَا الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تَدَّعُوۡنَ ﴿۲۸﴾
67 : 28 Анан алар аны жакын келгенде көргөндөрүндө, каапыр болгондордун жүздөрү бузулуп кетет. Аларга: «Силер талап кылып жүргөн нерсе – мына ушул», - деп айтылат.
قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ اَہۡلَکَنِیَ اللّٰہُ وَ مَنۡ مَّعِیَ اَوۡ رَحِمَنَا ۙ فَمَنۡ یُّجِیۡرُ الۡکٰفِرِیۡنَ مِنۡ عَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۲۹﴾
67 : 29 Сурагын: «Айткылачы! Эгер Алла мени жана мени менен бирге болгон кишини жок кылса же бизге ырайым кылса, каапырларга оор азаптан ким паана берет?»
قُلۡ ہُوَ الرَّحۡمٰنُ اٰمَنَّا بِہٖ وَ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡنَا ۚ فَسَتَعۡلَمُوۡنَ مَنۡ ہُوَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۳۰﴾
67 : 30 Айткын: «Ал гана Рахмаан. Биз Ага ыйман келтирдик жана Ага гана тобокел кылдык. Ошентип, ким ачыктан-ачык адашууда экенин силер тез арада билип аласыӊар».
قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ اَصۡبَحَ مَآؤُکُمۡ غَوۡرًا فَمَنۡ یَّاۡتِیۡکُمۡ بِمَآءٍ مَّعِیۡنٍ ﴿٪۳۱﴾
67 : 31 Сурагын: «Айткылачы! Эгер сууӊар (жерге) тереӊ сиӊип кетсе, ким силерге булактардын суусун келтирет?»