النِّسَاء
Ан-Нисаа
Сүрөөгө киришүү
- بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾4 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
- یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اتَّقُوۡا رَبَّکُمُ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ نَّفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ وَّ خَلَقَ مِنۡہَا زَوۡجَہَا وَ بَثَّ مِنۡہُمَا رِجَالًا کَثِیۡرًا وَّ نِسَآءً ۚ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ الَّذِیۡ تَسَآءَلُوۡنَ بِہٖ وَ الۡاَرۡحَامَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلَیۡکُمۡ رَقِیۡبًا ﴿۲﴾4 : 2 Эй, адамдар! Силерди бир жандан жараткан жана андан анын жубун жараткан, андан кийин ал экөөсүнөн көптөгөн эркектер жана аялдарды тараткан Раббиңерден корккула жана ысымын ортого коюп, бири-бириңерден өтүнүп жаткан Алладан корккула жана тууган-туушкандык (акы-укуктары)н дагы эсепке алгыла. Албетте, Алла үстүңөрдөн күзөтүүчү.
- وَ اٰتُوا الۡیَتٰمٰۤی اَمۡوَالَہُمۡ وَ لَا تَتَبَدَّلُوا الۡخَبِیۡثَ بِالطَّیِّبِ ۪ وَ لَا تَاۡکُلُوۡۤا اَمۡوَالَہُمۡ اِلٰۤی اَمۡوَالِکُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ حُوۡبًا کَبِیۡرًا ﴿۳﴾4 : 3 Жетимдерге алардын дүнүйө-мүлктөрүн бергиле жана ыпылас нерселерди таза нерселердин ордуна албагыла, ошондой эле алардын дүнүйө-мүлктөрүн өз мүлкүңөргө кошуп жебегиле. Албетте, бул эң оор күнөө.
- وَ اِنۡ خِفۡتُمۡ اَلَّا تُقۡسِطُوۡا فِی الۡیَتٰمٰی فَانۡکِحُوۡا مَا طَابَ لَکُمۡ مِّنَ النِّسَآءِ مَثۡنٰی وَ ثُلٰثَ وَ رُبٰعَ ۚ فَاِنۡ خِفۡتُمۡ اَلَّا تَعۡدِلُوۡا فَوَاحِدَۃً اَوۡ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ؕ ذٰلِکَ اَدۡنٰۤی اَلَّا تَعُوۡلُوۡا ؕ﴿۴﴾4 : 4 Эгер силер жетимдерге адилеттик кыла албай калууңардан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан аялдардан экини, үчтү же төрттү никеңерге алгыла. Бирок, эгер силер адилеттик кыла албай калууңардан корксоңор, анда болгону бирөөсү же кол астыңардагылар (жетиштүү). Адилетсиздиктен сактанышыңар үчүн ушул (жол) жакыныраак.
- وَ اٰتُوا النِّسَآءَ صَدُقٰتِہِنَّ نِحۡلَۃً ؕ فَاِنۡ طِبۡنَ لَکُمۡ عَنۡ شَیۡءٍ مِّنۡہُ نَفۡسًا فَکُلُوۡہُ ہَنِیۡٓــًٔا مَّرِیۡٓــًٔا ﴿۵﴾4 : 5 Жана аялдарга алардын махрларын чын көңүлдөн бергиле. Анан эгер алар ачык көңүлдүк менен андан бир бөлүгүн силерге берүүгө ыраазы болушса, аны тартынбастан, канаттануу менен жей бергиле.
- وَ لَا تُؤۡتُوا السُّفَہَآءَ اَمۡوَالَکُمُ الَّتِیۡ جَعَلَ اللّٰہُ لَکُمۡ قِیٰمًا وَّ ارۡزُقُوۡہُمۡ فِیۡہَا وَ اکۡسُوۡہُمۡ وَ قُوۡلُوۡا لَہُمۡ قَوۡلًا مَّعۡرُوۡفًا ﴿۶﴾4 : 6 Алла силер(дин экономикалык туруктуулугуңар) үчүн таяныч кылган дүнүйөңөрдү наадандарга бербегиле; ошондой эле аларга ал (дүнүйө)лөрдөн жедиргиле жана кийиндиргиле. Дагы аларга мээримдүү-жылуу сөздөр менен кайрылгыла.
- وَ ابۡتَلُوا الۡیَتٰمٰی حَتّٰۤی اِذَا بَلَغُوا النِّکَاحَ ۚ فَاِنۡ اٰنَسۡتُمۡ مِّنۡہُمۡ رُشۡدًا فَادۡفَعُوۡۤا اِلَیۡہِمۡ اَمۡوَالَہُمۡ ۚ وَ لَا تَاۡکُلُوۡہَاۤ اِسۡرَافًا وَّ بِدَارًا اَنۡ یَّکۡبَرُوۡا ؕ وَ مَنۡ کَانَ غَنِیًّا فَلۡیَسۡتَعۡفِفۡ ۚ وَ مَنۡ کَانَ فَقِیۡرًا فَلۡیَاۡکُلۡ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ فَاِذَا دَفَعۡتُمۡ اِلَیۡہِمۡ اَمۡوَالَہُمۡ فَاَشۡہِدُوۡا عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ حَسِیۡبًا ﴿۷﴾4 : 7 Жана жетимдерди, алар нике (жашы)на жеткенче, сынап тургула. Ошентип, эгер аларда акыл (жышаандары)н сезсеңер, анда аларга дүнүйөлөрүн кайтаргыла. Алардын улгайып кетүүсүнөн коркуп, ушул (дүнүйөлөр)дү ысырапкерчилик жолу менен, жана бат-бат жебегиле. Ким бай болсо, (алардын дүнүйөсүн жештен) бүтүндөй баш тартсын. Ал эми ким кембагал болсо, ал эреже боюнча жесин. Анан силер алардын дүнүйөлөрүн аларга кайтарганыңарда, аларга (өзгөлөрдү) күбө кылып алгыла. Алла эсеп-кысап кылууда жетиштүү.
- لِلرِّجَالِ نَصِیۡبٌ مِّمَّا تَرَکَ الۡوَالِدٰنِ وَ الۡاَقۡرَبُوۡنَ ۪ وَ لِلنِّسَآءِ نَصِیۡبٌ مِّمَّا تَرَکَ الۡوَالِدٰنِ وَ الۡاَقۡرَبُوۡنَ مِمَّا قَلَّ مِنۡہُ اَوۡ کَثُرَ ؕ نَصِیۡبًا مَّفۡرُوۡضًا ﴿۸﴾4 : 8 Ата-энелер жана жакын туугандар калтырган мурастын бир бөлүгү эркектерге тийиштүү; ошондой эле ата-энелер жана жакын туугандар калтырган мурастын бир бөлүгү, көп же аз болушуна карабастан, аялдарга дагы тиешелүү. (Бул) парыз кылынган үлүш.
- وَ اِذَا حَضَرَ الۡقِسۡمَۃَ اُولُوا الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنُ فَارۡزُقُوۡہُمۡ مِّنۡہُ وَ قُوۡلُوۡا لَہُمۡ قَوۡلًا مَّعۡرُوۡفًا ﴿۹﴾4 : 9 (Мурас) бөлүштүрүлүп жатканда, (каада-эреже боюнча мураскор болбогон) туугандар, жетимдер жана мискиндер дагы келип калса, андан бир азын аларга дагы бергиле жана аларга жумшак сүйлөгүлө.
- وَ لۡیَخۡشَ الَّذِیۡنَ لَوۡ تَرَکُوۡا مِنۡ خَلۡفِہِمۡ ذُرِّیَّۃً ضِعٰفًا خَافُوۡا عَلَیۡہِمۡ ۪ فَلۡیَتَّقُوا اللّٰہَ وَ لۡیَقُوۡلُوۡا قَوۡلًا سَدِیۡدًا ﴿۱۰﴾4 : 10 Ошол адамдар өздөрүнүн артында начар-алсыз балдарын калтырып кеткенде, алардан кабатыр болууларынан коркуулары керек. Ошондуктан, алар Алладан коркуулары жана акыйкатты сүйлөөлөрү керек.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ یَاۡکُلُوۡنَ اَمۡوَالَ الۡیَتٰمٰی ظُلۡمًا اِنَّمَا یَاۡکُلُوۡنَ فِیۡ بُطُوۡنِہِمۡ نَارًا ؕ وَ سَیَصۡلَوۡنَ سَعِیۡرًا ﴿٪۱۱﴾4 : 11 Албетте, жетимдердин дүнүйөсүн акысыз жей тургандар өздөрүнүн карындарын болгону от менен толтурашат. Албетте, алар жалындап турган отко түшүшөт.
- یُوۡصِیۡکُمُ اللّٰہُ فِیۡۤ اَوۡلَادِکُمۡ ٭ لِلذَّکَرِ مِثۡلُ حَظِّ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ۚ فَاِنۡ کُنَّ نِسَآءً فَوۡقَ اثۡنَتَیۡنِ فَلَہُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَکَ ۚ وَ اِنۡ کَانَتۡ وَاحِدَۃً فَلَہَا النِّصۡفُ ؕ وَ لِاَبَوَیۡہِ لِکُلِّ وَاحِدٍ مِّنۡہُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَکَ اِنۡ کَانَ لَہٗ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہٗ وَلَدٌ وَّ وَرِثَہٗۤ اَبَوٰہُ فَلِاُمِّہِ الثُّلُثُ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَہٗۤ اِخۡوَۃٌ فَلِاُمِّہِ السُّدُسُ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصِیۡ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ اٰبَآؤُکُمۡ وَ اَبۡنَآؤُکُمۡ لَا تَدۡرُوۡنَ اَیُّہُمۡ اَقۡرَبُ لَکُمۡ نَفۡعًا ؕ فَرِیۡضَۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۲﴾4 : 12 Алла силерге балдарыңар туурасында осуят кылат: (бир) эркек үчүн эки аялдын үлүшүнө тең (үлүш) бар. Эгер алар экиден артык аял болсо, аларга ал (өлгөн киши) калтырган нерсенин үчтөн эки бөлүгү бар. Ал эми, эгер ал жалгыз (аял) болсо, анда ал жарымына ээ болот. Эгер ал (маркум) бала-чакалуу болсо, анын ата-энесинин ар бирине ал калтырган мурастын алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер анын бала-чакасы болбосо жана ата-энеси анын мураскору болсо, анда энесине мурастын үчтөн бир бөлүгү тиет. Эгер ал (маркум)дун ага-инилери, эже-карындаштары болсо, анда энесине алтыдан бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөрдүн бардыгы) ал (маркум)дун керези жана карызы төлөнгөн соң (бөлүп берилет). Ата-бабаларыңар жана балдарыңардын кайсы бири пайда келтирүүдө силерге жакыныраак экенин билбейсиңер. Бул Алла тарабынан парыз кылынган. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ لَکُمۡ نِصۡفُ مَا تَرَکَ اَزۡوَاجُکُمۡ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہُنَّ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَہُنَّ وَلَدٌ فَلَکُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَکۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصِیۡنَ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ وَ لَہُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَکۡتُمۡ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّکُمۡ وَلَدٌ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَکُمۡ وَلَدٌ فَلَہُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَکۡتُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ تُوۡصُوۡنَ بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ؕ وَ اِنۡ کَانَ رَجُلٌ یُّوۡرَثُ کَلٰلَۃً اَوِ امۡرَاَۃٌ وَّ لَہٗۤ اَخٌ اَوۡ اُخۡتٌ فَلِکُلِّ وَاحِدٍ مِّنۡہُمَا السُّدُسُ ۚ فَاِنۡ کَانُوۡۤا اَکۡثَرَ مِنۡ ذٰلِکَ فَہُمۡ شُرَکَآءُ فِی الثُّلُثِ مِنۡۢ بَعۡدِ وَصِیَّۃٍ یُّوۡصٰی بِہَاۤ اَوۡ دَیۡنٍ ۙ غَیۡرَ مُضَآرٍّ ۚ وَصِیَّۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَلِیۡمٌ ﴿ؕ۱۳﴾4 : 13 Эгер аялдарыңар бала-чакалуу болбосо, анда силерге алар калтырган (мурас)тын жарымы тиет. Бирок, эгер алар бала-чакалуу болсо, анда силерге алар калтырган (мурас)тын төрттөн бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөр) алар кылган керези жана карызы төлөнгөн соң (бөлүнүп берилет). Эгер бала-чакаңар болбосо, анда аларга силер калтырган мурастын төрттөн бир бөлүгү тиет; ошондой эле, эгер бала-чакаңар болсо, анда аларга (аялдарга) силер калтырган мурастын сегизден бир бөлүгү тиет. (Бул үлүштөр) силер кылган керези жана карыз төлөнгөн соң (бөлүп берилет); ошондой эле, эгер (ата-энеси жана бала-чакасы болбогон, бирок) ага-иниси же эже-карындашы бар эркек же аялдан калган мурас бөлүштүрүлсө, ал экөөсүнүн ар бирине алтыдан бир бөлүгү тиет. Жана эгер алар (ага-инилер жана эже-сиңдилер) мындан көбүрөөк болсо, анда алардын баардыгы үчтөн бир бөлүгүнө ээ болот. (Бул үлүштөр) кылынган керези же карыз төлөнгөн соң (бөлүп берилет). (Бул бөлүшүүдө) эч кимге зыян келтирилбеш керек. (Бул) Алла тарабынан осуят. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө жумшак көңүл.
- تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ ؕ وَ مَنۡ یُّطِعِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ یُدۡخِلۡہُ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۱۴﴾4 : 14 Булар Алланын (белгилеп койгон) чегаралары. Ким Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийсе, Ал аны ортосунан дайралар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар. Бул абдан чоң ийгилик.
- وَ مَنۡ یَّعۡصِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ یَتَعَدَّ حُدُوۡدَہٗ یُدۡخِلۡہُ نَارًا خَالِدًا فِیۡہَا ۪ وَ لَہٗ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿٪۱۵﴾4 : 15 Кимде-ким Аллага жана Анын Пайгамбарына бой сунуудан баш тартса жана Анын чегараларынан чыгып кетсе, Ал аны отко түшүрөт. Ал анда узак мөөнөткө чейин калат жана ал үчүн кор кылуучу азап бар.
- وَ الّٰتِیۡ یَاۡتِیۡنَ الۡفَاحِشَۃَ مِنۡ نِّسَآئِکُمۡ فَاسۡتَشۡہِدُوۡا عَلَیۡہِنَّ اَرۡبَعَۃً مِّنۡکُمۡ ۚ فَاِنۡ شَہِدُوۡا فَاَمۡسِکُوۡ ہُنَّ فِی الۡبُیُوۡتِ حَتّٰی یَتَوَفّٰہُنَّ الۡمَوۡتُ اَوۡ یَجۡعَلَ اللّٰہُ لَہُنَّ سَبِیۡلًا ﴿۱۶﴾4 : 16 Аялдарыңардан кимдир бирөө бузук иш жасаса, алардын үстүнөн өзүңөрдөн төрт күбө алгыла. Ошентип, эгер алар күбөлүк беришсе, анда аларга өлүм келгенче же аларга Алла (башка) бир жол көрсөткөнчө, аларды үйлөрдө токтотуп тургула.
- وَ الَّذٰنِ یَاۡتِیٰنِہَا مِنۡکُمۡ فَاٰذُوۡہُمَا ۚ فَاِنۡ تَابَا وَ اَصۡلَحَا فَاَعۡرِضُوۡا عَنۡہُمَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ تَوَّابًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۷﴾4 : 17 Жана эгер араларыңардан эки эркек ушу (бузук иш)ти жасаган болушса, аларга (денелик) жаза бергиле. Анан, эгер алар тобо келтирсе жана оңдоп алышса, аларды коё бергиле. Албетте, Алла өтө көп тобо кабыл кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- اِنَّمَا التَّوۡبَۃُ عَلَی اللّٰہِ لِلَّذِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ السُّوۡٓءَ بِجَہَالَۃٍ ثُمَّ یَتُوۡبُوۡنَ مِنۡ قَرِیۡبٍ فَاُولٰٓئِکَ یَتُوۡبُ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۸﴾4 : 18 Албетте, жаман ишти өз наадандыгы менен кыла турган, кийин дароо тобо кылган кишилердин тобосун кабыл кылуу Аллага парыз. Демек, мына ушундай кишилерге Алла тобосун кабыл алган бойдон карайт. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ لَیۡسَتِ التَّوۡبَۃُ لِلَّذِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ السَّیِّاٰتِ ۚ حَتّٰۤی اِذَا حَضَرَ اَحَدَہُمُ الۡمَوۡتُ قَالَ اِنِّیۡ تُبۡتُ الۡـٰٔنَ وَ لَا الَّذِیۡنَ یَمُوۡتُوۡنَ وَ ہُمۡ کُفَّارٌ ؕ اُولٰٓئِکَ اَعۡتَدۡنَا لَہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿۱۹﴾4 : 19 Жаман иштерди жасап жүргөндөрдүн тобосу жок. А түгүл алардын бирине өлүм келгенде, ал: «Эми, албетте, тобо кыламын!» - дейт. Жана каапыр бойдон өлүп кеткендердин тобосу да жок. Мына ошолорго Биз оор азапты даярдап койгонбуз.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا یَحِلُّ لَکُمۡ اَنۡ تَرِثُوا النِّسَآءَ کَرۡہًا ؕ وَ لَا تَعۡضُلُوۡہُنَّ لِتَذۡہَبُوۡا بِبَعۡضِ مَاۤ اٰتَیۡتُمُوۡہُنَّ اِلَّاۤ اَنۡ یَّاۡتِیۡنَ بِفَاحِشَۃٍ مُّبَیِّنَۃٍ ۚ وَ عَاشِرُوۡہُنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ۚ فَاِنۡ کَرِہۡتُمُوۡہُنَّ فَعَسٰۤی اَنۡ تَکۡرَہُوۡا شَیۡئًا وَّ یَجۡعَلَ اللّٰہُ فِیۡہِ خَیۡرًا کَثِیۡرًا ﴿۲۰﴾4 : 20 Эй, ыйман келтиргендер! Аялдардын мурасын зордук менен тартып алуу силерге дурус эмес. Жана эгер алар ачыктан-ачык бузукулук кылбаса, аларга берип койгон нерселериңердин айрымдарын (дагы) алып качуу максатында аларды кыйнабагыла жана алар менен жакшы мамиле кылып, өмүр сүргүлө. Эгер силер аларды жактырбасаңар, балким силер жактырбаган нерсеге Алла абдан көп жакшылык коёр.
- وَ اِنۡ اَرَدۡتُّمُ اسۡتِبۡدَالَ زَوۡجٍ مَّکَانَ زَوۡجٍ ۙ وَّ اٰتَیۡتُمۡ اِحۡدٰہُنَّ قِنۡطَارًا فَلَا تَاۡخُذُوۡا مِنۡہُ شَیۡئًا ؕ اَتَاۡخُذُوۡنَہٗ بُہۡتَانًا وَّ اِثۡمًا مُّبِیۡنًا ﴿۲۱﴾4 : 21 Эгер силер бир аялды таштап, ордуна башкасын алмакчы болсоңор жана алардын бирине эбегейсиз дүнүйө-мүлк берип койгон болсоңор да, андан эч нерсени кайтарып албагыла. Эмне, силер аны жалаа коюп жана ачыктан-ачык күнөө жасап, кайтарып аласыңарбы?
- وَ کَیۡفَ تَاۡخُذُوۡنَہٗ وَ قَدۡ اَفۡضٰی بَعۡضُکُمۡ اِلٰی بَعۡضٍ وَّ اَخَذۡنَ مِنۡکُمۡ مِّیۡثَاقًا غَلِیۡظًا ﴿۲۲﴾4 : 22 Жана силер аны кандайча алаласыңар? Чынында, силер бири-бириңер менен (жалгыздыкта) табышкансыңар жана алар (аялдар) силерден (ишенимдүү болушка) бекем ант-убада алышкан.
- وَ لَا تَنۡکِحُوۡا مَا نَکَحَ اٰبَآؤُکُمۡ مِّنَ النِّسَآءِ اِلَّا مَا قَدۡ سَلَفَ ؕ اِنَّہٗ کَانَ فَاحِشَۃً وَّ مَقۡتًا ؕ وَ سَآءَ سَبِیۡلًا ﴿٪۲۳﴾4 : 23 Аялдардан ата-бабаларыңар никелеген аялдарды никеңерге албагыла. Ал эми, мурун болуп өткөн болсо, ал башка кеп. Албетте, бул өтө уятсыздык жана жийиркеничтүү (иш), жана абдан жаман жол.
- حُرِّمَتۡ عَلَیۡکُمۡ اُمَّہٰتُکُمۡ وَ بَنٰتُکُمۡ وَ اَخَوٰتُکُمۡ وَ عَمّٰتُکُمۡ وَ خٰلٰتُکُمۡ وَ بَنٰتُ الۡاَخِ وَ بَنٰتُ الۡاُخۡتِ وَ اُمَّہٰتُکُمُ الّٰتِیۡۤ اَرۡضَعۡنَکُمۡ وَ اَخَوٰتُکُمۡ مِّنَ الرَّضَاعَۃِ وَ اُمَّہٰتُ نِسَآئِکُمۡ وَ رَبَآئِبُکُمُ الّٰتِیۡ فِیۡ حُجُوۡرِکُمۡ مِّنۡ نِّسَآئِکُمُ الّٰتِیۡ دَخَلۡتُمۡ بِہِنَّ ۫ فَاِنۡ لَّمۡ تَکُوۡنُوۡا دَخَلۡتُمۡ بِہِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ ۫ وَ حَلَآئِلُ اَبۡنَآئِکُمُ الَّذِیۡنَ مِنۡ اَصۡلَابِکُمۡ ۙ وَ اَنۡ تَجۡمَعُوۡا بَیۡنَ الۡاُخۡتَیۡنِ اِلَّا مَا قَدۡ سَلَفَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿ۙ۲۴﴾4 : 24 Силерге энелериңер, кыздарыңар, эже-сиңдилериңер, эжелериңер (атаңардын эже-карындаштары), тайежелериңер, ага-инилериңердин кыздары, эже-карындаштарыңардын кыздары, силерди эмизген энелериңер, эмчектеш эже-карындаштарыңар жана аялдарыңардын энелери арам кылынды; ошондой эле силер жыныстык алакада болгон аялдарыңардын үйүңөрдө улгайган кыздары да силерге арам кылынды. Бирок, эгер ошол (аял)дар менен жатпаган болсоңор, анда силер үчүн күнөө жок. Урук-тукумуңардан болгон балдарыңардын аялдары дагы (силерге арам). Мындан тышкары эки эже-сиңдини чогуу (никеңерге) алууңар да (силерге арам). Ал эми мурун болуп өткөн болсо, ал башка кеп. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- وَّ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ النِّسَآءِ اِلَّا مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ۚ کِتٰبَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ ۚ وَ اُحِلَّ لَکُمۡ مَّا وَرَآءَ ذٰلِکُمۡ اَنۡ تَبۡتَغُوۡا بِاَمۡوَالِکُمۡ مُّحۡصِنِیۡنَ غَیۡرَ مُسٰفِحِیۡنَ ؕ فَمَا اسۡتَمۡتَعۡتُمۡ بِہٖ مِنۡہُنَّ فَاٰتُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ فَرِیۡضَۃً ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡمَا تَرٰضَیۡتُمۡ بِہٖ مِنۡۢ بَعۡدِ الۡفَرِیۡضَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۲۵﴾4 : 25 Жана күйөөсү бар аялдар дагы (силерге арам кылынды). Ал эми кол астыңардагылар буга кирбейт. Бул силерге Алла тарабынан парыз кылынган. Мындан башкалар силерге адал кылынып коюлган, эгер өз дүнүйө-мүлкүңөр аркылуу өз жүрүш-турушуңарга көңүл буруп, бузукулукка жол бербей, (аларды) алмакчы болсоңор. Демек, алардан пайдаланганыңар үчүн алардын махр-калыңдарын парыз катары аларга бергиле. Жана махр белгиленгенден кийин (кандайдыр бир өзгөртүүгө) өз ара келишсеңер, силерге эч кандай күнөө болбойт. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ مَنۡ لَّمۡ یَسۡتَطِعۡ مِنۡکُمۡ طَوۡلًا اَنۡ یَّنۡکِحَ الۡمُحۡصَنٰتِ الۡمُؤۡمِنٰتِ فَمِنۡ مَّا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ مِّنۡ فَتَیٰتِکُمُ الۡمُؤۡمِنٰتِ ؕ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِاِیۡمَانِکُمۡ ؕ بَعۡضُکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡضٍ ۚ فَانۡکِحُوۡہُنَّ بِاِذۡنِ اَہۡلِہِنَّ وَ اٰتُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِ مُحۡصَنٰتٍ غَیۡرَ مُسٰفِحٰتٍ وَّ لَا مُتَّخِذٰتِ اَخۡدَانٍ ۚ فَاِذَاۤ اُحۡصِنَّ فَاِنۡ اَتَیۡنَ بِفَاحِشَۃٍ فَعَلَیۡہِنَّ نِصۡفُ مَا عَلَی الۡمُحۡصَنٰتِ مِنَ الۡعَذَابِ ؕ ذٰلِکَ لِمَنۡ خَشِیَ الۡعَنَتَ مِنۡکُمۡ ؕ وَ اَنۡ تَصۡبِرُوۡا خَیۡرٌ لَّکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۲۶﴾4 : 26 Силерден кимиңердин (күң эмес) азат момун аялдарды никеге алууга күчүңөр жетпесе, анда алар кол астыңардагы момун күңдөрүңөрдүн (бирисин) никесине алсын. Алла силердин ыйманыңарды абдан жакшы билет. Силер өз ара алакадасыңар. Ошентип, алардын ээлеринин уруксаты менен аларды никеңерге алгыла. Жана аларга махрларын эрежеге ылайык бергиле. Алар өздөрүнүн абийирдүүлүгүн сактоочу болуулары керек, бузукулук кылуучулар жана жашыруун дос тутуучулар болбош керек. Ошентип, эгер алар турмушка чыккандан кийин бузук иш кылышса, алардын жазасы (күң эмес) азат аялдардын жазасынын жарымы болот. Бул (жеңилдик) араларыңардагы күнөөдөн корккон киши үчүн. Силердин сабыр кылууңар силер үчүн жакшыраак. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- یُرِیۡدُ اللّٰہُ لِیُبَیِّنَ لَکُمۡ وَ یَہۡدِیَکُمۡ سُنَنَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ یَتُوۡبَ عَلَیۡکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۷﴾4 : 27 Алла силерге сөздү абдан ачык-айкын кылып коюуну жана силерден мурун өткөндөрдүн жолдоруна силерди хидаят кылууну, ошондой эле тобону кабыл кылган бойдон силерге көңүл бурууну каалайт. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ اللّٰہُ یُرِیۡدُ اَنۡ یَّتُوۡبَ عَلَیۡکُمۡ ۟ وَ یُرِیۡدُ الَّذِیۡنَ یَتَّبِعُوۡنَ الشَّہَوٰتِ اَنۡ تَمِیۡلُوۡا مَیۡلًا عَظِیۡمًا ﴿۲۸﴾4 : 28 Алла силерге тобону кабыл кылган бойдон көңүл бурууну каалайт. Напсинин каалоолорунун аркасынан жүргөндөр күчтүү басым менен силердин (өздөрүнө) өтүшүңөрдү каалашат.
- یُرِیۡدُ اللّٰہُ اَنۡ یُّخَفِّفَ عَنۡکُمۡ ۚ وَ خُلِقَ الۡاِنۡسَانُ ضَعِیۡفًا ﴿۲۹﴾4 : 29 Алла силерден жүктү жеңилдетүүнү каалайт. Адамзат алсыз кылып жаратылган.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَاۡکُلُوۡۤا اَمۡوَالَکُمۡ بَیۡنَکُمۡ بِالۡبَاطِلِ اِلَّاۤ اَنۡ تَکُوۡنَ تِجَارَۃً عَنۡ تَرَاضٍ مِّنۡکُمۡ ۟ وَ لَا تَقۡتُلُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِکُمۡ رَحِیۡمًا ﴿۳۰﴾4 : 30 Эй, ыйман келтиргендер! Дүнүйөңөрдү өз ара акысыз жол менен жебегиле. Ооба, эгер ал силердин өз ара ыраазычылыгыңыз менен кылынган соода болсо, ал башка кеп. Жана силер өзүңөрдү (экономикалык жактан) өлтүрбөгүлө. Албетте, Алла силерге кайра-кайра ырайым кылуучу.
- وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ عُدۡوَانًا وَّ ظُلۡمًا فَسَوۡفَ نُصۡلِیۡہِ نَارًا ؕ وَ کَانَ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرًا ﴿۳۱﴾4 : 31 Кимде-ким чектен ашып, зулумдук кылган бойдон ушундай кылса, аны жакын арада Биз отко түшүрөбүз. Бул иш Аллага абдан жеңил.
- اِنۡ تَجۡتَنِبُوۡا کَبَآئِرَ مَا تُنۡہَوۡنَ عَنۡہُ نُکَفِّرۡ عَنۡکُمۡ سَیِّاٰتِکُمۡ وَ نُدۡخِلۡکُمۡ مُّدۡخَلًا کَرِیۡمًا ﴿۳۲﴾4 : 32 Эгер силер өзүңөргө тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар, Биз силерден жамандыктарыңарды алып таштайбыз жана Биз силерди улуу урматтуу даражага чыгарабыз.
- وَ لَا تَتَمَنَّوۡا مَا فَضَّلَ اللّٰہُ بِہٖ بَعۡضَکُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ؕ لِلرِّجَالِ نَصِیۡبٌ مِّمَّا اکۡتَسَبُوۡا ؕ وَ لِلنِّسَآءِ نَصِیۡبٌ مِّمَّا اکۡتَسَبۡنَ ؕ وَ سۡئَلُوا اللّٰہَ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمًا ﴿۳۳﴾4 : 33 Алла силердин айрымдарыңарга айрымдарыңардын үстүнөн берген артыкчылык боюнча ач көздүк кылбагыла. Эркектерге өздөрүнүн тапканынан үлүш бар жана аялдарга өздөрүнүн тапканынан үлүш бар. Алладан Анын берешендигин сурагыла. Албетте, Алла бардык нерселерди эң жакшы билүүчү.
- وَ لِکُلٍّ جَعَلۡنَا مَوَالِیَ مِمَّا تَرَکَ الۡوَالِدٰنِ وَ الۡاَقۡرَبُوۡنَ ؕ وَ الَّذِیۡنَ عَقَدَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ فَاٰتُوۡہُمۡ نَصِیۡبَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدًا ﴿٪۳۴﴾4 : 34 Биз ар бир (адам) үчүн ал калтырган нерсеге мураскерлерди дайындаганбыз: ошол (мураскер)лер ата-энелер жана жакын туугандар. Силер бекем ант-убада кылган кишилерге да үлүшүн бергиле. Албетте, Алла бардык нерселердин үстүнөн күзөтүүчү.
- اَلرِّجَالُ قَوّٰمُوۡنَ عَلَی النِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ اللّٰہُ بَعۡضَہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ وَّ بِمَاۤ اَنۡفَقُوۡا مِنۡ اَمۡوَالِہِمۡ ؕ فَالصّٰلِحٰتُ قٰنِتٰتٌ حٰفِظٰتٌ لِّلۡغَیۡبِ بِمَا حَفِظَ اللّٰہُ ؕ وَ الّٰتِیۡ تَخَافُوۡنَ نُشُوۡزَہُنَّ فَعِظُوۡہُنَّ وَ اہۡجُرُوۡہُنَّ فِی الۡمَضَاجِعِ وَ اضۡرِبُوۡہُنَّ ۚ فَاِنۡ اَطَعۡنَکُمۡ فَلَا تَبۡغُوۡا عَلَیۡہِنَّ سَبِیۡلًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیًّا کَبِیۡرًا ﴿۳۵﴾4 : 35 Эркектер аялдардын үстүнөн күзөтүүчү, анткени Алла алардын айрымдарын-айрымдарынын үстүнөн абзел кылып койгон жана алар өз дүнүйө-мүлктөрүн (аларга) сарп кылышат. Ошентип, жакшы аялдар баш ийүүчү болуп, кайыпта да Алла сактоого буюрган нерселерди сакташат. Өжөрлүгүнөн корккон аялдарыңарга (а дегенде) насаат кылгыла, анан аларды төшөктөрдө жалгыз калтыргыла, кийин (керек болсо) аларга денелик жаза дагы бергиле. Анан, эгер алар силерге баш ийсе, анда аларга каршы эч бир шылтоону издебегиле. Албетте, Алла эң жогору (жана) эң бийик.
- وَ اِنۡ خِفۡتُمۡ شِقَاقَ بَیۡنِہِمَا فَابۡعَثُوۡا حَکَمًا مِّنۡ اَہۡلِہٖ وَ حَکَمًا مِّنۡ اَہۡلِہَا ۚ اِنۡ یُّرِیۡدَاۤ اِصۡلَاحًا یُّوَفِّقِ اللّٰہُ بَیۡنَہُمَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا خَبِیۡرًا ﴿۳۶﴾4 : 36 Эгер ал экөөсү (күйөөсү-аялы)нын араларындагы одоно келишпестиктерден корксоңор, анда ал (күйөөсү)нүн үйүндөгүлөрдөн бир калыс чечим чыгаруучу-өкүлдү жана ал (аял)дын үйүндөгүлөрдөн бир калыс чечим чыгаруучу-өкүлдү дайындагыла. Эгер ал экөөсү тең элдешүүнү кааласа, анда Алла ал экөөсүнүн арасында ынтымакты пайда кылып коёт. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) жакшы кабардар.
- وَ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ لَا تُشۡرِکُوۡا بِہٖ شَیۡئًا وَّ بِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا وَّ بِذِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ الۡجَارِ ذِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡجَارِ الۡجُنُبِ وَ الصَّاحِبِ بِالۡجَنۡۢبِ وَ ابۡنِ السَّبِیۡلِ ۙ وَ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ مَنۡ کَانَ مُخۡتَالًا فَخُوۡرَا ﴿ۙ۳۷﴾4 : 37 Аллага ибадат кылгыла жана эч бир нерсени Ага шерик кылбагыла; ошондой эле ата-энелерге да, жакын туугандарга да, жетимдерге да, мискиндерге да, тууган болгон кошуналарга да, тууган эмес кошуналарга да, өз жолдошторуңарга да, мусапырларга да, кол астыңардагыларга да жакшылык кылгыла. Албетте, Алла текеберлик кылуучу жана мактанчаакты сүйбөйт –
- ۣالَّذِیۡنَ یَبۡخَلُوۡنَ وَ یَاۡمُرُوۡنَ النَّاسَ بِالۡبُخۡلِ وَ یَکۡتُمُوۡنَ مَاۤ اٰتٰہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ اَعۡتَدۡنَا لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابًا مُّہِیۡنًا ﴿ۚ۳۸﴾4 : 38 (Өзүлөр дагы) сараңдык кыла турган жана адамдарды дагы сараңдыкка буюра тургандар; ошондой эле Алла аларга Өз берешендиги менен тартуулаган нерселерди жашыра тургандарды. Биз каапырлар үчүн кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз –
- وَ الَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمۡ رِئَآءَ النَّاسِ وَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ لَا بِالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ وَ مَنۡ یَّکُنِ الشَّیۡطٰنُ لَہٗ قَرِیۡنًا فَسَآءَ قَرِیۡنًا ﴿۳۹﴾4 : 39 Өз дүнүйөсүн адамдарга көргөзүш үчүн сарптай тургандар; ошондой эле Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирбей тургандар үчүн. Кимге шайтан жолдош болсо, ал эң жаман шерик.
- وَ مَاذَا عَلَیۡہِمۡ لَوۡ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ اَنۡفَقُوۡا مِمَّا رَزَقَہُمُ اللّٰہُ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِہِمۡ عَلِیۡمًا ﴿۴۰﴾4 : 40 Эгер алар Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтиргендеринде, ошондой эле Алла аларга тартуулаган нерселерден сарптагандарында, аларга кандай кыйынчылык болот эле? Алла аларды абдан жакшы билет.
- اِنَّ اللّٰہَ لَا یَظۡلِمُ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ ۚ وَ اِنۡ تَکُ حَسَنَۃً یُّضٰعِفۡہَا وَ یُؤۡتِ مِنۡ لَّدُنۡہُ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۴۱﴾4 : 41 Албетте, Алла кенедей да зулумдук кылбайт. Эгер кандайдыр бир жакшылык болсо, Ал аны көбөйтөт жана Өз тарабынан да абдан чоң сыйлык тартуулайт.
- فَکَیۡفَ اِذَا جِئۡنَا مِنۡ کُلِّ اُمَّۃٍۭ بِشَہِیۡدٍ وَّ جِئۡنَا بِکَ عَلٰی ہٰۤؤُلَآءِ شَہِیۡدًا ﴿ؕ۴۲﴾4 : 42 Демек, ар бир үммөттөн бир күбө келтиргенибизде жана сени баарынын үстүнөн күбө кылып келтиргенибизде, (алардын) абалы эмне болот?
- یَوۡمَئِذٍ یَّوَدُّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ عَصَوُا الرَّسُوۡلَ لَوۡ تُسَوّٰی بِہِمُ الۡاَرۡضُ ؕ وَ لَا یَکۡتُمُوۡنَ اللّٰہَ حَدِیۡثًا ﴿٪۴۳﴾4 : 43 Ал күнү каапырлар жана Пайгамбарга баш ийбегендер (көмүлүп кетүүсүн жана) жер менен бирдей болуп калуусун арзуу кылышат. Алар Алладан эч нерсени жашыра алышпайт.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَقۡرَبُوا الصَّلٰوۃَ وَ اَنۡتُمۡ سُکٰرٰی حَتّٰی تَعۡلَمُوۡا مَا تَقُوۡلُوۡنَ وَ لَا جُنُبًا اِلَّا عَابِرِیۡ سَبِیۡلٍ حَتّٰی تَغۡتَسِلُوۡا ؕ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مَّرۡضٰۤی اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ اَوۡ جَآءَ اَحَدٌ مِّنۡکُمۡ مِّنَ الۡغَآئِطِ اَوۡ لٰمَسۡتُمُ النِّسَآءَ فَلَمۡ تَجِدُوۡا مَآءً فَتَیَمَّمُوۡا صَعِیۡدًا طَیِّبًا فَامۡسَحُوۡا بِوُجُوۡہِکُمۡ وَ اَیۡدِیۡکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَفُوًّا غَفُوۡرًا ﴿۴۴﴾4 : 44 Эй, ыйман келтиргендер! Эмне деп жатканыңарды түшүнгөн даражада болмоюнча, мас ахвалыңарда намазга жакындабагыла жана «жунуб» абалында дагы гусул кылмайынча (намазга жакындабагыла). Эгер жолоочу болсоңор, анда бул башка кеп. Ошондой эле, эгер оорулуу болсоңор, же жолоочу болсоңор, же силерден бирөө ажатканадан бошонгон болсо, же силер аялдар менен кошулган болсоңор жана суу таба албасаңар, анда таза топурак менен «Таййаммум» кылгыла. Ошентип, силер өз жүздөрүңөргө жана колдоруңарга «Масх» тарткыла. Албетте, Алла мээримдүүлүк кылуучу (жана) өтө кечирүүчү.
- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ اُوۡتُوۡا نَصِیۡبًا مِّنَ الۡکِتٰبِ یَشۡتَرُوۡنَ الضَّلٰلَۃَ وَ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ تَضِلُّوا السَّبِیۡلَ ﴿ؕ۴۵﴾4 : 45 Китептин бир бөлүгү берилгендер туурасында ойлоп көрбөдүңбү? Алар адашууну сатып алышат жана силердин (туура) жолдон адашууңарды тилешет.
- وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِاَعۡدَآئِکُمۡ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَلِیًّا ٭۫ وَّ کَفٰی بِاللّٰہِ نَصِیۡرًا ﴿۴۶﴾4 : 46 Алла силердин душмандарыңарды абдан жакшы билет. Алла дос катары жетиштүү жана Алла жардамчы катары (дагы) жетиштүү.
- مِنَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا یُحَرِّفُوۡنَ الۡکَلِمَ عَنۡ مَّوَاضِعِہٖ وَ یَقُوۡلُوۡنَ سَمِعۡنَا وَ عَصَیۡنَا وَ اسۡمَعۡ غَیۡرَ مُسۡمَعٍ وَّ رَاعِنَا لَـیًّۢا بِاَلۡسِنَتِہِمۡ وَ طَعۡنًا فِی الدِّیۡنِ ؕ وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ قَالُوۡا سَمِعۡنَا وَ اَطَعۡنَا وَ اسۡمَعۡ وَ انۡظُرۡنَا لَکَانَ خَیۡرًا لَّہُمۡ وَ اَقۡوَمَ ۙ وَ لٰکِنۡ لَّعَنَہُمُ اللّٰہُ بِکُفۡرِہِمۡ فَلَا یُؤۡمِنُوۡنَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۴۷﴾4 : 47 Жөөттөрдүн арасында айрымдары бар, алар сөздөрдү түпкү ордунан өзгөртүп коюшат жана алар: «Биз уктук жана баш тарттык, сен ук, сага эч нерсе угулбасын», - дешет; ошондой эле алар өз тилдерин буруп, динди мазактап: «Рааъинаа», - дешет. Эгер алар: «Биз уктук жана моюн сундук, ошондой эле сен ук жана бизге жылуу назар сал», - дегендеринде, бул алар үчүн жакшыраак жана абдан бекем (сөз) болмок. Бирок, Алла алардын каапырлыгы себептүү аларга каргыш жиберди. Ошондуктан, алар эң аз ыйман келтиришет.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ اٰمِنُوۡا بِمَا نَزَّلۡنَا مُصَدِّقًا لِّمَا مَعَکُمۡ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ نَّطۡمِسَ وُجُوۡہًا فَنَرُدَّہَا عَلٰۤی اَدۡبَارِہَاۤ اَوۡ نَلۡعَنَہُمۡ کَمَا لَعَنَّاۤ اَصۡحٰبَ السَّبۡتِ ؕ وَ کَانَ اَمۡرُ اللّٰہِ مَفۡعُوۡلًا ﴿۴۸﴾4 : 48 Эй, Китеп берилгендер! Айрым жүздөргө так кылуубуздан жана аларды аркаларына кайтарышыбыздан, же аларды «Сабт» ээлерин каргыштаганыбыздай каргыштаарыбыздан мурунураак Биз силерде бар нерсени тастыктаган бойдон түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле. Алланын буйругу жүзөгө ашуучу.
- اِنَّ اللّٰہَ لَا یَغۡفِرُ اَنۡ یُّشۡرَکَ بِہٖ وَ یَغۡفِرُ مَا دُوۡنَ ذٰلِکَ لِمَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ مَنۡ یُّشۡرِکۡ بِاللّٰہِ فَقَدِ افۡتَرٰۤی اِثۡمًا عَظِیۡمًا ﴿۴۹﴾4 : 49 Албетте, Алла Өзүнө шерик кошууну кечирбейт. Бирок Өзү каалаган пенде үчүн мындан бөлөк бардык нерселерди кечирет. Кимде-ким Аллага (бирөөнү) шерик кылса, албетте, ал чоң күнөөнү ойлоп чыгарган болот.
- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ یُزَکُّوۡنَ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ بَلِ اللّٰہُ یُزَکِّیۡ مَنۡ یَّشَآءُ وَ لَا یُظۡلَمُوۡنَ فَتِیۡلًا ﴿۵۰﴾4 : 50 Сен өздөрүн-өздөрү таза көрсөткөндөргө көңүл бурбадыңбы? Чындыгында, бир гана Алланын Өзү кимди кааласа, тазалайт. Жана аларга курма данегинин сызыгынчалык дагы зулум кылынбайт.
- اُنۡظُرۡ کَیۡفَ یَفۡتَرُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ ؕ وَ کَفٰی بِہٖۤ اِثۡمًا مُّبِیۡنًا ﴿٪۵۱﴾4 : 51 Карагын, алар Аллага каршы кандай жалаа коюшат?! Бул нерсе бир ачыктан-ачык күнөө катары жетиштүү.
- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ اُوۡتُوۡا نَصِیۡبًا مِّنَ الۡکِتٰبِ یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡجِبۡتِ وَ الطَّاغُوۡتِ وَ یَقُوۡلُوۡنَ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ہٰۤؤُلَآءِ اَہۡدٰی مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا سَبِیۡلًا ﴿۵۲﴾4 : 52 Сен Китептин бир бөлүгү берилгендерге назар таштабадыңбы? Алар буттарга жана шайтанга ыйман келтиришет. Алар каапыр болгондор туурасында: «Булар – ынаным жагынан ыйман келтиргендерге караганда туурараак», - дешет.
- اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ لَعَنَہُمُ اللّٰہُ ؕ وَ مَنۡ یَّلۡعَنِ اللّٰہُ فَلَنۡ تَجِدَ لَہٗ نَصِیۡرًا ﴿ؕ۵۳﴾4 : 53 Алла каргыштагандар – мына ошолор. Алла каргыштаган бирөө үчүн сен бир дагы жардамчыны таппайсың.
- اَمۡ لَہُمۡ نَصِیۡبٌ مِّنَ الۡمُلۡکِ فَاِذًا لَّا یُؤۡتُوۡنَ النَّاسَ نَقِیۡرًا ﴿ۙ۵۴﴾4 : 54 Падышачылыкта алардын үлүшү барбы? Андай болсо, алар адамдарга (андан) курма данеги сызыгынчалык дагы (бир нерсе) беришпейт.
- اَمۡ یَحۡسُدُوۡنَ النَّاسَ عَلٰی مَاۤ اٰتٰہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ۚ فَقَدۡ اٰتَیۡنَاۤ اٰلَ اِبۡرٰہِیۡمَ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ اٰتَیۡنٰہُمۡ مُّلۡکًا عَظِیۡمًا ﴿۵۵﴾4 : 55 Алар Алла адамдарга Өз берешендиги менен берген нерсе үчүн аларга көрө албастык кылышабы? Андай болсо, албетте, Биз Ибраахиймдин үй-бүлөсүнө дагы Китеп жана акылмандык бергенбиз; ошондой эле Биз аларга бир улуу бийлик тартуулаганбыз.
- فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ اٰمَنَ بِہٖ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ صَدَّ عَنۡہُ ؕ وَ کَفٰی بِجَہَنَّمَ سَعِیۡرًا ﴿۵۶﴾4 : 56 Анан алардын арасында ага ыйман келтиргендер дагы болгон жана алардын арасында (ага ыйман келтирүүдөн) тыйылгандар дагы бар эле. (Ушундайларды) күйдүрүш үчүн тозок жетиштүү.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِنَا سَوۡفَ نُصۡلِیۡہِمۡ نَارًا ؕ کُلَّمَا نَضِجَتۡ جُلُوۡدُہُمۡ بَدَّلۡنٰہُمۡ جُلُوۡدًا غَیۡرَہَا لِیَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَزِیۡزًا حَکِیۡمًا ﴿۵۷﴾4 : 57 Албетте, Биздин аяттарыбызды четке каккандарды Биз отко киргизебиз. Алардын азапты татып көрүүлөрү үчүн ар качан алардын терилери күйүп бүткөндө, ордуна аларга башка терилерди беребиз. Албетте, Алла эң жеңүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ سَنُدۡخِلُہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ لَہُمۡ فِیۡہَاۤ اَزۡوَاجٌ مُّطَہَّرَۃٌ ۫ وَّ نُدۡخِلُہُمۡ ظِلًّا ظَلِیۡلًا ﴿۵۸﴾4 : 58 Жана ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар болсо, аларды Биз албетте, ортосунан дайралар агып өткөн бейиштерге киргизебиз. Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар. Ал (жаннат)тарда алар үчүн таза жубайлар болот; ошондой эле Биз аларды калың көлөкөлөргө киргизебиз.
- اِنَّ اللّٰہَ یَاۡمُرُکُمۡ اَنۡ تُؤَدُّوا الۡاَمٰنٰتِ اِلٰۤی اَہۡلِہَا ۙ وَ اِذَا حَکَمۡتُمۡ بَیۡنَ النَّاسِ اَنۡ تَحۡکُمُوۡا بِالۡعَدۡلِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ نِعِمَّا یَعِظُکُمۡ بِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ سَمِیۡعًۢا بَصِیۡرًا ﴿۵۹﴾4 : 59 Албетте, Алла силерди аманаттарды алардын (чыныгы) ээлерине тапшырууңарга жана адамдардын арасында өкүм кылганыңарда, адилеттик менен өкүм кылууңарга буюрат. Албетте, Алла силерге кылып жаткан насаат эң сонун! Албетте, Алла эң угуучу (жана) терең күзөтүүчү.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ وَ اُولِی الۡاَمۡرِ مِنۡکُمۡ ۚ فَاِنۡ تَنَازَعۡتُمۡ فِیۡ شَیۡءٍ فَرُدُّوۡہُ اِلَی اللّٰہِ وَ الرَّسُوۡلِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ وَّ اَحۡسَنُ تَاۡوِیۡلًا ﴿٪۶۰﴾4 : 60 Эй, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле жана Пайгамбарга баш ийгиле, ошондой эле өз акимдериңерге дагы (баш ийгиле). Эгер кандайдыр бир маселеде (акимдериңер менен) келишпестик чыкса, анда мындай маселелерди Аллага жана Пайгамбарга кайтаргыла, эгер (чындыгында) силер Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирүүчү болсоңор. Мына ушул эң жакшы (жол) жана акыбет жагынан да эң жакшы.
- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ یَزۡعُمُوۡنَ اَنَّہُمۡ اٰمَنُوۡا بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ مِنۡ قَبۡلِکَ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یَّتَحَاکَمُوۡۤا اِلَی الطَّاغُوۡتِ وَ قَدۡ اُمِرُوۡۤا اَنۡ یَّکۡفُرُوۡا بِہٖ ؕ وَ یُرِیۡدُ الشَّیۡطٰنُ اَنۡ یُّضِلَّہُمۡ ضَلٰلًۢا بَعِیۡدًا ﴿۶۱﴾4 : 61 Сен: «Биз сага түшүрүлгөн жана сенден мурун түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирдик», - деп ойлоп жаткандардын абалын көргөн жоксуңбу? Алар шайтанга чечим чыгартууну каалашат. Ал эми, алар аны четке кагууга буюрулган. Шайтан аларды тээ алыстагы адашууда азгырууну каалайт.
- وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ تَعَالَوۡا اِلٰی مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ وَ اِلَی الرَّسُوۡلِ رَاَیۡتَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡکَ صُدُوۡدًا ﴿ۚ۶۲﴾4 : 62 Ошондой эле аларга: «Алла түшүргөн нерсеге жана Пайгамбарга келгиле», - деп айтылганда, сен эки жүздүүлөрдүн өзүңдөн аябай алыстап кеткенин көрөсүң.
- فَکَیۡفَ اِذَاۤ اَصَابَتۡہُمۡ مُّصِیۡبَۃٌۢ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ ثُمَّ جَآءُوۡکَ یَحۡلِفُوۡنَ ٭ۖ بِاللّٰہِ اِنۡ اَرَدۡنَاۤ اِلَّاۤ اِحۡسَانًا وَّ تَوۡفِیۡقًا ﴿۶۳﴾4 : 63 Анан аларга өздөрүнүн колдору жасаган амалдары себебинен кандайдыр бир балээ-кырсык келгенде, алар: «Биздин изги иштер жана оңдоп-түзөтүүдөн башка максатыбыз жок болгон», - деп Аллага касам ичкен бойдон сенин алдыңа келгендеринде, алардын ахвалы кандай болот?
- اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ یَعۡلَمُ اللّٰہُ مَا فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ ٭ فَاَعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ وَ عِظۡہُمۡ وَ قُلۡ لَّہُمۡ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ قَوۡلًۢا بَلِیۡغًا ﴿۶۴﴾4 : 64 Мына ушундайлардын дилдериндеги ахвалды Алла абдан жакшы билет. Ошондуктан, алардан жүз бур, аларга насаат кыл жана аларга жан-дүйнөсүнө терең таасир калтыра турган сөз айт.
- وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا لِیُطَاعَ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ اِذۡ ظَّلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ جَآءُوۡکَ فَاسۡتَغۡفَرُوا اللّٰہَ وَ اسۡتَغۡفَرَ لَہُمُ الرَّسُوۡلُ لَوَجَدُوا اللّٰہَ تَوَّابًا رَّحِیۡمًا ﴿۶۵﴾4 : 65 Биз ар бир пайгамбарды, жалаң Алланын буйругу менен ага моюн сунулсун деп жибердик. Эгер алар өз жандарына зулум кылгандарында, сенин алдыңа келип, Алладан кечирим талап кылгандарында, ошондой эле Пайгамбар дагы алар үчүн кечирим сураганда, алар албетте, Алланы абдан көп тобону кабыл кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу деп табышаар эле.
- فَلَا وَ رَبِّکَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ حَتّٰی یُحَکِّمُوۡکَ فِیۡمَا شَجَرَ بَیۡنَہُمۡ ثُمَّ لَا یَجِدُوۡا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ حَرَجًا مِّمَّا قَضَیۡتَ وَ یُسَلِّمُوۡا تَسۡلِیۡمًا ﴿۶۶﴾4 : 66 Жок! Раббиңе касам! Ортолорунда түшүнбөстүк болгон маселелерде алар сени калыс кылмайынча, анан сен чыгарган чечимге өз дилдеринде кенедей да күдүк табылбай, толук баш иймейинче, эч качан ыйман келтире алышпайт.
- وَ لَوۡ اَنَّا کَتَبۡنَا عَلَیۡہِمۡ اَنِ اقۡتُلُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ اَوِ اخۡرُجُوۡا مِنۡ دِیَارِکُمۡ مَّا فَعَلُوۡہُ اِلَّا قَلِیۡلٌ مِّنۡہُمۡ ؕ وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ فَعَلُوۡا مَا یُوۡعَظُوۡنَ بِہٖ لَکَانَ خَیۡرًا لَّہُمۡ وَ اَشَدَّ تَثۡبِیۡتًا ﴿ۙ۶۷﴾4 : 67 Жана эгер Биз аларга: «Силер өз напсилериңерди өлтүргүлө, же өз үйлөрүңөрдөн чыгып кеткиле», - деп парыз кылганыбызда, алардын айрым бирөөлөрүнөн башка эч ким буга амал кылбайт эле. Эгер алар өздөрүнө насаат кылынып жаткан амалдарды гана кылгандарында, бул алар үчүн абдан жакшы болоор эле жана алардын туруктуулугу үчүн бекем курал болмок.
- وَّ اِذًا لَّاٰتَیۡنٰہُمۡ مِّنۡ لَّدُنَّـاۤ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿ۙ۶۸﴾4 : 68 Жана ушундай абалда Биз аларга, албетте, Өзүбүздөн улуу сыйлык тартуулайт элек.
- وَّ لَہَدَیۡنٰہُمۡ صِرَاطًا مُّسۡتَقِیۡمًا ﴿۶۹﴾4 : 69 Жана Биз аларды, албетте, туура жолго хидаят кылган болоор элек.
- وَ مَنۡ یُّطِعِ اللّٰہَ وَ الرَّسُوۡلَ فَاُولٰٓئِکَ مَعَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ مِّنَ النَّبِیّٖنَ وَ الصِّدِّیۡقِیۡنَ وَ الشُّہَدَآءِ وَ الصّٰلِحِیۡنَ ۚ وَ حَسُنَ اُولٰٓئِکَ رَفِیۡقًا ﴿ؕ۷۰﴾4 : 70 Ким Аллага жана ушул Пайгамбарга баш ийсе – мына ошолор Алла белек кылгандар менен бирге болушат: Пайгамбарлардан, Сыддыктардан, Шейиттерден жана Саалихтерден (болушат). Булар абдан жакшы шериктер!
- ذٰلِکَ الۡفَضۡلُ مِنَ اللّٰہِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ عَلِیۡمًا ﴿٪۷۱﴾4 : 71 Бул – Алланын өзгөчө берешендиги. Алла илим ээси катары жетиштүү.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا خُذُوۡا حِذۡرَکُمۡ فَانۡفِرُوۡا ثُبَاتٍ اَوِ انۡفِرُوۡا جَمِیۡعًا ﴿۷۲﴾4 : 72 Эй, ыйман келтиргендер! Коопсуздугуңардын чарасын көргүлө; анан мейли майда-майда топ болуп чыккыла, мейли чоң жамаат түрүндө (чыккыла).
- وَ اِنَّ مِنۡکُمۡ لَمَنۡ لَّیُبَطِّئَنَّ ۚ فَاِنۡ اَصَابَتۡکُمۡ مُّصِیۡبَۃٌ قَالَ قَدۡ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیَّ اِذۡ لَمۡ اَکُنۡ مَّعَہُمۡ شَہِیۡدًا ﴿۷۳﴾4 : 73 Албетте, силердин араларыңарда ушундайлар да бар: алар сөзсүз, кечигишет. Жана силердин башыңарга кандайдыр бир балээ түшкөндө, мындай киши: «Алла мага белек кылды, мен алар менен (ушул балээни) көрүүчү болбодум», - дейт.
- وَ لَئِنۡ اَصَابَکُمۡ فَضۡلٌ مِّنَ اللّٰہِ لَیَقُوۡلَنَّ کَاَنۡ لَّمۡ تَکُنۡۢ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہٗ مَوَدَّۃٌ یّٰلَیۡتَنِیۡ کُنۡتُ مَعَہُمۡ فَاَفُوۡزَ فَوۡزًا عَظِیۡمًا ﴿۷۴﴾4 : 74 Жана эгер силерге Алла тарабынан кандайдыр бир берешендик насип болсо, анда ал силер менен анын ортосунда эч (жакындык алакасы) жок болгондой – албетте, мындай дейт: «Атаганат! Мен дагы алар менен бирге болгонумда, өтө чоң ийгиликке жетишкен болот элем».
- فَلۡیُقَاتِلۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ الَّذِیۡنَ یَشۡرُوۡنَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا بِالۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ مَنۡ یُّقَاتِلۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ فَیُقۡتَلۡ اَوۡ یَغۡلِبۡ فَسَوۡفَ نُؤۡتِیۡہِ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۷۵﴾4 : 75 Ошондуктан, акыреттин ордуна дүйнө жашоосун сатып жибергендер гана Алла жолунда уруш кылышсын. Кимде-ким Алла жолунда уруш кылса, анан өлтүрүлсө же жеңсе, (эки жагдайда тең) Биз албетте, ага улуу сыйлык тартуулайбыз.
- وَ مَا لَکُمۡ لَا تُقَاتِلُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ الۡمُسۡتَضۡعَفِیۡنَ مِنَ الرِّجَالِ وَ النِّسَآءِ وَ الۡوِلۡدَانِ الَّذِیۡنَ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَاۤ اَخۡرِجۡنَا مِنۡ ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃِ الظَّالِمِ اَہۡلُہَا ۚ وَ اجۡعَلۡ لَّنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ وَلِیًّا ۚۙ وَّ اجۡعَلۡ لَّنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ نَصِیۡرًا ﴿ؕ۷۶﴾4 : 76 Силерге эмне болду, силер Алла жолунда: «Эй, биздин Раббибиз! Тургундары заалим болгон бул шаардан бизди чыгаргын жана биз үчүн Өз тарабыңдан кандайдыр бир дос бергин, ошондой эле биз үчүн Өз алдыңдан бир жардамчы дайындагын!» - деп дуба кылган, алсыздандырылган эркектер, аялдар жана балдар үчүн урушпайсыңар?
- اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا یُقَاتِلُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۚ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یُقَاتِلُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ الطَّاغُوۡتِ فَقَاتِلُوۡۤا اَوۡلِیَآءَ الشَّیۡطٰنِ ۚ اِنَّ کَیۡدَ الشَّیۡطٰنِ کَانَ ضَعِیۡفًا ﴿٪۷۷﴾4 : 77 Ыйман келтиргендер – алар Алла жолунда уруш кылышат. Жана четке каккандар – алар болсо, шайтан жолунда уруш кылышат. Ошондуктан, силер шайтандын досторуна каршы уруш кылгыла! Шайтандын айла-амалы албетте, алсыз болот.
- اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ قِیۡلَ لَہُمۡ کُفُّوۡۤا اَیۡدِیَکُمۡ وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ ۚ فَلَمَّا کُتِبَ عَلَیۡہِمُ الۡقِتَالُ اِذَا فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ یَخۡشَوۡنَ النَّاسَ کَخَشۡیَۃِ اللّٰہِ اَوۡ اَشَدَّ خَشۡیَۃً ۚ وَ قَالُوۡا رَبَّنَا لِمَ کَتَبۡتَ عَلَیۡنَا الۡقِتَالَ ۚ لَوۡ لَاۤ اَخَّرۡتَنَاۤ اِلٰۤی اَجَلٍ قَرِیۡبٍ ؕ قُلۡ مَتَاعُ الدُّنۡیَا قَلِیۡلٌ ۚ وَ الۡاٰخِرَۃُ خَیۡرٌ لِّمَنِ اتَّقٰی ۟ وَ لَا تُظۡلَمُوۡنَ فَتِیۡلًا ﴿۷۸﴾4 : 78 Сен: «Өз колдоруңарды тыйгыла, намазды аткаргыла жана зекет бергиле», - деп айтылган адамдарга назар таштабадыңбы? Анан аларга уруш кылуу парыз кылынганда, кокусунан алардан бир тайпасы адамдардан Алладан корккондой, же андан дагы катуу корко баштады. Алар айтышты: «Эй, Раббибиз! Эмнеге бизге уруш кылууну парыз кылдың? Эмнеге бизге бир аз мөөнөт жана убакыт бербедиң?» Айт: «Дүйнөнүн пайдасы аз, ким такыба болсо, ал үчүн акырет жакшыраак жана силерге курма данегинин сызыгынчалык дагы зулумдук кылынбайт.
- اَیۡنَ مَا تَکُوۡنُوۡا یُدۡرِکۡکُّمُ الۡمَوۡتُ وَ لَوۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ بُرُوۡجٍ مُّشَیَّدَۃٍ ؕ وَ اِنۡ تُصِبۡہُمۡ حَسَنَۃٌ یَّقُوۡلُوۡا ہٰذِہٖ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ۚ وَ اِنۡ تُصِبۡہُمۡ سَیِّئَۃٌ یَّقُوۡلُوۡا ہٰذِہٖ مِنۡ عِنۡدِکَ ؕ قُلۡ کُلٌّ مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ؕ فَمَالِ ہٰۤؤُلَآءِ الۡقَوۡمِ لَا یَکَادُوۡنَ یَفۡقَہُوۡنَ حَدِیۡثًا ﴿۷۹﴾4 : 79 Каерде болсоңор да, мейли бекем курулган чептин ичинде болсоңор да, өлүм силерди таап алат. Эгер аларга кандайдыр бир жакшылык келсе, алар: «Бул Алла тарабынан», - дешет. Эгер аларга кандайдыр бир жамандык келсе, алар: «(Эй, Мухаммад!) Бул сен жактан», - дешет. Айт: «Бардыгы жалгыз Алла тарабынан болот». Демек, бул адамдарга эмне болду, алар эч бир сөздү түшүнүүгө аракет кылышпайт?
- مَاۤ اَصَابَکَ مِنۡ حَسَنَۃٍ فَمِنَ اللّٰہِ ۫ وَ مَاۤ اَصَابَکَ مِنۡ سَیِّئَۃٍ فَمِنۡ نَّفۡسِکَ ؕ وَ اَرۡسَلۡنٰکَ لِلنَّاسِ رَسُوۡلًا ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًا ﴿۸۰﴾4 : 80 Сага келген ар кандай жакшылык Алладан гана болот жана сага кандай жамандык келсе, ал сенин өз напсиңден болот. Биз сени бардык адамдарга Пайгамбар кылып жибердик. Алла күбө катары жетиштүү.
- مَنۡ یُّطِعِ الرَّسُوۡلَ فَقَدۡ اَطَاعَ اللّٰہَ ۚ وَ مَنۡ تَوَلّٰی فَمَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ عَلَیۡہِمۡ حَفِیۡظًا ﴿ؕ۸۱﴾4 : 81 Ким ушул Пайгамбарга баш ийсе, ал Аллага баш ийет жана ким жүз бурса, Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып жибергенибиз жок.
- وَ یَقُوۡلُوۡنَ طَاعَۃٌ ۫ فَاِذَا بَرَزُوۡا مِنۡ عِنۡدِکَ بَیَّتَ طَآئِفَۃٌ مِّنۡہُمۡ غَیۡرَ الَّذِیۡ تَقُوۡلُ ؕ وَ اللّٰہُ یَکۡتُبُ مَا یُبَیِّتُوۡنَ ۚ فَاَعۡرِضۡ عَنۡہُمۡ وَ تَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَکِیۡلًا ﴿۸۲﴾4 : 82 Алар (болгону тилинен гана) «баш ийүү», - дешет. Анан сенин алдыңдан чыгып кеткендеринде, алардын бир тайпасы сен айткан сөздөрдөн башкача сөздөрдү сүйлөгөн бойдон түн өткөрөт. Алла алардын түндөгү сөздөрүн жазып алат. Ошондуктан, алардан жүз бур жана Аллага тобокел кыл! Алла коргоочу катары жетиштүү.
- اَفَلَا یَتَدَبَّرُوۡنَ الۡقُرۡاٰنَ ؕ وَ لَوۡ کَانَ مِنۡ عِنۡدِ غَیۡرِ اللّٰہِ لَوَجَدُوۡا فِیۡہِ اخۡتِلَافًا کَثِیۡرًا ﴿۸۳﴾4 : 83 Алар Куранга көңүл бурушпайбы? Чынында, эгер ал Алладан башка бирөө тарабынан болгондо, албетте, анда алар көп карама-каршылыктарды табышмак.
- وَ اِذَا جَآءَہُمۡ اَمۡرٌ مِّنَ الۡاَمۡنِ اَوِ الۡخَوۡفِ اَذَاعُوۡا بِہٖ ؕ وَ لَوۡ رَدُّوۡہُ اِلَی الرَّسُوۡلِ وَ اِلٰۤی اُولِی الۡاَمۡرِ مِنۡہُمۡ لَعَلِمَہُ الَّذِیۡنَ یَسۡتَنۡۢبِطُوۡنَہٗ مِنۡہُمۡ ؕ وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ لَاتَّبَعۡتُمُ الشَّیۡطٰنَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۸۴﴾4 : 84 Аларга тынчтык же коркуу кабары келгенде, алар аны (дароо) таркатып жиберишет. Эгер алар аны (таркатуунун ордуна) Пайгамбарга же өздөрүнүн акимдерине жеткиргендеринде, алардын арасындагы анын түбүнө жеткен кишилер аны (акыйкатын) билип алган болоор эле. Эгер силерге Алланын берешендиги жана рахматы болбогондо, айрымдарыңардан тышкары, албетте, баарыңар шайтанды ээрчиген болоор элеңер.
- فَقَاتِلۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۚ لَا تُکَلَّفُ اِلَّا نَفۡسَکَ وَ حَرِّضِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ۚ عَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّکُفَّ بَاۡسَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ اَشَدُّ بَاۡسًا وَّ اَشَدُّ تَنۡکِیۡلًا ﴿۸۵﴾4 : 85 Демек, Алла жолунда уруш кыл! Сен өз жаныңдан бөлөк башка бирөө үчүн жоопкер болбойсуң. Жана момундарды дагы (согушка) үгүт кыл. Ыктымал, Алла каапырлык кылгандардын урушун токтотуп коёр. Алла согушууда эң катуу жана жазалоодо да катуураак.
- مَنۡ یَّشۡفَعۡ شَفَاعَۃً حَسَنَۃً یَّکُنۡ لَّہٗ نَصِیۡبٌ مِّنۡہَا ۚ وَ مَنۡ یَّشۡفَعۡ شَفَاعَۃً سَیِّئَۃً یَّکُنۡ لَّہٗ کِفۡلٌ مِّنۡہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ مُّقِیۡتًا ﴿۸۶﴾4 : 86 Ким жакшы шапаат кылса, андан анын үлүшү да болот жана ким жаман шапаат кылса, анын бир аз үлүшү өзү үчүн да болот. Алла ар бир нерсеге кудуреттүү.
- وَ اِذَا حُیِّیۡتُمۡ بِتَحِیَّۃٍ فَحَیُّوۡا بِاَحۡسَنَ مِنۡہَاۤ اَوۡ رُدُّوۡہَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ حَسِیۡبًا ﴿۸۷﴾4 : 87 Эгер силерге бир белек-салам берилсе, андан жакшыраагын кайтаргыла же ошону кайтаргыла. Албетте, Алла ар нерсени эсеп кылуучу.
- اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ لَیَجۡمَعَنَّکُمۡ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ ؕ وَ مَنۡ اَصۡدَقُ مِنَ اللّٰہِ حَدِیۡثًا ﴿٪۸۸﴾4 : 88 Алла! Андан башка эч кандай кудай жок. Ал албетте, силерди шек-күмөн жок болгон кыямат күнүнө чейин топтоп барат. Сөздө Аллага караганда, ким көбүрөөк чынчыл боло алат?
- فَمَا لَکُمۡ فِی الۡمُنٰفِقِیۡنَ فِئَتَیۡنِ وَ اللّٰہُ اَرۡکَسَہُمۡ بِمَا کَسَبُوۡا ؕ اَتُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ تَہۡدُوۡا مَنۡ اَضَلَّ اللّٰہُ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَلَنۡ تَجِدَ لَہٗ سَبِیۡلًا ﴿۸۹﴾4 : 89 Демек, силерге эмне болду, эки жүздүүлөр туурасында эки тайпага бөлүнүп кеттиңер? Чынында, Алла алардын кылмыштары себебинен аларды оодарып таштады. Силер Алла: «Адашкан», - деп өкүм чыгарган кишини хидаят кыласыңарбы? Ким жөнүндө Алла: «Адашкан», - деп өкүм чыгарса, ал үчүн сен эч жол таппайсың.
- وَدُّوۡا لَوۡ تَکۡفُرُوۡنَ کَمَا کَفَرُوۡا فَتَکُوۡنُوۡنَ سَوَآءً فَلَا تَتَّخِذُوۡا مِنۡہُمۡ اَوۡلِیَآءَ حَتّٰی یُہَاجِرُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَخُذُوۡہُمۡ وَ اقۡتُلُوۡہُمۡ حَیۡثُ وَجَدۡتُّمُوۡہُمۡ ۪ وَ لَا تَتَّخِذُوۡا مِنۡہُمۡ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿ۙ۹۰﴾4 : 90 Алар өздөрү каапыр болушканы сыяктуу, силердин да каапыр болууңарды, натыйжада тең болуп калууңарды каалашат. Ошондуктан, алар Алла жолунда «Хижрат» кылмайынча, силер алардан эч кимди дос тутпагыла. Ошентип, эгер алар жүз буруп кетишсе, анда аларды туткула жана тапкан жериңерде өлтүргүлө; ошондой эле алардан эч кимисин дос же жардамчы кылбагыла.
- اِلَّا الَّذِیۡنَ یَصِلُوۡنَ اِلٰی قَوۡمٍۭ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہُمۡ مِّیۡثَاقٌ اَوۡ جَآءُوۡکُمۡ حَصِرَتۡ صُدُوۡرُہُمۡ اَنۡ یُّقَاتِلُوۡکُمۡ اَوۡ یُقَاتِلُوۡا قَوۡمَہُمۡ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَسَلَّطَہُمۡ عَلَیۡکُمۡ فَلَقٰتَلُوۡکُمۡ ۚ فَاِنِ اعۡتَزَلُوۡکُمۡ فَلَمۡ یُقَاتِلُوۡکُمۡ وَ اَلۡقَوۡا اِلَیۡکُمُ السَّلَمَ ۙ فَمَا جَعَلَ اللّٰہُ لَکُمۡ عَلَیۡہِمۡ سَبِیۡلًا ﴿۹۱﴾4 : 91 Араларыңарда келишим болгон коом менен алакада болгон кишилер, же силер менен уруш кылууга же өз коому менен уруш кылууга көңүлү чаппай, силердин алдыңарга келген кишилер болсо, анда башка кеп. Эгер Алла каалаганда, аларды силерден жогору кылып коймок эле, анда алар албетте, силер менен урушмак болчу. Демек, эгер алар силерден четтесе, андан кийин силер менен урушпаса жана силерге тынчтыкты сунуш кылышса, анда Алла аларга каршы (акысыздык кылууга) силерге жол бербейт.
- سَتَجِدُوۡنَ اٰخَرِیۡنَ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یَّاۡمَنُوۡکُمۡ وَ یَاۡمَنُوۡا قَوۡمَہُمۡ ؕ کُلَّمَا رُدُّوۡۤا اِلَی الۡفِتۡنَۃِ اُرۡکِسُوۡا فِیۡہَا ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یَعۡتَزِلُوۡکُمۡ وَ یُلۡقُوۡۤا اِلَیۡکُمُ السَّلَمَ وَ یَکُفُّوۡۤا اَیۡدِیَہُمۡ فَخُذُوۡہُمۡ وَ اقۡتُلُوۡہُمۡ حَیۡثُ ثَقِفۡتُمُوۡہُمۡ ؕ وَ اُولٰٓئِکُمۡ جَعَلۡنَا لَکُمۡ عَلَیۡہِمۡ سُلۡطٰنًا مُّبِیۡنًا ﴿٪۹۲﴾4 : 92 Силер өзүңөрдөн дагы аман калууну, өз коомунан дагы аман калууну каалай турган айрым кишилерди да учуратасыңар. Ар сапар алар ушак-айың тарапка алып барылганда, алар анда эт-бети менен жыгылат. Демек, эгер алар силерди өз ахвалыңарга койбосо жана силерге элдешүүнү сунуш кылышпаса, ошондой эле өз колдорун тыйышпаса, анда аларды туткула жана аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө. Мына ошолор (силерге душман), аларга каршы Биз силерге ачык-айкын далил бердик.
- وَ مَا کَانَ لِمُؤۡمِنٍ اَنۡ یَّقۡتُلَ مُؤۡمِنًا اِلَّا خَطَـًٔا ۚ وَ مَنۡ قَتَلَ مُؤۡمِنًا خَطَـًٔا فَتَحۡرِیۡرُ رَقَبَۃٍ مُّؤۡمِنَۃٍ وَّ دِیَۃٌ مُّسَلَّمَۃٌ اِلٰۤی اَہۡلِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ یَّصَّدَّقُوۡا ؕ فَاِنۡ کَانَ مِنۡ قَوۡمٍ عَدُوٍّ لَّکُمۡ وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَتَحۡرِیۡرُ رَقَبَۃٍ مُّؤۡمِنَۃٍ ؕ وَ اِنۡ کَانَ مِنۡ قَوۡمٍۭ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہُمۡ مِّیۡثَاقٌ فَدِیَۃٌ مُّسَلَّمَۃٌ اِلٰۤی اَہۡلِہٖ وَ تَحۡرِیۡرُ رَقَبَۃٍ مُّؤۡمِنَۃٍ ۚ فَمَنۡ لَّمۡ یَجِدۡ فَصِیَامُ شَہۡرَیۡنِ مُتَتَابِعَیۡنِ ۫ تَوۡبَۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۹۳﴾4 : 93 Эч бир момунга башка бир момунду өлтүрүү дурус эмес, бирок каталыктын натыйжасында болсо, анда башка кеп. Ким бир момунду билбестен туруп өлтүрсө, анда бир момун кулду азат кылуу жана анын үй-бүлөсүнө, эгер алар кечирбесе, (аныкталган) кун акысын төлөө зарыл. Эгер ал (өлтүрүлгөн киши) силерге душман коомунан болсо жана момун болсо, анда (дагы) бир момун кулду азат кылуу керек. Ал эми, эгер ал силер менен бүтүм түзгөн коомдон болсо, анда үй-бүлөсүнө (аныкталган) кун акысын төлөө шарт жана бир момун кулду азат кылуу дагы (шарт). Буга күчү жетпеген киши эки ай токтоосуз орозо тутуусу керек. Бул Алла тарабынан тобо катары (парыз кылынган). Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ مَنۡ یَّقۡتُلۡ مُؤۡمِنًا مُّتَعَمِّدًا فَجَزَآؤُہٗ جَہَنَّمُ خٰلِدًا فِیۡہَا وَ غَضِبَ اللّٰہُ عَلَیۡہِ وَ لَعَنَہٗ وَ اَعَدَّ لَہٗ عَذَابًا عَظِیۡمًا ﴿۹۴﴾4 : 94 Кимде-ким бир момунду атайын өлтүрсө, анын жазасы тозок. Ал анын ичинде узак убакытка калуучу; ошондой эле Алланын каарына жана каргышына дуушар болот. Ал ага улуу азапты даяр кылып койгон.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ فَتَبَیَّنُوۡا وَ لَا تَقُوۡلُوۡا لِمَنۡ اَلۡقٰۤی اِلَیۡکُمُ السَّلٰمَ لَسۡتَ مُؤۡمِنًا ۚ تَبۡتَغُوۡنَ عَرَضَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۫ فَعِنۡدَ اللّٰہِ مَغَانِمُ کَثِیۡرَۃٌ ؕ کَذٰلِکَ کُنۡتُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ فَمَنَّ اللّٰہُ عَلَیۡکُمۡ فَتَبَیَّنُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرًا ﴿۹۵﴾4 : 95 Эй, ыйман келтиргендер! Алла жолунда сапар кылып бара жатканыңарда, жакшылап сураштырып алгыла жана силерге салам берген кишиге: «Сен момун эмессиң», - дебегиле. Силер дүйнөлүк байлык-мүлктү каалайсыңар, ал эми Алланын алдында эң көп олжолуу нерселер бар. Мындан илгери силер ушундай элеңер, андан кийин Алла силерге берешендик кылды. Ошентип, жакшылап сураштырып алгыла. Албетте, Алла силер кылып жаткан амалдарыңардан жакшылап кабардар.
- لَا یَسۡتَوِی الۡقٰعِدُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ غَیۡرُ اُولِی الضَّرَرِ وَ الۡمُجٰہِدُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ ؕ فَضَّلَ اللّٰہُ الۡمُجٰہِدِیۡنَ بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ عَلَی الۡقٰعِدِیۡنَ دَرَجَۃً ؕ وَ کُلًّا وَّعَدَ اللّٰہُ الۡحُسۡنٰی ؕ وَ فَضَّلَ اللّٰہُ الۡمُجٰہِدِیۡنَ عَلَی الۡقٰعِدِیۡنَ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿ۙ۹۶﴾4 : 96 Момундардын арасынан оорубай, үйдө отуруп калуучулар жана Алла жолунда өз малдары жана жандары менен жихад кылуучулар (өз ара) тең боло алышпайт. Алла өз дүнүйөлөрү жана жандары менен жихад кылуучуларды отуруп калуучулардан даража жагынан артык кылып койгон. Алла ар бирине жакшылыкты гана убада кылган жана Алла мужахиддерге отуруп калуучулардан көрө, бир улуу сыйлык менен артыкчылык тартуулаган.
- دَرَجٰتٍ مِّنۡہُ وَ مَغۡفِرَۃً وَّ رَحۡمَۃً ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿٪۹۷﴾4 : 97 (Бул) – Ал тарабынан даражалар, кечирим жана рахмат катары. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ تَوَفّٰہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ ظَالِمِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ قَالُوۡا فِیۡمَ کُنۡتُمۡ ؕ قَالُوۡا کُنَّا مُسۡتَضۡعَفِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ قَالُوۡۤا اَلَمۡ تَکُنۡ اَرۡضُ اللّٰہِ وَاسِعَۃً فَتُہَاجِرُوۡا فِیۡہَا ؕ فَاُولٰٓئِکَ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ؕ وَ سَآءَتۡ مَصِیۡرًا ﴿ۙ۹۸﴾4 : 98 Албетте, периштелер өз жандарына зулум кылуучуларды өлтүргөндө, (аларга) айтышат: «Силер кандай абалда элеңер?» Алар (жооп катары) айтышат: «Биз журтта абдан алсыз кылынып коюлган элек». Алар (периштелер) айтышат: «Хижрат кылууңар үчүн Алланын жери кең эмес беле?» Демек, мына ошолордун турак жайы тозок жана ал абдан жаман турак жай!
- اِلَّا الۡمُسۡتَضۡعَفِیۡنَ مِنَ الرِّجَالِ وَ النِّسَآءِ وَ الۡوِلۡدَانِ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ حِیۡلَۃً وَّ لَا یَہۡتَدُوۡنَ سَبِیۡلًا ﴿ۙ۹۹﴾4 : 99 Алсыз кылынып коюлган, эч бир чара насип болбогон жана (чыгууга) эч бир жол таппаган эркектер, аялдар жана балдар болсо, анда башка кеп.
- فَاُولٰٓئِکَ عَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّعۡفُوَ عَنۡہُمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَفُوًّا غَفُوۡرًا ﴿۱۰۰﴾4 : 100 Ошондуктан, мына ушуларды Алла кечирип коюу ыктымалы бар. Алла мээримдүүлүк кылуучу (жана) өтө кечирүүчү.
- وَ مَنۡ یُّہَاجِرۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ یَجِدۡ فِی الۡاَرۡضِ مُرٰغَمًا کَثِیۡرًا وَّ سَعَۃً ؕ وَ مَنۡ یَّخۡرُجۡ مِنۡۢ بَیۡتِہٖ مُہَاجِرًا اِلَی اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ثُمَّ یُدۡرِکۡہُ الۡمَوۡتُ فَقَدۡ وَقَعَ اَجۡرُہٗ عَلَی اللّٰہِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۰۱﴾٪4 : 101 Ким Алла жолунда хижрат кылса, ал (душманды) ийгиликсиз кылууга жерде чоң мүмкүнчүлүктөр жана кеңчилик табат; ошондой эле ким өз үйүнөн Алла жана Анын Пайгамбары тарабына хижрат кылган бойдон чыкса, кийин (ушул ахвалда) ага өлүм келсе, анда анын сыйлыгы Аллага важиб болуп калды. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- وَ اِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِی الۡاَرۡضِ فَلَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَنۡ تَقۡصُرُوۡا مِنَ الصَّلٰوۃِ ٭ۖ اِنۡ خِفۡتُمۡ اَنۡ یَّفۡتِنَکُمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ اِنَّ الۡکٰفِرِیۡنَ کَانُوۡا لَکُمۡ عَدُوًّا مُّبِیۡنًا ﴿۱۰۲﴾4 : 102 Силер жерде (жихад кылган бойдон) сапарга чыкканыңарда, каапырлык кылгандардын силерди сыноодан өткөрүүлөрүнөн коркуп, намазды каср (кыскартып) окууңар силер үчүн күнөө эмес. Албетте, каапырлар силерге ачыктан-ачык душман.
- وَ اِذَا کُنۡتَ فِیۡہِمۡ فَاَقَمۡتَ لَہُمُ الصَّلٰوۃَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَۃٌ مِّنۡہُمۡ مَّعَکَ وَ لۡیَاۡخُذُوۡۤا اَسۡلِحَتَہُمۡ ۟ فَاِذَا سَجَدُوۡا فَلۡیَکُوۡنُوۡا مِنۡ وَّرَآئِکُمۡ ۪ وَ لۡتَاۡتِ طَآئِفَۃٌ اُخۡرٰی لَمۡ یُصَلُّوۡا فَلۡیُصَلُّوۡا مَعَکَ وَ لۡیَاۡخُذُوۡا حِذۡرَہُمۡ وَ اَسۡلِحَتَہُمۡ ۚ وَدَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ تَغۡفُلُوۡنَ عَنۡ اَسۡلِحَتِکُمۡ وَ اَمۡتِعَتِکُمۡ فَیَمِیۡلُوۡنَ عَلَیۡکُمۡ مَّیۡلَۃً وَّاحِدَۃً ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اِنۡ کَانَ بِکُمۡ اَذًی مِّنۡ مَّطَرٍ اَوۡ کُنۡتُمۡ مَّرۡضٰۤی اَنۡ تَضَعُوۡۤا اَسۡلِحَتَکُمۡ ۚ وَ خُذُوۡا حِذۡرَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ اَعَدَّ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابًا مُّہِیۡنًا ﴿۱۰۳﴾4 : 103 Ошондой эле качан сен өзүң алардын арасында болсоң жана алардын намазына имамчылык кылсаң, анда алардын бир тайпасы (намаз үчүн) сени менен туруусу керек жана алар (мужахиддер) өз куралдарын жанына коюулары керек. Ошентип, алар сажда кылып бүткөндөн кийин, өздөрүн аркаңарга алсын жана намаз окубаган башка тайпа келип, сени менен бирге намаз окусун, алар этият болсун жана куралдарын жанына коюшсун. Каапырлык кылгандар силерге кокусунан чабуул жасоо үчүн силердин куралдарыңар жана аспап-буюмдарыңардан бейгам болууңарды каалашат. Эгер силерге жамгыр себебинен кандайдыр бир кыйынчылык болсо, же силер кесел болсоңор, анда куралдарыңарды коюп койгонуңар үчүн силерге күнөө эмес. Бирок (баары бир) этият болгула! Албетте, Алла каапырлар үчүн кор кылуучу азапты даярдап койгон.
- فَاِذَا قَضَیۡتُمُ الصَّلٰوۃَ فَاذۡکُرُوا اللّٰہَ قِیٰمًا وَّ قُعُوۡدًا وَّ عَلٰی جُنُوۡبِکُمۡ ۚ فَاِذَا اطۡمَاۡنَنۡتُمۡ فَاَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ ۚ اِنَّ الصَّلٰوۃَ کَانَتۡ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ کِتٰبًا مَّوۡقُوۡتًا ﴿۱۰۴﴾4 : 104 Анан намаз окуп бүткөндөн кийин, турганыңарда да, отурганыңарда да, жанбаштаганыңарда да Алланы эске алгыла. Кийин тынч болуп калганыңарда намазды аткаргыла. Албетте, намаз момундар үчүн белгиленген убакыттын шарты менен парыз кылынган.
- وَ لَا تَہِنُوۡا فِی ابۡتِغَآءِ الۡقَوۡمِ ؕ اِنۡ تَکُوۡنُوۡا تَاۡلَمُوۡنَ فَاِنَّہُمۡ یَاۡلَمُوۡنَ کَمَا تَاۡلَمُوۡنَ ۚ وَ تَرۡجُوۡنَ مِنَ اللّٰہِ مَا لَا یَرۡجُوۡنَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۰۵﴾٪4 : 105 Жана (каршылаш) коомдун аркасынан түшүүдө жалкоолук көрсөтпөгүлө. Эгер силер кыйналып жаткан болсоңор, алар дагы силер сыяктуу албетте, кыйналышууда. Силер Алладан алар үмүт кылбай турган нерсени үмүт кыласыңар. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ لِتَحۡکُمَ بَیۡنَ النَّاسِ بِمَاۤ اَرٰٮکَ اللّٰہُ ؕ وَ لَا تَکُنۡ لِّلۡخَآئِنِیۡنَ خَصِیۡمًا ﴿۱۰۶﴾ۙ4 : 106 Алла сага үйрөткөн боюнча адамдардын арасында өкүм чыгарууң үчүн Биз албетте, сага Китепти акыйкат менен түшүрдүк. Сен кыянат кылуучулар туурасында талашуучу болбо!
- وَّ اسۡتَغۡفِرِ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۰۷﴾ۚ4 : 107 Жана Алладан кечирим талап кыл! Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- وَ لَا تُجَادِلۡ عَنِ الَّذِیۡنَ یَخۡتَانُوۡنَ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ مَنۡ کَانَ خَوَّانًا اَثِیۡمًا ﴿۱۰۸﴾ۚۙ4 : 108 Жана өздөрүнө кыянат кылуучулар тарабында туруп талашпа! Албетте, Алла катуу кыянат кылуучу күнөөкөрдү жактырбайт.
- یَّسۡتَخۡفُوۡنَ مِنَ النَّاسِ وَ لَا یَسۡتَخۡفُوۡنَ مِنَ اللّٰہِ وَ ہُوَ مَعَہُمۡ اِذۡ یُبَیِّتُوۡنَ مَا لَا یَرۡضٰی مِنَ الۡقَوۡلِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ مُحِیۡطًا ﴿۱۰۹﴾4 : 109 Алар адамдардан жашырынып алышат, бирок Алладан жашырына алышпайт. Алар Алла жактырбаган сөздөрдү сүйлөп, түнөгөн учурда Ал алар менен бирге болот. Жана Алла алар кылып жаткан амалдарды курчап алган.
- ہٰۤاَنۡتُمۡ ہٰۤؤُلَآءِ جٰدَلۡتُمۡ عَنۡہُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۟ فَمَنۡ یُّجَادِلُ اللّٰہَ عَنۡہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ اَمۡ مَّنۡ یَّکُوۡنُ عَلَیۡہِمۡ وَکِیۡلًا ﴿۱۱۰﴾4 : 110 Карагыла! Силер дүйнөлүк жашоодо алар тарабында туруп, талаша турган адамдарсыңар. Бирок, кыямат күнү алар тарабында туруп, Алла менен ким талашат? Же ким аларга коргоочу болот?
- وَ مَنۡ یَّعۡمَلۡ سُوۡٓءًا اَوۡ یَظۡلِمۡ نَفۡسَہٗ ثُمَّ یَسۡتَغۡفِرِ اللّٰہَ یَجِدِ اللّٰہَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۱۱﴾4 : 111 Ким бир жаман иш кылса же өз жанына зулум кылса, анан Алладан кечирим талап кылса, ал Алланын өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу экенин табат.
- وَ مَنۡ یَّکۡسِبۡ اِثۡمًا فَاِنَّمَا یَکۡسِبُہٗ عَلٰی نَفۡسِہٖ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۱۲﴾4 : 112 Ким күнөө кылса, ал албетте, өзүнө каршы күнөө кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ مَنۡ یَّکۡسِبۡ خَطِیۡٓٮـَٔۃً اَوۡ اِثۡمًا ثُمَّ یَرۡمِ بِہٖ بَرِیۡٓــًٔا فَقَدِ احۡتَمَلَ بُہۡتَانًا وَّ اِثۡمًا مُّبِیۡنًا ﴿۱۱۳﴾٪4 : 113 Жана ким бир ката же күнөө иш кылса, анан аны бир күнөөсү жок адамга оодарса, ал өтө чоң жалаа жана ачыктан-ачык күнөө (жүгүн) көтөрүп алды.
- وَ لَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکَ وَ رَحۡمَتُہٗ لَہَمَّتۡ طَّآئِفَۃٌ مِّنۡہُمۡ اَنۡ یُّضِلُّوۡکَ ؕ وَ مَا یُضِلُّوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡ وَ مَا یَضُرُّوۡنَکَ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ وَ اَنۡزَلَ اللّٰہُ عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ عَلَّمَکَ مَا لَمۡ تَکُنۡ تَعۡلَمُ ؕ وَ کَانَ فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکَ عَظِیۡمًا ﴿۱۱۴﴾4 : 114 Эгер сага Алланын берешендиги жана Анын рахматы болбогондо, алардын бир тайпасы, албетте, сени (жолдон) азгырууга ниет кылган эле. Бирок, алар өздөрүнөн башка эч кимди (жолдон) азгыра алышпайт жана алар сага эч кандай зыян келтире алышпайт. Алла сага Китеп жана хикмат-акылмандыкты түшүрдү, ошондой эле сага өзүң билбеген нерселерди үйрөттү. Сага Алланын өтө чоң берешендиги бар.
- لَا خَیۡرَ فِیۡ کَثِیۡرٍ مِّنۡ نَّجۡوٰٮہُمۡ اِلَّا مَنۡ اَمَرَ بِصَدَقَۃٍ اَوۡ مَعۡرُوۡفٍ اَوۡ اِصۡلَاحٍۭ بَیۡنَ النَّاسِ ؕ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ ابۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ اللّٰہِ فَسَوۡفَ نُؤۡتِیۡـہِ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۱۱۵﴾4 : 115 Алардын көптөгөн жашыруун кеңештеринде эч кандай жакшылык жок. Ооба, эгер садага же жакшылык же адамдардын ортосунда оңолууга буюрса, анда бул башка кеп. Ким мындай иштерди Алланын ыраазычылыгы үчүн кылса, албетте, Биз ага бир улуу сыйлык тартуулайбыз.
- وَ مَنۡ یُّشَاقِقِ الرَّسُوۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا تَبَیَّنَ لَہُ الۡہُدٰی وَ یَتَّبِعۡ غَیۡرَ سَبِیۡلِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ نُوَلِّہٖ مَا تَوَلّٰی وَ نُصۡلِہٖ جَہَنَّمَ ؕ وَ سَآءَتۡ مَصِیۡرًا ﴿۱۱۶﴾٪4 : 116 Ким өзүнө туура жол айкын болгондон кийин, Пайгамбарга каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду тандаса, Биз аны өзү бурулган тарапка буруп коёбуз жана Биз аны тозокко киргизебиз. Ал эң жаман турак жай!
- اِنَّ اللّٰہَ لَا یَغۡفِرُ اَنۡ یُّشۡرَکَ بِہٖ وَ یَغۡفِرُ مَا دُوۡنَ ذٰلِکَ لِمَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ مَنۡ یُّشۡرِکۡ بِاللّٰہِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلٰلًۢا بَعِیۡدًا ﴿۱۱۷﴾4 : 117 Албетте, Алла Өзүнө (башкалардын) шерик кылынуусун кечирбейт, ал эми андан башка (күнөө)нү Өзү каалаган киши үчүн кечирет. Ким Аллага (башкаларды) шерик кылса, албетте, ал алыстагы адашууда калды.
- اِنۡ یَّدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اِلَّاۤ اِنٰثًا ۚ وَ اِنۡ یَّدۡعُوۡنَ اِلَّا شَیۡطٰنًا مَّرِیۡدًا ﴿۱۱۸﴾ۙ4 : 118 Алар Аны коюп, жалаң аялдар (буттар)га гана жалбарышат жана алар жалаң баш ийбеген шайтанга гана жалбарышат.
- لَّعَنَہُ اللّٰہُ ۘ وَ قَالَ لَاَتَّخِذَنَّ مِنۡ عِبَادِکَ نَصِیۡبًا مَّفۡرُوۡضًا ﴿۱۱۹﴾ۙ4 : 119 Алла аны каргыштады. Ал болсо (мындай) айтты: «Мен албетте, Сенин пенделериңден бир белгилүү үлүштү аламын.
- وَّ لَاُضِلَّنَّہُمۡ وَ لَاُمَنِّیَنَّہُمۡ وَ لَاٰمُرَنَّہُمۡ فَلَیُبَتِّکُنَّ اٰذَانَ الۡاَنۡعَامِ وَ لَاٰمُرَنَّہُمۡ فَلَیُغَیِّرُنَّ خَلۡقَ اللّٰہِ ؕ وَ مَنۡ یَّتَّخِذِ الشَّیۡطٰنَ وَلِیًّا مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَقَدۡ خَسِرَ خُسۡرَانًا مُّبِیۡنًا ﴿۱۲۰﴾ؕ4 : 120 Ошондой эле мен, албетте, аларды жолдон чыгарамын жана албетте, аларды үмүттөндүрөмүн жана албетте, аларга буйрук беремин, ошондо алар, албетте, малдын кулактарын жаралашат жана мен албетте, аларга өкүм кыламын, ошондо алар албетте, Алла жараткан нерселерди өзгөртүшөт». Ким Алланы коюп, шайтанды дос тутса, ал албетте, ачыктан-ачык зыян көрдү.
- یَعِدُہُمۡ وَ یُمَنِّیۡہِمۡ ؕ وَ مَا یَعِدُہُمُ الشَّیۡطٰنُ اِلَّا غُرُوۡرًا ﴿۱۲۱﴾4 : 121 Ал аларга убада берет жана аларды үмүттөндүрөт. Шайтан аларга алдоодон бөлөк эч кандай убада бербейт.
- اُولٰٓئِکَ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ۫ وَ لَا یَجِدُوۡنَ عَنۡہَا مَحِیۡصًا ﴿۱۲۲﴾4 : 122 Мына ошолордун турар жайы тозок; андан кутулуу үчүн алар бир дагы чара таппайт.
- وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ سَنُدۡخِلُہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقًّا ؕ وَ مَنۡ اَصۡدَقُ مِنَ اللّٰہِ قِیۡلًا ﴿۱۲۳﴾4 : 123 Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар — аларды Биз албетте, ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизебиз. Алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. Бул Алланын чыныгы убадасы жана өз сөзүндө (турган) Алладан чынчылыраак ким бар?
- لَیۡسَ بِاَمَانِیِّکُمۡ وَ لَاۤ اَمَانِیِّ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ ؕ مَنۡ یَّعۡمَلۡ سُوۡٓءًا یُّجۡزَ بِہٖ ۙ وَ لَا یَجِدۡ لَہٗ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿۱۲۴﴾4 : 124 (Өкүм) силердин тилегиңер боюнча да, Китеп ээлеринин тилектери боюнча да болбойт. Ким жаман иш кылса, ага жазасы берилет. Жана ал өзү үчүн Алладан бөлөк бир дагы досту, бир дагы жардамчыны таппайт.
- وَ مَنۡ یَّعۡمَلۡ مِنَ الصّٰلِحٰتِ مِنۡ ذَکَرٍ اَوۡ اُنۡثٰی وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَاُولٰٓئِکَ یَدۡخُلُوۡنَ الۡجَنَّۃَ وَ لَا یُظۡلَمُوۡنَ نَقِیۡرًا ﴿۱۲۵﴾4 : 125 Ошондой эле эркектерден же аялдардан ким жакшы амалдарды кылса жана ал момун болсо, мына ошолор бейишке киришет жана аларга курма данегинин сызыгынчалык дагы зулумдук кылынбайт.
- وَ مَنۡ اَحۡسَنُ دِیۡنًا مِّمَّنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَ ہُوَ مُحۡسِنٌ وَّ اتَّبَعَ مِلَّۃَ اِبۡرٰہِیۡمَ حَنِیۡفًا ؕ وَ اتَّخَذَ اللّٰہُ اِبۡرٰہِیۡمَ خَلِیۡلًا ﴿۱۲۶﴾4 : 126 Ким өзүнүн бүтүн көңүлүн Аллага караткан болсо жана изги иштерди кылуучу болсо, ошондой эле моюн сунган Ибраахиймдин динин жолдогон болсо, дин (жагы)нан андан жакшыраак ким бар? Алла Ибраахиймди Өзүнө дос кылып алган эле.
- وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ مُّحِیۡطًا ﴿۱۲۷﴾٪4 : 127 Асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Алла бардык нерселерди курчап алган.
- وَ یَسۡتَفۡتُوۡنَکَ فِی النِّسَآءِ ؕ قُلِ اللّٰہُ یُفۡتِیۡکُمۡ فِیۡہِنَّ ۙ وَ مَا یُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فِی الۡکِتٰبِ فِیۡ یَتٰمَی النِّسَآءِ الّٰتِیۡ لَاتُؤۡ تُوۡنَہُنَّ مَا کُتِبَ لَہُنَّ وَ تَرۡغَبُوۡنَ اَنۡ تَنۡکِحُوۡہُنَّ وَ الۡمُسۡتَضۡعَفِیۡنَ مِنَ الۡوِلۡدَانِ ۙ وَ اَنۡ تَقُوۡمُوۡا لِلۡیَتٰمٰی بِالۡقِسۡطِ ؕ وَ مَا تَفۡعَلُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِہٖ عَلِیۡمًا ﴿۱۲۸﴾4 : 128 Алар сенден (бирден артык) аялдар(га үйлөнүү) туурасында фатва сурашат. Айткын: «Алла силерге алар жөнүндө фатва берип болгон. (Ушул) Китепте (башка жайда) силерге окулуп болгон нерсе: силер аларга белгиленип коюлган акысын өздөрүнө бербестен туруп, никеңерге алмакчы болгон жетим аялдар жөнүндө. Дал ушундай балдардан (кароосуз калган) алсыздар тууралуу (Алла фатва берет) жана силер: «Жетимдер жагында адилеттик менен бекем тургула», - деп (баса белгилейт). Демек, силер кылган ар бир жакшылыгыңарды, албетте, Алла жакшы билүүчү».
- وَ اِنِ امۡرَاَۃٌ خَافَتۡ مِنۡۢ بَعۡلِہَا نُشُوۡزًا اَوۡ اِعۡرَاضًا فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡہِمَاۤ اَنۡ یُّصۡلِحَا بَیۡنَہُمَا صُلۡحًا ؕ وَ الصُّلۡحُ خَیۡرٌ ؕ وَ اُحۡضِرَتِ الۡاَنۡفُسُ الشُّحَّ ؕ وَ اِنۡ تُحۡسِنُوۡا وَ تَتَّقُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرًا ﴿۱۲۹﴾4 : 129 Эгер кандайдыр бир аял өз күйөөсүнүн орой мамилесинен же кош көңүлсүздүгүнөн корксо, анда өз ара элдешип алышса, алар экөөсүнө эч кандай күнөө болбойт. Элдешүү (баары бир) жакшы. Адамдар (табиятын)да сараңдык коюлган. Эгер силер изги иштер кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, Алла силер кылып жаткан амалдарыңардан жакшы кабардар.
- وَ لَنۡ تَسۡتَطِیۡعُوۡۤا اَنۡ تَعۡدِلُوۡا بَیۡنَ النِّسَآءِ وَ لَوۡ حَرَصۡتُمۡ فَلَا تَمِیۡلُوۡا کُلَّ الۡمَیۡلِ فَتَذَرُوۡہَا کَالۡمُعَلَّقَۃِ ؕ وَ اِنۡ تُصۡلِحُوۡا وَ تَتَّقُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۳۰﴾4 : 130 Силер канчалык кааласаңар дагы, аялдардын ортосунда адилеттик менен мамиле кылууга кудурет таба албайсыңар. Ошол үчүн бирисин илинген нерседей калтырып, (экинчисине) бүтүндөй ооп кетпегиле. Эгер силер элдешсеңер жана такыба болсоңор, албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- وَ اِنۡ یَّتَفَرَّقَا یُغۡنِ اللّٰہُ کُلًّا مِّنۡ سَعَتِہٖ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ وَاسِعًا حَکِیۡمًا ﴿۱۳۱﴾4 : 131 Жана эгер алар экөө ажырашып кетсе, Алла ар бирин анын мүмкүнчүлүгүнө жараша бай кылып коёт. Алла эң көп молчулук тартуулоочу (жана) акылмандык ээси.
- وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ لَقَدۡ وَصَّیۡنَا الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ اِیَّاکُمۡ اَنِ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ وَ اِنۡ تَکۡفُرُوۡا فَاِنَّ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَنِیًّا حَمِیۡدًا ﴿۱۳۲﴾4 : 132 Асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Албетте, Биз силерден мурун Китеп берилген адамдарга дагы, силерге дагы: «Алладан корккула», - деп ачык-айкын буйрук берген элек. Эгер силер каапырлык кылсаңар, албетте, асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Алла байлык (жана) мактоо ээси.
- وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَکِیۡلًا ﴿۱۳۳﴾4 : 133 Асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Алла коргоочу катары жетиштүү.
- اِنۡ یَّشَاۡ یُذۡہِبۡکُمۡ اَیُّہَا النَّاسُ وَ یَاۡتِ بِاٰخَرِیۡنَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی ذٰلِکَ قَدِیۡرًا ﴿۱۳۴﴾4 : 134 Эй, адамдар! Эгер Ал кааласа, силерди жок кылып, башкаларды келтирүүсү мүмкүн. Алла бул нерсеге дайыма кудуреттүү.
- مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ ثَوَابَ الدُّنۡیَا فَعِنۡدَ اللّٰہِ ثَوَابُ الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ سَمِیۡعًۢا بَصِیۡرًا ﴿۱۳۵﴾٪4 : 135 Ким дүйнө сыйлыгын тилесе, Алланын алдында дүйнө сыйлыгы да, акырет сыйлыгы да бар. Алла өтө угуучу (жана) көрүүчү.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُوۡنُوۡا قَوّٰمِیۡنَ بِالۡقِسۡطِ شُہَدَآءَ لِلّٰہِ وَ لَوۡ عَلٰۤی اَنۡفُسِکُمۡ اَوِ الۡوَالِدَیۡنِ وَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ ۚ اِنۡ یَّکُنۡ غَنِیًّا اَوۡ فَقِیۡرًا فَاللّٰہُ اَوۡلٰی بِہِمَا ۟ فَلَا تَتَّبِعُوا الۡہَوٰۤی اَنۡ تَعۡدِلُوۡا ۚ وَ اِنۡ تَلۡوٗۤا اَوۡ تُعۡرِضُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرًا ﴿۱۳۶﴾4 : 136 Эй, ыйман келтиргендер! Алла үчүн күбө болуп туруп, адилетти бекем орнотуучу болгула, мейли өзүңөргө каршы күбөлүк берүүгө туура келсе, же ата-энелер жана жакын туугандарга каршы. Мейли кимдир бирөө бай болсун, мейли кембагал болсун, экөөнүн тең Кожоюну – Алла. Ошондуктан, адилетти колдон чыгарып, өзүңөрдүн жеңил оюңарды ээрчибегиле. Эгер силер кепти бурмалап сүйлөсөңөр же жүз бурсаңар, албетте, Алла силер кылып жаткан иштериңерден жакшылап кабардар.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ الۡکِتٰبِ الَّذِیۡ نَزَّلَ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ وَ الۡکِتٰبِ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡفُرۡ بِاللّٰہِ وَ مَلٰٓئِکَتِہٖ وَ کُتُبِہٖ وَ رُسُلِہٖ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلٰلًۢا بَعِیۡدًا ﴿۱۳۷﴾4 : 137 Эй, ыйман келтиргендер! Аллага, Анын Пайгамбарына жана Ал (Алла) Өз Пайгамбарына түшүргөн Китепке, ошондой эле Ал (Алла) илгери түшүргөн Китепке дагы ыйман келтиргиле! Ким Алланы, Анын периштелерин, китептерин, пайгамбарларын жана акырет күнүн четке какса, ал албетте, өтө эле алыскы адашууда калган.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ثُمَّ کَفَرُوۡا ثُمَّ اٰمَنُوۡا ثُمَّ کَفَرُوۡا ثُمَّ ازۡدَادُوۡا کُفۡرًا لَّمۡ یَکُنِ اللّٰہُ لِیَغۡفِرَ لَہُمۡ وَ لَا لِیَہۡدِیَہُمۡ سَبِیۡلًا ﴿۱۳۸﴾ؕ4 : 138 Албетте, ыйман келтирип, анан каапырлык кылган, кийин дагы ыйман келтирген, анан дагы каапырлык кылган, кийин каапырлыктары дагы күчөгөндөр – аларды Алла кечирүүчү жана хидаят кылуучу эмес.
- بَشِّرِ الۡمُنٰفِقِیۡنَ بِاَنَّ لَہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمَۨا ﴿۱۳۹﴾ۙ4 : 139 Эки жүздүүлөргө, алар үчүн өтө оор азап бар экенинен «куш кабар» бергин –
- الَّذِیۡنَ یَتَّخِذُوۡنَ الۡکٰفِرِیۡنَ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ؕ اَیَبۡتَغُوۡنَ عِنۡدَہُمُ الۡعِزَّۃَ فَاِنَّ الۡعِزَّۃَ لِلّٰہِ جَمِیۡعًا ﴿۱۴۰﴾ؕ4 : 140 Момундарды коюп, каапырларды дос тута тургандарга. Алар алардын алдынан сый-урмат күтүшөбү? Демек, (алар) албетте, сый-урмат бүтүндөй Аллага гана таандык экен(ин билүүлөрү керек).
- وَ قَدۡ نَزَّلَ عَلَیۡکُمۡ فِی الۡکِتٰبِ اَنۡ اِذَا سَمِعۡتُمۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ یُکۡفَرُ بِہَا وَ یُسۡتَہۡزَاُ بِہَا فَلَا تَقۡعُدُوۡا مَعَہُمۡ حَتّٰی یَخُوۡضُوۡا فِیۡ حَدِیۡثٍ غَیۡرِہٖۤ ۫ۖ اِنَّکُمۡ اِذًا مِّثۡلُہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ جَامِعُ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ الۡکٰفِرِیۡنَ فِیۡ جَہَنَّمَ جَمِیۡعَۨا ﴿۱۴۱﴾ۙ4 : 141 Албетте, Ал (Алла) силерге Китепте мындай өкүм түшүргөн: силер Алланын аяттарынын четке кагылып жатканын же алардын маскара кылынып жатканын укканыңарда, ошол адамдар башка бир сөз менен алек болмоюнча, алардын алдында отурбагыла! (Болбосо), албетте, дароо силер алардын катарында болуп каласыңар. Албетте, Алла баардык эки жүздүүлөрдү жана каапырларды тозокто чогултуучу –
- الَّذِیۡنَ یَتَرَبَّصُوۡنَ بِکُمۡ ۚ فَاِنۡ کَانَ لَکُمۡ فَتۡحٌ مِّنَ اللّٰہِ قَالُوۡۤا اَلَمۡ نَکُنۡ مَّعَکُمۡ ۫ۖ وَ اِنۡ کَانَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ نَصِیۡبٌ ۙ قَالُوۡۤا اَلَمۡ نَسۡتَحۡوِذۡ عَلَیۡکُمۡ وَ نَمۡنَعۡکُمۡ مِّنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ؕ فَاللّٰہُ یَحۡکُمُ بَیۡنَکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ لَنۡ یَّجۡعَلَ اللّٰہُ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ سَبِیۡلًا ﴿۱۴۲﴾٪4 : 142 Силер тууралуу (суук кабарларды) күтүп тургандарды. Ошентип, эгер силерге Алла тарабынан жеңиш насип болсо, алар: «Биз силер менен эмес белек?» - дешет. Эгер каапырларга (жеңиштен) аз гана насип болсо, (аларга): «Биз (мурун) силердин үстүңөрдөн жеңишке жетишпедикпи жана силерди момундардан куткарбадыкпы?» - дешет. Демек, Алла Өзү кыямат күнү силердин араңарда өкүм чыгарат. Алла каапырларга момундардын үстүнөн эч кандай эрк бербейт.
- اِنَّ الۡمُنٰفِقِیۡنَ یُخٰدِعُوۡنَ اللّٰہَ وَ ہُوَ خَادِعُہُمۡ ۚ وَ اِذَا قَامُوۡۤا اِلَی الصَّلٰوۃِ قَامُوۡا کُسَالٰی ۙ یُرَآءُوۡنَ النَّاسَ وَ لَا یَذۡکُرُوۡنَ اللّٰہَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۱۴۳﴾۫ۙ4 : 143 Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдамакчы болушат, Ал (Алла) болсо, алдоосуна жооп кайтарат. Алар намазга турушканда, жалкоолук менен турушат. Адамдар көрүшсүн үчүн амал кылышат жана Алланы абдан аз эскеришет.
- مُّذَبۡذَبِیۡنَ بَیۡنَ ذٰلِکَ ٭ۖ لَاۤ اِلٰی ہٰۤؤُلَآءِ وَ لَاۤ اِلٰی ہٰۤؤُلَآءِ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَلَنۡ تَجِدَ لَہٗ سَبِیۡلًا ﴿۱۴۴﴾4 : 144 Алар мунун ортосунда эки анжы болуп турушат. Булар тарапта да эмес, алар тарапта да эмес. Алла: «Адашкан», - деп өкүм чыгарган бирөө үчүн сен (хидаяттын) бир да жолун таппайсың.
- یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوا الۡکٰفِرِیۡنَ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَؕ اَتُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ تَجۡعَلُوۡا لِلّٰہِ عَلَیۡکُمۡ سُلۡطٰنًا مُّبِیۡنًا ﴿۱۴۵﴾4 : 145 Эй, ыйман келтиргендер! Момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла. Силер өзүңөргө каршы Аллага ачыктан-ачык далил берүүңөрдү каалайсыңарбы?
- اِنَّ الۡمُنٰفِقِیۡنَ فِی الدَّرۡکِ الۡاَسۡفَلِ مِنَ النَّارِ ۚ وَ لَنۡ تَجِدَ لَہُمۡ نَصِیۡرًا ﴿۱۴۶﴾ۙ4 : 146 Албетте, эки жүздүүлөр оттун эң түбүндө болушат. Сен алар үчүн бир дагы жардамчыны таба албайсың.
- اِلَّا الَّذِیۡنَ تَابُوۡا وَ اَصۡلَحُوۡا وَ اعۡتَصَمُوۡا بِاللّٰہِ وَ اَخۡلَصُوۡا دِیۡنَہُمۡ لِلّٰہِ فَاُولٰٓئِکَ مَعَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ؕ وَ سَوۡفَ یُؤۡتِ اللّٰہُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۱۴۷﴾4 : 147 Бирок, тобо кылып, оңдогон жана Алланы бекем кармаган, ошондой эле өз динин Аллага гана таандык кылгандар – мына ошолор гана момундар менен бирге. Жакын арада Алла момундарга бир улуу сыйлык тартуулайт.
- مَا یَفۡعَلُ اللّٰہُ بِعَذَابِکُمۡ اِنۡ شَکَرۡتُمۡ وَ اٰمَنۡتُمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ شَاکِرًا عَلِیۡمًا ﴿۱۴۸﴾4 : 148 Эгер силер шүкүр кылсаңар жана ыйман келтирсеңер, Алла силерге эмнеге азап берет? Алла шүкүрдү өтө кадырлоочу (жана) дайыма билүүчү.
- لَا یُحِبُّ اللّٰہُ الۡجَہۡرَ بِالسُّوۡٓءِ مِنَ الۡقَوۡلِ اِلَّا مَنۡ ظُلِمَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ سَمِیۡعًا عَلِیۡمًا ﴿۱۴۹﴾4 : 149 Алла жаман кепти ачык айтууну жактырбайт, бирок зулумдук көргөн киши болсо, анда башка кеп. Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
- اِنۡ تُبۡدُوۡا خَیۡرًا اَوۡ تُخۡفُوۡہُ اَوۡ تَعۡفُوۡا عَنۡ سُوۡٓءٍ فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَفُوًّا قَدِیۡرًا ﴿۱۵۰﴾4 : 150 Эгер силер бир жакшылыкты ачыкка чыгарсаңар, же аны жашырсаңар, же бир жаманчылыкты кечирсеңер, албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) дайыма кудуреттүү.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ یَکۡفُرُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ وَ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یُّفَرِّقُوۡا بَیۡنَ اللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ وَ یَقُوۡلُوۡنَ نُؤۡمِنُ بِبَعۡضٍ وَّ نَکۡفُرُ بِبَعۡضٍ ۙ وَّ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یَّتَّخِذُوۡا بَیۡنَ ذٰلِکَ سَبِیۡلًا ﴿۱۵۱﴾ۙ4 : 151 Албетте, Алла жана Анын пайгамбарларын четке кага тургандар, ошондой эле Алла жана Анын пайгамбарларын бири-биринен ажыратууну каалай турган жана: «Биз айрымдарына ыйман келтиребиз жана айрымдарын четке кагабыз», - деп айта тургандар жана анын ортосундагы кандайдыр бир жолду тандоону каалай тургандар –
- اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡکٰفِرُوۡنَ حَقًّا ۚ وَ اَعۡتَدۡنَا لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابًا مُّہِیۡنًا ﴿۱۵۲﴾4 : 152 Мына ошолор чыныгы каапырлар. Биз каапырлар үчүн кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз.
- وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ وَ لَمۡ یُفَرِّقُوۡا بَیۡنَ اَحَدٍ مِّنۡہُمۡ اُولٰٓئِکَ سَوۡفَ یُؤۡتِیۡہِمۡ اُجُوۡرَہُمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۵۳﴾٪4 : 153 Аллага жана Анын пайгамбарларына ыйман келтирген жана аларды бири-биринен айырма кылбаган кишилер – мына ошолорго Ал (Алла) сыйлыктарын, албетте, тартуулайт. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
- یَسۡـَٔلُکَ اَہۡلُ الۡکِتٰبِ اَنۡ تُنَزِّلَ عَلَیۡہِمۡ کِتٰبًا مِّنَ السَّمَآءِ فَقَدۡ سَاَلُوۡا مُوۡسٰۤی اَکۡبَرَ مِنۡ ذٰلِکَ فَقَالُوۡۤا اَرِنَا اللّٰہَ جَہۡرَۃً فَاَخَذَتۡہُمُ الصّٰعِقَۃُ بِظُلۡمِہِمۡ ۚ ثُمَّ اتَّخَذُوا الۡعِجۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡہُمُ الۡبَیِّنٰتُ فَعَفَوۡنَا عَنۡ ذٰلِکَ ۚ وَ اٰتَیۡنَا مُوۡسٰی سُلۡطٰنًا مُّبِیۡنًا ﴿۱۵۴﴾4 : 154 Китеп ээлери сенден өздөрүнө асмандан (ачык түрдө) кандайдыр бир китеп түшүрүүңдү сурашат. Ошентип, Мусага алар мындан дагы чоңураак талап койгон эле. Демек, алар ага: «Бизге Алланы ачык көрсөт!» - деген болчу. Ошентип, алардын зулумдуктарынын айынан аларды чагылган тутуп алды. Анан алар өздөрүнө ачыктан-ачык аят-жышаандар келген соң музоону (кудай кылып) алышты. Буга карабастан Биз муну кечирдик жана Биз Мусага ачык-айкын далил бердик.
- وَ رَفَعۡنَا فَوۡقَہُمُ الطُّوۡرَ بِمِیۡثَاقِہِمۡ وَ قُلۡنَا لَہُمُ ادۡخُلُوا الۡبَابَ سُجَّدًا وَّ قُلۡنَا لَہُمۡ لَا تَعۡدُوۡا فِی السَّبۡتِ وَ اَخَذۡنَا مِنۡہُمۡ مِّیۡثَاقًا غَلِیۡظًا ﴿۱۵۵﴾4 : 155 Жана Биз алардын ант-убадасынын айынан Тур (тоосу)н алардын үстүнө көтөрдүк жана Биз аларга: «(Аллага) баш ийген бойдон дарбазадан киргиле», - дедик; ошондой эле Биз аларга: «Ишемби тууралуу чектен чыкпагыла», - дедик. Биз алардан бекем ант-убада алдык.
- فَبِمَا نَقۡضِہِمۡ مِّیۡثَاقَہُمۡ وَ کُفۡرِہِمۡ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ قَتۡلِہِمُ الۡاَنۡۢبِیَآءَ بِغَیۡرِ حَقٍّ وَّ قَوۡلِہِمۡ قُلُوۡبُنَا غُلۡفٌ ؕ بَلۡ طَبَعَ اللّٰہُ عَلَیۡہَا بِکُفۡرِہِمۡ فَلَا یُؤۡمِنُوۡنَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۱۵۶﴾۪4 : 156 Демек, алардын өз убадасын бузгандыктары, Алланын аяттарын четке каккандыктары жана пайгамбарларга көрсөткөн акысыз катуу каршылыктары жана: «Биздин жүрөктөрүбүз пардада», - дегендиктери себебинен, балким акыйкатта Алла алардын каапырлыктарынын айынан аларды (жүрөктөрдү) мөөрлөп койгон. Ошондуктан, алар аз гана ыйман келтиришет.
- وَّ بِکُفۡرِہِمۡ وَ قَوۡلِہِمۡ عَلٰی مَرۡیَمَ بُہۡتَانًا عَظِیۡمًا ﴿۱۵۷﴾ۙ4 : 157 Ошондой эле, алардын каапырлык кылгандыктары жана Марямга каршы бир оор жалаа сөз айткандыктары себептүү.
- وَّ قَوۡلِہِمۡ اِنَّا قَتَلۡنَا الۡمَسِیۡحَ عِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ رَسُوۡلَ اللّٰہِ ۚ وَ مَا قَتَلُوۡہُ وَ مَا صَلَبُوۡہُ وَ لٰکِنۡ شُبِّہَ لَہُمۡ ؕ وَ اِنَّ الَّذِیۡنَ اخۡتَلَفُوۡا فِیۡہِ لَفِیۡ شَکٍّ مِّنۡہُ ؕ مَا لَہُمۡ بِہٖ مِنۡ عِلۡمٍ اِلَّا اتِّبَاعَ الظَّنِّ ۚ وَ مَا قَتَلُوۡہُ یَقِیۡنًۢا ﴿۱۵۸﴾ۙ4 : 158 Жана алардын: «Албетте, биз Алланын пайгамбары болгон Масийх Иса Марям уулун өлтүрдүк», - дегендиктери үчүн. Алар албетте, аны өлтүрө алышпады жана крестке асып да (өлтүрө) алышпады. Тескерисинче, маселе аларга шектүү кылынды. Албетте, ал тууралуу талашкандар бул туурасында шек-күмөндө. Жалаң күмөндү ээрчигенден башка аларда бул жөнүндө эч кандай билим жок. Чынында да, алар аны өлтүрө алышпады.
- بَلۡ رَّفَعَہُ اللّٰہُ اِلَیۡہِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَزِیۡزًا حَکِیۡمًا ﴿۱۵۹﴾4 : 159 Жок, Алла аны Өз тарабына жогорулатты. Албетте, Алла жеңүүчү (жана) акылмандык ээси.
- وَ اِنۡ مِّنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ اِلَّا لَیُؤۡمِنَنَّ بِہٖ قَبۡلَ مَوۡتِہٖ ۚ وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ یَکُوۡنُ عَلَیۡہِمۡ شَہِیۡدًا ﴿۱۶۰﴾ۚ4 : 160 Китеп ээлеринен ар бир (тайпа) анын өлүмүнөн мурун, албетте, ага ыйман келтирет. Жана кыямат күнү ал алардын үстүлөрүнөн күбө болот.
- فَبِظُلۡمٍ مِّنَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا حَرَّمۡنَا عَلَیۡہِمۡ طَیِّبٰتٍ اُحِلَّتۡ لَہُمۡ وَ بِصَدِّہِمۡ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ کَثِیۡرًا ﴿۱۶۱﴾ۙ4 : 161 Ошентип, жөөттөргө, алар кылган зулумдуктары үчүн, жана Алла жолунан көбүрөөк тоскондуктары үчүн Биз (мындан илгери) аларга адал кылынган пакиза нерселерди дагы аларга арам кылдык.
- وَّ اَخۡذِہِمُ الرِّبٰوا وَ قَدۡ نُہُوۡا عَنۡہُ وَ اَکۡلِہِمۡ اَمۡوَالَ النَّاسِ بِالۡبَاطِلِ ؕ وَ اَعۡتَدۡنَا لِلۡکٰفِرِیۡنَ مِنۡہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿۱۶۲﴾4 : 162 Алардын сүткорлуктары үчүн – чындыгында, алар мындан тыюу салынган болчу. Жана адамдардын дүнүйөлөрүн акысыз жол менен жегендиктери үчүн (аларга бул жазаны бердик). Алардын арасындагы каапырларга Биз өтө оор азапты даярдап койгонбуз.
- لٰکِنِ الرّٰسِخُوۡنَ فِی الۡعِلۡمِ مِنۡہُمۡ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ مِنۡ قَبۡلِکَ وَ الۡمُقِیۡمِیۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ الۡمُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ اُولٰٓئِکَ سَنُؤۡتِیۡہِمۡ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۱۶۳﴾٪4 : 163 Бирок алар – (жөөттөр)дүн арасында илими бекем жана (чыныгы) момун болгондор – алар сага түшүрүлгөн нерсеге дагы, сенден мурун түшүрүлгөн нерсеге дагы ыйман келтиришет; ошондой эле алар намаз аткаруучу, зекет берүүчү жана Алла менен акырет күнүнө ыйман келтирүүчүлөр. Мына ошолорго Биз, албетте, бир үлкөн сыйлык тартуулайбыз.
- اِنَّاۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ کَمَاۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی نُوۡحٍ وَّ النَّبِیّٖنَ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ ۚ وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰۤی اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ وَ الۡاَسۡبَاطِ وَ عِیۡسٰی وَ اَیُّوۡبَ وَ یُوۡنُسَ وَ ہٰرُوۡنَ وَ سُلَیۡمٰنَ ۚ وَ اٰتَیۡنَا دَاوٗدَ زَبُوۡرًا ﴿۱۶۴﴾ۚ4 : 164 Биз Нухка жана андан кийин келген пайгамбарларга вахий-аян жөнөткөнүбүз сыңары, албетте, сага дагы вахий-аян жөнөттүк. Ошондой эле Биз Ибраахиймге, Исмааийлге, Исхаакка, Яъкуубга жана (анын) тукумуна, ошондой эле Исага, Айюбга, Юнуска, Хаарунга жана Сулайманга вахий-аян жөнөттүк жана Биз Давуудга Забур тартууладык.
- وَ رُسُلًا قَدۡ قَصَصۡنٰہُمۡ عَلَیۡکَ مِنۡ قَبۡلُ وَ رُسُلًا لَّمۡ نَقۡصُصۡہُمۡ عَلَیۡکَ ؕ وَ کَلَّمَ اللّٰہُ مُوۡسٰی تَکۡلِیۡمًا ﴿۱۶۵﴾ۚ4 : 165 Бир нече пайгамбарлар бар: Биз алардын кабарларын сага мурун баян кылдык жана бир канча пайгамбарлар бар: Биз алардын кысса-баяндарын сага окуп берген эмеспиз. Алла Муса менен көп сүйлөштү.
- رُسُلًا مُّبَشِّرِیۡنَ وَ مُنۡذِرِیۡنَ لِئَلَّا یَکُوۡنَ لِلنَّاسِ عَلَی اللّٰہِ حُجَّۃٌۢ بَعۡدَ الرُّسُلِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَزِیۡزًا حَکِیۡمًا ﴿۱۶۶﴾4 : 166 Пайгамбарлар келгенден кийин адамдарда Аллага каршы бир да далил калбасын үчүн бир канча куш кабар берүүчү жана коркутуучу пайгамбарларды (жибердик). Алла эң жеңүүчү (жана) өтө акылмандык ээси.
- لٰکِنِ اللّٰہُ یَشۡہَدُ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اِلَیۡکَ اَنۡزَلَہٗ بِعِلۡمِہٖ ۚ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یَشۡہَدُوۡنَ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًا ﴿۱۶۷﴾ؕ4 : 167 Бирок, Алла Өзү сага түшүргөн нерсени Өзүнүн (өзгөргүс) илиминин негизинде түшүргөндүгү туурасында күбөлүк берет жана периштелер дагы (дал ошондой) күбөлүк беришет. Чынында, Алла күбө катары жетиштүү.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ قَدۡ ضَلُّوۡا ضَلٰلًۢا بَعِیۡدًا ﴿۱۶۸﴾4 : 168 Албетте, каапыр болуп, Алланын жолунан тоскондор – алар албетте, абдан алыскы адашууда калгандар.
- اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ ظَلَمُوۡا لَمۡ یَکُنِ اللّٰہُ لِیَغۡفِرَ لَہُمۡ وَ لَا لِیَہۡدِیَہُمۡ طَرِیۡقًا ﴿۱۶۹﴾ۙ4 : 169 Албетте, каапырлык жана зулумдук кылгандарды Алла кечириши мүмкүн эмес жана кандайдыр бир жолго салышы мүмкүн эмес.
- اِلَّا طَرِیۡقَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ وَ کَانَ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرًا ﴿۱۷۰﴾4 : 170 Ооба, тозок жолуна (салышы мүмкүн). Анда алар узак мөөнөткө чейин калуучулар. Ушундай кылуу Аллага жеңил.
- یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ قَدۡ جَآءَکُمُ الرَّسُوۡلُ بِالۡحَقِّ مِنۡ رَّبِّکُمۡ فَاٰمِنُوۡا خَیۡرًا لَّکُمۡ ؕ وَ اِنۡ تَکۡفُرُوۡا فَاِنَّ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿۱۷۱﴾4 : 171 Эй, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан чыныгы Пайгамбар келип калды. Ошондуктан, ыйман келтиргиле, (бул) силер үчүн жакшыраак. Ошондо дагы силер четке каксаңар, анда албетте, асмандар жана жердеги бар нерселер Алланыкы. Алла дайыма билүүчү (жана) даанышмандык ээси.
- یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لَا تَغۡلُوۡا فِیۡ دِیۡنِکُمۡ وَ لَا تَقُوۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ اِلَّا الۡحَقَّ ؕ اِنَّمَا الۡمَسِیۡحُ عِیۡسَی ابۡنُ مَرۡیَمَ رَسُوۡلُ اللّٰہِ وَ کَلِمَتُہٗ ۚ اَلۡقٰہَاۤ اِلٰی مَرۡیَمَ وَ رُوۡحٌ مِّنۡہُ ۫ فَاٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ ۚ۟ وَ لَا تَقُوۡلُوۡا ثَلٰثَۃٌ ؕ اِنۡتَہُوۡا خَیۡرًا لَّکُمۡ ؕ اِنَّمَا اللّٰہُ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ؕ سُبۡحٰنَہٗۤ اَنۡ یَّکُوۡنَ لَہٗ وَلَدٌ ۘ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَکِیۡلًا ﴿۱۷۲﴾٪4 : 172 Эй, Китеп ээлери! Диниңерде чектен ашпагыла жана Алла туурасында чындыктан башка эч нерсени сүйлөбөгүлө. Албетте, Масийх Иса Марям уулу болгону Алланын пайгамбары жана Ал (Алла) Марямга түшүргөн Сөзү жана Ал (Алла) тарабынан бир рух. Ошентип, Аллага жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргиле жана: «Кудай үчөө», - дебегиле. (Андан) кайткыла, ошондо гана силер үчүн жакшылык бар. Албетте, Алла гана жалгыз Кудай. Ал балалуу болуудан оолак. Асмандар жана жердеги бар нерселер Аныкы. Алла коргоочу катары жетиштүү.
- لَنۡ یَّسۡتَنۡکِفَ الۡمَسِیۡحُ اَنۡ یَّکُوۡنَ عَبۡدًا لِّلّٰہِ وَ لَا الۡمَلٰٓئِکَۃُ الۡمُقَرَّبُوۡنَ ؕ وَ مَنۡ یَّسۡتَنۡکِفۡ عَنۡ عِبَادَتِہٖ وَ یَسۡتَکۡبِرۡ فَسَیَحۡشُرُہُمۡ اِلَیۡہِ جَمِیۡعًا ﴿۱۷۳﴾4 : 173 Масийх Алланын пендеси болуусунан эч качан арданбайт жана эң жакын периштелер дагы. Ким Ага ибадат кылуудан арданса жана текеберлик кылса, алардын бардыгын Ал Өз тарабына, албетте, топтоп алып келет.
- فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَیُوَفِّیۡہِمۡ اُجُوۡرَہُمۡ وَ یَزِیۡدُہُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ ۚ وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ اسۡتَنۡکَفُوۡا وَ اسۡتَکۡبَرُوۡا فَیُعَذِّبُہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ۬ۙ وَّ لَا یَجِدُوۡنَ لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿۱۷۴﴾4 : 174 Ошентип, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – аларга Ал толук сыйлыктарын берет жана Өз берешендигинен дагы кошумча берет. Ал эми (ибадаттан) ардангандар жана текеберлик кылгандар – аларга Ал оор азап берет жана алар өздөрүнө Алладан бөлөк эч кандай дос жана жардамчы табышпас.
- یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ قَدۡ جَآءَکُمۡ بُرۡہَانٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکُمۡ نُوۡرًا مُّبِیۡنًا ﴿۱۷۵﴾4 : 175 Эй, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан бир чоң далил келип бүттү жана Биз силерге бир жарык кылуучу нур түшүрдүк.
- فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ اعۡتَصَمُوۡا بِہٖ فَسَیُدۡخِلُہُمۡ فِیۡ رَحۡمَۃٍ مِّنۡہُ وَ فَضۡلٍ ۙ وَّ یَہۡدِیۡہِمۡ اِلَیۡہِ صِرَاطًا مُّسۡتَقِیۡمًا ﴿۱۷۶﴾ؕ4 : 176 Ошентип, Аллага ыйман келтирген жана Аны бекем кармагандар – аларды Ал албетте, Өз рахматы жана берешендигине киргизет жана аларды Өз тарабына – туура жолго багыттайт.
- یَسۡتَفۡتُوۡنَکَ ؕ قُلِ اللّٰہُ یُفۡتِیۡکُمۡ فِی الۡکَلٰلَۃِ ؕ اِنِ امۡرُؤٌا ہَلَکَ لَیۡسَ لَہٗ وَلَدٌ وَّ لَہٗۤ اُخۡتٌ فَلَہَا نِصۡفُ مَا تَرَکَ ۚ وَ ہُوَ یَرِثُہَاۤ اِنۡ لَّمۡ یَکُنۡ لَّہَا وَلَدٌ ؕ فَاِنۡ کَانَتَا اثۡنَتَیۡنِ فَلَہُمَا الثُّلُثٰنِ مِمَّا تَرَکَ ؕ وَ اِنۡ کَانُوۡۤا اِخۡوَۃً رِّجَالًا وَّ نِسَآءً فَلِلذَّکَرِ مِثۡلُ حَظِّ الۡاُنۡثَیَیۡنِ ؕ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اَنۡ تَضِلُّوۡا ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۷۷﴾٪4 : 177 Алар сенден фатва сурашат. Айткын: «Алла силерге «Калаалах» тууралуу фатва берет: эгер бала-чакасы болбогон, бирок эжеси же карындашы болгон бир киши каза болсо, анын эжеси же карындашы үчүн ал калтырган (мурас)тын жарымы болот жана ал ошол (эжеси же карындашы)нын (баардык) мурасына ээ болот, эгер ал (эжеси же карындашы) бала-чакасыз болсо. Эгер алар (эжеси же карындашы) экөө болсо, анда алар үчүн ал калтырган (мурас)тын үчтөн эки бөлүгү болот. Эгер эже-сиңдилер, ага-инилер, эркек жана аялдар (аралашкан) болушса, анда (ар бир) эркек үчүн эки аялга тең келген үлүш болот. Алла адашып калбашыңар үчүн силерге (кепти) ачык-айкын баян кылат. Алла ар бир нерсени эң жакшы билет.