Курани карим Ал-Фатх • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الفَتْح

Ал-Фатх

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    48 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِنَّا فَتَحۡنَا لَکَ فَتۡحًا مُّبِیۡنًا ۙ﴿۲﴾
    48 : 2 Албетте, Биз сага ачык-айкын жеӊиш тартууладык.
  • لِّیَغۡفِرَ لَکَ اللّٰہُ مَا تَقَدَّمَ مِنۡ ذَنۡۢبِکَ وَ مَا تَاَخَّرَ وَ یُتِمَّ نِعۡمَتَہٗ عَلَیۡکَ وَ یَہۡدِیَکَ صِرَاطًا مُّسۡتَقِیۡمًا ۙ﴿۳﴾
    48 : 3 Алла сага карата илгери пайда болгон жана келечекте дагы пайда болушу мүмкүн болгон күнөөлөрдү кечирсин жана сага Өз нээматын толук кылсын, ошондой эле сени туура жолго багыттасын үчүн.
  • وَّ یَنۡصُرَکَ اللّٰہُ نَصۡرًا عَزِیۡزًا ﴿۴﴾
    48 : 4 Алла сага урмат жана жеӊиштүү жардам берсин (үчүн).
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ السَّکِیۡنَۃَ فِیۡ قُلُوۡبِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ لِیَزۡدَادُوۡۤا اِیۡمَانًا مَّعَ اِیۡمَانِہِمۡ ؕ وَ لِلّٰہِ جُنُوۡدُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ۙ﴿۵﴾
    48 : 5 Ал момундар өз ыймандарына ыйман кошуулары үчүн алдардын жүрөктөрүнө бейпилдик түшүргөн (Алла). Асмандар жана жердин кошуундары Алланыкы. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө даанышман.
  • لِّیُدۡخِلَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا وَ یُکَفِّرَ عَنۡہُمۡ سَیِّاٰتِہِمۡ ؕ وَ کَانَ ذٰلِکَ عِنۡدَ اللّٰہِ فَوۡزًا عَظِیۡمًا ۙ﴿۶﴾
    48 : 6 Ал (Алла) момун эркектер жана момун аялдарды ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизсин үчүн. Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар болушат. Ал алардан жамандыктарын алып таштасын үчүн. Алланын алдында бул бир үлкөн ийгилик.
  • وَّ یُعَذِّبَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ الۡمُنٰفِقٰتِ وَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ وَ الۡمُشۡرِکٰتِ الظَّآنِّیۡنَ بِاللّٰہِ ظَنَّ السَّوۡءِ ؕ عَلَیۡہِمۡ دَآئِرَۃُ السَّوۡءِ ۚ وَ غَضِبَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ وَ لَعَنَہُمۡ وَ اَعَدَّ لَہُمۡ جَہَنَّمَ ؕ وَ سَآءَتۡ مَصِیۡرًا ﴿۷﴾
    48 : 7 Жана Алла туурасында жаман ой-пикирде болгон мунафык эркектер жана мунафык аялдарга, ошондой эле мушрик эркектер жана мушрик аялдарга Ал азап берсин үчүн. Балээлер айланасы алардын өздөрүнө түшөт. Алла аларга ачууланды жана аларды каргыштады. Ал аларга тозокту даярдап койгон. Ал абдан жаман турак жай!
  • وَ لِلّٰہِ جُنُوۡدُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَزِیۡزًا حَکِیۡمًا ﴿۸﴾
    48 : 8 Асмандар жана жердин кошуундары Алланыкы. Алла эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ شَاہِدًا وَّ مُبَشِّرًا وَّ نَذِیۡرًا ۙ﴿۹﴾
    48 : 9 Албетте, Биз сени бир күбө, бир куш кабар жеткирүүчү жана кулактандыруучу катары жөнөттүк.
  • لِّتُؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ تُعَزِّرُوۡہُ وَ تُوَقِّرُوۡہُ ؕ وَ تُسَبِّحُوۡہُ بُکۡرَۃً وَّ اَصِیۡلًا ﴿۱۰﴾
    48 : 10 Силер Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирүүӊөр, ага жардам берүүӊөр, ошондой эле аны урмат кылып, таӊкысын да, кечкисин да Ага мактоо айтууӊар үчүн.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُبَایِعُوۡنَکَ اِنَّمَا یُبَایِعُوۡنَ اللّٰہَ ؕ یَدُ اللّٰہِ فَوۡقَ اَیۡدِیۡہِمۡ ۚ فَمَنۡ نَّکَثَ فَاِنَّمَا یَنۡکُثُ عَلٰی نَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ اَوۡفٰی بِمَا عٰہَدَ عَلَیۡہُ اللّٰہَ فَسَیُؤۡتِیۡہِ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿٪۱۱﴾
    48 : 11 Албетте, сага «Байъат» бергендер Аллага «Байъат» беришет. Алланын колу алардын колунун үстүндө. Анан ким өз ант-убадасын бузса, ал өз жанынын зыянына ант-убаданы бузат. Ал эми ким Алла менен түзгөн антына туруктуу калса, албетте, Ал ага үлкөн сыйлык берет.
  • سَیَقُوۡلُ لَکَ الۡمُخَلَّفُوۡنَ مِنَ الۡاَعۡرَابِ شَغَلَتۡنَاۤ اَمۡوَالُنَا وَ اَہۡلُوۡنَا فَاسۡتَغۡفِرۡ لَنَا ۚ یَقُوۡلُوۡنَ بِاَلۡسِنَتِہِمۡ مَّا لَیۡسَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ قُلۡ فَمَنۡ یَّمۡلِکُ لَکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ شَیۡئًا اِنۡ اَرَادَ بِکُمۡ ضَرًّا اَوۡ اَرَادَ بِکُمۡ نَفۡعًا ؕ بَلۡ کَانَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرًا ﴿۱۲﴾
    48 : 12 Көчмөндөрдөн артта калтырылгандар сөзсүз сага айтышат: «Мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бизди кармап калды. Демек, биз үчүн кечирим тилегин». Алар көӊүлдөрүндө болбогон нерселерди тилдери менен сүйлөшөт. Айткын: «Эгер Ал силерге зыян же пайда келтирүүнү кааласа, ким силер үчүн Алланын каршысында бир нерсе кылууга кудуреттүү болот?» Чынында, Алла кылып жаткан иштериӊерден абдан жакшы кабардар.
  • بَلۡ ظَنَنۡتُمۡ اَنۡ لَّنۡ یَّنۡقَلِبَ الرَّسُوۡلُ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ اِلٰۤی اَہۡلِیۡہِمۡ اَبَدًا وَّ زُیِّنَ ذٰلِکَ فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ وَ ظَنَنۡتُمۡ ظَنَّ السَّوۡءِ ۚۖ وَ کُنۡتُمۡ قَوۡمًۢا بُوۡرًا ﴿۱۳﴾
    48 : 13 Жок, силер: «Пайгамбар жана момундар өз үй-бүлөлөрүнүн алдына эч качан кайтып келе алышпайт», - деп ойлоор элеӊер. Бул нерсе силердин көӊүлдөрүӊөргө чырайлуу көрсөтүлдү. Силер жаман ой-пикирде элеӊер. Силер бир ойрондолуучу коом болуп калдыӊар.
  • وَ مَنۡ لَّمۡ یُؤۡمِنۡۢ بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ فَاِنَّاۤ اَعۡتَدۡنَا لِلۡکٰفِرِیۡنَ سَعِیۡرًا ﴿۱۴﴾
    48 : 14 Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирбеген бирөө – албетте, каапырлар үчүн Биз жалындаган отту даярдап койгонбуз.
  • وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ یَغۡفِرُ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۱۵﴾
    48 : 15 Асмандар жана жердин падышачылыгы Аллага гана тийиштүү. Ал Өзү каалаган кишини кечирет жана Өзү каалаган кишиге азап берет. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • سَیَقُوۡلُ الۡمُخَلَّفُوۡنَ اِذَا انۡطَلَقۡتُمۡ اِلٰی مَغَانِمَ لِتَاۡخُذُوۡہَا ذَرُوۡنَا نَتَّبِعۡکُمۡ ۚ یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یُّبَدِّلُوۡا کَلٰمَ اللّٰہِ ؕ قُلۡ لَّنۡ تَتَّبِعُوۡنَا کَذٰلِکُمۡ قَالَ اللّٰہُ مِنۡ قَبۡلُ ۚ فَسَیَقُوۡلُوۡنَ بَلۡ تَحۡسُدُوۡنَنَا ؕ بَلۡ کَانُوۡا لَا یَفۡقَہُوۡنَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۱۶﴾
    48 : 16 Силер олжолорду алуу үчүн алар тарапка барганыӊарда, артта калтырылгандар сөзсүз айтышат: «Силерди ээрчип баруу үчүн бизге дагы мүмкүндүк бергиле». Алар Алланын сөзүн өзгөртүүнү каалашат. Айткын: «Силер эч качан бизди ээрчибейсиӊер. Алла илгери мындай деген эле». Ошондо алар айтышат: «Жок, силер бизге көрө албастык кыласыӊар». Чынында, алар абдан аз түшүнүшөт.
  • قُلۡ لِّلۡمُخَلَّفِیۡنَ مِنَ الۡاَعۡرَابِ سَتُدۡعَوۡنَ اِلٰی قَوۡمٍ اُولِیۡ بَاۡسٍ شَدِیۡدٍ تُقَاتِلُوۡنَہُمۡ اَوۡ یُسۡلِمُوۡنَ ۚ فَاِنۡ تُطِیۡعُوۡا یُؤۡتِکُمُ اللّٰہُ اَجۡرًا حَسَنًا ۚ وَ اِنۡ تَتَوَلَّوۡا کَمَا تَوَلَّیۡتُمۡ مِّنۡ قَبۡلُ یُعَذِّبۡکُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿۱۷﴾
    48 : 17 Көчмөндөрдөн артта калтырылгандарга айт: «Силер тез арада абдан урушчаак бир коомго чакырыласыӊар. Силер алар менен согушасыӊар, же алар мусулман болушат. Эгер силер баш ийсеӊер, Алла силерге абдан сонун сыйлык берет. Ал эми эгер силер илгери бурулуп кеткениӊер сыяктуу жүз буруп кетсеӊер, Ал силерге оор азап берет».
  • لَیۡسَ عَلَی الۡاَعۡمٰی حَرَجٌ وَّ لَا عَلَی الۡاَعۡرَجِ حَرَجٌ وَّ لَا عَلَی الۡمَرِیۡضِ حَرَجٌ ؕ وَ مَنۡ یُّطِعِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ یُدۡخِلۡہُ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۚ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّ یُعَذِّبۡہُ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿٪۱۸﴾
    48 : 18 Көзү көр кишиге кандайдыр бир доо кылынбайт, чолок киши дагы жемеге калбайт жана оорулуу дагы жемеге учурабайт. Ким Аллага жана Анын Пайгамбарына бой сунса, Ал аны ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизет. А ким жүз буруп кетсе, Ал ага абдан оор азап берет.
  • لَقَدۡ رَضِیَ اللّٰہُ عَنِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اِذۡ یُبَایِعُوۡنَکَ تَحۡتَ الشَّجَرَۃِ فَعَلِمَ مَا فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ فَاَنۡزَلَ السَّکِیۡنَۃَ عَلَیۡہِمۡ وَ اَثَابَہُمۡ فَتۡحًا قَرِیۡبًا ﴿ۙ۱۹﴾
    48 : 19 Албетте, Алла момундарга, алар сага дарак астында «Байъат» берип жаткандарында ыраазы болду. Ал алардын көӊүлдөрүндөгү нерсени билет. Ошентип, Ал алардын үстүнө тынчтык түшүрдү жана аларга тез арада жетише турган жеӊиш тартуулады.
  • وَّ مَغَانِمَ کَثِیۡرَۃً یَّاۡخُذُوۡنَہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَزِیۡزًا حَکِیۡمًا ﴿۲۰﴾
    48 : 20 Жана алар алып жаткан көптөгөн олжолорду дагы (тартуулады). Алла эӊ жеӊүүчү (жана) хикмат ээси.
  • وَعَدَکُمُ اللّٰہُ مَغَانِمَ کَثِیۡرَۃً تَاۡخُذُوۡنَہَا فَعَجَّلَ لَکُمۡ ہٰذِہٖ وَ کَفَّ اَیۡدِیَ النَّاسِ عَنۡکُمۡ ۚ وَ لِتَکُوۡنَ اٰیَۃً لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ یَہۡدِیَکُمۡ صِرَاطًا مُّسۡتَقِیۡمًا ﴿ۙ۲۱﴾
    48 : 21 Жана Алла силерге силер жетише турган көп олжолорду убада кылган. Ошентип, Ал буларды силерге дароо берди жана адамдардын колдорун силерден – бул нерсе момундарга бир чоӊ аят-белги болсун жана Ал силерди туура жолго багыттасын үчүн токтотту.
  • وَّ اُخۡرٰی لَمۡ تَقۡدِرُوۡا عَلَیۡہَا قَدۡ اَحَاطَ اللّٰہُ بِہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرًا ﴿۲۲﴾
    48 : 22 Жана мындан тышкары, айрым башка (жеӊиштер) дагы бар. Силер аларды али колго киргизген эмессиӊер. Албетте, Алла аларды курчап турат. Алла Өзү каалаган бардык нерселерге дайыма кудуреттүү.
  • وَ لَوۡ قٰتَلَکُمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوَلَّوُا الۡاَدۡبَارَ ثُمَّ لَا یَجِدُوۡنَ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿۲۳﴾
    48 : 23 Эгер каапыр болгондор силерге каршы уруш кылышса, алар сөзсүз артка бурулуп кетишет. Анан алар кандайдыр бир досту да, жардамчыны да таба алышпайт.
  • سُنَّۃَ اللّٰہِ الَّتِیۡ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلُ ۚۖ وَ لَنۡ تَجِدَ لِسُنَّۃِ اللّٰہِ تَبۡدِیۡلًا ﴿۲۴﴾
    48 : 24 Бул – илгери болуп өткөн Алланын Сүннөт-адаты. Сен эч качан Алланын Сүннөт-адатында эч бир өзгөрүүнү таба албайсыӊ.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ کَفَّ اَیۡدِیَہُمۡ عَنۡکُمۡ وَ اَیۡدِیَکُمۡ عَنۡہُمۡ بِبَطۡنِ مَکَّۃَ مِنۡۢ بَعۡدِ اَنۡ اَظۡفَرَکُمۡ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرًا ﴿۲۵﴾
    48 : 25 Ал силерге алардын үстүнөн жеӊиш бергенден кийин, Мекке өрөөнүндө алардын колдорун силерден, силердин колдоруӊарды алардан тоскон (Алла). Алла силер кылып жаткан бардык амалдарыӊарды күзөтүп турат.
  • ہُمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ صَدُّوۡکُمۡ عَنِ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ وَ الۡہَدۡیَ مَعۡکُوۡفًا اَنۡ یَّبۡلُغَ مَحِلَّہٗ ؕ وَ لَوۡ لَا رِجَالٌ مُّؤۡمِنُوۡنَ وَ نِسَآءٌ مُّؤۡمِنٰتٌ لَّمۡ تَعۡلَمُوۡہُمۡ اَنۡ تَطَـُٔوۡہُمۡ فَتُصِیۡبَکُمۡ مِّنۡہُمۡ مَّعَرَّۃٌۢ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ۚ لِیُدۡخِلَ اللّٰہُ فِیۡ رَحۡمَتِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ لَوۡ تَزَیَّلُوۡا لَعَذَّبۡنَا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿۲۶﴾
    48 : 26 Мына ошолор каапыр болгон жана силерди да Харам Мечитинен, курбандыкты да анын курбан боло турган жерине жетиштен тоскондор. Эгер силер билбеген абалдарыӊарда эзип-жанчып таштай турган момун эркектер жана момун аялдар болбогондорунда, силерге алар тарабынан (өздөрү) билбестен туруп, кандайдыр бир зыян жеткен болоор эле. Бул – Алла Өзү каалаган кишини Өз рахматына киргизүүсү үчүн жүз берди. Эгер алар ажырап, өзүнчө болуп кеткендеринде, Биз алардан каапырлык кылгандарга сөзсүз оор азап берээр элек.
  • اِذۡ جَعَلَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الۡحَمِیَّۃَ حَمِیَّۃَ الۡجَاہِلِیَّۃِ فَاَنۡزَلَ اللّٰہُ سَکِیۡنَتَہٗ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ وَ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ اَلۡزَمَہُمۡ کَلِمَۃَ التَّقۡوٰی وَ کَانُوۡۤا اَحَقَّ بِہَا وَ اَہۡلَہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمًا ﴿٪۲۷﴾
    48 : 27 Каапыр болгондор өз жүрөктөрүндө кызуу кандуулукту, тактап айтканда наадандыктын кызуу кандуулугун алдыргандарында, Алла Өз Пайгамбары жана момундарга бейпилдикти түшүрдү жана аларды такыба «келимесине» байлап турду. Ошолор гана ага акылуураак жана ылайыктуураак болчу. Алла бардык нерселерди абдан жакшы билет.
  • لَقَدۡ صَدَقَ اللّٰہُ رَسُوۡلَہُ الرُّءۡیَا بِالۡحَقِّ ۚ لَتَدۡخُلُنَّ الۡمَسۡجِدَ الۡحَرَامَ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ اٰمِنِیۡنَ ۙ مُحَلِّقِیۡنَ رُءُوۡسَکُمۡ وَ مُقَصِّرِیۡنَ ۙ لَا تَخَافُوۡنَ ؕ فَعَلِمَ مَا لَمۡ تَعۡلَمُوۡا فَجَعَلَ مِنۡ دُوۡنِ ذٰلِکَ فَتۡحًا قَرِیۡبًا ﴿۲۸﴾
    48 : 28 Албетте, Алла Өз Пайгамбарына (ал көргөн) түшүн чындык менен жүзөгө ашырды: Кудай кааласа, силер сөзсүз Харам Мечитине башыӊарды кырдырып, чачыӊарды кыскарткан бойдон коопсуз жана тынчтык менен киресиӊер. Демек Ал силер билбеген нерселериӊерди да билчү. Ошентип, Ал (силерге) мындан тышкары тез арада (колго тийе турган) дагы бир жеӊишти белгилеп койду.
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَرۡسَلَ رَسُوۡلَہٗ بِالۡہُدٰی وَ دِیۡنِ الۡحَقِّ لِیُظۡہِرَہٗ عَلَی الدِّیۡنِ کُلِّہٖ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًا ﴿ؕ۲۹﴾
    48 : 29 Ал (Алла) гана Өз Пайгамбарын хидаят жана чыныгы дин менен Ал аны дин(дин ар бир бөлүгүндө) толук жеӊишке жетиштирүү үчүн жиберди. Алла күбө катары жетиштүү.
  • مُحَمَّدٌ رَّسُوۡلُ اللّٰہِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ مَعَہٗۤ اَشِدَّآءُ عَلَی الۡکُفَّارِ رُحَمَآءُ بَیۡنَہُمۡ تَرٰٮہُمۡ رُکَّعًا سُجَّدًا یَّبۡتَغُوۡنَ فَضۡلًا مِّنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانًا ۫ سِیۡمَاہُمۡ فِیۡ وُجُوۡہِہِمۡ مِّنۡ اَثَرِ السُّجُوۡدِ ؕ ذٰلِکَ مَثَلُہُمۡ فِی التَّوۡرٰٮۃِ ۚۖۛ وَ مَثَلُہُمۡ فِی الۡاِنۡجِیۡلِ ۚ۟ۛ کَزَرۡعٍ اَخۡرَجَ شَطۡـَٔہٗ فَاٰزَرَہٗ فَاسۡتَغۡلَظَ فَاسۡتَوٰی عَلٰی سُوۡقِہٖ یُعۡجِبُ الزُّرَّاعَ لِیَغِیۡظَ بِہِمُ الۡکُفَّارَ ؕ وَعَدَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ مِنۡہُمۡ مَّغۡفِرَۃً وَّ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿٪۳۰﴾
    48 : 30 Алланын Пайгамбары Мухаммад жана аны менен бирге болгондор каапырларга абдан катуу (жана) өз ара бири-бирине карата абдан боорукер; сен аларды руку жана сажда кылып жаткан абалдарында көрөсүӊ; алар бир гана Алладан берешендик жана ыраазычылыкты каалашат. Саждалар таасиринде жүздөрүндө алардын белгиси бар. Алардын мына ошол мисалы Тооратта бар. Инжилде алардын мисалы бир эгинге окшойт: ал өз бүчүрүн чыгарат, анан аны бекемдейт; анан жоондонуп, өз сабагында бекем болуп калат; ал дыйкандарды кубандырат. Натыйжада, каапырлар андан ачууланышат. Алла алардын ичиндеги ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга кечирим жана үлкөн сыйлыкты убада кылган.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via