بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
75 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
لَاۤ اُقۡسِمُ بِیَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ۙ﴿۲﴾
75 : 2 Кулак салгыла! Мен кыямат күнүнө касам ичемин.
وَ لَاۤ اُقۡسِمُ بِالنَّفۡسِ اللَّوَّامَۃِ ؕ﴿۳﴾
75 : 3 Жана кулак салгыла! Мен катуу жемелөөчү напси-жанга да касам ичемин.
اَیَحۡسَبُ الۡاِنۡسَانُ اَلَّنۡ نَّجۡمَعَ عِظَامَہٗ ؕ﴿۴﴾
75 : 4 Эмне, адам баласы: «Биз анын сөөктөрүн чогултпайбыз», - деп ойлойбу?
بَلٰی قٰدِرِیۡنَ عَلٰۤی اَنۡ نُّسَوِّیَ بَنَانَہٗ ﴿۵﴾
75 : 5 Жок, андай эмес! Биз бармак учтарын да түздөп, оӊдоого кудуреттүүбүз.
بَلۡ یُرِیۡدُ الۡاِنۡسَانُ لِیَفۡجُرَ اَمَامَہٗ ۚ﴿۶﴾
75 : 6 Чынында, адамзат Анын алдында дагы күнөө иштерди кылып жүрүүнү каалайт.
یَسۡـَٔلُ اَیَّانَ یَوۡمُ الۡقِیٰمَۃِ ؕ﴿۷﴾
75 : 7 Ал: «Кыямат күнү качан келет?» - деп сурайт.
فَاِذَا بَرِقَ الۡبَصَرُ ۙ﴿۸﴾
75 : 8 Сен (жооп бер): «Көз камалып калганда;
وَ خَسَفَ الۡقَمَرُ ۙ﴿۹﴾
75 : 9 Жана ай тутулганда;
وَ جُمِعَ الشَّمۡسُ وَ الۡقَمَرُ ۙ﴿۱۰﴾
75 : 10 Жана күн менен ай бириктирилгенде».
یَقُوۡلُ الۡاِنۡسَانُ یَوۡمَئِذٍ اَیۡنَ الۡمَفَرُّ ﴿ۚ۱۱﴾
75 : 11 Ошол күнү адамзат айтат: «Кайда качсам болот?»
کَلَّا لَا وَزَرَ ﴿ؕ۱۲﴾
75 : 12 Кулак салгыла! Эч кандай башпаанек жок.
اِلٰی رَبِّکَ یَوۡمَئِذِ ۣ الۡمُسۡتَقَرُّ ﴿ؕ۱۳﴾
75 : 13 Ошол күнү башпаанек бир гана Раббиӊдин алдында болот.
یُنَبَّؤُا الۡاِنۡسَانُ یَوۡمَئِذٍۭ بِمَا قَدَّمَ وَ اَخَّرَ ﴿ؕ۱۴﴾
75 : 14 Ошол күнү адамга анын эмнелерин мурун жөнөткөнү жана эмнелерди артта калтырганы туурасында кабар берилет.
بَلِ الۡاِنۡسَانُ عَلٰی نَفۡسِہٖ بَصِیۡرَۃٌ ﴿ۙ۱۵﴾
75 : 15 Чынында, адамзат өзүнө карата абдан акыл-парасат ээси –
وَّ لَوۡ اَلۡقٰی مَعَاذِیۡرَہٗ ﴿ؕ۱۶﴾
75 : 16 Жана эгер ал кечирим сураса да.
لَا تُحَرِّکۡ بِہٖ لِسَانَکَ لِتَعۡجَلَ بِہٖ ﴿ؕ۱۷﴾
75 : 17 Сен муну окуп жатканыӊда, аны тез-тез жаттап алуу максатында тилиӊди тез-тез кыймылдатпа.
اِنَّ عَلَیۡنَا جَمۡعَہٗ وَ قُرۡاٰنَہٗ ﴿ۚۖ۱۸﴾
75 : 18 Албетте, аны топтоо жана аны окуу Биздин милдетибизде.
فَاِذَا قَرَاۡنٰہُ فَاتَّبِعۡ قُرۡاٰنَہٗ ﴿ۚ۱۹﴾
75 : 19 Ошондуктан, Биз аны окуп болгондон кийин, анын окуусун ээрчи.
ثُمَّ اِنَّ عَلَیۡنَا بَیَانَہٗ ﴿ؕ۲۰﴾
75 : 20 Анан албетте, аны ачык-айкын баян кылуу да Биздин милдетибизде.
کَلَّا بَلۡ تُحِبُّوۡنَ الۡعَاجِلَۃَ ﴿ۙ۲۱﴾
75 : 21 Кулак салгыла! Жок, силер дүйнөнү жакшы көрөсүӊөр.
وَ تَذَرُوۡنَ الۡاٰخِرَۃَ ﴿ؕ۲۲﴾
75 : 22 Жана акыретке көӊүл кош карайсыӊар.
وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ نَّاضِرَۃٌ ﴿ۙ۲۳﴾
75 : 23 Жана айрым жүздөр ошол күнү албырап турат –
اِلٰی رَبِّہَا نَاظِرَۃٌ ﴿ۚ۲۴﴾
75 : 24 Өз Раббисине карап турган абалда.
وَ وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍۭ بَاسِرَۃٌ ﴿ۙ۲۵﴾
75 : 25 Жана айрым жүздөр болсо, ошол күнү катуу бырышкан болот.
تَظُنُّ اَنۡ یُّفۡعَلَ بِہَا فَاقِرَۃٌ ﴿ؕ۲۶﴾
75 : 26 Алар өздөрүнө белди сындыруучу мамиле кылынышын сезишет.
کَلَّاۤ اِذَا بَلَغَتِ التَّرَاقِیَ ﴿ۙ۲۷﴾
75 : 27 Кулак салгыла! Жан алкымга чейин жетип барганда,
وَ قِیۡلَ مَنۡ ٜ رَاقٍ ﴿ۙ۲۸﴾
75 : 28 «Жана дем салуучу ким?» - деп айтылат.
وَّ ظَنَّ اَنَّہُ الۡفِرَاقُ ﴿ۙ۲۹﴾
75 : 29 Жана ал ажыроо (убак) экендигин байкап алат.
وَ الۡتَفَّتِ السَّاقُ بِالسَّاقِ ﴿ۙ۳۰﴾
75 : 30 Жана шыйрак шыйракка урулуп турган болот.
اِلٰی رَبِّکَ یَوۡمَئِذِ ۣالۡمَسَاقُ ﴿ؕ٪۳۱﴾
75 : 31 Ошол күнү Раббиӊдин алдына гана айдалуу бар.
فَلَا صَدَّقَ وَ لَا صَلّٰی ﴿ۙ۳۲﴾
75 : 32 Ошентип, ал тастыктабады, намаз да окубады.
وَ لٰکِنۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ۙ۳۳﴾
75 : 33 Жалганга чыгарды жана жүз буруп алды.
ثُمَّ ذَہَبَ اِلٰۤی اَہۡلِہٖ یَتَمَطّٰی ﴿ؕ۳۴﴾
75 : 34 Анан ал өз үй-бүлөсү тарапка дердейип кетти.
اَوۡلٰی لَکَ فَاَوۡلٰی ﴿ۙ۳۵﴾
75 : 35 «Сага өлүм болсун! Дагы бир ирет өлүм болсун!
ثُمَّ اَوۡلٰی لَکَ فَاَوۡلٰی ﴿ؕ۳۶﴾
75 : 36 Дагы бир жолу сага өлүм болсун! Дагы бир ирет өлүм болсун!»
اَیَحۡسَبُ الۡاِنۡسَانُ اَنۡ یُّتۡرَکَ سُدًی ﴿ؕ۳۷﴾
75 : 37 Эмне, адамзат: «Мен тизгинсиз калтырыламын», - деп ойлойбу.
اَلَمۡ یَکُ نُطۡفَۃً مِّنۡ مَّنِیٍّ یُّمۡنٰی ﴿ۙ۳۸﴾
75 : 38 Деги ал куюлган бел суусунун бир тамчысы эмес беле?
ثُمَّ کَانَ عَلَقَۃً فَخَلَقَ فَسَوّٰی ﴿ۙ۳۹﴾
75 : 39 Анан ал бир уюган канга айланды. Ошентип, Ал (Алла) аны жаратты, анан аны толуктады.
فَجَعَلَ مِنۡہُ الزَّوۡجَیۡنِ الذَّکَرَ وَ الۡاُنۡثٰی ﴿ؕ۴۰﴾
75 : 40 Анан андан эркек жана ургаачы катары жуп-жуп кылып жаратты.
اَلَیۡسَ ذٰلِکَ بِقٰدِرٍ عَلٰۤی اَنۡ یُّحۡیِۦَ الۡمَوۡتٰی ﴿٪۴۱﴾
75 : 41 Эмне, Ал (Алла) өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?