Курани карим Ал-Маъаариж • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

المعَارج

Ал-Маъаариж

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    70 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • سَاَلَ سَآئِلٌۢ بِعَذَابٍ وَّاقِعٍ ۙ﴿۲﴾
    70 : 2 Бир суроочу сөзсүз боло турган азап туурасында сурады.
  • لِّلۡکٰفِرِیۡنَ لَیۡسَ لَہٗ دَافِعٌ ۙ﴿۳﴾
    70 : 3 Каапырларды андан куткара турган эч нерсе жок.
  • مِّنَ اللّٰہِ ذِی الۡمَعَارِجِ ؕ﴿۴﴾
    70 : 4 Бардык бийиктиктердин ээси болгон Алла тарабынан.
  • تَعۡرُجُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ الرُّوۡحُ اِلَیۡہِ فِیۡ یَوۡمٍ کَانَ مِقۡدَارُہٗ خَمۡسِیۡنَ اَلۡفَ سَنَۃٍ ۚ﴿۵﴾
    70 : 5 Периштелер жана рух Ал тарапка өлчөмү элүү миӊ жыл болгон бир күндө көтөрүлүшөт.
  • فَاصۡبِرۡ صَبۡرًا جَمِیۡلًا ﴿۶﴾
    70 : 6 Ошентип, эӊ сонун сабыр кыл.
  • اِنَّہُمۡ یَرَوۡنَہٗ بَعِیۡدًا ۙ﴿۷﴾
    70 : 7 Алар албетте, аны абдан узак деп көрүшүүдө.
  • وَّ نَرٰٮہُ قَرِیۡبًا ؕ﴿۸﴾
    70 : 8 Жана Биз болсо, анын жакын экенин көрөбүз.
  • یَوۡمَ تَکُوۡنُ السَّمَآءُ کَالۡمُہۡلِ ۙ﴿۹﴾
    70 : 9 Ал күндө асман кудум эриген жез сыӊары болуп калат.
  • وَ تَکُوۡنُ الۡجِبَالُ کَالۡعِہۡنِ ۙ﴿۱۰﴾
    70 : 10 Жана тоолор кудум тытылган жүндөй болуп кетет.
  • وَ لَا یَسۡـَٔلُ حَمِیۡمٌ حَمِیۡمًا ﴿ۚۖ۱۱﴾
    70 : 11 Жана эч бир чыныгы дос башка бир чыныгы досу(нун ахвалы)н сурабайт.
  • یُّبَصَّرُوۡنَہُمۡ ؕ یَوَدُّ الۡمُجۡرِمُ لَوۡ یَفۡتَدِیۡ مِنۡ عَذَابِ یَوۡمِئِذٍۭ بِبَنِیۡہِ ﴿ۙ۱۲﴾
    70 : 12 Алар өздөрүнө жакшылап көрсөтүлөт. Күнөөкөр ошол күн азабынан кутулуу үчүн өз уулдарын төлөм кылып берүүнү тилейт;
  • وَ صَاحِبَتِہٖ وَ اَخِیۡہِ ﴿ۙ۱۳﴾
    70 : 13 Аялын жана ага-инисин;
  • وَ فَصِیۡلَتِہِ الَّتِیۡ تُــٔۡوِیۡہِ ﴿ۙ۱۴﴾
    70 : 14 Жана ага башпаана берген уруусун дагы;
  • وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا ۙ ثُمَّ یُنۡجِیۡہِ ﴿ۙ۱۵﴾
    70 : 15 Жана жердеги бар нерселерди дагы. Анан ал (төлөм) өзүн ал (азап)тан куткаруу(ну тилейт).
  • کَلَّا ؕ اِنَّہَا لَظٰی ﴿ۙ۱۶﴾
    70 : 16 Кулак салгыла! Албетте, ал бир түтүнсүз шоола.
  • نَزَّاعَۃً لِّلشَّوٰی ﴿ۚۖ۱۷﴾
    70 : 17 Терини шылып алуучу.
  • تَدۡعُوۡا مَنۡ اَدۡبَرَ وَ تَوَلّٰی ﴿ۙ۱۸﴾
    70 : 18 Ал бурулуп кеткен жана жүз бурган ар кимди чакырат –
  • وَ جَمَعَ فَاَوۡعٰی ﴿۱۹﴾
    70 : 19 Топтогон жана кийинкиге кам камдаган (бирөөнү).
  • اِنَّ الۡاِنۡسَانَ خُلِقَ ہَلُوۡعًا ﴿ۙ۲۰﴾
    70 : 20 Албетте, адамзат өтө ачкөз болуп жаратылган.
  • اِذَا مَسَّہُ الشَّرُّ جَزُوۡعًا ﴿ۙ۲۱﴾
    70 : 21 Ага кандайдыр бир жамандык жеткенде, катуу ый-зар салуучу болот.
  • وَّ اِذَا مَسَّہُ الۡخَیۡرُ مَنُوۡعًا ﴿ۙ۲۲﴾
    70 : 22 Жана ага кандайдыр бир жакшылык жеткенде, катуу сараӊ болуп калат.
  • اِلَّا الۡمُصَلِّیۡنَ ﴿ۙ۲۳﴾
    70 : 23 Ооба, намаз окуй турган кишилердин мамилеси башкача –
  • الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَلٰی صَلَاتِہِمۡ دَآئِمُوۡنَ ﴿۪ۙ۲۴﴾
    70 : 24 Алар өз намаздарында дайыма туруучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ فِیۡۤ اَمۡوَالِہِمۡ حَقٌّ مَّعۡلُوۡمٌ ﴿۪ۙ۲۵﴾
    70 : 25 Жана дүнүйө-мүлктөрүндө бир белгилүү акы барлар –
  • لِّلسَّآئِلِ وَ الۡمَحۡرُوۡمِ ﴿۪ۙ۲۶﴾
    70 : 26 Суроочулар жана куру калуучулар үчүн.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُصَدِّقُوۡنَ بِیَوۡمِ الدِّیۡنِ ﴿۪ۙ۲۷﴾
    70 : 27 Сыйлык жана жаза күнүн тастыктоочулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ مِّنۡ عَذَابِ رَبِّہِمۡ مُّشۡفِقُوۡنَ ﴿ۚ۲۸﴾
    70 : 28 Жана Раббисинин азабынан корко тургандар.
  • اِنَّ عَذَابَ رَبِّہِمۡ غَیۡرُ مَاۡمُوۡنٍ ﴿۲۹﴾
    70 : 29 Албетте, алардын Раббисинин азабы ушундай: андан кутулуп болбойт.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِفُرُوۡجِہِمۡ حٰفِظُوۡنَ ﴿ۙ۳۰﴾
    70 : 30 Жана өз уяттуу жерлерин сактоочулар.
  • اِلَّا عَلٰۤی اَزۡوَاجِہِمۡ اَوۡ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُمۡ فَاِنَّہُمۡ غَیۡرُ مَلُوۡمِیۡنَ ﴿ۚ۳۱﴾
    70 : 31 Өз аялдары жана кол астындагы (аял)дарынан башкасына. Албетте, алар жемеленбес.
  • فَمَنِ ابۡتَغٰی وَرَآءَ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡعٰدُوۡنَ ﴿ۚ۳۲﴾
    70 : 32 Эми ким мындан өзгө (кандайдыр бир нерсени) тилесе, мына ошолор чектен ашуучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِاَمٰنٰتِہِمۡ وَ عَہۡدِہِمۡ رٰعُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۳﴾
    70 : 33 Ошондой эле өз аманаттарына жана убадаларына бекем туруучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ بِشَہٰدٰتِہِمۡ قَآئِمُوۡنَ ﴿۪ۙ۳۴﴾
    70 : 34 Жана өз күбөлүктөрүндө бекем туруучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَلٰی صَلَاتِہِمۡ یُحَافِظُوۡنَ ﴿ؕ۳۵﴾
    70 : 35 Жана өз намаздарына күзөтүүчү болгондор.
  • اُولٰٓئِکَ فِیۡ جَنّٰتٍ مُّکۡرَمُوۡنَ ﴿ؕ٪۳۶﴾
    70 : 36 Мына ошолор бейиштерде урматталышат.
  • فَمَالِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا قِبَلَکَ مُہۡطِعِیۡنَ ﴿ۙ۳۷﴾
    70 : 37 Ошентип, каапырларга эмне болгон эле? Алар сен тарапка чуркап келишчү эле –
  • عَنِ الۡیَمِیۡنِ وَ عَنِ الشِّمَالِ عِزِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    70 : 38 Топ-топ болуп, оӊ тараптан дагы, сол тараптан дагы.
  • اَیَطۡمَعُ کُلُّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ اَنۡ یُّدۡخَلَ جَنَّۃَ نَعِیۡمٍ ﴿ۙ۳۹﴾
    70 : 39 Алардын ар бири нээмат-берекелүү бейишке киргизилемин деп үмүттөнүүдөбү?
  • کَلَّا ؕ اِنَّا خَلَقۡنٰہُمۡ مِّمَّا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    70 : 40 Эч качан! Албетте, Биз аларды өздөрү билген нерседен жаратканбыз.
  • فَلَاۤ اُقۡسِمُ بِرَبِّ الۡمَشٰرِقِ وَ الۡمَغٰرِبِ اِنَّا لَقٰدِرُوۡنَ ﴿ۙ۴۱﴾
    70 : 41 Кулак салгыла! Мен чыгыштар жана батыштардын Раббисине касам ичемин: Биз албетте, кудуреттүүбүз –
  • عَلٰۤی اَنۡ نُّبَدِّلَ خَیۡرًا مِّنۡہُمۡ ۙ وَ مَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوۡقِیۡنَ ﴿۴۲﴾
    70 : 42 Алардын ордуна алардан жакшыраактарын келтирүүгө. Эч ким Бизден озуп кете албайт.
  • فَذَرۡہُمۡ یَخُوۡضُوۡا وَ یَلۡعَبُوۡا حَتّٰی یُلٰقُوۡا یَوۡمَہُمُ الَّذِیۡ یُوۡعَدُوۡنَ ﴿ۙ۴۳﴾
    70 : 43 Ошентип, сен аларды өз абалына коюп кой. Алар өздөрүнө убада кылынып жаткан күнүнө бетме-бет болгондоруна чейин курулай кепке сүӊгүп, ойноп жүрө беришсин.
  • یَوۡمَ یَخۡرُجُوۡنَ مِنَ الۡاَجۡدَاثِ سِرَاعًا کَاَنَّہُمۡ اِلٰی نُصُبٍ یُّوۡفِضُوۡنَ ﴿ۙ۴۴﴾
    70 : 44 Алар тим эле курбандыкка чалына турган жайлар тарапка чаап бара жаткандай шашылып өз мүрзөлөрүнөн чыга турган күнү –
  • خَاشِعَۃً اَبۡصَارُہُمۡ تَرۡہَقُہُمۡ ذِلَّۃٌ ؕ ذٰلِکَ الۡیَوۡمُ الَّذِیۡ کَانُوۡا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿٪۴۵﴾
    70 : 45 Назарлары жерге кадалган бойдон. Шерменделик аларды каптап алып жаткан болот. Аларга убада кылынган күн – мына ушул.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via