Курани карим Ал-Аърааф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴعرَاف

Ал-Аърааф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    7 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓصٓ ۚ﴿۲﴾
    7 : 2 Аналлааху аъламу, Саадикул-Кавли: Мен – Алла, эӊ жакшы билүүчүмүн, сөзгө бекеммин.
  • کِتٰبٌ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ فَلَا یَکُنۡ فِیۡ صَدۡرِکَ حَرَجٌ مِّنۡہُ لِتُنۡذِرَ بِہٖ وَ ذِکۡرٰی لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۳﴾
    7 : 3 (Бул) – сага түшүрүлгөн бир улуу Китеп. Ошондуктан, мунун жардамында эскертишиӊ үчүн сенин көӊүлүӊдө эч кандай кысылуу болбосун жана момундар үчүн бул бир чоӊ насыйкат.
  • اِتَّبِعُوۡا مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکُمۡ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ لَا تَتَّبِعُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۴﴾
    7 : 4 Силер өзүӊөргө Раббиӊерден түшүрүлгөн нерсени ээрчигиле жана Аны коюп, башка досторду ээрчибегиле. Ошончолук аз акыл-насаат аласыӊар?
  • وَ کَمۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ اَہۡلَکۡنٰہَا فَجَآءَہَا بَاۡسُنَا بَیَاتًا اَوۡ ہُمۡ قَآئِلُوۡنَ ﴿۵﴾
    7 : 5 Канчалаган кыштактар бар: Биз аларды жок кылып койдук. Ошентип, Биздин азап алардын үстүнө түнүчүндө (уктап жаткандарында) же түш маалында дем алып жаткандарында келди.
  • فَمَا کَانَ دَعۡوٰٮہُمۡ اِذۡ جَآءَہُمۡ بَاۡسُنَاۤ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡۤا اِنَّا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۶﴾
    7 : 6 Анан Биздин азап алардын үстүнө келгенде, алардын чакырыктары: «Албетте, биз өзүбүз зулум кылуучу элек», - дегенинен башкача болбоду.
  • فَلَنَسۡـَٔلَنَّ الَّذِیۡنَ اُرۡسِلَ اِلَیۡہِمۡ وَ لَنَسۡـَٔلَنَّ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ۙ﴿۷﴾
    7 : 7 Демек, Биз албетте, пайгамбарлар жөнөтүлгөн кишилерден сурайбыз жана Биз албетте, пайгамбарлардан дагы сурайбыз.
  • فَلَنَقُصَّنَّ عَلَیۡہِمۡ بِعِلۡمٍ وَّ مَا کُنَّا غَآئِبِیۡنَ ﴿۸﴾
    7 : 8 Биз билимдин негизинде аларга тарыхый окуяларды окуйбуз. Биз эч качан кайып болгон эмеспиз.
  • وَ الۡوَزۡنُ یَوۡمَئِذِ ۣالۡحَقُّ ۚ فَمَنۡ ثَقُلَتۡ مَوَازِیۡنُہٗ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۹﴾
    7 : 9 Ал күнү акыйкат гана оор-салмактуу деп далилденет. Ошондуктан, таразалары оор болгондор – мына ошолор ийгиликке жетишүүчүлөр.
  • وَ مَنۡ خَفَّتۡ مَوَازِیۡنُہٗ فَاُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ بِمَا کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    7 : 10 Таразалары жеӊил болгондор – мына ошолор Биздин аяттарыбызга ынсапсыздык кылгандыгы үчүн өз жандарына зыян кылгандар.
  • وَ لَقَدۡ مَکَّنّٰکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ جَعَلۡنَا لَکُمۡ فِیۡہَا مَعَایِشَ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَشۡکُرُوۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    7 : 11 Албетте, Биз силерди жерде бекем жайгаштырдык жана силер үчүн анда тиричилик куралдарын жараттык. Абдан аз шүкүр кыласыӊар.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنٰکُمۡ ثُمَّ صَوَّرۡنٰکُمۡ ثُمَّ قُلۡنَا لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اسۡجُدُوۡا لِاٰدَمَ ٭ۖ فَسَجَدُوۡۤا اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ لَمۡ یَکُنۡ مِّنَ السّٰجِدِیۡنَ ﴿۱۲﴾
    7 : 12 Албетте, Биз силерди жараттык, кийин силерге түр бердик. Анан Биз периштелерге айттык: «Адам үчүн сажда кылгыла». Ошондо Иблистен башка алардын баары сажда кылышты. Ал сажда кылуучулардан болбоду.
  • قَالَ مَا مَنَعَکَ اَلَّا تَسۡجُدَ اِذۡ اَمَرۡتُکَ ؕ قَالَ اَنَا خَیۡرٌ مِّنۡہُ ۚ خَلَقۡتَنِیۡ مِنۡ نَّارٍ وَّ خَلَقۡتَہٗ مِنۡ طِیۡنٍ ﴿۱۳﴾
    7 : 13 (Алла) айтты: «Мен сага буюрганымдан кийин, сени сажда кылуудан эмне тосту?» Ал айтты: «Мен ага караганда жакшыраакмын. Сен мени оттон жараткансыӊ, аны болсо ылайдан жараттыӊ.
  • قَالَ فَاہۡبِطۡ مِنۡہَا فَمَا یَکُوۡنُ لَکَ اَنۡ تَتَکَبَّرَ فِیۡہَا فَاخۡرُجۡ اِنَّکَ مِنَ الصّٰغِرِیۡنَ ﴿۱۴﴾
    7 : 14 (Алла) айтты: «Демек, бул жерден чыгып кет. Бул жерде текеберлик кылууга күчүӊ жетпейт. Ошентип, чыгып кет! Албетте, сен кор болгондордонсуӊ».
  • قَالَ اَنۡظِرۡنِیۡۤ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    7 : 15 Ал айтты: «Алар тургузула турган күнгө чейин мага мөөнөт бергин».
  • قَالَ اِنَّکَ مِنَ الۡمُنۡظَرِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    7 : 16 (Алла) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилүүчүлөрдөнсүӊ».
  • قَالَ فَبِمَاۤ اَغۡوَیۡتَنِیۡ لَاَقۡعُدَنَّ لَہُمۡ صِرَاطَکَ الۡمُسۡتَقِیۡمَ ﴿ۙ۱۷﴾
    7 : 17 Ал айтты: «Сен мени адашкан деп өкүм чыгарганыӊ үчүн мен албетте, Сенин туура жолуӊда аларды аӊдып отурамын.
  • ثُمَّ لَاٰتِیَنَّہُمۡ مِّنۡۢ بَیۡنِ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مِنۡ خَلۡفِہِمۡ وَ عَنۡ اَیۡمَانِہِمۡ وَ عَنۡ شَمَآئِلِہِمۡ ؕ وَ لَا تَجِدُ اَکۡثَرَہُمۡ شٰکِرِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    7 : 18 Анан мен албетте, аларга алдыларынан дагы, арттарынан дагы, оӊунан дагы, солунан дагы келемин. Сен алардын көпчүлүгүн шүкүр кылуучу (абалда) таппайсыӊ».
  • قَالَ اخۡرُجۡ مِنۡہَا مَذۡءُوۡمًا مَّدۡحُوۡرًا ؕ لَمَنۡ تَبِعَکَ مِنۡہُمۡ لَاَمۡلَـَٔنَّ جَہَنَّمَ مِنۡکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۹﴾
    7 : 19 (Алла) айтты: «Кордолгон жана куулган бойдон бул жерден чыгып кет! Алардан кимде-ким сени ээрчисе, Мен албетте, силердин баарыӊар менен тозокту толтурамын.
  • وَ یٰۤاٰدَمُ اسۡکُنۡ اَنۡتَ وَ زَوۡجُکَ الۡجَنَّۃَ فَکُلَا مِنۡ حَیۡثُ شِئۡتُمَا وَ لَا تَقۡرَبَا ہٰذِہِ الشَّجَرَۃَ فَتَکُوۡنَا مِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۰﴾
    7 : 20 Эй, Адам! Сен жана сенин жубайыӊ бейишти мекен туткула жана экөөӊөр каалаган жайыӊардан жей бергиле. Бирок мына бул даракка жакындашпагыла, антпесе силер заалимдерден болуп каласыӊар».
  • فَوَسۡوَسَ لَہُمَا الشَّیۡطٰنُ لِیُبۡدِیَ لَہُمَا مَا وٗرِیَ عَنۡہُمَا مِنۡ سَوۡاٰتِہِمَا وَ قَالَ مَا نَہٰکُمَا رَبُّکُمَا عَنۡ ہٰذِہِ الشَّجَرَۃِ اِلَّاۤ اَنۡ تَکُوۡنَا مَلَکَیۡنِ اَوۡ تَکُوۡنَا مِنَ الۡخٰلِدِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    7 : 21 Ошентип, шайтан алардан бекитилген кемчиликтеринин айрымдарын аларга ачык кылып коюш үчүн көӊүлдөрүнө васваса-азгырык салды жана айтты: «Экөөӊөр периштелерге айланып кетпешиӊер же түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыӊар үчүн гана Раббиӊер силерди бул дарактан тыюу салды».
  • وَ قَاسَمَہُمَاۤ اِنِّیۡ لَکُمَا لَمِنَ النّٰصِحِیۡنَ ﴿ۙ۲۲﴾
    7 : 22 (Шайтан) ал экөөсүнө касам ичип айтты: «Албетте, мен болгону силерге (жакшы) насаат кылуучуларданмын».
  • فَدَلّٰٮہُمَا بِغُرُوۡرٍ ۚ فَلَمَّا ذَاقَا الشَّجَرَۃَ بَدَتۡ لَہُمَا سَوۡاٰتُہُمَا وَ طَفِقَا یَخۡصِفٰنِ عَلَیۡہِمَا مِنۡ وَّرَقِ الۡجَنَّۃِ ؕ وَ نَادٰٮہُمَا رَبُّہُمَاۤ اَلَمۡ اَنۡہَکُمَا عَنۡ تِلۡکُمَا الشَّجَرَۃِ وَ اَقُلۡ لَّکُمَاۤ اِنَّ الشَّیۡطٰنَ لَکُمَا عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۲۳﴾
    7 : 23 Демек, ал бир чоӊ алдоо менен аларды жолдон чыгарды. Ошентип, экөө ал даракты татып көргөндө, өздөрүнүн кемчиликтери аларга айкын болуп калды жана ал экөөсү бейиш жалбырактарынын айрымдарын өздөрүнө орой башташты. Алардын Раббиси аларга үн салды: «Эмне, Мен силерди бул дарактан тыюу салган эмес белем жана силерге албетте, шайтан силердин ачык-айкын душманыӊар», - дебедим беле?»
  • قَالَا رَبَّنَا ظَلَمۡنَاۤ اَنۡفُسَنَا ٜ وَ اِنۡ لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَ تَرۡحَمۡنَا لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    7 : 24 Ал экөөсү айтышты: «Эй, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык жана эгер Сен бизди кечирбесеӊ жана бизге ырайым кылбасаӊ, биз албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз».
  • قَالَ اہۡبِطُوۡا بَعۡضُکُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوٌّ ۚ وَ لَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ مُسۡتَقَرٌّ وَّ مَتَاعٌ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۲۵﴾
    7 : 25 Ал айтты: «Силердин баарыӊар (бул жерден) чыгып кеткиле, анткени айрымдарыӊар-айрымдарыӊарга душман болуп каласыӊар; ошондой эле, силерге жерде белгилүү убакытка чейин калуу жана бир аз мөөнөткө чейин аз гана пайда алуу бар».
  • قَالَ فِیۡہَا تَحۡیَوۡنَ وَ فِیۡہَا تَمُوۡتُوۡنَ وَ مِنۡہَا تُخۡرَجُوۡنَ ﴿٪۲۶﴾
    7 : 26 Ал айтты: «Анда жашайсыӊар, анда өлөсүӊөр жана ошондон чыгарыласыӊар.
  • یٰبَنِیۡۤ اٰدَمَ قَدۡ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکُمۡ لِبَاسًا یُّوَارِیۡ سَوۡاٰتِکُمۡ وَ رِیۡشًا ؕ وَ لِبَاسُ التَّقۡوٰی ۙ ذٰلِکَ خَیۡرٌ ؕ ذٰلِکَ مِنۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ لَعَلَّہُمۡ یَذَّکَّرُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    7 : 27 Эй, Адам балдары! Албетте, Биз силерге кийим түшүрдүк, ал кемчиликтериӊерди бекитет жана зыйнат катары (болот). Бирок, такыба кийими эӊ жакшы! Алар ибарат алышы үчүн бул – Алланын аяттарынын айрымдары.
  • یٰبَنِیۡۤ اٰدَمَ لَا یَفۡتِنَنَّکُمُ الشَّیۡطٰنُ کَمَاۤ اَخۡرَجَ اَبَوَیۡکُمۡ مِّنَ الۡجَنَّۃِ یَنۡزِعُ عَنۡہُمَا لِبَاسَہُمَا لِیُرِیَہُمَا سَوۡاٰتِہِمَا ؕ اِنَّہٗ یَرٰٮکُمۡ ہُوَ وَ قَبِیۡلُہٗ مِنۡ حَیۡثُ لَا تَرَوۡنَہُمۡ ؕ اِنَّا جَعَلۡنَا الشَّیٰطِیۡنَ اَوۡلِیَآءَ لِلَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    7 : 28 Эй, Адам балдары! Шайтан ата-энеӊерди бейиштен айдатканы сыяктуу силерди дагы эч качан сыноого салбасын. Ал алардын жамандыктарын өздөрүнө көрсөтүү үчүн алардан кийимдерин тартып алды. Албетте, ал жана анын тобу силер аларды көрө албаган жайдан силерди көрүп жатат. Албетте, Биз шайтандарды ыйман келтирбей тургандардын досу кылып койдук.
  • وَ اِذَا فَعَلُوۡا فَاحِشَۃً قَالُوۡا وَجَدۡنَا عَلَیۡہَاۤ اٰبَآءَنَا وَ اللّٰہُ اَمَرَنَا بِہَا ؕ قُلۡ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَاۡمُرُ بِالۡفَحۡشَآءِ ؕ اَتَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    7 : 29 Алар кандайдыр бир бузукулук кылгандарында айтышат: «Биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылгандарын көрдүк жана Алла Өзү бизге ушуну буюрган». Айт: «Албетте, Алла бузукулукка буюрбайт. Эмне, силер Аллага карата өздөрүӊөр билбеген нерселерди айтасыӊарбы?»
  • قُلۡ اَمَرَ رَبِّیۡ بِالۡقِسۡطِ ۟ وَ اَقِیۡمُوۡا وُجُوۡہَکُمۡ عِنۡدَ کُلِّ مَسۡجِدٍ وَّ ادۡعُوۡہُ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ۬ؕ کَمَا بَدَاَکُمۡ تَعُوۡدُوۡنَ ﴿ؕ۳۰﴾
    7 : 30 Айт: «Менин Раббим адилеттикке буюрган, ошондой эле силер ар бир мечитте көӊүлүӊөрдү (Аллага) туура караткыла жана динди Ага гана таандык кылган бойдон Ага жалбаргыла, деп дагы (буюрган). Ал силерди биринчи жолу кандай жараткан болсо, силер (өлгөндөн кийин) ошондой кайтасыӊар».
  • فَرِیۡقًا ہَدٰی وَ فَرِیۡقًا حَقَّ عَلَیۡہِمُ الضَّلٰلَۃُ ؕ اِنَّہُمُ اتَّخَذُوا الشَّیٰطِیۡنَ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ یَحۡسَبُوۡنَ اَنَّہُمۡ مُّہۡتَدُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    7 : 31 Бир тайпаны Ал хидаят кылды, бир тайпага болсо, адашуу важиб-зарыл болду. Албетте, булар Алланы коюп, шайтандарды дос кылып алгандар. Алар: «Биз хидаят тапкандарбыз», - деп ойлошот.
  • یٰبَنِیۡۤ اٰدَمَ خُذُوۡا زِیۡنَتَکُمۡ عِنۡدَ کُلِّ مَسۡجِدٍ وَّ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا وَ لَا تُسۡرِفُوۡا ۚ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿٪۳۲﴾
    7 : 32 Эй, Адам балдары! Ар бир мечитке зыйнатыӊарды (такыба кийимин) бирге алып баргыла, ошондой эле жегиле жана ичкиле, бирок чектен ашпагыла. Албетте, Ал чектен ашуучуларды жактырбайт.
  • قُلۡ مَنۡ حَرَّمَ زِیۡنَۃَ اللّٰہِ الَّتِیۡۤ اَخۡرَجَ لِعِبَادِہٖ وَ الطَّیِّبٰتِ مِنَ الرِّزۡقِ ؕ قُلۡ ہِیَ لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا خَالِصَۃً یَّوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ کَذٰلِکَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    7 : 33 Сурагын: «Алла Өз пенделери үчүн чыгарган Анын зыйнатын жана ырыскыдан таза нерселерди ким арам кылды?» Айткын: «Булар дүйнөлүк жашоодо дагы ыйман келтиргендер үчүн (жана) кыямат күнү албетте, (бир гана ошолор үчүн болот). Биз билимдүүлөр үчүн аят-жышаандарды мына ушундай ачык-даана баян кылабыз.
  • قُلۡ اِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّیَ الۡفَوَاحِشَ مَا ظَہَرَ مِنۡہَا وَ مَا بَطَنَ وَ الۡاِثۡمَ وَ الۡبَغۡیَ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ وَ اَنۡ تُشۡرِکُوۡا بِاللّٰہِ مَا لَمۡ یُنَزِّلۡ بِہٖ سُلۡطٰنًا وَّ اَنۡ تَقُوۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    7 : 34 Айткын: «Раббим жалаӊ бузук иштерди – алардан көрүнөө болгондорду дагы, көмүскө болгондорду дагы, ошондой эле күнөө жана акысыз баш ийбестикти, ошондой эле Ал эч кандай далил түшүрбөгөн нерсени Аллага шерик кылууӊарды жана өзүӊөр билбеген нерсеӊерди Аллага таандык кылууӊарды дагы арам кылган.
  • وَ لِکُلِّ اُمَّۃٍ اَجَلٌ ۚ فَاِذَا جَآءَ اَجَلُہُمۡ لَا یَسۡتَاۡخِرُوۡنَ سَاعَۃً وَّ لَا یَسۡتَقۡدِمُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    7 : 35 Ар бир үммөт үчүн бир мөөнөт белгиленген. Демек, алардын белгиленген мөөнөтү келгенде, бир көз ирмем дагы алар (андан) аркада кала алышпайт жана озо алышпайт.
  • یٰبَنِیۡۤ اٰدَمَ اِمَّا یَاۡتِیَنَّکُمۡ رُسُلٌ مِّنۡکُمۡ یَقُصُّوۡنَ عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتِیۡ ۙ فَمَنِ اتَّقٰی وَ اَصۡلَحَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    7 : 36 Эй, Адам балдары! Эгер силерге араӊардан, аяттарымды силерге окуй турган пайгамбарлар келишсе, анда ким Алладан корксо жана оӊдосо, аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ اسۡتَکۡبَرُوۡا عَنۡہَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    7 : 37 Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарып, алар туурасында текеберлик кылгандар – мына ошолор оттогулар. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَوۡ کَذَّبَ بِاٰیٰتِہٖ ؕ اُولٰٓئِکَ یَنَالُہُمۡ نَصِیۡبُہُمۡ مِّنَ الۡکِتٰبِ ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُنَا یَتَوَفَّوۡنَہُمۡ ۙ قَالُوۡۤا اَیۡنَ مَا کُنۡتُمۡ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ قَالُوۡا ضَلُّوۡا عَنَّا وَ شَہِدُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ اَنَّہُمۡ کَانُوۡا کٰفِرِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    7 : 38 Демек, Аллага каршы жалган-айыӊ чыгарган же Анын аят-жышаандарын жалган деген кишиден дагы заалимирээк ким бар? Мына ошолорго жазадан алардын (белгиленип коюлган) үлүшү тийип турат. А түгүл Биздин элчилерибиз алардын жандарын алып жаткан учурда аларга келгенде, аларга айтышат: «Алланы коюп, жалбарып жүргөн нерселериӊер кана?» Алар (жооп берип): «Алар бизден кайып болуп кетти», - дешет. Алар өздөрү-өздөрүнө каршы каапыр болгондуктарына күбөлүк беришет.
  • قَالَ ادۡخُلُوۡا فِیۡۤ اُمَمٍ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ مِّنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ فِی النَّارِ ؕ کُلَّمَا دَخَلَتۡ اُمَّۃٌ لَّعَنَتۡ اُخۡتَہَا ؕ حَتّٰۤی اِذَا ادَّارَکُوۡا فِیۡہَا جَمِیۡعًا ۙ قَالَتۡ اُخۡرٰٮہُمۡ لِاُوۡلٰٮہُمۡ رَبَّنَا ہٰۤؤُلَآءِ اَضَلُّوۡنَا فَاٰتِہِمۡ عَذَابًا ضِعۡفًا مِّنَ النَّارِ ۬ؕ قَالَ لِکُلٍّ ضِعۡفٌ وَّ لٰکِنۡ لَّا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    7 : 39 (Ошондо) Ал (аларга) айтат: «Силер дагы өзүӊөрдөн мурун өтүп кеткен жин жана адамдардан турган коомдор менен бирге отко киргиле». Ар бир жолу бир үммөт киргенде, өзүнүн жолдошу болгон үммөтүн каргыштайт. А түгүл алардын бардыгы анда жыйылгандарында, алардын кийинкиси өзүнөн алдыӊкысы жөнүндө айтат: «Эй, Раббибиз! Бизди жолдон азгырган мына ушулар. Ошондуктан, буларга от азабын эки эсе бергин». Ал айтат: «Ар бирине эки эсе (азап) берилүүдө, бирок силер билбейсиӊер».
  • وَ قَالَتۡ اُوۡلٰٮہُمۡ لِاُخۡرٰٮہُمۡ فَمَا کَانَ لَکُمۡ عَلَیۡنَا مِنۡ فَضۡلٍ فَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡسِبُوۡنَ ﴿٪۴۰﴾
    7 : 40 Жана алардын биринчи (тобу) экинчисине айтат: «Силердин бизден көрө кандайдыр бир артыкчылыгыӊар жок болчу. Ошондуктан, кылып жүргөн кылмыштарыӊар үчүн азапты таткыла».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ اسۡتَکۡبَرُوۡا عَنۡہَا لَا تُفَتَّحُ لَہُمۡ اَبۡوَابُ السَّمَآءِ وَ لَا یَدۡخُلُوۡنَ الۡجَنَّۃَ حَتّٰی یَلِجَ الۡجَمَلُ فِیۡ سَمِّ الۡخِیَاطِ ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    7 : 41 Албетте, Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарган жана алар жөнүндө текеберлик кылгандар – аларга асмандын дарбазалары ачылбайт жана алар төө ийненин көзүнөн өтмөйүнчө, бейишке киришпейт. Күнөөкөрлөрдү Биз мына ушундай жазалайбыз.
  • لَہُمۡ مِّنۡ جَہَنَّمَ مِہَادٌ وَّ مِنۡ فَوۡقِہِمۡ غَوَاشٍ ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۲﴾
    7 : 42 Аларга тозокто бир даярдап коюлган жай болот жана үстүлөрүндө кат-кат (караӊгылык) пардалары болот. Заалимдерди Биз мына ушундай жазалайбыз.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَا نُکَلِّفُ نَفۡسًا اِلَّا وُسۡعَہَاۤ ۫ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    7 : 43 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар – Биз (алардан) эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артыкча жүктү жүктөбөйбүз. Мына ошолор бейиш ээлери. Алар анда түбөлүк калуучулар.
  • وَ نَزَعۡنَا مَا فِیۡ صُدُوۡرِہِمۡ مِّنۡ غِلٍّ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہِمُ الۡاَنۡہٰرُ ۚ وَ قَالُوا الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ ہَدٰٮنَا لِہٰذَا ۟ وَ مَا کُنَّا لِنَہۡتَدِیَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ ہَدٰٮنَا اللّٰہُ ۚ لَقَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِالۡحَقِّ ؕ وَ نُوۡدُوۡۤا اَنۡ تِلۡکُمُ الۡجَنَّۃُ اُوۡرِثۡتُمُوۡہَا بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    7 : 44 Биз алардын көкүрөктөрүндөгү кекенүүлөрүн алып таштайбыз. Алардын карамагында дайралар агып өтөт. Алар айтышат: «Бизге бул жерге жетип келүү жолун көрсөткөн Аллага мактоолор болсун! Эгер Алла бизди хидаят кылбаганда, биз эч качан хидаят таба албайт элек. Албетте, Раббибиздин пайгамбарлары бизге чындык менен келишкен эле». Аларга: «Кылган амалдарыӊар үчүн силерге мурас кылып берилген бейиш ушул», - деп чакырык кылынат.
  • وَ نَادٰۤی اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ اَصۡحٰبَ النَّارِ اَنۡ قَدۡ وَجَدۡنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقًّا فَہَلۡ وَجَدۡتُّمۡ مَّا وَعَدَ رَبُّکُمۡ حَقًّا ؕ قَالُوۡا نَعَمۡ ۚ فَاَذَّنَ مُؤَذِّنٌۢ بَیۡنَہُمۡ اَنۡ لَّعۡنَۃُ اللّٰہِ عَلَی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۴۵﴾
    7 : 45 Жана бейиш ээлери от ээлерине мындай кайрылат: «Раббибиз бизге кылган убадасынын акыйкат экенин биз көрүп алдык. Эмне, силер дагы Раббиӊер (силерге) кылган убадасынын акыйкат экенин көрүп алдыӊарбы?» Алар айтышат: «Ооба!» Ошондо, бир жарчы алардын арасында ушундай жар салат: «Заалимдерге Алланын каргышы болсун –
  • الَّذِیۡنَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ یَبۡغُوۡنَہَا عِوَجًا ۚ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ کٰفِرُوۡنَ ﴿ۘ۴۶﴾
    7 : 46 (Адамдарды) Алла жолунан тосо турган, анын кыйшык болушун каалаган (заалимдерге каргыш болсун!) Алар акыретти четке кагуучулар».
  • وَ بَیۡنَہُمَا حِجَابٌ ۚ وَ عَلَی الۡاَعۡرَافِ رِجَالٌ یَّعۡرِفُوۡنَ کُلًّۢا بِسِیۡمٰہُمۡ ۚ وَ نَادَوۡا اَصۡحٰبَ الۡجَنَّۃِ اَنۡ سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ ۟ لَمۡ یَدۡخُلُوۡہَا وَ ہُمۡ یَطۡمَعُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    7 : 47 Жана алардын ортолорунда бир тосук болот. Бийик жайларда бардыгын−алардын кебетелеринен тааный турган эркектер болушат. Алар бейиш ээлерине кайрылышат: «Силерге салам болсун!» Алар болсо, али ал (бейиш)ке кирбеген болушат жана (аны) арзуу кылып турган болушат.
  • وَ اِذَا صُرِفَتۡ اَبۡصَارُہُمۡ تِلۡقَآءَ اَصۡحٰبِ النَّارِ ۙ قَالُوۡا رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا مَعَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۴۸﴾
    7 : 48 Алардын назары от ээлери тарапка буруп коюлганда, алар: «Эй, Раббибиз! Бизди заалимдерден кылбагын», - дешет.
  • وَ نَادٰۤی اَصۡحٰبُ الۡاَعۡرَافِ رِجَالًا یَّعۡرِفُوۡنَہُمۡ بِسِیۡمٰہُمۡ قَالُوۡا مَاۤ اَغۡنٰی عَنۡکُمۡ جَمۡعُکُمۡ وَ مَا کُنۡتُمۡ تَسۡتَکۡبِرُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    7 : 49 Өйдөдөгүлөр кебетелеринен таанып ала тургандарга кайрылып, айтышат: «Жамаатыӊар жана кылып жүргөн текеберлигиӊер силерге пайда бере албады.
  • اَہٰۤؤُلَآءِ الَّذِیۡنَ اَقۡسَمۡتُمۡ لَا یَنَالُہُمُ اللّٰہُ بِرَحۡمَۃٍ ؕ اُدۡخُلُوا الۡجَنَّۃَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡکُمۡ وَ لَاۤ اَنۡتُمۡ تَحۡزَنُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    7 : 50 «Алла аларга ырайым кылбайт», - деп касам ичкениӊер ушулар эмеспи?» (Эй, момундар!) Бейишке киргиле, силерге эч кандай коркуу болбойт жана силер эч качан кайгырбайсыӊар.
  • وَ نَادٰۤی اَصۡحٰبُ النَّارِ اَصۡحٰبَ الۡجَنَّۃِ اَنۡ اَفِیۡضُوۡا عَلَیۡنَا مِنَ الۡمَآءِ اَوۡ مِمَّا رَزَقَکُمُ اللّٰہُ ؕ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ حَرَّمَہُمَا عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿ۙ۵۱﴾
    7 : 51 От ээлери бейиш ээлерине: «Бизге дагы ошол суудан же Алла силерге тартуулаган ырыскыдан бир аз бергиле», - деп кайрылышат. Алар жооп кылышат: «Албетте, Алла бул экөөсүн каапырларга арам кылган –
  • الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا دِیۡنَہُمۡ لَہۡوًا وَّ لَعِبًا وَّ غَرَّتۡہُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا ۚ فَالۡیَوۡمَ نَنۡسٰہُمۡ کَمَا نَسُوۡا لِقَآءَ یَوۡمِہِمۡ ہٰذَا ۙ وَ مَا کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا یَجۡحَدُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    7 : 52 Өз динин беймааниликке жана оюн-күлкүгө айлантып алган жана дүйнөлүк жашоо өздөрүн алдап койгондор го!» Ошентип, бул күндөгү учурашууну унуткандыктары сыяктуу бүгүн Биз дагы аларды унутуп жиберебиз, анткени алар Биздин аяттарыбызды четке кагаар эле.
  • وَ لَقَدۡ جِئۡنٰہُمۡ بِکِتٰبٍ فَصَّلۡنٰہُ عَلٰی عِلۡمٍ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    7 : 53 Албетте, Биз аларга илимдин негизинде ачык баян кылган бир Китеп келтирген элек, ал ыйман келтирүүчүлөр үчүн хидаят жана рахмат эле.
  • ہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّا تَاۡوِیۡلَہٗ ؕ یَوۡمَ یَاۡتِیۡ تَاۡوِیۡلُہٗ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ نَسُوۡہُ مِنۡ قَبۡلُ قَدۡ جَآءَتۡ رُسُلُ رَبِّنَا بِالۡحَقِّ ۚ فَہَلۡ لَّنَا مِنۡ شُفَعَآءَ فَیَشۡفَعُوۡا لَنَاۤ اَوۡ نُرَدُّ فَنَعۡمَلَ غَیۡرَ الَّذِیۡ کُنَّا نَعۡمَلُ ؕ قَدۡ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿٪۵۴﴾
    7 : 54 Эмне, алар жалаӊ анын жоромолун күтүүдөбү? Анын жоромолу келе турган күнү мындан илгери ал - (Китеп)ти унутуп жибергендер айтышат: «Албетте, Раббибиздин пайгамбарлары чындык менен келишкен эле. Демек, биз үчүн шапаат кылуучулар бар бекен? Алар биз үчүн шапаат кылсын же биз кайтарылып жиберели. Ошондо Биз кылып жүргөн иштерибиздин ордуна башка иштерди кылабыз». Албетте, алар өздөрүнө зыян кылышты жана өздөрү ойлоп чыгарган жалган нерселер алардан жоголуп кетти.
  • اِنَّ رَبَّکُمُ اللّٰہُ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ ۟ یُغۡشِی الَّیۡلَ النَّہَارَ یَطۡلُبُہٗ حَثِیۡثًا ۙ وَّ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ وَ النُّجُوۡمَ مُسَخَّرٰتٍۭ بِاَمۡرِہٖ ؕ اَلَا لَہُ الۡخَلۡقُ وَ الۡاَمۡرُ ؕ تَبٰرَکَ اللّٰہُ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۵۵﴾
    7 : 55 Албетте, Раббиӊер – асмандар жана жерди алты күндө жараткан, анан «Аршта» жайгашкан Алла. Ал күндү түн менен оройт, ал болсо аны тезирээк (болушун) талап кылган болот; ошондой эле Ал күндү, айды жана жылдыздарды (жаратты). Алар Анын буйругу менен моюн сундурулган. Билгиле, жаратуу жана өкүм кылуу Анын Өзүнө гана таандык. Ошентип, бүтүн ааламдардын Кожосу болгон ошол бир гана Алла берекелүү деп далилденди.
  • اُدۡعُوۡا رَبَّکُمۡ تَضَرُّعًا وَّ خُفۡیَۃً ؕ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الۡمُعۡتَدِیۡنَ ﴿ۚ۵۶﴾
    7 : 56 Өз Раббиӊерге жөнөкөйлүк менен жана жашыруун жалбарып тургула. Албетте, Ал чектен ашуучуларды жактырбайт.
  • وَ لَا تُفۡسِدُوۡا فِی الۡاَرۡضِ بَعۡدَ اِصۡلَاحِہَا وَ ادۡعُوۡہُ خَوۡفًا وَّ طَمَعًا ؕ اِنَّ رَحۡمَتَ اللّٰہِ قَرِیۡبٌ مِّنَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    7 : 57 Тартипке келтирилгенинен кийин жерде бүлүк салбагыла, ошондой эле Ага кооптонуу жана үмүт менен жалбаргыла. Албетте, изги иштер кылуучуларга Алланын рахматы жакын турат.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یُرۡسِلُ الرِّیٰحَ بُشۡرًۢا بَیۡنَ یَدَیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ حَتّٰۤی اِذَاۤ اَقَلَّتۡ سَحَابًا ثِقَالًا سُقۡنٰہُ لِبَلَدٍ مَّیِّتٍ فَاَنۡزَلۡنَا بِہِ الۡمَآءَ فَاَخۡرَجۡنَا بِہٖ مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ ؕ کَذٰلِکَ نُخۡرِجُ الۡمَوۡتٰی لَعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    7 : 58 Ал Өз рахматынан оболу шамалдарды куш кабар кылган бойдон жөнөтө турган (Алла). А түгүл алар бир оор булутту көтөрүп алганында, Биз аны бир өлүк өлкө тарапка айдап алып кетебиз. Кийин Биз андан суу түшүрөбүз. Анан ал (суунун) жардамында түрдүү мөмөлөрдү өндүрөбүз. Силер ибарат алышыӊар үчүн Биз өлүктөрдү ушул жол менен (тирилтип) чыгарабыз.
  • وَ الۡبَلَدُ الطَّیِّبُ یَخۡرُجُ نَبَاتُہٗ بِاِذۡنِ رَبِّہٖ ۚ وَ الَّذِیۡ خَبُثَ لَا یَخۡرُجُ اِلَّا نَکِدًا ؕ کَذٰلِکَ نُصَرِّفُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّشۡکُرُوۡنَ ﴿٪۵۹﴾
    7 : 59 Раббисинин буйругу менен көчөтү (таза) өнүп чыга турган мамлекет гана таза мамлекет. Ал эми, таза эмес өлкөдө жалаӊ пайдасыз (нерселер) чыгат. Шүкүр кыла турган адамдар үчүн Биз аят-жышаандарды мына ушундай ачык баян кылабыз.
  • لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا اِلٰی قَوۡمِہٖ فَقَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۶۰﴾
    7 : 60 Албетте, Биз Нухту дагы өз коомуна жөнөткөн элек. Ошондо, ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, Андан бөлөк силердин кандайдыр бир кудайыӊар жок. Албетте, мен силерге улуу күн азабынын келишинен коркомун».
  • قَالَ الۡمَلَاُ مِنۡ قَوۡمِہٖۤ اِنَّا لَنَرٰٮکَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۶۱﴾
    7 : 61 Анын коомунун башчылары айтышты: «Албетте, биз сенин ачыктан-ачык адашууда экениӊди көрөбүз».
  • قَالَ یٰقَوۡمِ لَیۡسَ بِیۡ ضَلٰلَۃٌ وَّ لٰکِنِّیۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۶۲﴾
    7 : 62 Ал айтты: «Эй, коомум! Мен эч кандай адашууда эмесмин, жок, мен бардык ааламдардын Раббиси тарабынан бир пайгамбармын.
  • اُبَلِّغُکُمۡ رِسٰلٰتِ رَبِّیۡ وَ اَنۡصَحُ لَکُمۡ وَ اَعۡلَمُ مِنَ اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    7 : 63 Мен силерге Раббимдин кабарларын жеткиремин, силерге насаат кыламын жана мен Алладан силер билбеген илимди аламын.
  • اَوَ عَجِبۡتُمۡ اَنۡ جَآءَکُمۡ ذِکۡرٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ عَلٰی رَجُلٍ مِّنۡکُمۡ لِیُنۡذِرَکُمۡ وَ لِتَتَّقُوۡا وَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    7 : 64 Эмне, силерди кулактандыруу үчүн жана силер такыба болушуӊар үчүн жана силерге ырайым кылынсын үчүн өзүӊөргө Раббиӊер тарабынан келген, араӊардан болгон бир кишиге түшкөн Зикир жөнүндө таӊ калдыӊарбы?»
  • فَکَذَّبُوۡہُ فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ الَّذِیۡنَ مَعَہٗ فِی الۡفُلۡکِ وَ اَغۡرَقۡنَا الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمًا عَمِیۡنَ ﴿٪۶۵﴾
    7 : 65 Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Биз аны жана аны менен бирге кемеде болгондорду куткардык, ошондой эле Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгаргандарды чөктүрүп жибердик. Албетте, алар бир сокур коом болчу.
  • وَ اِلٰی عَادٍ اَخَاہُمۡ ہُوۡدًا ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ اَفَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    7 : 66 Аад коомуна туугандары болгон Худду (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, Андан бөлөк силердин эч бир кудайыӊар жок. Эмне, такыба болбойсуӊарбы?»
  • قَالَ الۡمَلَاُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖۤ اِنَّا لَنَرٰٮکَ فِیۡ سَفَاہَۃٍ وَّ اِنَّا لَنَظُنُّکَ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    7 : 67 Анын коомунан каапырлык кылган башчылар айтышты: «Албетте, биз сенин бир чоӊ наадандыкка кирептер болгонуӊду көрүп турабыз жана албетте, биз сени жалганчылардан деп эсептейбиз».
  • قَالَ یٰقَوۡمِ لَیۡسَ بِیۡ سَفَاہَۃٌ وَّ لٰکِنِّیۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۶۸﴾
    7 : 68 Ал айтты: «Эй, коомум! Менде эч кандай наадандык жок, тескерисинче, мен бардык ааламдардын Раббиси тарабынан бир пайгамбармын.
  • اُبَلِّغُکُمۡ رِسٰلٰتِ رَبِّیۡ وَ اَنَا لَکُمۡ نَاصِحٌ اَمِیۡنٌ ﴿۶۹﴾
    7 : 69 Мен силерге Раббимдин кабарларын жеткиремин жана мен силер үчүн бир ишенимдүү насаатчымын.
  • اَوَ عَجِبۡتُمۡ اَنۡ جَآءَکُمۡ ذِکۡرٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ عَلٰی رَجُلٍ مِّنۡکُمۡ لِیُنۡذِرَکُمۡ ؕ وَ اذۡکُرُوۡۤا اِذۡ جَعَلَکُمۡ خُلَفَآءَ مِنۡۢ بَعۡدِ قَوۡمِ نُوۡحٍ وَّ زَادَکُمۡ فِی الۡخَلۡقِ بَصۜۡطَۃً ۚ فَاذۡکُرُوۡۤا اٰلَآءَ اللّٰہِ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    7 : 70 Эмне, силерди кулактандыруу үчүн өзүӊөргө Раббиӊер тарабынан келген, араӊардан болгон бир эркекке түшкөн Зикир жөнүндө таӊ калдыӊарбы? Ал силерди Нух коомунан кийин мураскер кылганын жана силердин тукумуӊарды көбөйткөнүн эстегиле. Демек, ийгиликке жетишиӊер үчүн Алланын нээмат-ооматтарын эстегиле».
  • قَالُوۡۤا اَجِئۡتَنَا لِنَعۡبُدَ اللّٰہَ وَحۡدَہٗ وَ نَذَرَ مَا کَانَ یَعۡبُدُ اٰبَآؤُنَا ۚ فَاۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَاۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۷۱﴾
    7 : 71 Алар айтышты: «Жалгыз Аллага гана ибадат кылып, ата-бабаларыбыз сыйынган нерселерди таштообуз үчүн сен бизге келдиӊби? Демек, эгер акыйкатчыл болсоӊ, бизди коркутуп жаткан нерсеӊди бизге келтирчи?»
  • قَالَ قَدۡ وَقَعَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ رِجۡسٌ وَّ غَضَبٌ ؕ اَتُجَادِلُوۡنَنِیۡ فِیۡۤ اَسۡمَآءٍ سَمَّیۡتُمُوۡہَاۤ اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمۡ مَّا نَزَّلَ اللّٰہُ بِہَا مِنۡ سُلۡطٰنٍ ؕ فَانۡتَظِرُوۡۤا اِنِّیۡ مَعَکُمۡ مِّنَ الۡمُنۡتَظِرِیۡنَ ﴿۷۲﴾
    7 : 72 Ал айтты: «Үстүӊөргө Раббиӊер тарабынан ыпластык жана каар түшүшү анык болду. Эмне, силер жана ата-бабаларыӊар ойлоп чыгарган жалган ысымдар жөнүндө мени менен талашасыӊарбы? Алла болсо, алар туурасында эч кандай далил түшүргөн эмес. Демек, күткүлө. Албетте, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн».
  • فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ الَّذِیۡنَ مَعَہٗ بِرَحۡمَۃٍ مِّنَّا وَ قَطَعۡنَا دَابِرَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ مَا کَانُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿٪۷۳﴾
    7 : 73 Ошентип, Биз Өз рахматыбыз менен аны жана аны менен бирге болгондорду куткардык жана Биздин аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын тамырын куруттук. Алар (такыр) ыйман келтирүүчү эмес эле.
  • وَ اِلٰی ثَمُوۡدَ اَخَاہُمۡ صٰلِحًا ۘ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ قَدۡ جَآءَتۡکُمۡ بَیِّنَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ ہٰذِہٖ نَاقَۃُ اللّٰہِ لَکُمۡ اٰیَۃً فَذَرُوۡہَا تَاۡکُلۡ فِیۡۤ اَرۡضِ اللّٰہِ وَ لَا تَمَسُّوۡہَا بِسُوۡٓءٍ فَیَاۡخُذَکُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۷۴﴾
    7 : 74 Самуд (коому)на туугандары болгон Саалихти (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, Андан бөлөк силердин эч кандай кудайыӊар жок. Албетте, силерге Раббиӊерден ачык-айкын далил келди. Алланын мына ушул ургаачы төөсү силер үчүн бир белги-жышаан. Ошондуктан, аны коё бергиле, ал Алланын жеринде оттоп жүрө берсин, ага эч кандай жабыр кылбагыла, болбосо, силерди оор азап тутуп алат.
  • وَ اذۡکُرُوۡۤا اِذۡ جَعَلَکُمۡ خُلَفَآءَ مِنۡۢ بَعۡدِ عَادٍ وَّ بَوَّاَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ تَتَّخِذُوۡنَ مِنۡ سُہُوۡلِہَا قُصُوۡرًا وَّ تَنۡحِتُوۡنَ الۡجِبَالَ بُیُوۡتًا ۚ فَاذۡکُرُوۡۤا اٰلَآءَ اللّٰہِ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    7 : 75 Ал силерди Аад (коому)нан кийин мураскер кылганын жана силерди жерде жайгаштырганын эстегиле. Анын майдандарында силер калааларды курасыӊар жана үй куруу үчүн тоолорду тегиздейсиӊер. Демек, Алланын нээмат-ооматтарын эстегиле жана бүлүк салып, жерде баш аламандык кылбагыла.
  • قَالَ الۡمَلَاُ الَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖ لِلَّذِیۡنَ اسۡتُضۡعِفُوۡا لِمَنۡ اٰمَنَ مِنۡہُمۡ اَتَعۡلَمُوۡنَ اَنَّ صٰلِحًا مُّرۡسَلٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ قَالُوۡۤا اِنَّا بِمَاۤ اُرۡسِلَ بِہٖ مُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    7 : 76 Анын коомунан текеберлик кылган башчылар күчсүз деп эсептелген адамдарга – алардын арасынан ыйман келтирген кишилерге айтышты: «Саалих өз Раббиси тарабынан пайгамбар кылынганын билесиӊерби?» Алар жооп беришти: «Ал алып келген (кабар)га албетте, биз ыйман келтиребиз».
  • قَالَ الَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡۤا اِنَّا بِالَّذِیۡۤ اٰمَنۡتُمۡ بِہٖ کٰفِرُوۡنَ ﴿۷۷﴾
    7 : 77 Текеберлик кылгандар айтышты: «Биз силер ыйман келтирген нерсени четке кагуучубуз».
  • فَعَقَرُوا النَّاقَۃَ وَ عَتَوۡا عَنۡ اَمۡرِ رَبِّہِمۡ وَ قَالُوۡا یٰصٰلِحُ ائۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَاۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۷۸﴾
    7 : 78 Ошентип, алар ургаачы төөнүн тарамыштарын кесип таштап, өз Раббисинин буйругуна баш ийбестик кылышты жана айтышты: «Эй, Саалих! Эгер чын эле (Алланын) элчилеринен болсоӊ, бизди коркутуп жаткан нерсеӊди бизге келтир».
  • فَاَخَذَتۡہُمُ الرَّجۡفَۃُ فَاَصۡبَحُوۡا فِیۡ دَارِہِمۡ جٰثِمِیۡنَ ﴿۷۹﴾
    7 : 79 Ошентип, аларды бир катуу жер титирөө тутуп алды. Ошондо алар өз үйлөрүндө тизелеп турган абалда калып калышты.
  • فَتَوَلّٰی عَنۡہُمۡ وَ قَالَ یٰقَوۡمِ لَقَدۡ اَبۡلَغۡتُکُمۡ رِسَالَۃَ رَبِّیۡ وَ نَصَحۡتُ لَکُمۡ وَ لٰکِنۡ لَّا تُحِبُّوۡنَ النّٰصِحِیۡنَ ﴿۸۰﴾
    7 : 80 Ошондо, ал алардан жүз бурду жана айтты: «Эй, коомум! Албетте, мен силерге Раббимдин кабарын жеткирип бүттүм жана силерге насаат кылып болдум, бирок силер насаатчыларды жактырбайсыӊар».
  • وَ لُوۡطًا اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖۤ اَتَاۡتُوۡنَ الۡفَاحِشَۃَ مَا سَبَقَکُمۡ بِہَا مِنۡ اَحَدٍ مِّنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    7 : 81 Лутту (дагы жөнөттүк), качан ал өз коомуна айтты: «Силер өзүӊөрдөн мурун бардык ааламдардан эч ким кылбаган бузукулукту кыласыӊарбы?
  • اِنَّکُمۡ لَتَاۡتُوۡنَ الرِّجَالَ شَہۡوَۃً مِّنۡ دُوۡنِ النِّسَآءِ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ مُّسۡرِفُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    7 : 82 Албетте, силер жыныстык кумар үчүн аялдарды коюп, эркектерге жакындашасыӊар. Силер өтө эле чектен ашкан коомсуӊар».
  • وَ مَا کَانَ جَوَابَ قَوۡمِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡۤا اَخۡرِجُوۡہُمۡ مِّنۡ قَرۡیَتِکُمۡ ۚ اِنَّہُمۡ اُنَاسٌ یَّتَطَہَّرُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    7 : 83 Анын коомунун жообу: «Аларды кыштагыӊардан кууп чыгаргыла, албетте, алар өздөрүн ак көрсөткөн адамдар экен», - деп айтканынан башкача болбоду.
  • فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اِلَّا امۡرَاَتَہٗ ۫ۖ کَانَتۡ مِنَ الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    7 : 84 Демек, Биз аны жана анын аялынан бөлөк бардык үй-бүлөөсүн куткардык. Ал (аялы) аркада калуучулардан болуп калды.
  • وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ مَّطَرًا ؕ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿٪۸۵﴾
    7 : 85 Жана Биз алардын үстүнө бир өзгөчө жамгыр жаадырдык. Демек, күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • وَ اِلٰی مَدۡیَنَ اَخَاہُمۡ شُعَیۡبًا ؕ قَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرُہٗ ؕ قَدۡ جَآءَتۡکُمۡ بَیِّنَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ فَاَوۡفُوا الۡکَیۡلَ وَ الۡمِیۡزَانَ وَ لَا تَبۡخَسُوا النَّاسَ اَشۡیَآءَہُمۡ وَ لَا تُفۡسِدُوۡا فِی الۡاَرۡضِ بَعۡدَ اِصۡلَاحِہَا ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۸۶﴾
    7 : 86 Мадян (коому)на туугандары болгон Шуайбды (жөнөттүк). Ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, Андан бөлөк силердин эч кандай кудайыӊар жок. Албетте, силерге Раббиӊерден ачыктан-ачык аят-жышаан келди. Демек, өлчөө жана таразаны толук кылгыла жана адамдарга нерселерин кемитип бербегиле, ошондой эле жерде тартипке келтирилгенинен кийин бүлүк салбагыла. Эгер момун болгонуӊарда, бул – силер үчүн жакшыраак болот эле.
  • وَ لَا تَقۡعُدُوۡا بِکُلِّ صِرَاطٍ تُوۡعِدُوۡنَ وَ تَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ مَنۡ اٰمَنَ بِہٖ وَ تَبۡغُوۡنَہَا عِوَجًا ۚ وَ اذۡکُرُوۡۤا اِذۡ کُنۡتُمۡ قَلِیۡلًا فَکَثَّرَکُمۡ ۪ وَ انۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۸۷﴾
    7 : 87 Ошондой эле ар бир жолдо (адамдарды) коркутуу жана Аллага ыйман келтирген кишини Алланын жолунан тосуу максатында отурбагыла. Силер болсо ал (жол)дун ийри-кыйшык (болушун) көрмөкчүсүӊөр. Силер эӊ эле аз болгонуӊарда, Ал силерди көбөйткөнүн эстегиле. Бүлүк салуучулардын акыбети кандай болгонун көрүп койгула!
  • وَ اِنۡ کَانَ طَآئِفَۃٌ مِّنۡکُمۡ اٰمَنُوۡا بِالَّذِیۡۤ اُرۡسِلۡتُ بِہٖ وَ طَآئِفَۃٌ لَّمۡ یُؤۡمِنُوۡا فَاصۡبِرُوۡا حَتّٰی یَحۡکُمَ اللّٰہُ بَیۡنَنَا ۚ وَ ہُوَ خَیۡرُ الۡحٰکِمِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    7 : 88 Эгер араӊардан бир тайпа мага берип жиберилген (хидаят)ка ыйман келтирген болсо жана бир тайпа ыйман келтирбеген болсо, анда Алла биздин ортобузда өкүм чыгармайынча, сабыр кылгыла. Ал өкүм чыгаруучулардын эӊ жакшысы».
  • قَالَ الۡمَلَاُ الَّذِیۡنَ اسۡتَکۡبَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖ لَنُخۡرِجَنَّکَ یٰشُعَیۡبُ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَکَ مِنۡ قَرۡیَتِنَاۤ اَوۡ لَتَعُوۡدُنَّ فِیۡ مِلَّتِنَا ؕ قَالَ اَوَ لَوۡ کُنَّا کٰرِہِیۡنَ ﴿۟۸۹﴾
    7 : 89 Анын коомунун текеберлик кылган башчылары айтышты: «Эй, Шуайб! Биз албетте, сени жана сени менен бирге ыйман келтирген кишилерди кыштагыбыздан кууп жиберебиз же силер, албетте, биздин динибизге кайтасыӊар». Ал айтты: «Эгер биз катуу жек көрүп жаткан болсок дагыбы?
  • قَدِ افۡتَرَیۡنَا عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اِنۡ عُدۡنَا فِیۡ مِلَّتِکُمۡ بَعۡدَ اِذۡ نَجّٰنَا اللّٰہُ مِنۡہَا ؕ وَ مَا یَکُوۡنُ لَنَاۤ اَنۡ نَّعُوۡدَ فِیۡہَاۤ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ رَبُّنَا ؕ وَسِعَ رَبُّنَا کُلَّ شَیۡءٍ عِلۡمًا ؕ عَلَی اللّٰہِ تَوَکَّلۡنَا ؕ رَبَّنَا افۡتَحۡ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَ قَوۡمِنَا بِالۡحَقِّ وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الۡفٰتِحِیۡنَ ﴿۹۰﴾
    7 : 90 Алла бизди андан куткаргандан кийин, эгер биз дагы силердин диниӊерге кайтып өтсөк, анда, албетте, биз Аллага каршы жалган-айыӊ чыгаруучу болуп калабыз! Ага кайтуу биз үчүн такыр мүмкүн эмес. Ооба, эгер биздин Раббибиз – Алла ушундай болууну кааласа, бул башка кеп. Биздин Раббибиз илим жагынан бардык нерселерди курчап алган. Биз Аллага гана тобокел кылабыз. Эй, Раббибиз! Биз жана коомубуздун ортосунда чындык менен өкүм кылгын, Сен өкүм кылуучулардын эӊ жакшысысыӊ!»
  • وَ قَالَ الۡمَلَاُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَوۡمِہٖ لَئِنِ اتَّبَعۡتُمۡ شُعَیۡبًا اِنَّکُمۡ اِذًا لَّخٰسِرُوۡنَ ﴿۹۱﴾
    7 : 91 Анын коомунун каапырлык кылган башчылары: «Эгер Шуайбды ээрчисеӊер, албетте, зыян көрүүчү болуп каласыӊар», - дешти.
  • فَاَخَذَتۡہُمُ الرَّجۡفَۃُ فَاَصۡبَحُوۡا فِیۡ دَارِہِمۡ جٰثِمِیۡنَ ﴿ۚۖۛ۹۲﴾
    7 : 92 Ошентип, аларды (дагы) бир катуу жер титирөө тутуп алды. Ошондо, алар өз үйлөрүндө тизелеп турган абалдарында калышты.
  • الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا شُعَیۡبًا کَاَنۡ لَّمۡ یَغۡنَوۡا فِیۡہَا ۚۛ اَلَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا شُعَیۡبًا کَانُوۡا ہُمُ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۹۳﴾
    7 : 93 Шуайбды жалганчыга чыгаргандар тим эле эч качан ал (жер)де жашабагандай болушту. Шуайбды жалганчыга чыгаргандар гана зыян көрүүчүлөр эле.
  • فَتَوَلّٰی عَنۡہُمۡ وَ قَالَ یٰقَوۡمِ لَقَدۡ اَبۡلَغۡتُکُمۡ رِسٰلٰتِ رَبِّیۡ وَ نَصَحۡتُ لَکُمۡ ۚ فَکَیۡفَ اٰسٰی عَلٰی قَوۡمٍ کٰفِرِیۡنَ ﴿٪۹۴﴾
    7 : 94 Ошондо, ал алардан жүз буруп алды жана айтты: «Эй , коомум! Албетте, мен силерге Раббимдин бардык кабарларын жакшылап жеткирип болдум жана силерге насаат (дагы) кылып бүттүм. Ошондуктан, четке кагуучу коомго кандай күйөйүн?»
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا فِیۡ قَرۡیَۃٍ مِّنۡ نَّبِیٍّ اِلَّاۤ اَخَذۡنَاۤ اَہۡلَہَا بِالۡبَاۡسَآءِ وَ الضَّرَّآءِ لَعَلَّہُمۡ یَضَّرَّعُوۡنَ ﴿۹۵﴾
    7 : 95 Биз кандайдыр бир кыштакка бир пайгамбарды жөнөтпөдүк, бирок ал жерде тургандар кээде муктаждыкка, кээде кырсыкка кирептер кылдык. Балким, алар тобо кылышаар.
  • ثُمَّ بَدَّلۡنَا مَکَانَ السَّیِّئَۃِ الۡحَسَنَۃَ حَتّٰی عَفَوۡا وَّ قَالُوۡا قَدۡ مَسَّ اٰبَآءَنَا الضَّرَّآءُ وَ السَّرَّآءُ فَاَخَذۡنٰہُمۡ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۹۶﴾
    7 : 96 Анан Биз жаман абалды жакшысына айландырдык, а түгүл алар (ага) кайдыгер болуп: «(Илгери дагы) биздин ата-бабаларыбызга балээ жана кеӊчилик келээр эле», - деп айта башташты. Ошондуктан, Биз аларды күтүлбөстөн кармап алдык. Алар эч кандай аӊ-сезимге ээ эмес эле.
  • وَ لَوۡ اَنَّ اَہۡلَ الۡقُرٰۤی اٰمَنُوۡا وَ اتَّقَوۡا لَفَتَحۡنَا عَلَیۡہِمۡ بَرَکٰتٍ مِّنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ وَ لٰکِنۡ کَذَّبُوۡا فَاَخَذۡنٰہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    7 : 97 Эгер кыштактардын эли ыйман келтирип, (Алладан) коркконунда, Биз албетте, аларга асмандан дагы, жерден дагы береке эшиктерин ачып коёр элек. Бирок, алар жалганчыга чыгарышты. Ошондуктан, аларды өздөрүнүн кылмыштары себебинен кармап алдык.
  • اَفَاَمِنَ اَہۡلُ الۡقُرٰۤی اَنۡ یَّاۡتِیَہُمۡ بَاۡسُنَا بَیَاتًا وَّ ہُمۡ نَآئِمُوۡنَ ﴿ؕ۹۸﴾
    7 : 98 Эмне, кыштактардын эли Биздин азап алардын үстүнө түн ичинде, алар уктап жатканда келишинен коопсузбу?
  • اَوَ اَمِنَ اَہۡلُ الۡقُرٰۤی اَنۡ یَّاۡتِیَہُمۡ بَاۡسُنَا ضُحًی وَّ ہُمۡ یَلۡعَبُوۡنَ ﴿۹۹﴾
    7 : 99 Же кыштактардын эли Биздин азап алардын үстүнө шашкеде, алар ойноп-күлүп жатканында келишинен коопсузбу?
  • اَفَاَمِنُوۡا مَکۡرَ اللّٰہِ ۚ فَلَا یَاۡمَنُ مَکۡرَ اللّٰہِ اِلَّا الۡقَوۡمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿٪۱۰۰﴾
    7 : 100 Ошентип, алар Алланын иш-планынан коопсузбу? Демек, зыян көрүүчү коомдон бөлөк эч ким: «Алланын иш-планынан коопсузмун», - деп айта албайт.
  • اَوَ لَمۡ یَہۡدِ لِلَّذِیۡنَ یَرِثُوۡنَ الۡاَرۡضَ مِنۡۢ بَعۡدِ اَہۡلِہَاۤ اَنۡ لَّوۡ نَشَآءُ اَصَبۡنٰہُمۡ بِذُنُوۡبِہِمۡ ۚ وَ نَطۡبَعُ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ فَہُمۡ لَا یَسۡمَعُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    7 : 101 Жерге анын жашоочуларынан кийин мураскер болгондорду «Биз эгер кааласак, аларды кылган күнөөлөрү үчүн жазалашыбыз жана алардын жүрөктөрүн мөөрлөп коюшубуз мүмкүн, анан алар эч нерсени укпай, (түшүнбөй) калышы мүмкүн», - деген нерсе дагы хидаят кыла албадыбы?
  • تِلۡکَ الۡقُرٰی نَقُصُّ عَلَیۡکَ مِنۡ اَنۡۢبَآئِہَا ۚ وَ لَقَدۡ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ ۚ فَمَا کَانُوۡا لِیُؤۡمِنُوۡا بِمَا کَذَّبُوۡا مِنۡ قَبۡلُ ؕ کَذٰلِکَ یَطۡبَعُ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۰۲﴾
    7 : 102 Булар – кабарларынан айрымдарын Биз сага баян кылып жаткан кыштактар. Албетте, алардын пайгамбарлары аларга ачык-айкын аят-белгилер менен келишкен эле. Бирок, алар мындан мурун (дагы пайгамбарларды) жалганчыга чыгаргандыгы себебинен аларга ыйман келтире алышпады. Алла каапырлардын жүрөктөрүн мына ушундай мөөрлөп коёт.
  • وَ مَا وَجَدۡنَا لِاَکۡثَرِہِمۡ مِّنۡ عَہۡدٍ ۚ وَ اِنۡ وَّجَدۡنَاۤ اَکۡثَرَہُمۡ لَفٰسِقِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    7 : 103 Биз алардын көпчүлүгүнүн кандайдыр бир убадасына турганын көрбөдүк. Албетте, Биз алардын көпчүлүгүн фасык-бузуку деп таптык.
  • ثُمَّ بَعَثۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ مُّوۡسٰی بِاٰیٰتِنَاۤ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ فَظَلَمُوۡا بِہَا ۚ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۱۰۴﴾
    7 : 104 Анан алардан кийин Биз Мусаны Өз аяттарыбыз менен Фараон жана анын сардарларына жөнөттүк, алар аларга (аят-жышаандарга) ынсапсыздык кылышты. Демек, бүлүк салуучулардын акыбети кандай болгонун көрүп кой!
  • وَ قَالَ مُوۡسٰی یٰفِرۡعَوۡنُ اِنِّیۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡ رَّبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۰۵﴾ۙ
    7 : 105 Муса айтты: «Эй, Фараон! Мен, албетте, бардык ааламдардын Раббиси тарабынан бир пайгамбармын.
  • حَقِیۡقٌ عَلٰۤی اَنۡ لَّاۤ اَقُوۡلَ عَلَی اللّٰہِ اِلَّا الۡحَقَّ ؕ قَدۡ جِئۡتُکُمۡ بِبَیِّنَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ فَاَرۡسِلۡ مَعِیَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿۱۰۶﴾ؕ
    7 : 106 Алла жөнүндө акыйкаттан бөлөк эч нерсени айтпастыгым мага парыз. Албетте, мен силерге Раббиӊер тарабынан бир ачык аят-белги менен келдим. Ошондуктан, Исрааийл балдарын мени менен бирге жибергин».
  • قَالَ اِنۡ کُنۡتَ جِئۡتَ بِاٰیَۃٍ فَاۡتِ بِہَاۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    7 : 107 Ал айтты: «Эгер сен чынчылдардан болсоӊ, бир дагы аят-белгини келтирген болсоӊ, кана, аны ортого таштачы?»
  • فَاَلۡقٰی عَصَاہُ فَاِذَا ہِیَ ثُعۡبَانٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۰۸﴾ۚۖ
    7 : 108 Ошондо, ал өз аса-таягын таштады, күтүлбөстөн ал ачык-даана көрүнүп турган ажыдаар болуп калды.
  • وَّ نَزَعَ یَدَہٗ فَاِذَا ہِیَ بَیۡضَآءُ لِلنّٰظِرِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾٪
    7 : 109 Жана ал өз колун чыгарды, ал күтүлбөстөн көрүүчүлөргө аппак болуп көрүнө баштады.
  • قَالَ الۡمَلَاُ مِنۡ قَوۡمِ فِرۡعَوۡنَ اِنَّ ہٰذَا لَسٰحِرٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۱۰﴾ۙ
    7 : 110 Фараондун коомунун башчылары айтышты: «Албетте, бул бир чебер сыйкырчы.
  • یُّرِیۡدُ اَنۡ یُّخۡرِجَکُمۡ مِّنۡ اَرۡضِکُمۡ ۚ فَمَا ذَا تَاۡمُرُوۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    7 : 111 Ал силерди мамлекетиӊерден кууп чыгармакчы». (Ошондо Фараон айтты): «Силер кандай кеӊеш бересиӊер?»
  • قَالُوۡۤا اَرۡجِہۡ وَ اَخَاہُ وَ اَرۡسِلۡ فِی الۡمَدَآئِنِ حٰشِرِیۡنَ ﴿۱۱۲﴾ۙ
    7 : 112 Алар айтышты: «Ага жана анын бир тууганына бир аз мөөнөт бергин жана түрдүү шаарларга чогултуучуларды жибергин.
  • یَاۡتُوۡکَ بِکُلِّ سٰحِرٍ عَلِیۡمٍ ﴿۱۱۳﴾
    7 : 113 Алар ар түрдүү мыкты сыйкырчыларды сенин жаныӊа келтиришсин».
  • وَ جَآءَ السَّحَرَۃُ فِرۡعَوۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ لَنَا لَاَجۡرًا اِنۡ کُنَّا نَحۡنُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    7 : 114 Сыйкырчылар Фараондун алдына келип, айтышты: «Эгер биз жеӊүүчү болсок, бизге кандайдыр бир чоӊ сыйлык болобу?»
  • قَالَ نَعَمۡ وَ اِنَّکُمۡ لَمِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    7 : 115 Ал айтты: «Ооба! Силер, албетте, менин жакындарыман дагы болуп каласыӊар».
  • قَالُوۡا یٰمُوۡسٰۤی اِمَّاۤ اَنۡ تُلۡقِیَ وَ اِمَّاۤ اَنۡ نَّکُوۡنَ نَحۡنُ الۡمُلۡقِیۡنَ ﴿۱۱۶﴾
    7 : 116 Алар айтышты: «Эй, Муса! Же сен (биринчи болуп) ташта, же биз (биринчи) таштоочу бололу».
  • قَالَ اَلۡقُوۡا ۚ فَلَمَّاۤ اَلۡقَوۡا سَحَرُوۡۤا اَعۡیُنَ النَّاسِ وَ اسۡتَرۡہَبُوۡہُمۡ وَ جَآءُوۡ بِسِحۡرٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۱۷﴾
    7 : 117 Ал айтты: «Силер таштагыла!» Ошентип, алар ташташканда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап коюшту жана аларды катуу коркутуп коюшту. Алар бир зор сыйкыр келтиришти.
  • وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اَنۡ اَلۡقِ عَصَاکَ ۚ فَاِذَا ہِیَ تَلۡقَفُ مَا یَاۡفِکُوۡنَ ﴿۱۱۸﴾ۚ
    7 : 118 Биз Мусага вахий-аян кылдык: «Таягыӊды ташта!» Ошентип, кокустан ал алар ойлоп тапкан жалганды жута баштады.
  • فَوَقَعَ الۡحَقُّ وَ بَطَلَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۱۹﴾ۚ
    7 : 119 Ошентип, акыйкат орноду жана алар кылган нерселер жалган болуп чыкты.
  • فَغُلِبُوۡا ہُنَالِکَ وَ انۡقَلَبُوۡا صٰغِرِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾ۚ
    7 : 120 Ошентип, алар ошол жерде жеӊилүүгө учуратылды жана кор болуп кайтышты.
  • وَ اُلۡقِیَ السَّحَرَۃُ سٰجِدِیۡنَ ﴿۱۲۱﴾ۚۖ
    7 : 121 Сыйкырчылар саждага жыгылтылды.
  • قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۲۲﴾ۙ
    7 : 122 Алар айтышты: «Биз бардык ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик –
  • رَبِّ مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    7 : 123 Муса жана Хаарундун Раббисине».
  • قَالَ فِرۡعَوۡنُ اٰمَنۡتُمۡ بِہٖ قَبۡلَ اَنۡ اٰذَنَ لَکُمۡ ۚ اِنَّ ہٰذَا لَمَکۡرٌ مَّکَرۡتُمُوۡہُ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ لِتُخۡرِجُوۡا مِنۡہَاۤ اَہۡلَہَا ۚ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    7 : 124 Фараон айтты: «Мен силерге уруксат беришимден мурунураак, силер ага ыйман келтирдиӊерби? Бул албетте, (шаардын) элин андан чыгарып алып кетишиӊер үчүн, силер шаарда ойлоп чыгарган бир айла-амалыӊар. Демек, тез арада силер билип аласыӊар.
  • لَاُقَطِّعَنَّ اَیۡدِیَکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ مِّنۡ خِلَافٍ ثُمَّ لَاُصَلِّبَنَّکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    7 : 125 Мен албетте, силердин колдоруӊар жана буттарыӊарды карама-каршы жактарынан кесип таштаймын. Анан албетте, мен силердин баарыӊарды чогу дарга асамын».
  • قَالُوۡۤا اِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا مُنۡقَلِبُوۡنَ ﴿۱۲۶﴾ۚ
    7 : 126 Алар айтышты: « Албетте, биз өз Раббибизге гана кайтуучубуз.
  • وَ مَا تَنۡقِمُ مِنَّاۤ اِلَّاۤ اَنۡ اٰمَنَّا بِاٰیٰتِ رَبِّنَا لَمَّا جَآءَتۡنَا ؕ رَبَّنَاۤ اَفۡرِغۡ عَلَیۡنَا صَبۡرًا وَّ تَوَفَّنَا مُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۲۷﴾٪
    7 : 127 Сен болсо, Раббибиздин аят-белгилери бизге келгенде, аларга ыйман келтиргенибиз үчүн гана бизге күнөө коёсуӊ. Эй, Раббибиз! Бизге сабыр түшүргүн жана бизди мусулман бойдон өлтүргүн».
  • وَ قَالَ الۡمَلَاُ مِنۡ قَوۡمِ فِرۡعَوۡنَ اَتَذَرُ مُوۡسٰی وَ قَوۡمَہٗ لِیُفۡسِدُوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ یَذَرَکَ وَ اٰلِہَتَکَ ؕ قَالَ سَنُقَتِّلُ اَبۡنَآءَہُمۡ وَ نَسۡتَحۡیٖ نِسَآءَہُمۡ ۚ وَ اِنَّا فَوۡقَہُمۡ قٰہِرُوۡنَ ﴿۱۲۸﴾
    7 : 128 Фараондун коомунун башчылары айтышты: «Сен Муса жана анын коомун, алар жерде бүлүк салуулары үчүн, ошондой эле сени жана сенин кудайларыӊды дагы таштап коюулары үчүн эркин коё бересиӊби?» Ал айтты: «Биз албетте, алардын уулдарын таш боордук менен өлтүрөбүз жана алардын аялдарын тирүү калтырабыз. Албетте, Биз алардын үстүнөн абдан каардуубуз».
  • قَالَ مُوۡسٰی لِقَوۡمِہِ اسۡتَعِیۡنُوۡا بِاللّٰہِ وَ اصۡبِرُوۡا ۚ اِنَّ الۡاَرۡضَ لِلّٰہِ ۟ۙ یُوۡرِثُہَا مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ ؕ وَ الۡعَاقِبَۃُ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۲۹﴾
    7 : 129 Муса өз коомуна айтты: «Алладан жардам тилегиле жана сабыр кылгыла. Албетте, мамлекет Алланыкы. Ал Өз пенделеринен каалаганын ага мураскер кылып коёт. Акыбет жалаӊ такыбалардыкы болот.
  • قَالُوۡۤا اُوۡذِیۡنَا مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تَاۡتِیَنَا وَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جِئۡتَنَا ؕ قَالَ عَسٰی رَبُّکُمۡ اَنۡ یُّہۡلِکَ عَدُوَّکُمۡ وَ یَسۡتَخۡلِفَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرَ کَیۡفَ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۳۰﴾٪
    7 : 130 Алар айтышты: «Сенин биздин алдыбызга келишиӊен мурун дагы, сенин биздин алдыбызга келгениӊден кийин дагы биз кысмакка алындык». Ал айтты: «Ыктымал, Раббиӊер душмандарыӊарды жок кылар, анан силердин кандайча амал кылууӊарды көрүү үчүн жерге силерди мураскер кылып коёр».
  • وَ لَقَدۡ اَخَذۡنَاۤ اٰلَ فِرۡعَوۡنَ بِالسِّنِیۡنَ وَ نَقۡصٍ مِّنَ الثَّمَرٰتِ لَعَلَّہُمۡ یَذَّکَّرُوۡنَ ﴿۱۳۱﴾
    7 : 131 Албетте, Биз Фараондун үй-бүлөсүн алар ибарат алышсын үчүн каатчылыктар жана мөмөлөрдүн жетишпестиги аркылуу тутуп алдык.
  • فَاِذَا جَآءَتۡہُمُ الۡحَسَنَۃُ قَالُوۡا لَنَا ہٰذِہٖ ۚ وَ اِنۡ تُصِبۡہُمۡ سَیِّئَۃٌ یَّطَّیَّرُوۡا بِمُوۡسٰی وَ مَنۡ مَّعَہٗ ؕ اَلَاۤ اِنَّمَا طٰٓئِرُہُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۳۲﴾
    7 : 132 Ошентип, алар өздөрүнө кандайдыр бир жакшылык келгенде: «Бул жалаӊ биз үчүн», - дешээр эле жана алар өздөрүнө кандайдыр бир жаманчылык тийгенде: «Бул Муса жана анын жолдошторунун кесепети», - деп билишээр эле. Уккула! Алардын кесепети жалгыз Алланын алдында, бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • وَ قَالُوۡا مَہۡمَا تَاۡتِنَا بِہٖ مِنۡ اٰیَۃٍ لِّتَسۡحَرَنَا بِہَا ۙ فَمَا نَحۡنُ لَکَ بِمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۳۳﴾
    7 : 133 Жана алар: «Бизди аны менен сыйкырлашыӊ үчүн сен каалаган аят-жышаанды келтирсеӊ да, биз сага эч качан ыйман келтирүүчү эмеспиз», - дешти.
  • فَاَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمُ الطُّوۡفَانَ وَ الۡجَرَادَ وَ الۡقُمَّلَ وَ الضَّفَادِعَ وَ الدَّمَ اٰیٰتٍ مُّفَصَّلٰتٍ ۟ فَاسۡتَکۡبَرُوۡا وَ کَانُوۡا قَوۡمًا مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾
    7 : 134 Ошондуктан, Биз алардын үстүнө топон, чегиртке, бит, курбака жана кан жөнөттүк - булар башка-башка аят-жышаандар эле. Ошондо дагы алар текеберлик кылышты. Алар күнөөкөр коом болчу.
  • وَ لَمَّا وَقَعَ عَلَیۡہِمُ الرِّجۡزُ قَالُوۡا یٰمُوۡسَی ادۡعُ لَنَا رَبَّکَ بِمَا عَہِدَ عِنۡدَکَ ۚ لَئِنۡ کَشَفۡتَ عَنَّا الرِّجۡزَ لَنُؤۡمِنَنَّ لَکَ وَ لَنُرۡسِلَنَّ مَعَکَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿۱۳۵﴾ۚ
    7 : 135 Ар бир жолу алардын үстүнө азап түшкөндө, алар: «Эй, Муса! Раббиӊе Ал сени менен кылган ант-убаданын атынан дуба кылгын. Демек, эгер сен бул азапты бизден кетирсеӊ, албетте, биз сенин сөзүӊө киребиз жана албетте, Исрааийл балдарын сени менен бирге жиберебиз», - дешээр эле.
  • فَلَمَّا کَشَفۡنَا عَنۡہُمُ الرِّجۡزَ اِلٰۤی اَجَلٍ ہُمۡ بٰلِغُوۡہُ اِذَا ہُمۡ یَنۡکُثُوۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    7 : 136 Ошентип, Биз алар жетип баруулары шарт болгон бир белгилүү мөөнөткө чейин азапты алардан кетиргенибизде, алар кокустан ант-убадасын буза башташты.
  • فَانۡتَقَمۡنَا مِنۡہُمۡ فَاَغۡرَقۡنٰہُمۡ فِی الۡیَمِّ بِاَنَّہُمۡ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ کَانُوۡا عَنۡہَا غٰفِلِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾
    7 : 137 Ошондуктан, Биз алардан өч алдык жана аларды деӊизге чөктүрдүк. Себеби, алар Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарган эле. Өздөрү алардан кабарсыз болушкан.
  • وَ اَوۡرَثۡنَا الۡقَوۡمَ الَّذِیۡنَ کَانُوۡا یُسۡتَضۡعَفُوۡنَ مَشَارِقَ الۡاَرۡضِ وَ مَغَارِبَہَا الَّتِیۡ بٰرَکۡنَا فِیۡہَا ؕ وَ تَمَّتۡ کَلِمَتُ رَبِّکَ الۡحُسۡنٰی عَلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ۬ۙ بِمَا صَبَرُوۡا ؕ وَ دَمَّرۡنَا مَا کَانَ یَصۡنَعُ فِرۡعَوۡنُ وَ قَوۡمُہٗ وَ مَا کَانُوۡا یَعۡرِشُوۡنَ ﴿۱۳۸﴾
    7 : 138 Биз (жерде) алсыз деп эсептелген кишилерди Өзүбүз берекелүү кылган жердин чыгыштарына жана батыштарына мураскер кылдык; ошондой эле Исрааийл балдары жөнүндө алар кылган сабырдуулуктун себебинен Раббиӊдин эӊ сонун сөздөрү ишке ашты. Биз Фараон жана анын коому кылып жаткан иштерди жана алар куруп жаткан бийик имараттарды жер менен жексен кылдык.
  • وَ جٰوَزۡنَا بِبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ الۡبَحۡرَ فَاَتَوۡا عَلٰی قَوۡمٍ یَّعۡکُفُوۡنَ عَلٰۤی اَصۡنَامٍ لَّہُمۡ ۚ قَالُوۡا یٰمُوۡسَی اجۡعَلۡ لَّنَاۤ اِلٰـہًا کَمَا لَہُمۡ اٰلِـہَۃٌ ؕ قَالَ اِنَّکُمۡ قَوۡمٌ تَجۡہَلُوۡنَ ﴿۱۳۹﴾
    7 : 139 Биз Исрааийл балдарын деӊизден өткөрүп койдук. Анан алар өз буттарынын алдында (аларга ибадат кылып) отурган бир коомдун жанынан өтүштү. Алар айтышты: «Эй, Муса! Бизге дагы кудум алардын кудайлары сыяктуу кудай жасап бер». Ал жооп кылды: «Албетте, силер бир өтө наадан коомсуӊар.
  • اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ مُتَبَّرٌ مَّا ہُمۡ فِیۡہِ وَ بٰطِلٌ مَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۴۰﴾
    7 : 140 Албетте, мына ушулар турган абал жок болуучу жана алар кылып жаткан амалдар жалган».
  • قَالَ اَغَیۡرَ اللّٰہِ اَبۡغِیۡکُمۡ اِلٰـہًا وَّ ہُوَ فَضَّلَکُمۡ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۴۱﴾
    7 : 141 Ал айтты: «Мен силерге Алладан өзгө кандайдыр бир кудайды ыраа көрө аламынбы? Чынында, Ал (Алла) гана силерди бардык ааламдардан абзел кылган».
  • وَ اِذۡ اَنۡجَیۡنٰکُمۡ مِّنۡ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ یَسُوۡمُوۡنَکُمۡ سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ ۚ یُقَتِّلُوۡنَ اَبۡنَآءَکُمۡ وَ یَسۡتَحۡیُوۡنَ نِسَآءَکُمۡ ؕ وَ فِیۡ ذٰلِکُمۡ بَلَآءٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ عَظِیۡمٌ ﴿۱۴۲﴾٪
    7 : 142 Биз силерге катуу азап берип жаткан Фараондун коомунан силерди куткарганыбыз(ды эстегиле). Алар уулдарыӊарды таш боордук менен өлтүрчү жана аялдарыӊарды тирүү калтырчу эле. Мында Раббиӊер тарабынан силер үчүн үлкөн сыноо бар эле.
  • وَ وٰعَدۡنَا مُوۡسٰی ثَلٰثِیۡنَ لَیۡلَۃً وَّ اَتۡمَمۡنٰہَا بِعَشۡرٍ فَتَمَّ مِیۡقَاتُ رَبِّہٖۤ اَرۡبَعِیۡنَ لَیۡلَۃً ۚ وَ قَالَ مُوۡسٰی لِاَخِیۡہِ ہٰرُوۡنَ اخۡلُفۡنِیۡ فِیۡ قَوۡمِیۡ وَ اَصۡلِحۡ وَ لَا تَتَّبِعۡ سَبِیۡلَ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۱۴۳﴾
    7 : 143 Биз Мусага отуз түнгө убада бердик жана аны (дагы) он (түн) менен толуктадук. Ушундайча, анын Раббисинин белгилеген мөөнөтү кырк түндө чегине жетти. Муса өзүнүн бир тууганы Хаарунга айтты: «Коомумда менин орун басарым бол, оӊдогун, бүлүк салуучулардын жолунда жүрбө!»
  • وَ لَمَّا جَآءَ مُوۡسٰی لِمِیۡقَاتِنَا وَ کَلَّمَہٗ رَبُّہٗ ۙ قَالَ رَبِّ اَرِنِیۡۤ اَنۡظُرۡ اِلَیۡکَ ؕ قَالَ لَنۡ تَرٰٮنِیۡ وَ لٰکِنِ انۡظُرۡ اِلَی الۡجَبَلِ فَاِنِ اسۡتَقَرَّ مَکَانَہٗ فَسَوۡفَ تَرٰٮنِیۡ ۚ فَلَمَّا تَجَلّٰی رَبُّہٗ لِلۡجَبَلِ جَعَلَہٗ دَکًّا وَّ خَرَّ مُوۡسٰی صَعِقًا ۚ فَلَمَّاۤ اَفَاقَ قَالَ سُبۡحٰنَکَ تُبۡتُ اِلَیۡکَ وَ اَنَا اَوَّلُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۴۴﴾
    7 : 144 Муса Биздин белгилеген убактыбызда келгенде жана Раббиси ага сүйлөгөндө, Муса айтты: «Эй, Раббим! Мага көрсөткүн, мен Сени жакшылап көрөйүн». Ал (Алла) айтты: «Сен эч качан Мени көрө албайсыӊ, бирок тоого кара! Демек, эгер ал өз жайында былк этпей тура алса, анда сен дагы Мени көрө аласыӊ». Ошентип, анын Раббиси тоодо нурданганда, аны майда-майда кылып жиберди жана Муса эсинен танып жыгылды. Анан ал өзүнө келгенде, айтты: «Өзүӊ ыйыксыӊ, мен тобо кылган бойдон Сага барамын жана мен момундардын биринчисимин».
  • قَالَ یٰمُوۡسٰۤی اِنِّی اصۡطَفَیۡتُکَ عَلَی النَّاسِ بِرِسٰلٰتِیۡ وَ بِکَلَامِیۡ ۫ۖ فَخُذۡ مَاۤ اٰتَیۡتُکَ وَ کُنۡ مِّنَ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۱۴۵﴾
    7 : 145 Ал айтты: «Эй, Муса! Албетте, Мен сени Өз кабарларым жана Өз сөзүм аркылуу бардык адамдардан жогору койдум. Ошондуктан, Мен сага берген нерсени кармап тур жана шүкүр кылуучулардан бол!»
  • وَ کَتَبۡنَا لَہٗ فِی الۡاَلۡوَاحِ مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ مَّوۡعِظَۃً وَّ تَفۡصِیۡلًا لِّکُلِّ شَیۡءٍ ۚ فَخُذۡہَا بِقُوَّۃٍ وَّ اۡمُرۡ قَوۡمَکَ یَاۡخُذُوۡا بِاَحۡسَنِہَا ؕ سَاُورِیۡکُمۡ دَارَ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿۱۴۶﴾
    7 : 146 Биз ал үчүн тактайчаларга бардык нерсени жазып койгон элек: (ал) ибарат катары болгон жана бардык нерселер түшүндүрмөсүн баян кылуучу эле. Демек, аларды бекем кармагын жана өз коомуӊа: «Бул таалимдин эӊ жакшы жактарын кармап тургула», - деп буюргун. Тез арада Мен силерге фасыктардын үйүн дагы көрсөтөмүн.
  • سَاَصۡرِفُ عَنۡ اٰیٰتِیَ الَّذِیۡنَ یَتَکَبَّرُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ ؕ وَ اِنۡ یَّرَوۡا کُلَّ اٰیَۃٍ لَّا یُؤۡمِنُوۡا بِہَا ۚ وَ اِنۡ یَّرَوۡا سَبِیۡلَ الرُّشۡدِ لَا یَتَّخِذُوۡہُ سَبِیۡلًا ۚ وَ اِنۡ یَّرَوۡا سَبِیۡلَ الۡغَیِّ یَتَّخِذُوۡہُ سَبِیۡلًا ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ کَانُوۡا عَنۡہَا غٰفِلِیۡنَ ﴿۱۴۷﴾
    7 : 147 Мен жерде акысыз текеберлик кыла турган бирөөлөр(дүн көӊүлү)н аяттарыман буруп жиберемин. Эгер алар ар бир аят-жышаанды көрүшсө дагы, ага ыйман келтиришпейт жана эгер алар хидаят жолун көрүшсө, аны жол кылып алышпайт. Ал эми, эгер алар адашуу жолун көрүшсө, аны өздөрүнө жол кылып алышат. Буга себеп, алар Биздин аят-жышаандарыбызды жалган деп билишкен. Өздөрү алардан кайдыгер болуучулар .
  • وَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ لِقَآءِ الۡاٰخِرَۃِ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ ؕ ہَلۡ یُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۴۸﴾٪
    7 : 148 Биздин аяттарыбызды жана акыреттин учурашуусун жалган дегендер -алардын амалдары текке кетти. Аларга өздөрү кылган амалдарынан башка эч кандай «сыйлык» берилбейт.
  • وَ اتَّخَذَ قَوۡمُ مُوۡسٰی مِنۡۢ بَعۡدِہٖ مِنۡ حُلِیِّہِمۡ عِجۡلًا جَسَدًا لَّہٗ خُوَارٌ ؕ اَلَمۡ یَرَوۡا اَنَّہٗ لَا یُکَلِّمُہُمۡ وَ لَا یَہۡدِیۡہِمۡ سَبِیۡلًا ۘ اِتَّخَذُوۡہُ وَ کَانُوۡا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۱۴۹﴾
    7 : 149 Мусанын коому анын жоктугунда өздөрүнүн жасалга буюмдарынан бир музоону (кудай кылып) алды: ал бир (жансыз) дене болчу, андан музоо мөөрөгөндөй үн чыгаар эле. Алар анын өздөрү менен сүйлөшө албастыгы жана өздөрүн (туура) жолго багыттай албастыгына көӊүл бурушпадыбы? Алар аны (кудай) кылып алышты. Алар зулумдук кылуучулар болчу.
  • وَ لَمَّا سُقِطَ فِیۡۤ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ رَاَوۡا اَنَّہُمۡ قَدۡ ضَلُّوۡا ۙ قَالُوۡا لَئِنۡ لَّمۡ یَرۡحَمۡنَا رَبُّنَا وَ یَغۡفِرۡ لَنَا لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۱۵۰﴾
    7 : 150 Алар шерменде болуп калышканда жана өздөрүнүн адашып кеткендиктерин билип алышканда, айтышты: «Эгер Раббибиз бизге ырайым кылбаса жана бизди кечирбесе, биз албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз».
  • وَ لَمَّا رَجَعَ مُوۡسٰۤی اِلٰی قَوۡمِہٖ غَضۡبَانَ اَسِفًا ۙ قَالَ بِئۡسَمَا خَلَفۡتُمُوۡنِیۡ مِنۡۢ بَعۡدِیۡ ۚ اَعَجِلۡتُمۡ اَمۡرَ رَبِّکُمۡ ۚ وَ اَلۡقَی الۡاَلۡوَاحَ وَ اَخَذَ بِرَاۡسِ اَخِیۡہِ یَجُرُّہٗۤ اِلَیۡہِ ؕ قَالَ ابۡنَ اُمَّ اِنَّ الۡقَوۡمَ اسۡتَضۡعَفُوۡنِیۡ وَ کَادُوۡا یَقۡتُلُوۡنَنِیۡ ۫ۖ فَلَا تُشۡمِتۡ بِیَ الۡاَعۡدَآءَ وَ لَا تَجۡعَلۡنِیۡ مَعَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۵۱﴾
    7 : 151 Муса аябай ачууланып, өкүнгөн бойдон өз коомуна кайтканда, айтты: «Силер жоктугумда мага канчалык жаман орун басарлык кылдыӊар. Эмне, Раббиӊердин буйругу жөнүндө шашылып кеттиӊерби?» Ал тактайчаларды (жерге) таштады жана өзүнүн бир тууганынын башынан аны өзүнө тартып туруп кармады. Ал айтты: «Эй, энемдин уулу! Албетте, коом мени абдан алсыратып койду жана мени өлтүрүп коюуларына аз калды. Ошондуктан, душмандардын менин үстүмөн күлүштөрүнө жол койбо жана мени заалим адамдардан эсептебе».
  • قَالَ رَبِّ اغۡفِرۡ لِیۡ وَ لِاَخِیۡ وَ اَدۡخِلۡنَا فِیۡ رَحۡمَتِکَ ۫ۖ وَ اَنۡتَ اَرۡحَمُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿۱۵۲﴾٪
    7 : 152 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мени дагы, бир тууганымды дагы кечиргин жана бизди Өз рахматыӊа киргизгин, Сен ырайым кылуучулардын эӊ жакшысысыӊ».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوا الۡعِجۡلَ سَیَنَالُہُمۡ غَضَبٌ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ ذِلَّۃٌ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُفۡتَرِیۡنَ ﴿۱۵۳﴾
    7 : 153 Албетте, музоону (кудай кылып) жүргөндөргө сөзсүз өздөрүнүн Раббиси тарабынан каар жана дүйнөлүк жашоодо кордук жетээр. Жалганды «токуп» чыгаруучуларды Биз мына ушундай жазалайбыз.
  • وَ الَّذِیۡنَ عَمِلُوا السَّیِّاٰتِ ثُمَّ تَابُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِہَا وَ اٰمَنُوۡۤا ۫ اِنَّ رَبَّکَ مِنۡۢ بَعۡدِہَا لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۵۴﴾
    7 : 154 Кылмыш кылып, анан тобо кылган жана ыйман келтиргендер - албетте, Раббиӊ ушундан кийин дагы өтө кечирүүчү (жана) кайра -кайра ырайым кылуучу.
  • وَ لَمَّا سَکَتَ عَنۡ مُّوۡسَی الۡغَضَبُ اَخَذَ الۡاَلۡوَاحَ ۚۖ وَ فِیۡ نُسۡخَتِہَا ہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ لِّلَّذِیۡنَ ہُمۡ لِرَبِّہِمۡ یَرۡہَبُوۡنَ ﴿۱۵۵﴾
    7 : 155 Мусанын ачуусу басылгандан кийин, ал тактайчаларды алды. Алардын мазмундарында өз Раббисинен корко тургандар үчүн хидаят жана рахмат бар эле.
  • وَ اخۡتَارَ مُوۡسٰی قَوۡمَہٗ سَبۡعِیۡنَ رَجُلًا لِّمِیۡقَاتِنَا ۚ فَلَمَّاۤ اَخَذَتۡہُمُ الرَّجۡفَۃُ قَالَ رَبِّ لَوۡ شِئۡتَ اَہۡلَکۡتَہُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ وَ اِیَّایَ ؕ اَتُہۡلِکُنَا بِمَا فَعَلَ السُّفَہَآءُ مِنَّا ۚ اِنۡ ہِیَ اِلَّا فِتۡنَتُکَ ؕ تُضِلُّ بِہَا مَنۡ تَشَآءُ وَ تَہۡدِیۡ مَنۡ تَشَآءُ ؕ اَنۡتَ وَلِیُّنَا فَاغۡفِرۡ لَنَا وَ ارۡحَمۡنَا وَ اَنۡتَ خَیۡرُ الۡغٰفِرِیۡنَ ﴿۱۵۶﴾
    7 : 156 Муса биздин белгилеген убактыбыз үчүн өз коомунан жетимиш кишини тандап алды. Демек, аларды жер титирөө тутканда, ал айтты: «Эй, Раббим! Эгер Сен каалаганыӊда, алардын бардыгын жана мени дагы мындан мурунураак жок кылган болоор элеӊ. Эмне, Сен арабыздагы акмактардын кылмыштары үчүн бизди жок кыласыӊбы? Албетте, бул Сен жактан бир сыноо. Ушул (сыноо) аркылуу Сен Өзүӊ каалаган бирөөнү адашкан деп жарыя кыласыӊ жана каалаган кишиге хидаят тартуулайсыӊ. Сен гана биздин досубузсуӊ. Ошондуктан, бизди кечиргин жана бизге ырайым кылгын. Өзүӊ кечирүүчүлөрдүн эӊ жакшысысыӊ.
  • وَ اکۡتُبۡ لَنَا فِیۡ ہٰذِہِ الدُّنۡیَا حَسَنَۃً وَّ فِی الۡاٰخِرَۃِ اِنَّا ہُدۡنَاۤ اِلَیۡکَ ؕ قَالَ عَذَابِیۡۤ اُصِیۡبُ بِہٖ مَنۡ اَشَآءُ ۚ وَ رَحۡمَتِیۡ وَسِعَتۡ کُلَّ شَیۡءٍ ؕ فَسَاَکۡتُبُہَا لِلَّذِیۡنَ یَتَّقُوۡنَ وَ یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِاٰیٰتِنَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۵۷﴾ۚ
    7 : 157 Жана бизге бул дүйнөдө дагы, акыретте дагы жакшылык жазып койгун. Албетте, биз (тобо кылган бойдон) Сага келдик». Ал (Алла) айтты: «Менин Өз азабымды Өзүм каалаган бирөөнө жеткиремин жана менин рахматым бардык нерсени курчап алган. Демек, Мен ал (рахмат)ты такыба жолунда жүргөн, зекет бере турган жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтире турган адамдарга зарыл-важиб кылып коёмун».
  • اَلَّذِیۡنَ یَتَّبِعُوۡنَ الرَّسُوۡلَ النَّبِیَّ الۡاُمِّیَّ الَّذِیۡ یَجِدُوۡنَہٗ مَکۡتُوۡبًا عِنۡدَہُمۡ فِی التَّوۡرٰٮۃِ وَ الۡاِنۡجِیۡلِ ۫ یَاۡمُرُہُمۡ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ یَنۡہٰہُمۡ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ یُحِلُّ لَہُمُ الطَّیِّبٰتِ وَ یُحَرِّمُ عَلَیۡہِمُ الۡخَبٰٓئِثَ وَ یَضَعُ عَنۡہُمۡ اِصۡرَہُمۡ وَ الۡاَغۡلٰلَ الَّتِیۡ کَانَتۡ عَلَیۡہِمۡ ؕ فَالَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِہٖ وَ عَزَّرُوۡہُ وَ نَصَرُوۡہُ وَ اتَّبَعُوا النُّوۡرَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ مَعَہٗۤ ۙ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۵۸﴾٪
    7 : 158 Өздөрүндө Тоорат жана Инжилде жазылган бул Уммий, Набий, Пайгамбарга ыйман келтире турган кишилер аларды ал жакшылыктарга буюрат, аларды жамандыктардан кайтарат, аларга пакиза нерселерди адал кылат жана таза эмес нерселерди арам кылат, ошондой эле алардын жүктөрүн жана үстүндөгү кишендерин алардан алып таштайт. Демек, ага ыйман келтире турган, аны урмат кыла турган, ага жардам бере турган жана аны менен бирге түшүрүлгөн нурды ээрчигендер – мына ошолор ийгилик табуучулар.
  • قُلۡ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنِّیۡ رَسُوۡلُ اللّٰہِ اِلَیۡکُمۡ جَمِیۡعَۨا الَّذِیۡ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۪ فَاٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہِ النَّبِیِّ الۡاُمِّیِّ الَّذِیۡ یُؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ کَلِمٰتِہٖ وَ اتَّبِعُوۡہُ لَعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۵۹﴾
    7 : 159 Айт: «Эй, адамдар! Мен силердин баарыӊарга асмандар жана жер падышачылыгы ээси болгон Алланын Пайгамбарымын, Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ал жашоо тартуулайт жана өлтүрөт. Ошондуктан, Аллага жана Анын сөздөрүнө ыйман келтире турган Уммий, Набий, Пайгамбарга ыйман келтиргиле жана хидаят табууӊар үчүн Аны гана ээрчигиле».
  • وَ مِنۡ قَوۡمِ مُوۡسٰۤی اُمَّۃٌ یَّہۡدُوۡنَ بِالۡحَقِّ وَ بِہٖ یَعۡدِلُوۡنَ ﴿۱۶۰﴾
    7 : 160 Мусанын коомунда дагы чындык менен (адамдарды) хидаят кыла турган жана ал аркылуу адилеттик кыла турган кишилер бар эле.
  • وَ قَطَّعۡنٰہُمُ اثۡنَتَیۡ عَشۡرَۃَ اَسۡبَاطًا اُمَمًا ؕ وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اِذِ اسۡتَسۡقٰٮہُ قَوۡمُہٗۤ اَنِ اضۡرِبۡ بِّعَصَاکَ الۡحَجَرَ ۚ فَانۡۢبَجَسَتۡ مِنۡہُ اثۡنَتَا عَشۡرَۃَ عَیۡنًا ؕ قَدۡ عَلِمَ کُلُّ اُنَاسٍ مَّشۡرَبَہُمۡ ؕ وَ ظَلَّلۡنَا عَلَیۡہِمُ الۡغَمَامَ وَ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡہِمُ الۡمَنَّ وَ السَّلۡوٰی ؕ کُلُوۡا مِنۡ طَیِّبٰتِ مَا رَزَقۡنٰکُمۡ ؕ وَ مَا ظَلَمُوۡنَا وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۶۱﴾
    7 : 161 Биз аларды он эки урууга – коомго бөлүп жибердик. Биз Мусага анын коому андан суу талап кылганда: «Таягыӊ менен асканы ур!» - деп вахий-аян кылдык, ошондо андан он эки булак атылып чыкты жана бардык кишилер өздөрүнүн иче турган жайын билип алышты; ошондой эле Биз алардын үстүнө булуттар көлөкөсүн салдык жана аларга Манна менен Салва түшүрдүк. «Биз силерге ырыскы кылып берген нерселердин тазаларын жегиле», - (дедик). Алар Бизге зулум кылышпады, тескерисинче алар өздөрүнө-өздөрү зулум кылуучулар болчу.
  • وَ اِذۡ قِیۡلَ لَہُمُ اسۡکُنُوۡا ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃَ وَ کُلُوۡا مِنۡہَا حَیۡثُ شِئۡتُمۡ وَ قُوۡلُوۡا حِطَّۃٌ وَّ ادۡخُلُوا الۡبَابَ سُجَّدًا نَّغۡفِرۡ لَکُمۡ خَطِیۡٓـٰٔتِکُمۡ ؕ سَنَزِیۡدُ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۶۲﴾
    7 : 162 Эстегиле, качан аларга мындай айтылды: «Мына ушул кыштакта жашагыла, андагы каалаган жайыӊардан жегиле жана «Хиттатун» (бизди кечиргин), - деп айткыла, ошондой эле баш ийген абалда борбордук дарбазадан киргиле. Биз силердин күнөөлөрүӊөрдү кечиребиз. Биз изги иштер кылуучуларды албетте, көбөйтөбүз».
  • فَبَدَّلَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡہُمۡ قَوۡلًا غَیۡرَ الَّذِیۡ قِیۡلَ لَہُمۡ فَاَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ رِجۡزًا مِّنَ السَّمَآءِ بِمَا کَانُوۡا یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۶۳﴾٪
    7 : 163 Ошондо, алардын арасынан зулумдук кылгандар (аны) өздөрүнө айтылбаган сөзгө алмаштырышты. Анан Биз алардын үстүнө өздөрү кылган зулум себебинен асмандан азап түшүрдүк.
  • وَ سۡـَٔلۡہُمۡ عَنِ الۡقَرۡیَۃِ الَّتِیۡ کَانَتۡ حَاضِرَۃَ الۡبَحۡرِ ۘ اِذۡ یَعۡدُوۡنَ فِی السَّبۡتِ اِذۡ تَاۡتِیۡہِمۡ حِیۡتَانُہُمۡ یَوۡمَ سَبۡتِہِمۡ شُرَّعًا وَّ یَوۡمَ لَا یَسۡبِتُوۡنَ ۙ لَا تَاۡتِیۡہِمۡ ۚۛ کَذٰلِکَ ۚۛ نَبۡلُوۡہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَفۡسُقُوۡنَ ﴿۱۶۴﴾
    7 : 164 Сен алардан деӊиз боюнда жайгашкан кыштак (эли) тууралуу сурагын, качан алар (кыштактагылар) «Сабт» жөнүндө чектен ашаар эле. Качан аларга өздөрүнүн «Сабт» күнү алардын балыктары топ-топ болуп келчү, алар «Сабтты» белгилебей турган күнү алар өздөрүнө келбейт эле. Алар кылып жаткан баш ийбестик себептүү Биз аларды мына ушундай сынак кылып турдук.
  • وَ اِذۡ قَالَتۡ اُمَّۃٌ مِّنۡہُمۡ لِمَ تَعِظُوۡنَ قَوۡمَۨا ۙ اللّٰہُ مُہۡلِکُہُمۡ اَوۡ مُعَذِّبُہُمۡ عَذَابًا شَدِیۡدًا ؕ قَالُوۡا مَعۡذِرَۃً اِلٰی رَبِّکُمۡ وَ لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۱۶۵﴾
    7 : 165 Алардын арасындагы бир тайпа: «Алла жок кылмакчы же катуу азап бермекчи болгон коомго эмнеге насаат кыласыӊар?» - деген(ин эстегиле). Алар айтышты: «Раббиӊерге кечирим айтуу жана алар такыба болуулары үчүн (биз ушундай кылабыз)».
  • فَلَمَّا نَسُوۡا مَا ذُکِّرُوۡا بِہٖۤ اَنۡجَیۡنَا الَّذِیۡنَ یَنۡہَوۡنَ عَنِ السُّوۡٓءِ وَ اَخَذۡنَا الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا بِعَذَابٍۭ بَئِیۡسٍۭ بِمَا کَانُوۡا یَفۡسُقُوۡنَ ﴿۱۶۶﴾
    7 : 166 Ошентип, алар өздөрүнө эстетилген нерсени унутуп жиберишкенде, жамандыктан кайтара турган кишилерди Биз куткарып алдык, зулум кылгандарды болсо, бузукулуктары себептүү катуу азапка кирептер кылдык.
  • فَلَمَّا عَتَوۡا عَنۡ مَّا نُہُوۡا عَنۡہُ قُلۡنَا لَہُمۡ کُوۡنُوۡا قِرَدَۃً خٰسِئِیۡنَ ﴿۱۶۷﴾
    7 : 167 Анан алар өздөрүнө тыюу салынган амир боюнча дагы баш ийбестик кылгандарында, Биз аларга: «Кордолгон маймылдарга айлангыла!» - дедик.
  • وَ اِذۡ تَاَذَّنَ رَبُّکَ لَیَبۡعَثَنَّ عَلَیۡہِمۡ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ مَنۡ یَّسُوۡمُہُمۡ سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ ؕ اِنَّ رَبَّکَ لَسَرِیۡعُ الۡعِقَابِ ۚۖ وَ اِنَّہٗ لَغَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۶۸﴾
    7 : 168 Раббиӊ: «Мен алардын үстүнө кыяматка чейин аларга катуу азап бере турган кишилерди дайындап турамын», - деп жарыялаган ачык жарыясы(н эстегиле). Албетте, Раббиӊ жазалоодо абдан тез. Чынында, Ал албетте, өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ قَطَّعۡنٰہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ اُمَمًا ۚ مِنۡہُمُ الصّٰلِحُوۡنَ وَ مِنۡہُمۡ دُوۡنَ ذٰلِکَ ۫ وَ بَلَوۡنٰہُمۡ بِالۡحَسَنٰتِ وَ السَّیِّاٰتِ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۱۶۹﴾
    7 : 169 Биз аларды жерде уруу-уруу кылып бөлүп жибердик. Алардын арасында такыбалар дагы бар эле жана алардын арасында андан башкалар дагы бар болчу. Алар (хидаятты карай) кайтуулары үчүн Биз аларды жакшы жана жаман абалдар менен сынадык.
  • فَخَلَفَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ خَلۡفٌ وَّرِثُوا الۡکِتٰبَ یَاۡخُذُوۡنَ عَرَضَ ہٰذَا الۡاَدۡنٰی وَ یَقُوۡلُوۡنَ سَیُغۡفَرُ لَنَا ۚ وَ اِنۡ یَّاۡتِہِمۡ عَرَضٌ مِّثۡلُہٗ یَاۡخُذُوۡہُ ؕ اَلَمۡ یُؤۡخَذۡ عَلَیۡہِمۡ مِّیۡثَاقُ الۡکِتٰبِ اَنۡ لَّا یَقُوۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ اِلَّا الۡحَقَّ وَ دَرَسُوۡا مَا فِیۡہِ ؕ وَ الدَّارُ الۡاٰخِرَۃُ خَیۡرٌ لِّلَّذِیۡنَ یَتَّقُوۡنَ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۷۰﴾
    7 : 170 Ошентип, алардан кийин Китепке мураскер болгон орун басарлар аларга орун басарлык кылышты, алар бул дүйнөдөгү убактылуу пайдаларга жабышып калышты жана: «Биз кечирилебиз», - дешчү эле. Эгер ага окшогон дүнүйө аларга келгенде, аны алышар эле. Акыры, алардан Алла туурасында чындыктан бөлөк эч нерсени айтпастыктары жөнүндө алар үчүн парыз болгон Китеп «Мийсаагы» алынбаган беле? Алар андагы нерселерди окуп болушкан болчу. Акыркы үй такыба жолунда жүргөндөр үчүн жакшыраак. Демек, акылды иштетпейсиӊерби?
  • وَ الَّذِیۡنَ یُمَسِّکُوۡنَ بِالۡکِتٰبِ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ ؕ اِنَّا لَا نُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُصۡلِحِیۡنَ ﴿۱۷۱﴾
    7 : 171 Китепти бекем кармай турган жана намазды аткара тургандар - Биз, албетте, оӊдоочулардын сыйлыгын текке кетирбейбиз.
  • وَ اِذۡ نَتَقۡنَا الۡجَبَلَ فَوۡقَہُمۡ کَاَنَّہٗ ظُلَّۃٌ وَّ ظَنُّوۡۤا اَنَّہٗ وَاقِعٌۢ بِہِمۡ ۚ خُذُوۡا مَاۤ اٰتَیۡنٰکُمۡ بِقُوَّۃٍ وَّ اذۡکُرُوۡا مَا فِیۡہِ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۷۲﴾٪
    7 : 172 (Эстегиле), качан Биз тоону үстүлөрүнө көтөргөнбүз. Тим эле ал саябандай болгон. Алар: «Ал үстүбүзгө кулап түшкүдөй», - деп ойлошту. «(Эй, Исрааийл балдары!) Такыба болушуӊар үчүн Биз силерге берген нерсени бекем кармагыла жана андагы нерселерди эске туткула!»
  • وَ اِذۡ اَخَذَ رَبُّکَ مِنۡۢ بَنِیۡۤ اٰدَمَ مِنۡ ظُہُوۡرِہِمۡ ذُرِّیَّتَہُمۡ وَ اَشۡہَدَہُمۡ عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ ۚ اَلَسۡتُ بِرَبِّکُمۡ ؕ قَالُوۡا بَلٰی ۚۛ شَہِدۡنَا ۚۛ اَنۡ تَقُوۡلُوۡا یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ اِنَّا کُنَّا عَنۡ ہٰذَا غٰفِلِیۡنَ ﴿۱۷۳﴾ۙ
    7 : 173 (Эстегиле), качан Раббиӊ Адам балдарынын белдеринен алардын насилдер(инин жаралуу маӊыз)ын кармап, өздөрүн өз жандарына күбө кылып койду (жана сурады): «Деги, Мен Раббиӊер эмесминби? Алар: «Ооба, ушундай! Биз күбөлүк беребиз», - дешти. Силер кыямат күнү: «Албетте, биз мындан кабарсыз элек», - деп айтпашыӊар үчүн (Биз ушундай кылдык).
  • اَوۡ تَقُوۡلُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَشۡرَکَ اٰبَآؤُنَا مِنۡ قَبۡلُ وَ کُنَّا ذُرِّیَّۃً مِّنۡۢ بَعۡدِہِمۡ ۚ اَفَتُہۡلِکُنَا بِمَا فَعَلَ الۡمُبۡطِلُوۡنَ ﴿۱۷۴﴾
    7 : 174 Же силер: «Илгери биздин ата-бабаларыбыз гана ширк келтиришкен эле, биз болсо алардан кийин келген тукумбуз. Акыры, жалганчылар кылган амалдар себебинен Сен бизди жок кылып коёсуӊбу?» - деп айтпашыӊар үчүн (Биз ушундай кылдык).
  • وَ کَذٰلِکَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ وَ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۱۷۵﴾
    7 : 175 Алар (чындыкка) кайтып келүүлөрү үчүн Биз аяттарды ушундай ачык-айкын баян кылабыз.
  • وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ الَّذِیۡۤ اٰتَیۡنٰہُ اٰیٰتِنَا فَانۡسَلَخَ مِنۡہَا فَاَتۡبَعَہُ الشَّیۡطٰنُ فَکَانَ مِنَ الۡغٰوِیۡنَ ﴿۱۷۶﴾
    7 : 176 Сен аларга Биз аяттарыбызды тартуулаган адамдын окуясын окуп бер. Ошондо, ал алардан четке чыгып кетти. Демек, шайтан анын изине түштү жана ал адашкандардан болуп калды.
  • وَ لَوۡ شِئۡنَا لَرَفَعۡنٰہُ بِہَا وَ لٰکِنَّہٗۤ اَخۡلَدَ اِلَی الۡاَرۡضِ وَ اتَّبَعَ ہَوٰٮہُ ۚ فَمَثَلُہٗ کَمَثَلِ الۡکَلۡبِ ۚ اِنۡ تَحۡمِلۡ عَلَیۡہِ یَلۡہَثۡ اَوۡ تَتۡرُکۡہُ یَلۡہَثۡ ؕ ذٰلِکَ مَثَلُ الۡقَوۡمِ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ۚ فَاقۡصُصِ الۡقَصَصَ لَعَلَّہُمۡ یَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۱۷۷﴾
    7 : 177 Эгер Биз каалаганыбызда, аны ал (аят)тар аркылуу жогоруламакпыз. Бирок, ал жерге карай ооп кетти жана өз каалоосун ээрчиди. Ошондуктан, анын мисалы кудум ит сыяктуу, эгер аны айдасаӊ (дагы), акактап тилин чыгара берет, эгер аны коё берсеӊ дагы, акактап тилин чыгара берет. Бул Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарган коомдун мисалы. Демек, булардын ой жүгүртүүлөрү үчүн (аларга) бул (тарыхый) окуяларды окуп бер.
  • سَآءَ مَثَلَاۨ الۡقَوۡمُ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا وَ اَنۡفُسَہُمۡ کَانُوۡا یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۷۸﴾
    7 : 178 Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгарган коомдун мисалы өтө жаман. Алар өз жандарына гана зулумдук кылышаар эле.
  • مَنۡ یَّہۡدِ اللّٰہُ فَہُوَ الۡمُہۡتَدِیۡ ۚ وَ مَنۡ یُّضۡلِلۡ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۱۷۹﴾
    7 : 179 Алла кимди туура жолго салса, ошол гана хидаят тапкан болот жана Ал (Алла) адашкан деп билген бирөө - мына ошолор зыян көрүүчүлөр.
  • وَ لَقَدۡ ذَرَاۡنَا لِجَہَنَّمَ کَثِیۡرًا مِّنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ ۫ۖ لَہُمۡ قُلُوۡبٌ لَّا یَفۡقَہُوۡنَ بِہَا ۫ وَ لَہُمۡ اَعۡیُنٌ لَّا یُبۡصِرُوۡنَ بِہَا ۫ وَ لَہُمۡ اٰذَانٌ لَّا یَسۡمَعُوۡنَ بِہَا ؕ اُولٰٓئِکَ کَالۡاَنۡعَامِ بَلۡ ہُمۡ اَضَلُّ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡغٰفِلُوۡنَ ﴿۱۸۰﴾
    7 : 180 Албетте, Биз жиндер менен адамдардын арасынан көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык! Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен алар түшүнүшпөйт; алардын көздөрү (да) бар, бирок аны менен алар көрүшпөйт жана алардын кулактары (да) бар, бирок аны менен алар угушпайт. Алар кудум чарба айбандары сыяктуу. Жок, булар (андан дагы) көбүрөөк адашкандар. Мына ошолор кабарсыздар.
  • وَ لِلّٰہِ الۡاَسۡمَآءُ الۡحُسۡنٰی فَادۡعُوۡہُ بِہَا ۪ وَ ذَرُوا الَّذِیۡنَ یُلۡحِدُوۡنَ فِیۡۤ اَسۡمَآئِہٖ ؕ سَیُجۡزَوۡنَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۸۱﴾
    7 : 181 Бардык көркөм ысымдар Алланыкы. Ошондуктан, Ага ошол (ысым)дар менен жалбаргыла жана Анын ысымдарын акаараттагандарды таштап койгула. Аларга кылган амалдарына жараша, албетте, жаза берилет.
  • وَ مِمَّنۡ خَلَقۡنَاۤ اُمَّۃٌ یَّہۡدُوۡنَ بِالۡحَقِّ وَ بِہٖ یَعۡدِلُوۡنَ ﴿۱۸۲﴾٪
    7 : 182 Биз жараткандардын арасында чындык менен (адамдарды) хидаят кыла турган жана аны менен адилеттик кылган адамдар да бар болчу.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا سَنَسۡتَدۡرِجُہُمۡ مِّنۡ حَیۡثُ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۸۳﴾ۚۖ
    7 : 183 Биздин аят-жышаандарыбызды четке каккандарды Биз албетте, акырындан, алар өздөрү билбей калган тараптан кармайбыз.
  • وَ اُمۡلِیۡ لَہُمۡ ؕ۟ اِنَّ کَیۡدِیۡ مَتِیۡنٌ ﴿۱۸۴﴾
    7 : 184 Мен аларга мөөнөт беремин, албетте, Менин иш-чарам абдан күчтүү.
  • اَوَ لَمۡ یَتَفَکَّرُوۡا ٜ مَا بِصَاحِبِہِمۡ مِّنۡ جِنَّۃٍ ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۸۵﴾
    7 : 185 Алар өздөрүнүн жолдошунда эч кандай акылсыздык жоктугуна көӊүл бурушпадыбы? Ал болгону бир ачыктан-ачык кулактандыруучу.
  • اَوَ لَمۡ یَنۡظُرُوۡا فِیۡ مَلَکُوۡتِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا خَلَقَ اللّٰہُ مِنۡ شَیۡءٍ ۙ وَّ اَنۡ عَسٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنَ قَدِ اقۡتَرَبَ اَجَلُہُمۡ ۚ فَبِاَیِّ حَدِیۡثٍۭ بَعۡدَہٗ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۸۶﴾
    7 : 186 Алар асмандар жана жердин падышачылыгы жөнүндө, ошондой эле Алла жаратып койгон бардык нерселер туурасында ойлоп көрүшпөдүбү, ошондой эле өздөрүнүн белгиленген мөөнөтү жакындап калганы мүмкүн экендиги (жөнүндө да ойлошподубу?) Демек, мындан кийин дагы алар башка кандай кепке ыйман келтиришет?
  • مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَلَا ہَادِیَ لَہٗ ؕ وَ یَذَرُہُمۡ فِیۡ طُغۡیَانِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۱۸۷﴾
    7 : 187 Алла адашкан деп билген бирөөнү эч ким хидаят кылуучу эмес. Ал аларды өздөрүнүн баш ийбестиктеринде адашкан абалда калтырат.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ السَّاعَۃِ اَیَّانَ مُرۡسٰہَا ؕ قُلۡ اِنَّمَا عِلۡمُہَا عِنۡدَ رَبِّیۡ ۚ لَا یُجَلِّیۡہَا لِوَقۡتِہَاۤ اِلَّا ہُوَ ؕۘؔ ثَقُلَتۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ لَا تَاۡتِیۡکُمۡ اِلَّا بَغۡتَۃً ؕ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ کَاَنَّکَ حَفِیٌّ عَنۡہَا ؕ قُلۡ اِنَّمَا عِلۡمُہَا عِنۡدَ اللّٰہِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۸۸﴾
    7 : 188 Алар сенден кыямат жөнүндө: «Ал качан болот?» - деп сурашат. Айткын: «Анын билими жалгыз менин Раббимдин алдында, аны өз убагында Андан бөлөк эч ким ачыкка чыгарбайт; ал асмандар жана жер үчүн оор; ал силердин үстүӊөргө такыр күтүлбөгөндө келет». Алар сенден ушундай сурашат: тим эле сен ал жөнүндө бардык нерсени билгениӊдей. Айткын: «Анын илими жалгыз Алланын алдында. Бирок, көп кишилер (муну) билишпейт».
  • قُلۡ لَّاۤ اَمۡلِکُ لِنَفۡسِیۡ نَفۡعًا وَّ لَا ضَرًّا اِلَّا مَا شَآءَ اللّٰہُ ؕ وَ لَوۡ کُنۡتُ اَعۡلَمُ الۡغَیۡبَ لَاسۡتَکۡثَرۡتُ مِنَ الۡخَیۡرِۚۖۛ وَ مَا مَسَّنِیَ السُّوۡٓءُ ۚۛ اِنۡ اَنَا اِلَّا نَذِیۡرٌ وَّ بَشِیۡرٌ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۸۹﴾٪
    7 : 189 Айткын: «Мен Алланын каалоосусуз өзүм үчүн (кенедей дагы) пайда же зыянга ээ эмесмин. Эгер мен кайыпты билүүчү болгонумда, албетте, эӊ көп байлыкты топтоп алаар элем жана мага эч качан кандайдыр бир зыян жетпеген болоор эле. Бирок, мен ыйман келтирүүчү коом үчүн болгону бир кулактандыруучу жана бир куш-кабар берүүчүмүн» .
  • ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ نَّفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ وَّ جَعَلَ مِنۡہَا زَوۡجَہَا لِیَسۡکُنَ اِلَیۡہَا ۚ فَلَمَّا تَغَشّٰہَا حَمَلَتۡ حَمۡلًا خَفِیۡفًا فَمَرَّتۡ بِہٖ ۚ فَلَمَّاۤ اَثۡقَلَتۡ دَّعَوَا اللّٰہَ رَبَّہُمَا لَئِنۡ اٰتَیۡتَنَا صَالِحًا لَّنَکُوۡنَنَّ مِنَ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۱۹۰﴾
    7 : 190 Ал силерди бир жандан жаратып, анын өзүнөн жубун тынчтык-ырахат алсын деп пайда кылган (Алла). Анан ал аны каптап алганда, ал жеӊил гана жүктү көтөрүп алды, кийин аны көтөргөн бойдон жүрө берди. Ошентип, ал оорлошкондо, ал экөөсү өздөрүнүн Раббиси Аллага жалбарышты: «Эгер Сен бизге дени сак (уул) берсеӊ, биз албетте, шүкүр кылуучулардан болобуз».
  • فَلَمَّاۤ اٰتٰہُمَا صَالِحًا جَعَلَا لَہٗ شُرَکَآءَ فِیۡمَاۤ اٰتٰہُمَا ۚ فَتَعٰلَی اللّٰہُ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۱۹۱﴾
    7 : 191 Анан, Ал ал экөөсүнө бир дени сак (уул) тартуулаганда, ал экөөсү Ал тартуу кылган нерсесинде башкаларды Ага шерик кыла башташты. Алла болсо , алар шерик кылып жаткан бардык нерселерден жогору.
  • اَیُشۡرِکُوۡنَ مَا لَا یَخۡلُقُ شَیۡئًا وَّ ہُمۡ یُخۡلَقُوۡنَ ﴿۱۹۲﴾۫ۖ
    7 : 192 Эмне , алар эч нерсе жарата албаган, тескерисинче, өздөрү жаратылгандарды (Ага) шерик кылышабы?
  • وَ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ لَہُمۡ نَصۡرًا وَّ لَاۤ اَنۡفُسَہُمۡ یَنۡصُرُوۡنَ ﴿۱۹۳﴾
    7 : 193 Ал (шерик)тер аларга эч кандай жардам бере алышпайт, мунун үстүнө алар өздөрүнө дагы жардам кыла алышпайт.
  • وَ اِنۡ تَدۡعُوۡہُمۡ اِلَی الۡہُدٰی لَا یَتَّبِعُوۡکُمۡ ؕ سَوَآءٌ عَلَیۡکُمۡ اَدَعَوۡتُمُوۡہُمۡ اَمۡ اَنۡتُمۡ صَامِتُوۡنَ ﴿۱۹۴﴾
    7 : 194 Эгер силер аларды хидаятка чакырсаӊар, алар эч качан силерди ээрчибейт. Силер үчүн баары бир: мейли аларды чакырсаӊар да, мейли унчукпасаӊар да.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ عِبَادٌ اَمۡثَالُکُمۡ فَادۡعُوۡہُمۡ فَلۡیَسۡتَجِیۡبُوۡا لَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۹۵﴾
    7 : 195 Албетте, Алланы коюп, силер жалбарып жаткандар кудум өзүӊөр сыяктуу пенделер. Демек, силер аларды чакыра бергиле. Ошондо, эгер чынчыл болсоӊор, алар силерге жооп кайтарышы керек.
  • اَلَہُمۡ اَرۡجُلٌ یَّمۡشُوۡنَ بِہَاۤ ۫ اَمۡ لَہُمۡ اَیۡدٍ یَّبۡطِشُوۡنَ بِہَاۤ ۫ اَمۡ لَہُمۡ اَعۡیُنٌ یُّبۡصِرُوۡنَ بِہَاۤ ۫ اَمۡ لَہُمۡ اٰذَانٌ یَّسۡمَعُوۡنَ بِہَا ؕ قُلِ ادۡعُوۡا شُرَکَآءَکُمۡ ثُمَّ کِیۡدُوۡنِ فَلَا تُنۡظِرُوۡنِ ﴿۱۹۶﴾
    7 : 196 Эмне, алар жүрө турган буттары барбы, же алар кармай турган колдору барбы, же алар көрө турган көздөрү барбы, же алар уга турган кулактары барбы? Айткын: «Өзүӊөрдүн шериктериӊерди чакыргыла, анан мага каршы ар кандай айла-амалды колдонуп көргүлө жана мага эч кандай мөөнөт бербегиле.
  • اِنَّ وَلِیِّ ۦَ اللّٰہُ الَّذِیۡ نَزَّلَ الۡکِتٰبَ ۫ۖ وَ ہُوَ یَتَوَلَّی الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۹۷﴾
    7 : 197 Албетте, менин коргоочум - Китеп түшүргөн Алла. Ал жакшы адамдарга гана коргоочу болот.
  • وَ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ نَصۡرَکُمۡ وَ لَاۤ اَنۡفُسَہُمۡ یَنۡصُرُوۡنَ ﴿۱۹۸﴾
    7 : 198 Аны коюп, силер жалбарып жаткан нерселериӊер силерге жардам бере албайт жана алар өздөрүнө да жардам кыла албайт.
  • وَ اِنۡ تَدۡعُوۡہُمۡ اِلَی الۡہُدٰی لَا یَسۡمَعُوۡا ؕ وَ تَرٰٮہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَیۡکَ وَ ہُمۡ لَا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۹۹﴾
    7 : 199 Эгер силер аларды хидаятка чакырсаӊар, алар угушпайт». Сен аларды, тим эле алар сага карап тургандай көрөсүӊ, чынында, алар көрбөй жатышат.
  • خُذِ الۡعَفۡوَ وَ اۡمُرۡ بِالۡعُرۡفِ وَ اَعۡرِضۡ عَنِ الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۲۰۰﴾
    7 : 200 Кечиримдүү бол , жакшылыкка буюр жана наадандардан жүз бур!
  • وَ اِمَّا یَنۡزَغَنَّکَ مِنَ الشَّیۡطٰنِ نَزۡغٌ فَاسۡتَعِذۡ بِاللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۰۱﴾
    7 : 201 Жана эгер сага шайтан тарабынан кандайдыр бир васваса-азгырык келсе, анда Алладан паана сура. Албетте, Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا اِذَا مَسَّہُمۡ طٰٓئِفٌ مِّنَ الشَّیۡطٰنِ تَذَکَّرُوۡا فَاِذَا ہُمۡ مُّبۡصِرُوۡنَ ﴿۲۰۲﴾ۚ
    7 : 202 Албетте, такыбаларга шайтан тарабынан кандайдыр бир кырсыктуу ой келгенде, алар абдан көп зикир кылышат. Анан кокустан алар акыл-парасат ээси болуп калышат.
  • وَ اِخۡوَانُہُمۡ یَمُدُّوۡنَہُمۡ فِی الۡغَیِّ ثُمَّ لَا یُقۡصِرُوۡنَ ﴿۲۰۳﴾
    7 : 203 Ал (каапыр)лардын (шайтан) туугандары аларды адашууга тынбай тартып алып кете беришет.
  • وَ اِذَا لَمۡ تَاۡتِہِمۡ بِاٰیَۃٍ قَالُوۡا لَوۡ لَا اجۡتَبَیۡتَہَا ؕ قُلۡ اِنَّمَاۤ اَتَّبِعُ مَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ مِنۡ رَّبِّیۡ ۚ ہٰذَا بَصَآئِرُ مِنۡ رَّبِّکُمۡ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۲۰۴﴾
    7 : 204 Сен аларга кандайдыр бир аят-белги келтирбегениӊде, алар: «Эмнеге аны тандап келтирбедиӊ?» - дешет. Айткын: «Мен Раббимден жалаӊ өзүмө вахий-аян кылынган нерсени гана ээрчиймин». Булар – Раббиӊер тарабынан болгон акыл-парасаттуу сөздөр. Алар ыйман келтире турган коом үчүн хидаят жана рахмат.
  • وَ اِذَا قُرِیٴَ الۡقُرۡاٰنُ فَاسۡتَمِعُوۡا لَہٗ وَ اَنۡصِتُوۡا لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۲۰۵﴾
    7 : 205 Куран окулуп жатканда, силерге ырайым кылынсын үчүн аны кунт коюп уккула жана тынч тургула.
  • وَ اذۡکُرۡ رَّبَّکَ فِیۡ نَفۡسِکَ تَضَرُّعًا وَّ خِیۡفَۃً وَّ دُوۡنَ الۡجَہۡرِ مِنَ الۡقَوۡلِ بِالۡغُدُوِّ وَ الۡاٰصَالِ وَ لَا تَکُنۡ مِّنَ الۡغٰفِلِیۡنَ ﴿۲۰۶﴾
    7 : 206 Сен Раббиӊди көӊүлүӊдө кээде жалбаруу менен, кээде коркуу менен катуу үн чыгарбай, таӊкы жана кечки маалдарда эске ал жана кабарсыздардан болбо!
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ عِنۡدَ رَبِّکَ لَا یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ عَنۡ عِبَادَتِہٖ وَ یُسَبِّحُوۡنَہٗ وَ لَہٗ یَسۡجُدُوۡنَ ﴿۲۰۷﴾٪ٛ
    7 : 207 Албетте, Раббиӊдин кашында бар болгондор Анын ибадатына текеберлик кылышпайт, Ага мактоо айтышат жана Ага гана сажда кылышат.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via