بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
88 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ الۡغَاشِیَۃِ ؕ﴿۲﴾
88 : 2 Эмне, сага эстен тандыруучу (Саат)тын кабары келдиби?
وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ خَاشِعَۃٌ ۙ﴿۳﴾
88 : 3 Айрым жүздөр ошол күнү катуу коркууда болот –
عَامِلَۃٌ نَّاصِبَۃٌ ۙ﴿۴﴾
88 : 4 (Мындан илгери дүйнөнү издөө максатында) катуу мээнет-машакат чегүүчү (жана) чарчап алсыз болуучу.
تَصۡلٰی نَارًا حَامِیَۃً ۙ﴿۵﴾
88 : 5 Алар жалындап турган отко киришет.
تُسۡقٰی مِنۡ عَیۡنٍ اٰنِیَۃٍ ؕ﴿۶﴾
88 : 6 Аларга бир кайнап турган булактан ичирилет.
لَیۡسَ لَہُمۡ طَعَامٌ اِلَّا مِنۡ ضَرِیۡعٍ ۙ﴿۷﴾
88 : 7 Алар үчүн ачуу бак-дарактан болгон тамактан бөлөк эч нерсе болбойт.
لَّا یُسۡمِنُ وَ لَا یُغۡنِیۡ مِنۡ جُوۡعٍ ؕ﴿۸﴾
88 : 8 Ал семиртпейт жана ачкалыкты да баспайт.
وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ نَّاعِمَۃٌ ۙ﴿۹﴾
88 : 9 Айрым жүздөр ошол күнү абдан шаттуу болушат.
لِّسَعۡیِہَا رَاضِیَۃٌ ۙ﴿۱۰﴾
88 : 10 Өздөрүнүн аракеттеринен абдан курсант.
فِیۡ جَنَّۃٍ عَالِیَۃٍ ﴿ۙ۱۱﴾
88 : 11 Бир бийик бейиште.
لَّا تَسۡمَعُ فِیۡہَا لَاغِیَۃً ﴿ؕ۱۲﴾
88 : 12 Анда сен кандайдыр бир куру сөздү укпайсыӊ.
فِیۡہَا عَیۡنٌ جَارِیَۃٌ ﴿ۘ۱۳﴾
88 : 13 Анда бир агып турган булак болот.
فِیۡہَا سُرُرٌ مَّرۡفُوۡعَۃٌ ﴿ۙ۱۴﴾
88 : 14 Анда бийик төшөлгөн тактылар болот.
وَّ اَکۡوَابٌ مَّوۡضُوۡعَۃٌ ﴿ۙ۱۵﴾
88 : 15 Жана (тыкан) терилген кеселер.
وَّ نَمَارِقُ مَصۡفُوۡفَۃٌ ﴿ۙ۱۶﴾
88 : 16 Жана катар-катар коюлган жаздыктар.
وَّ زَرَابِیُّ مَبۡثُوۡثَۃٌ ﴿ؕ۱۷﴾
88 : 17 Жана төшөлгөн килемдер дагы.
اَفَلَا یَنۡظُرُوۡنَ اِلَی الۡاِبِلِ کَیۡفَ خُلِقَتۡ ﴿ٝ۱۸﴾
88 : 18 Алар төөлөрдүн кандай жаратылып коюлганын көрүшпөйбү?
وَ اِلَی السَّمَآءِ کَیۡفَ رُفِعَتۡ ﴿ٝ۱۹﴾
88 : 19 Жана асмандын кандай көтөрүлүп коюлганын?
وَ اِلَی الۡجِبَالِ کَیۡفَ نُصِبَتۡ ﴿ٝ۲۰﴾
88 : 20 Жана тоолордун кандай бекем кадалып коюлганын?
وَ اِلَی الۡاَرۡضِ کَیۡفَ سُطِحَتۡ ﴿ٝ۲۱﴾
88 : 21 Жана жердин кандай тегизделип коюлганын?
فَذَکِّرۡ ۟ؕ اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مُذَکِّرٌ ﴿ؕ۲۲﴾
88 : 22 Ошентип, көп-көп насаат кыл. Сен бир гана кайра-кайра насаат кылуучусуӊ.
لَسۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِمُصَۜیۡطِرٍ ﴿ۙ۲۳﴾
88 : 23 Сен алардын үстүнөн кароолчу эмессиӊ.
اِلَّا مَنۡ تَوَلّٰی وَ کَفَرَ ﴿ۙ۲۴﴾
88 : 24 Ооба, кимде-ким жүз бурса жана каапыр болсо,
فَیُعَذِّبُہُ اللّٰہُ الۡعَذَابَ الۡاَکۡبَرَ ﴿ؕ۲۵﴾
88 : 25 Ага Алла эӊ оор азапты берет.
اِنَّ اِلَیۡنَاۤ اِیَابَہُمۡ ﴿ۙ۲۶﴾
88 : 26 Албетте, Биз тарапка гана алардын кайтуусу бар.
ثُمَّ اِنَّ عَلَیۡنَا حِسَابَہُمۡ ﴿٪۲۷﴾
88 : 27 Анан албетте, аларды эсеп-кысап кылуу дагы Биздин милдетибизде.