Курани карим Ал-Аълаа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴعلی

Ал-Аълаа

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    87 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • سَبِّحِ اسۡمَ رَبِّکَ الۡاَعۡلَی ۙ﴿۲﴾
    87 : 2 Эӊ жогорку болгон Раббиӊдин наамы ар кандай айыптан таза экенин баянда!
  • الَّذِیۡ خَلَقَ فَسَوّٰی ۪ۙ﴿۳﴾
    87 : 3 Ал (Алла) пайда кылды, анан тегиздеди.
  • وَ الَّذِیۡ قَدَّرَ فَہَدٰی ۪ۙ﴿۴﴾
    87 : 4 Жана Ал (Алла) гана (элементтерди) түзүлүшкө салды, анан хидаят кылды.
  • وَ الَّذِیۡۤ اَخۡرَجَ الۡمَرۡعٰی ۪ۙ﴿۵﴾
    87 : 5 Жана Ал (Алла) гана жашоону коргоо үчүн көк чөптү чыгарды.
  • فَجَعَلَہٗ غُثَآءً اَحۡوٰی ؕ﴿۶﴾
    87 : 6 Анан (кадырына жетпегендер үчүн) аны карайган акыр-чикирге айландырып койду.
  • سَنُقۡرِئُکَ فَلَا تَنۡسٰۤی ۙ﴿۷﴾
    87 : 7 Биз албетте, сага окууну үйрөтөбүз, анан сен аны унутпайсыӊ.
  • اِلَّا مَا شَآءَ اللّٰہُ ؕ اِنَّہٗ یَعۡلَمُ الۡجَہۡرَ وَ مَا یَخۡفٰی ؕ﴿۸﴾
    87 : 8 Алла каалаганынан башкасын. Албетте, Ал (Алла) ачык-айкын нерсени дагы, жашыруун нерсени дагы билет.
  • وَ نُیَسِّرُکَ لِلۡیُسۡرٰی ۚ﴿ۖ۹﴾
    87 : 9 Жана Биз сага жеӊилдикти насип кылабыз.
  • فَذَکِّرۡ اِنۡ نَّفَعَتِ الذِّکۡرٰی ؕ﴿۱۰﴾
    87 : 10 Демек, насаат кыл! Насаат баары бир пайда берет.
  • سَیَذَّکَّرُ مَنۡ یَّخۡشٰی ﴿ۙ۱۱﴾
    87 : 11 Корко турган сөзсүз насаат алат.
  • وَ یَتَجَنَّبُہَا الۡاَشۡقَی ﴿ۙ۱۲﴾
    87 : 12 Жана өтө бактысыз (бирөө) андан качат –
  • الَّذِیۡ یَصۡلَی النَّارَ الۡکُبۡرٰی ﴿ۚ۱۳﴾
    87 : 13 Эӊ чоӊ отко кире турган бирөө.
  • ثُمَّ لَا یَمُوۡتُ فِیۡہَا وَ لَا یَحۡیٰی ﴿ؕ۱۴﴾
    87 : 14 Анан ал анда өлбөйт да, тирүү да калбайт.
  • قَدۡ اَفۡلَحَ مَنۡ تَزَکّٰی ﴿ۙ۱۵﴾
    87 : 15 Албетте, тазаланган киши ийгиликке жетишти.
  • وَ ذَکَرَ اسۡمَ رَبِّہٖ فَصَلّٰی ﴿ؕ۱۶﴾
    87 : 16 Жана өз Раббисинин наамын эске алган жана намаз окуган.
  • بَلۡ تُؤۡثِرُوۡنَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا ﴿۫ۖ۱۷﴾
    87 : 17 Чынында, силер бул дүйнөдөгү жашоону абзел көрөсүӊөр.
  • وَ الۡاٰخِرَۃُ خَیۡرٌ وَّ اَبۡقٰی ﴿ؕ۱۸﴾
    87 : 18 Акыйкатта болсо, акырет жакшыраак жана эӊ түбөлүктүү.
  • اِنَّ ہٰذَا لَفِی الصُّحُفِ الۡاُوۡلٰی ﴿ۙ۱۹﴾
    87 : 19 Албетте, бул нерсе сөзсүз абалкы баракчаларда да бар –
  • صُحُفِ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ مُوۡسٰی ﴿٪۲۰﴾
    87 : 20 Ибраахийм жана Мусанын баракчаларында.
Share via