Курани карим Ал-Камар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

القَمَر

Ал-Камар

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    54 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِقۡتَرَبَتِ السَّاعَۃُ وَ انۡشَقَّ الۡقَمَرُ ﴿۲﴾
    54 : 2 «Саат» жакындашты жана ай жарылып кетти.
  • وَ اِنۡ یَّرَوۡا اٰیَۃً یُّعۡرِضُوۡا وَ یَقُوۡلُوۡا سِحۡرٌ مُّسۡتَمِرٌّ ﴿۳﴾
    54 : 3 Жана эгер алар кандайдыр бир аят-белгини көрүшсө, жүз бурушат жана: «Бул – дайымкыдай кылына турган сыйкыр!» - дешет.
  • وَ کَذَّبُوۡا وَ اتَّبَعُوۡۤا اَہۡوَآءَہُمۡ وَ کُلُّ اَمۡرٍ مُّسۡتَقِرٌّ ﴿۴﴾
    54 : 4 Алар жалганга чыгарышты жана өздөрүнүн жаман напсилерин ээрчишти (жана шашылышты). Ал эми ар бир буйрук (өз убагында) орундалуучу болот.
  • وَ لَقَدۡ جَآءَہُمۡ مِّنَ الۡاَنۡۢبَآءِ مَا فِیۡہِ مُزۡدَجَرٌ ۙ﴿۵﴾
    54 : 5 Жана аларга катуу эскертүүдөн турган айрым кабарлар келип бүткөн эле.
  • حِکۡمَۃٌۢ بَالِغَۃٌ فَمَا تُغۡنِ النُّذُرُ ۙ﴿۶﴾
    54 : 6 (Жана) толуктоо тапкан хикмат(тан турган кабарлар дагы). Ошондо да кулактандыруулар эч пайда көрсөткөн эмес.
  • فَتَوَلَّ عَنۡہُمۡ ۘ یَوۡمَ یَدۡعُ الدَّاعِ اِلٰی شَیۡءٍ نُّکُرٍ ۙ﴿۷﴾
    54 : 7 Демек, алардан жүз бур. Алар бир чакыруучу абдан жаман көрүнгөн нерсеге чакырган күн(дү көрүшөт).
  • خُشَّعًا اَبۡصَارُہُمۡ یَخۡرُجُوۡنَ مِنَ الۡاَجۡدَاثِ کَاَنَّہُمۡ جَرَادٌ مُّنۡتَشِرٌ ۙ﴿۸﴾
    54 : 8 Алардын көздөрү кордуктан жерге тигилген болот. Алар (туш тарапка) таркалып кеткен чегирткелер сыяктуу мүрзөлөрдөн чыгышат.
  • مُّہۡطِعِیۡنَ اِلَی الدَّاعِ ؕ یَقُوۡلُ الۡکٰفِرُوۡنَ ہٰذَا یَوۡمٌ عَسِرٌ ﴿۹﴾
    54 : 9 Алар чакыруучу тарапка жүгүрүп жаткан болушат. Каапырлар: «Бул – абдан оор күн», - деп айтып жаткан болушат.
  • کَذَّبَتۡ قَبۡلَہُمۡ قَوۡمُ نُوۡحٍ فَکَذَّبُوۡا عَبۡدَنَا وَ قَالُوۡا مَجۡنُوۡنٌ وَّ ازۡدُجِرَ ﴿۱۰﴾
    54 : 10 Булардан мурун Нухтун коому дагы жалганга чыгарган эле. Ошондо алар Биздин пендебизди жалганчыга чыгарып: «Бул – акылдан азган жана куулган киши», - дешти.
  • فَدَعَا رَبَّہٗۤ اَنِّیۡ مَغۡلُوۡبٌ فَانۡتَصِرۡ ﴿۱۱﴾
    54 : 11 Ошондо ал өз Раббисине жалбарды жана айтты: «Албетте, мен жеӊилгенмин. Ошондуктан, мага жардам кылгын».
  • فَفَتَحۡنَاۤ اَبۡوَابَ السَّمَآءِ بِمَآءٍ مُّنۡہَمِرٍ ﴿۫ۖ۱۲﴾
    54 : 12 Ошондо Биз тынымсыз жааган суу түрүндө асман дарбазаларын ачып койдук.
  • وَّ فَجَّرۡنَا الۡاَرۡضَ عُیُوۡنًا فَالۡتَقَی الۡمَآءُ عَلٰۤی اَمۡرٍ قَدۡ قُدِرَ ﴿ۚ۱۳﴾
    54 : 13 Жана Биз жерди булактар түрүндө жарып жибердик. Ошентип, суу мурунтан белгиленген бир буйрук боюнча топтолду.
  • وَ حَمَلۡنٰہُ عَلٰی ذَاتِ اَلۡوَاحٍ وَّ دُسُرٍ ﴿ۙ۱۴﴾
    54 : 14 Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктардан турган (кеме)ге чыгардык.
  • تَجۡرِیۡ بِاَعۡیُنِنَا ۚ جَزَآءً لِّمَنۡ کَانَ کُفِرَ ﴿۱۵﴾
    54 : 15 Ал Биздин көздөрүбүздүн алдында сүзөөр эле. Бул – четке кагылган адам себептүү «сыйлык» катарында болчу.
  • وَ لَقَدۡ تَّرَکۡنٰہَاۤ اٰیَۃً فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿۱۶﴾
    54 : 16 Жана албетте, Биз ал (кеме)ни бир чоӊ аят-жышаан катары калтырдык. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • فَکَیۡفَ کَانَ عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۱۷﴾
    54 : 17 Демек, Менин азабым жана Менин кулактандыруум кандай эле?
  • وَ لَقَدۡ یَسَّرۡنَا الۡقُرۡاٰنَ لِلذِّکۡرِ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿۱۸﴾
    54 : 18 Албетте, Биз Куранды насаат алуу үчүн жеӊил кылып койдук. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • کَذَّبَتۡ عَادٌ فَکَیۡفَ کَانَ عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۱۹﴾
    54 : 19 Аад дагы жалганчыга чыгарган эле. Анан Менин азабым жана Менин кулактандыруум кандай эле?
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ رِیۡحًا صَرۡصَرًا فِیۡ یَوۡمِ نَحۡسٍ مُّسۡتَمِرٍّ ﴿ۙ۲۰﴾
    54 : 20 Албетте, Биз алардын үстүнө келип, токтоп кала турган бир бактысыз күндө бороон жөнөттүк.
  • تَنۡزِعُ النَّاسَ ۙ کَاَنَّہُمۡ اَعۡجَازُ نَخۡلٍ مُّنۡقَعِرٍ ﴿۲۱﴾
    54 : 21 Адамдарды кудум тамырлардан суурулган курма сөӊгөктөрүндөй учурар эле.
  • فَکَیۡفَ کَانَ عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۲۲﴾
    54 : 22 Демек, Менин азабым жана Менин кулактандыруум кандай эле?
  • وَ لَقَدۡ یَسَّرۡنَا الۡقُرۡاٰنَ لِلذِّکۡرِ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿٪۲۳﴾
    54 : 23 Жана албетте, Биз Куранды насаат алуу үчүн жеӊил кылып койдук. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • کَذَّبَتۡ ثَمُوۡدُ بِالنُّذُرِ ﴿۲۴﴾
    54 : 24 Самуд дагы эскертүүчүлөрдү жалганчыга чыгарган эле.
  • فَقَالُوۡۤا اَبَشَرًا مِّنَّا وَاحِدًا نَّتَّبِعُہٗۤ ۙ اِنَّاۤ اِذًا لَّفِیۡ ضَلٰلٍ وَّ سُعُرٍ ﴿۲۵﴾
    54 : 25 Ошондо алар айтышты: «Биз өзүбүздүн арабыздагы бир адамды ээрчийбизби? Андай болсо, биз албетте, адашуу менен акмакчылыкта калабыз.
  • ءَاُلۡقِیَ الذِّکۡرُ عَلَیۡہِ مِنۡۢ بَیۡنِنَا بَلۡ ہُوَ کَذَّابٌ اَشِرٌ ﴿۲۶﴾
    54 : 26 Биздин ичибизден жалгыз ага гана зикир түшүрүлгөнбү? Жок! Ал кызылдай жалганчы (жана) мактанчаак».
  • سَیَعۡلَمُوۡنَ غَدًا مَّنِ الۡکَذَّابُ الۡاَشِرُ ﴿۲۷﴾
    54 : 27 «Ким кызылдай жалганчы (жана) мактанчаак экенин алар сөзсүз эртеӊ билип алышат.
  • اِنَّا مُرۡسِلُوا النَّاقَۃِ فِتۡنَۃً لَّہُمۡ فَارۡتَقِبۡہُمۡ وَ اصۡطَبِرۡ ﴿۫۲۸﴾
    54 : 28 Албетте, Биз аларды сыноо үчүн ургаачы төөнү жөнөтүүчүбүз. (Эй, Саалих!) Сен аларды жакшылап күзөтүп тур жана сабыр кыл.
  • وَ نَبِّئۡہُمۡ اَنَّ الۡمَآءَ قِسۡمَۃٌۢ بَیۡنَہُمۡ ۚ کُلُّ شِرۡبٍ مُّحۡتَضَرٌ ﴿۲۹﴾
    54 : 29 Жана аларга кабар бергин: алардын ортосунда суу (убакыт боюнча) бөлүштүрүлүп коюлган. Суу ичүүгө белгиленип коюлган ар бир кезектин өзүндө гана келүү шарт».
  • فَنَادَوۡا صَاحِبَہُمۡ فَتَعَاطٰی فَعَقَرَ ﴿۳۰﴾
    54 : 30 Ошондо алар өз жолдошун чакырышты. Ал (ошол ургаачы төөнү) тутуп, тарамыштарын кесип жиберди.
  • فَکَیۡفَ کَانَ عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۳۱﴾
    54 : 31 Демек, Менин азабым жана Менин кулактандыруум кандай эле?
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ صَیۡحَۃً وَّاحِدَۃً فَکَانُوۡا کَہَشِیۡمِ الۡمُحۡتَظِرِ ﴿۳۲﴾
    54 : 32 Албетте, Биз алардын үстүнө бир гана катуу добуш жибердик. Анан алар бир эзилген, астын-үстүн болгон короо сыяктуу болуп калышты.
  • وَ لَقَدۡ یَسَّرۡنَا الۡقُرۡاٰنَ لِلذِّکۡرِ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿۳۳﴾
    54 : 33 Жана албетте, Биз Куранды насаат алуу үчүн жеӊил кылып койдук. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • کَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوۡطٍۭ بِالنُّذُرِ ﴿۳۴﴾
    54 : 34 Лут коому дагы кулактандыруучуларды жалганчыга чыгарган эле.
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ حَاصِبًا اِلَّاۤ اٰلَ لُوۡطٍ ؕ نَجَّیۡنٰہُمۡ بِسَحَرٍ ﴿ۙ۳۵﴾
    54 : 35 Албетте, Биз алардын үстүнө таш жамгырын жаадырдык. Луттун үй-бүлөсүнөн башкасына. Аларды Биз таӊ заарда сактап калдык –
  • نِّعۡمَۃً مِّنۡ عِنۡدِنَا ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِیۡ مَنۡ شَکَرَ ﴿۳۶﴾
    54 : 36 Өз тарабыбыздан бир нээмат катары. Кимде-ким шүкүр кылса, аны Биз мына ушундай сыйлайбыз.
  • وَ لَقَدۡ اَنۡذَرَہُمۡ بَطۡشَتَنَا فَتَمَارَوۡا بِالنُّذُرِ ﴿۳۷﴾
    54 : 37 Жана ал дагы аларды Биздин тутуубуздан кулактандырган эле, ошондо да алар эскертүү жөнүндө эки анжы болуп турушту.
  • وَ لَقَدۡ رَاوَدُوۡہُ عَنۡ ضَیۡفِہٖ فَطَمَسۡنَاۤ اَعۡیُنَہُمۡ فَذُوۡقُوۡا عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۳۸﴾
    54 : 38 Жана алар аны өз меймандары тууралуу жолдон чыгармакчы болушту. Ошондо Биз алардын көздөрүн көр кылып койдук. Ошентип, Менин азабым жана Менин кулактандыруумдун даамын татып көргүлө.
  • وَ لَقَدۡ صَبَّحَہُمۡ بُکۡرَۃً عَذَابٌ مُّسۡتَقِرٌّ ﴿ۚ۳۹﴾
    54 : 39 Жана албетте, аларга эрте таӊда эле бир кеткис азап келди.
  • فَذُوۡقُوۡا عَذَابِیۡ وَ نُذُرِ ﴿۴۰﴾
    54 : 40 Демек, Менин азабым жана Менин эскертүүмдүн даамын татып көргүлө.
  • وَ لَقَدۡ یَسَّرۡنَا الۡقُرۡاٰنَ لِلذِّکۡرِ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿٪۴۱﴾
    54 : 41 Жана албетте, Биз Куранды насаат алуу үчүн жеӊил кылып койдук. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • وَ لَقَدۡ جَآءَ اٰلَ فِرۡعَوۡنَ النُّذُرُ ﴿ۚ۴۲﴾
    54 : 42 Жана албетте, Фараон үй-бүлөсүнө дагы эскертүүчүлөр келген эле.
  • کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا کُلِّہَا فَاَخَذۡنٰہُمۡ اَخۡذَ عَزِیۡزٍ مُّقۡتَدِرٍ ﴿۴۳﴾
    54 : 43 Алар Биздин бардык аят-жышаандарыбызды четке кагышты. Ошондуктан, Биз аларды эӊ жеӊүүчү (жана) күчтүү Заттын тутуусу сыяктуу туттук.
  • اَکُفَّارُکُمۡ خَیۡرٌ مِّنۡ اُولٰٓئِکُمۡ اَمۡ لَکُمۡ بَرَآءَۃٌ فِی الزُّبُرِ ﴿ۚ۴۴﴾
    54 : 44 Силердин (убагыӊардагы) каапырлар алардан көрө жакшыраакпы? Же баракчаларда силер үчүн кутулууга кандайдыр бир кепилдик барбы?
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ نَحۡنُ جَمِیۡعٌ مُّنۡتَصِرٌ ﴿۴۵﴾
    54 : 45 Алар: «Биз өч алуучу тайпабыз», - дешеби?
  • سَیُہۡزَمُ الۡجَمۡعُ وَ یُوَلُّوۡنَ الدُّبُرَ ﴿۴۶﴾
    54 : 46 Албетте, бул чоӊ тайпа жеӊилүүгө дуушар кылынат жана алар аркага бурулуп кетишет.
  • بَلِ السَّاعَۃُ مَوۡعِدُہُمۡ وَ السَّاعَۃُ اَدۡہٰی وَ اَمَرُّ ﴿۴۷﴾
    54 : 47 Жок! Аларга ыӊкылап «Сааты» убадасы берилген. Ал «Саат» абдан оор жана абдан ачуу болот.
  • اِنَّ الۡمُجۡرِمِیۡنَ فِیۡ ضَلٰلٍ وَّ سُعُرٍ ﴿ۘ۴۸﴾
    54 : 48 Албетте, күнөөкөрлөр ойрондук жана жиндилик (абалын)да болушат.
  • یَوۡمَ یُسۡحَبُوۡنَ فِی النَّارِ عَلٰی وُجُوۡہِہِمۡ ؕ ذُوۡقُوۡا مَسَّ سَقَرَ ﴿۴۹﴾
    54 : 49 Алар үстөмөнүнөн отко сүйрөлө турган күнү (аларга): «Тозоктун даамын татып көргүлө», - (деп айтылат).
  • اِنَّا کُلَّ شَیۡءٍ خَلَقۡنٰہُ بِقَدَرٍ ﴿۵۰﴾
    54 : 50 Албетте, Биз бардык нерселерди бир (белгилүү) өлчөмгө ылайык жаратканбыз.
  • وَ مَاۤ اَمۡرُنَاۤ اِلَّا وَاحِدَۃٌ کَلَمۡحٍۭ بِالۡبَصَرِ ﴿۵۱﴾
    54 : 51 Жана Биздин буйругубуз бир ирмемде гана, көз ачып жумгуча (жетип келет).
  • وَ لَقَدۡ اَہۡلَکۡنَاۤ اَشۡیَاعَکُمۡ فَہَلۡ مِنۡ مُّدَّکِرٍ ﴿۵۲﴾
    54 : 52 Жана албетте, Биз силердин табакташтарыӊарды (мурун дагы) жок кылганбыз. Демек, кандайдыр бир насаат алуучу барбы?
  • وَ کُلُّ شَیۡءٍ فَعَلُوۡہُ فِی الزُّبُرِ ﴿۵۳﴾
    54 : 53 Жана алардын кылган амалдарынын баары баракчаларда бар.
  • وَ کُلُّ صَغِیۡرٍ وَّ کَبِیۡرٍ مُّسۡتَطَرٌ ﴿۵۴﴾
    54 : 54 Жана баардык кичинекей нерсе да, чоӊ нерсе да жазылып коюлган.
  • اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ نَہَرٍ ﴿ۙ۵۵﴾
    54 : 55 Албетте, такыбалар бейиштерде жана молчулукта болушат –
  • فِیۡ مَقۡعَدِ صِدۡقٍ عِنۡدَ مَلِیۡکٍ مُّقۡتَدِرٍ ﴿٪۵۶﴾
    54 : 56 Бир кудуреттүү Падышанын алдында нукура жайда.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via