Курани карим Ан-Нахл • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

النّحل

Ан-Нахл

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    16 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَتٰۤی اَمۡرُ اللّٰہِ فَلَا تَسۡتَعۡجِلُوۡہُ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۲﴾
    16 : 2 Алланын буйругу келүүдө, ошондуктан аны талап кылууда шашылбагыла. Ал (Алла) таза жана алар шерик кошуп жаткан нерселерден жогору.
  • یُنَزِّلُ الۡمَلٰٓئِکَۃَ بِالرُّوۡحِ مِنۡ اَمۡرِہٖ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖۤ اَنۡ اَنۡذِرُوۡۤا اَنَّہٗ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنَا فَاتَّقُوۡنِ ﴿۳﴾
    16 : 3 Ал: «Кулактандыргыла! Албетте, Менден башка эч кандай кудай жок. Ошондуктан, Менден гана корккула», - (деген бойдон) Өз амири менен пенделеринин ичинен Өзү каалаган кишиге периштелерди Рухул-Кудус менен түшүрөт.
  • خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ ؕ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۴﴾
    16 : 4 Ал асмандар жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал алар шерик кошуп жаткан нерселерден абдан жогору.
  • خَلَقَ الۡاِنۡسَانَ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ فَاِذَا ہُوَ خَصِیۡمٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۵﴾
    16 : 5 Ал адамды бел суусунан жараткан, анан кокустан ал ачыктан-ачык жаӊжалчыга айланып кетти.
  • وَ الۡاَنۡعَامَ خَلَقَہَا ۚ لَکُمۡ فِیۡہَا دِفۡءٌ وَّ مَنَافِعُ وَ مِنۡہَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿۪۶﴾
    16 : 6 Ал чарба малдарын дагы жараткан; силер үчүн аларда жылуулук алуу шарттары жана абдан көп пайдалар бар; алардын айрымдарын силер жейсиӊер.
  • وَ لَکُمۡ فِیۡہَا جَمَالٌ حِیۡنَ تُرِیۡحُوۡنَ وَ حِیۡنَ تَسۡرَحُوۡنَ ﴿۪۷﴾
    16 : 7 Жана кечкисин силер аларды оттотуп келгениӊерде жана (таӊкысын) оттотуу максатында коё берип жибергениӊерде силер үчүн аларда сулуулук бар.
  • وَ تَحۡمِلُ اَثۡقَالَکُمۡ اِلٰی بَلَدٍ لَّمۡ تَکُوۡنُوۡا بٰلِغِیۡہِ اِلَّا بِشِقِّ الۡاَنۡفُسِ ؕ اِنَّ رَبَّکُمۡ لَرَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ۙ﴿۸﴾
    16 : 8 Жана силер жаныӊарга машакат чектирбестен туруп, баралбаган шаарга алар силердин жүктөрүӊөрдү көтөрүп барат. Албетте, Раббиӊер өтө мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَّ الۡخَیۡلَ وَ الۡبِغَالَ وَ الۡحَمِیۡرَ لِتَرۡکَبُوۡہَا وَ زِیۡنَۃً ؕ وَ یَخۡلُقُ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹﴾
    16 : 9 Жана силер аларды минип жүрүүӊөр үчүн жана зыйнат (дагы) болсун үчүн аттар, качырлар жана эшектерди (жараткан). Мындан тышкары, Ал (силер үчүн али) силер билбеген нерселерди дагы жаратат.
  • وَ عَلَی اللّٰہِ قَصۡدُ السَّبِیۡلِ وَ مِنۡہَا جَآئِرٌ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ لَہَدٰٮکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿٪۱۰﴾
    16 : 10 Туура жол көрсөтүү Алланын милдетиндеги (пенделердин) акы(сы). Ал эми, ал (жол)дордун айрымдары кыйшык дагы (болот). Эгер Ал каалаганда, албетте, силердин баарыӊарды туура жолго баштаган болоор эле.
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً لَّکُمۡ مِّنۡہُ شَرَابٌ وَّ مِنۡہُ شَجَرٌ فِیۡہِ تُسِیۡمُوۡنَ ﴿۱۱﴾
    16 : 11 Ал (Алла) асмандан силер үчүн суу түшүргөн; анда ичимдик бар жана силер (чарба малдарыӊарды) оттото турган өсүмдүктөр ошондон өсүп чыгат.
  • یُنۡۢبِتُ لَکُمۡ بِہِ الزَّرۡعَ وَ الزَّیۡتُوۡنَ وَ النَّخِیۡلَ وَ الۡاَعۡنَابَ وَ مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    16 : 12 Ал силер үчүн анын жардамында эгинди өстүрүп чыгарат жана зайтун, курма, жүзүм жана ар түрдүү мөмөлөрдү (дагы). Албетте, мында ой жүгүртө турган коом үчүн абдан чоӊ аят-белги бар.
  • وَ سَخَّرَ لَکُمُ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ ۙ وَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ؕ وَ النُّجُوۡمُ مُسَخَّرٰتٌۢ بِاَمۡرِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿ۙ۱۳﴾
    16 : 13 Жана Ал (Алла) силерге түн менен күндү, ошондой эле күн менен айды моюн сундуруп койгон; ошондой эле жылдыздар дагы Анын буйругу менен моюн сундурулган. Албетте, мында акыл ээси болгон коом үчүн абдан чоӊ аят-жышаандар бар.
  • وَ مَا ذَرَاَ لَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ مُخۡتَلِفًا اَلۡوَانُہٗ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّذَّکَّرُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    16 : 14 Ал (Алла) силер үчүн жерде жараткан ар түрдүү нерселер(дин бардыгы силерге моюн сундурулган). Мында ибарат ала турган кишилер үчүн албетте, абдан чоӊ аят-жышаан бар.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ سَخَّرَ الۡبَحۡرَ لِتَاۡکُلُوۡا مِنۡہُ لَحۡمًا طَرِیًّا وَّ تَسۡتَخۡرِجُوۡا مِنۡہُ حِلۡیَۃً تَلۡبَسُوۡنَہَا ۚ وَ تَرَی الۡفُلۡکَ مَوَاخِرَ فِیۡہِ وَ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    16 : 15 Ал (Алла) деӊизди, силер андан жаӊы эт жешиӊер үчүн жана силер тага турган зыйнат нерселерди андан чыгарышыӊар үчүн моюн сундурган. Ал (Алла)нын берешендигин издешиӊер үчүн, жана шүкүр кылышыӊар үчүн сен анда кемелердин сууну жарып жүргөнүн көрөсүӊ.
  • وَ اَلۡقٰی فِی الۡاَرۡضِ رَوَاسِیَ اَنۡ تَمِیۡدَ بِکُمۡ وَ اَنۡہٰرًا وَّ سُبُلًا لَّعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿ۙ۱۶﴾
    16 : 16 Силер үчүн ырыскы жеткирсин деп Ал (Алла) жерде тоолорду орноткон; ошондой эле туура жол табышыӊар үчүн дарыялар жана жолдорду (дагы).
  • وَ عَلٰمٰتٍ ؕ وَ بِالنَّجۡمِ ہُمۡ یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    16 : 17 Жана абдан көп жол көрсөтүүчү аят-белгилерди (дагы). Алар жылдыздар аркылуу дагы жол табышат.
  • اَفَمَنۡ یَّخۡلُقُ کَمَنۡ لَّا یَخۡلُقُ ؕ اَفَلَا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    16 : 18 Эмне, жарата турган, жарата албай турганга теӊби? Демек, силер ибарат албайсыӊарбы?
  • وَ اِنۡ تَعُدُّوۡا نِعۡمَۃَ اللّٰہِ لَا تُحۡصُوۡہَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۹﴾
    16 : 19 Эгер силер Алланын нээмат-белегин санамакчы болсоӊор, санагына жете албайсыӊар. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا تُسِرُّوۡنَ وَ مَا تُعۡلِنُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    16 : 20 Силер эмнени сыр тутуп жатканыӊарды жана эмнени көрүнөө кылып жатканыӊарды дагы Алла билет.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ لَا یَخۡلُقُوۡنَ شَیۡئًا وَّ ہُمۡ یُخۡلَقُوۡنَ ﴿ؕ۲۱﴾
    16 : 21 Алар Алланы коюп, ордуна жалбарып жаткандар эч нерсени жарата албайт. Ал эми, алардын өздөрү жаратылат –
  • اَمۡوَاتٌ غَیۡرُ اَحۡیَآءٍ ۚ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ ۙ اَیَّانَ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿٪۲۲﴾
    16 : 22 (Алар) – өлүктөр, тирүү эмес жана алар качан тургузулуштарын билишпейт.
  • اِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ۚ فَالَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ قُلُوۡبُہُمۡ مُّنۡکِرَۃٌ وَّ ہُمۡ مُّسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    16 : 23 Силердин Кудайыӊар жалгыз Кудай. Демек, акыретке ыйман келтирбей тургандардын жүрөктөрү четке кагуучу жана алар текеберлик кылуучулар.
  • لَاجَرَمَ اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا یُسِرُّوۡنَ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ؕ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الۡمُسۡتَکۡبِرِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    16 : 24 Шек-күмөн жок: алар эмнени жашырып жаткандарын жана эмнени көрүнөө кылып жаткандарын Алла албетте, билет. Албетте, Ал текеберлик кылуучуларды жактырбайт.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ مَّا ذَاۤ اَنۡزَلَ رَبُّکُمۡ ۙ قَالُوۡۤا اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ۙ۲۵﴾
    16 : 25 Алардан: «Раббиӊер түшүргөн нерсе эмне?» - деп суралганда, алар: «Илгеркилердин жомоктору», - дешет.
  • لِیَحۡمِلُوۡۤا اَوۡزَارَہُمۡ کَامِلَۃً یَّوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ۙ وَ مِنۡ اَوۡزَارِ الَّذِیۡنَ یُضِلُّوۡنَہُمۡ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ اَلَا سَآءَ مَا یَزِرُوۡنَ ﴿٪۲۶﴾
    16 : 26 Кыямат күнү алар өздөрүнүн бардык жүктөрүн да, билимсиздиктин айынан өздөрү жолдон азгыргандардын жүктөрүн да көтөрүүсүн (каалашат сыяктанат). Сак болгула! Алар көтөрө турган нерсе абдан жаман!
  • قَدۡ مَکَرَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَاَتَی اللّٰہُ بُنۡیَانَہُمۡ مِّنَ الۡقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَیۡہِمُ السَّقۡفُ مِنۡ فَوۡقِہِمۡ وَ اَتٰٮہُمُ الۡعَذَابُ مِنۡ حَیۡثُ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    16 : 27 Албетте, алардан илгери өткөндөр дагы айла-амал кылышкан, анан Алла алардын имараттарын пайдубалынан бузуп жиберген. Ошондо там алардын үстүнө өйдөсүнөн кулаган жана аларга өздөрү күтпөгөн жайлардан азап келген.
  • ثُمَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ یُخۡزِیۡہِمۡ وَ یَقُوۡلُ اَیۡنَ شُرَکَآءِیَ الَّذِیۡنَ کُنۡتُمۡ تُشَآقُّوۡنَ فِیۡہِمۡ ؕ قَالَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ اِنَّ الۡخِزۡیَ الۡیَوۡمَ وَ السُّوۡٓءَ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿ۙ۲۸﴾
    16 : 28 Анан кыямат күнү Ал аларды шерменде кылып коёт жана айтат: «Менин «шериктерим» каерде калышты, алар себептүү силер каршылык кылаар элеӊер?» Билим берилген кишилер айтышат: «Албетте, бүгүн кордук жана жамандык каапырларга (түшүүдө)» –
  • الَّذِیۡنَ تَتَوَفّٰٮہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ ظَالِمِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ ۪ فَاَلۡقَوُا السَّلَمَ مَا کُنَّا نَعۡمَلُ مِنۡ سُوۡٓءٍ ؕ بَلٰۤی اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    16 : 29 Өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылып жаткан бойдон периштелер жанын ала тургандарга. Алар: «Биз эч бир жаманчылык кылганыбыз жок», - деп элдешүүнү сунуш кылышат. «Жок! Албетте, Алла силер кылып жүргөн амалдарыӊарды жакшы билет».
  • فَادۡخُلُوۡۤا اَبۡوَابَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ فَلَبِئۡسَ مَثۡوَی الۡمُتَکَبِّرِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    16 : 30 Демек, тозок дарбазаларынан киргиле, узак мөөнөткө чейин анда кала бергиле. Ошентип, текеберлик кылуучулардын турак жайы абдан жаман!
  • وَ قِیۡلَ لِلَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا مَاذَاۤ اَنۡزَلَ رَبُّکُمۡ ؕ قَالُوۡا خَیۡرًا ؕ لِلَّذِیۡنَ اَحۡسَنُوۡا فِیۡ ہٰذِہِ الدُّنۡیَا حَسَنَۃٌ ؕ وَ لَدَارُ الۡاٰخِرَۃِ خَیۡرٌ ؕ وَ لَنِعۡمَ دَارُ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۳۱﴾
    16 : 31 Такыбаларга айтылат: «Раббиӊер түшүргөн нерсе эмне?» Алар: «Бүтүндөй жакшылык!» - дешет. Бул дүйнөдө жакшы амалдарды кылгандар үчүн жакшылык бар. Акыреттеги үй абдан жакшы! Такыбалардын үйү кандай сонун!
  • جَنّٰتُ عَدۡنٍ یَّدۡخُلُوۡنَہَا تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ لَہُمۡ فِیۡہَا مَا یَشَآءُوۡنَ ؕ کَذٰلِکَ یَجۡزِی اللّٰہُ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۳۲﴾
    16 : 32 Алар түбөлүктүү бактарга киришет; алардын ортолорунан дайралар агып өтөт; алар үчүн ал (бак)тарда өздөрү каалаган нерселер гана болот. Алла такыбаларды мына ушундай сыйлайт –
  • الَّذِیۡنَ تَتَوَفّٰٮہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ طَیِّبِیۡنَ ۙ یَقُوۡلُوۡنَ سَلٰمٌ عَلَیۡکُمُ ۙ ادۡخُلُوا الۡجَنَّۃَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    16 : 33 Периштелер алардын таза болгон бойдон жанын алгандарды. Алар: «Силерге салам болсун! Жасап өткөн амалдарыӊар себебинен бейишке киргиле», - дешет.
  • ہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ تَاۡتِیَہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ اَوۡ یَاۡتِیَ اَمۡرُ رَبِّکَ ؕ کَذٰلِکَ فَعَلَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ وَ مَا ظَلَمَہُمُ اللّٰہُ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    16 : 34 Алар периштелердин өздөрүнө келүүсүнөн же Раббиӊдин өкүмү келүүсүнөн башка кандайдыр бир жолду көрүшүүдө беле? Алардан мурун өткөндөр дагы ушундай кылышкан. Алла аларга зулумдук кылган эмес, тескерисинче, алар өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышчу.
  • فَاَصَابَہُمۡ سَیِّاٰتُ مَا عَمِلُوۡا وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿٪۳۵﴾
    16 : 35 Ошентип, аларга кылган амалдарынын жаман акыбеттери жетти жана алар маскара кылып жүргөн нерсе өздөрүн курчап алды.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا عَبَدۡنَا مِنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ شَیۡءٍ نَّحۡنُ وَ لَاۤ اٰبَآؤُنَا وَ لَا حَرَّمۡنَا مِنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ کَذٰلِکَ فَعَلَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ۚ فَہَلۡ عَلَی الرُّسُلِ اِلَّا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۳۶﴾
    16 : 36 (Аллага) шерик кошкондор айтышты: «Эгер Алла каалаганда, биз Андан башка эч бир нерсеге ибадат кылбаган болоор элек; биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы; ошондой эле биз Андан бөлөк эч бир нерсени урматтабайт элек». Алардан илгери өткөндөр дагы ушундай кылышкан. Жана пайгамбарлардын моюнунда кабарды ачык-айкын жеткизүүдөн бөлөк дагы бир нерсе парызбы?
  • وَ لَقَدۡ بَعَثۡنَا فِیۡ کُلِّ اُمَّۃٍ رَّسُوۡلًا اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ اجۡتَنِبُوا الطَّاغُوۡتَ ۚ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ ہَدَی اللّٰہُ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَیۡہِ الضَّلٰلَۃُ ؕ فَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    16 : 37 Биз албетте: «Аллага ибадат кылгыла жана буттардан четтегиле», - деп ар бир коомго бир пайгамбарды жибердик. Анан алардын ичинде Алла туура жолго баштагандар да бар жана алардын ичинде үстүнө адашуу важиб-зарыл болгондор да бар. Демек, жер жүзүн кезип саякаттагыла, анан жалганга чыгаруучулардын акыбети кандай болгонун көргүлө.
  • اِنۡ تَحۡرِصۡ عَلٰی ہُدٰٮہُمۡ فَاِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ یُّضِلُّ وَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    16 : 38 Эгер сен алардын туура жолго түшүүлөрүнө чаӊкасаӊ, анда (билип кой), жолдон азгыруучуларды Алла туура жолго баштабайт. Алар үчүн эч кандай жардамчылар (дагы) болбойт.
  • وَ اَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ ۙ لَا یَبۡعَثُ اللّٰہُ مَنۡ یَّمُوۡتُ ؕ بَلٰی وَعۡدًا عَلَیۡہِ حَقًّا وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۳۹﴾
    16 : 39 Алар: «Алла өлүп кеткенди кайрадан эч тургузбайт», - деп Алла наамына бекем касам ичишти. Жок! (Ал албетте, аларды кайта тургузат). Бул убаданын үстүнөн чыгуу Ага важиб-зарыл. Бирок, көпчүлүк (муну) билбейт.
  • لِیُبَیِّنَ لَہُمُ الَّذِیۡ یَخۡتَلِفُوۡنَ فِیۡہِ وَ لِیَعۡلَمَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنَّہُمۡ کَانُوۡا کٰذِبِیۡنَ ﴿۴۰﴾
    16 : 40 Ал алар талаш-тартыш чыгарган нерселерди аларга айкын кылып коюсу үчүн, жана четке каккандар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алуулары үчүн (бул экинчи жашоо берилет).
  • اِنَّمَا قَوۡلُنَا لِشَیۡءٍ اِذَاۤ اَرَدۡنٰہُ اَنۡ نَّقُوۡلَ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿٪۴۱﴾
    16 : 41 Биз кандайдыр бир нерсени каалаганыбызда, Биздин сөзүбүз төмөндөгүдөй болот: Биз ага карата: «Бол!» - дейбиз, ошондо ал боло баштайт жана болуп калат.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہَاجَرُوۡا فِی اللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُوۡا لَـنُبَوِّئَنَّہُمۡ فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً ؕ وَ لَاَجۡرُ الۡاٰخِرَۃِ اَکۡبَرُ ۘ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۲﴾
    16 : 42 Өздөрүнө зулумдук кылынгандан кийин Алла үчүн хижрат кылгандарга Биз албетте, дүйнөдө эӊ жакшы турак жай беребиз; акырет сыйлыгы болсо, бардык (сыйлыктар)дан үлкөн. Алар (муну) билишсе, кана!
  • الَّذِیۡنَ صَبَرُوۡا وَ عَلٰی رَبِّہِمۡ یَتَوَکَّلُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    16 : 43 Бул (сыйлык) сабыр кылгандар жана өз Раббисине тобокел кыла тургандар (үчүн).
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ اِلَّا رِجَالًا نُّوۡحِیۡۤ اِلَیۡہِمۡ فَسۡـَٔلُوۡۤا اَہۡلَ الذِّکۡرِ اِنۡ کُنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۴﴾
    16 : 44 Сенден илгери (дагы) Биз (пайгамбар кылып), жалаӊ эркектерди жибердик. Биз аларга вахий-аян кылаар элек. Демек, эгер силер билбесеӊер, Зикир ээлеринен сурап алгыла.
  • بِالۡبَیِّنٰتِ وَ الزُّبُرِ ؕ وَ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ الذِّکۡرَ لِتُبَیِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ اِلَیۡہِمۡ وَ لَعَلَّہُمۡ یَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    16 : 45 (Биз аларды) ачык-айкын аят-белгилер жана баракчалар менен (жибердик). Адамдарга түшүрүлгөн нерсени аларга жакшылап түшүндүрүшүӊ үчүн, жана алар ой жүгүртүүлөрү үчүн сага дагы Биз Зикир түшүрдүк.
  • اَفَاَمِنَ الَّذِیۡنَ مَکَرُوا السَّیِّاٰتِ اَنۡ یَّخۡسِفَ اللّٰہُ بِہِمُ الۡاَرۡضَ اَوۡ یَاۡتِیَہُمُ الۡعَذَابُ مِنۡ حَیۡثُ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾
    16 : 46 Карасанатай айла-амал кылгандар Алла аларды жерге киргизип жиберишинен же алар күтпөгөн жайдан үстүлөрүнө азап келишинен коопсузбу?
  • اَوۡ یَاۡخُذَہُمۡ فِیۡ تَقَلُّبِہِمۡ فَمَا ہُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ ﴿ۙ۴۷﴾
    16 : 47 Же алар сейилдеп жүргөндө, Ал аларды тутуусунан (алар коопсузбу?) Анан алар (Алланы, Анын эрежелеринде) алсыз кылуучулар эмес.
  • اَوۡ یَاۡخُذَہُمۡ عَلٰی تَخَوُّفٍ ؕ فَاِنَّ رَبَّکُمۡ لَرَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۴۸﴾
    16 : 48 Же аларды акырындап кемитип жиберүү аркылуу тутуусунан (алар коопсузбу?) Ошентип, Раббиӊер албетте, өтө мээримдүү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اِلٰی مَا خَلَقَ اللّٰہُ مِنۡ شَیۡءٍ یَّتَفَیَّؤُا ظِلٰلُہٗ عَنِ الۡیَمِیۡنِ وَ الشَّمَآئِلِ سُجَّدًا لِّلّٰہِ وَ ہُمۡ دٰخِرُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    16 : 49 Эмне, алар Алла жараткан бардык нерселердин көлөкөлөрү кээде оӊ тараптан, кээде сол тараптан орун алмаштырып, Аллага сажда кылганын жана алардын ийилүүчү болгонун көрүшпөдүбү?
  • وَ لِلّٰہِ یَسۡجُدُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ مِنۡ دَآبَّۃٍ وَّ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ ہُمۡ لَا یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    16 : 50 Ошондой эле асмандар жана жердеги бардык жандыктар Аллага гана сажда кылышат; жана бардык периштелер (дагы); алар текеберлик кылышпайт.
  • یَخَافُوۡنَ رَبَّہُمۡ مِّنۡ فَوۡقِہِمۡ وَ یَفۡعَلُوۡنَ مَا یُؤۡمَرُوۡنَ ﴿٪ٛ۵۱﴾
    16 : 51 Алар өздөрүнүн өйдөдөгү жеӊүүчү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган иштерди гана кылышат.
  • وَ قَالَ اللّٰہُ لَا تَتَّخِذُوۡۤا اِلٰـہَیۡنِ اثۡنَیۡنِ ۚ اِنَّمَا ہُوَ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ۚ فَاِیَّایَ فَارۡہَبُوۡنِ ﴿۵۲﴾
    16 : 52 Алла айтты: «Экини кудай кылып албагыла. Албетте, Ал жалгыз Кудай. Ошондуктан, Менден гана корккула».
  • وَ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ لَہُ الدِّیۡنُ وَاصِبًا ؕ اَفَغَیۡرَ اللّٰہِ تَتَّقُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    16 : 53 Асмандар жана жердеги бар нерселер Аныкы. Анын Өзүнө гана баш ийүү зарыл. Ко-ош, Алладан башкалардан корко бересиӊерби?
  • وَ مَا بِکُمۡ مِّنۡ نِّعۡمَۃٍ فَمِنَ اللّٰہِ ثُمَّ اِذَا مَسَّکُمُ الضُّرُّ فَاِلَیۡہِ تَجۡـَٔرُوۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾
    16 : 54 Жана силерде бар нээмат-оомат Алла тарабынан гана. Анан силерге кандайдыр бир кыйынчылык жеткенде, Ага гана ыйлаган бойдон (кайрыласыӊар).
  • ثُمَّ اِذَا کَشَفَ الضُّرَّ عَنۡکُمۡ اِذَا فَرِیۡقٌ مِّنۡکُمۡ بِرَبِّہِمۡ یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۵۵﴾
    16 : 55 Анан Ал балээни силерден алыс кылганда, силерден бир тайпа дароо өз Раббисине (башкаларды) теӊештире баштайт –
  • لِیَکۡفُرُوۡا بِمَاۤ اٰتَیۡنٰہُمۡ ؕ فَتَمَتَّعُوۡا ۟ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    16 : 56 Биз аларга тартуулаган нерселерге шүкүрсүздүк кылуулары үчүн. Демек, бир аз пайдаланып алгыла; анан силер албетте, (анын натыйжасын) билип аласыӊар.
  • وَ یَجۡعَلُوۡنَ لِمَا لَا یَعۡلَمُوۡنَ نَصِیۡبًا مِّمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ ؕ تَاللّٰہِ لَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا کُنۡتُمۡ تَفۡتَرُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    16 : 57 Жана алар өздөрү билбеген нерселер үчүн Биз аларга тартуулаган ырыскыдан бир бөлүгүн ажыратып алышат. Аллага касам! Силер албетте, өзүӊөр ойлоп чыгарган жалааӊар туурасында суракка тутуласыӊар.
  • وَ یَجۡعَلُوۡنَ لِلّٰہِ الۡبَنٰتِ سُبۡحٰنَہٗ ۙ وَ لَہُمۡ مَّا یَشۡتَہُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    16 : 58 Алар Аллага кыздарды таандык кылышты. Ал таза! Алар үчүн болсо, өздөрү жактыра турган нерсе бар.
  • وَ اِذَا بُشِّرَ اَحَدُہُمۡ بِالۡاُنۡثٰی ظَلَّ وَجۡہُہٗ مُسۡوَدًّا وَّ ہُوَ کَظِیۡمٌ ﴿ۚ۵۹﴾
    16 : 59 Жана алардан кимдир бирөөгө кыз (туулушу) жөнүндө куш кабар берилгенде, кайгы-капа себебинен анын жүзү карайып кетет жана ал (аны) басууга умтулуп жаткан болот.
  • یَتَوَارٰی مِنَ الۡقَوۡمِ مِنۡ سُوۡٓءِ مَا بُشِّرَ بِہٖ ؕ اَیُمۡسِکُہٗ عَلٰی ہُوۡنٍ اَمۡ یَدُسُّہٗ فِی التُّرَابِ ؕ اَلَا سَآءَ مَا یَحۡکُمُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    16 : 60 Ал өзүнө берилген куш кабардын азабы себептүү адамдардан жашырынып жүрөт. Шерменделикке карабастан, ал (Алланын ошол айкөлдүгү)н алып калсынбы же топуракка жууруп жиберсинби? Билгиле! Алар чыгарып жаткан өкүм абдан жаман.
  • لِلَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ مَثَلُ السَّوۡءِ ۚ وَ لِلّٰہِ الۡمَثَلُ الۡاَعۡلٰی ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿٪۶۱﴾
    16 : 61 Акыретке ыйман келтирбей тургандар үчүн эӊ жаман мисал бар. Эӊ бийик мисал жалаӊ Алла үчүн. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ لَوۡ یُؤَاخِذُ اللّٰہُ النَّاسَ بِظُلۡمِہِمۡ مَّا تَرَکَ عَلَیۡہَا مِنۡ دَآبَّۃٍ وَّ لٰکِنۡ یُّؤَخِّرُہُمۡ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ۚ فَاِذَا جَآءَ اَجَلُہُمۡ لَا یَسۡتَاۡخِرُوۡنَ سَاعَۃً وَّ لَا یَسۡتَقۡدِمُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    16 : 62 Эгер Алла кишилерди алардын кылган зулумдуктары үчүн суракка тутканда, бул (жер)де эч бир жандыкты калтырбаган болоор эле, бирок Ал аларга бир белгиленген мөөнөткө чейин мөөнөт берет. Анан алардын мөөнөтү келгенде, алар (андан) бир көз ирмемге аркада да кала алышпайт жана алдыга да кете алышпайт.
  • وَ یَجۡعَلُوۡنَ لِلّٰہِ مَا یَکۡرَہُوۡنَ وَ تَصِفُ اَلۡسِنَتُہُمُ الۡکَذِبَ اَنَّ لَہُمُ الۡحُسۡنٰی ؕ لَا جَرَمَ اَنَّ لَہُمُ النَّارَ وَ اَنَّہُمۡ مُّفۡرَطُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    16 : 63 Жана алар өздөрү жаман көрө турган нерселерди Аллага таандык кылышат жана тилдери: «Эӊ жакшы нерсе жалаӊ биз үчүн», - деп калп сүйлөшөт. Албетте, алар үчүн от бар. Албетте, алар жардамчысыз калтырылышат.
  • تَاللّٰہِ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلٰۤی اُمَمٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَزَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ اَعۡمَالَہُمۡ فَہُوَ وَلِیُّہُمُ الۡیَوۡمَ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۶۴﴾
    16 : 64 Аллага касам! Биз албетте, сенден мурунку коомдорго пайгамбарларды жөнөттүк, ошондо шайтан аларга амалдарын чырайлуу кылып көрсөттү. Бүгүн болсо, ал алардын досу (болуп калган). Алар үчүн оор азап бар.
  • وَ مَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ اِلَّا لِتُبَیِّنَ لَہُمُ الَّذِی اخۡتَلَفُوۡا فِیۡہِ ۙ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    16 : 65 Алар талашып жаткан нерселерди аларга түшүндүрүп беришиӊ үчүн, ошондой эле ыйман келтире турган коомго хидаят жана рахмат болсун үчүн Биз сага ушул Китепти түшүрдүк.
  • وَ اللّٰہُ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَحۡیَا بِہِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّسۡمَعُوۡنَ ﴿٪۶۶﴾
    16 : 66 Алла асмандан суу түшүрүп, анын жардамында жерди, анын өлүп кеткенинен кийин тирилтти. Албетте, мында (кепке) кулак сала турган кишилер үчүн абдан чоӊ аят-белги бар.
  • وَ اِنَّ لَکُمۡ فِی الۡاَنۡعَامِ لَعِبۡرَۃً ؕ نُسۡقِیۡکُمۡ مِّمَّا فِیۡ بُطُوۡنِہٖ مِنۡۢ بَیۡنِ فَرۡثٍ وَّ دَمٍ لَّبَنًا خَالِصًا سَآئِغًا لِّلشّٰرِبِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    16 : 67 Жана албетте, чарба малдарында дагы силер үчүн бир чоӊ аят-белги бар. Биз силерге алардын карындарында жин жана кан ортосунда пайда боло турган, ичүүчүлөр үчүн жагымдуу болгон таза сүт ичиребиз.
  • وَ مِنۡ ثَمَرٰتِ النَّخِیۡلِ وَ الۡاَعۡنَابِ تَتَّخِذُوۡنَ مِنۡہُ سَکَرًا وَّ رِزۡقًا حَسَنًا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    16 : 68 Ошондой эле курма мөмөлөрү жана жүзүмдөрдөн дагы (Биз ичиребиз). Силер андан кумар кылуучу нерселерди даярдайсыӊар жана эӊ жакшы ырыскыны дагы. Албетте, мында акыл ээлери үчүн бир чоӊ аят-белги бар.
  • وَ اَوۡحٰی رَبُّکَ اِلَی النَّحۡلِ اَنِ اتَّخِذِیۡ مِنَ الۡجِبَالِ بُیُوۡتًا وَّ مِنَ الشَّجَرِ وَ مِمَّا یَعۡرِشُوۡنَ ﴿ۙ۶۹﴾
    16 : 69 Раббиӊ аарыга (ушундай) вахий-аян кылды: «Тоолордо дагы, дарактарда дагы жана алар бийик тирөөчтөргө көтөрө турган (сабактар)да дагы уя кур.
  • ثُمَّ کُلِیۡ مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ فَاسۡلُکِیۡ سُبُلَ رَبِّکِ ذُلُلًا ؕ یَخۡرُجُ مِنۡۢ بُطُوۡنِہَا شَرَابٌ مُّخۡتَلِفٌ اَلۡوَانُہٗ فِیۡہِ شِفَآءٌ لِّلنَّاسِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    16 : 70 Анан ар түрдүү мөмөлөрдөн жегин жана таазим кылган бойдон Раббиӊдин жолдорунан жүргүн». Алардын карындарынан өӊдөрү ар кандай болгон ичимдик чыгат; анда адамдар үчүн бир чоӊ шыпаа бар. Албетте, мында ой жүгүртө турган кишилер үчүн абдан чоӊ аят-белги бар.
  • وَ اللّٰہُ خَلَقَکُمۡ ثُمَّ یَتَوَفّٰٮکُمۡ ۟ۙ وَ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّرَدُّ اِلٰۤی اَرۡذَلِ الۡعُمُرِ لِکَیۡ لَا یَعۡلَمَ بَعۡدَ عِلۡمٍ شَیۡئًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌ قَدِیۡرٌ ﴿٪۷۱﴾
    16 : 71 Алла силерди жоктон бар кылды, анан Ал силерди өлтүрөт. Илим алгандан кийин илимден бүтүндөй куру калуусу үчүн акыл-эсин жогото турган жашка чейин жеткириле турган киши да араӊарда бар. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) дайыма кудуреттүү.
  • وَ اللّٰہُ فَضَّلَ بَعۡضَکُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ فِی الرِّزۡقِ ۚ فَمَا الَّذِیۡنَ فُضِّلُوۡا بِرَآدِّیۡ رِزۡقِہِمۡ عَلٰی مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُمۡ فَہُمۡ فِیۡہِ سَوَآءٌ ؕ اَفَبِنِعۡمَۃِ اللّٰہِ یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۷۲﴾
    16 : 72 Алла силердин айрымдарыӊарды-айрымдарыӊардан ырыскыда абзел кылып койгон. Ошентип, абзел кылынып коюлган кишилер өзүнүн кол астындагыларга өз ырыскысын ушундай кайтаруучулар эмес: өздөрү мында аларга теӊ болуп калгыдай. Ко-ош, алар Алланын нээмат-ооматы жөнүндө талашып-тартышабы?
  • وَ اللّٰہُ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنۡ اَنۡفُسِکُمۡ اَزۡوَاجًا وَّ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنۡ اَزۡوَاجِکُمۡ بَنِیۡنَ وَ حَفَدَۃً وَّ رَزَقَکُمۡ مِّنَ الطَّیِّبٰتِ ؕ اَفَبِالۡبَاطِلِ یُؤۡمِنُوۡنَ وَ بِنِعۡمَتِ اللّٰہِ ہُمۡ یَکۡفُرُوۡنَ ﴿ۙ۷۳﴾
    16 : 73 Алла силер үчүн өзүӊөрдөн жуптарды жараткан жана силерге жуптарыӊардан уулдар жана неберелер тартуулаган, ошондой эле силерге таза нерселерден ырыскы берген Зат. Ко-ош, алар жалганга ыйман келтирип, Алланын нээмат-ооматын четке кагышабы?
  • وَ یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَمۡلِکُ لَہُمۡ رِزۡقًا مِّنَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ شَیۡئًا وَّ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ ﴿ۚ۷۴﴾
    16 : 74 Алар Алланын ордуна асмандар жана жерде өздөрү үчүн кандайдыр бир ырыскы берүүгө эч ээ болбогон нерселерге ибадат кылышат. Алар эч кандай күчкө ээ эмес.
  • فَلَا تَضۡرِبُوۡا لِلّٰہِ الۡاَمۡثَالَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷۵﴾
    16 : 75 Ошентип, Алла жөнүндө мисалдар келтирбегиле. Албетте, Алла билет, а силер билбейсиӊер.
  • ضَرَبَ اللّٰہُ مَثَلًا عَبۡدًا مَّمۡلُوۡکًا لَّا یَقۡدِرُ عَلٰی شَیۡءٍ وَّ مَنۡ رَّزَقۡنٰہُ مِنَّا رِزۡقًا حَسَنًا فَہُوَ یُنۡفِقُ مِنۡہُ سِرًّا وَّ جَہۡرًا ؕ ہَلۡ یَسۡتَوٗنَ ؕ اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    16 : 76 Алла кимдир бирөөгө көзкаранды болгон жана эч бир нерсеге карата күчү жетпеген бир кишинин мисалын баян кылат; ошондой эле Биз Өз алдыбыздан жакшы ырыскы берген жана андан көмүскө да, көрүнөө да сарп кылган кишинин мисалын дагы (баян кылат). Эмне, алар теӊ боло алышабы? Бардык мактоо Аллага гана таандык. Бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • وَ ضَرَبَ اللّٰہُ مَثَلًا رَّجُلَیۡنِ اَحَدُہُمَاۤ اَبۡکَمُ لَا یَقۡدِرُ عَلٰی شَیۡءٍ وَّ ہُوَ کَلٌّ عَلٰی مَوۡلٰٮہُ ۙ اَیۡنَمَا یُوَجِّہۡہُّ لَایَاۡتِ بِخَیۡرٍ ؕ ہَلۡ یَسۡتَوِیۡ ہُوَ ۙ وَ مَنۡ یَّاۡمُرُ بِالۡعَدۡلِ ۙ وَ ہُوَ عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿٪۷۷﴾
    16 : 77 Жана Алла эки кишини мисал кылып келтирет: алардын бири дудук, эч нерсеге кудурети жетпейт жана кожоюну үчүн артык жүк; ал аны каерге жөнөтпөсүн, ал эч бир жакшылык(тан турган кабар) келтирбейт. Эмне, ал жана адилетке буюра турган, ошондой эле туура жолго жол алган киши теӊ боло алабы?
  • وَ لِلّٰہِ غَیۡبُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَاۤ اَمۡرُ السَّاعَۃِ اِلَّا کَلَمۡحِ الۡبَصَرِ اَوۡ ہُوَ اَقۡرَبُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۷۸﴾
    16 : 78 Асмандар жана жердин кайыбы Алланыкы. «Саат» маселеси көз ачып жумганча же андан дагы тезирээк. Албетте, Алла Өзү каалаган нерселерге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ اللّٰہُ اَخۡرَجَکُمۡ مِّنۡۢ بُطُوۡنِ اُمَّہٰتِکُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ شَیۡئًا ۙ وَّ جَعَلَ لَکُمُ السَّمۡعَ وَ الۡاَبۡصَارَ وَ الۡاَفۡـِٕدَۃَ ۙ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    16 : 79 Алла силерди энеӊердин карындарынан эч нерсени билбеген абалдарыӊарда чыгарган жана шүкүр кылууӊар үчүн силерге кулак, көз жана жүрөк берген.
  • اَلَمۡ یَرَوۡا اِلَی الطَّیۡرِ مُسَخَّرٰتٍ فِیۡ جَوِّ السَّمَآءِ ؕ مَا یُمۡسِکُہُنَّ اِلَّا اللّٰہُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۸۰﴾
    16 : 80 Акыры, алар асмандын мейкиндигинде моюн сундурулуп коюлган куштарды көрүшпөдүбү? Аларды жалгыз Алла кармап турган болот. Албетте, мында ыйман келтире турган кишилер үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ اللّٰہُ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنۡۢ بُیُوۡتِکُمۡ سَکَنًا وَّ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنۡ جُلُوۡدِ الۡاَنۡعَامِ بُیُوۡتًا تَسۡتَخِفُّوۡنَہَا یَوۡمَ ظَعۡنِکُمۡ وَ یَوۡمَ اِقَامَتِکُمۡ ۙ وَ مِنۡ اَصۡوَافِہَا وَ اَوۡبَارِہَا وَ اَشۡعَارِہَاۤ اَثَاثًا وَّ مَتَاعًا اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۸۱﴾
    16 : 81 Алла үйлөрүӊөрдө силер үчүн бейпилдик коюп койгон жана чарба малдарынын терилеринен силер үчүн көчө турган күнүӊөрдө жана коно турган күнүӊөрдө силер жеӊил сезе турган үй-алачык жасап койгон; ошондой эле алардын ичке жүндөрүнөн жана калыӊ жүндөрүнөн жана түктөрүнөн абдан көп эмерек жасаган жана бир мөөнөткө чейин пайдаланууну белгилеп койгон.
  • وَ اللّٰہُ جَعَلَ لَکُمۡ مِّمَّا خَلَقَ ظِلٰلًا وَّ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنَ الۡجِبَالِ اَکۡنَانًا وَّ جَعَلَ لَکُمۡ سَرَابِیۡلَ تَقِیۡکُمُ الۡحَرَّ وَ سَرَابِیۡلَ تَقِیۡکُمۡ بَاۡسَکُمۡ ؕ کَذٰلِکَ یُتِمُّ نِعۡمَتَہٗ عَلَیۡکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تُسۡلِمُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    16 : 82 Алла Өзү жараткан нерселерден силер үчүн көлөкө бере турган нерселерди дагы пайда кылган. Жана силер үчүн тоолордо башпаанек жараткана; ошондой эле силер үчүн силерди ысыктан сактоочу кийимдерди жана уруштарда силерди коргой турган соотторду да пайда кылган. Силер баш ийүүчү болушуӊар үчүн силерге Өзүнүн нээмат-берекесин мына ушундай толук кылат.
  • فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّمَا عَلَیۡکَ الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۸۳﴾
    16 : 83 Анан, эгер алар жүз буруп кетишсе, анда сенин милдетиӊ – кабарды ачык-айкын жеткирүү.
  • یَعۡرِفُوۡنَ نِعۡمَتَ اللّٰہِ ثُمَّ یُنۡکِرُوۡنَہَا وَ اَکۡثَرُہُمُ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿٪۸۴﴾
    16 : 84 Алар Алланын нээматын таанышат, ошого карабастан дагы аны четке кагышат. Алардын көпчүлүгү каапырлар.
  • وَ یَوۡمَ نَبۡعَثُ مِنۡ کُلِّ اُمَّۃٍ شَہِیۡدًا ثُمَّ لَا یُؤۡذَنُ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ لَا ہُمۡ یُسۡتَعۡتَبُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    16 : 85 Биз ар бир коомдон бирден күбө келтиргенибизден кийин, четке каккандарга (эч бир сөз сүйлөөгө) уруксат берилбейт жана алардан кечирим кабыл алынбайт.
  • وَ اِذَا رَاَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوا الۡعَذَابَ فَلَا یُخَفَّفُ عَنۡہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یُنۡظَرُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    16 : 86 Зулумдук кылгандар азапты көргөндөрүндө, ал аларга жеӊил кылынбайт жана аларга мөөнөт да берилбейт.
  • وَ اِذَا رَاَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا شُرَکَآءَہُمۡ قَالُوۡا رَبَّنَا ہٰۤؤُلَآءِ شُرَکَآؤُنَا الَّذِیۡنَ کُنَّا نَدۡعُوۡا مِنۡ دُوۡنِکَ ۚ فَاَلۡقَوۡا اِلَیۡہِمُ الۡقَوۡلَ اِنَّکُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿ۚ۸۷﴾
    16 : 87 Жана мушриктер өзүнүн (кылып алган) шериктерин көргөн учурда айтышат: «Эй, Раббибиз! Биз Сени коюп, ордуӊа жалбара турган шериктерибиз мына ушулар». Ошондо алар: «Албетте, силер жалганчысыӊар», - деп (алардын) бул кебин өздөрүнө кайтарышат.
  • وَ اَلۡقَوۡا اِلَی اللّٰہِ یَوۡمَئِذِ ۣالسَّلَمَ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    16 : 88 Демек, ошол күнү алар Алла менен элдешмекчи болушат жана өздөрү ойлоп чыгарган калп алардын колунан кеткен болот.
  • اَلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ زِدۡنٰہُمۡ عَذَابًا فَوۡقَ الۡعَذَابِ بِمَا کَانُوۡا یُفۡسِدُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    16 : 89 Каапыр болгон жана (адамдарды) Алланын жолунан тоскондорго Биз азаптын үстүнө азапты көбөйтүп турабыз, анткени алар бузгунчулук кылышаар эле.
  • وَ یَوۡمَ نَبۡعَثُ فِیۡ کُلِّ اُمَّۃٍ شَہِیۡدًا عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ اَنۡفُسِہِمۡ وَ جِئۡنَا بِکَ شَہِیۡدًا عَلٰی ہٰۤؤُلَآءِ ؕ وَ نَزَّلۡنَا عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ تِبۡیَانًا لِّکُلِّ شَیۡءٍ وَّ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً وَّ بُشۡرٰی لِلۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿٪۹۰﴾
    16 : 90 Биз ар бир коомдо аларга өздөрүнөн бир күбө келтире турган жана сени алар(дын баары)на күбө кылып келтире турган күн(дү эстегин). Биз баардык нерсени ачык-айкын баян кылуучу, хидаят жана рахмат болгон, ошондой эле баш ийүүчүлөр үчүн куш кабар болгон абалда сага Китеп түшүрдүк.
  • اِنَّ اللّٰہَ یَاۡمُرُ بِالۡعَدۡلِ وَ الۡاِحۡسَانِ وَ اِیۡتَآیِٔ ذِی الۡقُرۡبٰی وَ یَنۡہٰی عَنِ الۡفَحۡشَآءِ وَ الۡمُنۡکَرِ وَ الۡبَغۡیِ ۚ یَعِظُکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۹۱﴾
    16 : 91 Албетте, Алла адилеттүүлүккө жана изги иштерге, ошондой эле урук-туугандарга кылына турган тартуу сыяктуу тартууга буюрат; ошондой эле бузукулук, жаман иштер жана баш ийбестикке тыюу салат. Силер ибарат алышыӊар үчүн Ал силерге насаат кылат.
  • وَ اَوۡفُوۡا بِعَہۡدِ اللّٰہِ اِذَا عٰہَدۡتُّمۡ وَ لَا تَنۡقُضُوا الۡاَیۡمَانَ بَعۡدَ تَوۡکِیۡدِہَا وَ قَدۡ جَعَلۡتُمُ اللّٰہَ عَلَیۡکُمۡ کَفِیۡلًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُوۡنَ ﴿۹۲﴾
    16 : 92 Силер ант-убада кылганыӊарда, Алланын антына бекем болгула жана касамдарды алардын бекемделгенинен кийин бузбагыла. Чынында, силер Алланы өзүӊөргө кепил кылгансыӊар го! Албетте, Алла жасап жаткан амалдарыӊарды билет.
  • وَ لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّتِیۡ نَقَضَتۡ غَزۡلَہَا مِنۡۢ بَعۡدِ قُوَّۃٍ اَنۡکَاثًا ؕ تَتَّخِذُوۡنَ اَیۡمَانَکُمۡ دَخَلًۢا بَیۡنَکُمۡ اَنۡ تَکُوۡنَ اُمَّۃٌ ہِیَ اَرۡبٰی مِنۡ اُمَّۃٍ ؕ اِنَّمَا یَبۡلُوۡکُمُ اللّٰہُ بِہٖ ؕ وَ لَیُبَیِّنَنَّ لَکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ مَا کُنۡتُمۡ فِیۡہِ تَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    16 : 93 Жана өзүнүн ийирген жиби бекем болгонунан кийин (аны) үзүп таштаган аял сыяктуу болбогула. Бир улут башка улуттан үстөмдүк кылып калбасын, деп силер касамдарыӊарды өз ара алдоо куралына айландырып аласыӊар. Албетте, Алла муну менен силерди сынайт. Кыямат күнү Ал албетте, силер талашкан нерсеӊерди өзүӊөргө айкындаштырып коёт.
  • وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَجَعَلَکُمۡ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً وَّ لٰکِنۡ یُّضِلُّ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ لَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۴﴾
    16 : 94 Эгер Алла каалаганда, албетте, силерди бир үммөт-жамаат кылат эле. Бирок, Ал Өзү каалаганын адашкан деп өкүм кылат жана Өзү каалаганын туура жолго салат. Силер албетте, кылган амалдарыӊар үчүн сурак кылынасыӊар.
  • وَ لَا تَتَّخِذُوۡۤا اَیۡمَانَکُمۡ دَخَلًۢا بَیۡنَکُمۡ فَتَزِلَّ قَدَمٌۢ بَعۡدَ ثُبُوۡتِہَا وَ تَذُوۡقُوا السُّوۡٓءَ بِمَا صَدَدۡتُّمۡ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۚ وَ لَکُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۹۵﴾
    16 : 95 Силер касамдарыӊарды өз ара алдаш үчүн колдонбогула. Болбосо, кадам(ыӊар) орношуп калгандан кийин тайып кетет. Анан Алланын жолунан (адамдарды) тосконуӊар себептүү жамандык (даамын) татасыӊар жана силер үчүн бир үлкөн азап болот.
  • وَ لَا تَشۡتَرُوۡا بِعَہۡدِ اللّٰہِ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ؕ اِنَّمَا عِنۡدَ اللّٰہِ ہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۶﴾
    16 : 96 Жана Алланын ант-убадасын арзыбаган баага сатып жибербегиле. Эгер билсеӊер, албетте, Алланын алдындагы нерсе силер үчүн жакшыраак.
  • مَا عِنۡدَکُمۡ یَنۡفَدُ وَ مَا عِنۡدَ اللّٰہِ بَاقٍ ؕ وَ لَنَجۡزِیَنَّ الَّذِیۡنَ صَبَرُوۡۤا اَجۡرَہُمۡ بِاَحۡسَنِ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    16 : 97 Силерде бар нерсе жок болуп кетет, ал эми Алланын алдындагы нерсе түбөлүктүү. Биз албетте, сабыр кылган кишилерге өздөрү кылып жүргөн эӊ жакшы амалдарына ылайык сыйлык беребиз.
  • مَنۡ عَمِلَ صَالِحًا مِّنۡ ذَکَرٍ اَوۡ اُنۡثٰی وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَلَنُحۡیِیَنَّہٗ حَیٰوۃً طَیِّبَۃً ۚ وَ لَنَجۡزِیَنَّہُمۡ اَجۡرَہُمۡ بِاَحۡسَنِ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۸﴾
    16 : 98 Эркек же аял киши – алардын кайсы бири жакшы амал кылса жана ал момун болсо, ага Биз албетте, бир таза жашоо тартуулайбыз жана аларга албетте, өздөрүнүн жасап жүргөн эӊ жакшы амалдарына ылайык сыйлык беребиз.
  • فَاِذَا قَرَاۡتَ الۡقُرۡاٰنَ فَاسۡتَعِذۡ بِاللّٰہِ مِنَ الشَّیۡطٰنِ الرَّجِیۡمِ ﴿۹۹﴾
    16 : 99 Ушундай, Куранды окуганыӊда, куулган шайтандан Алланын паанасын сура!
  • اِنَّہٗ لَیۡسَ لَہٗ سُلۡطٰنٌ عَلَی الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَلٰی رَبِّہِمۡ یَتَوَکَّلُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    16 : 100 Албетте, ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кыла тургандардын үстүнөн ал эч кандай жеӊишке ээ эмес.
  • اِنَّمَا سُلۡطٰنُہٗ عَلَی الَّذِیۡنَ یَتَوَلَّوۡنَہٗ وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِہٖ مُشۡرِکُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾٪
    16 : 101 Анын жеӊиши жалаӊ аны дос кылып алган жана Ага (Аллага) шерик кыла тургандардын үстүндө болот.
  • وَ اِذَا بَدَّلۡنَاۤ اٰیَۃً مَّکَانَ اٰیَۃٍ ۙ وَّ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا یُنَزِّلُ قَالُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مُفۡتَرٍ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۲﴾
    16 : 102 Биз кандайдыр бир аятты алмаштырып, ордуна башкасын келтиргенибизде, алар: «Болгону, сен ойлоп чыгаруучусуӊ», - дешет. Чынында, Алла Өзү түшүргөн нерсени жакшыраак билет. Бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • قُلۡ نَزَّلَہٗ رُوۡحُ الۡقُدُسِ مِنۡ رَّبِّکَ بِالۡحَقِّ لِیُـثَبِّتَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ ہُدًی وَّ بُشۡرٰی لِلۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    16 : 103 Айткын: «Рухул-Кудус аны Раббиӊ тарабынан чындык менен Ал (Алла) ыйман келтиргендерди туруктуу кылсын, ошондой эле баш ийүүчүлөр үчүн хидаят жана куш кабар болсун үчүн түшүрдү».
  • وَ لَقَدۡ نَعۡلَمُ اَنَّہُمۡ یَقُوۡلُوۡنَ اِنَّمَا یُعَلِّمُہٗ بَشَرٌ ؕ لِسَانُ الَّذِیۡ یُلۡحِدُوۡنَ اِلَیۡہِ اَعۡجَمِیٌّ وَّ ہٰذَا لِسَانٌ عَرَبِیٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۰۴﴾
    16 : 104 Жана Биз алардын: «Ага кандайдыр бир адам үйрөттү», - деп жаткандарын билебиз. Бирок, алар ишаарат кылып жаткан (адам)дын тили бөлөк тил. Ал эми бул (Курандын тили) болсо, ачык жана айкын араб тили.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ۙ لَا یَہۡدِیۡہِمُ اللّٰہُ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۰۵﴾
    16 : 105 Албетте, Алланын аяттарына ыйман келтирбей турган кишилерди Алла туура жолго салбайт жана алар үчүн оор азап бар.
  • اِنَّمَا یَفۡتَرِی الۡکَذِبَ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    16 : 106 Алланын аяттарына ыйман келтирбей турган кишилер гана калпты чыгарышат. Мына ошолор жалганчылар.
  • مَنۡ کَفَرَ بِاللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ اِیۡمَانِہٖۤ اِلَّا مَنۡ اُکۡرِہَ وَ قَلۡبُہٗ مُطۡمَئِنٌّۢ بِالۡاِیۡمَانِ وَ لٰکِنۡ مَّنۡ شَرَحَ بِالۡکُفۡرِ صَدۡرًا فَعَلَیۡہِمۡ غَضَبٌ مِّنَ اللّٰہِ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۰۷﴾
    16 : 107 Ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылгандар (суракка тартылышат). Бирок, ким (каапырлыкка) мажбур кылынган болсо, анын жүрөгү ыйман менен бейпилдик тапкан болсо, (аны айыптап болбойт). Ооба, чын жүрөктөн каапырлыкка ыраазы болгондор – алардын үстүнө Алланын каары түшөт жана алар үчүн бир үлкөн азап бар –
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمُ اسۡتَحَبُّوا الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا عَلَی الۡاٰخِرَۃِ ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    16 : 108 Мунун себеби, алар дүйнөлүк жашоону акыреттен (жогору койгон бойдон) жакшы көрүшкөн жана Алла каапыр коомду эч качан хидаят кылбастыгы себебинен дагы.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ طَبَعَ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ وَ سَمۡعِہِمۡ وَ اَبۡصَارِہِمۡ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡغٰفِلُوۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    16 : 109 Жүрөктөрүнө, кулактарына жана көздөрүнө Алла мөөр баскандар мына ошолор жана кабарсыз кишилер дагы – мына ошолор.
  • لَاجَرَمَ اَنَّہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۱۱۰﴾
    16 : 110 Эч кандай шек жок, акыретте албетте, мына ошолор зыян көрүүчүлөр болушат.
  • ثُمَّ اِنَّ رَبَّکَ لِلَّذِیۡنَ ہَاجَرُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا فُتِنُوۡا ثُمَّ جٰہَدُوۡا وَ صَبَرُوۡۤا ۙ اِنَّ رَبَّکَ مِنۡۢ بَعۡدِہَا لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۱۱﴾٪
    16 : 111 Анан Раббиӊ албетте, чагымчылдыкка дуушар кылынгандан кийин хижрат кылган, анан (Алла жолунда) жихад кылган жана сабыр кылгандарды албетте, Раббиӊ мындан кийин өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یَوۡمَ تَاۡتِیۡ کُلُّ نَفۡسٍ تُجَادِلُ عَنۡ نَّفۡسِہَا وَ تُوَفّٰی کُلُّ نَفۡسٍ مَّا عَمِلَتۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    16 : 112 Ар бир жан өзү үчүн талашып келе турган жана ар бир жанга кылган амалына жараша толук (акы) бериле турган жана аларга зулумдук кылынбай турган күн(дү эстегиле).
  • وَ ضَرَبَ اللّٰہُ مَثَلًا قَرۡیَۃً کَانَتۡ اٰمِنَۃً مُّطۡمَئِنَّۃً یَّاۡتِیۡہَا رِزۡقُہَا رَغَدًا مِّنۡ کُلِّ مَکَانٍ فَکَفَرَتۡ بِاَنۡعُمِ اللّٰہِ فَاَذَاقَہَا اللّٰہُ لِبَاسَ الۡجُوۡعِ وَ الۡخَوۡفِ بِمَا کَانُوۡا یَصۡنَعُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    16 : 113 Алла абдан тынч жана бейпил болгон бир кыштактын мисалын келтирет; анын ырыскысы ага туш-туш жактан мол келип тураар эле; анан ал (анын эли) Алланын нээмат- куттарына шүкүрсүздүк кылды, ошондо Алла аларга кылып жүргөн амалдары себебинен ачарчылык жана коркуу кийимин кигизди.
  • وَ لَقَدۡ جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡہُمۡ فَکَذَّبُوۡہُ فَاَخَذَہُمُ الۡعَذَابُ وَ ہُمۡ ظٰلِمُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    16 : 114 Албетте, аларга алардын өздөрүнөн болгон бир Пайгамбар келди, бирок алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо, азап аларды тутуп алды, анткени алар заалим болчу.
  • فَکُلُوۡا مِمَّا رَزَقَکُمُ اللّٰہُ حَلٰلًا طَیِّبًا ۪ وَّ اشۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ اِیَّاہُ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    16 : 115 Ошентип, Алла силерге ырыскы кылып берген бардык нерселерден адал-тазасын жегиле жана Алланын нээмат-кутуна шүкүр кылгыла, эгер силер Анын Өзүнө гана ибадат кылуучу болсоӊор.
  • اِنَّمَا حَرَّمَ عَلَیۡکُمُ الۡمَیۡتَۃَ وَ الدَّمَ وَ لَحۡمَ الۡخِنۡزِیۡرِ وَ مَاۤ اُہِلَّ لِغَیۡرِ اللّٰہِ بِہٖ ۚ فَمَنِ اضۡطُرَّ غَیۡرَ بَاغٍ وَّ لَا عَادٍ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۱۶﴾
    16 : 116 Ал (Алла) силерге бир гана өлүмтүктү, канды, чочко этин жана Алладан башкаларга аталган нерселерди арам кылды. Ооба, ким өтө мажбур болсо – сугун артуучу жана чектен чыгуучу болбосо, анда албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ لَا تَقُوۡلُوۡا لِمَا تَصِفُ اَلۡسِنَتُکُمُ الۡکَذِبَ ہٰذَا حَلٰلٌ وَّ ہٰذَا حَرَامٌ لِّتَفۡتَرُوۡا عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَفۡتَرُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ لَا یُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۱۷﴾ؕ
    16 : 117 Тилдериӊер жалган сүйлөй турган нерселер тууралуу Аллага жалаа жабууӊар үчүн силер: «Бул адал жана бул болсо арам», - дебегиле. Албетте, Алланын урматына калпты чыгаргандар ийгилик табышпайт.
  • مَتَاعٌ قَلِیۡلٌ ۪ وَّ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۱۸﴾
    16 : 118 Убактылуу пайда бар, анан алар үчүн абдан оор азап болот.
  • وَ عَلَی الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا حَرَّمۡنَا مَا قَصَصۡنَا عَلَیۡکَ مِنۡ قَبۡلُ ۚ وَ مَا ظَلَمۡنٰہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۱۹﴾
    16 : 119 Биз сага илгери айтып берген нерселерди Биз жөөттөргө (дагы) арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык, тескерисинче, алардын өздөрү-өздөрүнө зулум кылышаар эле.
  • ثُمَّ اِنَّ رَبَّکَ لِلَّذِیۡنَ عَمِلُوا السُّوۡٓءَ بِجَہَالَۃٍ ثُمَّ تَابُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ وَ اَصۡلَحُوۡۤا ۙ اِنَّ رَبَّکَ مِنۡۢ بَعۡدِہَا لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۲۰﴾٪
    16 : 120 Анан Раббиӊ албетте, билбестен жаман амалдарды кылган, анан андан кийин тобо кылган жана оӊдогон кишилер үчүн албетте, Раббиӊ ушул (жакшы өзгөрүү)дөн соӊ өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّ اِبۡرٰہِیۡمَ کَانَ اُمَّۃً قَانِتًا لِّلّٰہِ حَنِیۡفًا ؕ وَ لَمۡ یَکُ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۲۱﴾ۙ
    16 : 121 Албетте, Ибраахийм дайыма Аллага баш ийүүчү, Анын Өзүнө гана ийилүүчү үммөт болгон жана ал мушриктерден болгон эмес.
  • شَاکِرًا لِّاَنۡعُمِہٖ ؕ اِجۡتَبٰہُ وَ ہَدٰٮہُ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۱۲۲﴾
    16 : 122 Ал (Алла)нын нээмат-куттарына шүкүр кылуучу эле. Ал (Алла) аны тандап алды жана аны туура жолго хидаят кылды.
  • وَ اٰتَیۡنٰہُ فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً ؕ وَ اِنَّہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ لَمِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۲۳﴾ؕ
    16 : 123 Жана Биз ага дүйнөдө жакшылык тартууладык жана акыретте ал албетте, саалих-жакшылардан болот.
  • ثُمَّ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ اَنِ اتَّبِعۡ مِلَّۃَ اِبۡرٰہِیۡمَ حَنِیۡفًا ؕ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    16 : 124 Анан Биз сага (ушундай) вахий-аян кылдык: «(Аллага) ийилген Ибраахиймдин жолунан баргын. Ал мушриктерден эмес эле.
  • اِنَّمَا جُعِلَ السَّبۡتُ عَلَی الَّذِیۡنَ اخۡتَلَفُوۡا فِیۡہِ ؕ وَ اِنَّ رَبَّکَ لَیَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    16 : 125 Албетте, «Сабт» (Ишенби) тууралуу талашкандарга ал (сыноо) кылынып коюлду. Раббиӊ албетте, кыямат күнү алар талашкан нерселер тууралуу алардын ортосунда сөзсүз өкүм кылат.
  • اُدۡعُ اِلٰی سَبِیۡلِ رَبِّکَ بِالۡحِکۡمَۃِ وَ الۡمَوۡعِظَۃِ الۡحَسَنَۃِ وَ جَادِلۡہُمۡ بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ ؕ اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَنۡ ضَلَّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِالۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۱۲۶﴾
    16 : 126 Өз Раббиӊ жолуна хикмат-акылмандык жана эӊ сонун акыл-насаат менен даават кыл, ошондой эле алар менен эӊ жакшы далил аркылуу сүйлөш. Албетте, Раббиӊ Өзүнүн жолунан азган бирөөнү абдан жакшы билет жана Ал хидаят табуучуларды дагы эӊ жакшы билет.
  • وَ اِنۡ عَاقَبۡتُمۡ فَعَاقِبُوۡا بِمِثۡلِ مَا عُوۡقِبۡتُمۡ بِہٖ ؕ وَ لَئِنۡ صَبَرۡتُمۡ لَہُوَ خَیۡرٌ لِّلصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۲۷﴾
    16 : 127 Эгер силер жазаласаӊар, анда силерге жеткирилген зыянга теӊ өлчөмүндө жазалагыла жана эгер сабыр кылсаӊар, албетте, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшыраак.
  • وَ اصۡبِرۡ وَ مَا صَبۡرُکَ اِلَّا بِاللّٰہِ وَ لَا تَحۡزَنۡ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا تَکُ فِیۡ ضَیۡقٍ مِّمَّا یَمۡکُرُوۡنَ ﴿۱۲۸﴾
    16 : 128 Сабыр кыл жана сабырыӊ жалаӊ Алла үчүн. Аларга кайгырба жана алар кылып жаткан айла-амалдарынан кысылба!
  • اِنَّ اللّٰہَ مَعَ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا وَّ الَّذِیۡنَ ہُمۡ مُّحۡسِنُوۡنَ ﴿۱۲۹﴾٪
    16 : 129 Албетте, Алла такыбалар жана изги иштерди кылуучулар менен бирге.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via