Курани карим Ал-Анъаам • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴنعَام

Ал-Анъаам

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    6 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ جَعَلَ الظُّلُمٰتِ وَ النُّوۡرَ ۬ؕ ثُمَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِرَبِّہِمۡ یَعۡدِلُوۡنَ ﴿۲﴾
    6 : 2 Бардык мактоо асмандар жана жерди жараткан, ошондой эле караңгылыктар жана нурду жараткан Аллага таандык. Ошого карабастан, каапырлык кылгандар өздөрүнүн Раббисине (башкаларды) теңештирет.
  • ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ طِیۡنٍ ثُمَّ قَضٰۤی اَجَلًا ؕ وَ اَجَلٌ مُّسَمًّی عِنۡدَہٗ ثُمَّ اَنۡتُمۡ تَمۡتَرُوۡنَ ﴿۳﴾
    6 : 3 Ошол эле (Алла) силерди ылайдан жаратты, анан бир мөөнөттү белгилеп койду. Анык мөөнөт(түн илими) Анын Өзүндө. Ошондо дагы силер шектенесиңер.
  • وَ ہُوَ اللّٰہُ فِی السَّمٰوٰتِ وَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ یَعۡلَمُ سِرَّکُمۡ وَ جَہۡرَکُمۡ وَ یَعۡلَمُ مَا تَکۡسِبُوۡنَ ﴿۴﴾
    6 : 4 Асмандарда дагы, жерде дагы ошол Алла силердин көмүскөңөрдү дагы, ачык нерселериңерди дагы билет жана Ал силер кылып жаткан амалдарыңарды (дагы) билет.
  • وَ مَا تَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ اٰیَۃٍ مِّنۡ اٰیٰتِ رَبِّہِمۡ اِلَّا کَانُوۡا عَنۡہَا مُعۡرِضِیۡنَ ﴿۵﴾
    6 : 5 Аларга өздөрүнүн Раббисинин аяттарынан кандай аят келбесин, алар андан жүз бура башташат.
  • فَقَدۡ کَذَّبُوۡا بِالۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہُمۡ ؕ فَسَوۡفَ یَاۡتِیۡہِمۡ اَنۡۢبٰٓؤُا مَا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۶﴾
    6 : 6 Ошентип, алар өздөрүнө чындык келгенде, аны жалганга чыгарышат. Ошондуктан, аларга өздөрү маскара кылып жүргөн (нерселердин ишке ашуусу) тууралуу кабарлар келет.
  • اَلَمۡ یَرَوۡا کَمۡ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنۡ قَرۡنٍ مَّکَّنّٰہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ مَا لَمۡ نُمَکِّنۡ لَّکُمۡ وَ اَرۡسَلۡنَا السَّمَآءَ عَلَیۡہِمۡ مِّدۡرَارًا ۪ وَّ جَعَلۡنَا الۡاَنۡہٰرَ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہِمۡ فَاَہۡلَکۡنٰہُمۡ بِذُنُوۡبِہِمۡ وَ اَنۡشَاۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ قَرۡنًا اٰخَرِیۡنَ ﴿۷﴾
    6 : 7 Эмне, Биз алардан мурун канчалаган коомдорду жок кылып жибергенибизди алар көрүшпөдүбү? Биз аларга жерде, а түгүл силерге да бербеген туруктуулукту тартуулаган элек. Биз алардын үстүнө булуттарды тынымсыз жамгыр жаадырган бойдон жөнөттүк. Жана Биз алардын карамагында агып туруучу дайраларды пайда кылдык. Анан Биз күнөөлөрү себебинен, аларды жок кылдык жана алардан кийин башка коомдорду өнүктүрдүк.
  • وَ لَوۡ نَزَّلۡنَا عَلَیۡکَ کِتٰبًا فِیۡ قِرۡطَاسٍ فَلَمَسُوۡہُ بِاَیۡدِیۡہِمۡ لَقَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۸﴾
    6 : 8 Эгер Биз сага кагазга жазылган жазуу түшүргөнүбүздө, анан алар аны колдору менен кармап көрүшкөндө дагы, каапырлар албетте: «Бул ачыктан-ачык сыйкырдан бөлөк эч нерсе эмес», - дешер эле.
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ مَلَکٌ ؕ وَ لَوۡ اَنۡزَلۡنَا مَلَکًا لَّقُضِیَ الۡاَمۡرُ ثُمَّ لَا یُنۡظَرُوۡنَ ﴿۹﴾
    6 : 9 Алар: «Эмнеге ага кандайдыр бир периште түшүрүлгөн эмес?» - дешет. Эгер Биз периште түшүргөнүбүздө, албетте, «маселе» чечилмек. Анан аларга эч мөөнөт берилбейт эле.
  • وَ لَوۡ جَعَلۡنٰہُ مَلَکًا لَّجَعَلۡنٰہُ رَجُلًا وَّ لَلَبَسۡنَا عَلَیۡہِمۡ مَّا یَلۡبِسُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    6 : 10 Эгер Биз ал (Пайгамбар)ды периште кылганыбызда, Биз аны (баары бир) адам (кейпинде) жаратат элек жана азыр алар түшүнүксүз болгон (нерсе)ни дагы аларга түшүнүксүз кылган болот элек.
  • وَ لَقَدِ اسۡتُہۡزِیٴَ بِرُسُلٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَحَاقَ بِالَّذِیۡنَ سَخِرُوۡا مِنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    6 : 11 Албетте, сенден мурун дагы пайгамбарлар маскара кылынышкан. Анан ошол (пайгамбар)ларды маскара кылгандарды, өздөрү маскара кылган нерсе курчап алды.
  • قُلۡ سِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ ثُمَّ انۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۱۲﴾
    6 : 12 Айт: «Жерде көп кыдырып саякат кылгыла, анан (пайгамбарларды) жалганчы кылуучулардын акыбети кандай (жаман) болгонун көргүлө!»
  • قُلۡ لِّمَنۡ مَّا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ قُلۡ لِّلّٰہِ ؕ کَتَبَ عَلٰی نَفۡسِہِ الرَّحۡمَۃَ ؕ لَیَجۡمَعَنَّکُمۡ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ ؕ اَلَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فَہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    6 : 13 Сурагын: «Асмандар жана жердеги бар нерсе кимге караштуу?» Айт: «Аллага!» Ал айкөлдүк (көрсөтүү)нү Өзүнө парыз кылып алган. Ал албетте, шек-күмөн болбогон кыямат күнүнө чейин силерди топтой берет. Өздөрүн зыянга учураткандар – алар ыйман келтиришпейт.
  • وَ لَہٗ مَا سَکَنَ فِی الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ ؕ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۱۴﴾
    6 : 14 Түн жана күндө туруп калган нерсе Аныкы. Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • قُلۡ اَغَیۡرَ اللّٰہِ اَتَّخِذُ وَلِیًّا فَاطِرِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ ہُوَ یُطۡعِمُ وَ لَا یُطۡعَمُ ؕ قُلۡ اِنِّیۡۤ اُمِرۡتُ اَنۡ اَکُوۡنَ اَوَّلَ مَنۡ اَسۡلَمَ وَ لَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۵﴾
    6 : 15 Айт: «Мен асмандар жана жерди жаратууну баштоочу Алланы коюп, ордуна башка бирөөнү өзүмө дос кылып аламбы? Ал (баарын) тамактандырат, Өзү болсо тамактандырылбайт». Айт: «Албетте, моюн сунуучулардын эң биринчиси болуу мага буюрулган». Сен эч качан мушриктерден болбо!
  • قُلۡ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اِنۡ عَصَیۡتُ رَبِّیۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۶﴾
    6 : 16 Айт: «Эгер Раббиме баш ийбестик кылсам, анда албетте, мен бир улуу күндүн азабынан коркомун».
  • مَنۡ یُّصۡرَفۡ عَنۡہُ یَوۡمَئِذٍ فَقَدۡ رَحِمَہٗ ؕ وَ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۷﴾
    6 : 17 Кимден ошол күнү ал (азап) четтетилсе, ырас, (Алла) ага ырайым кылган болот. Бул ачык-айкын ийгилик.
  • وَ اِنۡ یَّمۡسَسۡکَ اللّٰہُ بِضُرٍّ فَلَا کَاشِفَ لَہٗۤ اِلَّا ہُوَ ؕ وَ اِنۡ یَّمۡسَسۡکَ بِخَیۡرٍ فَہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۸﴾
    6 : 18 Демек, эгер Алла башыңа бир кыйынчылык салса, Андан өзгө эч ким аны алып таштай албайт; ошондой эле, эгер Ал бир жакшылыкты сага берсе, анда Ал каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ ہُوَ الۡقَاہِرُ فَوۡقَ عِبَادِہٖ ؕ وَ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡخَبِیۡرُ ﴿۱۹﴾
    6 : 19 Ал Өз пенделеринин үстүнөн жеңүүчү. Ал акылмандык ээси (жана) дайыма кабардар.
  • قُلۡ اَیُّ شَیۡءٍ اَکۡبَرُ شَہَادَۃً ؕ قُلِ اللّٰہُ ۟ۙ شَہِیۡدٌۢ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ ۟ وَ اُوۡحِیَ اِلَیَّ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنُ لِاُنۡذِرَکُمۡ بِہٖ وَ مَنۡۢ بَلَغَ ؕ اَئِنَّکُمۡ لَتَشۡہَدُوۡنَ اَنَّ مَعَ اللّٰہِ اٰلِہَۃً اُخۡرٰی ؕ قُلۡ لَّاۤ اَشۡہَدُ ۚ قُلۡ اِنَّمَا ہُوَ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ وَّ اِنَّنِیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۘ۲۰﴾
    6 : 20 Сурагын: «Күбөлүк катары эң бийик эмне боло алат?» Айт: «Алла силер менен менин ортомдо күбө. Бул (Куран) аркылуу мен силерди дагы, бул барып жеткен кишини дагы кулактандыруу үчүн мага ушул Куран түшүрүлдү». Силер: «Алладан тышкары дагы башка кудайлар да бар», - деп бекем күбөлүк бересиңерби?» Айт: «Мен (андай) күбөлүк бербеймин». Айт: «Албетте, Ал жалгыз Кудай жана мен албетте, силер шерик кошуп жаткан нерселериңерден бүтүндөй алысмын».
  • اَلَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یَعۡرِفُوۡنَہٗ کَمَا یَعۡرِفُوۡنَ اَبۡنَآءَہُمۡ ۘ اَلَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فَہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿٪۲۱﴾
    6 : 21 Биз Китеп берген кишилер бул (Китеп жана бул Пайгамбар)ды өз перзенттерин тааныгандай таанышат. Өз жандарына зыян келтиргендер – алар ыйман келтиришпейт.
  • وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَوۡ کَذَّبَ بِاٰیٰتِہٖ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    6 : 22 Аллага каршы жалган-ушак кептерди чыгарган же Анын аяттарын калпка чыгарган кишиден заалимирээк ким бар? Албетте, заалимдер ийгиликке жетишпейт.
  • وَ یَوۡمَ نَحۡشُرُہُمۡ جَمِیۡعًا ثُمَّ نَقُوۡلُ لِلَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡۤا اَیۡنَ شُرَکَآؤُکُمُ الَّذِیۡنَ کُنۡتُمۡ تَزۡعُمُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    6 : 23 Биз алардын бардыгын топтой турган күн(дү эстегиле). Ошондо Биз шерик кошкондордон: «Силер (шерик) деп ойлоп жүргөн шериктериңер кана?» - деп сурайбыз.
  • ثُمَّ لَمۡ تَکُنۡ فِتۡنَتُہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡا وَ اللّٰہِ رَبِّنَا مَا کُنَّا مُشۡرِکِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    6 : 24 Ошондо алардын: «Раббибиз – Аллага касам! Биз эч качан мушрик эмес элек», - деп айтууларынан башка (ойлоп чыгарылган) фитнасы калбайт.
  • اُنۡظُرۡ کَیۡفَ کَذَبُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    6 : 25 Карагын, алар өздөрүнө каршы кандай жалган сүйлөшүшөт? Алар ойлоп чыгарган жалган (нерсе) алардан жоголуп кетет.
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّسۡتَمِعُ اِلَیۡکَ ۚ وَ جَعَلۡنَا عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ اَکِنَّۃً اَنۡ یَّفۡقَہُوۡہُ وَ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ وَقۡرًا ؕ وَ اِنۡ یَّرَوۡا کُلَّ اٰیَۃٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡا بِہَا ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءُوۡکَ یُجَادِلُوۡنَکَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    6 : 26 Алардын арасында бир караганда сага кулак сала тургандар да бар. Чынында, Биз алардын жүрөктөрүнө пардаларды тартып койгонбуз, (ошол пардалар себебинен) алар аны түшүнө алышпайт жана алардын кулактарына да бир оорлукту койдук. Эгер алар ар бир аят-жышаанды көрүшсө да, ага ыйман келтиришпейт. Ошончолук (эр баатырсынып), сенин алдыңа келишкенде, сени менен талашат. Каапырлык кылгандар: «Бул илгерки адамдардын жомокторунан башка эч нерсе эмес», - дешет.
  • وَ ہُمۡ یَنۡہَوۡنَ عَنۡہُ وَ یَنۡـَٔوۡنَ عَنۡہُ ۚ وَ اِنۡ یُّہۡلِکُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    6 : 27 Алар андан (башкаларды) кайтарышат жана өздөрү дагы андан алыс турушат. Алар өздөрүнөн тышкары башка бирөөнү жок кылышпайт жана алар түшүнүшпөйт.
  • وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذۡ وُقِفُوۡا عَلَی النَّارِ فَقَالُوۡا یٰلَیۡتَنَا نُرَدُّ وَ لَا نُکَذِّبَ بِاٰیٰتِ رَبِّنَا وَ نَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    6 : 28 Эгер сен аларды оттун алдына (бир аз) тургузулуп, мындай айтканын көрө алсаң: «Эх, биз артка кайтарылсак, кана! Анда биз Раббибиздин аяттарын жалганга чыгарбаган болот элек жана биз момундардан болуп калат элек».
  • بَلۡ بَدَا لَہُمۡ مَّا کَانُوۡا یُخۡفُوۡنَ مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ لَوۡ رُدُّوۡا لَعَادُوۡا لِمَا نُہُوۡا عَنۡہُ وَ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    6 : 29 Чынында, илгери алар жашырып жүргөн нерсе аларга ашкере болуп калды. Эгер алар кайтарылышса дагы, сөзсүз өздөрүнө тыюу салынган иштерди гана кайрадан кылышат. Алар албетте, жалганчылар.
  • وَ قَالُوۡۤا اِنۡ ہِیَ اِلَّا حَیَاتُنَا الدُّنۡیَا وَ مَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوۡثِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    6 : 30 Алар айтышат: «Биздин бул дүйнөлүк жашообуздан бөлөк эч кандай (жашоо) жок жана биз эч качан тургузулбайбыз».
  • وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذۡ وُقِفُوۡا عَلٰی رَبِّہِمۡ ؕ قَالَ اَلَیۡسَ ہٰذَا بِالۡحَقِّ ؕ قَالُوۡا بَلٰی وَ رَبِّنَا ؕ قَالَ فَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡفُرُوۡنَ ﴿٪۳۱﴾
    6 : 31 Жок дегенде, сен алардын өз Раббисинин алдында токтотулганын көрө алсаң, кана! Ал (алардан) сурайт: «Эмне, бул чындык эмеспи?» Алар айтышат: «Ооба, ушундай! Раббибизге касам! «(Бул чындык)». Ал айтат: «Андай болсо, силер каапырлык кылганыңар себептүү азапты татып көргүлө».
  • قَدۡ خَسِرَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِلِقَآءِ اللّٰہِ ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءَتۡہُمُ السَّاعَۃُ بَغۡتَۃً قَالُوۡا یٰحَسۡرَتَنَا عَلٰی مَا فَرَّطۡنَا فِیۡہَا ۙ وَ ہُمۡ یَحۡمِلُوۡنَ اَوۡزَارَہُمۡ عَلٰی ظُہُوۡرِہِمۡ ؕ اَلَا سَآءَ مَا یَزِرُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    6 : 32 Албетте, Аллага жолугууну жалган деп жүргөндөр зыян көрүштү. А түгүл (ошол) «Саат» аларга кокустан келип калганда, алар: «Бул (Саат) жөнүндө бейгамдыгыбызга өкүнүч болсун!» - дей башташты. Алар өз жүктөрүн өз аркаларында көтөрүшөт. Сак болгула! Алар көтөрүп жүргөн нерселери абдан жаман.
  • وَ مَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَاۤ اِلَّا لَعِبٌ وَّ لَہۡوٌ ؕ وَ لَلدَّارُ الۡاٰخِرَۃُ خَیۡرٌ لِّلَّذِیۡنَ یَتَّقُوۡنَ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    6 : 33 Дүйнөлүк жашоо – болгону оюн-күлкү жана улуу максаттан бейкабар кылуучу напсинин каалоосун кандыруучу курал. Албетте, такыбалар үчүн акырет үйү жакшыраак. Демек, силер акылды иштетпейсиңерби?
  • قَدۡ نَعۡلَمُ اِنَّہٗ لَیَحۡزُنُکَ الَّذِیۡ یَقُوۡلُوۡنَ فَاِنَّہُمۡ لَا یُکَذِّبُوۡنَکَ وَ لٰکِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    6 : 34 Алардын сөздөрү сени сөзсүз кайгыга салаарын Биз албетте билебиз. Ошентип, албетте, алар жалаң сени гана жалганчыга чыгарышпайт, заалимдер Алланын аяттарын дагы четке кагышат.
  • وَ لَقَدۡ کُذِّبَتۡ رُسُلٌ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَصَبَرُوۡا عَلٰی مَا کُذِّبُوۡا وَ اُوۡذُوۡا حَتّٰۤی اَتٰہُمۡ نَصۡرُنَا ۚ وَ لَا مُبَدِّلَ لِکَلِمٰتِ اللّٰہِ ۚ وَ لَقَدۡ جَآءَکَ مِنۡ نَّبَاِی الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۳۵﴾
    6 : 35 Албетте, сенден мурун дагы пайгамбарлар жалганчыга чыгарылган эле. Алар жалганчыга чыгарылгандарына жана азап тартышканына сабыр кылышты, а түгүл аларга Биздин жардамыбыз жетти. Алланын сөздөрүн өзгөртүүчү эч ким жок. Албетте, сага пайгамбарлардын кабарлары жетип келди.
  • وَ اِنۡ کَانَ کَبُرَ عَلَیۡکَ اِعۡرَاضُہُمۡ فَاِنِ اسۡتَطَعۡتَ اَنۡ تَبۡتَغِیَ نَفَقًا فِی الۡاَرۡضِ اَوۡ سُلَّمًا فِی السَّمَآءِ فَتَاۡتِیَہُمۡ بِاٰیَۃٍ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَجَمَعَہُمۡ عَلَی الۡہُدٰی فَلَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۳۶﴾
    6 : 36 Эгер алардын жүз бурушу сага оор болсо, эгер жер астына бир үңкүр же асманга бир тепкич таап, (ал аркылуу) аларга бир белги-жышаанды келтирүү колуңан келсе, (эгер кыла алсаң, ошондой кыла бер). Эгер Алла кааласа, Ал албетте, аларды туура жол үстүндө топтойт эле. Демек, сен эч качан наадандардан болбо!
  • اِنَّمَا یَسۡتَجِیۡبُ الَّذِیۡنَ یَسۡمَعُوۡنَ ؕؔ وَ الۡمَوۡتٰی یَبۡعَثُہُمُ اللّٰہُ ثُمَّ اِلَیۡہِ یُرۡجَعُوۡنَ ﴿۳۷﴾؃
    6 : 37 Жалаң уккандар гана жооп кылышат. Алла өлүктөрдү тургузат, анан алар Ага гана кайтарылышат.
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ لَا نُزِّلَ عَلَیۡہِ اٰیَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ قُلۡ اِنَّ اللّٰہَ قَادِرٌ عَلٰۤی اَنۡ یُّنَزِّلَ اٰیَۃً وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ ہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    6 : 38 Алар айтышат: «Эмнеге ага Раббиси тарабынан кандайдыр бир салтанаттуу аят-белги түшүрүлбөдү?» Айт: «Алла албетте, кандайдыр бир салтанаттуу аят-белгини түшүрүүгө күчү жетүүчү. Бирок, алардын көпчүлүгү билбейт».
  • وَ مَا مِنۡ دَآبَّۃٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا طٰٓئِرٍ یَّطِیۡرُ بِجَنَاحَیۡہِ اِلَّاۤ اُمَمٌ اَمۡثَالُکُمۡ ؕ مَا فَرَّطۡنَا فِی الۡکِتٰبِ مِنۡ شَیۡءٍ ثُمَّ اِلٰی رَبِّہِمۡ یُحۡشَرُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    6 : 39 Жерде жүрүүчү бардык жандыктар жана өзүнүн эки канаты менен учуучу бардык куштар силер сыяктуу уруу-жамааттар. Эч нерсени Биз Китепке жазбай калтырганыбыз жок. Анан (алардын бардыгы) өз Раббисинин алдына чогултулат.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا صُمٌّ وَّ بُکۡمٌ فِی الظُّلُمٰتِ ؕ مَنۡ یَّشَاِ اللّٰہُ یُضۡلِلۡہُ ؕ وَ مَنۡ یَّشَاۡ یَجۡعَلۡہُ عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۴۰﴾
    6 : 40 Биздин аяттарыбызды жалган дегендер – алар караңгылыктарда (каңгып жүргөн) көр жана дүлөйлөр. Алла каалаганын адашкан деп чечим чыгарат жана каалаганына туура жолдо (туруктуулук) берет.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتَکُمۡ اِنۡ اَتٰٮکُمۡ عَذَابُ اللّٰہِ اَوۡ اَتَتۡکُمُ السَّاعَۃُ اَغَیۡرَ اللّٰہِ تَدۡعُوۡنَ ۚ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    6 : 41 Айт: «Эгер чынчыл болсоңор, ойлоп көрдүңөрбү? Эгер үстүңөргө Алланын азабы келсе же оор «Саат» үстүңөргө келсе, Алланы коюп, башка бирөөгө чакырык кыласыңарбы?»
  • بَلۡ اِیَّاہُ تَدۡعُوۡنَ فَیَکۡشِفُ مَا تَدۡعُوۡنَ اِلَیۡہِ اِنۡ شَآءَ وَ تَنۡسَوۡنَ مَا تُشۡرِکُوۡنَ ﴿٪۴۲﴾
    6 : 42 (Жок), силер жалгыз Анын Өзүнө чакырык кыласыңар. Ошондо, эгер Ал кааласа, силер Ага (жардам үчүн) жалбарган ошол (балээ)ни алып таштайт жана силер (Ага) шерик кылган нерселериңерди унутуп коёсуңар.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلٰۤی اُمَمٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَاَخَذۡنٰہُمۡ بِالۡبَاۡسَآءِ وَ الضَّرَّآءِ لَعَلَّہُمۡ یَتَضَرَّعُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    6 : 43 Албетте, Биз сенден мурун канчалаган үммөттөргө (пайгамбарларды) жөнөттүк. Анан алар жалынып-жалбарышсын деп кээде аларды ачарчылыкка, (кээде) каатчылыкка кирептер кылдык.
  • فَلَوۡلَاۤ اِذۡ جَآءَہُمۡ بَاۡسُنَا تَضَرَّعُوۡا وَ لٰکِنۡ قَسَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ وَ زَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    6 : 44 Демек, алардын үстүнө Биз тараптан оорчулук (азабы) келгенде, эмнеге алар жалынып-жалбарышпады? Бирок алардын жүрөктөрү катып калган эле жана шайтан алар жасап жаткан амалдарды өздөрүнө чырайлуу кылып көрсөтүп койгон болчу.
  • فَلَمَّا نَسُوۡا مَا ذُکِّرُوۡا بِہٖ فَتَحۡنَا عَلَیۡہِمۡ اَبۡوَابَ کُلِّ شَیۡءٍ ؕ حَتّٰۤی اِذَا فَرِحُوۡا بِمَاۤ اُوۡتُوۡۤا اَخَذۡنٰہُمۡ بَغۡتَۃً فَاِذَا ہُمۡ مُّبۡلِسُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    6 : 45 Демек, алар өздөрүнө жакшылап эстетилип коюлган нерсени унуткандарында, Биз аларга бардык нерселердин эшиктерин ачып койдук. А түгүл алар өздөрүнө берилген нерселерге чексиз ыраазы болуп тургандарында, Биз аларды кокустан кармап алдык, ошондо алар күтүүсүздөн абдан үмүтсүз болуп калышты.
  • فَقُطِعَ دَابِرُ الۡقَوۡمِ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ؕ وَ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۴۶﴾
    6 : 46 Ошентип, зулумдук кылган коомдун тамыры кыркылды. Бардык мактоо бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Аллага таандык.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ اَخَذَ اللّٰہُ سَمۡعَکُمۡ وَ اَبۡصَارَکُمۡ وَ خَتَمَ عَلٰی قُلُوۡبِکُمۡ مَّنۡ اِلٰہٌ غَیۡرُ اللّٰہِ یَاۡتِیۡکُمۡ بِہٖ ؕ اُنۡظُرۡ کَیۡفَ نُصَرِّفُ الۡاٰیٰتِ ثُمَّ ہُمۡ یَصۡدِفُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    6 : 47 Сурагын: «Ойлоп көрдүңөрбү? Эгер Алла угуу жана көрүү жөндөмдүүлүгүңөрдү алып койсо жана жүрөктөрүңөрдү мөөрлөп койсо, Алладан бөлөк кайсы кудай аларды (жок болуп кеткен жөндөмдүүлүктөрдү) силерге (кайтарып) алып келе алат? Карагын, Биз аяттарды канчалык ачык баян кылабыз, ошондо дагы алар баары бир жүз бурушат.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتَکُمۡ اِنۡ اَتٰٮکُمۡ عَذَابُ اللّٰہِ بَغۡتَۃً اَوۡ جَہۡرَۃً ہَلۡ یُہۡلَکُ اِلَّا الۡقَوۡمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    6 : 48 Айткын: «Ойлоп көрдүңөрбү? Эгер силерге Алланын азабы күтүлбөгөндө же ачык-айкын (көрүнүп турган абалда) келсе, заалим коомдон башка бирөө жок кылынып жиберилеби?»
  • وَ مَا نُرۡسِلُ الۡمُرۡسَلِیۡنَ اِلَّا مُبَشِّرِیۡنَ وَ مُنۡذِرِیۡنَ ۚ فَمَنۡ اٰمَنَ وَ اَصۡلَحَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    6 : 49 Биз пайгамбарларды куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу кылып жөнөтөбүз. Демек, ким ыйман келтирсе жана оңдосо, алардын үстүнө эч кандай коркунуч болбойт жана алар кайгы тартышпайт.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا یَمَسُّہُمُ الۡعَذَابُ بِمَا کَانُوۡا یَفۡسُقُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    6 : 50 Биздин аят-жышаандарыбызды жалган деген бирөөлөр – аларды албетте, азап тутуп алат, анткени алар бузукулук кылышаар эле.
  • قُلۡ لَّاۤ اَقُوۡلُ لَکُمۡ عِنۡدِیۡ خَزَآئِنُ اللّٰہِ وَ لَاۤ اَعۡلَمُ الۡغَیۡبَ وَ لَاۤ اَقُوۡلُ لَکُمۡ اِنِّیۡ مَلَکٌ ۚ اِنۡ اَتَّبِعُ اِلَّا مَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ ؕ قُلۡ ہَلۡ یَسۡتَوِی الۡاَعۡمٰی وَ الۡبَصِیۡرُ ؕ اَفَلَا تَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
    6 : 51 Айткын: «Мен силерге: «Алланын казыналары менде бар», - деп айтпаймын». Мен кайыпты дагы билбеймин; ошондой эле мен силерге: «Мен периштемин!» (дагы) дебеймин. Мен бир гана өзүмө вахий-аян кылына турган нерсени гана ээрчиймин». Айт: «Көр менен көр эмес бири-бирине тең боло алышабы? Демек, силер ойлобойсуңарбы?»
  • وَ اَنۡذِرۡ بِہِ الَّذِیۡنَ یَخَافُوۡنَ اَنۡ یُّحۡشَرُوۡۤا اِلٰی رَبِّہِمۡ لَیۡسَ لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ وَلِیٌّ وَّ لَا شَفِیۡعٌ لَّعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    6 : 52 «Өз Раббибиздин алдына топтолобуз», - деп кооптонгондорго ушул (Куран) менен эскерткин. Бул (Куран)дан бөлөк аларга бир да дос, бир да шапаат кылуучу болбойт. Балким, алар такыба болушаар.
  • وَ لَا تَطۡرُدِ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ رَبَّہُمۡ بِالۡغَدٰوۃِ وَ الۡعَشِیِّ یُرِیۡدُوۡنَ وَجۡہَہٗ ؕ مَا عَلَیۡکَ مِنۡ حِسَابِہِمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ وَّ مَا مِنۡ حِسَابِکَ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ فَتَطۡرُدَہُمۡ فَتَکُوۡنَ مِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    6 : 53 Таң заарларда дагы, кечкисин дагы өз Раббисине Анын ыраазычылыгын тилеп, жалбара тургандарды кубалаба! Сенин мойнуңда алардын эсебинен эч нерсе жок, алардын моюндарында сенин эсебиңен эч нерсе жок. Демек, дагы аларды айдап жиберсең, анда заалимдерден болуп каласың.
  • وَ کَذٰلِکَ فَتَنَّا بَعۡضَہُمۡ بِبَعۡضٍ لِّیَقُوۡلُوۡۤا اَہٰۤؤُلَآءِ مَنَّ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡۢ بَیۡنِنَا ؕ اَلَیۡسَ اللّٰہُ بِاَعۡلَمَ بِالشّٰکِرِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    6 : 54 Жана алардын айрымдарын-айрымдары аркылуу Биз сынайбыз, а түгүл алар: «Арабызда Алла берешендик кылгандар (жалаң) мына ушуларбы?» - деп айта башташат. Алла шүкүр кылуучуларды эң жакшы билбейби?
  • وَ اِذَا جَآءَکَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِاٰیٰتِنَا فَقُلۡ سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ کَتَبَ رَبُّکُمۡ عَلٰی نَفۡسِہِ الرَّحۡمَۃَ ۙ اَنَّہٗ مَنۡ عَمِلَ مِنۡکُمۡ سُوۡٓءًۢ ابِجَہَالَۃٍ ثُمَّ تَابَ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ وَ اَصۡلَحَ فَاَنَّہٗ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۵۵﴾
    6 : 55 Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендер сенин алдыңа келгендеринде, (аларга) айт: «Силерге салам болсун! (Силер үчүн) Раббиңер Өзүнө рахматты парыз кылып койгон: араңардан ким билбестиктен жамандык кылса, анан тобо келтирсе жана оңдосо, Ал (Алла) өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу экен(ин билип койсун)».
  • وَ کَذٰلِکَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ وَ لِتَسۡتَبِیۡنَ سَبِیۡلُ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿٪۵۶﴾
    6 : 56 Күнөөкөрлөрдүн жолу жакшылап айкын болушу үчүн Биз аяттарды мына ушундай ачык-айкын баян кылабыз.
  • قُلۡ اِنِّیۡ نُہِیۡتُ اَنۡ اَعۡبُدَ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ قُلۡ لَّاۤ اَتَّبِعُ اَہۡوَآءَکُمۡ ۙ قَدۡ ضَلَلۡتُ اِذًا وَّ مَاۤ اَنَا مِنَ الۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    6 : 57 Айткын: «Силер Алланы коюп, ордуна жалбара турган нерселерге ибадат кылуу, албетте, мага тыюу салынган». Айткын: «Мен силердин каалоолоруңарды ээрчибеймин. (Болбосо), мен ошол эле учурда адашкан болуп каламын жана мен туура жол табуучулардан боло албай каламын».
  • قُلۡ اِنِّیۡ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّیۡ وَ کَذَّبۡتُمۡ بِہٖ ؕ مَا عِنۡدِیۡ مَا تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ بِہٖ ؕ اِنِ الۡحُکۡمُ اِلَّا لِلّٰہِ ؕ یَقُصُّ الۡحَقَّ وَ ہُوَ خَیۡرُ الۡفٰصِلِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    6 : 58 Айткын: «Мен албетте, өз Раббим тарабынан бир ачык-айкын далил үстүндөмүн, силер аны жалганга чыгарып бүттүңөр. Силер шашылыш түрдө каалаган нерсеңер менин эркимде эмес. Өкүм кылуу ыктыяры жалгыз Алланын Өзүндө. Ал чындыкты гана баян кылат жана Ал эң жакшы өкүм кылуучу».
  • قُلۡ لَّوۡ اَنَّ عِنۡدِیۡ مَا تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ بِہٖ لَقُضِیَ الۡاَمۡرُ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِالظّٰلِمِیۡنَ ﴿۵۹﴾
    6 : 59 Айткын: «Силер шашылыш түрдө каалаган нерсеңер менин ыктыярымда болгондо, албетте, мени менен силердин араңарда маселе алда качан чечилген болоор эле. Алла заалимдерди абдан жакшы билет.
  • وَ عِنۡدَہٗ مَفَاتِحُ الۡغَیۡبِ لَا یَعۡلَمُہَاۤ اِلَّا ہُوَ ؕ وَ یَعۡلَمُ مَا فِی الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ ؕ وَ مَا تَسۡقُطُ مِنۡ وَّرَقَۃٍ اِلَّا یَعۡلَمُہَا وَ لَا حَبَّۃٍ فِیۡ ظُلُمٰتِ الۡاَرۡضِ وَ لَا رَطۡبٍ وَّ لَا یَابِسٍ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۶۰﴾
    6 : 60 Кайыптын ачкычтары Анын алдында. Аларды Анын Өзүнөн бөлөк эч ким билбейт. Ал кургактагы жана деңиздеги бар нерселерди билет. Ал билбестен туруп, бир да жалбырак үзүлүп түшпөйт. Жердин караңгылыктарында жашыруун ар бир дан, ар бир ным же кургак нерсе(нин зикири) бир ачык-айкын Китепте бар.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یَتَوَفّٰٮکُمۡ بِالَّیۡلِ وَ یَعۡلَمُ مَا جَرَحۡتُمۡ بِالنَّہَارِ ثُمَّ یَبۡعَثُکُمۡ فِیۡہِ لِیُقۡضٰۤی اَجَلٌ مُّسَمًّی ۚ ثُمَّ اِلَیۡہِ مَرۡجِعُکُمۡ ثُمَّ یُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    6 : 61 Ал силерди түндө (уйку түрүндө) өлтүрөт жана күндүзү эмне кылганыңарды билет. Анан анда (күндүзү) белгилеп коюлган мөөнөт(үңөр) бүтүшү үчүн силерди тургузат. Андан кийин Анын Өзүнө гана кайтасыңар. Анан силерге кылган бардык амалдарыңардан кабар берет.
  • وَ ہُوَ الۡقَاہِرُ فَوۡقَ عِبَادِہٖ وَ یُرۡسِلُ عَلَیۡکُمۡ حَفَظَۃً ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءَ اَحَدَکُمُ الۡمَوۡتُ تَوَفَّتۡہُ رُسُلُنَا وَ ہُمۡ لَا یُفَرِّطُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    6 : 62 Ал Өз пенделеринин үстүндө эң жеңүүчү. Ал кайтара турган (кароолчулар)ды силерге жөнөтөт. А түгүл кимдир бирөөңөргө өлүм келгенде, Биздин элчилерибиз (периштелер) анын жанын алыш үчүн алар (буйрукту орундатуу боюнча) кенедей дагы көңүл коштук кылышпайт.
  • ثُمَّ رُدُّوۡۤا اِلَی اللّٰہِ مَوۡلٰٮہُمُ الۡحَقِّ ؕ اَلَا لَہُ الۡحُکۡمُ ۟ وَ ہُوَ اَسۡرَعُ الۡحٰسِبِیۡنَ ﴿۶۳﴾
    6 : 63 Анан алар өздөрүнүн чыныгы Кожоюну – Аллага кайтарылышат. Сак болгула! Өкүм чыгаруу Ага гана ылайык жана Ал эсеп-кысап кылуучулардын эң ылдамы.
  • قُلۡ مَنۡ یُّنَجِّیۡکُمۡ مِّنۡ ظُلُمٰتِ الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ تَدۡعُوۡنَہٗ تَضَرُّعًا وَّ خُفۡیَۃً ۚ لَئِنۡ اَنۡجٰٮنَا مِنۡ ہٰذِہٖ لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۶۴﴾
    6 : 64 Сурагын: «Эгер Ал бизди (бул апаат)тан куткарса, биз албетте, шүкүр кылуучулардан болуп калабыз», - деп таазим кылган бойдон жана көмүскө түрдө Ага кайрылганыңарда, ким силерди кургактык жана деңиз караңгылыктарынан куткарат?»
  • قُلِ اللّٰہُ یُنَجِّیۡکُمۡ مِّنۡہَا وَ مِنۡ کُلِّ کَرۡبٍ ثُمَّ اَنۡتُمۡ تُشۡرِکُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    6 : 65 Айткын: «Алланын Өзү силерди алардан дагы, бардык башка азаптардан дагы куткарат. Ошого карабай, силер (Ага) ширк келтире баштайсыңар.
  • قُلۡ ہُوَ الۡقَادِرُ عَلٰۤی اَنۡ یَّبۡعَثَ عَلَیۡکُمۡ عَذَابًا مِّنۡ فَوۡقِکُمۡ اَوۡ مِنۡ تَحۡتِ اَرۡجُلِکُمۡ اَوۡ یَلۡبِسَکُمۡ شِیَعًا وَّ یُذِیۡقَ بَعۡضَکُمۡ بَاۡسَ بَعۡضٍ ؕ اُنۡظُرۡ کَیۡفَ نُصَرِّفُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّہُمۡ یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    6 : 66 Айткын: «Силерге үстүңөрдөн же аяк астыңардан азап жөнөтүүгө же силерди шек-күмөнгө салып, тайпаларга бөлүп коюуга жана силердин айрымдарыңарга башка кээ бирөөлөр тарабынан азап даамын таттырууга Анын күчү жетет». Карагын, алар түшүнүүлөрү үчүн Биз аят-белгилерди ар түрдүү усулда баяндайбыз.
  • وَ کَذَّبَ بِہٖ قَوۡمُکَ وَ ہُوَ الۡحَقُّ ؕ قُلۡ لَّسۡتُ عَلَیۡکُمۡ بِوَکِیۡلٍ ﴿ؕ۶۷﴾
    6 : 67 Ал чын болсо дагы, сенин коомуң аны жалганга чыгарган. Айт: «Мен силердин үстүңөрдөн эч кароолчу эмесмин».
  • لِکُلِّ نَبَاٍ مُّسۡتَقَرٌّ ۫ وَّ سَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    6 : 68 Ар бир алдын ала кабар үчүн бир убакыт жана жай белгиленген. Силер жакында билесиңер.
  • وَ اِذَا رَاَیۡتَ الَّذِیۡنَ یَخُوۡضُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِنَا فَاَعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ حَتّٰی یَخُوۡضُوۡا فِیۡ حَدِیۡثٍ غَیۡرِہٖ ؕ وَ اِمَّا یُنۡسِیَنَّکَ الشَّیۡطٰنُ فَلَا تَقۡعُدۡ بَعۡدَ الذِّکۡرٰی مَعَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    6 : 69 Биздин аяттарыбызды маскара кылып жаткандарды көргөнүңдө, алар башка бир кепке өтмөйүнчө, алардан өзүңдү четте карма. Эгер кээде шайтан (муну) эсиңден чыгарса, эстегениңде заалим коом менен бирге отурба!
  • وَ مَا عَلَی الَّذِیۡنَ یَتَّقُوۡنَ مِنۡ حِسَابِہِمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ وَّ لٰکِنۡ ذِکۡرٰی لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    6 : 70 Такыбалар мойнунда алардын эсебинен эч нерсе жок. Ал эми алар Алладан коркушу үчүн бул болгону бир улуу насаат.
  • وَ ذَرِ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا دِیۡنَہُمۡ لَعِبًا وَّ لَہۡوًا وَّ غَرَّتۡہُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا وَ ذَکِّرۡ بِہٖۤ اَنۡ تُبۡسَلَ نَفۡسٌۢ بِمَا کَسَبَتۡ ٭ۖ لَیۡسَ لَہَا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَلِیٌّ وَّ لَا شَفِیۡعٌ ۚ وَ اِنۡ تَعۡدِلۡ کُلَّ عَدۡلٍ لَّا یُؤۡخَذۡ مِنۡہَا ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اُبۡسِلُوۡا بِمَا کَسَبُوۡا ۚ لَہُمۡ شَرَابٌ مِّنۡ حَمِیۡمٍ وَّ عَذَابٌ اَلِیۡمٌۢ بِمَا کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ ﴿٪۷۱﴾
    6 : 71 Өз динин оюн-күлкү жана жеңил ойлуу напсилерди кандыруу куралы кылып алган жана дүнүйөлүк жашоо алдап койгондорду жалгыз калтыр. Ушул (Куран) аркылуу (адамдарга) насаат кыл, себеби бир дагы жан кылган амалы үчүн балекетке кабылбасын. Чынында, ал үчүн Алладан башка бир да дос, бир да шапаат кылуучу болбойт. Эгер ал ар кандай акы берем десе да, андан эч нерсе алынбайт. Мына ошолор кылган амалдары үчүн жок кылынган адамдар. Алар үчүн кайнак суудан ичимдик жана оор азап болот, анткени алар каапырлык кылышаар эле.
  • قُلۡ اَنَدۡعُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَنۡفَعُنَا وَ لَا یَضُرُّنَا وَ نُرَدُّ عَلٰۤی اَعۡقَابِنَا بَعۡدَ اِذۡ ہَدٰٮنَا اللّٰہُ کَالَّذِی اسۡتَہۡوَتۡہُ الشَّیٰطِیۡنُ فِی الۡاَرۡضِ حَیۡرَانَ ۪ لَہٗۤ اَصۡحٰبٌ یَّدۡعُوۡنَہٗۤ اِلَی الۡہُدَی ائۡتِنَا ؕ قُلۡ اِنَّ ہُدَی اللّٰہِ ہُوَ الۡہُدٰی ؕ وَ اُمِرۡنَا لِنُسۡلِمَ لِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۷۲﴾
    6 : 72 Сурагын: «Алланы коюп, бизге пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге жалбарабызбы? Алла бизге туура жолго багыт бергенден кийин, биз шайтандар чалып, жерде каңгытып таштап койгон жана жолдоштору хидаят тарабына чакырган бойдон: «Биз тарапка өт!» - деп айта турган бирөөгө окшоп издерибизге кайтарылып жиберилебизби?» Айткын: «Алла тартуулаган хидаят гана чыныгы хидаят жана биз бардык ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулганбыз».
  • وَ اَنۡ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اتَّقُوۡہُ ؕ وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۷۳﴾
    6 : 73 Муну (да айтып койгун): «Намазды аткаргыла жана Андан корккула. Анын Өзүнө гана силер топтолосуңар».
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ ؕ وَ یَوۡمَ یَقُوۡلُ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ۬ؕ قَوۡلُہُ الۡحَقُّ ؕ وَ لَہُ الۡمُلۡکُ یَوۡمَ یُنۡفَخُ فِی الصُّوۡرِ ؕ عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ ؕ وَ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡخَبِیۡرُ ﴿۷۴﴾
    6 : 74 Ал (Алла) асмандар жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал: «Бол!» - деп айткан күнү, ал (нерсе) боло баштайт жана болот. Анын Сөзү акыйкат. Сурнай чалына турган күнү бийлик Аныкы болот. Ал кайып жана ачыкты билүүчү. Ал акылмандык ээси (жана) дайыма кабардар.
  • وَ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہِیۡمُ لِاَبِیۡہِ اٰزَرَ اَتَتَّخِذُ اَصۡنَامًا اٰلِہَۃً ۚ اِنِّیۡۤ اَرٰٮکَ وَ قَوۡمَکَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۷۵﴾
    6 : 75 Ибраахийм өз атасы Аазарга: «Буттарды кудай кылып аласыңбы? Албетте, мен сени жана коомуңду ачыктан-ачык адашууда көрөмүн», - деген(ин эстегин).
  • وَ کَذٰلِکَ نُرِیۡۤ اِبۡرٰہِیۡمَ مَلَکُوۡتَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ لِیَکُوۡنَ مِنَ الۡمُوۡقِنِیۡنَ ﴿۷۶﴾
    6 : 76 Мына ушундай Биз Ибраахиймге, ал (дагы бекем) ишенүүчүлөрдөн болсун үчүн асмандар менен жер бийлигинин акыйкат(ын) көрсөтүп турдук.
  • فَلَمَّا جَنَّ عَلَیۡہِ الَّیۡلُ رَاٰ کَوۡکَبًا ۚ قَالَ ہٰذَا رَبِّیۡ ۚ فَلَمَّاۤ اَفَلَ قَالَ لَاۤ اُحِبُّ الۡاٰفِلِیۡنَ ﴿۷۷﴾
    6 : 77 Ошентип, аны түн курчап алганда, ал бир жылдызды көрүп айтты: «(Балким), бул менин Раббим!» Бирок, ал батып кеткенде, (Ибраахийм) айтты: «Мен батып кетүүчүлөрдү жактырбаймын».
  • فَلَمَّا رَاَ الۡقَمَرَ بَازِغًا قَالَ ہٰذَا رَبِّیۡ ۚ فَلَمَّاۤ اَفَلَ قَالَ لَئِنۡ لَّمۡ یَہۡدِنِیۡ رَبِّیۡ لَاَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡقَوۡمِ الضَّآلِّیۡنَ ﴿۷۸﴾
    6 : 78 Жана айдын жаркыраганын көргөндө, ал айтты: «(Балким), ушул менин Раббим!» Бирок, ал (дагы) батканда, (Ибраахийм) айтты: «Эгер Раббим мени туура жолго салбаганда, мен албетте, адашкандардан болуп калаар элем».
  • فَلَمَّا رَاَ الشَّمۡسَ بَازِغَۃً قَالَ ہٰذَا رَبِّیۡ ہٰذَاۤ اَکۡبَرُ ۚ فَلَمَّاۤ اَفَلَتۡ قَالَ یٰقَوۡمِ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تُشۡرِکُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    6 : 79 Анан күндүн жаркыраганын көргөндө, ал айтты: «(Балким), бул менин Раббим! Бул (алардын баарынан) чоң экен». Бирок, ал дагы батып кеткенде (Ибраахийм) айтты: «Эй, коомум! Силер Аллага шерик кошуп жаткан нерселериңерден мен албетте, качамын.
  • اِنِّیۡ وَجَّہۡتُ وَجۡہِیَ لِلَّذِیۡ فَطَرَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ حَنِیۡفًا وَّ مَاۤ اَنَا مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿ۚ۸۰﴾
    6 : 80 Мен албетте, өз жүзүмдү асмандар менен жерди жараткан (Алла) тарапка, Ага дайыма моюн сунган бойдон каратып койгонмун жана мен мушриктерден эмесмин».
  • وَ حَآجَّہٗ قَوۡمُہٗ ؕ قَالَ اَتُحَآجُّوۡٓنِّیۡ فِی اللّٰہِ وَ قَدۡ ہَدٰٮنِ ؕ وَ لَاۤ اَخَافُ مَا تُشۡرِکُوۡنَ بِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ رَبِّیۡ شَیۡئًا ؕ وَسِعَ رَبِّیۡ کُلَّ شَیۡءٍ عِلۡمًا ؕ اَفَلَا تَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    6 : 81 Анын коому аны менен талаша берди. Ал айтты: «Алла мени туура жолго жолдоп турган учурда, мени менен Алла туурасында талашасыңарбы? Мен силер Ага шерик кошкон нерселериңер(дин зыяны)нан эч коркпоймун жана Раббим каалаган нерседен бөлөк (эч нерсени каалабаймын). Менин Раббим бардык нерселерди Өз илими менен курчап алган. Демек, насаат албайсыңарбы?
  • وَ کَیۡفَ اَخَافُ مَاۤ اَشۡرَکۡتُمۡ وَ لَا تَخَافُوۡنَ اَنَّکُمۡ اَشۡرَکۡتُمۡ بِاللّٰہِ مَا لَمۡ یُنَزِّلۡ بِہٖ عَلَیۡکُمۡ سُلۡطٰنًا ؕ فَاَیُّ الۡفَرِیۡقَیۡنِ اَحَقُّ بِالۡاَمۡنِ ۚ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۘ۸۲﴾
    6 : 82 Алла силерге кандайдыр бир далил бербеген нерселерди, силер Ага шерик кылуудан коркпогонуңардан кийин, силер шерик кылып жаткан нерселериңерден мен эмне үчүн коркоюн?» Демек, эгер билсеңер, эки тайпанын кайсы бири тынчтыкка акылуураак?
  • اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ لَمۡ یَلۡبِسُوۡۤا اِیۡمَانَہُمۡ بِظُلۡمٍ اُولٰٓئِکَ لَہُمُ الۡاَمۡنُ وَ ہُمۡ مُّہۡتَدُوۡنَ ﴿٪۸۳﴾
    6 : 83 Ыйман келтирип, өз ыйманын кандайдыр бир зулумдук менен аралаштырбагандар – мына ошолорго аманчылык насип болот жана алар туура жол тапкандар.
  • وَ تِلۡکَ حُجَّتُنَاۤ اٰتَیۡنٰہَاۤ اِبۡرٰہِیۡمَ عَلٰی قَوۡمِہٖ ؕ نَرۡفَعُ دَرَجٰتٍ مَّنۡ نَّشَآءُ ؕ اِنَّ رَبَّکَ حَکِیۡمٌ عَلِیۡمٌ ﴿۸۴﴾
    6 : 84 Мына бул Биз Ибраахиймге анын коомуна каршы берген далилибиз эле. Биз каалаган кишини даражалар боюнча жогорулатабыз. Албетте, сенин Раббиң акылмандык ээси (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ وَہَبۡنَا لَہٗۤ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ ؕ کُلًّا ہَدَیۡنَا ۚ وَ نُوۡحًا ہَدَیۡنَا مِنۡ قَبۡلُ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِہٖ دَاوٗدَ وَ سُلَیۡمٰنَ وَ اَیُّوۡبَ وَ یُوۡسُفَ وَ مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿ۙ۸۵﴾
    6 : 85 Биз ага Исхаак жана Яъкуубду тартуу кылдык. (Алардын) бардыгын туура жолго багыттаган элек. Андан илгери Биз Нухту туура жолго багыттаган элек. Анын укум-тукумдарынан Давуудду, Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны жана Хааруунду да туура жолго багыт берген элек. Биз жакшы амал кылуучуларга мына ушундай сыйлык кылабыз.
  • وَ زَکَرِیَّا وَ یَحۡیٰی وَ عِیۡسٰی وَ اِلۡیَاسَ ؕ کُلٌّ مِّنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿ۙ۸۶﴾
    6 : 86 Закарияны, Яхйаны, Исаны жана Илясты (дагы). Булардын бардыгы саалих-такыба пенделерден болгон.
  • وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ الۡیَسَعَ وَ یُوۡنُسَ وَ لُوۡطًا ؕ وَ کُلًّا فَضَّلۡنَا عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۸۷﴾
    6 : 87 Исмааийлди, Алясаьны, Юнусту жана Лутту (дагы). Булардын бардыгын бүтүн ааламдардан абзел кылып койдук.
  • وَ مِنۡ اٰبَآئِہِمۡ وَ ذُرِّیّٰتِہِمۡ وَ اِخۡوَانِہِمۡ ۚ وَ اجۡتَبَیۡنٰہُمۡ وَ ہَدَیۡنٰہُمۡ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۸۸﴾
    6 : 88 Ошондой эле алардын ата-бабаларынын укум-тукумдарынын жана туугандарынын (дагы айрымдарын Биз абзел кылып койдук). Аларды Биз тандап алдык жана аларга туура жолго багыт бердик.
  • ذٰلِکَ ہُدَی اللّٰہِ یَہۡدِیۡ بِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ ؕ وَ لَوۡ اَشۡرَکُوۡا لَحَبِطَ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    6 : 89 Мына ушул Алланын туура жолу болуп, анын жардамында Ал Өз пенделеринен каалаган кишини туура жолго жолдойт. Эгер алар ширк келтиришкенде, албетте, алар жасап жүргөн бардык амалдары текке кеткен болоор эле.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحُکۡمَ وَ النُّبُوَّۃَ ۚ فَاِنۡ یَّکۡفُرۡ بِہَا ہٰۤؤُلَآءِ فَقَدۡ وَکَّلۡنَا بِہَا قَوۡمًا لَّیۡسُوۡا بِہَا بِکٰفِرِیۡنَ ﴿۹۰﴾
    6 : 90 Мына ушулар – Биз Китеп, хикмат-акылмандык жана пайгамбарлык тартуулаган (инсан)дар болгон. Демек, эгер бул адамдар аны четке кагышса, анда Биз бул (иш)ти ага каапырлык кылбай турган бир коомго тапшырабыз.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ ہَدَی اللّٰہُ فَبِہُدٰٮہُمُ اقۡتَدِہۡ ؕ قُلۡ لَّاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ اَجۡرًا ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٰی لِلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۹۱﴾
    6 : 91 Мына ушулар – Алла туура жолго жолдогондор. Ошондуктан, (Алла Өзү аларга тартуулаган), алардын туура жолун ээрчигин. Айт: «Мен бул үчүн силерден эч кандай акы талап кылбаймын. Бул болгону бүткүл ааламдар үчүн насыйкат».
  • وَ مَا قَدَرُوا اللّٰہَ حَقَّ قَدۡرِہٖۤ اِذۡ قَالُوۡا مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ عَلٰی بَشَرٍ مِّنۡ شَیۡءٍ ؕ قُلۡ مَنۡ اَنۡزَلَ الۡکِتٰبَ الَّذِیۡ جَآءَ بِہٖ مُوۡسٰی نُوۡرًا وَّ ہُدًی لِّلنَّاسِ تَجۡعَلُوۡنَہٗ قَرَاطِیۡسَ تُبۡدُوۡنَہَا وَ تُخۡفُوۡنَ کَثِیۡرًا ۚ وَ عُلِّمۡتُمۡ مَّا لَمۡ تَعۡلَمُوۡۤا اَنۡتُمۡ وَ لَاۤ اٰبَآؤُکُمۡ ؕ قُلِ اللّٰہُ ۙ ثُمَّ ذَرۡہُمۡ فِیۡ خَوۡضِہِمۡ یَلۡعَبُوۡنَ ﴿۹۲﴾
    6 : 92 Алар: «Алла бир дагы адамга кандайдыр бир нерсе түшүргөн эмес», - деп айтышканда, Аллага ылайыктуу даражасын Өзүнө беришпеди. Сурагын: «Муса адамдар үчүн нур жана хидаят катары келтирген Китепти ким түшүргөн? Силер аны баракча-баракча кагаз кылып алдыңар. Андан бир азын көрсөтүп, көбүн жашырып жүргөнсүңөр. Ал эми өзүңөр дагы, ата-бабаларыңар дагы билбеген нерселер силерге үйрөтүлгөн эле. Айт: «Алла – (менин бар жогум)». Анан аларды өздөрүнүн маанисиз кептеринде ойноп жатышкан бойдон коюп койгун.
  • وَ ہٰذَا کِتٰبٌ اَنۡزَلۡنٰہُ مُبٰرَکٌ مُّصَدِّقُ الَّذِیۡ بَیۡنَ یَدَیۡہِ وَ لِتُنۡذِرَ اُمَّ الۡقُرٰی وَ مَنۡ حَوۡلَہَا ؕ وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ وَ ہُمۡ عَلٰی صَلَاتِہِمۡ یُحَافِظُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    6 : 93 Бул – Биз түшүргөн бир куттуу Китеп: ал өзүнүн алдындагы нерсени тастыктоочу. Сен шаарлардын энеси (болгон Мекке) жана анын айланасындагыларды кулактандырууң үчүн (Биз аны түшүрдүк). Акыретке ыйман келтире тургандар бул (Китеп)ке ыйман келтиришет жана алар өз намаздарынын үстүнөн дайыма күзөтчү болуп турушат.
  • وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَوۡ قَالَ اُوۡحِیَ اِلَیَّ وَ لَمۡ یُوۡحَ اِلَیۡہِ شَیۡءٌ وَّ مَنۡ قَالَ سَاُنۡزِلُ مِثۡلَ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ ؕ وَ لَوۡ تَرٰۤی اِذِ الظّٰلِمُوۡنَ فِیۡ غَمَرٰتِ الۡمَوۡتِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ بَاسِطُوۡۤا اَیۡدِیۡہِمۡ ۚ اَخۡرِجُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ ؕ اَلۡیَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ عَذَابَ الۡہُوۡنِ بِمَا کُنۡتُمۡ تَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ غَیۡرَ الۡحَقِّ وَ کُنۡتُمۡ عَنۡ اٰیٰتِہٖ تَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿۹۴﴾
    6 : 94 Аллага каршы жалган-ушак чыгарган же өзүнө эч нерсе вахий-аян кылынбаган болсо да, ал: «Мага вахий-аян кылынды», - деген жана: «Мен (дагы) Алла түшүргөн Сөздөй сөз түшүрөмүн», - деген бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар? Атаганат! Сен заалимдерди өлүм ченгелинде болгондо жана периштелер аларга: «Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллага каршы туура эмес сүйлөп жүргөнүңөр үчүн жана Анын аят-белгилерине текеберлик кылганыңар (үчүн) силерге катуу кордук азабы берилет», - (деп) колдорун жайгандарын көрсөң кана!
  • وَ لَقَدۡ جِئۡتُمُوۡنَا فُرَادٰی کَمَا خَلَقۡنٰکُمۡ اَوَّلَ مَرَّۃٍ وَّ تَرَکۡتُمۡ مَّا خَوَّلۡنٰکُمۡ وَرَآءَ ظُہُوۡرِکُمۡ ۚ وَ مَا نَرٰی مَعَکُمۡ شُفَعَآءَکُمُ الَّذِیۡنَ زَعَمۡتُمۡ اَنَّہُمۡ فِیۡکُمۡ شُرَکٰٓؤُا ؕ لَقَدۡ تَّقَطَّعَ بَیۡنَکُمۡ وَ ضَلَّ عَنۡکُمۡ مَّا کُنۡتُمۡ تَزۡعُمُوۡنَ ﴿٪۹۵﴾
    6 : 95 Биз силерди алгач ирет (жалгыздан) жаратканыбыздай, силер Бизге жалгыз-жалгыз болуп келгенсиңер жана Биз силерге тартуулаган нээмат-берекелерди артыңарга калтырып келгенсиңер. Жана силер: «Булар биз үчүн (Алланын) шериктер(и)», - деп ойлогон шапаат кылуучуларыңарды Биз көрбөй жатабыз. (Мына эми) силер бири-бириңерден ажырап кеттиңер жана силер (шериктер деп) ойлогонуңар (дагы) силерден жок болду.
  • اِنَّ اللّٰہَ فَالِقُ الۡحَبِّ وَ النَّوٰی ؕ یُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَ مُخۡرِجُ الۡمَیِّتِ مِنَ الۡحَیِّ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ فَاَنّٰی تُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۹۶﴾
    6 : 96 Албетте, Алла дан менен данектерди жаруучу; Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушул - силердин Аллаңар. Демек, силер каякка адаштырыласыңар?
  • فَالِقُ الۡاِصۡبَاحِ ۚ وَ جَعَلَ الَّیۡلَ سَکَنًا وَّ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ حُسۡبَانًا ؕ ذٰلِکَ تَقۡدِیۡرُ الۡعَزِیۡزِ الۡعَلِیۡمِ ﴿۹۷﴾
    6 : 97 Ал таңдарды жаруучу. Ал түндү бейпил кылды, ал эми күн менен ай бир эсеп боюнча айланууда. Бул Жеңүүчү (жана) Билүүчүнүн (белгиленген) тагдыры.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ النُّجُوۡمَ لِتَہۡتَدُوۡا بِہَا فِیۡ ظُلُمٰتِ الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ ؕ قَدۡ فَصَّلۡنَا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۸﴾
    6 : 98 Ошол (Алла) силер алардын – (жылдыздардын) жардамы менен кургактык жана деңиз караңгылыктарында туура жолду табууңар максатында силер үчүн жылдыздарды жараткан. Албетте, билим ээлери үчүн Биз аят-жышаандарды майда-чүйдөсүнө чейин баян кылдык.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَکُمۡ مِّنۡ نَّفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ فَمُسۡتَقَرٌّ وَّ مُسۡتَوۡدَعٌ ؕ قَدۡ فَصَّلۡنَا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّفۡقَہُوۡنَ ﴿۹۹﴾
    6 : 99 Жана Ал силерди бир жандан жараткан (Алла). Ошентип, (силерге) убактылуу жай жана түбөлүк коопсуз мекенди (турак кылды). Албетте, акыл-парасат ээлери үчүн Биз аят-жышаандарды майда-чүйдөсүнө чейин баян кылдык.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً ۚ فَاَخۡرَجۡنَا بِہٖ نَبَاتَ کُلِّ شَیۡءٍ فَاَخۡرَجۡنَا مِنۡہُ خَضِرًا نُّخۡرِجُ مِنۡہُ حَبًّا مُّتَرَاکِبًا ۚ وَ مِنَ النَّخۡلِ مِنۡ طَلۡعِہَا قِنۡوَانٌ دَانِیَۃٌ وَّ جَنّٰتٍ مِّنۡ اَعۡنَابٍ وَّ الزَّیۡتُوۡنَ وَ الرُّمَّانَ مُشۡتَبِہًا وَّ غَیۡرَ مُتَشَابِہٍ ؕ اُنۡظُرُوۡۤا اِلٰی ثَمَرِہٖۤ اِذَاۤ اَثۡمَرَ وَ یَنۡعِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکُمۡ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    6 : 100 Жана Ал асмандан сууну түшүргөн (Алла). Андан кийин ал аркылуу Биз ар кыл өсүмдүктөрдү өстүрдүк, кийин Биз андан бир жашылды чыгардык, андан Биз кат-кат уруктарды чыгарабыз; ошондой эле курма дарактарынан дагы, анын баштарынан төмөнгө асылып туруучу ыкташкан мөмөлөрдү, жүзүм, зайтун жана анардын бактарын (чыгарабыз), (алардын айрымдары өз ара) окшойт, (айрымдары) болсо, (өз ара) окшобойт. Алар мөмө байлаганда, алардын мөмөсүнө жана бышканына карагыла. Албетте, булардын бардыгында ыйман келтире турган коом үчүн чоң аят-жышаандар бар.
  • وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ شُرَکَآءَ الۡجِنَّ وَ خَلَقَہُمۡ وَ خَرَقُوۡا لَہٗ بَنِیۡنَ وَ بَنٰتٍۭ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾٪
    6 : 101 Алар жиндерди Аллага шерик кылып алышты, чынында, Ал аларды жараткан; ошондой эле алар эч кандай билимге ээ болбостон туруп, Ага уул жана кыздарды ойлоп чыгарышты. Ал ыйык жана алар баян кыла турган нерселерден абдан жогору.
  • بَدِیۡعُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اَنّٰی یَکُوۡنُ لَہٗ وَلَدٌ وَّ لَمۡ تَکُنۡ لَّہٗ صَاحِبَۃٌ ؕ وَ خَلَقَ کُلَّ شَیۡءٍ ۚ وَ ہُوَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۰۲﴾
    6 : 102 Ал асмандар жана жерди жоктон бар кылуучу. Анын кандайдыр бир жубайы болбогондон кийин, Анын балдары кайдан келишти? Ал бардык нерсени жараткан жана Ал бардык нерсени эң жакшы билет.
  • ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ خَالِقُ کُلِّ شَیۡءٍ فَاعۡبُدُوۡہُ ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ وَّکِیۡلٌ ﴿۱۰۳﴾
    6 : 103 Силердин Раббиңер мына ушул – Алла. Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ал бардык нерселердин жаратуучусу. Ошондуктан, Ага гана ибадат кылгыла. Ал бардык нерселердин үстүнөн кароолчу.
  • لَا تُدۡرِکُہُ الۡاَبۡصَارُ ۫ وَ ہُوَ یُدۡرِکُ الۡاَبۡصَارَ ۚ وَ ہُوَ اللَّطِیۡفُ الۡخَبِیۡرُ ﴿۱۰۴﴾
    6 : 104 Көздөр Ага жете албайт, Анын Өзү көздөргө жетет. Ал эң көрөгөч (жана) дайыма кабардар.
  • قَدۡ جَآءَکُمۡ بَصَآئِرُ مِنۡ رَّبِّکُمۡ ۚ فَمَنۡ اَبۡصَرَ فَلِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ عَمِیَ فَعَلَیۡہَا ؕ وَ مَاۤ اَنَا عَلَیۡکُمۡ بِحَفِیۡظٍ ﴿۱۰۵﴾
    6 : 105 Албетте, силерге Раббиңерден көптөгөн акыл-парасаттуу сөздөр келди. Демек, ким акыл-парасат алса, бул анын өзү үчүн болот жана ким сокур бойдон калса, ал өз (жанынын пайдасына) каршы көр болот. Мен силердин үстүңөрдөн кароолчу эмесмин.
  • وَ کَذٰلِکَ نُصَرِّفُ الۡاٰیٰتِ وَ لِیَقُوۡلُوۡا دَرَسۡتَ وَ لِنُبَیِّنَہٗ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    6 : 106 Алардын: «Сен жакшы үйрөндүң жана жакшы үйрөттүң», - деп айтуулары үчүн, жана Биз билим ээлерине бул (мазмун)ду айкындаштыруубуз үчүн Биз аят-белгилерди мына ушундай ачык баян кылабыз.
  • اِتَّبِعۡ مَاۤ اُوۡحِیَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ وَ اَعۡرِضۡ عَنِ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    6 : 107 Сен Раббиңден өзүңө вахий-аян кылынган нерсени ээрчигин. Андан башка эч кандай кудай жок жана мушриктерден жүз бургун!
  • وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَاۤ اَشۡرَکُوۡا ؕ وَ مَا جَعَلۡنٰکَ عَلَیۡہِمۡ حَفِیۡظًا ۚ وَ مَاۤ اَنۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِوَکِیۡلٍ ﴿۱۰۸﴾
    6 : 108 Эгер Алла каалаганда, алар (Ага башкаларды) шерик кошпойт эле. Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып дайындабадык жана сен алардын үстүнөн кароолчу эмессиң.
  • وَ لَا تَسُبُّوا الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَیَسُبُّوا اللّٰہَ عَدۡوًۢا بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ کَذٰلِکَ زَیَّنَّا لِکُلِّ اُمَّۃٍ عَمَلَہُمۡ ۪ ثُمَّ اِلٰی رَبِّہِمۡ مَّرۡجِعُہُمۡ فَیُنَبِّئُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    6 : 109 Алар Алланы коюп, ордуна жалбара тургандарды сөкпөгүлө. Антпесе, алар кастык жолу менен (өздөрүнүн) наадандыгынан Алланы сөгүшөт. Биз ар бир коомго өздөрүнүн амалдарын мына ушундай сонун кылып көрсөтүп койгонбуз. Анан алардын кайтышы өздөрүнүн Раббисине гана. Ошондо Ал аларга өздөрү кылып жүргөн амалдарын айтып берет.
  • وَ اَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ لَئِنۡ جَآءَتۡہُمۡ اٰیَۃٌ لَّیُؤۡمِنُنَّ بِہَا ؕ قُلۡ اِنَّمَا الۡاٰیٰتُ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ مَا یُشۡعِرُکُمۡ ۙ اَنَّہَاۤ اِذَا جَآءَتۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۱۰﴾
    6 : 110 Алар Алланын аты менен бекем касам ичип айтышат: «Эгер Бизге бир гана аят-белги келсе да, биз албетте, ага ыйман келтиребиз». Айткын: «Ар кандай аят-белги Алланын кашында. Ал (аят-белги)лер келгенде дагы, алардын ыйман келтирбестиктерин силерге түшүндүрүп коё турган нерсе дагы (Алланын алдында)».
  • وَ نُقَلِّبُ اَفۡـِٕدَتَہُمۡ وَ اَبۡصَارَہُمۡ کَمَا لَمۡ یُؤۡمِنُوۡا بِہٖۤ اَوَّلَ مَرَّۃٍ وَّ نَذَرُہُمۡ فِیۡ طُغۡیَانِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۱۱۱﴾٪
    6 : 111 Кудум алар алгач ирет бул (Пайгамбар)га ыйман келтирбеген сыяктуу Биз алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн айландырып коёбуз жана Биз аларды өздөрүнүн кежирликтеринде каңгыткан бойдон таштап коёбуз.
  • وَ لَوۡ اَنَّنَا نَزَّلۡنَاۤ اِلَیۡہِمُ الۡمَلٰٓئِکَۃَ وَ کَلَّمَہُمُ الۡمَوۡتٰی وَ حَشَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ کُلَّ شَیۡءٍ قُبُلًا مَّا کَانُوۡا لِیُؤۡمِنُوۡۤا اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ یَجۡہَلُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    6 : 112 Эгер Биз аларга периштелерди түшүргөнүбүздө жана өлүктөр аларга сүйлөгөндө, ошондой эле Биз алардын алдына бардык нерселерди топтогонубузда дагы алар ыйман келтирбейт эле. Туура, эгер Алла каалаганда, анда бул башка кеп. Бирок, алардын көпчүлүгү наадандыкта жашайт.
  • وَ کَذٰلِکَ جَعَلۡنَا لِکُلِّ نَبِیٍّ عَدُوًّا شَیٰطِیۡنَ الۡاِنۡسِ وَ الۡجِنِّ یُوۡحِیۡ بَعۡضُہُمۡ اِلٰی بَعۡضٍ زُخۡرُفَ الۡقَوۡلِ غُرُوۡرًا ؕ وَ لَوۡ شَآءَ رَبُّکَ مَا فَعَلُوۡہُ فَذَرۡہُمۡ وَ مَا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾
    6 : 113 Ушинтип, Биз адамдар жана жиндердин арасындагы шайтандарды ар бир пайгамбарга душман кылып койдук. Алардын айрымдары-айрымдарына «жалтырак» кептерди алдаган бойдон вахий-аян кылышат. Эгер Раббиӊ каалаганда, алар мындай кылбаган болоор эле. Демек, аларды жана алар ойлоп чыгарган жалган нерселерди дагы жалгыз калтыр.
  • وَ لِتَصۡغٰۤی اِلَیۡہِ اَفۡـِٕدَۃُ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ وَ لِیَرۡضَوۡہُ وَ لِیَقۡتَرِفُوۡا مَا ہُمۡ مُّقۡتَرِفُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    6 : 114 Натыйжада, акыретке ыйман келтирбей тургандардын жүрөктөрү ушул (алдоо)го ооп калсын, алар аны жактыра баштасын жана алар кылып жаткан (жаман амал)дарын кыла беришсин.
  • اَفَغَیۡرَ اللّٰہِ اَبۡتَغِیۡ حَکَمًا وَّ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ اِلَیۡکُمُ الۡکِتٰبَ مُفَصَّلًا ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یَعۡلَمُوۡنَ اَنَّہٗ مُنَزَّلٌ مِّنۡ رَّبِّکَ بِالۡحَقِّ فَلَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُمۡتَرِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    6 : 115 Мен Алладан башканы калыс кылып алайынбы? Чынында, Ал силерге бардык майда-чүйдөсү баян кылынып коюлган Китепти түшүргөн (Алла). Жана Биз Китеп бергендер мунун Раббиӊ тарабынан чындык менен түшүрүлгөнүн билишет. Ошондуктан, эч качан шектенүүчүлөрдөн болбо!
  • وَ تَمَّتۡ کَلِمَتُ رَبِّکَ صِدۡقًا وَّ عَدۡلًا ؕ لَا مُبَدِّلَ لِکَلِمٰتِہٖ ۚ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۱۱۶﴾
    6 : 116 Сенин Раббиӊдин сөзү акыйкат жана адилет жагынан толукталды. Анын сөздөрүн эч ким өзгөртө албайт. Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ اِنۡ تُطِعۡ اَکۡثَرَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ یُضِلُّوۡکَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ اِنۡ یَّتَّبِعُوۡنَ اِلَّا الظَّنَّ وَ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا یَخۡرُصُوۡنَ ﴿۱۱۷﴾
    6 : 117 Эгер сен жер жүзүндөгүлөрдүн көпчүлүгүнө баш ийсеӊ, алар сени Алланын жолунан азгырышат. Алар куру кыялдарды ээрчийт жана алар болгону болжолдошот.
  • اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ اَعۡلَمُ مَنۡ یَّضِلُّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ۚ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِالۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۱۱۸﴾
    6 : 118 Албетте, Раббиӊ Анын жолунан адашып кеткен бирөөнү абдан жакшы билет жана Ал туура жол тапкандарды да эӊ жакшы билет.
  • فَکُلُوۡا مِمَّا ذُکِرَ اسۡمُ اللّٰہِ عَلَیۡہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ بِاٰیٰتِہٖ مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۹﴾
    6 : 119 Демек, эгер Анын аяттарына ыйман келтирүүчү болсоӊор, анда Алланын наамы аталган нерселерден гана жегиле.
  • وَ مَا لَکُمۡ اَلَّا تَاۡکُلُوۡا مِمَّا ذُکِرَ اسۡمُ اللّٰہِ عَلَیۡہِ وَ قَدۡ فَصَّلَ لَکُمۡ مَّا حَرَّمَ عَلَیۡکُمۡ اِلَّا مَا اضۡطُرِرۡتُمۡ اِلَیۡہِ ؕ وَ اِنَّ کَثِیۡرًا لَّیُضِلُّوۡنَ بِاَہۡوَآئِہِمۡ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِالۡمُعۡتَدِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾
    6 : 120 Алла силерге арам кылган нерселерди ачык баян кылып бүткөн соӊ, силер эмнеге Алланын наамы аталган нерселерден жебейсиӊер? Болуптур, эгер (чыдоого болбогон ачарчылык себебинен) ал (арам)га (кайрылууга мажбур кылынган болсоӊор), андай жагдайда башка кеп. Албетте, билимсиздик жана жеӊил напсилер менен (адамдарды) жолдон адаштыра турган көптөгөн адамдар бар. Албетте, Раббиӊ чектен ашуучуларды эӊ жакшы билет.
  • وَ ذَرُوۡا ظَاہِرَ الۡاِثۡمِ وَ بَاطِنَہٗ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَکۡسِبُوۡنَ الۡاِثۡمَ سَیُجۡزَوۡنَ بِمَا کَانُوۡا یَقۡتَرِفُوۡنَ ﴿۱۲۱﴾
    6 : 121 Силер күнөөнүн көрүнөөсүн да, көмүскөсүн да таштап койгула. Албетте, күнөө кылуучулар – алар сөзсүз кылган (жаман амалдары) үчүн жазаланышат.
  • وَ لَا تَاۡکُلُوۡا مِمَّا لَمۡ یُذۡکَرِ اسۡمُ اللّٰہِ عَلَیۡہِ وَ اِنَّہٗ لَفِسۡقٌ ؕ وَ اِنَّ الشَّیٰطِیۡنَ لَیُوۡحُوۡنَ اِلٰۤی اَوۡلِیٰٓئِہِمۡ لِیُجَادِلُوۡکُمۡ ۚ وَ اِنۡ اَطَعۡتُمُوۡہُمۡ اِنَّکُمۡ لَمُشۡرِکُوۡنَ ﴿۱۲۲﴾٪
    6 : 122 Жана үстүндө Алланын наамы аталбаган нерселерден жебегиле, албетте, ал таза эмес. Албетте, алар (шайтандардын достору) силер менен жаӊжалдашуусу үчүн шайтандар өз досторуна вахий кылышат. Эгер силер аларга баш ийсеӊер, албетте, мушрик болуп каласыӊар.
  • اَوَ مَنۡ کَانَ مَیۡتًا فَاَحۡیَیۡنٰہُ وَ جَعَلۡنَا لَہٗ نُوۡرًا یَّمۡشِیۡ بِہٖ فِی النَّاسِ کَمَنۡ مَّثَلُہٗ فِی الظُّلُمٰتِ لَیۡسَ بِخَارِجٍ مِّنۡہَا ؕ کَذٰلِکَ زُیِّنَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    6 : 123 Өлүк болгон, анан Биз тирилткен жана ал үчүн бир нур жараткан киши – ошол (нур)дун жардамында ал адамдардын арасында жүрөт – караӊгылыктарда калып калган жана алардан эч качан чыга албай турган бирөөгө окшойбу? Ушундайча, каапырларга алардын кылып жүргөн амалдары чырайлуу көрсөтүлүп коюлат.
  • وَ کَذٰلِکَ جَعَلۡنَا فِیۡ کُلِّ قَرۡیَۃٍ اَکٰبِرَ مُجۡرِمِیۡہَا لِیَمۡکُرُوۡا فِیۡہَا ؕ وَ مَا یَمۡکُرُوۡنَ اِلَّا بِاَنۡفُسِہِمۡ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    6 : 124 Жана алар (күнөөкөрлөрдүн башчылары) анда айла-амалдарын жасай беришсин үчүн Биз ар бир кыштакта анын күнөөкөрлөрүнө башчы дайындадык. Алар жалаӊ өз жандарына гана каршы айла-амал кылышат жана алар түшүнүшпөйт.
  • وَ اِذَا جَآءَتۡہُمۡ اٰیَۃٌ قَالُوۡا لَنۡ نُّؤۡمِنَ حَتّٰی نُؤۡتٰی مِثۡلَ مَاۤ اُوۡتِیَ رُسُلُ اللّٰہِ ؕۘؔ اَللّٰہُ اَعۡلَمُ حَیۡثُ یَجۡعَلُ رِسَالَتَہٗ ؕ سَیُصِیۡبُ الَّذِیۡنَ اَجۡرَمُوۡا صَغَارٌ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ عَذَابٌ شَدِیۡدٌۢ بِمَا کَانُوۡا یَمۡکُرُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    6 : 125 Алар өздөрүнө кандайдыр бир аят-жышаан келгенде айтышат: «Бизге Алланын (мурунку) пайгамбарларына берилген (аят-жышаан)га окшош (аят-жышаан) берилмейинче, эч ыйман келтирбейбиз». Алла Өз пайгамбарлыгын кайсы жерге коюуну абдан жакшы билет. Күнөө иштерди кылгандарга өздөрү кылган айла-амалдары себебинен албетте, Алланын алдында кордук жана бир катуу азап жетет.
  • فَمَنۡ یُّرِدِ اللّٰہُ اَنۡ یَّہۡدِیَہٗ یَشۡرَحۡ صَدۡرَہٗ لِلۡاِسۡلَامِ ۚ وَ مَنۡ یُّرِدۡ اَنۡ یُّضِلَّہٗ یَجۡعَلۡ صَدۡرَہٗ ضَیِّقًا حَرَجًا کَاَنَّمَا یَصَّعَّدُ فِی السَّمَآءِ ؕ کَذٰلِکَ یَجۡعَلُ اللّٰہُ الرِّجۡسَ عَلَی الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۲۶﴾
    6 : 126 Ошентип, Алла кимди туура жолго салмакчы болсо, анын көкүрөгүн Ислам(ды кабыл кылыш) үчүн ачып коёт жана ким жөнүндө адашкан деп чечим чыгармакчы болсо, анын көкүрөгүн тар кылып коёт, тим эле ал кысылып асман (бийиктиги)не көтөрүлчүдөй болот. Ушундайча, Алла ыйман келтирбей тургандарга ыпластык салып коёт.
  • وَ ہٰذَا صِرَاطُ رَبِّکَ مُسۡتَقِیۡمًا ؕ قَدۡ فَصَّلۡنَا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّذَّکَّرُوۡنَ ﴿۱۲۷﴾
    6 : 127 Мына ушул Раббиӊдин туура жолу. Албетте, Биз ибарат ала тургандар үчүн аяттарды эӊ майда-чүйдөлөрүнө чейин баян кылуудабыз.
  • لَہُمۡ دَارُ السَّلٰمِ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ وَ ہُوَ وَلِیُّہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۲۸﴾
    6 : 128 Алар үчүн өздөрүнүн Раббисинин алдында тынчтык үйү бар жана Ал алар жасап жүргөн (жакшы) амалдары себебинен алардын досу болуп калды.
  • وَ یَوۡمَ یَحۡشُرُہُمۡ جَمِیۡعًا ۚ یٰمَعۡشَرَ الۡجِنِّ قَدِ اسۡتَکۡثَرۡتُمۡ مِّنَ الۡاِنۡسِ ۚ وَ قَالَ اَوۡلِیٰٓؤُہُمۡ مِّنَ الۡاِنۡسِ رَبَّنَا اسۡتَمۡتَعَ بَعۡضُنَا بِبَعۡضٍ وَّ بَلَغۡنَاۤ اَجَلَنَا الَّذِیۡۤ اَجَّلۡتَ لَنَا ؕ قَالَ النَّارُ مَثۡوٰٮکُمۡ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اِلَّا مَا شَآءَ اللّٰہُ ؕ اِنَّ رَبَّکَ حَکِیۡمٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۲۹﴾
    6 : 129 (Алла) алардын баарын топтой турган күн(дү эстегин). (Ошондо Ал айтат): «Эй, жиндер тобу! Силер карапайым калктын көпчүлүгүнүн акы-укуктарын тепседиӊер». Карапайым калктын арасындагы алардын достору айтышат: «Эй, Раббибиз! Биздин айрымдарыбыз башка бирөөлөрдөн пайда алышты жана биз Өзүӊ бизге белгилеп койгон мөөнөтүбүзгө жетип келдик». Ал айтат: «От силердин турак жайыӊар, анда узак убакытка чейин каласыӊар. Туура, Алла каалаганы башка кеп». Албетте, Раббиӊ акылмандык ээси (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ کَذٰلِکَ نُوَلِّیۡ بَعۡضَ الظّٰلِمِیۡنَ بَعۡضًۢا بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۱۳۰﴾٪
    6 : 130 Ушундай, Биз заалимдердин айрымдарын алардын кылмыштары себептүү башкаларынын үстүнө чыгарып коёбуз.
  • یٰمَعۡشَرَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ رُسُلٌ مِّنۡکُمۡ یَقُصُّوۡنَ عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتِیۡ وَ یُنۡذِرُوۡنَکُمۡ لِقَآءَ یَوۡمِکُمۡ ہٰذَا ؕ قَالُوۡا شَہِدۡنَا عَلٰۤی اَنۡفُسِنَا وَ غَرَّتۡہُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا وَ شَہِدُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ اَنَّہُمۡ کَانُوۡا کٰفِرِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾
    6 : 131 «Эй, жиндер жана адамдар тайпасы! Силерге Менин аяттарымды баяндап берген жана силерди ушул күнүӊөрдүн жолугушуусунан кулактандырган, өз араларыӊардан болгон пайгамбарлар келишпедиби?» Алар: «(Ооба!) Биз өзүбүзгө каршы күбөлүк беребиз», - дешет. Дүйнөлүк жашоо аларды алдап койгон эле жана алар: «Биз каапырлык кылуучулар элек», - деп өздөрүнө каршы күбөлүк беришет.
  • ذٰلِکَ اَنۡ لَّمۡ یَکُنۡ رَّبُّکَ مُہۡلِکَ الۡقُرٰی بِظُلۡمٍ وَّ اَہۡلُہَا غٰفِلُوۡنَ ﴿۱۳۲﴾
    6 : 132 Анткени сенин Раббиӊ кандайдыр бир кыштакты, анын эли кабарсыз болгон абалда зулумдук менен жок кылбайт.
  • وَ لِکُلٍّ دَرَجٰتٌ مِّمَّا عَمِلُوۡا ؕ وَ مَا رَبُّکَ بِغَافِلٍ عَمَّا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۳۳﴾
    6 : 133 Бардыгы үчүн өздөрү кылган амалдарына жараша даражалар бар. Раббиӊ алар кылып жаткан амалдарынан кабарсыз эмес.
  • وَ رَبُّکَ الۡغَنِیُّ ذُو الرَّحۡمَۃِ ؕ اِنۡ یَّشَاۡ یُذۡہِبۡکُمۡ وَ یَسۡتَخۡلِفۡ مِنۡۢ بَعۡدِکُمۡ مَّا یَشَآءُ کَمَاۤ اَنۡشَاَکُمۡ مِّنۡ ذُرِّیَّۃِ قَوۡمٍ اٰخَرِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ؕ
    6 : 134 Раббиӊ байлык (жана) рахмат ээси. Эгер Ал кааласа, кудум силерди да бир башка коомдун тукумдарынан жараткан сыяктуу силерди алып кетип, ордуӊарга Өзүнө жакканын коюшу мүмкүн.
  • اِنَّ مَا تُوۡعَدُوۡنَ لَاٰتٍ ۙ وَّ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ ﴿۱۳۵﴾
    6 : 135 Албетте, силерге убада берилип жаткан нерсе келет. Силер (Бизди) эч качан жеӊүүчү эмессиӊер.
  • قُلۡ یٰقَوۡمِ اعۡمَلُوۡا عَلٰی مَکَانَتِکُمۡ اِنِّیۡ عَامِلٌ ۚ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۙ مَنۡ تَکُوۡنُ لَہٗ عَاقِبَۃُ الدَّارِ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    6 : 136 Айт: «Эй, коомум! Жайыӊарда туруп, эмне амал кыла алсаӊар, кыла бергиле, мен дагы (кандайдыр бир) амал кыла беремин. Ошентип, силер үйдүн (эӊ жакшы) акыбети кимдики болушун билип аласыӊар». Албетте, заалимдер эч качан ийгиликке жетишпейт.
  • وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ مِمَّا ذَرَاَ مِنَ الۡحَرۡثِ وَ الۡاَنۡعَامِ نَصِیۡبًا فَقَالُوۡا ہٰذَا لِلّٰہِ بِزَعۡمِہِمۡ وَ ہٰذَا لِشُرَکَآئِنَا ۚ فَمَا کَانَ لِشُرَکَآئِہِمۡ فَلَا یَصِلُ اِلَی اللّٰہِ ۚ وَ مَا کَانَ لِلّٰہِ فَہُوَ یَصِلُ اِلٰی شُرَکَآئِہِمۡ ؕ سَآءَ مَا یَحۡکُمُوۡنَ ﴿۱۳۷﴾
    6 : 137 Алар Алла үчүн Анын Өзү пайда кылган эгиндер жана чарба малдарынан бир үлүштү ажыратып коюшкан жана алар өздөрүнчө ойлоп: «Мына бул Алла үчүн жана бул болсо, шериктерибиз үчүн», - дешет. Ошентип, алардын шериктериники Аллага жетип барбайт, ал эми Алланыкы болсо, алардын шериктерине тие берет. Алар чыгарып жаткан өкүм канчалык жаман!
  • وَ کَذٰلِکَ زَیَّنَ لِکَثِیۡرٍ مِّنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ قَتۡلَ اَوۡلَادِہِمۡ شُرَکَآؤُہُمۡ لِیُرۡدُوۡہُمۡ وَ لِیَلۡبِسُوۡا عَلَیۡہِمۡ دِیۡنَہُمۡ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا فَعَلُوۡہُ فَذَرۡہُمۡ وَ مَا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۱۳۸﴾
    6 : 138 Жана мушриктердин көбүнө, алардын (өздөрүнчө кошуп алган) шериктери аларды жок кылуу үчүн жана алардын динин аларга шектүү кылып коюу үчүн өз балдарынын өлтүрүшүн чырайлуу кылып көрсөткөн. Эгер Алла каалаганда, алар мындай кылбаган болушаар эле. Демек, аларды да өздөрүнүн ахвалдарында, өздөрү ойлоп чыгарган нерселерин да калтырып кой.
  • وَ قَالُوۡا ہٰذِہٖۤ اَنۡعَامٌ وَّ حَرۡثٌ حِجۡرٌ ٭ۖ لَّا یَطۡعَمُہَاۤ اِلَّا مَنۡ نَّشَآءُ بِزَعۡمِہِمۡ وَ اَنۡعَامٌ حُرِّمَتۡ ظُہُوۡرُہَا وَ اَنۡعَامٌ لَّا یَذۡکُرُوۡنَ اسۡمَ اللّٰہِ عَلَیۡہَا افۡتِرَآءً عَلَیۡہِ ؕ سَیَجۡزِیۡہِمۡ بِمَا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۱۳۹﴾
    6 : 139 Алар өздөрүнчө айтышат: «Мына бул чарба малдары жана мына бул эгиндер тыюу салынган, биз каалаган кишилерден бөлөк эч ким аларды жебесин». Жана аркалары (минүүгө) тыюу салынган чарба малдары бар жана алардын үстүнө Алланын атын, Ага каршы жалган айыӊ чыгарган бойдон зикир кылышпай турган чарба малдары да бар. Ал алар ойлоп чыгарган жалган нерселер себептүү сөзсүз аларга жаза берет.
  • وَ قَالُوۡا مَا فِیۡ بُطُوۡنِ ہٰذِہِ الۡاَنۡعَامِ خَالِصَۃٌ لِّذُکُوۡرِنَا وَ مُحَرَّمٌ عَلٰۤی اَزۡوَاجِنَا ۚ وَ اِنۡ یَّکُنۡ مَّیۡتَۃً فَہُمۡ فِیۡہِ شُرَکَآءُ ؕ سَیَجۡزِیۡہِمۡ وَصۡفَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ حَکِیۡمٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۴۰﴾
    6 : 140 Жана алар айтышат: «Мына ушул чарба малдарынын карынындагы нерселер өзгөчө биздин эркектерибиз үчүн, ал эми аялдарыбызга арам кылынган». Ооба, эгер ал өлүк болсо, анда алардын бардыгы ан(дан пайдалануу)да шериктеш». Демек, Ал аларга алардын (ошондой) баяны үчүн албетте, жаза берет. Албетте, Ал акылмандык ээси (жана) дайыма билүүчү.
  • قَدۡ خَسِرَ الَّذِیۡنَ قَتَلُوۡۤا اَوۡلَادَہُمۡ سَفَہًۢا بِغَیۡرِ عِلۡمٍ وَّ حَرَّمُوۡا مَا رَزَقَہُمُ اللّٰہُ افۡتِرَآءً عَلَی اللّٰہِ ؕ قَدۡ ضَلُّوۡا وَ مَا کَانُوۡا مُہۡتَدِیۡنَ ﴿۱۴۱﴾٪
    6 : 141 Албетте, өз балдарын билимсиздик себебинен наадандык менен өлтүргөн жана Аллага каршы жалган-айыӊ чыгарган бойдон, Алла аларга тартуулаган ырыскыны арам деп билгендер абдан зыян көрүштү. Албетте, булар (туура) жолдон адашты жана туура жол тапкандар болушпады.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَ جَنّٰتٍ مَّعۡرُوۡشٰتٍ وَّ غَیۡرَ مَعۡرُوۡشٰتٍ وَّ النَّخۡلَ وَ الزَّرۡعَ مُخۡتَلِفًا اُکُلُہٗ وَ الزَّیۡتُوۡنَ وَ الرُّمَّانَ مُتَشَابِہًا وَّ غَیۡرَ مُتَشَابِہٍ ؕ کُلُوۡا مِنۡ ثَمَرِہٖۤ اِذَاۤ اَثۡمَرَ وَ اٰتُوۡا حَقَّہٗ یَوۡمَ حَصَادِہٖ ۫ۖ وَ لَا تُسۡرِفُوۡا ؕ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾ۙ
    6 : 142 Ал тирөөчтөргө көтөрүлгөн жана тирөөчтөргө көтөрүлбөгөн, ошондой эле мөмөлөрү ар кыл болгон курмалар жана эгиндер, бири-бирине окшош болгон жана окшош болбогон зайтундар жана анарларды өстүрүп койгон (Алла). Алар мөмөгө киргенде, алардын мөмөсүнөн жегиле жана жыйым-терим күнү Анын акысын бергиле жана ысырап кылбагыла. Албетте, Ал ысырап кылуучуларды жактырбайт.
  • وَ مِنَ الۡاَنۡعَامِ حَمُوۡلَۃً وَّ فَرۡشًا ؕ کُلُوۡا مِمَّا رَزَقَکُمُ اللّٰہُ وَ لَا تَتَّبِعُوۡا خُطُوٰتِ الشَّیۡطٰنِ ؕ اِنَّہٗ لَکُمۡ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۴۳﴾ۙ
    6 : 143 Чарба малдарынын арасындагы жүк ташуучу жана миниле тургандарды дагы (жаратты). Алла силерге тартуулаган ырыскыдан жегиле жана шайтандын изин ээрчибегиле. Албетте, ал силерге ачыктан-ачык душман.
  • ثَمٰنِیَۃَ اَزۡوَاجٍ ۚ مِنَ الضَّاۡنِ اثۡنَیۡنِ وَ مِنَ الۡمَعۡزِ اثۡنَیۡنِ ؕ قُلۡ ءٰٓالذَّکَرَیۡنِ حَرَّمَ اَمِ الۡاُنۡثَیَیۡنِ اَمَّا اشۡتَمَلَتۡ عَلَیۡہِ اَرۡحَامُ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ؕ نَبِّـُٔوۡنِیۡ بِعِلۡمٍ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۴۴﴾ۙ
    6 : 144 (Алла) сегиз жупту жаратты: койлордон экини жана эчкилерден экини. Сурагын: «Ал арам кылган эки эркекпи же эки ургаачыбы же эки ургаачынын курсагындагы нерсеби? Эгер чынчыл болсоӊор, ушуну мага бир билимдин негизинде айтып бергиле».
  • وَ مِنَ الۡاِبِلِ اثۡنَیۡنِ وَ مِنَ الۡبَقَرِ اثۡنَیۡنِ ؕ قُلۡ ءٰٓالذَّکَرَیۡنِ حَرَّمَ اَمِ الۡاُنۡثَیَیۡنِ اَمَّا اشۡتَمَلَتۡ عَلَیۡہِ اَرۡحَامُ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ؕ اَمۡ کُنۡتُمۡ شُہَدَآءَ اِذۡ وَصّٰکُمُ اللّٰہُ بِہٰذَا ۚ فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا لِّیُضِلَّ النَّاسَ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۴۵﴾٪
    6 : 145 Ошондой эле төөлөрдөн да экини жана кара малдардан да экини. Сурагын: «Ал эки эркекти арам кылганбы же эки ургаачыныбы же эки ургаачынын курсагындагы нерселердиби? Алла силерге ушуну буюрганда, силер бар белеӊер? Демек, билимсиздик менен адамдарды (туура жолдон) азгыруу үчүн Аллага каршы жалган-айыӊ чыгарган бирөөнөн заалимирээк ким бар? Албетте, Алла заалим коомду туура жолго салбайт».
  • قُلۡ لَّاۤ اَجِدُ فِیۡ مَاۤ اُوۡحِیَ اِلَیَّ مُحَرَّمًا عَلٰی طَاعِمٍ یَّطۡعَمُہٗۤ اِلَّاۤ اَنۡ یَّکُوۡنَ مَیۡتَۃً اَوۡ دَمًا مَّسۡفُوۡحًا اَوۡ لَحۡمَ خِنۡزِیۡرٍ فَاِنَّہٗ رِجۡسٌ اَوۡ فِسۡقًا اُہِلَّ لِغَیۡرِ اللّٰہِ بِہٖ ۚ فَمَنِ اضۡطُرَّ غَیۡرَ بَاغٍ وَّ لَا عَادٍ فَاِنَّ رَبَّکَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۴۶﴾
    6 : 146 Айт: «Өлүмтүк же агызылган кан же чочко эти, ал баары бир таза эмес же Алладан башканын аты аталып союлган таза эмес нерседен тышкары мен өзүмө кылынган вахий-аянда кандайдыр бир тамактануучуга ал жей турган тамактын арам кылынганын көрбөймүн. Бирок, ким ачарчылык себебинен мажбур кылынып коюлган болсо, ал каалоочу болбосо жана чектен ашуучу да болбосо, анда албетте, Раббиӊ кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ عَلَی الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا حَرَّمۡنَا کُلَّ ذِیۡ ظُفُرٍ ۚ وَ مِنَ الۡبَقَرِ وَ الۡغَنَمِ حَرَّمۡنَا عَلَیۡہِمۡ شُحُوۡمَہُمَاۤ اِلَّا مَا حَمَلَتۡ ظُہُوۡرُہُمَاۤ اَوِ الۡحَوَایَاۤ اَوۡ مَا اخۡتَلَطَ بِعَظۡمٍ ؕ ذٰلِکَ جَزَیۡنٰہُمۡ بِبَغۡیِہِمۡ ۫ۖ وَ اِنَّا لَصٰدِقُوۡنَ ﴿۱۴۷﴾
    6 : 147 Биз жөөттөргө бардык тырмактуу айбандарды арам кылып койгон элек. (Биз аларга) кара мал жана кой-эчкилерден алардын аркалары же ички же сөөккө аралашып турган майларынан бөлөк майларды арам кылып койгон элек. Мына ушул «сыйлыкты» алардын чектен ашкандыгы үчүн Биз аларга бердик. Албетте, Биз чынчылбыз.
  • فَاِنۡ کَذَّبُوۡکَ فَقُلۡ رَّبُّکُمۡ ذُوۡ رَحۡمَۃٍ وَّاسِعَۃٍ ۚ وَ لَا یُرَدُّ بَاۡسُہٗ عَنِ الۡقَوۡمِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۴۸﴾
    6 : 148 Демек, эгер алар сени жалганчыга чыгарышса, айт: «Силердин Раббиӊер чексиз рахматка ээ жана Анын азабын күнөөкөр коомдон кайтарып болбойт.
  • سَیَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَاۤ اَشۡرَکۡنَا وَ لَاۤ اٰبَآؤُنَا وَ لَا حَرَّمۡنَا مِنۡ شَیۡءٍ ؕ کَذٰلِکَ کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ حَتّٰی ذَاقُوۡا بَاۡسَنَا ؕ قُلۡ ہَلۡ عِنۡدَکُمۡ مِّنۡ عِلۡمٍ فَتُخۡرِجُوۡہُ لَنَا ؕ اِنۡ تَتَّبِعُوۡنَ اِلَّا الظَّنَّ وَ اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا تَخۡرُصُوۡنَ ﴿۱۴۹﴾
    6 : 149 (Аллага) шерик кошкондор албетте айтышат: «Эгер Алла каалаганда, биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы, (Аллага) шерик кошпогон болоор элек жана кандайдыр бир нерсени арам кылбайт элек». Ушинтип, алардан мурун өткөндөр да (Алланын пайгамбарларын) жалганчыга чыгарган эле, а түгүл алар Биздин азабыбызды татып алышты. Сурагын: «Силерде кандайдыр бир билим барбы? Андай болсо, аны алдыбызга чыгаргылачы? Силер жалаӊ куру кыялды гана ээрчийсиӊер жана болгону божомол кыласыӊар».
  • قُلۡ فَلِلّٰہِ الۡحُجَّۃُ الۡبَالِغَۃُ ۚ فَلَوۡ شَآءَ لَہَدٰٮکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۵۰﴾
    6 : 150 Айт: «Жетилүүнүн чокусуна чыккан далил – жалгыз Алланыкы. Демек, эгер Ал каалаганда, албетте, силердин баарыӊарды туура жолго салмак эле».
  • قُلۡ ہَلُمَّ شُہَدَآءَکُمُ الَّذِیۡنَ یَشۡہَدُوۡنَ اَنَّ اللّٰہَ حَرَّمَ ہٰذَا ۚ فَاِنۡ شَہِدُوۡا فَلَا تَشۡہَدۡ مَعَہُمۡ ۚ وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ وَ ہُمۡ بِرَبِّہِمۡ یَعۡدِلُوۡنَ ﴿۱۵۱﴾٪
    6 : 151 Айт: «Алла бул нерселерди арам кылган деп күбөлүк бере турган күбөлөрүӊөрдү алып келгилечи?» Ошентип, эгер алар күбөлүк беришсе, сен эч качан алар менен бирге күбөлүк бербе! Жана Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарган, акыретке ыйман келтирбеген жана өз Раббисине (башкаларды) теӊештиргендердин бузуку напсисин ээрчибе!
  • قُلۡ تَعَالَوۡا اَتۡلُ مَا حَرَّمَ رَبُّکُمۡ عَلَیۡکُمۡ اَلَّا تُشۡرِکُوۡا بِہٖ شَیۡئًا وَّ بِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا ۚ وَ لَا تَقۡتُلُوۡۤا اَوۡلَادَکُمۡ مِّنۡ اِمۡلَاقٍ ؕ نَحۡنُ نَرۡزُقُکُمۡ وَ اِیَّاہُمۡ ۚ وَ لَا تَقۡرَبُوا الۡفَوَاحِشَ مَا ظَہَرَ مِنۡہَا وَ مَا بَطَنَ ۚ وَ لَا تَقۡتُلُوا النَّفۡسَ الَّتِیۡ حَرَّمَ اللّٰہُ اِلَّا بِالۡحَقِّ ؕ ذٰلِکُمۡ وَصّٰکُمۡ بِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۵۲﴾
    6 : 152 Айткын: «Келгиле, Раббиӊер силерге эмнелерди арам кылгандыгын окуюн: силер Ага эч нерсени шерик кылбагыла, ата-энелерге өтө мээрмандык менен мамиле кылгыла жана жакырчылыктын коркунучунан балдарыӊарды өлтүрбөгүлө, силерге да, аларга да ырыскыны Биз беребиз. Силер бузук иштердин көмүскөсүнө да, көрүнөөсүнө да жакындабагыла жана Алла өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрбөгүлө, эгер акылуу болсо, бир жөн. Силер түшүнүп жетишүүӊөр үчүн Ал силерге бекем буюрган нерсе – мына ушул.
  • وَ لَا تَقۡرَبُوۡا مَالَ الۡیَتِیۡمِ اِلَّا بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ حَتّٰی یَبۡلُغَ اَشُدَّہٗ ۚ وَ اَوۡفُوا الۡکَیۡلَ وَ الۡمِیۡزَانَ بِالۡقِسۡطِ ۚ لَا نُکَلِّفُ نَفۡسًا اِلَّا وُسۡعَہَا ۚ وَ اِذَا قُلۡتُمۡ فَاعۡدِلُوۡا وَ لَوۡ کَانَ ذَا قُرۡبٰی ۚ وَ بِعَہۡدِ اللّٰہِ اَوۡفُوۡا ؕ ذٰلِکُمۡ وَصّٰکُمۡ بِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۱۵۳﴾ۙ
    6 : 153 Жана жетимдин малына ал балакат жашына жеткенге чейин тийбегиле, эгер эӊ жакшы жол менен болсо, бир жөн; ошондой эле өлчөм жана таразаны адилет менен туура тарткыла. Биз эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн ашык нерселерди жүктөбөйбүз; ошондой эле сүйлөгөнүӊөрдө, мейли тууган киши туурасында болсо да, адилеттикке баш ийгиле жана Алла (менен кылынган) ант-убаданын үстүнөн чыккыла. Силер ибарат алууӊар үчүн Ал силерге катуу насаат кыла турган нерсе мына ушул.
  • وَ اَنَّ ہٰذَا صِرَاطِیۡ مُسۡتَقِیۡمًا فَاتَّبِعُوۡہُ ۚ وَ لَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِکُمۡ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ؕ ذٰلِکُمۡ وَصّٰکُمۡ بِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۵۴﴾
    6 : 154 Жана ушу(ну да баса көрсөтөт): «Мына ушул – Менин туура жолум. Демек, аны ээрчигиле, ар кыл жолдорго түшпөгүлө. Болбосо, алар силерди Анын жолунан азгырып коёт. Силер такыба болушуӊар үчүн Ал силерге буюра турган нерсе – мына ушул.
  • ثُمَّ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ تَمَامًا عَلَی الَّذِیۡۤ اَحۡسَنَ وَ تَفۡصِیۡلًا لِّکُلِّ شَیۡءٍ وَّ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لَّعَلَّہُمۡ بِلِقَآءِ رَبِّہِمۡ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۵۵﴾٪
    6 : 155 Анан алар өз Раббиси менен бетме-бет болууга ыйман келтирүүлөрү үчүн Биз Мусага ар бир изги иштер кылуучунун муктаждыгын кандыра турган жана ар бир нерсенин майда бөлүкчөлөрүнөн турган, хидаят жана рахмат болгон Китеп бердик.
  • وَ ہٰذَا کِتٰبٌ اَنۡزَلۡنٰہُ مُبٰرَکٌ فَاتَّبِعُوۡہُ وَ اتَّقُوۡا لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۱۵۶﴾ۙ
    6 : 156 Мына ушул – Биз түшүргөн куттуу Китеп. Демек, силерге ырайым кылынсын үчүн аны ээрчигиле жана такыба болгула.
  • اَنۡ تَقُوۡلُوۡۤا اِنَّمَاۤ اُنۡزِلَ الۡکِتٰبُ عَلٰی طَآئِفَتَیۡنِ مِنۡ قَبۡلِنَا ۪ وَ اِنۡ کُنَّا عَنۡ دِرَاسَتِہِمۡ لَغٰفِلِیۡنَ ﴿۱۵۷﴾ۙ
    6 : 157 Силер: «Бизден илгери жалаӊ эки чоӊ тайпага Китеп түшүрүлгөн эле, биз болсо аларды окуудан кабарсыз элек», - деп айтпашыӊар үчүн (аны түшүрдүк).
  • اَوۡ تَقُوۡلُوۡا لَوۡ اَنَّاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡنَا الۡکِتٰبُ لَکُنَّاۤ اَہۡدٰی مِنۡہُمۡ ۚ فَقَدۡ جَآءَکُمۡ بَیِّنَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ ۚ فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ کَذَّبَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ صَدَفَ عَنۡہَا ؕ سَنَجۡزِی الَّذِیۡنَ یَصۡدِفُوۡنَ عَنۡ اٰیٰتِنَا سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ بِمَا کَانُوۡا یَصۡدِفُوۡنَ ﴿۱۵۸﴾
    6 : 158 Же силер: «Эгер бизге Китеп түшүрүлгөндө, биз албетте, аларга караганда жакшыраак туура жолду тапкан болот элек», - деп айтпашыӊар үчүн (дагы). Демек, (эми) силерге Раббиӊерден бир ачык-айкын далил келди. Ал (дагы) хидаят, дагы рахмат. Демек, Алланын аяттарын жалганга чыгарган жана алардан жүз бурган бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар? Биздин аят-жышаандарыбыздан жүз бура тургандарды Биз албетте, алардын жүз бургандыгы үчүн бир катуу азап (түрүндө) жаман жазалар менен «сыйлайбыз».
  • ہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ تَاۡتِیَہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ اَوۡ یَاۡتِیَ رَبُّکَ اَوۡ یَاۡتِیَ بَعۡضُ اٰیٰتِ رَبِّکَ ؕ یَوۡمَ یَاۡتِیۡ بَعۡضُ اٰیٰتِ رَبِّکَ لَا یَنۡفَعُ نَفۡسًا اِیۡمَانُہَا لَمۡ تَکُنۡ اٰمَنَتۡ مِنۡ قَبۡلُ اَوۡ کَسَبَتۡ فِیۡۤ اِیۡمَانِہَا خَیۡرًا ؕ قُلِ انۡتَظِرُوۡۤا اِنَّا مُنۡتَظِرُوۡنَ ﴿۱۵۹﴾
    6 : 159 Алар өздөрүнө периштелердин келүүсүнөн же сенин Раббиӊдин келүүсүнөн же Раббиӊдин айрым аят-жышаандарынын келүүсүнөн бөлөк дагы бир нерсени күтүшүүдөбү? (Бирок), Раббиӊдин айрым аят-жышаандары жүз берген күнү илгери ыйман келтирбеген же өзүнүн ыйман абалында кандайдыр бир жакшылык кылбаган бир дагы жанга анын ыйманы эч пайда бербейт. Айт: «Эми күткүлө! Албетте, биз дагы күтүүчүбүз».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ فَرَّقُوۡا دِیۡنَہُمۡ وَ کَانُوۡا شِیَعًا لَّسۡتَ مِنۡہُمۡ فِیۡ شَیۡءٍ ؕ اِنَّمَاۤ اَمۡرُہُمۡ اِلَی اللّٰہِ ثُمَّ یُنَبِّئُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۱۶۰﴾
    6 : 160 Албетте, өз динин бөлөк-бөлөк кылып жиберген жана тайпаларга бөлүнүп кеткендер – алар менен сенин эч кандай алакаӊ жок. Алардын мамилеси Алланын колунда. Анан Ал аларга өздөрү кылып жүргөн амалдарынан кабар берет.
  • مَنۡ جَآءَ بِالۡحَسَنَۃِ فَلَہٗ عَشۡرُ اَمۡثَالِہَا ۚ وَ مَنۡ جَآءَ بِالسَّیِّئَۃِ فَلَا یُجۡزٰۤی اِلَّا مِثۡلَہَا وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۱۶۱﴾
    6 : 161 Ким жакшылык кылса, ага анын он эсе сыйлыгы бар жана ким жаманчылык кылса, ага ошого теӊ жаза берилет. Аларга зулумдук кылынбайт.
  • قُلۡ اِنَّنِیۡ ہَدٰٮنِیۡ رَبِّیۡۤ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ۬ۚ دِیۡنًا قِیَمًا مِّلَّۃَ اِبۡرٰہِیۡمَ حَنِیۡفًا ۚ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۶۲﴾
    6 : 162 Айт: «Албетте, Раббим мени туура жолго жолдоду: (аны) бир туруктуу дин жана бой сунган Ибраахиймдин жамааты (кылды). Ал эч качан мушриктерден эмес эле».
  • قُلۡ اِنَّ صَلَاتِیۡ وَ نُسُکِیۡ وَ مَحۡیَایَ وَ مَمَاتِیۡ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶۳﴾ۙ
    6 : 163 Айт: «Менин ибадатым, менин курмандыктарым, менин жашоом жана менин өлүмүм – бүтүн ааламдардын Раббиси Алла үчүн.
  • لَا شَرِیۡکَ لَہٗ ۚ وَ بِذٰلِکَ اُمِرۡتُ وَ اَنَا اَوَّلُ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۶۴﴾
    6 : 164 Анын эч кандай шериги жок. Мен ушуга буюрулганмын жана мен мусулмандардын эӊ биринчисимин».
  • قُلۡ اَغَیۡرَ اللّٰہِ اَبۡغِیۡ رَبًّا وَّ ہُوَ رَبُّ کُلِّ شَیۡءٍ ؕ وَ لَا تَکۡسِبُ کُلُّ نَفۡسٍ اِلَّا عَلَیۡہَا ۚ وَ لَا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ۚ ثُمَّ اِلٰی رَبِّکُمۡ مَّرۡجِعُکُمۡ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ فِیۡہِ تَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۱۶۵﴾
    6 : 165 (Аларга) айт: «Мен Алладан башка бир нерсени өзүмө Рабби кылып алууну жактырайынбы? Чынында, Ал бардык нерселердин Раббиси. Ар бир жан эмне жамандык кылган болсо, ал өзүнө кайтат жана эч бир жүк көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн көтөрбөйт. Анан силердин кайтышыӊар Раббиӊерге гана бар. Ошентип, Ал силерди силер талашып жүргөн нерселер тууралуу кулактандырат.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَکُمۡ خَلٰٓئِفَ الۡاَرۡضِ وَ رَفَعَ بَعۡضَکُمۡ فَوۡقَ بَعۡضٍ دَرَجٰتٍ لِّیَبۡلُوَکُمۡ فِیۡ مَاۤ اٰتٰکُمۡ ؕ اِنَّ رَبَّکَ سَرِیۡعُ الۡعِقَابِ ۫ۖ وَ اِنَّہٗ لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۶۶﴾٪
    6 : 166 Ал силерди жерге мураскер кылган жана Ал силерди Өзү силерге берген нерселер аркылуу сыноо үчүн айрымдарыӊарды-айрымдарыӊардан даражалар боюнча жогору кылган (Алла). Албетте, Раббиӊ жазалоодо абдан тез. Албетте, Ал кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via