Курани карим Мухаммад • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

محَمَّد

Мухаммад

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    47 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَضَلَّ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿۲﴾
    47 : 2 Каапыр болгон жана Алланын жолунан тоскондордун амалдарын Ал бекер кылып койду.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ اٰمَنُوۡا بِمَا نُزِّلَ عَلٰی مُحَمَّدٍ وَّ ہُوَ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ۙ کَفَّرَ عَنۡہُمۡ سَیِّاٰتِہِمۡ وَ اَصۡلَحَ بَالَہُمۡ ﴿۳﴾
    47 : 3 Жана ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган жана Мухаммадга алардын Раббиси тарабынан толук акыйкат катары түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиргендердин айып-кемчиликтерин Ал алып таштайт жана алардын абалын оӊдойт.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوا اتَّبَعُوا الۡبَاطِلَ وَ اَنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّبَعُوا الۡحَقَّ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ؕ کَذٰلِکَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ لِلنَّاسِ اَمۡثَالَہُمۡ ﴿۴﴾
    47 : 4 Мунун себеби, каапыр болгондор жалганды ээрчишти. А ыйман келтиргендер болсо, алар өз Раббиси тарабынан келген чындыкты ээрчишти. Алла адамдарга алардын мисалдарын мына ушундай баяндайт.
  • فَاِذَا لَقِیۡتُمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَضَرۡبَ الرِّقَابِ ؕ حَتّٰۤی اِذَاۤ اَثۡخَنۡتُمُوۡہُمۡ فَشُدُّوا الۡوَثَاقَ ٭ۙ فَاِمَّا مَنًّۢا بَعۡدُ وَ اِمَّا فِدَآءً حَتّٰی تَضَعَ الۡحَرۡبُ اَوۡزَارَہَا ۬ۚ۟ۛ ذٰؔلِکَ ؕۛ وَ لَوۡ یَشَآءُ اللّٰہُ لَانۡتَصَرَ مِنۡہُمۡ وَ لٰکِنۡ لِّیَبۡلُوَا۠ بَعۡضَکُمۡ بِبَعۡضٍ ؕ وَ الَّذِیۡنَ قُتِلُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ فَلَنۡ یُّضِلَّ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿۵﴾
    47 : 5 Силер каапыр болгондорго жолукканыӊарда, (алардын) моюндарына ургула. А түгүл алардын канын жакшылап төккөнүӊөрдөн кийин бекем байлагыла. Анан уруш өзүнүн курал-жарагын чечип койгондон кийин (уруш бүткөн соӊ), боорукерлик түрүндө же фидя-төлөм алып, (аларды)азаттыкка чыгаргыла. Ушундай болушу керек. Эгер Алла каалаганда, Ал Өзү алардан өч алат эле. Бирок Ал силердин айрымдарыӊарды айрымдарыӊар аркылуу сынап көрүүнү каалайт. Алланын жолунда катуу азаптандырылгандар – алардын амалдарын Ал эч качан куру кетирбейт.
  • سَیَہۡدِیۡہِمۡ وَ یُصۡلِحُ بَالَہُمۡ ۚ﴿۶﴾
    47 : 6 Ал (Алла) аларды туура жолго салат жана ахвалдарын жакшыртат.
  • وَ یُدۡخِلُہُمُ الۡجَنَّۃَ عَرَّفَہَا لَہُمۡ ﴿۷﴾
    47 : 7 Жана аларды Ал алар үчүн абдан жогору кылган бейишке киргизет.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنۡ تَنۡصُرُوا اللّٰہَ یَنۡصُرۡکُمۡ وَ یُثَبِّتۡ اَقۡدَامَکُمۡ ﴿۸﴾
    47 : 8 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер Аллага жардам көрсөтсөӊөр, Ал силерге жардам берет жана кадамдарыӊарды туруктуу кылат.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَتَعۡسًا لَّہُمۡ وَ اَضَلَّ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿۹﴾
    47 : 9 Жана каапыр болгондор – аларга өлүм болсун! (Алла) алардын амалдарын текке кетирди.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَرِہُوۡا مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ فَاَحۡبَطَ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿۱۰﴾
    47 : 10 Анткени, алар Алла түшүргөн бардык нерсени жаман көрүштү. Ошондуктан, Ал алардын амалдарын куру кетирди.
  • اَفَلَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ دَمَّرَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ ۫ وَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ اَمۡثَالُہَا ﴿۱۱﴾
    47 : 11 Демек, алар өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети кандай болгонун көрүү үчүн жерди кыдырып чыгышкан жокпу? Алла аларды жок кылып койду. (Ушул) каапырлардын абалы (дагы) алардыкындай болот.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ مَوۡلَی الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ اَنَّ الۡکٰفِرِیۡنَ لَا مَوۡلٰی لَہُمۡ ﴿٪۱۲﴾
    47 : 12 Буга себеп, Алла ыйман келтиргендердин коргоочусу. Ал эми каапырлар үчүн албетте, эч кандай коргоочу болбойт.
  • اِنَّ اللّٰہَ یُدۡخِلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یَتَمَتَّعُوۡنَ وَ یَاۡکُلُوۡنَ کَمَا تَاۡکُلُ الۡاَنۡعَامُ وَ النَّارُ مَثۡوًی لَّہُمۡ ﴿۱۳﴾
    47 : 13 Албетте, Алла ыйман келтирген жана жакшы иштер кылгандарды ортосунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, убактылуу пайданы алышууда. Алар кудум чарба малдары жегендей жешет. Алардын турак жайы – от.
  • وَ کَاَیِّنۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ ہِیَ اَشَدُّ قُوَّۃً مِّنۡ قَرۡیَتِکَ الَّتِیۡۤ اَخۡرَجَتۡکَ ۚ اَہۡلَکۡنٰہُمۡ فَلَا نَاصِرَ لَہُمۡ ﴿۱۴﴾
    47 : 14 Жана сени кууп чыгарган (бул) кыштагыӊдан күчтүүрөөк канчалаган кыштактар бар эле. Биз аларды жок кылып жибердик, ошондо эч ким аларга жардам бере албады.
  • اَفَمَنۡ کَانَ عَلٰی بَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّہٖ کَمَنۡ زُیِّنَ لَہٗ سُوۡٓءُ عَمَلِہٖ وَ اتَّبَعُوۡۤا اَہۡوَآءَہُمۡ ﴿۱۵﴾
    47 : 15 Акыры, өз Раббиси тарабынан ачык-айкын хидаяттын үстүндө болгон адам, кылган жаман амалдары өзүнө жагымдуу кылынып көрсөтүлгөн жана өздөрүнүн бузук напсилерин ээрчигендерге теӊ болобу?
  • مَثَلُ الۡجَنَّۃِ الَّتِیۡ وُعِدَ الۡمُتَّقُوۡنَ ؕ فِیۡہَاۤ اَنۡہٰرٌ مِّنۡ مَّآءٍ غَیۡرِ اٰسِنٍ ۚ وَ اَنۡہٰرٌ مِّنۡ لَّبَنٍ لَّمۡ یَتَغَیَّرۡ طَعۡمُہٗ ۚ وَ اَنۡہٰرٌ مِّنۡ خَمۡرٍ لَّذَّۃٍ لِّلشّٰرِبِیۡنَ ۬ۚ وَ اَنۡہٰرٌ مِّنۡ عَسَلٍ مُّصَفًّی ؕ وَ لَہُمۡ فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ وَ مَغۡفِرَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ ؕ کَمَنۡ ہُوَ خَالِدٌ فِی النَّارِ وَ سُقُوۡا مَآءً حَمِیۡمًا فَقَطَّعَ اَمۡعَآءَہُمۡ ﴿۱۶﴾
    47 : 16 Такыбаларга убада кылына турган бейиштин мисалы (мындай): анын ичинде суусу эч качан бузулбай турган дайралар жана даамы айныбай турган сүт дайралары, ошондой эле ичүүчүлөргө бүтүндөй лаззат боло турган шарап дайралары дагы бар, мындан тышкары, тунук балдын дайралары бар. Анын ичинде алар үчүн ар кандай мөмөлөр болот, ошондой эле алардын Раббиси тарабынан улуу кечирим дагы болот. Эми мындайлар, отто узак убакытка чейин жашай турган жана ичеги-карындарын кесе турган кайнак суу ичириле тургандарга теӊ болушабы?
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّسۡتَمِعُ اِلَیۡکَ ۚ حَتّٰۤی اِذَا خَرَجُوۡا مِنۡ عِنۡدِکَ قَالُوۡا لِلَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ مَاذَا قَالَ اٰنِفًا ۟ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ طَبَعَ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ وَ اتَّبَعُوۡۤا اَہۡوَآءَہُمۡ ﴿۱۷﴾
    47 : 17 Жана алардын ичинде ушундайлары дагы бар: алар (элдин көзүнчө) сага кулак салышат, бирок сенин жаныӊан кеткендеринде, билим берилгендерден: «Ал азыр эмнени айтты?» - деп сурашат. Булар Алла жүрөктөрүн мөөрлөп койгон жана өздөрүнүн бузук напсилерин ээрчигендер.
  • وَ الَّذِیۡنَ اہۡتَدَوۡا زَادَہُمۡ ہُدًی وَّ اٰتٰہُمۡ تَقۡوٰٮہُمۡ ﴿۱۸﴾
    47 : 18 Жана хидаят тапкандар болсо, аларга Ал хидаятты арттырды жана аларга такыбалыгын тартуулады.
  • فَہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّا السَّاعَۃَ اَنۡ تَاۡتِیَہُمۡ بَغۡتَۃً ۚ فَقَدۡ جَآءَ اَشۡرَاطُہَا ۚ فَاَنّٰی لَہُمۡ اِذَا جَآءَتۡہُمۡ ذِکۡرٰٮہُمۡ ﴿۱۹﴾
    47 : 19 Ошентип, алар бир гана өздөрүнө «Сааттын» кокустан келишин күтүшүүдөбү? Демек, анын белгилери келип бүттү. Анан ал дагы алардын үстүнө келгенде, ибарат алуулары аларга эмне жардам бере алат?
  • فَاعۡلَمۡ اَنَّہٗ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا اللّٰہُ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۡۢبِکَ وَ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مُتَقَلَّبَکُمۡ وَ مَثۡوٰٮکُمۡ ﴿٪۲۰﴾
    47 : 20 Ошентип, билгин, Алладан бөлөк эч кандай кудай жок жана (баш ийбес коомуӊ) сага карата жасаган күнөөлөрү үчүн кечирим сурагын жана момун эркектер менен момун аялдар үчүн дагы. Алла силердин убактылуу турак жайыӊарды дагы жакшы билет, түбөлүктүү турак жайыӊарды дагы.
  • وَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَوۡ لَا نُزِّلَتۡ سُوۡرَۃٌ ۚ فَاِذَاۤ اُنۡزِلَتۡ سُوۡرَۃٌ مُّحۡکَمَۃٌ وَّ ذُکِرَ فِیۡہَا الۡقِتَالُ ۙ رَاَیۡتَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ یَّنۡظُرُوۡنَ اِلَیۡکَ نَظَرَ الۡمَغۡشِیِّ عَلَیۡہِ مِنَ الۡمَوۡتِ ؕ فَاَوۡلٰی لَہُمۡ ﴿ۚ۲۱﴾
    47 : 21 Жана ыйман келтиргендер: «Эмнеге кандайдыр бир сүрөө түшүрүлгөн эмес?» - деп айтышат. Анан кандайдыр бир (буйругу бар) сүрөө түшүрүлгөндө жана анда согуш туурасында сөз жүргүзүлгөндө, жүрөктөрүндө оору болгондордун өлүм алдында эстен танган кишинин караганындай сага карарын көрөсүӊ. Демек, аларга өлүм болсун!
  • طَاعَۃٌ وَّ قَوۡلٌ مَّعۡرُوۡفٌ ۟ فَاِذَا عَزَمَ الۡاَمۡرُ ۟ فَلَوۡ صَدَقُوا اللّٰہَ لَکَانَ خَیۡرًا لَّہُمۡ ﴿ۚ۲۲﴾
    47 : 22 Баш ийүү жана ылайыктуу сөз (айтуу) керек. Эми бул амир туруктуу болуп калган соӊ, эгер алар Аллага берилгендеринде, албетте, өздөрү үчүн жакшыраак болоор эле.
  • فَہَلۡ عَسَیۡتُمۡ اِنۡ تَوَلَّیۡتُمۡ اَنۡ تُفۡسِدُوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ تُقَطِّعُوۡۤا اَرۡحَامَکُمۡ ﴿۲۳﴾
    47 : 23 Эгер силер кожоюн болуп калсаӊар, анда жерде бузгунчулук кыла беришиӊер жана тууганчылык байланыштарыӊарды үзүшүӊөр силер үчүн мүмкүнбү? (Жок, эч качан).
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ لَعَنَہُمُ اللّٰہُ فَاَصَمَّہُمۡ وَ اَعۡمٰۤی اَبۡصَارَہُمۡ ﴿۲۴﴾
    47 : 24 Мына ошолорду Алла каргыштады жана аларды дүлөй кылып, көздөрүн көр кылып койду.
  • اَفَلَا یَتَدَبَّرُوۡنَ الۡقُرۡاٰنَ اَمۡ عَلٰی قُلُوۡبٍ اَقۡفَالُہَا ﴿۲۵﴾
    47 : 25 Демек, алар Куранга көӊүл бурушпайбы же жүрөктөрүндө кулпулар жатабы?
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ ارۡتَدُّوۡا عَلٰۤی اَدۡبَارِہِمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا تَبَیَّنَ لَہُمُ الۡہُدَی ۙ الشَّیۡطٰنُ سَوَّلَ لَہُمۡ ؕ وَ اَمۡلٰی لَہُمۡ ﴿۲۶﴾
    47 : 26 Албетте, өздөрүнө хидаят ачык болгон соӊ, издерине кайтып кеткендер – аларга шайтан (амалдарын) чырайлуу кылып көрсөттү жана аларды куру үмүттөндүрдү.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَالُوۡا لِلَّذِیۡنَ کَرِہُوۡا مَا نَزَّلَ اللّٰہُ سَنُطِیۡعُکُمۡ فِیۡ بَعۡضِ الۡاَمۡرِ ۚۖ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ اِسۡرَارَہُمۡ ﴿۲۷﴾
    47 : 27 Анткени, алар Алла түшүргөн нерседен жийиркенгендерге карата: «Айрым буйруктарда биз албетте, силерДИ ээрчийбиз», - дешкен эле. Алла алардын бардык сырларын билет.
  • فَکَیۡفَ اِذَا تَوَفَّتۡہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یَضۡرِبُوۡنَ وُجُوۡہَہُمۡ وَ اَدۡبَارَہُمۡ ﴿۲۸﴾
    47 : 28 Демек, периштелер алардын жандарын алып жаткандарында, абалдары кандай болот? Алар жүздөрүнө жана аркаларына урушат.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمُ اتَّبَعُوۡا مَاۤ اَسۡخَطَ اللّٰہَ وَ کَرِہُوۡا رِضۡوَانَہٗ فَاَحۡبَطَ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿٪۲۹﴾
    47 : 29 Бул алардын Алланы ачууландырган нерсеНИ ээрчигендиктери жана Анын ыраазычылыгынан жийиркенгендиктери себептүү. Ошондуктан, Ал алардын амалдарын куру кетирип койду.
  • اَمۡ حَسِبَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ اَنۡ لَّنۡ یُّخۡرِجَ اللّٰہُ اَضۡغَانَہُمۡ ﴿۳۰﴾
    47 : 30 Жүрөктөрүндө мерез болгондор: «Алла биздин кастыктарыбызды ашкерелебейт», - деп ойлошобу?
  • وَ لَوۡ نَشَآءُ لَاَرَیۡنٰکَہُمۡ فَلَعَرَفۡتَہُمۡ بِسِیۡمٰہُمۡ ؕ وَ لَتَعۡرِفَنَّہُمۡ فِیۡ لَحۡنِ الۡقَوۡلِ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ اَعۡمَالَکُمۡ ﴿۳۱﴾
    47 : 31 Жана эгер Биз кааласак, албетте, аларды сага көрсөтүп коёбуз жана сен аларды албетте, белгилеринен тааныйсыӊ. Албетте, аларды кебинин ыргагынан таанып каласыӊ. Алла бардык амалдарыӊарды билет.
  • وَ لَنَبۡلُوَنَّکُمۡ حَتّٰی نَعۡلَمَ الۡمُجٰہِدِیۡنَ مِنۡکُمۡ وَ الصّٰبِرِیۡنَ ۙ وَ نَبۡلُوَا۠ اَخۡبَارَکُمۡ ﴿۳۲﴾
    47 : 32 Жана албетте, Биз силердин араӊардагы жихад кыла турган жана сабыр кыла тургандарды ажыратып койбогонубузча жана силердин ахвалыӊарды сынап көрбөгөнүбүзчө силерди сыноодон өткөрөбүз.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ شَآقُّوا الرَّسُوۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا تَبَیَّنَ لَہُمُ الۡہُدٰی ۙ لَنۡ یَّضُرُّوا اللّٰہَ شَیۡئًا ؕ وَ سَیُحۡبِطُ اَعۡمَالَہُمۡ ﴿۳۳﴾
    47 : 33 Албетте, каапыр болгон жана Алланын жолунан тоскон, ошондой эле өздөрүнө хидаят айкын болгондон кийин Пайгамбарга каршы чыккандар – алар Аллага эч кандай зыян келтире алышпайт. Ал албетте, алардын амалдарын куру кетирет.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ وَ لَا تُبۡطِلُوۡۤا اَعۡمَالَکُمۡ ﴿۳۴﴾
    47 : 34 Эй, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле, Пайгамбарга бой сунгула жана өз амалдарыӊарды бекерге кетирбегиле!
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ثُمَّ مَاتُوۡا وَ ہُمۡ کُفَّارٌ فَلَنۡ یَّغۡفِرَ اللّٰہُ لَہُمۡ ﴿۳۵﴾
    47 : 35 Албетте, каапырлык кылган жана (адамдарды) Алланын жолунан тоскон, анан каапыр болгон бойдон өлүп кеткендер – аларды Алла такыр кечирбейт.
  • فَلَا تَہِنُوۡا وَ تَدۡعُوۡۤا اِلَی السَّلۡمِ ٭ۖ وَ اَنۡتُمُ الۡاَعۡلَوۡنَ ٭ۖ وَ اللّٰہُ مَعَکُمۡ وَ لَنۡ یَّتِرَکُمۡ اَعۡمَالَکُمۡ ﴿۳۶﴾
    47 : 36 Ошентип, кош көӊүлдөнбөгүлө, болбосо келишимди сунуш кыла баштайсыӊар. Чынында, силер гана жеӊүүчүсүӊөр. Алла силер менен бирге. Ал амалдарыӊар(дын сыйлыгы)н эч качан силерге кемитип бербейт.
  • اِنَّمَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا لَعِبٌ وَّ لَہۡوٌ ؕ وَ اِنۡ تُؤۡمِنُوۡا وَ تَتَّقُوۡا یُؤۡتِکُمۡ اُجُوۡرَکُمۡ وَ لَا یَسۡـَٔلۡکُمۡ اَمۡوَالَکُمۡ ﴿۳۷﴾
    47 : 37 Албетте, дүйнөдөгү жашоо жалаӊ оюн-күлкү жана улуу максаттан кабарсыз кыла турган напси арзууларын кандыруу куралы. Эгер ыйман келтирсеӊер жана такыба болсоӊор, Ал силерге сыйлыгыӊарды берет жана силерден мал-дүнүйөӊөрдү сурабайт.
  • اِنۡ یَّسۡـَٔلۡکُمُوۡہَا فَیُحۡفِکُمۡ تَبۡخَلُوۡا وَ یُخۡرِجۡ اَضۡغَانَکُمۡ ﴿۳۸﴾
    47 : 38 Эгер Ал силерден аларды (малмүлктөрдү) талап кылса жана силерди мажбурласа дагы, силер сараӊдык кыласыӊар. Ал силердин кастыктарыӊарды чыгарып таштайт.
  • ہٰۤاَنۡتُمۡ ہٰۤؤُلَآءِ تُدۡعَوۡنَ لِتُنۡفِقُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۚ فَمِنۡکُمۡ مَّنۡ یَّبۡخَلُ ۚ وَ مَنۡ یَّبۡخَلۡ فَاِنَّمَا یَبۡخَلُ عَنۡ نَّفۡسِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ الۡغَنِیُّ وَ اَنۡتُمُ الۡفُقَرَآءُ ۚ وَ اِنۡ تَتَوَلَّوۡا یَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَیۡرَکُمۡ ۙ ثُمَّ لَا یَکُوۡنُوۡۤا اَمۡثَالَکُمۡ ﴿٪۳۹﴾
    47 : 39 Карагыла! Силер Алла жолунда сарп кылууга чакырылып жаткан адамдарсыӊар. Анан силердин ичиӊерде сараӊдык кыла турган бирөө дагы бар. Акыйкатта, кимде-ким сараӊдык кылса, ал албетте, өзүнө каршы сараӊдык кылган болот. Алла муктаж эмес, а силер муктажсыӊар. Эгер аркага бурулуп кетсеӊер, Ал ордуӊарга башка коомду келтирип коёт. Анан алар силерге окшош болбойт.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via