بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
77 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
وَ الۡمُرۡسَلٰتِ عُرۡفًا ۙ﴿۲﴾
77 : 2 Үзгүлтүксүз жиберилүүчүлөргө касам!
فَالۡعٰصِفٰتِ عَصۡفًا ۙ﴿۳﴾
77 : 3 Анан абдан ылдамдап кетүүчүлөргө.
وَّ النّٰشِرٰتِ نَشۡرًا ۙ﴿۴﴾
77 : 4 Жана (кабарды) жакшылап таратуучуларга.
فَالۡفٰرِقٰتِ فَرۡقًا ۙ﴿۵﴾
77 : 5 Анан анык айырма кылуучуларга.
فَالۡمُلۡقِیٰتِ ذِکۡرًا ۙ﴿۶﴾
77 : 6 Анан кулактандырган бойдон (баракчаларды) таштай тургандарга –
عُذۡرًا اَوۡ نُذۡرًا ۙ﴿۷﴾
77 : 7 Далил же эскертүү катарында.
اِنَّمَا تُوۡعَدُوۡنَ لَوَاقِعٌ ؕ﴿۸﴾
77 : 8 Албетте, силерге эскертилип жаткан нерсе сөзсүз ишке ашуучу.
فَاِذَا النُّجُوۡمُ طُمِسَتۡ ۙ﴿۹﴾
77 : 9 Анан качан жылдыздар үлбүлдөп калганда,
وَ اِذَا السَّمَآءُ فُرِجَتۡ ۙ﴿۱۰﴾
77 : 10 Жана качан асманда (ар түрдүү) тешик кылынып коюлганда,
وَ اِذَا الۡجِبَالُ نُسِفَتۡ ﴿ۙ۱۱﴾
77 : 11 Жана качан тоолор тамырынан суурулуп жиберилгенде,
وَ اِذَا الرُّسُلُ اُقِّتَتۡ ﴿ؕ۱۲﴾
77 : 12 Жана пайгамбарлар белгиленген убакытта келтирилгендеринде,
لِاَیِّ یَوۡمٍ اُجِّلَتۡ ﴿ؕ۱۳﴾
77 : 13 Алардын убакыты кайсы күнгө белгиленген эле?
لِیَوۡمِ الۡفَصۡلِ ﴿ۚ۱۴﴾
77 : 14 Бир чечкиндүү күнгө.
وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا یَوۡمُ الۡفَصۡلِ ﴿ؕ۱۵﴾
77 : 15 Жана чечкиндүү күн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۱۶﴾
77 : 16 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
اَلَمۡ نُہۡلِکِ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿ؕ۱۷﴾
77 : 17 Эмне, Биз илгеркилерди жок кылып жибербедикпи?
ثُمَّ نُتۡبِعُہُمُ الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿۱۸﴾
77 : 18 Анан кийинкилерди Биз алардын артынан келтиребиз.
کَذٰلِکَ نَفۡعَلُ بِالۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۹﴾
77 : 19 Биз күнөөкөрлөр менен мына ушундай мамиле кылабыз.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۲۰﴾
77 : 20 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
اَلَمۡ نَخۡلُقۡکُّمۡ مِّنۡ مَّآءٍ مَّہِیۡنٍ ﴿ۙ۲۱﴾
77 : 21 Эмне, Биз силерди бир төмөн-пас суудан пайда кылбадыкпы?
فَجَعَلۡنٰہُ فِیۡ قَرَارٍ مَّکِیۡنٍ ﴿ۙ۲۲﴾
77 : 22 Анан Биз аны бир туруктуулук кыла турган коопсуз жайга жайгаштырбадыкпы?
اِلٰی قَدَرٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿ۙ۲۳﴾
77 : 23 Бир маалым өлчөмгө чейин.
فَقَدَرۡنَا ٭ۖ فَنِعۡمَ الۡقٰدِرُوۡنَ ﴿۲۴﴾
77 : 24 Анан Биз (аны) бир түзүлүшкө салдык. Ошентип, Биз кандай сонун түзүлүшкө салуучубуз!
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۲۵﴾
77 : 25 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
اَلَمۡ نَجۡعَلِ الۡاَرۡضَ کِفَاتًا ﴿ۙ۲۶﴾
77 : 26 Эмне, Биз жерди жыйыштыруучу кылбадыкпы?
اَحۡیَآءً وَّ اَمۡوَاتًا ﴿ۙ۲۷﴾
77 : 27 Тирүүлөрдү дагы, өлүктөрдү дагы.
وَّ جَعَلۡنَا فِیۡہَا رَوَاسِیَ شٰمِخٰتٍ وَّ اَسۡقَیۡنٰکُمۡ مَّآءً فُرَاتًا ﴿ؕ۲۸﴾
77 : 28 Жана Биз анда абдан бийик тоолорду пайда кылдык жана силерге ширин суудан молчулук менен ичирдик.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۲۹﴾
77 : 29 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
اِنۡطَلِقُوۡۤا اِلٰی مَا کُنۡتُمۡ بِہٖ تُکَذِّبُوۡنَ ﴿ۚ۳۰﴾
77 : 30 Өзүӊөр жалганга чыгарган нерсе тарапка жүргүлө.
اِنۡطَلِقُوۡۤا اِلٰی ظِلٍّ ذِیۡ ثَلٰثِ شُعَبٍ ﴿ۙ۳۱﴾
77 : 31 Үч бөлүктүү көлөкө тарапка жүргүлө –
لَّا ظَلِیۡلٍ وَّ لَا یُغۡنِیۡ مِنَ اللَّہَبِ ﴿ؕ۳۲﴾
77 : 32 Ал бейпилдик да бербейт, от жалындарынан да коргобойт.
اِنَّہَا تَرۡمِیۡ بِشَرَرٍ کَالۡقَصۡرِ ﴿ۚ۳۳﴾
77 : 33 Албетте, ал бир чептей учкун чачат.
کَاَنَّہٗ جِمٰلَتٌ صُفۡرٌ ﴿ؕ۳۴﴾
77 : 34 Тим эле ал кудум ач сары өӊдүү төөлөргө окшойт.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۳۵﴾
77 : 35 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
ہٰذَا یَوۡمُ لَا یَنۡطِقُوۡنَ ﴿ۙ۳۶﴾
77 : 36 Бул – алар дудук болуп кала турган күн.
وَ لَا یُؤۡذَنُ لَہُمۡ فَیَعۡتَذِرُوۡنَ ﴿۳۷﴾
77 : 37 Жана аларга кечирим суроолоруна да уруксат берилбейт.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۳۸﴾
77 : 38 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
ہٰذَا یَوۡمُ الۡفَصۡلِ ۚ جَمَعۡنٰکُمۡ وَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۳۹﴾
77 : 39 «Бул – чечим чыгаруучу күнү. Биз силерди дагы, алдыӊкыларды да ал үчүн топтодук.
فَاِنۡ کَانَ لَکُمۡ کَیۡدٌ فَکِیۡدُوۡنِ ﴿۴۰﴾
77 : 40 Анан силердин кандайдыр бир айла-амалыӊар болсо, Мага каршы иштетип көргүлө».
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿٪۴۱﴾
77 : 41 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ ظِلٰلٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۴۲﴾
77 : 42 Албетте, такыбалар көлөкөлөр жана булактар (бар бейиш)те болушат.
وَّ فَوَاکِہَ مِمَّا یَشۡتَہُوۡنَ ﴿ؕ۴۳﴾
77 : 43 Жана өздөрү арзуу кыла турган мөмөлөрдө.
کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا ہَنِیۡٓــًٔۢا بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۴۴﴾
77 : 44 «Кылып жүргөн амалдарыӊар урматынан канааттануу менен жегиле жана ичкиле».
اِنَّا کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۴۵﴾
77 : 45 Албетте, жакшы амалдар кылуучуларды Биз мына ушундай сыйлайбыз.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۴۶﴾
77 : 46 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
کُلُوۡا وَ تَمَتَّعُوۡا قَلِیۡلًا اِنَّکُمۡ مُّجۡرِمُوۡنَ ﴿۴۷﴾
77 : 47 «Жегиле жана аз гана мөөнөткө чейин бир аз пайдаланып алгыла. Албетте, силер күнөөкөрсүӊөр».
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۴۸﴾
77 : 48 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمُ ارۡکَعُوۡا لَا یَرۡکَعُوۡنَ ﴿۴۹﴾
77 : 49 Жана аларга: «Руку кылгыла!» - деп айтылганда, алар руку кылышпайт эле.
وَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۵۰﴾
77 : 50 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
فَبِاَیِّ حَدِیۡثٍۭ بَعۡدَہٗ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
77 : 51 Демек, мындан кийин алар башка кайсы сөзгө ыйман келтиришет?