Курани карим Юсуф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

یُوسُف

Юсуф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    12 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓرٰ ۟ تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ۟﴿۲﴾
    12 : 2 Аналлааху араа: Мен – Алламын. Мен көрөмүн. Булар – бир ачык-айкын Китептин аяттары.
  • اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنٰہُ قُرۡءٰنًا عَرَبِیًّا لَّعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۳﴾
    12 : 3 Силер акылыңарды иштетүүңөр үчүн, албетте, Биз аны арабча Куран катары түшүрдүк.
  • نَحۡنُ نَقُصُّ عَلَیۡکَ اَحۡسَنَ الۡقَصَصِ بِمَاۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنَ ٭ۖ وَ اِنۡ کُنۡتَ مِنۡ قَبۡلِہٖ لَمِنَ الۡغٰفِلِیۡنَ ﴿۴﴾
    12 : 4 Биз сага ушул Куранды түшүрүп, ал аркылуу далилденген тарыхый акыйкаттардын эң жакшысын сенин алдыңа баян кылабыз. Чынында, сен мындан илгери (бул жөнүндө) кабарсыздардан элең.
  • اِذۡ قَالَ یُوۡسُفُ لِاَبِیۡہِ یٰۤاَبَتِ اِنِّیۡ رَاَیۡتُ اَحَدَعَشَرَ کَوۡکَبًا وَّ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ رَاَیۡتُہُمۡ لِیۡ سٰجِدِیۡنَ ﴿۵﴾
    12 : 5 Юсуф атасына: «Эй, атам! Албетте, мен (түшүмдө) он бир жылдызды жана күн менен айды көрдүм. Мен аларды өзүмө сажда кылып жатканын көрдүм», - деген(ин эстегиле).
  • قَالَ یٰبُنَیَّ لَا تَقۡصُصۡ رُءۡیَاکَ عَلٰۤی اِخۡوَتِکَ فَیَکِیۡدُوۡا لَکَ کَیۡدًا ؕ اِنَّ الشَّیۡطٰنَ لِلۡاِنۡسَانِ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۶﴾
    12 : 6 Ал айтты: «Эй, сүйүктүү уулум! Түшүңдү ага-инилериңе айтпа. Болбосо, алар сага каршы кандайдыр бир айла-амал колдонушат. Албетте, шайтан адамзатка ачыктан-ачык душман.
  • وَ کَذٰلِکَ یَجۡتَبِیۡکَ رَبُّکَ وَ یُعَلِّمُکَ مِنۡ تَاۡوِیۡلِ الۡاَحَادِیۡثِ وَ یُتِمُّ نِعۡمَتَہٗ عَلَیۡکَ وَ عَلٰۤی اٰلِ یَعۡقُوۡبَ کَمَاۤ اَتَمَّہَا عَلٰۤی اَبَوَیۡکَ مِنۡ قَبۡلُ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡحٰقَ ؕ اِنَّ رَبَّکَ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ٪﴿۷﴾
    12 : 7 Ушундайча, Раббиң сени (Өзү үчүн) тандап алат жана сага маселелерди чечүү ыкмаларын үйрөтөт, ошондой эле Өз нээмат-кутун илгери ата-бабаларың Ибраахийм жана Исхаакка толуктаганы сыяктуу сага жана Яъкууб тукумуна дагы толуктайт. Албетте, Раббиң дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси».
  • لَقَدۡ کَانَ فِیۡ یُوۡسُفَ وَ اِخۡوَتِہٖۤ اٰیٰتٌ لِّلسَّآئِلِیۡنَ ﴿۸﴾
    12 : 8 Албетте, Юсуф жана анын туугандары (окуясын)да сурай тургандар үчүн бир канча аят-жышаандар бар.
  • اِذۡ قَالُوۡا لَیُوۡسُفُ وَ اَخُوۡہُ اَحَبُّ اِلٰۤی اَبِیۡنَا مِنَّا وَ نَحۡنُ عُصۡبَۃٌ ؕ اِنَّ اَبَانَا لَفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنِ ۣ ۚ﴿ۖ۹﴾
    12 : 9 (Эстегиле), качан алар айтышкан: «Албетте, Юсуф жана анын бир тууганы бизден көрө атабызга сүйкүмдүүрөөк. Ал эми, биз бир бекем топпуз. Албетте, биздин атабыз бир ачыктан-ачык каталыкка жол койгон.
  • اقۡتُلُوۡا یُوۡسُفَ اَوِ اطۡرَحُوۡہُ اَرۡضًا یَّخۡلُ لَکُمۡ وَجۡہُ اَبِیۡکُمۡ وَ تَکُوۡنُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ قَوۡمًا صٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰﴾
    12 : 10 Юсуфту өлтүргүлө же кандайдыр бир жерге таштап келгиле, ошондо атаңардын көңүлү жалаң силерде болот. Анан силер жакшы адамдар болуп каласыңар».
  • قَالَ قَآئِلٌ مِّنۡہُمۡ لَا تَقۡتُلُوۡا یُوۡسُفَ وَ اَلۡقُوۡہُ فِیۡ غَیٰبَتِ الۡجُبِّ یَلۡتَقِطۡہُ بَعۡضُ السَّیَّارَۃِ اِنۡ کُنۡتُمۡ فٰعِلِیۡنَ ﴿۱۱﴾
    12 : 11 Алардын арасынан бир айтуучу: «Юсуфту өлтүрбөгүлө, тескерисинче, аны жайлоого жакын жайгашкан кандайдыр бир кудуктун түбүнө таштап жибергиле, кандайдыр бир кербен аны алып кетет. Эгер силер бирдеме кылмакчы болсоңор, (мына ошону кылгыла!)» - деп айтты.
  • قَالُوۡا یٰۤاَبَانَا مَا لَکَ لَا تَاۡمَنَّا عَلٰی یُوۡسُفَ وَ اِنَّا لَہٗ لَنٰصِحُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    12 : 12 Алар айтышты: «Эй, атабыз! Сага эмне болду, Юсуф туурасында бизге ишенбейсиң? Чынында, биз албетте, ага боордошпуз.
  • اَرۡسِلۡہُ مَعَنَا غَدًا یَّرۡتَعۡ وَ یَلۡعَبۡ وَ اِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    12 : 13 Эртең аны биз менен жөнөт, жеп-ичип, ойноп келсин. Биз аны албетте, коргойбуз».
  • قَالَ اِنِّیۡ لَیَحۡزُنُنِیۡۤ اَنۡ تَذۡہَبُوۡا بِہٖ وَ اَخَافُ اَنۡ یَّاۡکُلَہُ الذِّئۡبُ وَ اَنۡتُمۡ عَنۡہُ غٰفِلُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    12 : 14 Ал айтты: «Аны өзүңөр менен бирге алып кетмекчи болуп жатканыңар мени абдан кабатыр кылат жана силер андан бейкабар болгонуңарда, аны бөрү жеп кетпесин, деп коркомун».
  • قَالُوۡا لَئِنۡ اَکَلَہُ الذِّئۡبُ وَ نَحۡنُ عُصۡبَۃٌ اِنَّاۤ اِذًا لَّخٰسِرُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    12 : 15 Алар айтышты: «Биздин күчтүү жамаат болушубузга карабастан, эгер аны бөрү жеп кетсе, анда биз албетте, зыян көрүүчүлөр болобуз».
  • فَلَمَّا ذَہَبُوۡا بِہٖ وَ اَجۡمَعُوۡۤا اَنۡ یَّجۡعَلُوۡہُ فِیۡ غَیٰبَتِ الۡجُبِّ ۚ وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡہِ لَتُنَبِّئَنَّہُمۡ بِاَمۡرِہِمۡ ہٰذَا وَ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    12 : 16 Анан алар аны өздөрү менен бирге алып кетишкенде жана жайлоого жакын жайгашкан бир кудуктун түбүнө аны таштап жиберүүгө келишкенде, Биз ага: «Сен (бир күнү) албетте, аларга өздөрүнүн бул кылмышын айкын кыласың жана (сенин ким экениңди) алар билишпейт», - деп вахий-аян жөнөттүк.
  • وَ جَآءُوۡۤ اَبَاہُمۡ عِشَآءً یَّبۡکُوۡنَ ؕ﴿۱۷﴾
    12 : 17 Кечинде алар ыйлаган бойдон атасынын алдына келишти.
  • قَالُوۡا یٰۤاَبَانَاۤ اِنَّا ذَہَبۡنَا نَسۡتَبِقُ وَ تَرَکۡنَا یُوۡسُفَ عِنۡدَ مَتَاعِنَا فَاَکَلَہُ الذِّئۡبُ ۚ وَ مَاۤ اَنۡتَ بِمُؤۡمِنٍ لَّنَا وَ لَوۡ کُنَّا صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    12 : 18 Алар айтышты: «Эй, атабыз! Албетте, биз Юсуфту буюмдарыбыздын алдына калтырып, куушмак ойнотуп, (алыстап) кетиптирбиз. Ошондо, аны бөрү жеп кетиптир. Эми биз чынчыл болсок дагы, сен баары бир бизге ишенбейсиң».
  • وَ جَآءُوۡ عَلٰی قَمِیۡصِہٖ بِدَمٍ کَذِبٍ ؕ قَالَ بَلۡ سَوَّلَتۡ لَکُمۡ اَنۡفُسُکُمۡ اَمۡرًا ؕ فَصَبۡرٌ جَمِیۡلٌ ؕ وَ اللّٰہُ الۡمُسۡتَعَانُ عَلٰی مَا تَصِفُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    12 : 19 Алар анын көйнөгүн жалган канга боёп келтиришти. Ал айтты: «Жок, напсиңер силерге бир өтө оор ишти арзыбас жана жеңил кылып койду. Демек, аруу сабыр(дан башка мен эмне кыла аламын?) Силер айтып жаткан (нерсе)ге каршы Алладан гана жардам тилеш керек».
  • وَ جَآءَتۡ سَیَّارَۃٌ فَاَرۡسَلُوۡا وَارِدَہُمۡ فَاَدۡلٰی دَلۡوَہٗ ؕ قَالَ یٰبُشۡرٰی ہٰذَا غُلٰمٌ ؕ وَ اَسَرُّوۡہُ بِضَاعَۃً ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    12 : 20 Бир кербен келип, алар өздөрүнүн суу ташуучусун жөнөтүштү. Ал чакасын кудукка таштады. Ал айтты: «Эй, (кербендегилер!) Сүйүнчү! Бул бир эркек бала го». Алар аны кудум дүнүйө-мүлк катары жашырып коюшту. Алла алар кылып жаткан иштеринен жакшы кабардар эле.
  • وَ شَرَوۡہُ بِثَمَنٍۭ بَخۡسٍ دَرَاہِمَ مَعۡدُوۡدَۃٍ ۚ وَ کَانُوۡا فِیۡہِ مِنَ الزَّاہِدِیۡنَ ﴿٪۲۱﴾
    12 : 21 Алар аны арзыбас баага бир нече дирхамга сатып жиберишти. Алар ал туурасында такыр кызыкпас эле.
  • وَ قَالَ الَّذِی اشۡتَرٰٮہُ مِنۡ مِّصۡرَ لِامۡرَاَتِہٖۤ اَکۡرِمِیۡ مَثۡوٰٮہُ عَسٰۤی اَنۡ یَّنۡفَعَنَاۤ اَوۡ نَتَّخِذَہٗ وَلَدًا ؕ وَ کَذٰلِکَ مَکَّنَّا لِیُوۡسُفَ فِی الۡاَرۡضِ ۫ وَ لِنُعَلِّمَہٗ مِنۡ تَاۡوِیۡلِ الۡاَحَادِیۡثِ ؕ وَ اللّٰہُ غَالِبٌ عَلٰۤی اَمۡرِہٖ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    12 : 22 Аны Мисирден сатып алган киши өз аялына айтты: «Муну урмат менен жайгаштыр. Балким, бул бизге пайда келтирээр же аны уул кылып аларбыз». Ушинтип, Биз Юсуфка жерден жай бердик. Маселелерди чечүү билимин ага үйрөтүүбүз үчүн (мына ушундай өзгөчө шарттарды түздүк). Алла Өз чечиминин үстүнөн жеңүүчү, бирок көп кишилер билишпейт.
  • وَ لَمَّا بَلَغَ اَشُدَّہٗۤ اٰتَیۡنٰہُ حُکۡمًا وَّ عِلۡمًا ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    12 : 23 Ал баралына толгондо, Биз ага хикмат-акылмандык жана билим бердик. Жакшы иш кылуучуларга Биз мына ушундай сыйлык беребиз.
  • وَ رَاوَدَتۡہُ الَّتِیۡ ہُوَ فِیۡ بَیۡتِہَا عَنۡ نَّفۡسِہٖ وَ غَلَّقَتِ الۡاَبۡوَابَ وَ قَالَتۡ ہَیۡتَ لَکَ ؕ قَالَ مَعَاذَ اللّٰہِ اِنَّہٗ رَبِّیۡۤ اَحۡسَنَ مَثۡوَایَ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    12 : 24 Ал жашаган үйдүн аялы аны каалоосуна каршы жолдон азгырмакчы болду. Ал эшиктерди жаап алды жана айтты: «Кана, менин алдыма келчи!» Ал (Юсуф) айтты: «Алладан панаа сураймын! Албетте, Ал турак жайымды жакшы кылып койгон – менин Раббим. Албетте, заалимдер ийгиликке жетишпейт».
  • وَ لَقَدۡ ہَمَّتۡ بِہٖ ۚ وَ ہَمَّ بِہَا لَوۡ لَاۤ اَنۡ رَّاٰ بُرۡہَانَ رَبِّہٖ ؕ کَذٰلِکَ لِنَصۡرِفَ عَنۡہُ السُّوۡٓءَ وَ الۡفَحۡشَآءَ ؕ اِنَّہٗ مِنۡ عِبَادِنَا الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۲۵﴾
    12 : 25 Албетте, ал (аял) буга бекем ниет койгон эле. Ал (Юсуф) эгер өз Раббисинин бир улуу далилин көрбөгөндө, ал дагы буга ниет коймок. Биз андан жамандык жана бузукулукту четтетишибиз үчүн ушундай жол туттук. Албетте, ал Биздин берилген пенделерибизден болчу.
  • وَ اسۡتَبَقَا الۡبَابَ وَ قَدَّتۡ قَمِیۡصَہٗ مِنۡ دُبُرٍ وَّ اَلۡفَیَا سَیِّدَہَا لَدَا الۡبَابِ ؕ قَالَتۡ مَا جَزَآءُ مَنۡ اَرَادَ بِاَہۡلِکَ سُوۡٓءًا اِلَّاۤ اَنۡ یُّسۡجَنَ اَوۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۲۶﴾
    12 : 26 Ал экөөсү тең эшикти көздөй жүгүрүштү жана ал (аял) аны аркасынан (тарткан бойдон) көйнөгүн жыртып жиберди. Эшик алдында ал экөөсү анын күйөөсүнө туш келишти. Ал (аял) айтты: «Аялыңа карата жамандыкка ниет койгон кишинин жазасы зынданга алынуу же оор азаптан бөлөк эмне болушу мүмкүн?»
  • قَالَ ہِیَ رَاوَدَتۡنِیۡ عَنۡ نَّفۡسِیۡ وَ شَہِدَ شَاہِدٌ مِّنۡ اَہۡلِہَا ۚ اِنۡ کَانَ قَمِیۡصُہٗ قُدَّ مِنۡ قُبُلٍ فَصَدَقَتۡ وَ ہُوَ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۲۷﴾
    12 : 27 Ал (Юсуф) айтты: «Бул (аял) мени напсим жөнүндө жолдон чыгармакчы болду». Ал (аял)дын үй-бүлөсүнөн бир күбө мындай күбөлүк берди: «Эгер анын көйнөгү алдыңкы тараптан жыртылган болсо, анда бул (аял) чын айтат, ал Юсуф болсо жалганчылардан.
  • وَ اِنۡ کَانَ قَمِیۡصُہٗ قُدَّ مِنۡ دُبُرٍ فَکَذَبَتۡ وَ ہُوَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    12 : 28 Жана эгер анын көйнөгү арка тараптан жыртылган болсо, анда бул (аял) жалган айтып жатат, ал (Юсуф) болсо, чынчылдардан».
  • فَلَمَّا رَاٰ قَمِیۡصَہٗ قُدَّ مِنۡ دُبُرٍ قَالَ اِنَّہٗ مِنۡ کَیۡدِکُنَّ ؕ اِنَّ کَیۡدَکُنَّ عَظِیۡمٌ ﴿۲۹﴾
    12 : 29 Ошентип, анын көйнөгүн арка тараптан жыртылганын көргөндө, ал (аялына) айтты: «Албетте, бул (окуя) силердин айла-амалыңардан болду. (Эй, аялдар!) Албетте, силердин амалыңар абдан күчтүү.
  • یُوۡسُفُ اَعۡرِضۡ عَنۡ ہٰذَا ٜ وَ اسۡتَغۡفِرِیۡ لِذَنۡۢبِکِ ۚۖ اِنَّکِ کُنۡتِ مِنَ الۡخٰطِئِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾
    12 : 30 Эй, Юсуф! Мындан жүз бургун. (Эй, аял!) Сен кылган күнөөң үчүн кечирим сурагын! Албетте, сен өзүң гана күнөөкөрлөрдөн элең».
  • وَ قَالَ نِسۡوَۃٌ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ امۡرَاَتُ الۡعَزِیۡزِ تُرَاوِدُ فَتٰٮہَا عَنۡ نَّفۡسِہٖ ۚ قَدۡ شَغَفَہَا حُبًّا ؕ اِنَّا لَنَرٰٮہَا فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۳۱﴾
    12 : 31 Шаардагы аялдар айтышты: «Башчынын аялы өзүнүн кулун анын напсиси боюнча аны жолдон чыгармакчы болуптур. Ал анын сүйүүсүнө кабылыптыр. Албетте, биз анын ачыктан-ачык адашканын көрүүдөбүз».
  • فَلَمَّا سَمِعَتۡ بِمَکۡرِہِنَّ اَرۡسَلَتۡ اِلَیۡہِنَّ وَ اَعۡتَدَتۡ لَہُنَّ مُتَّکَاً وَّ اٰتَتۡ کُلَّ وَاحِدَۃٍ مِّنۡہُنَّ سِکِّیۡنًا وَّ قَالَتِ اخۡرُجۡ عَلَیۡہِنَّ ۚ فَلَمَّا رَاَیۡنَہٗۤ اَکۡبَرۡنَہٗ وَ قَطَّعۡنَ اَیۡدِیَہُنَّ وَ قُلۡنَ حَاشَ لِلّٰہِ مَا ہٰذَا بَشَرًا ؕ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا مَلَکٌ کَرِیۡمٌ ﴿۳۲﴾
    12 : 32 Ошентип, ал (аял) алардын айла-амалдарын укканда, аларга киши жиберип, алар үчүн жөлөнүп отура турган жай даярдады жана алардын ар бирине бирден бычак берди, анан (Юсуфка) айтты: «Алардын алдына чык!» Ошентип, алар аны көрүшкөндө, бир улуу мартабалуу инсан деп ойлошуп, колдорун кесип алышты жана: «Алла Таза! Бул адам эмес, бул бир гана урматтуу периште», - дешти.
  • قَالَتۡ فَذٰلِکُنَّ الَّذِیۡ لُمۡتُنَّنِیۡ فِیۡہِ ؕ وَ لَقَدۡ رَاوَدۡتُّہٗ عَنۡ نَّفۡسِہٖ فَاسۡتَعۡصَمَ ؕ وَ لَئِنۡ لَّمۡ یَفۡعَلۡ مَاۤ اٰمُرُہٗ لَیُسۡجَنَنَّ وَ لَیَکُوۡنًا مِّنَ الصّٰغِرِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    12 : 33 Ал айтты: «Мына ушул адам себептүү силер мени жемеледиңер. Албетте, мен аны напсиси жөнүндө жолдон чыгаруу үчүн аракет кылдым, бирок ал өзүн сактады. Эгер ал менин буйругумду аткарбаса, анда сөзсүз камалат жана сөзсүз кордолгон адамдардан болуп калат».
  • قَالَ رَبِّ السِّجۡنُ اَحَبُّ اِلَیَّ مِمَّا یَدۡعُوۡنَنِیۡۤ اِلَیۡہِ ۚ وَ اِلَّا تَصۡرِفۡ عَنِّیۡ کَیۡدَہُنَّ اَصۡبُ اِلَیۡہِنَّ وَ اَکُنۡ مِّنَ الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۳۴﴾
    12 : 34 (Юсуф) айтты: «Эй, Раббим! Алар (аялдар) мени чакыра турган нерседен көрө мага зындан жакшыраак. Эгер Сен алардын айла-амалын менден алыс кылбасаң, мен аларга ооп кетемин жана наадандардан болуп каламын».
  • فَاسۡتَجَابَ لَہٗ رَبُّہٗ فَصَرَفَ عَنۡہُ کَیۡدَہُنَّ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۳۵﴾
    12 : 35 Ошентип, Раббиси анын дубасын кабыл кылды жана алардын айла-амалын андан алыстатты. Албетте, Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • ثُمَّ بَدَا لَہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا رَاَوُا الۡاٰیٰتِ لَیَسۡجُنُنَّہٗ حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿٪۳۶﴾
    12 : 36 Анан алар белгилерди көргөндөн кийин, аларга айкын болду: бир канча убакытка чейин аны сөзсүз зынданда кармоо керек.
  • وَ دَخَلَ مَعَہُ السِّجۡنَ فَتَیٰنِ ؕ قَالَ اَحَدُہُمَاۤ اِنِّیۡۤ اَرٰٮنِیۡۤ اَعۡصِرُ خَمۡرًا ۚ وَ قَالَ الۡاٰخَرُ اِنِّیۡۤ اَرٰٮنِیۡۤ اَحۡمِلُ فَوۡقَ رَاۡسِیۡ خُبۡزًا تَاۡکُلُ الطَّیۡرُ مِنۡہُ ؕ نَبِّئۡنَا بِتَاۡوِیۡلِہٖ ۚ اِنَّا نَرٰٮکَ مِنَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    12 : 37 Аны менен бирге зынданга эки жигит дагы түштү. Алардын бири айтты: «Мен (түшүмдө) өзүмдү шарап даярдоо үчүн шербет чыгарып жатканымды көрдүм». Экинчиси мындай деди: «Мен (түшүмдө) өзүмдү башыма нан көтөрүп турганымды жана куштар андан жеп жатканын көрдүм. Бизге муну жооруп бер. Албетте, биз сенин изги иштер кылуучулардан экениңди көрүүдөбүз».
  • قَالَ لَا یَاۡتِیۡکُمَا طَعَامٌ تُرۡزَقٰنِہٖۤ اِلَّا نَبَّاۡتُکُمَا بِتَاۡوِیۡلِہٖ قَبۡلَ اَنۡ یَّاۡتِیَکُمَا ؕ ذٰلِکُمَا مِمَّا عَلَّمَنِیۡ رَبِّیۡ ؕ اِنِّیۡ تَرَکۡتُ مِلَّۃَ قَوۡمٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    12 : 38 Ал айтты: «Силерге бериле турган тамак келе электе, анын келүүсүнөн мурунураак мен бул (түштөр)дү силерге жооруп беремин. Бул (жооруганым) Раббим мага үйрөткөн (билим)ден. Аллага ыйман келтирбей турган жана акыретти четке кага турган коомдун дининен чыгып кеткенмин.
  • وَ اتَّبَعۡتُ مِلَّۃَ اٰبَآءِیۡۤ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ ؕ مَا کَانَ لَنَاۤ اَنۡ نُّشۡرِکَ بِاللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ ذٰلِکَ مِنۡ فَضۡلِ اللّٰہِ عَلَیۡنَا وَ عَلَی النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    12 : 39 Мен ата-бабаларым – Ибраахийм, Исхаак жана Яъкуубдун динин аркаладым. Аллага кандайдыр бир нерсени шерик кылуу бизге жарашпайт эле. Бул нерсе бизге жана (момун) адамдарга Алланын берешендиги. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүкүр кылышпайт.
  • یٰصَاحِبَیِ السِّجۡنِ ءَاَرۡبَابٌ مُّتَفَرِّقُوۡنَ خَیۡرٌ اَمِ اللّٰہُ الۡوَاحِدُ الۡقَہَّارُ ﴿ؕ۴۰﴾
    12 : 40 Эй, менин зындандаш эки досум! Түрдүү кудайлар жакшыраакпы же эң жеңүүчү жалгыз Аллабы?
  • مَا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اِلَّاۤ اَسۡمَآءً سَمَّیۡتُمُوۡہَاۤ اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمۡ مَّاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ بِہَا مِنۡ سُلۡطٰنٍ ؕ اِنِ الۡحُکۡمُ اِلَّا لِلّٰہِ ؕ اَمَرَ اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّاۤ اِیَّاہُ ؕ ذٰلِکَ الدِّیۡنُ الۡقَیِّمُ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۱﴾
    12 : 41 Ал (Алла)нын ордуна силер жана ата-бабаларыңар аларга – (ойлоп чыгарган теңирлериңерге) атаган наамдарга гана ибадат кыласыңар. Алла аларды колдоп-кубаттоо үчүн кандайдыр бир жеңип чыга турган далил түшүргөн эмес. Өкүм кылуу жалаң Аллага гана тийиштүү. Ал жалаң Анын Өзүнө гана ибадат кылууңарды буюрган. Бул бекем туруучу жана туруктуулук берүүчү дин, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билбейт.
  • یٰصَاحِبَیِ السِّجۡنِ اَمَّاۤ اَحَدُ کُمَا فَیَسۡقِیۡ رَبَّہٗ خَمۡرًا ۚ وَ اَمَّا الۡاٰخَرُ فَیُصۡلَبُ فَتَاۡکُلُ الطَّیۡرُ مِنۡ رَّاۡسِہٖ ؕ قُضِیَ الۡاَمۡرُ الَّذِیۡ فِیۡہِ تَسۡتَفۡتِیٰنِ ﴿ؕ۴۲﴾
    12 : 42 Эй, менин зындандаш эки досум! Силердин бирөөңөр өз кожоюнуна арак ичирет; экинчиси болсо, дарга асылат. Анан куштар анын башынан (чокуп) жейт. Экөөңөр сураган нерсе тууралуу өкүм кылынды».
  • وَ قَالَ لِلَّذِیۡ ظَنَّ اَنَّہٗ نَاجٍ مِّنۡہُمَا اذۡکُرۡنِیۡ عِنۡدَ رَبِّکَ ۫ فَاَنۡسٰہُ الشَّیۡطٰنُ ذِکۡرَ رَبِّہٖ فَلَبِثَ فِی السِّجۡنِ بِضۡعَ سِنِیۡنَ ﴿ؕ٪۴۳﴾
    12 : 43 Ал экөөсүнүн бири кутулат деп күмөн кылган кишиге: «Кожоюнуңдун алдында мени тилге алгын», - деди. Бирок, шайтан өз кожосунун алдында (аны) тилге алууну ал (жигит)тин эсинен чыгарып жиберди. Ошентип, ал бир нече жыл зынданда калып калды.
  • وَ قَالَ الۡمَلِکُ اِنِّیۡۤ اَرٰی سَبۡعَ بَقَرٰتٍ سِمَانٍ یَّاۡکُلُہُنَّ سَبۡعٌ عِجَافٌ وَّ سَبۡعَ سُنۡۢبُلٰتٍ خُضۡرٍ وَّ اُخَرَ یٰبِسٰتٍ ؕ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَاُ اَفۡتُوۡنِیۡ فِیۡ رُءۡیَایَ اِنۡ کُنۡتُمۡ لِلرُّءۡیَا تَعۡبُرُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    12 : 44 Падыша (сарайда) баян кылды: «Мен түшүмдө жети семиз уй көрүпмүн: аларды жети арык уй жеп жатат; ошондой эле жети жашыл машак жана башка куураган машактарды дагы (көрүпмүн). Эй, башчылар! Эгер силер түштөрдү жооруй алсаңар, мага ушул түшүмдү жооруп бергиле».
  • قَالُوۡۤا اَضۡغَاثُ اَحۡلَامٍ ۚ وَ مَا نَحۡنُ بِتَاۡوِیۡلِ الۡاَحۡلَامِ بِعٰلِمِیۡنَ ﴿۴۵﴾
    12 : 45 Алар айтышты: «Булар чаржайыт ойлордон турган напсилик түштөр экен, а биз напсилик түштөрдүн жоорулушун билбейбиз».
  • وَ قَالَ الَّذِیۡ نَجَا مِنۡہُمَا وَ ادَّکَرَ بَعۡدَ اُمَّۃٍ اَنَا اُنَبِّئُکُمۡ بِتَاۡوِیۡلِہٖ فَاَرۡسِلُوۡنِ ﴿۴۶﴾
    12 : 46 Ошол эки (зындандагы)нын арасынан кутулган киши бир топ убактан кийин (Юсуфту) эстеп, мындай деди: «Бул түштүн жоорулушун мен силерге айтып беремин, ал үчүн мени (Юсуфтун алдына) жөнөткүлө».
  • یُوۡسُفُ اَیُّہَا الصِّدِّیۡقُ اَفۡتِنَا فِیۡ سَبۡعِ بَقَرٰتٍ سِمَانٍ یَّاۡکُلُہُنَّ سَبۡعٌ عِجَافٌ وَّ سَبۡعِ سُنۡۢبُلٰتٍ خُضۡرٍ وَّ اُخَرَ یٰبِسٰتٍ ۙ لَّعَلِّیۡۤ اَرۡجِعُ اِلَی النَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    12 : 47 «Юсуф, эй, чынчыл! Бизге жети семиз уйду жеп жаткан жети арык уй, ошондой эле жети жашыл машак жана куурап калган машак туурасындагы маселени түшүндүргүн, мен адамдардын алдына кайтып барайын. Ыктымал, алар (чечмеленишин) билип алышаар».
  • قَالَ تَزۡرَعُوۡنَ سَبۡعَ سِنِیۡنَ دَاَبًا ۚ فَمَا حَصَدۡتُّمۡ فَذَرُوۡہُ فِیۡ سُنۡۢبُلِہٖۤ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّمَّا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    12 : 48 Ал айтты: «Силер жети жыл үзгүлтүксүз дан эгесиңер. Анан жыйып алган (түшүм)үңөрдөн өзүңөр жей турган бир аздан башкасын машак бойдон калтыргыла.
  • ثُمَّ یَاۡتِیۡ مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ سَبۡعٌ شِدَادٌ یَّاۡکُلۡنَ مَا قَدَّمۡتُمۡ لَہُنَّ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّمَّا تُحۡصِنُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    12 : 49 Ошондон кийин абдан оор жети (жыл) келип, силер алар үчүн топтогонуңардын бир азын (келечекте эгүү үчүн) калтырганыңардан башкасынын баарын алар жеп коёт.
  • ثُمَّ یَاۡتِیۡ مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ عَامٌ فِیۡہِ یُغَاثُ النَّاسُ وَ فِیۡہِ یَعۡصِرُوۡنَ ﴿٪۵۰﴾
    12 : 50 Анан, мындан кийин бир жыл келет: анда адамдарга молчулук берилет жана анда алар (мөмөлөрдөн) шербет чыгарышат».
  • وَ قَالَ الۡمَلِکُ ائۡتُوۡنِیۡ بِہٖ ۚ فَلَمَّا جَآءَہُ الرَّسُوۡلُ قَالَ ارۡجِعۡ اِلٰی رَبِّکَ فَسۡـَٔلۡہُ مَا بَالُ النِّسۡوَۃِ الّٰتِیۡ قَطَّعۡنَ اَیۡدِیَہُنَّ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ بِکَیۡدِہِنَّ عَلِیۡمٌ ﴿۵۱﴾
    12 : 51 Падыша айтты: «Аны менин алдыма алып келгиле». Анан элчи ал (Юсуф)тун алдына келгенде, ал айтты: «Кожоюнуңдун алдына кайтып баргын жана андан: «Колдорун кескилеп алган аялдардын абалы эмне болду экен?» - деп сурагын. Албетте, менин Раббим алардын айла-амалын абдан жакшы билет».
  • قَالَ مَا خَطۡبُکُنَّ اِذۡ رَاوَدۡتُّنَّ یُوۡسُفَ عَنۡ نَّفۡسِہٖ ؕ قُلۡنَ حَاشَ لِلّٰہِ مَا عَلِمۡنَا عَلَیۡہِ مِنۡ سُوۡٓءٍ ؕ قَالَتِ امۡرَاَتُ الۡعَزِیۡزِ الۡـٰٔنَ حَصۡحَصَ الۡحَقُّ ۫ اَنَا رَاوَدۡتُّہٗ عَنۡ نَّفۡسِہٖ وَ اِنَّہٗ لَمِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۵۲﴾
    12 : 52 Ал (падыша) сурады: «Эй, (аялдар!) Юсуфту анын напсиси жөнүндө жолдон чыгармакчы болгонуңарда, ишиңер кандай эле?» Алар айтышты: «Алла Таза! Биз анда кандайдыр бир жаманчылык көрбөдүк». Башчынын аялы айтты: «Мына эми акыйкат ачыкка чыкты. Мен өзүм аны напсиси жөнүндө жолдон чыгармакчы болгон элем. Албетте, ал чынчылдардан».
  • ذٰلِکَ لِیَعۡلَمَ اَنِّیۡ لَمۡ اَخُنۡہُ بِالۡغَیۡبِ وَ اَنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ کَیۡدَ الۡخَآئِنِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    12 : 53 (Юсуф айтты): «Мен анын жоктугунда ага кыянат кылбаганымды ал (Мисир Азизи) билип алсын деп ушундай кылдым. Албетте, Алла кыянатчылардын айла-амалынын ишке ашуусуна жол койбойт.
  • وَ مَاۤ اُبَرِّیٴُ نَفۡسِیۡ ۚ اِنَّ النَّفۡسَ لَاَمَّارَۃٌۢ بِالسُّوۡٓءِ اِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّیۡ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۵۴﴾
    12 : 54 Мен өз напсимди ак дебеймин. Албетте, напси жамандыкка көп буюруучу. (Ооба), менин Раббим ырайым кылган Зат болсо, анда башка кеп. Албетте, Раббим өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • وَ قَالَ الۡمَلِکُ ائۡتُوۡنِیۡ بِہٖۤ اَسۡتَخۡلِصۡہُ لِنَفۡسِیۡ ۚ فَلَمَّا کَلَّمَہٗ قَالَ اِنَّکَ الۡیَوۡمَ لَدَیۡنَا مَکِیۡنٌ اَمِیۡنٌ ﴿۵۵﴾
    12 : 55 Падыша айтты: «Аны менин алдыма келтиргиле, мен аны өзүмө тандап аламын». Анан, аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Албетте, сен бүгүн(дөн баштап) биздин алдыбызда абдан абройлуу (жана) ишенимдүүсүӊ».
  • قَالَ اجۡعَلۡنِیۡ عَلٰی خَزَآئِنِ الۡاَرۡضِ ۚ اِنِّیۡ حَفِیۡظٌ عَلِیۡمٌ ﴿۵۶﴾
    12 : 56 Ал айтты: «Мени өлкөдөгү казыналарга (казына башчы кылып) койгун. Мен абдан жакшы сактоочу (жана) билүүчүмүн».
  • وَ کَذٰلِکَ مَکَّنَّا لِیُوۡسُفَ فِی الۡاَرۡضِ ۚ یَتَبَوَّاُ مِنۡہَا حَیۡثُ یَشَآءُ ؕ نُصِیۡبُ بِرَحۡمَتِنَا مَنۡ نَّشَآءُ وَ لَا نُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    12 : 57 Ушундай кылып, Биз Юсуфту өлкөдө абройлуу кызмат бердик. Ал анда өзү каалаган жайында турчу эле. Биз рахматыбызды каалаган пендебизге жеткиребиз. Биз изги иштер кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейбиз.
  • وَ لَاَجۡرُ الۡاٰخِرَۃِ خَیۡرٌ لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ کَانُوۡا یَتَّقُوۡنَ ﴿٪۵۸﴾
    12 : 58 Акыреттеги сыйлык, албетте, ыйман келтирип, Алладан коркуп тургандар үчүн жакшыраак.
  • وَ جَآءَ اِخۡوَۃُ یُوۡسُفَ فَدَخَلُوۡا عَلَیۡہِ فَعَرَفَہُمۡ وَ ہُمۡ لَہٗ مُنۡکِرُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    12 : 59 Юсуфтун ага-инилери келип, анын алдына киришти. Ошондо, ал аларды тааныды, бирок алар аны таанышпады.
  • وَ لَمَّا جَہَّزَہُمۡ بِجَہَازِہِمۡ قَالَ ائۡتُوۡنِیۡ بِاَخٍ لَّکُمۡ مِّنۡ اَبِیۡکُمۡ ۚ اَلَا تَرَوۡنَ اَنِّیۡۤ اُوۡفِی الۡکَیۡلَ وَ اَنَا خَیۡرُ الۡمُنۡزِلِیۡنَ ﴿۶۰﴾
    12 : 60 Ал аларды эмеректери менен (узатуу үчүн) даяр кылып койгондо айтты: «Атаӊар бир болгон иниӊерди дагы менин алдыма келтиргиле, силерге өлчөөнү толук кылып берээримди жана эӊ жакшы меймандос экенимди көрбөйсүӊөрбү?»
  • فَاِنۡ لَّمۡ تَاۡتُوۡنِیۡ بِہٖ فَلَا کَیۡلَ لَکُمۡ عِنۡدِیۡ وَ لَا تَقۡرَبُوۡنِ ﴿۶۱﴾
    12 : 61 Анан, эгер менин алдыма аны келтирбесеӊер, анда менин алдымда силер үчүн эч кандай өлчөм (дан) жок жана мага жакын дагы келбегиле».
  • قَالُوۡا سَنُرَاوِدُ عَنۡہُ اَبَاہُ وَ اِنَّا لَفٰعِلُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    12 : 62 Алар айтышты: «Биз ал жөнүндө атасын албетте, жолдон чыгарабыз. Биз албетте, (ушул ишти) сөзсүз кылуучубуз».
  • وَ قَالَ لِفِتۡیٰنِہِ اجۡعَلُوۡا بِضَاعَتَہُمۡ فِیۡ رِحَالِہِمۡ لَعَلَّہُمۡ یَعۡرِفُوۡنَہَاۤ اِذَا انۡقَلَبُوۡۤا اِلٰۤی اَہۡلِہِمۡ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    12 : 63 Ал өзүнүн кызматчыларына айтты: «Алардын акчаларын жүктөрүнө салып койгула, балким алар өз үйдөгүлөрүнө кайтып барышканда, аны көӊүлгө алышаар. (Ошондо), балким, алар кайтып келишээр».
  • فَلَمَّا رَجَعُوۡۤا اِلٰۤی اَبِیۡہِمۡ قَالُوۡا یٰۤاَبَانَا مُنِعَ مِنَّا الۡکَیۡلُ فَاَرۡسِلۡ مَعَنَاۤ اَخَانَا نَکۡتَلۡ وَ اِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    12 : 64 Ошентип, алар атасынын алдына кайтып келишкенде, айтышты: «Эй, атабыз! Бизге өлчөм (дан) тыюу салынды. Ошондуктан, биз өлчөм (дан) алышыбыз үчүн инибизди биз менен бирге жөнөткүн. Биз албетте, ал (инибиз)ди сөзсүз коргойбуз».
  • قَالَ ہَلۡ اٰمَنُکُمۡ عَلَیۡہِ اِلَّا کَمَاۤ اَمِنۡتُکُمۡ عَلٰۤی اَخِیۡہِ مِنۡ قَبۡلُ ؕ فَاللّٰہُ خَیۡرٌ حٰفِظًا ۪ وَّ ہُوَ اَرۡحَمُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿۶۵﴾
    12 : 65 Ал айтты: «Мен силерге (мындан мурун) анын бир тууганы жөнүндө ишенгеним сыяктуу, бул жөнүндө дагы силерге андан башкача ишене аламынбы? Демек, Алла эӊ жакшы коргоочу жана Анын Өзү гана бардык ырайым кылуучулардын эӊ жакшысы».
  • وَ لَمَّا فَتَحُوۡا مَتَاعَہُمۡ وَجَدُوۡا بِضَاعَتَہُمۡ رُدَّتۡ اِلَیۡہِمۡ ؕ قَالُوۡا یٰۤاَبَانَا مَا نَبۡغِیۡ ؕ ہٰذِہٖ بِضَاعَتُنَا رُدَّتۡ اِلَیۡنَا ۚ وَ نَمِیۡرُ اَہۡلَنَا وَ نَحۡفَظُ اَخَانَا وَ نَزۡدَادُ کَیۡلَ بَعِیۡرٍ ؕ ذٰلِکَ کَیۡلٌ یَّسِیۡرٌ ﴿۶۶﴾
    12 : 66 Анан жүктөрүн ачкандарында, акчаларынын өздөрүнө кайтарылганын көрүштү. Алар айтышты: «Эй, атабыз! Бизге (дагы) эмне керек? Мына акчабыз бизге кайтарылып берилиптир! Биз үй-бүлөбүз үчүн дан келтиребиз жана инибизди коргойбуз, мындан тышкары кошумча түрдө бир төө жүк келтиребиз. Бул абдан жеӊил соода».
  • قَالَ لَنۡ اُرۡسِلَہٗ مَعَکُمۡ حَتّٰی تُؤۡتُوۡنِ مَوۡثِقًا مِّنَ اللّٰہِ لَتَاۡتُنَّنِیۡ بِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ یُّحَاطَ بِکُمۡ ۚ فَلَمَّاۤ اٰتَوۡہُ مَوۡثِقَہُمۡ قَالَ اللّٰہُ عَلٰی مَا نَقُوۡلُ وَکِیۡلٌ ﴿۶۷﴾
    12 : 67 Ал айтты: Силер: «Албетте, аны жаныӊа (кайтарып) алып келебиз», - деп Алла (аты)нан бекем убада бермейинче, аны силер менен бирге эч жөнөтпөймүн. Эгер баарыӊар кандайдыр бир балээге кирептер болсоӊор, анда бул башка кеп». Ошентип, алар ага бекем убадасын беришкенде, ал айтты: «Биз кеп кылган сөздөргө Алла күзөтүүчү».
  • وَ قَالَ یٰبَنِیَّ لَا تَدۡخُلُوۡا مِنۡۢ بَابٍ وَّاحِدٍ وَّ ادۡخُلُوۡا مِنۡ اَبۡوَابٍ مُّتَفَرِّقَۃٍ ؕ وَ مَاۤ اُغۡنِیۡ عَنۡکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ اِنِ الۡحُکۡمُ اِلَّا لِلّٰہِ ؕ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ ۚ وَ عَلَیۡہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُتَوَکِّلُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    12 : 68 Ал айтты: «Эй, уулдарым! Бир эле дарбазадан кирбегиле, тескерисинче, башка-башка дарбазалардан киргиле. Мен Алла(нын тагдыры)нан силерди эч куткара албаймын. Өкүм чыгаруу Аллага гана ылайык. Мен Ага гана тобокел кыламын жана тобокел кылуучулардын бардыгы Ага гана тобокел кылуулары лаазым».
  • وَ لَمَّا دَخَلُوۡا مِنۡ حَیۡثُ اَمَرَہُمۡ اَبُوۡہُمۡ ؕ مَا کَانَ یُغۡنِیۡ عَنۡہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ اِلَّا حَاجَۃً فِیۡ نَفۡسِ یَعۡقُوۡبَ قَضٰہَا ؕ وَ اِنَّہٗ لَذُوۡ عِلۡمٍ لِّمَا عَلَّمۡنٰہُ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۶۹﴾
    12 : 69 Ошентип, алар аталары буюргандай киришти. Ал Алланын тагдырынан аларды куткара албайт эле. Бирок, бул бир гана Яъкуубдун жүрөгүнүн каалоосу болгон, аны ал орундатты. Албетте, Биз ага жакшылап таалим бергенибиз үчүн ал билимдүү болгон, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт.
  • وَ لَمَّا دَخَلُوۡا عَلٰی یُوۡسُفَ اٰوٰۤی اِلَیۡہِ اَخَاہُ قَالَ اِنِّیۡۤ اَنَا اَخُوۡکَ فَلَا تَبۡتَئِسۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    12 : 70 Анан алар Юсуфтун алдына киришкенде, ал тууганына өз жанынан жай берди (жана) айтты: «Албетте, мен сенин тууганыӊмын. Демек, алар кылып жүргөн иштеринен кайгырба!»
  • فَلَمَّا جَہَّزَہُمۡ بِجَہَازِہِمۡ جَعَلَ السِّقَایَۃَ فِیۡ رَحۡلِ اَخِیۡہِ ثُمَّ اَذَّنَ مُؤَذِّنٌ اَیَّتُہَا الۡعِیۡرُ اِنَّکُمۡ لَسٰرِقُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    12 : 71 Анан ал аларды эмеректери менен (узатууга) даяр кылганда, (билбестен) өз тууганынын жүгүнө суу идишин салып койду. Анан жарчы: «Эй, кербендегилер! Силер албетте, уурусуӊар», - деп жар салды.
  • قَالُوۡا وَ اَقۡبَلُوۡا عَلَیۡہِمۡ مَّا ذَا تَفۡقِدُوۡنَ ﴿۷۲﴾
    12 : 72 Алар аларга көӊүл бурган бойдон жооп беришти: «Жоготуп койгон нерсеӊер эмне өзү?»
  • قَالُوۡا نَفۡقِدُ صُوَاعَ الۡمَلِکِ وَ لِمَنۡ جَآءَ بِہٖ حِمۡلُ بَعِیۡرٍ وَّ اَنَا بِہٖ زَعِیۡمٌ ﴿۷۳﴾
    12 : 73 Алар айтышты: «Биз падышанын өлчөө идишин таба албай жатабыз. Ким аны таап келсе, ага бир төө жүк (сыйлык катары) берилет жана мен буга кепилмин».
  • قَالُوۡا تَاللّٰہِ لَقَدۡ عَلِمۡتُمۡ مَّا جِئۡنَا لِنُفۡسِدَ فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا کُنَّا سٰرِقِیۡنَ ﴿۷۴﴾
    12 : 74 Алар (ага жооп берип) айтышты: «Аллага касам! Силер биздин жерде бузгунчулук кылуу үчүн келбегенибизди билдиӊер го! Биз эч ууру эмеспиз».
  • قَالُوۡا فَمَا جَزَآؤُہٗۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ کٰذِبِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    12 : 75 Алар айтышты: «Эгер силер жалганчы болсоӊор, анда мунун жазасы эмне болот?»
  • قَالُوۡا جَزَآؤُہٗ مَنۡ وُّجِدَ فِیۡ رَحۡلِہٖ فَہُوَ جَزَآؤُہٗ ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۷۶﴾
    12 : 76 Алар жооп беришти: «Мунун жазасы ушундай: ал (өлчөө идиши) кимдин жүгүнөн табылса, ал өзү анын жазасы болот. Заалимдерге биз мына ушундай жаза беребиз».
  • فَبَدَاَ بِاَوۡعِیَتِہِمۡ قَبۡلَ وِعَآءِ اَخِیۡہِ ثُمَّ اسۡتَخۡرَجَہَا مِنۡ وِّعَآءِ اَخِیۡہِ ؕ کَذٰلِکَ کِدۡنَا لِیُوۡسُفَ ؕ مَا کَانَ لِیَاۡخُذَ اَخَاہُ فِیۡ دِیۡنِ الۡمَلِکِ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ ؕ نَرۡفَعُ دَرَجٰتٍ مَّنۡ نَّشَآءُ ؕ وَ فَوۡقَ کُلِّ ذِیۡ عِلۡمٍ عَلِیۡمٌ ﴿۷۷﴾
    12 : 77 Анан (жарчы) ал (Юсуф)тун тууганынын куржунунан мурун алардын куржундарын текшере баштады. Анан ал (өлчөө идиши)н тууганынын куржунунан таап алды. Биз Юсуф үчүн мына ушундай чара көрдүк. Алланын каалоосусуз падышанын өкүмчүлүгүндө ал өз тууганын токтотуп кала албайт болчу. Биз каалаган кишини даражалар боюнча көтөрөбүз. Ар бир илим ээсинин үстүндө бир Илимдүү бар.
  • قَالُوۡۤا اِنۡ یَّسۡرِقۡ فَقَدۡ سَرَقَ اَخٌ لَّہٗ مِنۡ قَبۡلُ ۚ فَاَسَرَّہَا یُوۡسُفُ فِیۡ نَفۡسِہٖ وَ لَمۡ یُبۡدِہَا لَہُمۡ ۚ قَالَ اَنۡتُمۡ شَرٌّ مَّکَانًا ۚ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا تَصِفُوۡنَ ﴿۷۸﴾
    12 : 78 Алар айтышты: «Эгер ал уурдаган болсо, агасы дагы илгери уурулук кылган эле». Ошондо, Юсуф бул (жалаанын натыйжасында чыккан жагдай)ды көӊүлүндө жашыруун кармады жана аларга муну билдирбеди. (Ооба, ичинен) айтты: «Силер даража жагынан төмөнүрөөксүӊөр. Алла силер баян кылып жаткан нерсеӊерди абдан жакшы билет».
  • قَالُوۡا یٰۤاَیُّہَا الۡعَزِیۡزُ اِنَّ لَہٗۤ اَبًا شَیۡخًا کَبِیۡرًا فَخُذۡ اَحَدَنَا مَکَانَہٗ ۚ اِنَّا نَرٰٮکَ مِنَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۷۹﴾
    12 : 79 Алар айтышты: «Эй, кудурет ээси! Албетте, мунун атасы абдан кексе адам, ошол үчүн анын ордуна биздин бирөөбүздү алып кал. Албетте, сени кайыр кылуучулардан экениӊди биз көрүүдөбүз.
  • قَالَ مَعَاذَ اللّٰہِ اَنۡ نَّاۡخُذَ اِلَّا مَنۡ وَّجَدۡنَا مَتَاعَنَا عِنۡدَہٗۤ ۙ اِنَّاۤ اِذًا لَّظٰلِمُوۡنَ ﴿٪۸۰﴾
    12 : 80 Ал айтты: «Биз өз буюмубузду таап алган кишинин ордуна башка кишини алып калышыбыздан Кудай сактасын! Ошондо, биз албетте, заалим болуп калабыз».
  • فَلَمَّا اسۡتَیۡـَٔسُوۡا مِنۡہُ خَلَصُوۡا نَجِیًّا ؕ قَالَ کَبِیۡرُہُمۡ اَلَمۡ تَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اَبَاکُمۡ قَدۡ اَخَذَ عَلَیۡکُمۡ مَّوۡثِقًا مِّنَ اللّٰہِ وَ مِنۡ قَبۡلُ مَا فَرَّطۡتُّمۡ فِیۡ یُوۡسُفَ ۚ فَلَنۡ اَبۡرَحَ الۡاَرۡضَ حَتّٰی یَاۡذَنَ لِیۡۤ اَبِیۡۤ اَوۡ یَحۡکُمَ اللّٰہُ لِیۡ ۚ وَ ہُوَ خَیۡرُ الۡحٰکِمِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    12 : 81 Ошентип, алар андан үмүтсүз калгандарында, кеӊешүү үчүн четкерээк чыгышты. Алардын эӊ улуусу айтты: «Эсиӊердеби, атаӊар Алла аты менен силерден бекем убада алган эле жана (мындан мурун) дагы Юсуфка карата акысыздык кылгансыӊар? Демек, атам мага уруксат бермейинче же Алла мен үчүн кандайдыр бир өкүм кылмайынча, мен бул өлкөдөн кетпеймин. Ал өкүм кылуучулардын эӊ жакшысы.
  • اِرۡجِعُوۡۤا اِلٰۤی اَبِیۡکُمۡ فَقُوۡلُوۡا یٰۤاَبَانَاۤ اِنَّ ابۡنَکَ سَرَقَ ۚ وَ مَا شَہِدۡنَاۤ اِلَّا بِمَا عَلِمۡنَا وَ مَا کُنَّا لِلۡغَیۡبِ حٰفِظِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    12 : 82 Атаӊардын алдына кайткыла жана айткыла: «Эй, атабыз! Албетте, уулуӊ уурулук кылды. Биз болгону билгенибизге жараша күбөлүк берип жатабыз жана биз албетте, кайып үстүнөн кароолчу эмеспиз.
  • وَ سۡـَٔلِ الۡقَرۡیَۃَ الَّتِیۡ کُنَّا فِیۡہَا وَ الۡعِیۡرَ الَّتِیۡۤ اَقۡبَلۡنَا فِیۡہَا ؕ وَ اِنَّا لَصٰدِقُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    12 : 83 Демек, биз турган кыштак (эли)нен жана биз бирге келген кербенден сурап көр. Албетте, биз чынчылбыз».
  • قَالَ بَلۡ سَوَّلَتۡ لَکُمۡ اَنۡفُسُکُمۡ اَمۡرًا ؕ فَصَبۡرٌ جَمِیۡلٌ ؕ عَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّاۡتِـیَنِیۡ بِہِمۡ جَمِیۡعًا ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَلِیۡمُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۸۴﴾
    12 : 84 Ал айтты: «(Жок), тескерисинче, силердин напсилериӊер чоӊ бир маселени силерге жеӊил жана арзыбас кылып койду. Демек, (мен) жакшылап сабыр (кылуудан башка эмне кыла аламын?) Мүмкүн, Алла алардын баарын мага алып келээр. Албетте, Ал дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси».
  • وَ تَوَلّٰی عَنۡہُمۡ وَ قَالَ یٰۤاَسَفٰی عَلٰی یُوۡسُفَ وَ ابۡیَضَّتۡ عَیۡنٰہُ مِنَ الۡحُزۡنِ فَہُوَ کَظِیۡمٌ ﴿۸۵﴾
    12 : 85 Ал алардан жүз бурду жана айтты: «Ой, бечара Юсуф!» Кайгыдан анын көздөрү жашка толду жана ал кайгыны ичине жутуучу эле.
  • قَالُوۡا تَاللّٰہِ تَفۡتَؤُا تَذۡکُرُ یُوۡسُفَ حَتّٰی تَکُوۡنَ حَرَضًا اَوۡ تَکُوۡنَ مِنَ الۡہٰلِکِیۡنَ ﴿۸۶﴾
    12 : 86 Алар айтышты: «Аллага касам! Сен кайгы себебинен алсырап, жок болгончо, дайыма Юсуфту эстеп турасыӊ».
  • قَالَ اِنَّمَاۤ اَشۡکُوۡا بَثِّیۡ وَ حُزۡنِیۡۤ اِلَی اللّٰہِ وَ اَعۡلَمُ مِنَ اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸۷﴾
    12 : 87 Ал айтты: «Мен өз кайгы-капамды бир гана Алланын алдына гана тапшырамын жана мен Алла тарабынан силер билбеген нерселерди билемин.
  • یٰبَنِیَّ اذۡہَبُوۡا فَتَحَسَّسُوۡا مِنۡ یُّوۡسُفَ وَ اَخِیۡہِ وَ لَا تَایۡـَٔسُوۡا مِنۡ رَّوۡحِ اللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ لَا یَایۡـَٔسُ مِنۡ رَّوۡحِ اللّٰہِ اِلَّا الۡقَوۡمُ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    12 : 88 Эй, уулдарым! Баргыла жана Юсуф менен анын тууганын сурап-сураштыргыла жана Алланын рахматынан үмүтсүз болбогула. Албетте, каапыр коомдон бөлөк Алланын рахматынан эч ким үмүтсүз болбойт».
  • فَلَمَّا دَخَلُوۡا عَلَیۡہِ قَالُوۡا یٰۤاَیُّہَا الۡعَزِیۡزُ مَسَّنَا وَ اَہۡلَنَا الضُّرُّ وَ جِئۡنَا بِبِضَاعَۃٍ مُّزۡجٰٮۃٍ فَاَوۡفِ لَنَا الۡکَیۡلَ وَ تَصَدَّقۡ عَلَیۡنَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَجۡزِی الۡمُتَصَدِّقِیۡنَ ﴿۸۹﴾
    12 : 89 Ошентип, алар анын алдына киришкенде айтышты: «Эй, кудуреттүү адам! Биз жана үй-бүлөбүз көп кыйынчылык тарттык. Биз аз гана акча келтирдик. Демек, бизге өлчөөнү жакшылап бергин жана бизге кайыр-садага кылгын. Албетте, Алла кайыр-садага берүүчүлөргө сыйлык берет».
  • قَالَ ہَلۡ عَلِمۡتُمۡ مَّا فَعَلۡتُمۡ بِیُوۡسُفَ وَ اَخِیۡہِ اِذۡ اَنۡتُمۡ جٰہِلُوۡنَ ﴿۹۰﴾
    12 : 90 Ал айтты: «Наадан кезиӊерде силер Юсуф жана анын тууганы менен эмне кылганыӊар эсиӊердеби?»
  • قَالُوۡۤا ءَاِنَّکَ لَاَنۡتَ یُوۡسُفُ ؕ قَالَ اَنَا یُوۡسُفُ وَ ہٰذَاۤ اَخِیۡ ۫ قَدۡ مَنَّ اللّٰہُ عَلَیۡنَا ؕ اِنَّہٗ مَنۡ یَّـتَّقِ وَ یَصۡبِرۡ فَاِنَّ اللّٰہَ لَا یُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۹۱﴾
    12 : 91 Алар айтышты: «Эмне, чын эле сен Юсуфсуӊбу?» Ал айтты: «Ооба, мен Юсуфмун жана бул менин тууганым. Албетте, Алла бизге абдан чоӊ берешендик кылды. Албетте, кимде-ким такыба болсо жана сабыр кылса, Алла изги иштер кылуучулардын сыйлыгын эч текке кетирбейт».
  • قَالُوۡا تَاللّٰہِ لَقَدۡ اٰثَرَکَ اللّٰہُ عَلَیۡنَا وَ اِنۡ کُنَّا لَخٰطِئِیۡنَ ﴿۹۲﴾
    12 : 92 Алар айтышты: «Аллага касам! Алла албетте, сени бизден абзел кылды жана биз албетте, катага жол берүүчүлөр элек».
  • قَالَ لَا تَثۡرِیۡبَ عَلَیۡکُمُ الۡیَوۡمَ ؕ یَغۡفِرُ اللّٰہُ لَکُمۡ ۫ وَ ہُوَ اَرۡحَمُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿۹۳﴾
    12 : 93 Ал айтты: «Бүгүн силерге эч кандай жеме кылынбайт. Алла силерди кечирет жана Ал бардык ырайым кылуучулардын эӊ жакшысы.
  • اِذۡہَبُوۡا بِقَمِیۡصِیۡ ہٰذَا فَاَلۡقُوۡہُ عَلٰی وَجۡہِ اَبِیۡ یَاۡتِ بَصِیۡرًا ۚ وَ اۡتُوۡنِیۡ بِاَہۡلِکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿٪۹۴﴾
    12 : 94 Менин мына бул көйнөгүмдү алып баргыла, аны атамдын алдына койгула. Акыйкат ага айкын болуп калат. Анан, (кийинирээк) бардык үй-бүлөӊөрдү менин алдыма келтиргиле».
  • وَ لَمَّا فَصَلَتِ الۡعِیۡرُ قَالَ اَبُوۡہُمۡ اِنِّیۡ لَاَجِدُ رِیۡحَ یُوۡسُفَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ تُفَنِّدُوۡنِ ﴿۹۵﴾
    12 : 95 Ошентип, кербен жолго түшөөрү менен алардын атасы айтты: «Албетте, мага Юсуфтун жыпар жыты келип жатат, мейли силер мени алжыган деп айтсаӊар да».
  • قَالُوۡا تَاللّٰہِ اِنَّکَ لَفِیۡ ضَلٰلِکَ الۡقَدِیۡمِ ﴿ٙ۹۶﴾
    12 : 96 Алар айтышты: «Аллага касам! Сен али ошол эски адашууӊдасыӊ».
  • فَلَمَّاۤ اَنۡ جَآءَ الۡبَشِیۡرُ اَلۡقٰٮہُ عَلٰی وَجۡہِہٖ فَارۡتَدَّ بَصِیۡرًا ۚ قَالَ اَلَمۡ اَقُلۡ لَّکُمۡ ۚۙ اِنِّیۡۤ اَعۡلَمُ مِنَ اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    12 : 97 Анан куш кабар берүүчү келгенде, анын алдына ал (көйнөк)тү койду. Ошондо, акыйкат ага айкын болду. Ал айтты: «Эмне, мен албетте, Алла тарабынан силер билбеген нерселерди билемин, деп силерге айткан эмесминби?»
  • قَالُوۡا یٰۤاَبَانَا اسۡتَغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوۡبَنَاۤ اِنَّا کُنَّا خٰطِئِیۡنَ ﴿۹۸﴾
    12 : 98 Алар айтышты: «Эй, атабыз! Биз үчүн күнөөлөрүбүзгө кечирим тилегин. Албетте, биз катага жол берүүчүлөр элек».
  • قَالَ سَوۡفَ اَسۡتَغۡفِرُ لَکُمۡ رَبِّیۡ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۹۹﴾
    12 : 99 Ал айтты: «Мен албетте, Раббимден силер үчүн кечирим тилеймин. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • فَلَمَّا دَخَلُوۡا عَلٰی یُوۡسُفَ اٰوٰۤی اِلَیۡہِ اَبَوَیۡہِ وَ قَالَ ادۡخُلُوۡا مِصۡرَ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ اٰمِنِیۡنَ ﴿ؕ۱۰۰﴾
    12 : 100 Анан алар Юсуфтун алдына киришкенде, ал ата-энесине өзүнүн жанынан жай берди жана айтты: «Кудай кааласа, Мисирге тынчтык менен киргиле».
  • وَ رَفَعَ اَبَوَیۡہِ عَلَی الۡعَرۡشِ وَ خَرُّوۡا لَہٗ سُجَّدًا ۚ وَ قَالَ یٰۤاَبَتِ ہٰذَا تَاۡوِیۡلُ رُءۡیَایَ مِنۡ قَبۡلُ ۫ قَدۡ جَعَلَہَا رَبِّیۡ حَقًّا ؕ وَ قَدۡ اَحۡسَنَ بِیۡۤ اِذۡ اَخۡرَجَنِیۡ مِنَ السِّجۡنِ وَ جَآءَ بِکُمۡ مِّنَ الۡبَدۡوِ مِنۡۢ بَعۡدِ اَنۡ نَّزَغَ الشَّیۡطٰنُ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَ اِخۡوَتِیۡ ؕ اِنَّ رَبِّیۡ لَطِیۡفٌ لِّمَا یَشَآءُ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَلِیۡمُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۱۰۱﴾
    12 : 101 Ал ата-энесин урмат менен тактыга өткөрдү жана бардыгы ал үчүн сажда кылышты. Ал айтты: «Эй, атам! Мурун көргөн түшүмдүн жоорулушу мына ушул эле. Менин Раббим аны албетте, орундатып көрсөттү жана шайтан мени менен туугандарымдын арасына ынтымаксыздык салгандан кийин мени зындандан бошоткондо жана силерди ээн талаадан алып келгенде, Ал (Алла) мага мээримдүүлүк кылды. Албетте, менин Раббим Өзү каалаган пендесине абдан мээрбандык кылуучу. Албетте, Ал (Алла) гана дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • رَبِّ قَدۡ اٰتَیۡتَنِیۡ مِنَ الۡمُلۡکِ وَ عَلَّمۡتَنِیۡ مِنۡ تَاۡوِیۡلِ الۡاَحَادِیۡثِ ۚ فَاطِرَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۟ اَنۡتَ وَلِیّٖ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ تَوَفَّنِیۡ مُسۡلِمًا وَّ اَلۡحِقۡنِیۡ بِالصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰۲﴾
    12 : 102 Эй, Раббим! Сен мага мамлекет иштеринен үлүш бердиӊ жана кептердин акыйкатын түшүнүү үчүн илим тартууладыӊ. Эй, асмандар жана жердин Жаратуучусу! Сен дүйнө жана акыретте менин досумсуӊ. Мени баш ийүүчү болгон бойдон өлтүргүн жана мени саалихтер-жакшылар катарына кошкун».
  • ذٰلِکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ الۡغَیۡبِ نُوۡحِیۡہِ اِلَیۡکَ ۚ وَ مَا کُنۡتَ لَدَیۡہِمۡ اِذۡ اَجۡمَعُوۡۤا اَمۡرَہُمۡ وَ ہُمۡ یَمۡکُرُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    12 : 103 Булар – Биз сага вахий-аян кылып жаткан кайып кабарларынан. Алар (жаман) иш-пландарын түзүп жаткандарында жана өз ишине бир чечимге келгендеринде, сен алардын жанында эмес элеӊ.
  • وَ مَاۤ اَکۡثَرُ النَّاسِ وَ لَوۡ حَرَصۡتَ بِمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۴﴾
    12 : 104 Сен канчалык кааласаӊ да, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр болбойт.
  • وَ مَا تَسۡـَٔلُہُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۰۵﴾٪
    12 : 105 Сен алардан бул (кызмат) үчүн эч кандай акы талап кылбайсыӊ. Бул бардык ааламдар үчүн бир гана насаат.
  • وَ کَاَیِّنۡ مِّنۡ اٰیَۃٍ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ یَمُرُّوۡنَ عَلَیۡہَا وَ ہُمۡ عَنۡہَا مُعۡرِضُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    12 : 106 Асмандар жана жерде канчалаган аят-белгилер бар: алар алардын жанынан жүз бурган бойдон өтүп кете беришет.
  • وَ مَا یُؤۡمِنُ اَکۡثَرُہُمۡ بِاللّٰہِ اِلَّا وَ ہُمۡ مُّشۡرِکُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    12 : 107 Алардын көпчүлүгү Аллага ширк келтирген бойдон гана Ага ыйман келтирет.
  • اَفَاَمِنُوۡۤا اَنۡ تَاۡتِیَہُمۡ غَاشِیَۃٌ مِّنۡ عَذَابِ اللّٰہِ اَوۡ تَاۡتِیَہُمُ السَّاعَۃُ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    12 : 108 Эмне, алар өздөрүнө Алланын азабынан кандайдыр бир каптай турган (балээ) келишинен же (ыӊкылап) саат(ы) алар (аны) түшүнө электе аларга кокустан келишинен коопсузбу?
  • قُلۡ ہٰذِہٖ سَبِیۡلِیۡۤ اَدۡعُوۡۤا اِلَی اللّٰہِ ۟ؔ عَلٰی بَصِیۡرَۃٍ اَنَا وَ مَنِ اتَّبَعَنِیۡ ؕ وَ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ وَ مَاۤ اَنَا مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    12 : 109 Айткын: «Мына ушул менин жолум, мен Аллага даават кыламын; мен жана мени ээрчигендер дагы акыйкатта. Алла таза жана мен мушриктерден эмесмин».
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ اِلَّا رِجَالًا نُّوۡحِیۡۤ اِلَیۡہِمۡ مِّنۡ اَہۡلِ الۡقُرٰی ؕ اَفَلَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ وَ لَدَارُ الۡاٰخِرَۃِ خَیۡرٌ لِّلَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۱۰﴾
    12 : 110 Биз сенден мурун кыштактар элинен жалаӊ эркектерди гана жөнөткөнбүз. Биз аларга вахий-аян жиберээр элек. Демек, алар жерди кыдырып, өздөрүнөн мурункулардын акыбети кандай болгонун көрүшпөдүбү? Албетте, Алладан корккондор үчүн акырет үйү жакшыраак. Эмне, силер акылды иштетпейсиӊерби?
  • حَتّٰۤی اِذَا اسۡتَیۡـَٔسَ الرُّسُلُ وَ ظَنُّوۡۤا اَنَّہُمۡ قَدۡ کُذِبُوۡا جَآءَہُمۡ نَصۡرُنَا ۙ فَنُجِّیَ مَنۡ نَّشَآءُ ؕ وَلَا یُرَدُّ بَاۡسُنَا عَنِ الۡقَوۡمِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    12 : 111 А түгүл пайгамбарлар (алардан) үмүтсүз болгондорунда жана (адамдар): «Бизге жалган айтылды», - деп түшүнгөндөрүндө, аларга жардамыбыз келди. Ошентип, Биз каалаган киши куткарылды. Биздин азабыбызды күнөөкөр коомунан алыстатып болбойт.
  • لَقَدۡ کَانَ فِیۡ قَصَصِہِمۡ عِبۡرَۃٌ لِّاُولِی الۡاَلۡبَابِ ؕ مَا کَانَ حَدِیۡثًا یُّفۡتَرٰی وَ لٰکِنۡ تَصۡدِیۡقَ الَّذِیۡ بَیۡنَ یَدَیۡہِ وَ تَفۡصِیۡلَ کُلِّ شَیۡءٍ وَّ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾٪
    12 : 112 Албетте, алардын тарыхый окуяларын баян кылууда акылдуу кишилер үчүн бир чоӊ ибарат бар. Бул ойлоп чыгарылган жомок эмес, тескерисинче, өзүнүн алдындагы нерсенин тастыгы жана ар бир нерсенин ачык түшүндүрмөсү, ошондой эле ыйман келтире турган адамдар үчүн хидаят жана рахмат.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via