Курани карим Ал-Касас • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

القَصَص

Ал-Касас

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    28 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • طٰسٓمّٓ ﴿۲﴾
    28 : 2 Таййибун, Самийъун, Алиймун: таза, эӊ угуучу, өтө билүүчү.
  • تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ﴿۳﴾
    28 : 3 Булар – бир ачык-айкын Китептин аяттары.
  • نَتۡلُوۡا عَلَیۡکَ مِنۡ نَّبَاِ مُوۡسٰی وَ فِرۡعَوۡنَ بِالۡحَقِّ لِقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۴﴾
    28 : 4 Ыйман келтире тургандар үчүн Биз сага Муса жана Фараондун кабарынан (айрымдарын) чындык менен окуйбуз.
  • اِنَّ فِرۡعَوۡنَ عَلَا فِی الۡاَرۡضِ وَ جَعَلَ اَہۡلَہَا شِیَعًا یَّسۡتَضۡعِفُ طَآئِفَۃً مِّنۡہُمۡ یُذَبِّحُ اَبۡنَآءَہُمۡ وَ یَسۡتَحۡیٖ نِسَآءَہُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ مِنَ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۵﴾
    28 : 5 Фараон албетте, жерде баш ийбестик кылды жана анын элин тайпаларга бөлүп таштады. Ал алардын кандайдыр бир тайпасын алсыратар эле; алардын уулдарын союп, аялдарын болсо, тирүү калтырчу. Албетте, ал бузгунчулук кылуучулардан болчу.
  • وَ نُرِیۡدُ اَنۡ نَّمُنَّ عَلَی الَّذِیۡنَ اسۡتُضۡعِفُوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ نَجۡعَلَہُمۡ اَئِمَّۃً وَّ نَجۡعَلَہُمُ الۡوٰرِثِیۡنَ ۙ﴿۶﴾
    28 : 6 Биз өлкөдө күчсүз деп эсептелингендерге айкөлдүк кылууну, ошондой эле аларды жол башчыга айландырууну жана аларды мураскер кылууну тиледик.
  • وَ نُمَکِّنَ لَہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ نُرِیَ فِرۡعَوۡنَ وَ ہَامٰنَ وَ جُنُوۡدَہُمَا مِنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَحۡذَرُوۡنَ ﴿۷﴾
    28 : 7 Аларга жерде туруктуулук тартуулоону, ошондой эле Фараонго, Хаамаанга жана ал экөөсүнүн кошуундарына алар коркуп жаткан нерселерди алар (Исрааийл балдары) тарабынан көрсөтүп коюуну (көздөдүк).
  • وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰۤی اُمِّ مُوۡسٰۤی اَنۡ اَرۡضِعِیۡہِ ۚ فَاِذَا خِفۡتِ عَلَیۡہِ فَاَلۡقِیۡہِ فِی الۡیَمِّ وَ لَا تَخَافِیۡ وَ لَا تَحۡزَنِیۡ ۚ اِنَّا رَآدُّوۡہُ اِلَیۡکِ وَ جَاعِلُوۡہُ مِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۸﴾
    28 : 8 Биз Мусанын энесине мындай вахий-аян жөнөттүк: «Аны эмизгин; анан ал жөнүндө коркунучка түшкөнүӊдө, аны дарыяга таштагын; эч коркпогун жана сар-санаа дагы тартпагын; албетте, Биз аны сага кайтаруучубуз жана аны пайгамбарлардан кылуучубуз».
  • فَالۡتَقَطَہٗۤ اٰلُ فِرۡعَوۡنَ لِیَکُوۡنَ لَہُمۡ عَدُوًّا وَّ حَزَنًا ؕ اِنَّ فِرۡعَوۡنَ وَ ہَامٰنَ وَ جُنُوۡدَہُمَا کَانُوۡا خٰطِئِیۡنَ ﴿۹﴾
    28 : 9 Ошентип, ал аларга (Фараон үй-бүлөсүнө) душман (деп далилденсин) жана кайгы себепчиси болсун үчүн Фараондун үй-бүлөөсү (Кудайдын буйругуна ылайык) аны көтөрүп алды. Албетте, Фараон, Хаамаан жана ал экөөсүнүн кошуундары жаӊылышкан эле.
  • وَ قَالَتِ امۡرَاَتُ فِرۡعَوۡنَ قُرَّتُ عَیۡنٍ لِّیۡ وَ لَکَ ؕ لَا تَقۡتُلُوۡہُ ٭ۖ عَسٰۤی اَنۡ یَّنۡفَعَنَاۤ اَوۡ نَتَّخِذَہٗ وَلَدًا وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    28 : 10 Фараондун аялы айтты: «(Бул) мага жана сага көз кубанычы болот! Аны өлтүрбөгүлө, балким, ал бизге пайда берип калаар же биз аны уул кылып алаарбыз. Чынында, алар бейкабар болушчу.
  • وَ اَصۡبَحَ فُؤَادُ اُمِّ مُوۡسٰی فٰرِغًا ؕ اِنۡ کَادَتۡ لَتُبۡدِیۡ بِہٖ لَوۡ لَاۤ اَنۡ رَّبَطۡنَا عَلٰی قَلۡبِہَا لِتَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱﴾
    28 : 11 Мусанын энесинин жүрөгү (сар-санаадан) бош болуп калды. Эгер Биз анын жүрөгүн туруктуу кылбаганыбызда, балким ал ошол (сыр)ды ашкере кылып коёр эле. Ал момундардан болсун үчүн (Биз ушундай кылдык).
  • وَ قَالَتۡ لِاُخۡتِہٖ قُصِّیۡہِ ۫ فَبَصُرَتۡ بِہٖ عَنۡ جُنُبٍ وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾
    28 : 12 Ал (Мусанын энеси) анын эжесине: «Анын артынан баргын», - деди. Ошентип, ал аны алыстан акмалап жүрдү. Алар болсо, эч нерсени сезишкен эмес.
  • وَ حَرَّمۡنَا عَلَیۡہِ الۡمَرَاضِعَ مِنۡ قَبۡلُ فَقَالَتۡ ہَلۡ اَدُلُّکُمۡ عَلٰۤی اَہۡلِ بَیۡتٍ یَّکۡفُلُوۡنَہٗ لَکُمۡ وَ ہُمۡ لَہٗ نٰصِحُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    28 : 13 Мурдатан Биз ага (Мусага) эмизүүчүлөрдү арам кылган элек. Ошондо (анын эжеси) айтты: «Муну силерге багып бере турган жана буга боорукер боло турган бир үй-бүлөдөн кабар берейинби?»
  • فَرَدَدۡنٰہُ اِلٰۤی اُمِّہٖ کَیۡ تَقَرَّ عَیۡنُہَا وَ لَا تَحۡزَنَ وَ لِتَعۡلَمَ اَنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۱۴﴾
    28 : 14 Ошентип, анын көздөрү кубанып, ал санаа тартпасын жана ал Алланын убадасы чын экенин билип алсын үчүн Биз аны энесине кайтарып бердик. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт эле.
  • وَ لَمَّا بَلَغَ اَشُدَّہٗ وَ اسۡتَوٰۤی اٰتَیۡنٰہُ حُکۡمًا وَّ عِلۡمًا ؕ وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۵﴾
    28 : 15 Ал эрезеге жетип, акылы толгондо, Биз ага хикмат-акылмандык жана билим тартууладык. Ихсан-жакшылык кылуучуларга Биз мына ушундай сыйлык беребиз.
  • وَ دَخَلَ الۡمَدِیۡنَۃَ عَلٰی حِیۡنِ غَفۡلَۃٍ مِّنۡ اَہۡلِہَا فَوَجَدَ فِیۡہَا رَجُلَیۡنِ یَقۡتَتِلٰنِ ٭۫ ہٰذَا مِنۡ شِیۡعَتِہٖ وَ ہٰذَا مِنۡ عَدُوِّہٖ ۚ فَاسۡتَغَاثَہُ الَّذِیۡ مِنۡ شِیۡعَتِہٖ عَلَی الَّذِیۡ مِنۡ عَدُوِّہٖ ۙ فَوَکَزَہٗ مُوۡسٰی فَقَضٰی عَلَیۡہِ ٭۫ قَالَ ہٰذَا مِنۡ عَمَلِ الشَّیۡطٰنِ ؕ اِنَّہٗ عَدُوٌّ مُّضِلٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۶﴾
    28 : 16 Ал шаарга, анын эли бейкабар болгондо, (алардан жашырынган бойдон) кирди. Ал жерде ал бири-бири менен урушуп жаткан эки кишини көрдү. Бул анын өз уруусунан, а тигил (экинчиси) анын душман уруусунан эле. Анан өз уруусунан болгон киши анын душман уруусунан болгон кишиге каршы андан жардам сурады. Ошондо Муса бир муштап, анын ишин чегине жеткирди. Ал (өзүнө-өзү) айтты: «Бул (эмне болгон болсо), ал шайтандын иши болчу. Албетте, ал ачыктан-ачык жолдон чыгаруучу душман».
  • قَالَ رَبِّ اِنِّیۡ ظَلَمۡتُ نَفۡسِیۡ فَاغۡفِرۡ لِیۡ فَغَفَرَ لَہٗ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۷﴾
    28 : 17 Ал айтты: «Эй, Раббим! Албетте, мен өз жаныма зулумдук кылдым. Ошондуктан, мени кечиргин!» Ошентип, Ал (Алла) аны кечирди. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • قَالَ رَبِّ بِمَاۤ اَنۡعَمۡتَ عَلَیَّ فَلَنۡ اَکُوۡنَ ظَہِیۡرًا لِّلۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    28 : 18 Ал айтты: «Эй, Раббим! Сен мага белек кылганыӊ үчүн мен келечекте күнөөкөрлөргө эч жардамчы болбоймун».
  • فَاَصۡبَحَ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ خَآئِفًا یَّتَرَقَّبُ فَاِذَا الَّذِی اسۡتَنۡصَرَہٗ بِالۡاَمۡسِ یَسۡتَصۡرِخُہٗ ؕ قَالَ لَہٗ مُوۡسٰۤی اِنَّکَ لَغَوِیٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۹﴾
    28 : 19 Анан ал таӊ заарда шаарга коркуп, алаӊдап кирди. Кокустан бир күн мурун андан жардам сураган киши кайрадан кыйкырык салып, андан жардам сурап жаткан эле. Муса ага айтты: «Албетте, сен өзүӊ ачыктан-ачык адашкан экенсиӊ».
  • فَلَمَّاۤ اَنۡ اَرَادَ اَنۡ یَّبۡطِشَ بِالَّذِیۡ ہُوَ عَدُوٌّ لَّہُمَا ۙ قَالَ یٰمُوۡسٰۤی اَتُرِیۡدُ اَنۡ تَقۡتُلَنِیۡ کَمَا قَتَلۡتَ نَفۡسًۢا بِالۡاَمۡسِ ٭ۖ اِنۡ تُرِیۡدُ اِلَّاۤ اَنۡ تَکُوۡنَ جَبَّارًا فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا تُرِیۡدُ اَنۡ تَکُوۡنَ مِنَ الۡمُصۡلِحِیۡنَ ﴿۲۰﴾
    28 : 20 Анан ал экөөсүнө дагы душман болгон кишини кармамакчы болгондо, ал айтты: «Эй, Муса! Кечээ бир кишини өлтүргөнүӊ сыяктуу бүгүн мени дагы өлтүрмөкчүсүӊбү? Сен мекенде жалаӊ зордук салуучу болууну каалайсыӊ жана оӊдоочулардан болууну каалабайсыӊ».
  • وَ جَآءَ رَجُلٌ مِّنۡ اَقۡصَا الۡمَدِیۡنَۃِ یَسۡعٰی ۫ قَالَ یٰمُوۡسٰۤی اِنَّ الۡمَلَاَ یَاۡتَمِرُوۡنَ بِکَ لِیَقۡتُلُوۡکَ فَاخۡرُجۡ اِنِّیۡ لَکَ مِنَ النّٰصِحِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    28 : 21 Шаардын наркы четинен бир киши жүгүрүп келди. Ал айтты: «Эй, Муса! Албетте, башчылар сени өлтүрүү үчүн сага каршы план түзүп жатышат. Ошондуктан, качып кеткин. Мен албетте, сага боорукер болгондордонмун».
  • فَخَرَجَ مِنۡہَا خَآئِفًا یَّتَرَقَّبُ ۫ قَالَ رَبِّ نَجِّنِیۡ مِنَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۲۲﴾
    28 : 22 Ошентип, ал коркуп алаӊдап, ал жерден чыгып кетти. Ал айтты: «Эй, Раббим! Мени заалим коомдон куткаргын!»
  • وَ لَمَّا تَوَجَّہَ تِلۡقَآءَ مَدۡیَنَ قَالَ عَسٰی رَبِّیۡۤ اَنۡ یَّہۡدِیَنِیۡ سَوَآءَ السَّبِیۡلِ ﴿۲۳﴾
    28 : 23 Анан ал Мадян тарапка бурулганда: «Раббим мени туура жолго хидаят кылуу ыктымалы бар», - деди.
  • وَ لَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدۡیَنَ وَجَدَ عَلَیۡہِ اُمَّۃً مِّنَ النَّاسِ یَسۡقُوۡنَ ۬۫ وَ وَجَدَ مِنۡ دُوۡنِہِمُ امۡرَاَتَیۡنِ تَذُوۡدٰنِ ۚ قَالَ مَا خَطۡبُکُمَا ؕ قَالَتَا لَا نَسۡقِیۡ حَتّٰی یُصۡدِرَ الرِّعَآءُ ٜ وَ اَبُوۡنَا شَیۡخٌ کَبِیۡرٌ ﴿۲۴﴾
    28 : 24 Качан ал Мадян суусуна жетип келгенде, адамдардын бир тайпасын (өз малдарын) сугарып жатканын көрдү жана алардан арыраак жакта өз малдарын тосуп турган эки аялды да көрдү. Ал: «Экөөӊөргө эмне болду?» - деп сурады. Алар жооп беришти: «Малчылар кетмейинче, биз (малдарыбызды) сугара албайбыз жана биздин атабыз абдан карып калган».
  • فَسَقٰی لَہُمَا ثُمَّ تَوَلّٰۤی اِلَی الظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ اِنِّیۡ لِمَاۤ اَنۡزَلۡتَ اِلَیَّ مِنۡ خَیۡرٍ فَقِیۡرٌ ﴿۲۵﴾
    28 : 25 Ошондо, ал экөөсү үчүн (малдарын) сугарып берди. Анан ал бир көлөкө тарапка бурулуп кетти жана айтты: «Эй, Раббим! Албетте, Сен мага эмне жакшы нерсени түшүрсөӊ, мен (ошого) муктажмын».
  • فَجَآءَتۡہُ اِحۡدٰٮہُمَا تَمۡشِیۡ عَلَی اسۡتِحۡیَآءٍ ۫ قَالَتۡ اِنَّ اَبِیۡ یَدۡعُوۡکَ لِیَجۡزِیَکَ اَجۡرَ مَا سَقَیۡتَ لَنَا ؕ فَلَمَّا جَآءَہٗ وَ قَصَّ عَلَیۡہِ الۡقَصَصَ ۙ قَالَ لَا تَخَفۡ ٝ۟ نَجَوۡتَ مِنَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    28 : 26 Анан ал экөөсүнүн бири уяӊдык менен тартынган бойдон алдыга келди. Ал айтты: «Албетте, атам сени биз үчүн (малыбызды) сугарып бергениӊ себептүү акыӊды берүүгө чакырууда». Ошентип, ал анын (атасынын) жанына келип, ага бардык окуяны айтып бергенде, ал айтты: «Коркпо, сен заалим коомдон кутулуп калдыӊ».
  • قَالَتۡ اِحۡدٰٮہُمَا یٰۤاَبَتِ اسۡتَاۡجِرۡہُ ۫ اِنَّ خَیۡرَ مَنِ اسۡتَاۡجَرۡتَ الۡقَوِیُّ الۡاَمِیۡنُ ﴿۲۷﴾
    28 : 27 Ал экөөсүнүн бири айтты: «Эй, атам! Аны ишке жалдагын! Албетте, сен жалдай тургандардын эӊ күчтүүсү (жана) ишеничтүүсү гана эӊ жакшысы (болот)».
  • قَالَ اِنِّیۡۤ اُرِیۡدُ اَنۡ اُنۡکِحَکَ اِحۡدَی ابۡنَتَیَّ ہٰتَیۡنِ عَلٰۤی اَنۡ تَاۡجُرَنِیۡ ثَمٰنِیَ حِجَجٍ ۚ فَاِنۡ اَتۡمَمۡتَ عَشۡرًا فَمِنۡ عِنۡدِکَ ۚ وَ مَاۤ اُرِیۡدُ اَنۡ اَشُقَّ عَلَیۡکَ ؕ سَتَجِدُنِیۡۤ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    28 : 28 Ал (Мусага) айтты: «Мага сегиз жыл кызмат кылып берүүӊ шарты менен бул кыздарымдын бирин сага никелеп бермекчимин. Демек, эгер сен онду толуктасаӊ, анда бул сен тарабыӊдан (кошумча) болот. Мен сени эч кандай машакатка салмакчы эмесмин. Кудай кааласа, менин жакшы пенделерден экендигимди көрөсүӊ».
  • قَالَ ذٰلِکَ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکَ ؕ اَیَّمَا الۡاَجَلَیۡنِ قَضَیۡتُ فَلَا عُدۡوَانَ عَلَیَّ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی مَا نَقُوۡلُ وَکِیۡلٌ ﴿٪۲۹﴾
    28 : 29 Ал айтты: «Бул мени менен сенин ортоӊдо чечилди: эки мөөнөттүн кайсы бирин өтөсөм дагы, мага акысыздык кылынбаш керек. Биз айтып жаткан нерселерибизге Алла күбө».
  • فَلَمَّا قَضٰی مُوۡسَی الۡاَجَلَ وَ سَارَ بِاَہۡلِہٖۤ اٰنَسَ مِنۡ جَانِبِ الطُّوۡرِ نَارًا ۚ قَالَ لِاَہۡلِہِ امۡکُثُوۡۤا اِنِّیۡۤ اٰنَسۡتُ نَارًا لَّعَلِّیۡۤ اٰتِیۡکُمۡ مِّنۡہَا بِخَبَرٍ اَوۡ جَذۡوَۃٍ مِّنَ النَّارِ لَعَلَّکُمۡ تَصۡطَلُوۡنَ ﴿۳۰﴾
    28 : 30 Ошентип, Муса белгиленген мөөнөттү аткарып, өз үй-бүлөсү менен жолго түшкөндө, ал Тур (тоосу) тараптан бир отту көрдү. Ал үй-бүлөсүнө айтты: «Силер бир аз күтүп тургула, мага бир от көрүнүп жатат. Балким, мен анын (жаны)нан кандайдыр бир кабар же жылынып алышыӊар үчүн оттун чогун алып келээрмин».
  • فَلَمَّاۤ اَتٰٮہَا نُوۡدِیَ مِنۡ شَاطِیَٴ الۡوَادِ الۡاَیۡمَنِ فِی الۡبُقۡعَۃِ الۡمُبٰرَکَۃِ مِنَ الشَّجَرَۃِ اَنۡ یّٰمُوۡسٰۤی اِنِّیۡۤ اَنَا اللّٰہُ رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۳۱﴾
    28 : 31 Ошентип, ал анын жанына келгенде, куттуу өрөөндүн четинен, дарактын бир куттуу бөлүгүнөн үн салынды: «Эй, Муса! Албетте, Мен баардык ааламдардын Раббиси – Алламын».
  • وَ اَنۡ اَلۡقِ عَصَاکَ ؕ فَلَمَّا رَاٰہَا تَہۡتَزُّ کَاَنَّہَا جَآنٌّ وَّلّٰی مُدۡبِرًا وَّ لَمۡ یُعَقِّبۡ ؕ یٰمُوۡسٰۤی اَقۡبِلۡ وَ لَا تَخَفۡ ۟ اِنَّکَ مِنَ الۡاٰمِنِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    28 : 32 Жана: «Таягыӊды ташта», - (деп айтылды). Анан ал ошол (таяк)ты жылаандай кыймылдап жатканын көргөндө, аркасына бурулду жана ага кайрылып да карабады. «Эй, Муса! Алга жыл, коркпо. Албетте, сен аман калуучулардансыӊ.
  • اُسۡلُکۡ یَدَکَ فِیۡ جَیۡبِکَ تَخۡرُجۡ بَیۡضَآءَ مِنۡ غَیۡرِ سُوۡٓءٍ ۫ وَّ اضۡمُمۡ اِلَیۡکَ جَنَاحَکَ مِنَ الرَّہۡبِ فَذٰنِکَ بُرۡہَانٰنِ مِنۡ رَّبِّکَ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ مَلَا۠ئِہٖ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمًا فٰسِقِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    28 : 33 Колуӊду жакаӊдын ичине сал, ал эч бир зыянсыз аппак болуп чыгат, анан колуӊду коркунучтан (сактануу үчүн) өзүӊө тартып ал. Ошентип, Фараон жана анын башчыларына Раббиӊден ушул эки далил (жиберилип жатат). Албетте, алар фасык-бузуку адамдар».
  • قَالَ رَبِّ اِنِّیۡ قَتَلۡتُ مِنۡہُمۡ نَفۡسًا فَاَخَافُ اَنۡ یَّقۡتُلُوۡنِ ﴿۳۴﴾
    28 : 34 Ал айтты: «Эй, Раббим! Албетте, мен алардын бир кишисин өлтүрүп койгонмун. Ошондуктан, алар мени өлтүрүп койбосун деп коркомун.
  • وَ اَخِیۡ ہٰرُوۡنُ ہُوَ اَفۡصَحُ مِنِّیۡ لِسَانًا فَاَرۡسِلۡہُ مَعِیَ رِدۡاً یُّصَدِّقُنِیۡۤ ۫ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اَنۡ یُّکَذِّبُوۡنِ ﴿۳۵﴾
    28 : 35 Мага караганда, тууганым Хаарундун тили өткүр. Ошондуктан, аны мага жардамчы кылып, мени менен жибер, ал мени тастыктайт. Алар мени жалганчыга чыгарууларынан (дагы) мен албетте, коркомун».
  • قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَکَ بِاَخِیۡکَ وَ نَجۡعَلُ لَکُمَا سُلۡطٰنًا فَلَا یَصِلُوۡنَ اِلَیۡکُمَا ۚۛ بِاٰیٰتِنَاۤ ۚۛ اَنۡتُمَا وَ مَنِ اتَّبَعَکُمَا الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    28 : 36 Ал (Алла) айтты: «Биз албетте, сенин колуӊду тууганыӊ менен кубаттандырабыз жана Биз экөөӊөргө жеӊип чыгуучу бир аят-белги тартуулайбыз. Ошентип, аят-белгилерибиз турганда экөөӊөргө алар жете алышпайт. Экөөӊөр да, силерди ээрчигендер да жеӊүүчүсүӊөр».
  • فَلَمَّا جَآءَہُمۡ مُّوۡسٰی بِاٰیٰتِنَا بَیِّنٰتٍ قَالُوۡا مَا ہٰذَاۤ اِلَّا سِحۡرٌ مُّفۡتَرًی وَّ مَا سَمِعۡنَا بِہٰذَا فِیۡۤ اٰبَآئِنَا الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    28 : 37 Анан Муса алардын алдына Биздин ачык-айкын аят-белгилерибиз менен келгенде, алар айтышты: «Бул – болгону жасалма сыйкыр. Биз ата-бабаларыбыздан буга окшош нерселерди уккан эмеспиз».
  • وَ قَالَ مُوۡسٰی رَبِّیۡۤ اَعۡلَمُ بِمَنۡ جَآءَ بِالۡہُدٰی مِنۡ عِنۡدِہٖ وَ مَنۡ تَکُوۡنُ لَہٗ عَاقِبَۃُ الدَّارِ ؕ اِنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    28 : 38 Муса айтты: «Ким Анын алдынан хидаят келтиргенин жана кимге акыреттеги үй насип болушун Раббим эӊ жакшы билет. Албетте, заалимдер ийгиликке жетишпейт».
  • وَ قَالَ فِرۡعَوۡنُ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَاُ مَا عَلِمۡتُ لَکُمۡ مِّنۡ اِلٰہٍ غَیۡرِیۡ ۚ فَاَوۡقِدۡ لِیۡ یٰہَامٰنُ عَلَی الطِّیۡنِ فَاجۡعَلۡ لِّیۡ صَرۡحًا لَّعَلِّیۡۤ اَطَّلِعُ اِلٰۤی اِلٰہِ مُوۡسٰی ۙ وَ اِنِّیۡ لَاَظُنُّہٗ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    28 : 39 Фараон айтты: «Эй, башчылар! Мен силер үчүн өзүмдөн башка кандайдыр бир кудай бар экенин билбеймин. Ошондуктан, эй, Хаамаан! Мен үчүн ылай(дан жасалган кыштардын) үстүнө от жак. Ошентип, мага бир сарай куруп бергин, мен Мусанын Кудайын карап көрөйүнчү! Мен аны албетте, жалганчы деп ойлоймун».
  • وَ اسۡتَکۡبَرَ ہُوَ وَ جُنُوۡدُہٗ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ وَ ظَنُّوۡۤا اَنَّہُمۡ اِلَیۡنَا لَا یُرۡجَعُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    28 : 40 Ал жана анын кошуундары жерде акысыз текеберлик кылышты жана алар Бизге кайтарылбашын ойлошту.
  • فَاَخَذۡنٰہُ وَ جُنُوۡدَہٗ فَنَبَذۡنٰہُمۡ فِی الۡیَمِّ ۚ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    28 : 41 Ошондуктан, Биз аны менен анын кошуундарын кармадык жана аларды деӊизге ыргыттык. Демек, заалимдердин акыбети кандай болгондугун көрүп кой!
  • وَ جَعَلۡنٰہُمۡ اَئِمَّۃً یَّدۡعُوۡنَ اِلَی النَّارِ ۚ وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ لَا یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    28 : 42 Биз аларды отко чакыра турган жол башчы кылдык. Кыямат күнү аларга жардам берилбейт.
  • وَ اَتۡبَعۡنٰہُمۡ فِیۡ ہٰذِہِ الدُّنۡیَا لَعۡنَۃً ۚ وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ہُمۡ مِّنَ الۡمَقۡبُوۡحِیۡنَ ﴿٪۴۳﴾
    28 : 43 Биз бул дүйнөдө дагы аларга каргышты ээрчитип койдук жана кыямат күнү дагы алар жаман абалдагылардан болушат.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَاۤ اَہۡلَکۡنَا الۡقُرُوۡنَ الۡاُوۡلٰی بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَ ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لَّعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    28 : 44 Албетте, Биз абалкы коомдорду жок кылып жибергенибизден кийин Мусага Китеп тартууладык. Алар (адамдар) насаат алышсын үчүн ал адамдарга акыл-парасат тартуулоочу, хидаят жана рахмат катары болчу.
  • وَ مَا کُنۡتَ بِجَانِبِ الۡغَرۡبِیِّ اِذۡ قَضَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسَی الۡاَمۡرَ وَ مَا کُنۡتَ مِنَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿ۙ۴۵﴾
    28 : 45 Биз Мусага буйрук жөнөткөнүбүздө, сен (Тур тоосунун) батыш тарабында эмес элеӊ жана сен (тирүү) күбөлөрдөн болгон эмессиӊ.
  • وَ لٰکِنَّاۤ اَنۡشَاۡنَا قُرُوۡنًا فَتَطَاوَلَ عَلَیۡہِمُ الۡعُمُرُ ۚ وَ مَا کُنۡتَ ثَاوِیًا فِیۡۤ اَہۡلِ مَدۡیَنَ تَتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِنَا ۙ وَ لٰکِنَّا کُنَّا مُرۡسِلِیۡنَ ﴿۴۶﴾
    28 : 46 Бирок Биз канчалаган коомдорду өсүп-өнүгүүнүн чокусуна чыгардык. А түгүл аларга өмүр узарып кетти. Сен Биздин аяттарыбызды окуган бойдон Мадян элинин арасында да болгон жоксуӊ. Бирок пайгамбарларды Биз Өзүбүз жөнөтүүчү элек.
  • وَ مَا کُنۡتَ بِجَانِبِ الطُّوۡرِ اِذۡ نَادَیۡنَا وَ لٰکِنۡ رَّحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ لِتُنۡذِرَ قَوۡمًا مَّاۤ اَتٰٮہُمۡ مِّنۡ نَّذِیۡرٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    28 : 47 Биз (Мусаны) чакырганыбызда, сен Тур (тоосу)нун четинде да болгонуӊ жок. Бирок сен Раббиӊ тарабынан бир улуу рахмат катары (жиберилгенсиӊ). Сенден мурун бир дагы кулактандыруучу келбеген коомго сен эскертүүӊ үчүн, алар насаат алуулары үчүн (жиберилгенсиӊ) –
  • وَ لَوۡ لَاۤ اَنۡ تُصِیۡبَہُمۡ مُّصِیۡبَۃٌۢ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ فَیَقُوۡلُوۡا رَبَّنَا لَوۡ لَاۤ اَرۡسَلۡتَ اِلَیۡنَا رَسُوۡلًا فَنَتَّبِعَ اٰیٰتِکَ وَ نَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    28 : 48 Аларга өз колдору менен кылган амалдары себебинен кандайдыр бир балээ келсе, алар: «Эй, Раббибиз! Сенин аяттарыӊды ээрчишибиз үчүн жана момундардан болушубуз үчүн эмнеге бизге кандайдыр бир пайгамбарды жөнөтпөдүӊ?» - деп айтпашы үчүн.
  • فَلَمَّا جَآءَہُمُ الۡحَقُّ مِنۡ عِنۡدِنَا قَالُوۡا لَوۡ لَاۤ اُوۡتِیَ مِثۡلَ مَاۤ اُوۡتِیَ مُوۡسٰی ؕ اَوَ لَمۡ یَکۡفُرُوۡا بِمَاۤ اُوۡتِیَ مُوۡسٰی مِنۡ قَبۡلُ ۚ قَالُوۡا سِحۡرٰنِ تَظٰہَرَا ۟ٝ وَ قَالُوۡۤا اِنَّا بِکُلٍّ کٰفِرُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    28 : 49 Анан аларга Бизден чындык келгенде, алар айтышты: «Эмнеге Мусага берилген нерселерге окшош нерселер буга тартууланбаган?» Алар илгери Мусага тартууланган нерселерди четке кагышкан эмес беле? Алар ушундай дешкен: «Булар бири-бирин колдоп-кубаттоочу эки сыйкырчы». Алар (дагы) мындай айтышты: «Албетте, биз баарын четке кагуучубуз».
  • قُلۡ فَاۡتُوۡا بِکِتٰبٍ مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ہُوَ اَہۡدٰی مِنۡہُمَاۤ اَتَّبِعۡہُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۵۰﴾
    28 : 50 Айткын: «Эгер чынчыл болсоӊор, Алладан бул экөө (Тоорат жана Куран)дан дагы жакшыраак хидаят берүүчү бир китеп келтиргиле, ошондо мен аны ээрчиймин».
  • فَاِنۡ لَّمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَکَ فَاعۡلَمۡ اَنَّمَا یَتَّبِعُوۡنَ اَہۡوَآءَہُمۡ ؕ وَ مَنۡ اَضَلُّ مِمَّنِ اتَّبَعَ ہَوٰٮہُ بِغَیۡرِ ہُدًی مِّنَ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۵۱﴾
    28 : 51 Ошентип, эгер алар сенин ушул чакырыгыӊды кабыл алышпаса, анда билгин, алар жалаӊ өздөрүнүн жеӊил напсилерин гана ээрчишүүдө. Алланын хидаятын коюп, жалаӊ өзүнүн жеӊил напсисин ээрчий турган бирөөнөн дагы адашкан ким бар?! Алла заалим коомду эч качан хидаят кылбайт.
  • وَ لَقَدۡ وَصَّلۡنَا لَہُمُ الۡقَوۡلَ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿ؕ۵۲﴾
    28 : 52 Албетте, алар насаат алышсын үчүн Биз аларга сөздү жакшылап жеткирип койгон элек.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِہٖ ہُمۡ بِہٖ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    28 : 53 Биз мындан илгери китеп бергендердин (бир топ кишилери) буга (Куранга) ыйман келтиришет.
  • وَ اِذَا یُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِہٖۤ اِنَّہُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّنَاۤ اِنَّا کُنَّا مِنۡ قَبۡلِہٖ مُسۡلِمِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    28 : 54 Аларга (Куран) окулуп жатканда, алар айтышат: «Биз буга ыйман келтирдик. Албетте, бул биздин Раббибиз тарабынан акыйкат. Албетте, биз мындан илгерирээк бой сунуучу элек».
  • اُولٰٓئِکَ یُؤۡتَوۡنَ اَجۡرَہُمۡ مَّرَّتَیۡنِ بِمَا صَبَرُوۡا وَ یَدۡرَءُوۡنَ بِالۡحَسَنَۃِ السَّیِّئَۃَ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    28 : 55 Мына ошолорго сыйлыктары эки жолу берилет, анткени алар сабыр кылышты жана алар жамандыкты жакшылык менен жоготушат жана Биз аларга тартуулаган нерселерден сарп кылышат.
  • وَ اِذَا سَمِعُوا اللَّغۡوَ اَعۡرَضُوۡا عَنۡہُ وَ قَالُوۡا لَنَاۤ اَعۡمَالُنَا وَ لَکُمۡ اَعۡمَالُکُمۡ ۫ سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ ۫ لَا نَبۡتَغِی الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۵۶﴾
    28 : 56 Алар кандайдыр бир маанисиз кеп-сөздү уккандарында, андан жүз буруп кетишет жана айтышат: «Биздин амалдарыбыз өзүбүз үчүн, силердин амалдарыӊар өзүӊөр үчүн; силерге салам болсун! Биз наадандар менен алакада болууну каалабайбыз.
  • اِنَّکَ لَا تَہۡدِیۡ مَنۡ اَحۡبَبۡتَ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِالۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    28 : 57 Албетте, сен өзүӊ каалаган кишини туура жолго сала албайсыӊ. Бирок Алла Өзү каалаган кишини туура жолго сала алат жана Ал хидаятка татыктууларды абдан жакшы билет.
  • وَ قَالُوۡۤا اِنۡ نَّتَّبِعِ الۡہُدٰی مَعَکَ نُتَخَطَّفۡ مِنۡ اَرۡضِنَا ؕ اَوَ لَمۡ نُمَکِّنۡ لَّہُمۡ حَرَمًا اٰمِنًا یُّجۡبٰۤی اِلَیۡہِ ثَمَرٰتُ کُلِّ شَیۡءٍ رِّزۡقًا مِّنۡ لَّدُنَّا وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    28 : 58 Алар айтышты: «Эгер биз сени менен бирге хидаятты ээрчисек, журтубуздан чыгарылып ташталабыз». Биз аларга тынчтык-бейпил Харамдан жай бербедикпи? Ал жакка ар кыл мөмөлөр келтирилет. (Булар) Биз жактан ырыскы катары (болот). Бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • وَ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَرۡیَۃٍۭ بَطِرَتۡ مَعِیۡشَتَہَا ۚ فَتِلۡکَ مَسٰکِنُہُمۡ لَمۡ تُسۡکَنۡ مِّنۡۢ بَعۡدِہِمۡ اِلَّا قَلِیۡلًا ؕ وَ کُنَّا نَحۡنُ الۡوٰرِثِیۡنَ ﴿۵۹﴾
    28 : 59 Биз өздөрүнүн жашоосуна чиренген-текеберленген канчалаган кыштактарды жок кылдык. Демек, бул алардын мекендери, алардан кийин ал (мекен)дер абдан аз турак кылынган. Албетте, Биз Өзүбүз мураскер болдук.
  • وَ مَا کَانَ رَبُّکَ مُہۡلِکَ الۡقُرٰی حَتّٰی یَبۡعَثَ فِیۡۤ اُمِّہَا رَسُوۡلًا یَّتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِنَا ۚ وَ مَا کُنَّا مُہۡلِکِی الۡقُرٰۤی اِلَّا وَ اَہۡلُہَا ظٰلِمُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    28 : 60 Раббиӊ (кыштактардын) энесине Биздин аяттарыбызды аларга окуй турган бир пайгамбарды жөнөтпөстөн туруп, аларды жок кылбайт. Биз кыштактарды, анын эли заалим болуп кеткенинде гана ойрондойбуз.
  • وَ مَاۤ اُوۡتِیۡتُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ فَمَتَاعُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ زِیۡنَتُہَا ۚ وَ مَا عِنۡدَ اللّٰہِ خَیۡرٌ وَّ اَبۡقٰی ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿٪۶۱﴾
    28 : 61 Силерге тартуулана турган бардык нерселер дүйнөлүк жашоонун убактылуу пайдасы жана бул (дүйнө)нүн зыйнат-кооздугу. Алланын алдындагы нерсе болсо, жакшыраак жана түбөлүктүүрөөк. Демек, ой жүгүртпөйсүӊөрбү?
  • اَفَمَنۡ وَّعَدۡنٰہُ وَعۡدًا حَسَنًا فَہُوَ لَاقِیۡہِ کَمَنۡ مَّتَّعۡنٰہُ مَتَاعَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ثُمَّ ہُوَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ مِنَ الۡمُحۡضَرِیۡنَ ﴿۶۲﴾
    28 : 62 Демек, Биз жакшы убада берген жана өзү ага ээ боло турган киши, Биз дүйнөлүк жашоонун убактылуу пайдасын жеткирген, анан кыямат күнү (сурак кылыныш үчүн) келтириле тургандардан болгон бирөөгө теӊ боло алабы?!
  • وَ یَوۡمَ یُنَادِیۡہِمۡ فَیَقُوۡلُ اَیۡنَ شُرَکَآءِیَ الَّذِیۡنَ کُنۡتُمۡ تَزۡعُمُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    28 : 63 Ал (Алла) аларга кайрыла турган жана: «Силер Менин шериктерим деп ойлогон (шериктер) кана?» - дей турган күнү –
  • قَالَ الَّذِیۡنَ حَقَّ عَلَیۡہِمُ الۡقَوۡلُ رَبَّنَا ہٰۤؤُلَآءِ الَّذِیۡنَ اَغۡوَیۡنَا ۚ اَغۡوَیۡنٰہُمۡ کَمَا غَوَیۡنَا ۚ تَبَرَّاۡنَاۤ اِلَیۡکَ ۫ مَا کَانُوۡۤا اِیَّانَا یَعۡبُدُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    28 : 64 Үстүлөрүнө буйрук важиб болгондор айтышат: «Эй, Раббибиз! Булар – биз адаштыргандар. Биз өзүбүз жолдон адашканыбыз сыяктуу аларды дагы жолдон чыгардык. (Эми алардан) оолак болуп, Сен тарапка келебиз. Булар бизге такыр ибадат кылышпайт эле».
  • وَ قِیۡلَ ادۡعُوۡا شُرَکَآءَکُمۡ فَدَعَوۡہُمۡ فَلَمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَہُمۡ وَ رَاَوُا الۡعَذَابَ ۚ لَوۡ اَنَّہُمۡ کَانُوۡا یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    28 : 65 Аларга айтылат: «Силер (ойлоп чыгарган) шериктериӊерге кайрылгыла». Ошондо алар аларга кайрылышат. Бирок алар эч жооп беришпейт жана азапты көрүшөт. Атаганат, алар хидаят тапкан болушса, кана!
  • وَ یَوۡمَ یُنَادِیۡہِمۡ فَیَقُوۡلُ مَاذَاۤ اَجَبۡتُمُ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۶۶﴾
    28 : 66 Ал (Алла) аларга кайрыла турган жана: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеӊер?» - деп сурай турган күн(дү эстегиле).
  • فَعَمِیَتۡ عَلَیۡہِمُ الۡاَنۡۢبَآءُ یَوۡمَئِذٍ فَہُمۡ لَا یَتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    28 : 67 Ал күнү (бардык) кабарлар аларга шектүү болуп калат. Ошентип, алар бири-бирине суроо да беришпейт.
  • فَاَمَّا مَنۡ تَابَ وَ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَعَسٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنَ مِنَ الۡمُفۡلِحِیۡنَ ﴿۶۸﴾
    28 : 68 Анан тобо кылып, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган киши – ал ийгилик табуучулардан болуп калуу ыктымалы бар.
  • وَ رَبُّکَ یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ وَ یَخۡتَارُ ؕ مَا کَانَ لَہُمُ الۡخِیَرَۃُ ؕ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    28 : 69 Раббиӊ каалаганын жаратат жана (андан каалаганын) тандап алат. Аларда эч кандай эрк-ыктыяр жок. Алла таза жана алар (Ага) шерик кылып жаткан нерселерден өтө жогору.
  • وَ رَبُّکَ یَعۡلَمُ مَا تُکِنُّ صُدُوۡرُہُمۡ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    28 : 70 Раббиӊ алардын көкүрөктөрү жашырып жаткан нерселерди жана алар (адамдар) ашкере кылып жаткан нерселерди дагы билет.
  • وَ ہُوَ اللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ لَہُ الۡحَمۡدُ فِی الۡاُوۡلٰی وَ الۡاٰخِرَۃِ ۫ وَ لَہُ الۡحُکۡمُ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    28 : 71 Ал гана – Алла! Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Башталыш жана акырет (экөөсүн)дө дагы мактоо Ага гана таандык. Жалаӊ Анын өкүмү гана өтөт жана силер Ага гана кайтарыласыӊар.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ جَعَلَ اللّٰہُ عَلَیۡکُمُ الَّیۡلَ سَرۡمَدًا اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ مَنۡ اِلٰہٌ غَیۡرُ اللّٰہِ یَاۡتِیۡکُمۡ بِضِیَآءٍ ؕ اَفَلَا تَسۡمَعُوۡنَ ﴿۷۲﴾
    28 : 72 Айткын: «Мага айткылачы, эгер Алла түндү кыямат күнүнө чейин узартып койсо, Алладан башка кайсы бир кудай силерге жарык келтире алат? Демек, укпайсыӊарбы?»
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ جَعَلَ اللّٰہُ عَلَیۡکُمُ النَّہَارَ سَرۡمَدًا اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ مَنۡ اِلٰہٌ غَیۡرُ اللّٰہِ یَاۡتِیۡکُمۡ بِلَیۡلٍ تَسۡکُنُوۡنَ فِیۡہِ ؕ اَفَلَا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۷۳﴾
    28 : 73 Айткын: «Мага айткылачы, эгер Алла кыямат күнүнө чейин күндү үстүӊөргө тийгизип койсо, Алладан башка кайсы бир кудай силерге өзүӊөр бейпилдик таба турган түндү келтире алат? Акыл-парасат менен иш тутпайсыӊарбы?»
  • وَ مِنۡ رَّحۡمَتِہٖ جَعَلَ لَکُمُ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ لِتَسۡکُنُوۡا فِیۡہِ وَ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۴﴾
    28 : 74 Ал Өз рахматынан силер үчүн түн жана күндү, силер анда бейпилдик табышыӊар үчүн, жана Анын берешендигин издөөӊөр үчүн, ошондой эле шүкүр кылууӊар үчүн жаратты.
  • وَ یَوۡمَ یُنَادِیۡہِمۡ فَیَقُوۡلُ اَیۡنَ شُرَکَآءِیَ الَّذِیۡنَ کُنۡتُمۡ تَزۡعُمُوۡنَ ﴿۷۵﴾
    28 : 75 Ал (Алла) аларга кайрыла турган жана: «Силер Менин шериктерим деп ойлогон (шериктер) кана?» - дей турган күн(дү эстегиле).
  • وَ نَزَعۡنَا مِنۡ کُلِّ اُمَّۃٍ شَہِیۡدًا فَقُلۡنَا ہَاتُوۡا بُرۡہَانَکُمۡ فَعَلِمُوۡۤا اَنَّ الۡحَقَّ لِلّٰہِ وَ ضَلَّ عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿٪۷۶﴾
    28 : 76 Биз ар бир коомдон бир күбө чыгарабыз жана: «Далилиӊерди келтиргиле», - дейбиз. Ошондо алар чындык (жалаӊ) Алланын ээлигинде экенин билип алышат. Алар ойлоп чыгарган нерселери өздөрүнөн жоголуп кетет.
  • اِنَّ قَارُوۡنَ کَانَ مِنۡ قَوۡمِ مُوۡسٰی فَبَغٰی عَلَیۡہِمۡ ۪ وَ اٰتَیۡنٰہُ مِنَ الۡکُنُوۡزِ مَاۤ اِنَّ مَفَاتِحَہٗ لَتَنُوۡٓاُ بِالۡعُصۡبَۃِ اُولِی الۡقُوَّۃِ ٭ اِذۡ قَالَ لَہٗ قَوۡمُہٗ لَا تَفۡرَحۡ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡفَرِحِیۡنَ ﴿۷۷﴾
    28 : 77 Албетте, Каарун Мусанын коомунан болчу, бирок ал аларга каршы баш көтөрдү; Биз ага ушундай казыналарды тартуулаган элек: алардын ачкычтары (өзүнүн оордугу себебинен) бир күчтүү жамаатты дагы чарчатып коёр эле. Ошондо анын коому ага карата айтты: «Көйрөңдөнбө, албетте, Алла көйрөңдөнүүчүлөрдү жактырбайт.
  • وَ ابۡتَغِ فِیۡمَاۤ اٰتٰٮکَ اللّٰہُ الدَّارَ الۡاٰخِرَۃَ وَ لَا تَنۡسَ نَصِیۡبَکَ مِنَ الدُّنۡیَا وَ اَحۡسِنۡ کَمَاۤ اَحۡسَنَ اللّٰہُ اِلَیۡکَ وَ لَا تَبۡغِ الۡفَسَادَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿۷۸﴾
    28 : 78 Жана Алла сага тартуулаган нерселер аркылуу акырет мекенине ээ болууну ойло жана дүйнөдөн дагы бир белгилүү үлүшүӊө кош көӊүл болбо! Жана Алла сага жакшылык кылган сыяктуу сен дагы жакшылык кыл жана жерде бузгунчулук (кылуу)ну жактырба! Албетте, Алла бузгунчулук кылуучуларды жактырбайт».
  • قَالَ اِنَّمَاۤ اُوۡتِیۡتُہٗ عَلٰی عِلۡمٍ عِنۡدِیۡ ؕ اَوَ لَمۡ یَعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ قَدۡ اَہۡلَکَ مِنۡ قَبۡلِہٖ مِنَ الۡقُرُوۡنِ مَنۡ ہُوَ اَشَدُّ مِنۡہُ قُوَّۃً وَّ اَکۡثَرُ جَمۡعًا ؕ وَ لَا یُسۡـَٔلُ عَنۡ ذُنُوۡبِہِمُ الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    28 : 79 Ал жооп кылды: «Булар менде бар билимдин себебинен мага берилген». Алла андан мурун, кудурет жагынан андан дагы күчтүүрөөк жана байлык жагынан андан дагы байыраак болгон канчалаган тукумдарды ойрон кылганын ал билген жокпу? (Азап учурунда) күнөөкөрлөрдөн алардын күнөөлөрү жөнүндө суралбайт.
  • فَخَرَجَ عَلٰی قَوۡمِہٖ فِیۡ زِیۡنَتِہٖ ؕ قَالَ الَّذِیۡنَ یُرِیۡدُوۡنَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا یٰلَیۡتَ لَنَا مِثۡلَ مَاۤ اُوۡتِیَ قَارُوۡنُ ۙ اِنَّہٗ لَذُوۡ حَظٍّ عَظِیۡمٍ ﴿۸۰﴾
    28 : 80 (Бир күнү) ал жасанып, салтанат менен өз коомунун алдына чыкты. Дүйнөлүк жашоону каалай тургандар: «Эх, атаганат, бизге дагы Каарунга тартууланган нерселер тартууланса, кана! Албетте, ал үлкөн бакыт ээси», - дешти.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ وَیۡلَکُمۡ ثَوَابُ اللّٰہِ خَیۡرٌ لِّمَنۡ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا ۚ وَ لَا یُلَقّٰہَاۤ اِلَّا الصّٰبِرُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    28 : 81 Бирок илим тартуулангандар айтышты: «Силерге өкүнүч болсун! Ыйман келтирип, жакшы амал кылган (адам) үчүн Алланын (берген) сыйлыгы жакшыраак. Бирок сабыр кылуучулардан башка эч кимге мындай (илим-билим) тартууланбайт».
  • فَخَسَفۡنَا بِہٖ وَ بِدَارِہِ الۡاَرۡضَ ۟ فَمَا کَانَ لَہٗ مِنۡ فِئَۃٍ یَّنۡصُرُوۡنَہٗ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ٭ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُنۡتَصِرِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    28 : 82 Анан Биз аны жана анын үйүн жерге жуткуруп жибердик. Ошондо Аллага каршы ага жардам бере турган эч бир тайпа болбоду жана ал өч алуучулардан боло албады.
  • وَ اَصۡبَحَ الَّذِیۡنَ تَمَنَّوۡا مَکَانَہٗ بِالۡاَمۡسِ یَقُوۡلُوۡنَ وَیۡکَاَنَّ اللّٰہَ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ وَ یَقۡدِرُ ۚ لَوۡ لَاۤ اَنۡ مَّنَّ اللّٰہُ عَلَیۡنَا لَخَسَفَ بِنَا ؕ وَیۡکَاَنَّہٗ لَا یُفۡلِحُ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿٪۸۳﴾
    28 : 83 Анан кечээ гана анын ордун (ээлөөнү) арзуу кылгандар (мындай) айтып жаткан бойдон таӊ аттырышты: «Атаганат, Алла Өзүнүн пенделеринин ичинен каалаган кишиге ырыскыны кеӊейтет жана (каалаганына) чектеп (дагы) коёт. Эгер Алла бизге мээрбан болбогондо, Ал бизди дагы жерге жуткуруп жиберген болоор эле. Эх! Каапырлар ийгиликке жетишпейт».
  • تِلۡکَ الدَّارُ الۡاٰخِرَۃُ نَجۡعَلُہَا لِلَّذِیۡنَ لَا یُرِیۡدُوۡنَ عُلُوًّا فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فَسَادًا ؕ وَ الۡعَاقِبَۃُ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۸۴﴾
    28 : 84 Бул – акырет үйү! Биз аны жерде (өзүн) өйдө сезип, кекейбей тургандар жана бузукулук кылбай тургандарга тартуулайбыз. Акыбет такыбалар үчүн гана.
  • مَنۡ جَآءَ بِالۡحَسَنَۃِ فَلَہٗ خَیۡرٌ مِّنۡہَا ۚ وَ مَنۡ جَآءَ بِالسَّیِّئَۃِ فَلَا یُجۡزَی الَّذِیۡنَ عَمِلُوا السَّیِّاٰتِ اِلَّا مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    28 : 85 Ким кандайдыр бир жакшылык келтирсе, ал үчүн андан (дагы) жакшыраак (сыйлык) болот. Ал эми ким жамандык келтирсе – жаман иш кылгандар өздөрү кылган жамандык өлчөмүндө гана жазаланышат.
  • اِنَّ الَّذِیۡ فَرَضَ عَلَیۡکَ الۡقُرۡاٰنَ لَرَآدُّکَ اِلٰی مَعَادٍ ؕ قُلۡ رَّبِّیۡۤ اَعۡلَمُ مَنۡ جَآءَ بِالۡہُدٰی وَ مَنۡ ہُوَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۸۶﴾
    28 : 86 Албетте, сага Куранды парыз кылган (Алла) сөзсүз сени бир кайта турган жайга кайтарып алып келет. Айткын: «Раббим хидаят алып келе турган кишини дагы, ачыктан-ачык адашууда болгон бирөөнү дагы абдан жакшы билет.
  • وَ مَا کُنۡتَ تَرۡجُوۡۤا اَنۡ یُّلۡقٰۤی اِلَیۡکَ الۡکِتٰبُ اِلَّا رَحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ فَلَا تَکُوۡنَنَّ ظَہِیۡرًا لِّلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۫۸۷﴾
    28 : 87 Сен өзүӊө Китеп берилишин каалабайт элеӊ. Бирок, (бул) Раббиӊ тарабынан рахмат катары. Демек, каапырларга эч качан жардамчы болбо!
  • وَ لَا یَصُدُّنَّکَ عَنۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ بَعۡدَ اِذۡ اُنۡزِلَتۡ اِلَیۡکَ وَ ادۡعُ اِلٰی رَبِّکَ وَ لَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿ۚ۸۸﴾
    28 : 88 Алланын аяттары сага түшүрүлгөн соӊ алар сени аларды ээрчүүӊдөн такыр тосо алышпасын; өз Раббиӊ тарапка үндөп тур жана мушриктерден болбо!
  • وَ لَا تَدۡعُ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ ۘ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۟ کُلُّ شَیۡءٍ ہَالِکٌ اِلَّا وَجۡہَہٗ ؕ لَہُ الۡحُکۡمُ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿٪۸۹﴾
    28 : 89 Жана Алла менен бирге кандайдыр бир башка кудайга жалбарба! Андан бөлөк эч кандай кудай жок; Анын өзүнөн бөлөк баардык нерселер ойрон болуучу. Бийлик Ага гана таандык жана баарыӊар Ага гана кайтарыласыӊар.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via