بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
82 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
اِذَا السَّمَآءُ انۡفَطَرَتۡ ۙ﴿۲﴾
82 : 2 Асман жарылып кеткенде;
وَ اِذَا الۡکَوَاکِبُ انۡتَثَرَتۡ ۙ﴿۳﴾
82 : 3 Жана жылдыздар чачылып кеткенде;
وَ اِذَا الۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ ﴿ۙ۴﴾
82 : 4 Жана деӊиздер жарылып жиберилгенде;
وَ اِذَا الۡقُبُوۡرُ بُعۡثِرَتۡ ۙ﴿۵﴾
82 : 5 Жана мүрзөлөр ачылып ташталганда;
عَلِمَتۡ نَفۡسٌ مَّا قَدَّمَتۡ وَ اَخَّرَتۡ ؕ﴿۶﴾
82 : 6 Ар бир жан эмнелерди кылганын, эмнелерди калтырганын билип алат.
یٰۤاَیُّہَا الۡاِنۡسَانُ مَا غَرَّکَ بِرَبِّکَ الۡکَرِیۡمِ ۙ﴿۷﴾
82 : 7 Эй, адам! Даӊкы бийик Раббиӊ жөнүндө сени эмне алдап койду?
الَّذِیۡ خَلَقَکَ فَسَوّٰٮکَ فَعَدَلَکَ ۙ﴿۸﴾
82 : 8 Ал сени жоктон бар кылды, анан сени оӊдоду, кийин сени тегиздеди.
فِیۡۤ اَیِّ صُوۡرَۃٍ مَّا شَآءَ رَکَّبَکَ ؕ﴿۹﴾
82 : 9 Сени Өзү жактырган түспөлдө чогултту.
کَلَّا بَلۡ تُکَذِّبُوۡنَ بِالدِّیۡنِ ۙ﴿۱۰﴾
82 : 10 Кулак салгыла! Жок, силер жаза-сыйлыктын өзүн жокко чыгаруудасыӊар.
وَ اِنَّ عَلَیۡکُمۡ لَحٰفِظِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾
82 : 11 Жана силердин үстүӊөрдө сөзсүз күзөтүүчүлөр дайындалган –
کِرَامًا کَاتِبِیۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾
82 : 12 Урматтуу катчылар-жаза тургандар.
یَعۡلَمُوۡنَ مَا تَفۡعَلُوۡنَ ﴿۱۳﴾
82 : 13 Алар силердин кылып жаткан амалдарыӊарды билишет.
اِنَّ الۡاَبۡرَارَ لَفِیۡ نَعِیۡمٍ ﴿ۚ۱۴﴾
82 : 14 Албетте, жакшы пенделер сөзсүз ырахатта болушат.
وَ اِنَّ الۡفُجَّارَ لَفِیۡ جَحِیۡمٍ ﴿ۚۖ۱۵﴾
82 : 15 Жана албетте, бузукулар сөзсүз тозокто болушат.
یَّصۡلَوۡنَہَا یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿۱۶﴾
82 : 16 Жаза-сыйлык күнү алар ага киришет.
وَ مَا ہُمۡ عَنۡہَا بِغَآئِبِیۡنَ ﴿ؕ۱۷﴾
82 : 17 Жана алар андан кайып болуу мүмкүнчүлүгүнө эч качан ээ болушпайт.
وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿ۙ۱۸﴾
82 : 18 Жана жаза-сыйлык күнүнүн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
ثُمَّ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۱۹﴾
82 : 19 Дагы бир ирет жаза-сыйлык күнүнүн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
یَوۡمَ لَا تَمۡلِکُ نَفۡسٌ لِّنَفۡسٍ شَیۡئًا ؕ وَ الۡاَمۡرُ یَوۡمَئِذٍ لِّلّٰہِ ﴿٪۲۰﴾
82 : 20 Ал эч бир жан башка бир жан үчүн бир нерсе кылууга кудуретсиз боло турган күн! Ошол күнү өкүм (кылуу) бүтүндөй Алланын ыктыярында болот.