Курани карим Ал-Хижр • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الحِجر

Ал-Хижр

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    15 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓرٰ ۟ تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ وَ قُرۡاٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۲﴾
    15 : 2 Аналлааху араа: Мен – Алламын. Мен көрөмүн. Булар – Китеп жана бир ачыктан-ачык Курандын аяттары.
  • رُبَمَا یَوَدُّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ کَانُوۡا مُسۡلِمِیۡنَ ﴿۳﴾
    15 : 3 Айрым учурларда каапырлык кылгандар: «Мусулман болсок кана!» - деп тилешет.
  • ذَرۡہُمۡ یَاۡکُلُوۡا وَ یَتَمَتَّعُوۡا وَ یُلۡہِہِمُ الۡاَمَلُ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴﴾
    15 : 4 Аларды (өз ахвалына) коё бер: жеп-ичишсин жана убактылуу пайдаланышсын, ошондой эле үмүт аларды кабарсыз кылып турсун. Анан тез арада алар билип алышат.
  • وَ مَاۤ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَرۡیَۃٍ اِلَّا وَ لَہَا کِتَابٌ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿۵﴾
    15 : 5 Биз эч бир кыштакты ойрон кылбадык, бирок ал үчүн бир белгилүү китеп (эскертүү иретинде) бар эле.
  • مَا تَسۡبِقُ مِنۡ اُمَّۃٍ اَجَلَہَا وَ مَا یَسۡتَاۡخِرُوۡنَ ﴿۶﴾
    15 : 6 Эч бир үммөт-жамаат өзүнүн белгиленген убактысынан алдыга да өтө албайт жана алар аркада да кала албайт.
  • وَ قَالُوۡا یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡ نُزِّلَ عَلَیۡہِ الذِّکۡرُ اِنَّکَ لَمَجۡنُوۡنٌ ؕ﴿۷﴾
    15 : 7 Алар айтышты: «Эй, Зикир түшүрүлгөн киши! Албетте, сен акылсызсыӊ.
  • لَوۡ مَا تَاۡتِیۡنَا بِالۡمَلٰٓئِکَۃِ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۸﴾
    15 : 8 Эгер чынчылдардан болсоӊ, эмнеге периштелерди биздин алдыбызга алып келбейсиӊ?»
  • مَا نُنَزِّلُ الۡمَلٰٓئِکَۃَ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ مَا کَانُوۡۤا اِذًا مُّنۡظَرِیۡنَ ﴿۹﴾
    15 : 9 Биз периштелерди бир гана акыйкат менен түшүрөбүз жана ошондо аларга мөөнөт берилбейт.
  • اِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا الذِّکۡرَ وَ اِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    15 : 10 Албетте, Биз гана ушул Зикирди түшүргөнбүз жана албетте, Биз гана анын сактоочусубуз.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ فِیۡ شِیَعِ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۱﴾
    15 : 11 Биз сенден мурун дагы илгерки тайпаларга (пайгамбарларды) жөнөткөн элек.
  • وَ مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    15 : 12 Алар өздөрүнө келген ар бир пайгамбарды маскара кылышаар эле.
  • کَذٰلِکَ نَسۡلُکُہٗ فِیۡ قُلُوۡبِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿ۙ۱۳﴾
    15 : 13 Биз күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрүнө муну – (коркпостукту) мына ушундай киргизебиз.
  • لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ وَ قَدۡ خَلَتۡ سُنَّۃُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۴﴾
    15 : 14 Алар бул (Пайгамбар)га ыйман келтиришпейт, ал эми мындан мурунку адамдардын акыбети өтүп кеткен го.
  • وَ لَوۡ فَتَحۡنَا عَلَیۡہِمۡ بَابًا مِّنَ السَّمَآءِ فَظَلُّوۡا فِیۡہِ یَعۡرُجُوۡنَ ﴿ۙ۱۵﴾
    15 : 15 Эгер Биз асмандын кандайдыр бир дарбазасын аларга ачып койгонубузда, анан алар (өз көзү менен Пайгамбардын акыйкат белгисин көрүү максатында) ага көтөрүлө башташканда дагы;
  • لَقَالُوۡۤا اِنَّمَا سُکِّرَتۡ اَبۡصَارُنَا بَلۡ نَحۡنُ قَوۡمٌ مَّسۡحُوۡرُوۡنَ ﴿٪۱۶﴾
    15 : 16 Ошондо дагы алар албетте: «Биздин көздөрүбүз (кандайдыр бир баӊгилик менен) туман кылынып коюлган, жок, биз бир сыйкырланган коомбуз», - деген болоор эле.
  • وَ لَقَدۡ جَعَلۡنَا فِی السَّمَآءِ بُرُوۡجًا وَّ زَیَّنّٰہَا لِلنّٰظِرِیۡنَ ﴿ۙ۱۷﴾
    15 : 17 Албетте, Биз асманда жылдыздардын орундарын жараттык жана ал (асман)ды күзөтүүчүлөр үчүн кооз кылып койдук.
  • وَ حَفِظۡنٰہَا مِنۡ کُلِّ شَیۡطٰنٍ رَّجِیۡمٍ ﴿ۙ۱۸﴾
    15 : 18 Жана аны Биз ар бир куулган шайтандан сактадык.
  • اِلَّا مَنِ اسۡتَرَقَ السَّمۡعَ فَاَتۡبَعَہٗ شِہَابٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۹﴾
    15 : 19 (Ооба), эгер кандайдыр бир киши бир кепти жашыруун угуп алса, анда оттун бир жарык шооласы анын изине түшөт.
  • وَ الۡاَرۡضَ مَدَدۡنٰہَا وَ اَلۡقَیۡنَا فِیۡہَا رَوَاسِیَ وَ اَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ مَّوۡزُوۡنٍ ﴿۲۰﴾
    15 : 20 Биз жерди жайып койдук жана анда бекем кадалган (тоолор)ду орноттук, ошондой эле анда ар түрдүү жарашыктуу нерсе өстүрдүк.
  • وَ جَعَلۡنَا لَکُمۡ فِیۡہَا مَعَایِشَ وَ مَنۡ لَّسۡتُمۡ لَہٗ بِرٰزِقِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    15 : 21 Жана Биз анда силер үчүн (дагы), силер ырыскы берүүчү болбой тургандар үчүн дагы тиричилик шарттарын жараттык.
  • وَ اِنۡ مِّنۡ شَیۡءٍ اِلَّا عِنۡدَنَا خَزَآئِنُہٗ ۫ وَ مَا نُنَزِّلُہٗۤ اِلَّا بِقَدَرٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿۲۲﴾
    15 : 22 Биздин кашыбызда ар бир нерсенин казыналары бар, Биз аны белгилүү өлчөмгө ылайык гана түшүрөбүз.
  • وَ اَرۡسَلۡنَا الرِّیٰحَ لَوَاقِحَ فَاَنۡزَلۡنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَسۡقَیۡنٰکُمُوۡہُ ۚ وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ لَہٗ بِخٰزِنِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    15 : 23 Жана Биз (суу менен) жүктөлгөн шамалдарды жөнөттүк. Ошентип, асмандан Биз суу түшүрдүк жана силерге аны ичирдик. Силер болсо, аны топтоп алууга күчүӊөр жетпейт эле.
  • وَ اِنَّا لَنَحۡنُ نُحۡیٖ وَ نُمِیۡتُ وَ نَحۡنُ الۡوٰرِثُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    15 : 24 Албетте, Биз гана жашоо да, өлүм да беребиз. Биз Өзүбүз гана (бардык нерсеге) мураскер болобуз.
  • وَ لَقَدۡ عَلِمۡنَا الۡمُسۡتَقۡدِمِیۡنَ مِنۡکُمۡ وَ لَقَدۡ عَلِمۡنَا الۡمُسۡتَاۡخِرِیۡنَ ﴿۲۵﴾
    15 : 25 Биз албетте, силердин илгерилеп кетүүчүлөрүӊөрдү да билип алганбыз жана аркада калуучуларды да билип алганбыз.
  • وَ اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ یَحۡشُرُہُمۡ ؕ اِنَّہٗ حَکِیۡمٌ عَلِیۡمٌ ﴿٪۲۶﴾
    15 : 26 Раббиӊ аларды албетте, чогултат. Албетте, Ал өтө акылман (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ مِنۡ صَلۡصَالٍ مِّنۡ حَمَاٍ مَّسۡنُوۡنٍ ﴿ۚ۲۷﴾
    15 : 27 Албетте, Биз адамды ачыган ылайдан жасалган кургак, шыӊгыраган чоподон жаратканбыз.
  • وَ الۡجَآنَّ خَلَقۡنٰہُ مِنۡ قَبۡلُ مِنۡ نَّارِ السَّمُوۡمِ ﴿۲۸﴾
    15 : 28 Жана жиндерди Биз андан мурун абдан ысык шамалдын жалынынан жараттык.
  • وَ اِذۡ قَالَ رَبُّکَ لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اِنِّیۡ خَالِقٌۢ بَشَرًا مِّنۡ صَلۡصَالٍ مِّنۡ حَمَاٍ مَّسۡنُوۡنٍ ﴿۲۹﴾
    15 : 29 (Эстегин), качан Раббиӊ периштелерге айтты: «Мен ачыган ылайдан жасалган кургак, шыӊгыраган чоподон адамзатты жаратмакчымын.
  • فَاِذَا سَوَّیۡتُہٗ وَ نَفَخۡتُ فِیۡہِ مِنۡ رُّوۡحِیۡ فَقَعُوۡا لَہٗ سٰجِدِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    15 : 30 Анан Мен аны жакшылап жасап алганымдан кийин, ага Өз сөзүмдү үйлөгөнүмдө, ага баш ийген бойдон сажда кылгыла».
  • فَسَجَدَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ کُلُّہُمۡ اَجۡمَعُوۡنَ ﴿ۙ۳۱﴾
    15 : 31 Ошондо баардык периштелер сажда кылышты –
  • اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ اَبٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنَ مَعَ السّٰجِدِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    15 : 32 Иблистен башкасы. Ал сажда кылуучулар менен бирге болуштан баш тартты.
  • قَالَ یٰۤـاِبۡلِیۡسُ مَا لَکَ اَلَّا تَکُوۡنَ مَعَ السّٰجِدِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    15 : 33 (Алла) айтты: «Эй, Иблис! Сага эмне болду, сен сажда кылуучулар менен бирге болбодуӊ?»
  • قَالَ لَمۡ اَکُنۡ لِّاَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَہٗ مِنۡ صَلۡصَالٍ مِّنۡ حَمَاٍ مَّسۡنُوۡنٍ ﴿۳۴﴾
    15 : 34 Ал айтты: «Сен ачыган ылайдан жасалган кургак, шыӊгыраган чоподон жараткан адамзатка мен сажда кылбаймын».
  • قَالَ فَاخۡرُجۡ مِنۡہَا فَاِنَّکَ رَجِیۡمٌ ﴿ۙ۳۵﴾
    15 : 35 (Алла) айтты: «Бул жерден чыгып кет, албетте, сен куулгансыӊ.
  • وَّ اِنَّ عَلَیۡکَ اللَّعۡنَۃَ اِلٰی یَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿۳۶﴾
    15 : 36 Албетте, жаза жана сыйлык күнүнө чейин сага каргыш болот».
  • قَالَ رَبِّ فَاَنۡظِرۡنِیۡۤ اِلٰی یَوۡمِ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    15 : 37 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мага алар (адамдар) тургузула турган күнгө чейин мөөнөт бергин».
  • قَالَ فَاِنَّکَ مِنَ الۡمُنۡظَرِیۡنَ ﴿ۙ۳۸﴾
    15 : 38 (Алла) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилүүчүлөрдөнсүӊ –
  • اِلٰی یَوۡمِ الۡوَقۡتِ الۡمَعۡلُوۡمِ ﴿۳۹﴾
    15 : 39 Бир белгилүү убакыттын күнүнө чейин».
  • قَالَ رَبِّ بِمَاۤ اَغۡوَیۡتَنِیۡ لَاُزَیِّنَنَّ لَہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَاُغۡوِیَنَّہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
    15 : 40 Ал айтты: «Эй, Раббим! Сен мени адашкан деп өкүм чыгарганыӊ үчүн, мен албетте, жерде (турууну) аларга эӊ сонун кылып көрсөтөмүн жана албетте, мен алардын баарын жолдон азгырамын –
  • اِلَّا عِبَادَکَ مِنۡہُمُ الۡمُخۡلَصِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    15 : 41 Алардын арасынан Сенин тандалган пенделериӊ болсо, анда башка кеп».
  • قَالَ ہٰذَا صِرَاطٌ عَلَیَّ مُسۡتَقِیۡمٌ ﴿۴۲﴾
    15 : 42 (Алла) айтты: «Бул туура жол (көрсөтүү) – Менин милдетим.
  • اِنَّ عِبَادِیۡ لَیۡسَ لَکَ عَلَیۡہِمۡ سُلۡطٰنٌ اِلَّا مَنِ اتَّبَعَکَ مِنَ الۡغٰوِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    15 : 43 Албетте, Менин пенделеримдин үстүнөн сага эч кандай жеӊиш насип болбойт. Ооба, адашкандардын ичинен (өзүнөн-өзү) сени ээрчигендер болсо, анда башка кеп».
  • وَ اِنَّ جَہَنَّمَ لَمَوۡعِدُہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۟ۙ۴۴﴾
    15 : 44 Албетте, тозок алардын баарынын убада кылынган мекени.
  • لَہَا سَبۡعَۃُ اَبۡوَابٍ ؕ لِکُلِّ بَابٍ مِّنۡہُمۡ جُزۡءٌ مَّقۡسُوۡمٌ ﴿٪۴۵﴾
    15 : 45 Анын жети дарбазасы бар. Ар бир дарбаза үчүн ал (адашкан)дардын бир белгиленген үлүшү бар.
  • اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ؕ۴۶﴾
    15 : 46 Албетте, такыбалар бактар жана булактарда (жайгашкан) болушат.
  • اُدۡخُلُوۡہَا بِسَلٰمٍ اٰمِنِیۡنَ ﴿۴۷﴾
    15 : 47 Аларга тынчтык, бейпилдик жана сар-санаасыз киргиле.
  • وَ نَزَعۡنَا مَا فِیۡ صُدُوۡرِہِمۡ مِّنۡ غِلٍّ اِخۡوَانًا عَلٰی سُرُرٍ مُّتَقٰبِلِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    15 : 48 Биз алардын жүрөктөрүндөгү ар кандай кинелерди чыгарып таштайбыз. Алар бир тууган болуп, такталарда бетме-бет отурган болушат.
  • لَا یَمَسُّہُمۡ فِیۡہَا نَصَبٌ وَّ مَا ہُمۡ مِّنۡہَا بِمُخۡرَجِیۡنَ ﴿۴۹﴾
    15 : 49 Аларга анын ичинде эч бир чарчоо болбойт жана алар эч качан алардан чыгарылышпайт.
  • نَبِّیٴۡ عِبَادِیۡۤ اَنِّیۡۤ اَنَا الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿ۙ۵۰﴾
    15 : 50 Менин пенделериме айтып кой: «Албетте, Мен өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучумун».
  • وَ اَنَّ عَذَابِیۡ ہُوَ الۡعَذَابُ الۡاَلِیۡمُ ﴿۵۱﴾
    15 : 51 (Жана) муну дагы (айтып кой): «Албетте, Менин азабым абдан оор азап».
  • وَ نَبِّئۡہُمۡ عَنۡ ضَیۡفِ اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۘ۵۲﴾
    15 : 52 Жана аларга Ибраахиймдин меймандары туурасында кабар бер.
  • اِذۡ دَخَلُوۡا عَلَیۡہِ فَقَالُوۡا سَلٰمًا ؕ قَالَ اِنَّا مِنۡکُمۡ وَجِلُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    15 : 53 Алар анын алдына келгендеринде: «Салам!» - дешти. Ал айтты: «Биз силерден коркуп жатабыз».
  • قَالُوۡا لَا تَوۡجَلۡ اِنَّا نُبَشِّرُکَ بِغُلٰمٍ عَلِیۡمٍ ﴿۵۴﴾
    15 : 54 Алар айтышты: «Коркпо! Биз албетте, сага бир билимдүү уул туурасында куш кабар беребиз».
  • قَالَ اَبَشَّرۡتُمُوۡنِیۡ عَلٰۤی اَنۡ مَّسَّنِیَ الۡکِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    15 : 55 Ал айтты: «Менин карып калганыма карабастан, силер мага куш кабар бердиӊерби? Демек, силер эмнеге таянып куш кабар берип жатасыӊар?»
  • قَالُوۡا بَشَّرۡنٰکَ بِالۡحَقِّ فَلَا تَکُنۡ مِّنَ الۡقٰنِطِیۡنَ ﴿۵۶﴾
    15 : 56 Алар айтышты: «Биз сага акыйкат куш кабарды бердик. Ошондуктан, үмүтсүздөрдөн болбо!»
  • قَالَ وَ مَنۡ یَّقۡنَطُ مِنۡ رَّحۡمَۃِ رَبِّہٖۤ اِلَّا الضَّآلُّوۡنَ ﴿۵۷﴾
    15 : 57 Ал айтты: «Адашкандардан бөлөк ким өз Раббисинин рахматынан үмүтсүздөнөт?»
  • قَالَ فَمَا خَطۡبُکُمۡ اَیُّہَا الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    15 : 58 Ал айтты: «Эй, жиберилгендер! Силердин түпкү мүдөөӊөр эмне?»
  • قَالُوۡۤا اِنَّاۤ اُرۡسِلۡنَاۤ اِلٰی قَوۡمٍ مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿ۙ۵۹﴾
    15 : 59 Алар айтышты: «Албетте, биз бир күнөөкөр коом тарапка жөнөтүлгөнбүз –
  • اِلَّاۤ اٰلَ لُوۡطٍ ؕ اِنَّا لَمُنَجُّوۡہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۶۰﴾
    15 : 60 Лут тукумун коюп. Алардын баарын биз албетте, куткарып калабыз –
  • اِلَّا امۡرَاَتَہٗ قَدَّرۡنَاۤ ۙ اِنَّہَا لَمِنَ الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    15 : 61 Анын аялын коюп. Биз (анын акыбетин) билип алдык. Ал албетте, аркада калуучулардан болот».
  • فَلَمَّا جَآءَ اٰلَ لُوۡطِ ۣالۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿ۙ۶۲﴾
    15 : 62 Ошентип, жиберилгендер Лут тукумунун алдына келишкенде –
  • قَالَ اِنَّکُمۡ قَوۡمٌ مُّنۡکَرُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    15 : 63 Ал айтты: «Албетте, силер чоочун адамсыӊар».
  • قَالُوۡا بَلۡ جِئۡنٰکَ بِمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَمۡتَرُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    15 : 64 Алар жооп беришти: «Жок, биз алар шектенип жаткан (кабар)ды сага алып келдик.
  • وَ اَتَیۡنٰکَ بِالۡحَقِّ وَ اِنَّا لَصٰدِقُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    15 : 65 Ошондой эле биз сенин жаныӊа акыйкат менен келдик жана албетте, биз чынчылдарбыз.
  • فَاَسۡرِ بِاَہۡلِکَ بِقِطۡعٍ مِّنَ الَّیۡلِ وَ اتَّبِعۡ اَدۡبَارَہُمۡ وَ لَا یَلۡتَفِتۡ مِنۡکُمۡ اَحَدٌ وَّ امۡضُوۡا حَیۡثُ تُؤۡمَرُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    15 : 66 Демек, өз тукумуӊду алып, түндүн бир бөлүгүндө чыгып кет жана алардын артынан жүр. Араларыӊардан эч ким артка кайрылып карабасын жана силер (жүрүүгө) буюрулган тарапка жүрө бергиле».
  • وَ قَضَیۡنَاۤ اِلَیۡہِ ذٰلِکَ الۡاَمۡرَ اَنَّ دَابِرَ ہٰۤؤُلَآءِ مَقۡطُوۡعٌ مُّصۡبِحِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    15 : 67 Жана Биз ага ушул чечимди угузуп койдук: таӊ атып жатканда, алардын тамыры кырылып жиберилген болот.
  • وَ جَآءَ اَہۡلُ الۡمَدِیۡنَۃِ یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    15 : 68 Шаар эли курсант болгон бойдон келди.
  • قَالَ اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ ضَیۡفِیۡ فَلَا تَفۡضَحُوۡنِ ﴿ۙ۶۹﴾
    15 : 69 Ал айтты: «Булар – менин меймандарым. Ошондуктан, мени шерменде кылбагыла.
  • وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ لَا تُخۡزُوۡنِ ﴿۷۰﴾
    15 : 70 Ошондой эле Алладан корккула жана мени уят кылбагыла».
  • قَالُوۡۤا اَوَ لَمۡ نَنۡہَکَ عَنِ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۷۱﴾
    15 : 71 Алар айтышты: «Бардык ааламдар (менен алака орнотуу)дан биз сени тыюу салган эмес белек?»
  • قَالَ ہٰۤؤُلَآءِ بَنٰتِیۡۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ فٰعِلِیۡنَ ﴿ؕ۷۲﴾
    15 : 72 Ал айтты: «(Карагыла), мына бул менин кыздарым, (алардан уялсаӊар болбойбу), эгер бирдеме кылмакчы болсоӊор».
  • لَعَمۡرُکَ اِنَّہُمۡ لَفِیۡ سَکۡرَتِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۷۳﴾
    15 : 73 (Алла вахий кылды): «Сенин өмүрүӊө касам! Албетте, алар өз мастыгында адашууда».
  • فَاَخَذَتۡہُمُ الصَّیۡحَۃُ مُشۡرِقِیۡنَ ﴿ۙ۷۴﴾
    15 : 74 Анан таӊ атаары менен бир күркүрөгөн азап аларды тутуп алды.
  • فَجَعَلۡنَا عَالِیَہَا سَافِلَہَا وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ حِجَارَۃً مِّنۡ سِجِّیۡلٍ ﴿ؕ۷۵﴾
    15 : 75 Ошентип, Биз ал (шаар)ды астын-үстүн кылып жибердик жана Биз алардын үстүнө чопо таштарды жаадырдык.
  • اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّلۡمُتَوَسِّمِیۡنَ ﴿۷۶﴾
    15 : 76 Албетте, бул (окуя)да изденүүчүлөр үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ اِنَّہَا لَبِسَبِیۡلٍ مُّقِیۡمٍ ﴿۷۷﴾
    15 : 77 Ал (шаар) албетте, түбөлүктүү жолдо (жайгашкан).
  • اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ؕ۷۸﴾
    15 : 78 Албетте, мында момундар үчүн бир чоӊ аят-белги бар.
  • وَ اِنۡ کَانَ اَصۡحٰبُ الۡاَیۡکَۃِ لَظٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۷۹﴾
    15 : 79 Бак-дарактуу өлкө(дө жашоочулар) дагы албетте, заалим болчу.
  • فَانۡتَقَمۡنَا مِنۡہُمۡ ۘ وَ اِنَّہُمَا لَبِاِمَامٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ؕ٪۸۰﴾
    15 : 80 Ошондуктан, Биз алардан өч алдык. Бул эки (шаар) бир таанымал жол үстүндө (жайгашкан).
  • وَ لَقَدۡ کَذَّبَ اَصۡحٰبُ الۡحِجۡرِ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿ۙ۸۱﴾
    15 : 81 Албетте, Хижр эли дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
  • وَ اٰتَیۡنٰہُمۡ اٰیٰتِنَا فَکَانُوۡا عَنۡہَا مُعۡرِضِیۡنَ ﴿ۙ۸۲﴾
    15 : 82 Биз аларга Өз аят-жышаандарыбызды бердик, ошондо алар андан жүз бурушту.
  • وَ کَانُوۡا یَنۡحِتُوۡنَ مِنَ الۡجِبَالِ بُیُوۡتًا اٰمِنِیۡنَ ﴿۸۳﴾
    15 : 83 Алар тоолордо коопсуз үйлөрдү оюп жатышчу.
  • فَاَخَذَتۡہُمُ الصَّیۡحَۃُ مُصۡبِحِیۡنَ ﴿ۙ۸۴﴾
    15 : 84 Анан аларды дагы бир күркүрөгөн азап таӊ атаары менен тутуп алды.
  • فَمَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿ؕ۸۵﴾
    15 : 85 Ошондо алар жасаган иштери өздөрүнө жардам бере албады.
  • وَ مَا خَلَقۡنَا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَاۤ اِلَّا بِالۡحَقِّ ؕ وَ اِنَّ السَّاعَۃَ لَاٰتِیَۃٌ فَاصۡفَحِ الصَّفۡحَ الۡجَمِیۡلَ ﴿۸۶﴾
    15 : 86 Биз асмандар менен жерди жана алардын арасындагы бардык нерселерди жалаӊ чындык менен жараттык. «Саат» албетте, келүүчү. Ошентип, абдан жакшы жол менен кечирип кой.
  • اِنَّ رَبَّکَ ہُوَ الۡخَلّٰقُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۸۷﴾
    15 : 87 Албетте, Раббиӊ гана абдан жетик Жаратуучу (жана) билим ээси.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنٰکَ سَبۡعًا مِّنَ الۡمَثَانِیۡ وَ الۡقُرۡاٰنَ الۡعَظِیۡمَ ﴿۸۸﴾
    15 : 88 Албетте, Биз сага кайра-кайра кайталануучу жети (аят) жана бийик Куран тартууладык.
  • لَا تَمُدَّنَّ عَیۡنَیۡکَ اِلٰی مَا مَتَّعۡنَا بِہٖۤ اَزۡوَاجًا مِّنۡہُمۡ وَ لَا تَحۡزَنۡ عَلَیۡہِمۡ وَ اخۡفِضۡ جَنَاحَکَ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۸۹﴾
    15 : 89 Биз алардын айрым тайпаларына тартуулаган убактылуу пайдага көзүӊөрдү кадаба жана аларга кайгырба, ошондой эле момундар үчүн (мээрим) канатыӊды төмөн тут.
  • وَ قُلۡ اِنِّیۡۤ اَنَا النَّذِیۡرُ الۡمُبِیۡنُ ﴿ۚ۹۰﴾
    15 : 90 Айт: «Албетте, мен бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун –
  • کَمَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَی الۡمُقۡتَسِمِیۡنَ ﴿ۙ۹۱﴾
    15 : 91 Кудум Биз өз ара бөлүнүп кеткен кишилер үстүнө түшүргөн азаптай (азаптан);
  • الَّذِیۡنَ جَعَلُوا الۡقُرۡاٰنَ عِضِیۡنَ ﴿۹۲﴾
    15 : 92 Куранды бөлүк-бөлүк кылып таштагандардын үстүнө.
  • فَوَ رَبِّکَ لَنَسۡـَٔلَنَّہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۹۳﴾
    15 : 93 Раббиӊе касам! Биз албетте, алардын баарын суракка тартабыз –
  • عَمَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿ٙ۹۴﴾
    15 : 94 Алар кылган амалдары тууралуу.
  • فَاصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَ اَعۡرِضۡ عَنِ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۹۵﴾
    15 : 95 Ошондуктан, сен өзүӊө буюрулган нерселерди айкындаштырып баян кыл жана мушриктерден жүз бур.
  • اِنَّا کَفَیۡنٰکَ الۡمُسۡتَہۡزِءِیۡنَ ﴿ۙ۹۶﴾
    15 : 96 Албетте, Биз маскара кылуучуларга каршы сага жетиштүүбүз –
  • الَّذِیۡنَ یَجۡعَلُوۡنَ مَعَ اللّٰہِ اِلٰہًا اٰخَرَ ۚ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    15 : 97 Аллага башка кудайды шерик кылып алгандарга каршы. Анан тез арада алар билип алышат.
  • وَ لَقَدۡ نَعۡلَمُ اَنَّکَ یَضِیۡقُ صَدۡرُکَ بِمَا یَقُوۡلُوۡنَ ﴿ۙ۹۸﴾
    15 : 98 Албетте, алар кеп кылып жаткан нерселерден жүрөгүӊ сыгылып жатканын Биз билебиз.
  • فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ وَ کُنۡ مِّنَ السّٰجِدِیۡنَ ﴿ۙ۹۹﴾
    15 : 99 Демек, Раббиӊе мактоо менен тасбийх айт жана сажда кылуучулардан бол!
  • وَ اعۡبُدۡ رَبَّکَ حَتّٰی یَاۡتِیَکَ الۡیَقِیۡنُ ﴿٪۱۰۰﴾
    15 : 100 Жана сага өлүм келгенче, Раббиӊе ибадат кыл.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via