Курани карим Ан-Нажм • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

النّجْم

Ан-Нажм

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    53 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • وَ النَّجۡمِ اِذَا ہَوٰی ۙ﴿۲﴾
    53 : 2 Жылдызга касам! Качан ал түшкөндө.
  • مَا ضَلَّ صَاحِبُکُمۡ وَ مَا غَوٰی ۚ﴿۳﴾
    53 : 3 Силердин жолдошуӊар адашкан да жок, ийгиликсиз калган да жок.
  • وَ مَا یَنۡطِقُ عَنِ الۡہَوٰی ؕ﴿۴﴾
    53 : 4 Жана ал напсинин каалоосу менен сүйлөбөйт.
  • اِنۡ ہُوَ اِلَّا وَحۡیٌ یُّوۡحٰی ۙ﴿۵﴾
    53 : 5 Бул – түшүрүлүп жаткан бир вахий-аян гана.
  • عَلَّمَہٗ شَدِیۡدُ الۡقُوٰی ۙ﴿۶﴾
    53 : 6 Ага күч-кудуреттердин ээси үйрөткөн –
  • ذُوۡ مِرَّۃٍ ؕ فَاسۡتَوٰی ۙ﴿۷﴾
    53 : 7 (Тактап айтканда) өтө акылмандык ээси болгон (Алла). Анан Ал туруктуулук тапты.
  • وَ ہُوَ بِالۡاُفُقِ الۡاَعۡلٰی ؕ﴿۸﴾
    53 : 8 Жана ал болсо, эӊ жогорку мейкиндик(тин үстүн)дө болгон эле.
  • ثُمَّ دَنَا فَتَدَلّٰی ۙ﴿۹﴾
    53 : 9 Анан ал (Пайгамбар) жакын болду. Анан Ал ылдый түштү.
  • فَکَانَ قَابَ قَوۡسَیۡنِ اَوۡ اَدۡنٰی ۚ﴿۱۰﴾
    53 : 10 Ошентип, ал эки жаанын аралыгындай болду же андан дагы жакыныраак.
  • فَاَوۡحٰۤی اِلٰی عَبۡدِہٖ مَاۤ اَوۡحٰی ﴿ؕ۱۱﴾
    53 : 11 Анан Ал Өз пендесине эмнени вахий-аян кылган болсо, аны вахий кылды.
  • مَا کَذَبَ الۡفُؤَادُ مَا رَاٰی ﴿۱۲﴾
    53 : 12 Жүрөк өзү көргөн нерсени жалган баяндаган эмес.
  • اَفَتُمٰرُوۡنَہٗ عَلٰی مَا یَرٰی ﴿۱۳﴾
    53 : 13 Демек, силер ал көргөн нерсе туурасында аны менен талашасыӊарбы?
  • وَ لَقَدۡ رَاٰہُ نَزۡلَۃً اُخۡرٰی ﴿ۙ۱۴﴾
    53 : 14 Ошентсе да, ал аны бир башка маанайда да көргөн –
  • عِنۡدَ سِدۡرَۃِ الۡمُنۡتَہٰی ﴿۱۵﴾
    53 : 15 Эӊ акыркы чек арада болгон «Сидранын» жанында.
  • عِنۡدَہَا جَنَّۃُ الۡمَاۡوٰی ﴿ؕ۱۶﴾
    53 : 16 Анын жанында эле паана берүүчү бейиш бар.
  • اِذۡ یَغۡشَی السِّدۡرَۃَ مَا یَغۡشٰی ﴿ۙ۱۷﴾
    53 : 17 Ороп алган нерсе «Сидраны» каптаганда –
  • مَا زَاغَ الۡبَصَرُ وَ مَا طَغٰی ﴿۱۸﴾
    53 : 18 Көз кыйшайган да жок, чектен ашкан да жок.
  • لَقَدۡ رَاٰی مِنۡ اٰیٰتِ رَبِّہِ الۡکُبۡرٰی ﴿۱۹﴾
    53 : 19 Албетте, ал Раббисинин аят-жышаандарынан эӊ чоӊун көрдү.
  • اَفَرَءَیۡتُمُ اللّٰتَ وَ الۡعُزّٰی ﴿ۙ۲۰﴾
    53 : 20 Демек, силер Лаат жана Уззааны көрдүӊөрбү?
  • وَ مَنٰوۃَ الثَّالِثَۃَ الۡاُخۡرٰی ﴿۲۱﴾
    53 : 21 Жана үчүнчүсү – Манаатты дагыбы? Ал (алардан) башка.
  • اَلَکُمُ الذَّکَرُ وَ لَہُ الۡاُنۡثٰی ﴿۲۲﴾
    53 : 22 Силер үчүн уулдар, ал эми Ал үчүн кыздар барбы?
  • تِلۡکَ اِذًا قِسۡمَۃٌ ضِیۡزٰی ﴿۲۳﴾
    53 : 23 Андай болсо, бул абдан жараксыз бөлүштүрүү!
  • اِنۡ ہِیَ اِلَّاۤ اَسۡمَآءٌ سَمَّیۡتُمُوۡہَاۤ اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمۡ مَّاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ بِہَا مِنۡ سُلۡطٰنٍ ؕ اِنۡ یَّتَّبِعُوۡنَ اِلَّا الظَّنَّ وَ مَا تَہۡوَی الۡاَنۡفُسُ ۚ وَ لَقَدۡ جَآءَہُمۡ مِّنۡ رَّبِّہِمُ الۡہُدٰی ﴿ؕ۲۴﴾
    53 : 24 Булар – силер жана ата-бабаларыӊар аларга берген ысымдар гана. Алла алар үчүн кандайдыр бир жеӊүүчү далил түшүрбөгөн. Алар болгону күмөнгө жана напсилер каалаган нерсени ээрчишүүдө. Алардын Раббиси тарабынан болсо, аларга албетте, хидаят келип болгон.
  • اَمۡ لِلۡاِنۡسَانِ مَا تَمَنّٰی ﴿۫ۖ۲۵﴾
    53 : 25 Инсанга өзү арзуу кылган нерсе табыла береби?
  • فَلِلّٰہِ الۡاٰخِرَۃُ وَ الۡاُوۡلٰی ﴿٪۲۶﴾
    53 : 26 Демек, акырет жана башат – экөөсү теӊ Алланын ээлигинде.
  • وَ کَمۡ مِّنۡ مَّلَکٍ فِی السَّمٰوٰتِ لَا تُغۡنِیۡ شَفَاعَتُہُمۡ شَیۡئًا اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ اَنۡ یَّاۡذَنَ اللّٰہُ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَرۡضٰی ﴿۲۷﴾
    53 : 27 Жана асмандарда канчалаган периштелер бар: алардын шапааты кенедей да пайда бербейт. Ооба, Алла Өзү каалаган бирөөгө уруксат берген жана ага ыраазы болгондон кийин болсо, анда башка кеп.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ لَیُسَمُّوۡنَ الۡمَلٰٓئِکَۃَ تَسۡمِیَۃَ الۡاُنۡثٰی ﴿۲۸﴾
    53 : 28 Албетте, акыретке ыйман келтирбей тургандар – (ошол) гана өжөрлүк менен периштелерге аялдардын аттарын бере тургандардан.
  • وَ مَا لَہُمۡ بِہٖ مِنۡ عِلۡمٍ ؕ اِنۡ یَّتَّبِعُوۡنَ اِلَّا الظَّنَّ ۚ وَ اِنَّ الظَّنَّ لَا یُغۡنِیۡ مِنَ الۡحَقِّ شَیۡئًا ﴿ۚ۲۹﴾
    53 : 29 Жана акыйкатта, алар бул тууралуу эч кандай билимге ээ эмес. Алар күмөндү гана ээрчишет. Албетте, күмөн акыйкаттын каршысында эч жардам бере албайт.
  • فَاَعۡرِضۡ عَنۡ مَّنۡ تَوَلّٰی ۬ۙ عَنۡ ذِکۡرِنَا وَ لَمۡ یُرِدۡ اِلَّا الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا ﴿ؕ۳۰﴾
    53 : 30 Ошентип, Биздин эскерилүүбүздөн жүз бура турган жана бул дүйнөдөгү жашоодон бөлөк эч нерсени каалабай тургандан жүз бур!
  • ذٰلِکَ مَبۡلَغُہُمۡ مِّنَ الۡعِلۡمِ ؕ اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَنۡ ضَلَّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ۙ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَنِ اہۡتَدٰی ﴿۳۱﴾
    53 : 31 Алардын билимдеринин бар-жогу ошол. Албетте, Раббиӊ гана Анын жолунан адашкан бирөөнү эӊ жакшы билет жана Ал хидаят тапкан кишини да эӊ жакшы билет.
  • وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ۙ لِیَجۡزِیَ الَّذِیۡنَ اَسَآءُوۡا بِمَا عَمِلُوۡا وَ یَجۡزِیَ الَّذِیۡنَ اَحۡسَنُوۡا بِالۡحُسۡنٰی ﴿ۚ۳۲﴾
    53 : 32 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Алланыкы. Ушул себептен, Ал жамандыктарды жасагандарга алардын амалдарына жараша жаза берет жана эӊ жакшы амалдарды кылгандарга эӊ жакшы сыйлык тартуулайт.
  • اَلَّذِیۡنَ یَجۡتَنِبُوۡنَ کَبٰٓئِرَ الۡاِثۡمِ وَ الۡفَوَاحِشَ اِلَّا اللَّمَمَ ؕ اِنَّ رَبَّکَ وَاسِعُ الۡمَغۡفِرَۃِ ؕ ہُوَ اَعۡلَمُ بِکُمۡ اِذۡ اَنۡشَاَکُمۡ مِّنَ الۡاَرۡضِ وَ اِذۡ اَنۡتُمۡ اَجِنَّۃٌ فِیۡ بُطُوۡنِ اُمَّہٰتِکُمۡ ۚ فَلَا تُزَکُّوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ ؕ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَنِ اتَّقٰی ٪﴿۳۳﴾
    53 : 33 (Бул жакшы амал кылуучулар) жеӊил каталарды коюп, эӊ оор күнөөлөрдөн жана бузукулуктардан өздөрүн сактай тургандар. Албетте, Раббиӊ – кеӊ кечирим ээси. Ал силерди жерден өстүргөндө жана силер энелериӊердин карындарында түйүлдүк болгонуӊарды эӊ жакшы билет. Ошондуктан, өзүӊөрдү таза деп эсептебегиле, ким такыба экендигин Ал эӊ жакшы билет.
  • اَفَرَءَیۡتَ الَّذِیۡ تَوَلّٰی ﴿ۙ۳۴﴾
    53 : 34 Аркага бурулуп кеткен бирөө туурасында ойлоп көрдүӊбү?
  • وَ اَعۡطٰی قَلِیۡلًا وَّ اَکۡدٰی ﴿۳۵﴾
    53 : 35 Жана аз гана берди, анан сараӊдык кылды.
  • اَعِنۡدَہٗ عِلۡمُ الۡغَیۡبِ فَہُوَ یَرٰی ﴿۳۶﴾
    53 : 36 Анда кайып илими барбы? Натыйжада, ал акыйкатты көрүп жатыптырбы?
  • اَمۡ لَمۡ یُنَبَّاۡ بِمَا فِیۡ صُحُفِ مُوۡسٰی ﴿ۙ۳۷﴾
    53 : 37 Же ага Мусанын баракчаларында бар нерседен кабар берилген эмеспи?
  • وَ اِبۡرٰہِیۡمَ الَّذِیۡ وَفّٰۤی ﴿ۙ۳۸﴾
    53 : 38 Жана убадага бек Ибраахийм(дин баракчаларында) –
  • اَلَّا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ﴿ۙ۳۹﴾
    53 : 39 Эч бир жүк көтөрүүчү башканын жүгүн көтөрбөйт.
  • وَ اَنۡ لَّیۡسَ لِلۡاِنۡسَانِ اِلَّا مَا سَعٰی ﴿ۙ۴۰﴾
    53 : 40 Жана инсан үчүн ал өзү умтулган нерседен бөлөк эч нерсе жок.
  • وَ اَنَّ سَعۡیَہٗ سَوۡفَ یُرٰی ﴿۪۴۱﴾
    53 : 41 Жана анын умтулушу албетте, эсепке алынат.
  • ثُمَّ یُجۡزٰٮہُ الۡجَزَآءَ الۡاَوۡفٰی ﴿ۙ۴۲﴾
    53 : 42 Анан ага анын толук акысы берилет.
  • وَ اَنَّ اِلٰی رَبِّکَ الۡمُنۡتَہٰی ﴿ۙ۴۳﴾
    53 : 43 Жана акыры, сенин Раббиӊ тарабына гана жетүү бар.
  • وَ اَنَّہٗ ہُوَ اَضۡحَکَ وَ اَبۡکٰی ﴿ۙ۴۴﴾
    53 : 44 Ал гана күлдүрөт жана ыйлатат.
  • وَ اَنَّہٗ ہُوَ اَمَاتَ وَ اَحۡیَا ﴿ۙ۴۵﴾
    53 : 45 Ал гана өлтүрөт жана тирилтет.
  • وَ اَنَّہٗ خَلَقَ الزَّوۡجَیۡنِ الذَّکَرَ وَ الۡاُنۡثٰی ﴿ۙ۴۶﴾
    53 : 46 Ал гана жуп-жуп, (тактап айтканда) эркек жана ургаачыны жаратты –
  • مِنۡ نُّطۡفَۃٍ اِذَا تُمۡنٰی ﴿۪۴۷﴾
    53 : 47 Бел суусунан. Качан ал куюлат.
  • وَ اَنَّ عَلَیۡہِ النَّشۡاَۃَ الۡاُخۡرٰی ﴿ۙ۴۸﴾
    53 : 48 Жана экинчи жолу тургузуу – Анын милдетинде.
  • وَ اَنَّہٗ ہُوَ اَغۡنٰی وَ اَقۡنٰی ﴿ۙ۴۹﴾
    53 : 49 Ал гана бай-дөөлөттүү кылат жана казыналарды берет.
  • وَ اَنَّہٗ ہُوَ رَبُّ الشِّعۡرٰی ﴿ۙ۵۰﴾
    53 : 50 Жана Ал гана «Шиъраа» (жылдызы)нын Раббиси.
  • وَ اَنَّہٗۤ اَہۡلَکَ عَادَ اۨ الۡاُوۡلٰی ﴿ۙ۵۱﴾
    53 : 51 Жана Ал гана илгерки Аадды жок кылды.
  • وَ ثَمُوۡدَا۠ فَمَاۤ اَبۡقٰی ﴿ۙ۵۲﴾
    53 : 52 Жана Самудду дагы. Ошентип, (алардын) эч нерсесин калтырбады.
  • وَ قَوۡمَ نُوۡحٍ مِّنۡ قَبۡلُ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا ہُمۡ اَظۡلَمَ وَ اَطۡغٰی ﴿ؕ۵۳﴾
    53 : 53 Жана мындан илгери Нух коомун дагы. Албетте, алар эӊ заалим жана эӊ баш ийбес болушкан.
  • وَ الۡمُؤۡتَفِکَۃَ اَہۡوٰی ﴿ۙ۵۴﴾
    53 : 54 Жана астын-үстүн боло турган кыштактарды дагы Ал (өйдөдөн ылдыйга) ыргытты.
  • فَغَشّٰہَا مَا غَشّٰی ﴿ۚ۵۵﴾
    53 : 55 Ошондо ороп алган нерсе аларды каптап алды.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکَ تَتَمَارٰی ﴿۵۶﴾
    53 : 56 Ошентип, сен Раббиӊдин кайсы бир нээматтары туурасында талашасыӊ?
  • ہٰذَا نَذِیۡرٌ مِّنَ النُّذُرِ الۡاُوۡلٰی ﴿۵۷﴾
    53 : 57 Бул – илгерки кулактандыруулар сыяктуу бир эскертүү.
  • اَزِفَتِ الۡاٰزِفَۃُ ﴿ۚ۵۸﴾
    53 : 58 Жакын келүүчү жакын келип калды.
  • لَیۡسَ لَہَا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ کَاشِفَۃٌ ﴿ؕ۵۹﴾
    53 : 59 Алланын ыраазычылыгысыз эч ким аны кайтаруучу эмес.
  • اَفَمِنۡ ہٰذَا الۡحَدِیۡثِ تَعۡجَبُوۡنَ ﴿ۙ۶۰﴾
    53 : 60 Демек, силер бул баянга таӊ каласыӊарбы?
  • وَ تَضۡحَکُوۡنَ وَ لَا تَبۡکُوۡنَ ﴿ۙ۶۱﴾
    53 : 61 Жана күлөсүӊөр, ал эми ыйлабайсыӊарбы?
  • وَ اَنۡتُمۡ سٰمِدُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    53 : 62 Жана силер кабарсызсыӊар.
  • فَاسۡجُدُوۡا لِلّٰہِ وَ اعۡبُدُوۡا ﴿٪ٛ۶۳﴾
    53 : 63 Ошентип, Аллага сажда кылгыла жана (Ага) ибадат кылгыла.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via