Курани карим Ар-Рахмаан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الرَّحمٰن

Ар-Рахмаан

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    55 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلرَّحۡمٰنُ ۙ﴿۲﴾
    55 : 2 Чексиз ырайым кылуучу (жана) сурабастан берүүчү.
  • عَلَّمَ الۡقُرۡاٰنَ ؕ﴿۳﴾
    55 : 3 Ал Куранды үйрөттү.
  • خَلَقَ الۡاِنۡسَانَ ۙ﴿۴﴾
    55 : 4 Инсанды жаратты.
  • عَلَّمَہُ الۡبَیَانَ ﴿۵﴾
    55 : 5 Ага баяндоо өнөрүн үйрөттү.
  • اَلشَّمۡسُ وَ الۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٍ ﴿۪۶﴾
    55 : 6 Күн жана ай бир эсеп-кысап боюнча (бой сундурулган).
  • وَّ النَّجۡمُ وَ الشَّجَرُ یَسۡجُدٰنِ ﴿۷﴾
    55 : 7 Жана жылдыздар менен дарактар – экөөсү теӊ саждада.
  • وَ السَّمَآءَ رَفَعَہَا وَ وَضَعَ الۡمِیۡزَانَ ۙ﴿۸﴾
    55 : 8 Жана асмандын шаан-шөөкөтү кандай ажайып? Ал ага бийиктик тартуулады жана адилет үлгүсү кылды –
  • اَلَّا تَطۡغَوۡا فِی الۡمِیۡزَانِ ﴿۹﴾
    55 : 9 Силер таразада чектен чыкпашыӊар үчүн.
  • وَ اَقِیۡمُوا الۡوَزۡنَ بِالۡقِسۡطِ وَ لَا تُخۡسِرُوا الۡمِیۡزَانَ ﴿۱۰﴾
    55 : 10 Салмакта адилетти тургузгула жана таразадан жеп калбагыла.
  • وَ الۡاَرۡضَ وَضَعَہَا لِلۡاَنَامِ ﴿ۙ۱۱﴾
    55 : 11 Жана жердин шаан-шөөкөтү дагы кандай ажайып? Аны Ал бардык макулуктар үчүн (таяныч) кылды.
  • فِیۡہَا فَاکِہَۃٌ ۪ۙ وَّ النَّخۡلُ ذَاتُ الۡاَکۡمَامِ ﴿ۖ۱۲﴾
    55 : 12 Анда ар түрдүү мөмөлөр жана үймөк (тарткан) курмалар да бар.
  • وَ الۡحَبُّ ذُو الۡعَصۡفِ وَ الرَّیۡحَانُ ﴿ۚ۱۳﴾
    55 : 13 Кабыктуу дан жана атыр жыттуу көк тамыр (дагы).
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۱۴﴾
    55 : 14 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • خَلَقَ الۡاِنۡسَانَ مِنۡ صَلۡصَالٍ کَالۡفَخَّارِ ﴿ۙ۱۵﴾
    55 : 15 Ал инсанды чопо идиштей кагыраган ылайдан пайда кылды.
  • وَ خَلَقَ الۡجَآنَّ مِنۡ مَّارِجٍ مِّنۡ نَّارٍ ﴿ۚ۱۶﴾
    55 : 16 Жана жинди оттун жалындарынан жаратты.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۱۷﴾
    55 : 17 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • رَبُّ الۡمَشۡرِقَیۡنِ وَ رَبُّ الۡمَغۡرِبَیۡنِ ﴿ۚ۱۸﴾
    55 : 18 Эки чыгыштын Раббиси жана эки батыштын Раббиси.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۱۹﴾
    55 : 19 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • مَرَجَ الۡبَحۡرَیۡنِ یَلۡتَقِیٰنِ ﴿ۙ۲۰﴾
    55 : 20 Ал эки деӊизди кошуп коёт; алар эргип бири-бирине кошулат.
  • بَیۡنَہُمَا بَرۡزَخٌ لَّا یَبۡغِیٰنِ ﴿ۚ۲۱﴾
    55 : 21 (Азырынча), алардын арасында бир тосмо бар; алар (андан) аша албайт.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۲۲﴾
    55 : 22 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • یَخۡرُجُ مِنۡہُمَا اللُّؤۡلُؤُ وَ الۡمَرۡجَانُ ﴿ۚ۲۳﴾
    55 : 23 Ал экөөсүнөн теӊ бермет жана маржан чыгат.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۲۴﴾
    55 : 24 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • وَ لَہُ الۡجَوَارِ الۡمُنۡشَئٰتُ فِی الۡبَحۡرِ کَالۡاَعۡلَامِ ﴿ۚ۲۵﴾
    55 : 25 Жана деӊизде тоолордой бийик көтөрүлө турган кемелер да Анын (чеберчилиги).
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿٪۲۶﴾
    55 : 26 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • کُلُّ مَنۡ عَلَیۡہَا فَانٍ ﴿ۚۖ۲۷﴾
    55 : 27 Ал (жердин) үстүндөгү бардык нерселер жок болуучу.
  • وَّ یَبۡقٰی وَجۡہُ رَبِّکَ ذُو الۡجَلٰلِ وَ الۡاِکۡرَامِ ﴿ۚ۲۸﴾
    55 : 28 Жалаӊ улуктук жана урмат ээси болгон Раббиӊдин даӊкы түбөлүк калат.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۲۹﴾
    55 : 29 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • یَسۡـَٔلُہٗ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ کُلَّ یَوۡمٍ ہُوَ فِیۡ شَاۡنٍ ﴿ۚ۳۰﴾
    55 : 30 Асмандар жана жердеги ар бир нерсе Андан гана сурайт. Ар бир ирмемде Ал жаӊы бир шаан-шөөкөттө болот.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۳۱﴾
    55 : 31 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • سَنَفۡرُغُ لَکُمۡ اَیُّہَ الثَّقَلٰنِ ﴿ۚ۳۲﴾
    55 : 32 Биз албетте, силер менен жакшылап эсеп-китеп кылабыз, эй, эки оор күчтөр!
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۳۳﴾
    55 : 33 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • یٰمَعۡشَرَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ اِنِ اسۡتَطَعۡتُمۡ اَنۡ تَنۡفُذُوۡا مِنۡ اَقۡطَارِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ فَانۡفُذُوۡا ؕ لَا تَنۡفُذُوۡنَ اِلَّا بِسُلۡطٰنٍ ﴿ۚ۳۴﴾
    55 : 34 Эй, жиндер жана инсандар тайпасы! Эгер силер асмандар жана жердин чек араларынан чыгып кетишке күчүӊөр жетсе, чыгып кете бергиле. Силер бир күчтүү далил менен гана чыга аласыӊар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۳۵﴾
    55 : 35 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • یُرۡسَلُ عَلَیۡکُمَا شُوَاظٌ مِّنۡ نَّارٍ ۬ۙ وَّ نُحَاسٌ فَلَا تَنۡتَصِرٰنِ ﴿ۚ۳۶﴾
    55 : 36 Экөөӊөрдүн үстүӊөргө от шоолалары жаадырылат жана бир өзгөчө түтүн дагы; ошондо экөөӊөр өч алалбайсыӊар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۳۷﴾
    55 : 37 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فَاِذَا انۡشَقَّتِ السَّمَآءُ فَکَانَتۡ وَرۡدَۃً کَالدِّہَانِ ﴿ۚ۳۸﴾
    55 : 38 Демек, асман жарылып кеткенде жана боёлгон теридей кызыл болгондо.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۳۹﴾
    55 : 39 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فَیَوۡمَئِذٍ لَّا یُسۡـَٔلُ عَنۡ ذَنۡۢبِہٖۤ اِنۡسٌ وَّ لَا جَآنٌّ ﴿ۚ۴۰﴾
    55 : 40 Ошол күнү адамдар жана жиндерден эч кимдин күнөөлөрү туурасында суралбайт.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۴۱﴾
    55 : 41 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • یُعۡرَفُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ بِسِیۡمٰہُمۡ فَیُؤۡخَذُ بِالنَّوَاصِیۡ وَ الۡاَقۡدَامِ ﴿ۚ۴۲﴾
    55 : 42 Бардык күнөөкөрлөр өз белгилеринен таанылат. Ошондо алар көкүлдөрү жана аяктарынан кармап алынат.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۴۳﴾
    55 : 43 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • ہٰذِہٖ جَہَنَّمُ الَّتِیۡ یُکَذِّبُ بِہَا الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿ۘ۴۴﴾
    55 : 44 Күнөөкөрлөр жалган деп жүргөн тозок – мына ушул.
  • یَطُوۡفُوۡنَ بَیۡنَہَا وَ بَیۡنَ حَمِیۡمٍ اٰنٍ ﴿ۚ۴۵﴾
    55 : 45 Алар ал (тозок) жана кайнап турган суунун арасында айланып жүрүшөт.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿٪۴۶﴾
    55 : 46 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • وَ لِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ جَنَّتٰنِ ﴿ۚ۴۷﴾
    55 : 47 Жана өз Раббисинин мартабасынан корко турган киши үчүн эки бейиш бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۙ۴۸﴾
    55 : 48 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • ذَوَاتَاۤ اَفۡنَانٍ ﴿ۚ۴۹﴾
    55 : 49 Экөө теӊ арбын шактардын ээси.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۵۰﴾
    55 : 50 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِمَا عَیۡنٰنِ تَجۡرِیٰنِ ﴿ۚ۵۱﴾
    55 : 51 Ал экөөсүндө эки булак агат.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۵۲﴾
    55 : 52 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِمَا مِنۡ کُلِّ فَاکِہَۃٍ زَوۡجٰنِ ﴿ۚ۵۳﴾
    55 : 53 Ал экөөсүндө ар түрдүү мөмөлөрдүн жуптары бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۵۴﴾
    55 : 54 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • مُتَّکِـِٕیۡنَ عَلٰی فُرُشٍۭ بَطَآئِنُہَا مِنۡ اِسۡتَبۡرَقٍ ؕ وَ جَنَا الۡجَنَّتَیۡنِ دَانٍ ﴿ۚ۵۵﴾
    55 : 55 Алар астары калыӊ кымкаптан болгон төшөктөрдө жамбаштаган абалда болушат. Ар эки бейиштин бышкан мөмөлөрү оордугунан ийилген.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۵۶﴾
    55 : 56 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِنَّ قٰصِرٰتُ الطَّرۡفِ ۙ لَمۡ یَطۡمِثۡہُنَّ اِنۡسٌ قَبۡلَہُمۡ وَ لَا جَآنٌّ ﴿ۚ۵۷﴾
    55 : 57 Аларда бул (бейиш ээ)леринен мурун жин жана адамдардан эч ким тийбеген, көздөрүн ылдый караткан кыздар бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۵۸﴾
    55 : 58 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • کَاَنَّہُنَّ الۡیَاقُوۡتُ وَ الۡمَرۡجَانُ ﴿ۚ۵۹﴾
    55 : 59 Тим эле алар жакут жана маржандай.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۶۰﴾
    55 : 60 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • ہَلۡ جَزَآءُ الۡاِحۡسَانِ اِلَّا الۡاِحۡسَانُ ﴿ۚ۶۱﴾
    55 : 61 Жакшылыктын сыйлыгы жакшылыктан бөлөк да боло алабы?!
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۶۲﴾
    55 : 62 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • وَ مِنۡ دُوۡنِہِمَا جَنَّتٰنِ ﴿ۚ۶۳﴾
    55 : 63 Жана бул экөөнөн тышкары дагы эки бейиш бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۙ۶۴﴾
    55 : 64 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • مُدۡہَآ مَّتٰنِ ﴿ۚ۶۵﴾
    55 : 65 Экөө дагы абдан жапжашыл.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۶۶﴾
    55 : 66 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِمَا عَیۡنٰنِ نَضَّاخَتٰنِ ﴿ۚ۶۷﴾
    55 : 67 Бул экөөсүндө кайнап турган эки булак бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۶۸﴾
    55 : 68 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِمَا فَاکِہَۃٌ وَّ نَخۡلٌ وَّ رُمَّانٌ ﴿ۚ۶۹﴾
    55 : 69 Ал экөөсүндө ар түрдүү мөмөлөр, курмалар жана анарлар бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۷۰﴾
    55 : 70 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • فِیۡہِنَّ خَیۡرٰتٌ حِسَانٌ ﴿ۚ۷۱﴾
    55 : 71 Аларда абдан пакиза-таза кыздар бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۷۲﴾
    55 : 72 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • حُوۡرٌ مَّقۡصُوۡرٰتٌ فِی الۡخِیَامِ ﴿ۚ۷۳﴾
    55 : 73 Кирпич жана таштардан курулбаган чептердей үйлөрдө жайгаштырылган хурлар бар.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۷۴﴾
    55 : 74 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • لَمۡ یَطۡمِثۡہُنَّ اِنۡسٌ قَبۡلَہُمۡ وَ لَا جَآنٌّ ﴿ۚ۷۵﴾
    55 : 75 Аларга ал (бейиш ээлери)нен мурун жин жана адамдардан эч ким тийбеген.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿ۚ۷۶﴾
    55 : 76 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • مُتَّکِـِٕیۡنَ عَلٰی رَفۡرَفٍ خُضۡرٍ وَّ عَبۡقَرِیٍّ حِسَانٍ ﴿ۚ۷۷﴾
    55 : 77 Алар жашыл килемдер жана ардактуу кооз көрпөчөлөрдө жамбаштаган болушат.
  • فَبِاَیِّ اٰلَآءِ رَبِّکُمَا تُکَذِّبٰنِ ﴿۷۸﴾
    55 : 78 Демек, (эй, жиндер жана адамдар!) Экөөӊөр теӊ Раббиӊердин кайсы бир нээмат-берекесин четке кагасыӊар?
  • تَبٰرَکَ اسۡمُ رَبِّکَ ذِی الۡجَلٰلِ وَ الۡاِکۡرَامِ ﴿٪۷۹﴾
    55 : 79 Улуктук жана урмат ээси болгон Раббиӊдин наамы гана абдан берекелүү.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via