بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
96 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
اِقۡرَاۡ بِاسۡمِ رَبِّکَ الَّذِیۡ خَلَقَ ۚ﴿۲﴾
96 : 2 Жараткан Раббиӊдин аты менен оку!
خَلَقَ الۡاِنۡسَانَ مِنۡ عَلَقٍ ۚ﴿۳﴾
96 : 3 Ал адамды бир жабышкак уюган кандан жаратты.
اِقۡرَاۡ وَ رَبُّکَ الۡاَکۡرَمُ ۙ﴿۴﴾
96 : 4 Оку! Сенин Раббиӊ эӊ урматтуу Зат –
الَّذِیۡ عَلَّمَ بِالۡقَلَمِ ۙ﴿۵﴾
96 : 5 Калем менен таалим берген Зат.
عَلَّمَ الۡاِنۡسَانَ مَا لَمۡ یَعۡلَمۡ ؕ﴿۶﴾
96 : 6 Ал адамга ал билбеген нерселерди үйрөттү.
کَلَّاۤ اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لَیَطۡغٰۤی ۙ﴿۷﴾
96 : 7 Кулак салгыла! Адамзат албетте, чектен ашат.
اَنۡ رَّاٰہُ اسۡتَغۡنٰی ﴿ؕ۸﴾
96 : 8 (Буга себеп), ал өзүн кажетсиз деп эсептеди.
اِنَّ اِلٰی رَبِّکَ الرُّجۡعٰی ؕ﴿۹﴾
96 : 9 Албетте, Раббиӊе (гана) кайтуу бар.
اَرَءَیۡتَ الَّذِیۡ یَنۡہٰی ۙ﴿۱۰﴾
96 : 10 Сен тыюу сала турган бирөөнү көрдүӊбү?
عَبۡدًا اِذَا صَلّٰی ﴿ؕ۱۱﴾
96 : 11 Бир улук пендени, ал намаз окуганда.
اَرَءَیۡتَ اِنۡ کَانَ عَلَی الۡہُدٰۤی ﴿ۙ۱۲﴾
96 : 12 Бир ойлоп көрдүӊбү, эгер ал (улук пенде) хидаятта болгон болсо?
اَوۡ اَمَرَ بِالتَّقۡوٰی ﴿ؕ۱۳﴾
96 : 13 Же такыбага үгүттөсө?
اَرَءَیۡتَ اِنۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ؕ۱۴﴾
96 : 14 Көӊүл буруп көрдүӊбү, эгер ал (намаздан тосо турган киши) жалганга чыгарса жана (чындыктан) жүз бурса.
اَلَمۡ یَعۡلَمۡ بِاَنَّ اللّٰہَ یَرٰی ﴿ؕ۱۵﴾
96 : 15 (Акыры), Алла албетте, (баардык нерсени) көрүп турганын ал билбейби?
کَلَّا لَئِنۡ لَّمۡ یَنۡتَہِ ۬ۙ لَنَسۡفَعًۢا بِالنَّاصِیَۃِ ﴿ۙ۱۶﴾
96 : 16 Кулак салгыла! Эгер ал өзүн тыйбаса, анда Биз албетте, аны көкүлүнөн тутуп тартабыз –
نَاصِیَۃٍ کَاذِبَۃٍ خَاطِئَۃٍ ﴿ۚ۱۷﴾
96 : 17 Жалганчы, күнөөкөр көкүлдөн.
فَلۡیَدۡعُ نَادِیَہٗ ﴿ۙ۱۸﴾
96 : 18 Ошондо ал өз жыйынындагыларды чакырсын.
سَنَدۡعُ الزَّبَانِیَۃَ ﴿ۙ۱۹﴾
96 : 19 Биз сөзсүз тозок периштелерин чакырабыз.
کَلَّا ؕ لَا تُطِعۡہُ وَ اسۡجُدۡ وَ اقۡتَرِبۡ ﴿٪ٛ۲۰﴾
96 : 20 Кулак сал! Сен ага баш ийбе! Сажда кыл жана Ага жакындашууга умтул!