Курани карим Ар-Руум • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الرُّوم

Ар-Руум

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    30 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓ ۚ﴿۲﴾
    30 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эӊ жакшы билүүчүмүн.
  • غُلِبَتِ الرُّوۡمُ ۙ﴿۳﴾
    30 : 3 Римдиктер жеӊилүүгө учуратылды.
  • فِیۡۤ اَدۡنَی الۡاَرۡضِ وَ ہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ غَلَبِہِمۡ سَیَغۡلِبُوۡنَ ۙ﴿۴﴾
    30 : 4 Жакын жерде. Алар жеӊилишинен кийин албетте, жеӊишет.
  • فِیۡ بِضۡعِ سِنِیۡنَ ۬ؕ لِلّٰہِ الۡاَمۡرُ مِنۡ قَبۡلُ وَ مِنۡۢ بَعۡدُ ؕ وَ یَوۡمَئِذٍ یَّفۡرَحُ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ۙ﴿۵﴾
    30 : 5 Үч жылдан тогуз жылга чейинки убакыттын ичинде. Жалаӊ Алланын өкүмү гана (өтөт), башында дагы, аягында дагы. Ошол күнү момундар дагы (өз жеӊиштеринен) абдан курсант болушат.
  • بِنَصۡرِ اللّٰہِ ؕ یَنۡصُرُ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ۙ﴿۶﴾
    30 : 6 (Бул) Алланын жардамы менен (болот); Ал Өзү каалаганына жардам берет. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) кайракайра ырайым кылуучу.
  • وَعۡدَ اللّٰہِ ؕ لَا یُخۡلِفُ اللّٰہُ وَعۡدَہٗ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷﴾
    30 : 7 (Бул) – Алланын убадасы; Алла Өз убадасына каршы иш тутпайт. Бирок көптөгөн кишилер (муну) билишпейт.
  • یَعۡلَمُوۡنَ ظَاہِرًا مِّنَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚۖ وَ ہُمۡ عَنِ الۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ غٰفِلُوۡنَ ﴿۸﴾
    30 : 8 Алар дүйнөлүк жашоонун көзгө көрүнгөндөрүн гана билишет, а акырет жөнүндө болсо, алар бүтүндөй кабарсыз.
  • اَوَ لَمۡ یَتَفَکَّرُوۡا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ ۟ مَا خَلَقَ اللّٰہُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَاۤ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ اَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ وَ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنَ النَّاسِ بِلِقَآیِٔ رَبِّہِمۡ لَکٰفِرُوۡنَ ﴿۹﴾
    30 : 9 Алар Алла асмандар жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн арасында бар нерселерди чындык менен жана бир белгилүү мөөнөт үчүн жаратканын өздөрүнчө ойлоп көрүшкөн жокпу? Албетте, адамдардын көпчүлүгү Раббисине кездешүүнү сөзсүз четке кагышат.
  • اَوَ لَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَانُوۡۤا اَشَدَّ مِنۡہُمۡ قُوَّۃً وَّ اَثَارُوا الۡاَرۡضَ وَ عَمَرُوۡہَاۤ اَکۡثَرَ مِمَّا عَمَرُوۡہَا وَ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ ؕ فَمَا کَانَ اللّٰہُ لِیَظۡلِمَہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ؕ﴿۱۰﴾
    30 : 10 Жана алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүү үчүн жерде саякат кылышкан жокпу? Алардын кудурети булардан күчтүүрөөк болчу. Алар жерди жарып, аны булардын абат кылуусунан да көбүрөөк абат кылышкан болчу. Алардын пайгамбарлары алардын алдына дагы ачык-айкын аят-белгилер менен келишкен эле. Демек, Алла аларга зулумдук кылуучу Зат эмес, жок, алардын өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышчу.
  • ثُمَّ کَانَ عَاقِبَۃَ الَّذِیۡنَ اَسَآءُوا السُّوۡٓاٰۤی اَنۡ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ کَانُوۡا بِہَا یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    30 : 11 Анан жаманчылык жасагандардын акыбети абдан жаман болду, себеби алар Алланын аяттарын жалганга чыгарышчу жана аларды маскаралашчу.
  • اَللّٰہُ یَبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ ثُمَّ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    30 : 12 Алла жаратууну баштайт, анан аны кайталайт. Анан силер Ага гана кайтарыласыӊар.
  • وَ یَوۡمَ تَقُوۡمُ السَّاعَۃُ یُبۡلِسُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    30 : 13 Кыямат кайым боло турган күнү күнөөкөрлөр үмүтсүз болуп калышат.
  • وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہُمۡ مِّنۡ شُرَکَآئِہِمۡ شُفَعٰٓؤُا وَ کَانُوۡا بِشُرَکَآئِہِمۡ کٰفِرِیۡنَ ﴿۱۴﴾
    30 : 14 Жана алардын (өздөрү ойлоп тапкан) шериктердин бирөөсү да аларга жан тартпайт. Алар өздөрүнүн (жасаган) шериктерин (өздөрү) четке кагуучулар болушат.
  • وَ یَوۡمَ تَقُوۡمُ السَّاعَۃُ یَوۡمَئِذٍ یَّتَفَرَّقُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    30 : 15 Жана кыямат кайым боло турган күнү – ошол күнү (адамдар) өзөзүнчө таркап кетишет.
  • فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَہُمۡ فِیۡ رَوۡضَۃٍ یُّحۡبَرُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    30 : 16 Ошентип, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандар – алар бир бакта бактылуу болушат.
  • وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ لِقَآیِٔ الۡاٰخِرَۃِ فَاُولٰٓئِکَ فِی الۡعَذَابِ مُحۡضَرُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    30 : 17 Ал эми каапыр болгон, Биздин аяттарыбызды жана акыреттеги кезигишүүнү жалган дегендер – мына ошолор азапка алып барылат.
  • فَسُبۡحٰنَ اللّٰہِ حِیۡنَ تُمۡسُوۡنَ وَ حِیۡنَ تُصۡبِحُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    30 : 18 Силер кечке бетме-бет болгонуӊарда дагы, таӊ аттырганыӊарда дагы – (ар бир жагдайда) Алла таза.
  • وَ لَہُ الۡحَمۡدُ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ عَشِیًّا وَّ حِیۡنَ تُظۡہِرُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    30 : 19 Баардык мактоо Ага гана таандык: асмандарда дагы, жерде дагы, түндө дагы, силер түш маалын өткөрүп жатканыӊарда дагы.
  • یُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَ یُخۡرِجُ الۡمَیِّتَ مِنَ الۡحَیِّ وَ یُحۡیِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ وَ کَذٰلِکَ تُخۡرَجُوۡنَ ﴿٪۲۰﴾
    30 : 20 Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди анын өлгөнүнөн соӊ тирилтет. Силер дагы дал ошондой чыгарыласыӊар.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖۤ اَنۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ تُرَابٍ ثُمَّ اِذَاۤ اَنۡتُمۡ بَشَرٌ تَنۡتَشِرُوۡنَ ﴿۲۱﴾
    30 : 21 Ал (Алла)нын аят-жышаандарынын (дагы бири) – Ал силерди топурактан пайда кылды, анан кокустан силер адамзат болуп таркалып кете бердиӊер.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖۤ اَنۡ خَلَقَ لَکُمۡ مِّنۡ اَنۡفُسِکُمۡ اَزۡوَاجًا لِّتَسۡکُنُوۡۤا اِلَیۡہَا وَ جَعَلَ بَیۡنَکُمۡ مَّوَدَّۃً وَّ رَحۡمَۃً ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    30 : 22 Ал (Алла)нын аят-жышаандарынын (дагы бири) – Ал силерге өз жынысыӊардан жуптарды, силер ырахат (алуу) максатында аларга барышыӊар үчүн жаратты. Ал ортоӊордо мээрим-сүйүү жана рахмат пайда кылды. Албетте, мында ой жүгүртө турган коом үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖ خَلۡقُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ اخۡتِلَافُ اَلۡسِنَتِکُمۡ وَ اَلۡوَانِکُمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّلۡعٰلِمِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    30 : 23 Асмандар менен жердин жаратылышы, ошондой эле тилдериӊер жана өӊдөрүӊөрдүн түрдүүлүгү да Ал (Алла)нын аят-белгилеринен. Албетте, мында аалымдар үчүн көп аят-белгилер бар.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖ مَنَامُکُمۡ بِالَّیۡلِ وَ النَّہَارِ وَ ابۡتِغَآؤُکُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّسۡمَعُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    30 : 24 Түнкүсүн жана күндүзү укташыӊар, ошондой эле Ал (Алла)нын берешендигин издешиӊер да Анын аят-белгилеринен. Албетте, мында (кепти) уга тургандар үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖ یُرِیۡکُمُ الۡبَرۡقَ خَوۡفًا وَّ طَمَعًا وَّ یُنَزِّلُ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَیُحۡیٖ بِہِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    30 : 25 Ал (Алла)нын аят-белгилеринен (дагы бири) – Ал силерге кооптуу жана үмүт абалында чагылганды көрсөтөт жана булуттан сууну түшүрөт. Анан ал аркылуу жерди өлгөнүнөн кийин тирилтет. Албетте, мында акыл ээлери үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖۤ اَنۡ تَقُوۡمَ السَّمَآءُ وَ الۡاَرۡضُ بِاَمۡرِہٖ ؕ ثُمَّ اِذَا دَعَاکُمۡ دَعۡوَۃً ٭ۖ مِّنَ الۡاَرۡضِ ٭ۖ اِذَاۤ اَنۡتُمۡ تَخۡرُجُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    30 : 26 Ал (Алла)нын аят-белгилеринин (дагы бири) – асман жана жер Анын буйругуна карата турат. Анан Ал силерди жерден чакырганда, силер дароо чыгып каласыӊар.
  • وَ لَہٗ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ کُلٌّ لَّہٗ قٰنِتُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    30 : 27 Асмандар жана жердеги баардык нерселер Ага гана таандык. Баары Ага гана моюн сунуучу.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یَبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ وَ ہُوَ اَہۡوَنُ عَلَیۡہِ ؕ وَ لَہُ الۡمَثَلُ الۡاَعۡلٰی فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿٪۲۸﴾
    30 : 28 Ал (Алла) гана жаратууну баштайт, анан аны кайталайт. Бул нерсе Ал үчүн абдан жеӊил. Асмандар жана жерде Анын мисалы эӊ бийик. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • ضَرَبَ لَکُمۡ مَّثَلًا مِّنۡ اَنۡفُسِکُمۡ ؕ ہَلۡ لَّکُمۡ مِّنۡ مَّا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ مِّنۡ شُرَکَآءَ فِیۡ مَا رَزَقۡنٰکُمۡ فَاَنۡتُمۡ فِیۡہِ سَوَآءٌ تَخَافُوۡنَہُمۡ کَخِیۡفَتِکُمۡ اَنۡفُسَکُمۡ ؕ کَذٰلِکَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    30 : 29 Ал (Алла) силерге өзүӊөрдөн мисал келтирет. Кол астыӊардагы адамдардын ичинде Биз силерге берген ырыскыга шерик болгондор дагы барбы? Анан силер мында теӊ болуп, алардан кудум өзүӊөрдөн коркконуӊардай коркосуӊарбы? Биз акыл ээлери үчүн аяттарды мына ушундай ачык-айкын баян кылабыз.
  • بَلِ اتَّبَعَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡۤا اَہۡوَآءَہُمۡ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ۚ فَمَنۡ یَّہۡدِیۡ مَنۡ اَضَلَّ اللّٰہُ ؕ وَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    30 : 30 Чынында, зулумдук кылгандар эч кандай билимге ээ болбой, өздөрүнүн жеӊил напсилерин ээрчишти. Демек, Алла адашкан деп өкүм кылган бирөөнү ким хидаят кыла алат? Алар үчүн эч кандай жардамчылар болбойт.
  • فَاَقِمۡ وَجۡہَکَ لِلدِّیۡنِ حَنِیۡفًا ؕ فِطۡرَتَ اللّٰہِ الَّتِیۡ فَطَرَ النَّاسَ عَلَیۡہَا ؕ لَا تَبۡدِیۡلَ لِخَلۡقِ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ الدِّیۡنُ الۡقَیِّمُ ٭ۙ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٭ۙ۳۱﴾
    30 : 31 Ошентип, ар дайым (Алла тарапка) ыктаган бойдон өз көӊүл-дитиӊди динге карат. Бул – Алланын фитрат-табияты болуп, Ал баардык адамдарды ага жараша жараткан. Алланын жаратканында эч кандай өзгөрүш жок. Бул – туруктуу жана туруктуулук берүүчү дин. Бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билбейт.
  • مُنِیۡبِیۡنَ اِلَیۡہِ وَ اتَّقُوۡہُ وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ لَا تَکُوۡنُوۡا مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿ۙ۳۲﴾
    30 : 32 Ар дайым Ал (Алла) тарапка ийилген бойдон (жүргүлө) жана Андан корккула, намаз окугула жана мушриктерден болбогула –
  • مِنَ الَّذِیۡنَ فَرَّقُوۡا دِیۡنَہُمۡ وَ کَانُوۡا شِیَعًا ؕ کُلُّ حِزۡبٍۭ بِمَا لَدَیۡہِمۡ فَرِحُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    30 : 33 (Тактап айтканда), өз динин бөлүп алган жана тайпа-тайпа болуп кеткендерден болбогула. Ар бир тайпа өзү ээ болгон нерсеси менен мактанчу.
  • وَ اِذَا مَسَّ النَّاسَ ضُرٌّ دَعَوۡا رَبَّہُمۡ مُّنِیۡبِیۡنَ اِلَیۡہِ ثُمَّ اِذَاۤ اَذَاقَہُمۡ مِّنۡہُ رَحۡمَۃً اِذَا فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ بِرَبِّہِمۡ یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۳۴﴾
    30 : 34 Качан адамдарга кандайдыр бир кырсык келгенде, алар өз Раббисине, Анын алдына тазаруу менен ийилип кайрылышат; анан Ал (Алла) Өз рахматы(нын даамы)н аларга таттырып койгондо, кокустан алардан бир тайпа Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштайт –
  • لِیَکۡفُرُوۡا بِمَاۤ اٰتَیۡنٰہُمۡ ؕ فَتَمَتَّعُوۡا ٝ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    30 : 35 Биз аларга тартуулаган нерселерге шүкүрсүздүк кылуулары үчүн. Демек, убактылуу пайдаланып алгыла, тез арада силер (мунун натыйжасын) билип аласыӊар!
  • اَمۡ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ سُلۡطٰنًا فَہُوَ یَتَکَلَّمُ بِمَا کَانُوۡا بِہٖ یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    30 : 36 Эмне, Биз аларга кандайдыр бир жеӊүүчү далил түшүрдүкпү? Ошентип, ал (далил) аларга алар Ага шерик кылып жаткан нерселер тууралуу сүйлөйбү?
  • وَ اِذَاۤ اَذَقۡنَا النَّاسَ رَحۡمَۃً فَرِحُوۡا بِہَا ؕ وَ اِنۡ تُصِبۡہُمۡ سَیِّئَۃٌۢ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ اِذَا ہُمۡ یَقۡنَطُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    30 : 37 Качан Биз адамдарга кандайдыр бир рахмат (даамы)н таттырганыбызда, алар ага текеберлене башташат. Эгер аларга өз колдору менен кылган амалдары себептүү кандайдыр бир жамандык жетсе, алар кокусунан үмүтсүз болуп калышат.
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّ اللّٰہَ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    30 : 38 Алла Өзү каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊейтүүсүн да, тарытуусун да алар көрүшкөн жокпу? Албетте, мында ыйман келтире турган коом үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • فَاٰتِ ذَاالۡقُرۡبٰی حَقَّہٗ وَ الۡمِسۡکِیۡنَ وَ ابۡنَ‌السَّبِیۡلِ ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ لِّلَّذِیۡنَ یُرِیۡدُوۡنَ وَجۡہَ اللّٰہِ ۫ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    30 : 39 Ошентип, тууганыӊа да, мискинге да, мусаапырга да анын акысын бергиле. Бул Алланын ыраазылыгын каалай тургандар үчүн жакшы нерсе. Мына ошолор ийгилик табуучулар.
  • وَ مَاۤ اٰتَیۡتُمۡ مِّنۡ رِّبًا لِّیَرۡبُوَا۠ فِیۡۤ اَمۡوَالِ النَّاسِ فَلَا یَرۡبُوۡا عِنۡدَ اللّٰہِ ۚ وَ مَاۤ اٰتَیۡتُمۡ مِّنۡ زَکٰوۃٍ تُرِیۡدُوۡنَ وَجۡہَ اللّٰہِ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُضۡعِفُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    30 : 40 Адамдардын мал-мүлкүнө кошулуп көбөйсүн деп үстүнө пайыз коюп бере турган (мал-дүнүйө)ӊөр Алланын алдында эч көбөйбөйт. Ошондой эле Алланын ыраазылыгын тилеп, эмне зекет берсеӊер, мына ошолор (аны) көбөйтүүчүлөр.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ ثُمَّ رَزَقَکُمۡ ثُمَّ یُمِیۡتُکُمۡ ثُمَّ یُحۡیِیۡکُمۡ ؕ ہَلۡ مِنۡ شُرَکَآئِکُمۡ مَّنۡ یَّفۡعَلُ مِنۡ ذٰلِکُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿٪۴۱﴾
    30 : 41 Алла силерди жоктон бар кылган, анан силерге ырыскы берген. Анан Ал (Алла)) силерди өлтүрөт, андан кийин силерди кайра тирилтет. Шериктериӊердин арасында да бул иштердин айрымдарын кыла ала турган бирөөсү барбы? Ал абдан таза жана алар кылып жаткан ширктен абдан жогору.
  • ظَہَرَ الۡفَسَادُ فِی الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ بِمَا کَسَبَتۡ اَیۡدِی النَّاسِ لِیُذِیۡقَہُمۡ بَعۡضَ الَّذِیۡ عَمِلُوۡا لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    30 : 42 Адамдардын өз колдору жасаган жамандыктар себептүү кургактык үстүнөн дагы, деӊиз үстүнөн дагы бузукулук жеӊип чыкты. Ал (Алла) аларга өздөрү кылган айрым амалдарынын даамын таттырсын үчүн. Балким, алар кайтышаар.
  • قُلۡ سِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلُ ؕ کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّشۡرِکِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    30 : 43 Айткын: «Жерде жакшылап саякат кылгыла жана мурункулардын акыбети кандай болгонун көрүп койгула! Алардын көпчүлүгү мушрик эле».
  • فَاَقِمۡ وَجۡہَکَ لِلدِّیۡنِ الۡقَیِّمِ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَ یَوۡمٌ لَّا مَرَدَّ لَہٗ مِنَ اللّٰہِ یَوۡمَئِذٍ یَّصَّدَّعُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    30 : 44 Демек, Алла тарабынан кайтарылышы мүмкүн болбой турган күн келе электе бекем жана туруктуу дин жакка көӊүл-дитиӊди карат. Ошол күнү алар таркап кетишет.
  • مَنۡ کَفَرَ فَعَلَیۡہِ کُفۡرُہٗ ۚ وَ مَنۡ عَمِلَ صَالِحًا فَلِاَنۡفُسِہِمۡ یَمۡہَدُوۡنَ ﴿ۙ۴۵﴾
    30 : 45 Кимде-ким каапырлык кылса, анын каапырлыгы өзүнүн мойнунда! А кимде-ким жакшы амалдарды кылса, андай (адам)дар өздөрү үчүн жакшылыкка даярдык көрүшөт.
  • لِیَجۡزِیَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ مِنۡ فَضۡلِہٖ ؕ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۴۶﴾
    30 : 46 Анткени Ал (Алла) ыйман келтирген жана жакшы амал кылгандарды Өзүнүн берешендигинен сыйласын. Албетте, Ал каапырларды жактырбайт.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖۤ اَنۡ یُّرۡسِلَ الرِّیَاحَ مُبَشِّرٰتٍ وَّ لِیُذِیۡقَکُمۡ مِّنۡ رَّحۡمَتِہٖ وَ لِتَجۡرِیَ الۡفُلۡکُ بِاَمۡرِہٖ وَ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    30 : 47 Ал (Алла)нын аят-белгилеринин (дагы бири) – Ал (Алла) силерге Өзүнүн рахматынан бир азын таттырышы үчүн кемелер Ал (Алла)нын буйругуна карата сүзө башташы үчүн, силер Ал (Алла)нын берешендигин издешиӊер үчүн куш кабарларды берген бойдон шамалдарды жөнөтөт. Балким, силер шүкүр кылаарсыӊар.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ رُسُلًا اِلٰی قَوۡمِہِمۡ فَجَآءُوۡہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَانۡتَقَمۡنَا مِنَ الَّذِیۡنَ اَجۡرَمُوۡا ؕ وَ کَانَ حَقًّا عَلَیۡنَا نَصۡرُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    30 : 48 Албетте, Биз сенден мурун канчалаган пайгамбарларды өз коомдоруна жөнөткөнбүз. Ошентип, алар аларга ачык-айкын аят-белгилерди келтиришти. Ошондо Биз күнөө кылгандардан өч алдык. Момундарга жардам берүү Биздин милдетибизге кирет.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ یُرۡسِلُ الرِّیٰحَ فَتُثِیۡرُ سَحَابًا فَیَبۡسُطُہٗ فِی السَّمَآءِ کَیۡفَ یَشَآءُ وَ یَجۡعَلُہٗ کِسَفًا فَتَرَی الۡوَدۡقَ یَخۡرُجُ مِنۡ خِلٰلِہٖ ۚ فَاِذَاۤ اَصَابَ بِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖۤ اِذَا ہُمۡ یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ ﴿ۚ۴۹﴾
    30 : 49 Алла шамалдарды жөнөтө турган Зат. Ошентип, алар булутту көтөрөт; анан Ал (Алла) аны Өзү каалаганча асманда жайып жиберет, андан кийин аны ар түрдүү бөлүктөргө айландырып коёт; анан сен анын ортосунан жамгыр чыгып жатканын көрөсүӊ; кийин Ал пенделеринин ичинен Өзү каалаган кишиге ушул (рахмат)ты жеткиргенде, алар дароо курсант боло башташат.
  • وَ اِنۡ کَانُوۡا مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یُّنَزَّلَ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ قَبۡلِہٖ لَمُبۡلِسِیۡنَ ﴿۵۰﴾
    30 : 50 Ал (суунун) аларга түшүрүлүүсүнөн мурун болсо, анын келүүсүнөн алар үмүтсүздөнүп калышкан эле.
  • فَانۡظُرۡ اِلٰۤی اٰثٰرِ رَحۡمَتِ اللّٰہِ کَیۡفَ یُحۡیِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ اِنَّ ذٰلِکَ لَمُحۡیِ الۡمَوۡتٰی ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۵۱﴾
    30 : 51 Ошентип, сен Алланын рахмат издерине назар сал: Ал (Алла) жерди өлүмүнөн кийин кандай тирилтет? Албетте, Ал (Алла) гана өлүктөрдү тирилтүүчү. Ал Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ لَئِنۡ اَرۡسَلۡنَا رِیۡحًا فَرَاَوۡہُ مُصۡفَرًّا لَّظَلُّوۡا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ یَکۡفُرُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    30 : 52 Эгер Биз бир шамалды жөнөтсөк, натыйжада алар ошол (жашылча)нын саргайып кеткенин көрүшсө, ошондон кийин алар албетте, шүкүрсүз боло башташат.
  • فَاِنَّکَ لَا تُسۡمِعُ الۡمَوۡتٰی وَ لَا تُسۡمِعُ الصُّمَّ الدُّعَآءَ اِذَا وَلَّوۡا مُدۡبِرِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    30 : 53 Албетте, сен өлүктөргө угуза албайсыӊ жана дүлөйлөргө да алар аркага бурулуп кетип бара жатканында (өз) чакыр(ыгыӊ)ды угуза албайсыӊ.
  • وَ مَاۤ اَنۡتَ بِہٰدِ الۡعُمۡیِ عَنۡ ضَلٰلَتِہِمۡ ؕ اِنۡ تُسۡمِعُ اِلَّا مَنۡ یُّؤۡمِنُ بِاٰیٰتِنَا فَہُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿٪۵۴﴾
    30 : 54 Жана сен сокурларды дагы алардын адашканынан кийин туура жолго сала албайсыӊ. Сен болгону Биздин аяттарыбызга ыйман келтире турганга гана угуза аласыӊ. Ошентип, мына ошолор гана моюн сунуучулар.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ ضُؔعۡفٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنۡۢ بَعۡدِ ضُؔعۡفٍ قُوَّۃً ثُمَّ جَعَلَ مِنۡۢ بَعۡدِ قُوَّۃٍ ضُؔعۡفًا وَّ شَیۡبَۃً ؕ یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ ۚ وَ ہُوَ الۡعَلِیۡمُ الۡقَدِیۡرُ ﴿۵۵﴾
    30 : 55 Алла силерди бир алсыздык (абал)дан жараткан, анан алсыздыктан кийин кубаттандырган, анан кубаттан кийин алсыздык жана карылык берген. Ал Өзү каалаган нерсени жаратат. Ал дайыма билүүчү (жана) дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ یَوۡمَ تَقُوۡمُ السَّاعَۃُ یُقۡسِمُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ۬ۙ مَا لَبِثُوۡا غَیۡرَ سَاعَۃٍ ؕ کَذٰلِکَ کَانُوۡا یُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    30 : 56 Кыямат кайым боло турган күнү күнөөкөрлөр (дүйнөдө) бир сааттан артык турбагандары тууралуу касам ичишет. Алар (илгери дагы) кудум ушундай адаштырылчу.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ وَ الۡاِیۡمَانَ لَقَدۡ لَبِثۡتُمۡ فِیۡ کِتٰبِ اللّٰہِ اِلٰی یَوۡمِ الۡبَعۡثِ ۫ فَہٰذَا یَوۡمُ الۡبَعۡثِ وَ لٰکِنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    30 : 57 Билим жана ыйман берилгендер айтышат: «Албетте, силер Алланын китеби боюнча тургузула турган күнгө чейин турдуӊар. Мына ушул күн – тургузула турган күн, бирок силер билбейсиӊер».
  • فَیَوۡمَئِذٍ لَّا یَنۡفَعُ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مَعۡذِرَتُہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یُسۡتَعۡتَبُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    30 : 58 Демек, ошол күнү зулумдук кылгандарга алардын кечирими эч пайда бербейт жана алардын кечирими кабыл кылынбайт.
  • وَ لَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِیۡ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ مِنۡ کُلِّ مَثَلٍ ؕ وَ لَئِنۡ جِئۡتَہُمۡ بِاٰیَۃٍ لَّیَقُوۡلَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا مُبۡطِلُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    30 : 59 Албетте, ушул Куранда Биз адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга кандайдыр бир аят-белги келтирсеӊ, каапырлык кылгандар, албетте: «Силер болгону жалганчысыӊар», - дешет.
  • کَذٰلِکَ یَطۡبَعُ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    30 : 60 Ушинтип, Алла билбегендердин жүрөктөрүн мөөрлөп коёт.
  • فَاصۡبِرۡ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ لَا یَسۡتَخِفَّنَّکَ الَّذِیۡنَ لَا یُوۡقِنُوۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    30 : 61 Ошентип, сабыр кыл. Алланын убадасы албетте, чын-акыйкат. Ишенбей тургандар сени жеӊил санашпасын.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via