Курани карим Ат-Таквийр • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

التّکویر

Ат-Таквийр

  • 81:1
    بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • 81:2
    اِذَا الشَّمۡسُ کُوِّرَتۡ ۪ۙ﴿۲﴾
    Күн ороп коюлганда;
  • 81:3
    وَ اِذَا النُّجُوۡمُ انۡکَدَرَتۡ ۪ۙ﴿۳﴾
    Жана жылдыздар үлбүлдөп калганда;
  • 81:4
    وَ اِذَا الۡجِبَالُ سُیِّرَتۡ ۪ۙ﴿۴﴾
    Жана тоолор (ордунан) жылдырылып жиберилгенде;
  • 81:5
    وَ اِذَا الۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ ۪ۙ﴿۵﴾
    Жана карындагы баласы он айлык болгон бооз төөлөр кароосуз бош жиберилгенде;
  • 81:6
    وَ اِذَا الۡوُحُوۡشُ حُشِرَتۡ ۪ۙ﴿۶﴾
    Жана жырткычтар топтоштурулганда;
  • 81:7
    وَ اِذَا الۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ ۪ۙ﴿۷﴾
    Жана деӊиздер жарылып жиберилгенде;
  • 81:8
    وَ اِذَا النُّفُوۡسُ زُوِّجَتۡ ۪ۙ﴿۸﴾
    Жана адамдар биргелештирилгенде;
  • 81:9
    وَ اِذَا الۡمَوۡءٗدَۃُ سُئِلَتۡ ۪ۙ﴿۹﴾
    Жана тирүүлөй көмүлүп жиберилген (кыз өзү туурасында) суралганда:
  • 81:10
    بِاَیِّ ذَنۡۢبٍ قُتِلَتۡ ۚ﴿۱۰﴾
    «Ко-ош, кайсы күнөө үчүн өлтүрүлдү?»
  • 81:11
    وَ اِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتۡ ﴿۪ۙ۱۱﴾
    Жана баракчалар таркатылганда;
  • 81:12
    وَ اِذَا السَّمَآءُ کُشِطَتۡ ﴿۪ۙ۱۲﴾
    Жана асмандын териси шылынылганда;
  • 81:13
    وَ اِذَا الۡجَحِیۡمُ سُعِّرَتۡ ﴿۪ۙ۱۳﴾
    Жана тозок жалындатылганында;
  • 81:14
    وَ اِذَا الۡجَنَّۃُ اُزۡلِفَتۡ ﴿۪ۙ۱۴﴾
    Жана бейиш жакын келтирилип коюлганда –
  • 81:15
    عَلِمَتۡ نَفۡسٌ مَّاۤ اَحۡضَرَتۡ ﴿ؕ۱۵﴾
    Ар бир жан эмне келтиргенин билип алат.
  • 81:16
    فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِالۡخُنَّسِ ﴿ۙ۱۶﴾
    Кулак салгыла! Мен жашыруун иштерди кылып, изине кайта тургандарга касам ичемин –
  • 81:17
    الۡجَوَارِ الۡکُنَّسِ ﴿ۙ۱۷﴾
    Жашырынуу учурунда (же жашырына турган жайларда) бекинип алуучу кемелерге.
  • 81:18
    وَ الَّیۡلِ اِذَا عَسۡعَسَ ﴿ۙ۱۸﴾
    Түнгө, качан ал келет жана артына кайтат.
  • 81:19
    وَ الصُّبۡحِ اِذَا تَنَفَّسَ ﴿ۙ۱۹﴾
    Жана таӊга, качан ал дем ала баштайт.
  • 81:20
    اِنَّہٗ لَقَوۡلُ رَسُوۡلٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۲۰﴾
    Албетте, бул – бир урматтуу Пайгамбардын сөзү.
  • 81:21
    ذِیۡ قُوَّۃٍ عِنۡدَ ذِی الۡعَرۡشِ مَکِیۡنٍ ﴿ۙ۲۱﴾
    (Ал) күч-кубаттуу; Арш ээсинин алдында мартабалуу.
  • 81:22
    مُّطَاعٍ ثَمَّ اَمِیۡنٍ ﴿ؕ۲۲﴾
    Бой сунууга ылайыктуу, ал жерде (Арш ээсинин алдында) ишеничтүү.
  • 81:23
    وَ مَا صَاحِبُکُمۡ بِمَجۡنُوۡنٍ ﴿ۚ۲۳﴾
    Жана (албетте), силердин жолдошуӊар жинди эмес.
  • 81:24
    وَ لَقَدۡ رَاٰہُ بِالۡاُفُقِ الۡمُبِیۡنِ ﴿ۚ۲۴﴾
    Жана ал албетте, Аны жарык мейкиндикте көрүп алган.
  • 81:25
    وَ مَا ہُوَ عَلَی الۡغَیۡبِ بِضَنِیۡنٍ ﴿ۚ۲۵﴾
    Жана ал кайып(ты баяндоо)го сараӊ эмес.
  • 81:26
    وَ مَا ہُوَ بِقَوۡلِ شَیۡطٰنٍ رَّجِیۡمٍ ﴿ۙ۲۶﴾
    Жана ал кандайдыр бир куулган шайтандын сөзү эмес.
  • 81:27
    فَاَیۡنَ تَذۡہَبُوۡنَ ﴿ؕ۲۷﴾
    Демек, каякка жол тутуудасыӊар?
  • 81:28
    اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۲۸﴾
    Ал бүт ааламдар үчүн бир улуу насаат гана –
  • 81:29
    لِمَنۡ شَآءَ مِنۡکُمۡ اَنۡ یَّسۡتَقِیۡمَ ﴿ؕ۲۹﴾
    Араӊардагы туруктуулук көрсөтмөкчү болгон киши үчүн.
  • 81:30
    وَ مَا تَشَآءُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾
    Жана силер бүт ааламдардын Раббиси болгон Алла каалагандан бөлөкчө эч нерсени каалай албайсыӊар.
0:00
/
0:00
Share via