Курани карим Саад • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

صٓ

Саад

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    38 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • صٓ وَ الۡقُرۡاٰنِ ذِی الذِّکۡرِ ؕ﴿۲﴾
    38 : 2 Саадикул Кавли: сөзгө бекем. Зикирлүү Куранга касам!
  • بَلِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِیۡ عِزَّۃٍ وَّ شِقَاقٍ ﴿۳﴾
    38 : 3 Чынында, каапырлар куру намыс жана каршылыкка (кирептер).
  • کَمۡ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنۡ قَرۡنٍ فَنَادَوۡا وَّ لَاتَ حِیۡنَ مَنَاصٍ ﴿۴﴾
    38 : 4 Биз алардан мурун өткөн канчалаган коомдорду жок кылдык! Ошентип, кутулуунун эч бир жолу калбаганда, алар (жардам үчүн) кайрылышты.
  • وَ عَجِبُوۡۤا اَنۡ جَآءَہُمۡ مُّنۡذِرٌ مِّنۡہُمۡ ۫ وَ قَالَ الۡکٰفِرُوۡنَ ہٰذَا سٰحِرٌ کَذَّابٌ ۖ﴿ۚ۵﴾
    38 : 5 Жана аларга өздөрүнөн болгон бир кулактандыруучу келгени үчүн алар таӊ калышты. Каапырлар айтышты: «Бул – абдан жалганчы сыйкырчы».
  • اَجَعَلَ الۡاٰلِہَۃَ اِلٰـہًا وَّاحِدًا ۚۖ اِنَّ ہٰذَا لَشَیۡءٌ عُجَابٌ ﴿۶﴾
    38 : 6 Ал абдан көп кудайларды бир эле кудайга айландырып алдыбы? Албетте, бул абдан таӊ калыштуу (нерсе).
  • وَ انۡطَلَقَ الۡمَلَاُ مِنۡہُمۡ اَنِ امۡشُوۡا وَ اصۡبِرُوۡا عَلٰۤی اٰلِہَتِکُمۡ ۚۖ اِنَّ ہٰذَا لَشَیۡءٌ یُّرَادُ ۖ﴿ۚ۷﴾
    38 : 7 Жана алардын арасындагы чоӊдор: «Баргыла жана өз кудайларыӊарга бекем болгула!» - деп (туруп) кетишти. Албетте, (бул кандайдыр бир максат үчүн) көздөлгөн нерсе.
  • مَا سَمِعۡنَا بِہٰذَا فِی الۡمِلَّۃِ الۡاٰخِرَۃِ ۚۖ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا اخۡتِلَاقٌ ۖ﴿ۚ۸﴾
    38 : 8 «Биз кийин келе турган эч бир улутта мындай нерсени укпаганбыз. Бул – ойлонулуп чыгарылган нерседен бөлөк эч нерсе эмес.
  • ءَ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ الذِّکۡرُ مِنۡۢ بَیۡنِنَا ؕ بَلۡ ہُمۡ فِیۡ شَکٍّ مِّنۡ ذِکۡرِیۡ ۚ بَلۡ لَّمَّا یَذُوۡقُوۡا عَذَابِ ؕ﴿۹﴾
    38 : 9 Биздин арабыздан буга гана Зикир түшүрүлгөнбү?» Чынында, алар Менин Зикирим жөнүндө шектенишүүдө. Акыйкатта, алар али Менин азабымды татып көрүшкөн эмес.
  • اَمۡ عِنۡدَہُمۡ خَزَآئِنُ رَحۡمَۃِ رَبِّکَ الۡعَزِیۡزِ الۡوَہَّابِ ۚ﴿۱۰﴾
    38 : 10 Аларда эӊ жеӊүүчү (жана) көп тартуулоочу Раббиӊдин мээримдүүлүк казыналары барбы?
  • اَمۡ لَہُمۡ مُّلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ۟ فَلۡیَرۡتَقُوۡا فِی الۡاَسۡبَابِ ﴿۱۱﴾
    38 : 11 Же асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагы баардык нерселердин падышачылыгы алардыкыбы? Ошентип, алар баардык иш-чараны жасап көрө беришсин.
  • جُنۡدٌ مَّا ہُنَالِکَ مَہۡزُوۡمٌ مِّنَ الۡاَحۡزَابِ ﴿۱۲﴾
    38 : 12 (Бул дагы) тайпалардан ал жерде жеӊилүүгө учуратыла турган бир кошуун.
  • کَذَّبَتۡ قَبۡلَہُمۡ قَوۡمُ نُوۡحٍ وَّ عَادٌ وَّ فِرۡعَوۡنُ ذُو الۡاَوۡتَادِ ﴿ۙ۱۳﴾
    38 : 13 Булардан мурун (дагы) Нух коому, Аад (коому) жана мык-казыктар ээси болгон Фараон дагы жалганчы кылган эле.
  • وَ ثَمُوۡدُ وَ قَوۡمُ لُوۡطٍ وَّ اَصۡحٰبُ لۡـَٔیۡکَۃِ ؕ اُولٰٓئِکَ الۡاَحۡزَابُ ﴿۱۴﴾
    38 : 14 Жана Самуд (коому) дагы, Лут коому дагы жана калыӊ дарактар ээлери дагы. (Жогоруда сөз кылынган) тайпалар – мына ушулар.
  • اِنۡ کُلٌّ اِلَّا کَذَّبَ الرُّسُلَ فَحَقَّ عِقَابِ ﴿٪۱۵﴾
    38 : 15 (Алардын) ар бири пайгамбарларды жалганчыга чыгарды. Ошондуктан, (аларга) Менин жазам важиб болуп калды.
  • وَ مَا یَنۡظُرُ ہٰۤؤُلَآءِ اِلَّا صَیۡحَۃً وَّاحِدَۃً مَّا لَہَا مِنۡ فَوَاقٍ ﴿۱۶﴾
    38 : 16 Булар эч токтобостон келе турган коркунучтуу бир үндү гана күтүшүүдө.
  • وَ قَالُوۡا رَبَّنَا عَجِّلۡ لَّنَا قِطَّنَا قَبۡلَ یَوۡمِ الۡحِسَابِ ﴿۱۷﴾
    38 : 17 Жана алар айтышты: «Эй, Раббибиз! Биздин үлүшүбүздү бизге тезирээк, эсеп-кысап күнүнөн мурунураак берип койгун!»
  • اِصۡبِرۡ عَلٰی مَا یَقُوۡلُوۡنَ وَ اذۡکُرۡ عَبۡدَنَا دَاوٗدَ ذَا الۡاَیۡدِ ۚ اِنَّہٗۤ اَوَّابٌ ﴿۱۸﴾
    38 : 18 Алар кеп салып жаткан сөздөргө сабыр кыл жана колу узун болгон пендебиз – Давуудду эсте. Албетте, ал таазим менен кайра-кайра ийилүүчү эле.
  • اِنَّا سَخَّرۡنَا الۡجِبَالَ مَعَہٗ یُسَبِّحۡنَ بِالۡعَشِیِّ وَ الۡاِشۡرَاقِ ﴿ۙ۱۹﴾
    38 : 19 Албетте, Биз аны менен тоолорду бой сундуруп койдук. Алар кеч кирип баратканда жана таӊ атып жаткан учурда тасбийх айтчу.
  • وَ الطَّیۡرَ مَحۡشُوۡرَۃً ؕ کُلٌّ لَّہٗۤ اَوَّابٌ ﴿۲۰﴾
    38 : 20 Жана топтолгон куштарды дагы (ал үчүн Биз бой сундуруп койдук). Алардын баары анын алдына ийилүүчү эле.
  • وَ شَدَدۡنَا مُلۡکَہٗ وَ اٰتَیۡنٰہُ الۡحِکۡمَۃَ وَ فَصۡلَ الۡخِطَابِ ﴿۲۱﴾
    38 : 21 Ошондой эле Биз анын падышачылыгын бекем кылдык жана ага хикмат-акылмандык, чечкиндүү сөз бердик.
  • وَ ہَلۡ اَتٰٮکَ نَبَؤُا الۡخَصۡمِ ۘ اِذۡ تَسَوَّرُوا الۡمِحۡرَابَ ﴿ۙ۲۲﴾
    38 : 22 Жана сага талашкандардын кабары жеттиби? Качан алар сарайдын дубалынан ашып өтүшкөндө,
  • اِذۡ دَخَلُوۡا عَلٰی دَاوٗدَ فَفَزِعَ مِنۡہُمۡ قَالُوۡا لَا تَخَفۡ ۚ خَصۡمٰنِ بَغٰی بَعۡضُنَا عَلٰی بَعۡضٍ فَاحۡکُمۡ بَیۡنَنَا بِالۡحَقِّ وَ لَا تُشۡطِطۡ وَ اہۡدِنَاۤ اِلٰی سَوَآءِ الصِّرَاطِ ﴿۲۳﴾
    38 : 23 Алар Давууддун жанына келгендеринде, ал алар себептүү катуу коркуп кетти. Алар айтышты: «Эч коркпо! (Биз) эки талашуучу(буз), бирибиз-бирибизге акысыздык кылуудабыз. Ошондуктан, арабызда адилеттик менен өкүм кыл, эч акысыздык кылба жана бизди туура жолго багыттагын!
  • اِنَّ ہٰذَاۤ اَخِیۡ ۟ لَہٗ تِسۡعٌ وَّ تِسۡعُوۡنَ نَعۡجَۃً وَّ لِیَ نَعۡجَۃٌ وَّاحِدَۃٌ ۟ فَقَالَ اَکۡفِلۡنِیۡہَا وَ عَزَّنِیۡ فِی الۡخِطَابِ ﴿۲۴﴾
    38 : 24 Албетте, мына бул (киши) менин бурадарым болот; анын токсон тогуз кою бар, менин бир гана коюм бар. Ушуга карабай, ал: «Аны дагы менин карамагыма тапшырып кой!» - дейт жана талашып-тартышууда мени жеӊип коёт».
  • قَالَ لَقَدۡ ظَلَمَکَ بِسُؤَالِ نَعۡجَتِکَ اِلٰی نِعَاجِہٖ ؕ وَ اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنَ الۡخُلَطَآءِ لَیَبۡغِیۡ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ اِلَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ قَلِیۡلٌ مَّا ہُمۡ ؕ وَ ظَنَّ دَاوٗدُ اَنَّمَا فَتَنّٰہُ فَاسۡتَغۡفَرَ رَبَّہٗ وَ خَرَّ رَاکِعًا وَّ اَنَابَ ﴿ٛ۲۵﴾
    38 : 25 Ал айтты: «Ал сенин жалгыз коюӊду өз койлоруна кошуп коюуну сурап, албетте, сага зулумдук кылыптыр. Албетте, көптөгөн шериктер бар: алардын айрымдары айрымдарына зулумдук кылышат. (Ооба), ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар аларга кирбейт, бирок аларга окшогондор аз». Давууд Биз аны сынап көргөнүбүздү сезип калды. Анан ал өзүнүн Раббисинен кечирим сурады жана таазим кылган бойдон жыгылды жана тобо кылды.
  • فَغَفَرۡنَا لَہٗ ذٰلِکَ ؕ وَ اِنَّ لَہٗ عِنۡدَنَا لَزُلۡفٰی وَ حُسۡنَ مَاٰبٍ ﴿۲۶﴾
    38 : 26 Ошентип, Биз анын ушул (катасын) кечирдик. Албетте, ал Биздин алдыбызда жакындык жана абзелдик даража-мартабасына жетишкен эле.
  • یٰدَاوٗدُ اِنَّا جَعَلۡنٰکَ خَلِیۡفَۃً فِی الۡاَرۡضِ فَاحۡکُمۡ بَیۡنَ النَّاسِ بِالۡحَقِّ وَ لَا تَتَّبِعِ الۡہَوٰی فَیُضِلَّکَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ یَضِلُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌۢ بِمَا نَسُوۡا یَوۡمَ الۡحِسَابِ ﴿٪۲۷﴾
    38 : 27 «Эй, Давууд! Албетте, Биз сени жерде Халифа кылдык. Ошондуктан, адамдардын арасында адилет менен өкүм кыл жана напси азгырыгын ээрчибе, болбосо ал (ээрчишиӊ) сени Алланын жолунан азгырып коёт». Албетте, Алланын жолунан адашып кеткендер – алар үчүн катуу азап бар, анткени алар эсеп-кысап күнүн унутуп коюшкан эле.
  • وَ مَا خَلَقۡنَا السَّمَآءَ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا بَاطِلًا ؕ ذٰلِکَ ظَنُّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ۚ فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنَ النَّارِ ﴿ؕ۲۸﴾
    38 : 28 Биз асман жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселерди бекерден-бекерге жаратканыбыз жок. Бул – бир гана четке каккандардын күмөнү. Ошентип, каапырларга от (азабы)нын ойрондугу болсун!
  • اَمۡ نَجۡعَلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ کَالۡمُفۡسِدِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ۫ اَمۡ نَجۡعَلُ الۡمُتَّقِیۡنَ کَالۡفُجَّارِ ﴿۲۹﴾
    38 : 29 Биз ыйман келтирген жана жакшы амал кылгандарды жерде бүлүк салып жүргөндөргө теӊ эсептейбизби? Же Биз такыбаларды бузукулардай ойлойбузбу?
  • کِتٰبٌ اَنۡزَلۡنٰہُ اِلَیۡکَ مُبٰرَکٌ لِّیَدَّبَّرُوۡۤا اٰیٰتِہٖ وَ لِیَتَذَکَّرَ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿۳۰﴾
    38 : 30 Биз сага түшүргөн улуу Китеп – бул (адам)дар анын аяттарына көӊүл буруулары үчүн, жана акыл ээлери ибарат алуулары үчүн берекелүү кылынган.
  • وَ وَہَبۡنَا لِدَاوٗدَ سُلَیۡمٰنَ ؕ نِعۡمَ الۡعَبۡدُ ؕ اِنَّہٗۤ اَوَّابٌ ﴿ؕ۳۱﴾
    38 : 31 Жана Биз Давуудга Сулайманды тартууладык. Кандай жакшы пенде болгон! Албетте, ал таазим менен кайра-кайра ийилүүчү эле.
  • اِذۡ عُرِضَ عَلَیۡہِ بِالۡعَشِیِّ الصّٰفِنٰتُ الۡجِیَادُ ﴿ۙ۳۲﴾
    38 : 32 Кечинде желдей учкан аттар анын алдына келтирилгенде;
  • فَقَالَ اِنِّیۡۤ اَحۡبَبۡتُ حُبَّ الۡخَیۡرِ عَنۡ ذِکۡرِ رَبِّیۡ ۚ حَتّٰی تَوَارَتۡ بِالۡحِجَابِ ﴿ٝ۳۳﴾
    38 : 33 Ал айтты: «Албетте, мен Раббимди эске алуу үчүн мал-мүлктү сүйөмүн». А түгүл алар парданын артына кирип калышты.
  • رُدُّوۡہَا عَلَیَّ ؕ فَطَفِقَ مَسۡحًۢا بِالسُّوۡقِ وَ الۡاَعۡنَاقِ ﴿۳۴﴾
    38 : 34 (Ал айтты): «Аларды алдыма кайтарып алып келгиле». Ошондо ал (алардын) аяктарын жана моюндарын (мээрим менен) сылай баштады.
  • وَ لَقَدۡ فَتَنَّا سُلَیۡمٰنَ وَ اَلۡقَیۡنَا عَلٰی کُرۡسِیِّہٖ جَسَدًا ثُمَّ اَنَابَ ﴿۳۵﴾
    38 : 35 Албетте, Биз Сулайманды сынап көрдүк жана Биз анын (бийлигинин) тактысына (акылы кыска) бир «денени» таштап жибердик. Ошондо ал (Аллага гана) ийилди.
  • قَالَ رَبِّ اغۡفِرۡ لِیۡ وَ ہَبۡ لِیۡ مُلۡکًا لَّا یَنۡۢبَغِیۡ لِاَحَدٍ مِّنۡۢ بَعۡدِیۡ ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡوَہَّابُ ﴿۳۶﴾
    38 : 36 (Ал) айтты: «Эй, Раббим! Мени кечиргин жана мага ушундай бир бийликти тартуулагын: менден кийин башка эч кимге ал жарашпасын. Албетте, Сенин Өзүӊ гана чексиз тартуу берүүчүсүӊ».
  • فَسَخَّرۡنَا لَہُ الرِّیۡحَ تَجۡرِیۡ بِاَمۡرِہٖ رُخَآءً حَیۡثُ اَصَابَ ﴿ۙ۳۷﴾
    38 : 37 Анан Биз ага шамалды дагы бой сундуруп койдук, ал анын амири менен ал (алып) кетмекчи болгон тарапка карап мээлүн үйлөөр эле.
  • وَ الشَّیٰطِیۡنَ کُلَّ بَنَّآءٍ وَّ غَوَّاصٍ ﴿ۙ۳۸﴾
    38 : 38 Жана шайтандарды дагы, (тактап айтканда) бардык тармактагы чеберлер жана суучулдарды (дагы бой сундуруп койдук).
  • وَّ اٰخَرِیۡنَ مُقَرَّنِیۡنَ فِی الۡاَصۡفَادِ ﴿۳۹﴾
    38 : 39 Жана кишенделген (айрым) башкаларды дагы.
  • ہٰذَا عَطَآؤُنَا فَامۡنُنۡ اَوۡ اَمۡسِکۡ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۴۰﴾
    38 : 40 «Мына бул Биздин (чексиз) тартуубуз. Демек, мээримдүүлүк кыл же кармап тур».
  • وَ اِنَّ لَہٗ عِنۡدَنَا لَزُلۡفٰی وَ حُسۡنَ مَاٰبٍ ﴿٪۴۱﴾
    38 : 41 Албетте, ал үчүн Биздин алдыбызда бир жакындык жана эӊ сонун даража бар эле.
  • وَ اذۡکُرۡ عَبۡدَنَاۤ اَیُّوۡبَ ۘ اِذۡ نَادٰی رَبَّہٗۤ اَنِّیۡ مَسَّنِیَ الشَّیۡطٰنُ بِنُصۡبٍ وَّ عَذَابٍ ﴿ؕ۴۲﴾
    38 : 42 Жана Биздин пендебиз Айюбду да эсте, качан ал өз Раббисине: «Албетте, шайтан мага абдан көп зыян жана азап берди», - деп кайрылган.
  • اُرۡکُضۡ بِرِجۡلِکَ ۚ ہٰذَا مُغۡتَسَلٌۢ بَارِدٌ وَّ شَرَابٌ ﴿۴۳﴾
    38 : 43 (Биз ага айттык): «Минип жүргөнүӊдү аягыӊ менен темин. Мына ушул (жакын жерде) чөмүлүү жана ичүү үчүн муздак суу бар».
  • وَ وَہَبۡنَا لَہٗۤ اَہۡلَہٗ وَ مِثۡلَہُمۡ مَّعَہُمۡ رَحۡمَۃً مِّنَّا وَ ذِکۡرٰی لِاُولِی الۡاَلۡبَابِ ﴿۴۴﴾
    38 : 44 Анан Биз ага Өзүбүздүн мээримдүүлүгүбүз катары жана акыл ээлери үчүн бир ибарат катары үй-бүлөсүн жана алардан тышкары, алар сыяктуу дагы башкаларды да бердик.
  • وَ خُذۡ بِیَدِکَ ضِغۡثًا فَاضۡرِبۡ بِّہٖ وَ لَا تَحۡنَثۡ ؕ اِنَّا وَجَدۡنٰہُ صَابِرًا ؕ نِعۡمَ الۡعَبۡدُ ؕ اِنَّہٗۤ اَوَّابٌ ﴿۴۵﴾
    38 : 45 «Кургак жана бир боо чыбыктарды колуӊа алып, аны менен ур жана (өз) касамыӊды жалганга чыгарба». Албетте, Биз анын өтө сабырдуу экенин көрдүк. Кандай жакшы пенде болгон! Албетте, ал таазим менен кайра-кайра ийилүүчү эле.
  • وَ اذۡکُرۡ عِبٰدَنَاۤ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ اُولِی الۡاَیۡدِیۡ وَ الۡاَبۡصَارِ ﴿۴۶﴾
    38 : 46 Жана Биздин пенделерибиз – Ибраахийм, Исхаак жана Яъкуубду эсте, алар колу узун жана акыл-парасаттуу эле.
  • اِنَّاۤ اَخۡلَصۡنٰہُمۡ بِخَالِصَۃٍ ذِکۡرَی الدَّارِ ﴿ۚ۴۷﴾
    38 : 47 Албетте, Биз аларды, айрыкча, акырет үйүнүн эскерүү үчүн тандап алдык.
  • وَ اِنَّہُمۡ عِنۡدَنَا لَمِنَ الۡمُصۡطَفَیۡنَ الۡاَخۡیَارِ ﴿ؕ۴۸﴾
    38 : 48 Албетте, алар Биздин алдыбызда сөзсүз тандалган жана абдан жакшы сапат ээлеринен болчу.
  • وَ اذۡکُرۡ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ الۡیَسَعَ وَ ذَاالۡکِفۡلِ ؕ وَ کُلٌّ مِّنَ الۡاَخۡیَارِ ﴿ؕ۴۹﴾
    38 : 49 Жана Исмааийлди, Алясаны жана Зулкифлди да эсте. Алардын баары эӊ жакшы адамдардан эле.
  • ہٰذَا ذِکۡرٌ ؕ وَ اِنَّ لِلۡمُتَّقِیۡنَ لَحُسۡنَ مَاٰبٍ ﴿ۙ۵۰﴾
    38 : 50 Бул – бир бийик эскерүү. Албетте, такыбалар үчүн абдан жакшы турак жай болот –
  • جَنّٰتِ عَدۡنٍ مُّفَتَّحَۃً لَّہُمُ الۡاَبۡوَابُ ﴿ۚ۵۱﴾
    38 : 51 Түбөлүктүү бактар болот. Алар үчүн эшиктер кеӊ ачылып коюлган болот.
  • مُتَّکِـِٕیۡنَ فِیۡہَا یَدۡعُوۡنَ فِیۡہَا بِفَاکِہَۃٍ کَثِیۡرَۃٍ وَّ شَرَابٍ ﴿۵۲﴾
    38 : 52 Алардын ичинде алар жаздыктарга жөлөнгөн бойдон отурган болушат (жана) ал жерде алар мол, ар түркүн мөмө-жемиштер жана суусундуктарды талап кылып турган болушат.
  • وَ عِنۡدَہُمۡ قٰصِرٰتُ الطَّرۡفِ اَتۡرَابٌ ﴿۵۳﴾
    38 : 53 Жана алардын кашында (абийирдүү) назарларын басаӊдатып туруучу курбулар болот.
  • ہٰذَا مَا تُوۡعَدُوۡنَ لِیَوۡمِ الۡحِسَابِ ﴿ؓ۵۴﴾
    38 : 54 Бул – силерге эсеп-кысап күнү үчүн убада кылынып жаткан нерселер.
  • اِنَّ ہٰذَا لَرِزۡقُنَا مَا لَہٗ مِنۡ نَّفَادٍ ﴿ۚۖ۵۵﴾
    38 : 55 Албетте, бул биздин ырыскыбыз, ал эч качан түгөнбөйт.
  • ہٰذَا ؕ وَ اِنَّ لِلطّٰغِیۡنَ لَشَرَّ مَاٰبٍ ﴿ۙ۵۶﴾
    38 : 56 Ушундай болот. Албетте, моюн толгогондор үчүн сөзсүз эӊ жаман кайтуу жайы бар –
  • جَہَنَّمَ ۚ یَصۡلَوۡنَہَا ۚ فَبِئۡسَ الۡمِہَادُ ﴿۵۷﴾
    38 : 57 Тозок! Алар ага киришет. Демек, ал кандай жаман төшөк!
  • ہٰذَا ۙ فَلۡیَذُوۡقُوۡہُ حَمِیۡمٌ وَّ غَسَّاقٌ ﴿ۙ۵۸﴾
    38 : 58 Бул сөзсүз болот. Ошентип, алар аны, (тактап айтканда)кайнап турган жана абдан муздак сууну татып көрүшсүн.
  • وَّ اٰخَرُ مِنۡ شَکۡلِہٖۤ اَزۡوَاجٌ ﴿ؕ۵۹﴾
    38 : 59 Жана ошого окшогон дагы башка нерселер да болот.
  • ہٰذَا فَوۡجٌ مُّقۡتَحِمٌ مَّعَکُمۡ ۚ لَا مَرۡحَبًۢا بِہِمۡ ؕ اِنَّہُمۡ صَالُوا النَّارِ ﴿۶۰﴾
    38 : 60 Мына бул – силер менен бирге (ага) кире турган кошуун». Аларга эч кандай «мархабаа» жок. Албетте, алар отко кирүүчүлөр.
  • قَالُوۡا بَلۡ اَنۡتُمۡ ۟ لَا مَرۡحَبًۢا بِکُمۡ ؕ اَنۡتُمۡ قَدَّمۡتُمُوۡہُ لَنَا ۚ فَبِئۡسَ الۡقَرَارُ ﴿۶۱﴾
    38 : 61 Алар (каргыштай турган топко карап) айтышат: «Жок! Силердин өзүӊөр гана (каргышталган)сыӊар, өзүӊөргө эч кандай «мархабаа» жок. Биз үчүн муну алдыга жибергендер да силердин өзүӊөр. Демек, (ал) абдан жаман жай!»
  • قَالُوۡا رَبَّنَا مَنۡ قَدَّمَ لَنَا ہٰذَا فَزِدۡہُ عَذَابًا ضِعۡفًا فِی النَّارِ ﴿۶۲﴾
    38 : 62 Алар айтышат: «Эй, Раббибиз! Бизге муну алдыга жиберген бирөөгө эки эсе көп азап бергин!»
  • وَ قَالُوۡا مَا لَنَا لَا نَرٰی رِجَالًا کُنَّا نَعُدُّہُمۡ مِّنَ الۡاَشۡرَارِ ﴿ؕ۶۳﴾
    38 : 63 Жана алар айтышат: «Бизге эмне болгон өзү, эмнеге биз эӊ жаман адамдар катарына кошкондорду көрбөй жатабыз?!
  • اَتَّخَذۡنٰہُمۡ سِخۡرِیًّا اَمۡ زَاغَتۡ عَنۡہُمُ الۡاَبۡصَارُ ﴿۶۴﴾
    38 : 64 Биз аларды басынтып жүргөн белекпи же көздөрүбүз аларды ылгабай жаттыбы?»
  • اِنَّ ذٰلِکَ لَحَقٌّ تَخَاصُمُ اَہۡلِ النَّارِ ﴿٪۶۵﴾
    38 : 65 Албетте, от ээлеринин мына ушундай өз ара талашып-тартышуулары акыйкат.
  • قُلۡ اِنَّمَاۤ اَنَا مُنۡذِرٌ ٭ۖ وَّ مَا مِنۡ اِلٰہٍ اِلَّا اللّٰہُ الۡوَاحِدُ الۡقَہَّارُ ﴿ۚ۶۶﴾
    38 : 66 Айткын: «Мен тек бир кулактандыруучумун. Жападан-жалгыз (жана) эӊ жеӊүүчү Алладан өзгө эч кандай кудай жок –
  • رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا الۡعَزِیۡزُ الۡغَفَّارُ ﴿۶۷﴾
    38 : 67 Асмандар менен жер жана бул экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин Раббиси(нен өзгө). Ал эӊ жеӊүүчү (жана) өтө кечирүүчү».
  • قُلۡ ہُوَ نَبَؤٌا عَظِیۡمٌ ﴿ۙ۶۸﴾
    38 : 68 Айткын: «Бул бир бийик кабар.
  • اَنۡتُمۡ عَنۡہُ مُعۡرِضُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    38 : 69 Силер мындан жүз буруудасыӊар.
  • مَا کَانَ لِیَ مِنۡ عِلۡمٍۭ بِالۡمَلَاِ الۡاَعۡلٰۤی اِذۡ یَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    38 : 70 Улуу мартабалуу периштелердин талашып-тартышып жаткандарында, менде алар туурасында эч кандай кабар жок эле.
  • اِنۡ یُّوۡحٰۤی اِلَیَّ اِلَّاۤ اَنَّمَاۤ اَنَا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۷۱﴾
    38 : 71 Мен болгону бир ачыктан-ачык кулактандыруучу экендигим туурасында мага вахий кылынат».
  • اِذۡ قَالَ رَبُّکَ لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اِنِّیۡ خَالِقٌۢ بَشَرًا مِّنۡ طِیۡنٍ ﴿۷۲﴾
    38 : 72 Качан Раббиӊ периштелерге айтканда: «Албетте, Мен ылайдан адамзатты жаратуучумун;
  • فَاِذَا سَوَّیۡتُہٗ وَ نَفَخۡتُ فِیۡہِ مِنۡ رُّوۡحِیۡ فَقَعُوۡا لَہٗ سٰجِدِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    38 : 73 Анан Мен аны ырастап алганымда жана ага Өз рухумдан үйлөп койгонумда, анын алдында сажда кылган бойдон жыгылгыла!»
  • فَسَجَدَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ کُلُّہُمۡ اَجۡمَعُوۡنَ ﴿ۙ۷۴﴾
    38 : 74 Ошондо бардык периштелер сажда кылышты.
  • اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ اِسۡتَکۡبَرَ وَ کَانَ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    38 : 75 Бирок, Иблис (сажда кылбады). Ал текеберлик кылды жана өзү дагы каапырлардан болчу.
  • قَالَ یٰۤاِبۡلِیۡسُ مَا مَنَعَکَ اَنۡ تَسۡجُدَ لِمَا خَلَقۡتُ بِیَدَیَّ ؕ اَسۡتَکۡبَرۡتَ اَمۡ کُنۡتَ مِنَ الۡعَالِیۡنَ ﴿۷۶﴾
    38 : 76 (Алла) айтты: «Эй, Иблис! Мен Өз (кудуретимдин) эки колу менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту? Текеберлик кылдыӊбы же жогорку мартабалуулардансыӊбы?»
  • قَالَ اَنَا خَیۡرٌ مِّنۡہُ ؕ خَلَقۡتَنِیۡ مِنۡ نَّارٍ وَّ خَلَقۡتَہٗ مِنۡ طِیۡنٍ ﴿۷۷﴾
    38 : 77 Ал айтты: «Мен андан жакшыраакмын; Сен мени оттон жараткансыӊ, аны болсо ылайдан».
  • قَالَ فَاخۡرُجۡ مِنۡہَا فَاِنَّکَ رَجِیۡمٌ ﴿ۚۖ۷۸﴾
    38 : 78 (Алла) айтты: «Андай болсо, бул жерден чык; сен албетте, куулгансыӊ.
  • وَّ اِنَّ عَلَیۡکَ لَعۡنَتِیۡۤ اِلٰی یَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿۷۹﴾
    38 : 79 Албетте, Менин каргышым жаза-сыйлык күнүнө чейин сенин үстүӊдө болот».
  • قَالَ رَبِّ فَاَنۡظِرۡنِیۡۤ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۸۰﴾
    38 : 80 Ал айтты: «Эй, Раббим! Андай болсо, (адамдар) тургузула турган күнгө чейин мага мөөнөт бергин».
  • قَالَ فَاِنَّکَ مِنَ الۡمُنۡظَرِیۡنَ ﴿ۙ۸۱﴾
    38 : 81 (Алла) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилүүчүлөрдөнсүӊ –
  • اِلٰی یَوۡمِ الۡوَقۡتِ الۡمَعۡلُوۡمِ ﴿۸۲﴾
    38 : 82 Бир белгиленген убакыттын күнүнө чейин».
  • قَالَ فَبِعِزَّتِکَ لَاُغۡوِیَنَّہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۸۳﴾
    38 : 83 Ал айтты: «Сенин абройуӊа касам! Албетте, мен алардын баарын жолдон азгырамын.
  • اِلَّا عِبَادَکَ مِنۡہُمُ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    38 : 84 Тек алардын арасындагы (Сенин) тандалган пенделериӊден башкасын.
  • قَالَ فَالۡحَقُّ ۫ وَ الۡحَقَّ اَقُوۡلُ ﴿ۚ۸۵﴾
    38 : 85 (Алла) айтты: «Демек, чындык ушул. Мен албетте, болгону акыйкатты сүйлөймүн.
  • لَاَمۡلَـَٔنَّ جَہَنَّمَ مِنۡکَ وَ مِمَّنۡ تَبِعَکَ مِنۡہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۸۶﴾
    38 : 86 Мен албетте, тозокту сен жана алардан сени ээрчигендердин баары менен толтурамын».
  • قُلۡ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ وَّ مَاۤ اَنَا مِنَ الۡمُتَکَلِّفِیۡنَ ﴿۸۷﴾
    38 : 87 Айткын: «Мен силерден бул (нерсенин) ордуна эч кандай акы талап кылбаймын жана жасалмалуулук кылуучулардан эмесмин.
  • اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    38 : 88 Ушул (Куран) бардык ааламдар үчүн улуу насыйкаттан өзгө эч нерсе эмес.
  • وَ لَتَعۡلَمُنَّ نَبَاَہٗ بَعۡدَ حِیۡنٍ ﴿٪۸۹﴾
    38 : 89 Силер бир канча убактан кийин анын акыйкатын сөзсүз билип аласыӊар».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via