Курани карим Аали Имраан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

آل عِمرَان

Аали Имраан

Introduction
  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    3 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓمَّٓ ۙ﴿۲﴾
    3 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эң жакшы билүүчүмүн.
  • اللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۙ الۡحَیُّ الۡقَیُّوۡمُ ؕ﴿۳﴾
    3 : 3 Алла! Андан башка эч кандай кудай жок; дайыма тирүү (жана) бекем туруучу.
  • نَزَّلَ عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ وَ اَنۡزَلَ التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ ۙ﴿۴﴾
    3 : 4 Ал сага акыйкат менен өзүнүн алдыдагысын тастыктай турган Китеп түшүрдү. Ошондой эле Тоорат жана Инжилди (дагы) Анын Өзү түшүргөн –
  • مِنۡ قَبۡلُ ہُدًی لِّلنَّاسِ وَ اَنۡزَلَ الۡفُرۡقَانَ ۬ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ ذُو انۡتِقَامٍ ﴿۵﴾
    3 : 5 Мындан илгери адамдар үчүн хидаят катары. Фуркаанды (дагы) Анын Өзү түшүргөн. Албетте, Алланын аяттарын четке каккандарга катуу азап бар. Алла эң жеңүүчү (жана) өч алуучу.
  • اِنَّ اللّٰہَ لَا یَخۡفٰی عَلَیۡہِ شَیۡءٌ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فِی السَّمَآءِ ؕ﴿۶﴾
    3 : 6 Албетте, жерде же асманда кыпындай нерсе дагы Алладан жашыруун калбайт.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُصَوِّرُکُمۡ فِی الۡاَرۡحَامِ کَیۡفَ یَشَآءُ ؕ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۷﴾
    3 : 7 Ал гана силерге жатындарда Өзү каалагандай түр берет. Ал эң жеңүүчү (жана) акылмандык ээсинен башка эч кудай жок.
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ مِنۡہُ اٰیٰتٌ مُّحۡکَمٰتٌ ہُنَّ اُمُّ الۡکِتٰبِ وَ اُخَرُ مُتَشٰبِہٰتٌ ؕ فَاَمَّا الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ زَیۡغٌ فَیَتَّبِعُوۡنَ مَا تَشَابَہَ مِنۡہُ ابۡتِغَآءَ الۡفِتۡنَۃِ وَ ابۡتِغَآءَ تَاۡوِیۡلِہٖ ۚ؃ وَ مَا یَعۡلَمُ تَاۡوِیۡلَہٗۤ اِلَّا اللّٰہُ ۘؔ وَ الرّٰسِخُوۡنَ فِی الۡعِلۡمِ یَقُوۡلُوۡنَ اٰمَنَّا بِہٖ ۙ کُلٌّ مِّنۡ عِنۡدِ رَبِّنَا ۚ وَ مَا یَذَّکَّرُ اِلَّاۤ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿۸﴾
    3 : 8 Ал сага Китеп түшүрдү; анда бекем мааниге ээ болгон аяттар дагы бар – алар Китептин энеси. Түрдүү мааниге ээ болгон башка (аяттар дагы) бар. Демек, дилдеринде кыйшыктык барлар фитна-бүлүк тилеген бойдон ошол түрдүүчө чечмелөөгө мүмкүн болгон (аяттар)ды, анын (туура эмес) чечмесин издөө максатында ээрчишет. Чындыгында, анын нукура мазмунун Алладан жана билимди терең өздөштүргөндөрдөн бөлөк эч ким билбейт. Алар: «Биз буга ыйман келтирдик, (анын) баары Раббибиз тарабынан», - дешет. Акыл ээлеринен бөлөк эч ким ибарат албайт.
  • رَبَّنَا لَا تُزِغۡ قُلُوۡبَنَا بَعۡدَ اِذۡ ہَدَیۡتَنَا وَ ہَبۡ لَنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ رَحۡمَۃً ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡوَہَّابُ ﴿۹﴾
    3 : 9 «Эй, Раббибиз! Бизди хидаят кылганыңдан кийин дилдерибиздин кыйшайып кетүүсүнө жол бербегин жана Өз кашыңдан бизге рахмат бергин. Албетте, жалгыз Өзүң өтө көп тартуу кылуучусуң.
  • رَبَّنَاۤ اِنَّکَ جَامِعُ النَّاسِ لِیَوۡمٍ لَّا رَیۡبَ فِیۡہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُخۡلِفُ الۡمِیۡعَادَ ﴿۱۰﴾٪
    3 : 10 Эй, Раббибиз! Албетте, Сен сөзсүз келе турган күн үчүн баардык адамдарды чогултуучусуң. Албетте, Алла Өз убадасына каршы иш кылбайт».
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَنۡ تُغۡنِیَ عَنۡہُمۡ اَمۡوَالُہُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ شَیۡئًا ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمۡ وَقُوۡدُ النَّارِ ﴿ۙ۱۱﴾
    3 : 11 Каапырлык кылгандардын дүнүйө-мүлктөрү жана укум-тукумдары Аллага каршы аларга эч кандай жардам бере алышпайт. Мына ушулар оттун отуну (болот).
  • کَدَاۡبِ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ ۙ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ۚ فَاَخَذَہُمُ اللّٰہُ بِذُنُوۡبِہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۱۲﴾
    3 : 12 (Анын ахвалы) Фараондун коому жана алардан мурун өткөндөрдүн абалына окшойт. Алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты. Ошондуктан, Алла алардын күнөөлөрү үчүн аларды тутуп алды. Алла жазалоодо абдан катуу.
  • قُلۡ لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا سَتُغۡلَبُوۡنَ وَ تُحۡشَرُوۡنَ اِلٰی جَہَنَّمَ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمِہَادُ ﴿۱۳﴾
    3 : 13 Каапырлык кылгандарга айт: «Силер сөзсүз жеңилүүгө учурайсыңар жана тозокту көздөй топтолуп, алып барыласыңар. Ал эң жаман турак жайы».
  • قَدۡ کَانَ لَکُمۡ اٰیَۃٌ فِیۡ فِئَتَیۡنِ الۡتَقَتَا ؕ فِئَۃٌ تُقَاتِلُ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ اُخۡرٰی کَافِرَۃٌ یَّرَوۡنَہُمۡ مِّثۡلَیۡہِمۡ رَاۡیَ الۡعَیۡنِ ؕ وَ اللّٰہُ یُؤَیِّدُ بِنَصۡرِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَعِبۡرَۃً لِّاُولِی الۡاَبۡصَارِ ﴿۱۴﴾
    3 : 14 Албетте, бири-бири менен согушкан эки тайпада силер үчүн бир чоң аят-жышаан бар эле. Бир тайпа Алла жолунда уруш кылаар эле, экинчиси болсо, каапыр болгон. Алар ачык көзү менен алардын өздөрүнөн эки эсе көп экендигин көрүп турушкан. Алла Өзү каалаган кишиге Өзүнүн жардамы менен көмөктөшөт. Албетте, мында ой жүгүрткөндөр үчүн сөзсүз бир чоң ибарат бар.
  • زُیِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّہَوٰتِ مِنَ النِّسَآءِ وَ الۡبَنِیۡنَ وَ الۡقَنَاطِیۡرِ الۡمُقَنۡطَرَۃِ مِنَ الذَّہَبِ وَ الۡفِضَّۃِ وَ الۡخَیۡلِ الۡمُسَوَّمَۃِ وَ الۡاَنۡعَامِ وَ الۡحَرۡثِ ؕ ذٰلِکَ مَتَاعُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ اللّٰہُ عِنۡدَہٗ حُسۡنُ الۡمَاٰبِ ﴿۱۵﴾
    3 : 15 Адамдар үчүн табиятынан жактырыла турган нерселер — аялдар жана балдар, ошондой эле додо-додо алтын жана күмүш, өзгөчө эн коюлган аттар жана чарба малдары, ошондой эле эгиндердин сүйүүсү суктанаарлык кылып көрсөтүлдү. Булар дүйнөлүк жашоонун өтүп кетүүчү эмеректери. Алланын алдында болсо, эң сонун кайта турган жайы бар.
  • قُلۡ اَؤُنَبِّئُکُمۡ بِخَیۡرٍ مِّنۡ ذٰلِکُمۡ ؕ لِلَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا عِنۡدَ رَبِّہِمۡ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا وَ اَزۡوَاجٌ مُّطَہَّرَۃٌ وَّ رِضۡوَانٌ مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِالۡعِبَادِ ﴿ۚ۱۶﴾
    3 : 16 Айт: «Силерге булардан да жакшыраак нерсе туурасында кабар берейинби?» Алладан корккондор үчүн өздөрүнүн Раббисинин алдында ортосунда дайралар агып турган бактар бар. Алар ал (бак)тарда түбөлүккө калуучулар. Ошондой эле аруу жуптар жана Алла тарабынан ыраазылык бар. Алла пенделерди терең күзөтүүчү.
  • اَلَّذِیۡنَ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَاۤ اِنَّنَاۤ اٰمَنَّا فَاغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوۡبَنَا وَ قِنَا عَذَابَ النَّارِ ﴿ۚ۱۷﴾
    3 : 17 (Мына ушул нерселер:) «Эй, Раббибиз! Албетте, биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, күнөөлөрүбүздү кечиргин жана бизди от азабынан сактагын!» - дей тургандар (үчүн).
  • اَلصّٰبِرِیۡنَ وَ الصّٰدِقِیۡنَ وَ الۡقٰنِتِیۡنَ وَ الۡمُنۡفِقِیۡنَ وَ الۡمُسۡتَغۡفِرِیۡنَ بِالۡاَسۡحَارِ ﴿۱۸﴾
    3 : 18 (Мына ушул бактар) сабырдуулук кылуучулар, чынчылдар, моюн сунуучулар, (Алла жолунда) сарптай тургандар жана таң заарларда кечирим сурай тургандар (үчүн).
  • شَہِدَ اللّٰہُ اَنَّہٗ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۙ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ اُولُوا الۡعِلۡمِ قَآئِمًۢا بِالۡقِسۡطِ ؕ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ؕ﴿۱۹﴾
    3 : 19 Адилеттиктин үстүндө туруп: «Менден башка эч кандай теңир жок», - деп Алла күбөлүк берет. Ошондой эле периштелер дагы, илим ээлери дагы (мына ушундай күбөлүк беришет). Ал жеңүүчү (жана) акылмандык ээсинен башка эч кандай кудай жок.
  • اِنَّ الدِّیۡنَ عِنۡدَ اللّٰہِ الۡاِسۡلَامُ ۟ وَ مَا اخۡتَلَفَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَہُمُ الۡعِلۡمُ بَغۡیًۢا بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡفُرۡ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ فَاِنَّ اللّٰہَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۲۰﴾
    3 : 20 Албетте, Алланын алдында (акыйкат) дин – бир гана Ислам. Китеп берилгендер өздөрүнө билим келгенден кийин жалаң өз ара баш ийбестик кылган бойдон талаш-тартыш чыгарышты. Кимде-ким Алланын аяттарын четке какса, Алла албетте, эсеп-кысап (кылуу)да өтө тез.
  • فَاِنۡ حَآجُّوۡکَ فَقُلۡ اَسۡلَمۡتُ وَجۡہِیَ لِلّٰہِ وَ مَنِ اتَّبَعَنِ ؕ وَ قُلۡ لِّلَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ وَ الۡاُمِّیّٖنَ ءَاَسۡلَمۡتُمۡ ؕ فَاِنۡ اَسۡلَمُوۡا فَقَدِ اہۡتَدَوۡا ۚ وَ اِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّمَا عَلَیۡکَ الۡبَلٰغُ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِالۡعِبَادِ ﴿٪۲۱﴾
    3 : 21 Демек, эгер алар сени менен талашса, анда (мындай) айткын: «Мен көңүл-дитимди жалгыз Алланын ыраазычылыгына багыштап койдум. Жана мени ээрчигендер (дагы)». Китеп берилгендерге жана сабатсыздарга да айт: «Исламды кабыл кылдыңарбы?» Демек, эгер алар Исламды кабыл кылган болушса, анда албетте, алар хидаят табышты. Эгер алар жүз бурушса, анда сенин милдетиң – бир гана (кабар) жеткирүү. Алла пенделерди терең күзөтүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ یَقۡتُلُوۡنَ النَّبِیّٖنَ بِغَیۡرِ حَقٍّ ۙ وَّ یَقۡتُلُوۡنَ الَّذِیۡنَ یَاۡمُرُوۡنَ بِالۡقِسۡطِ مِنَ النَّاسِ ۙ فَبَشِّرۡہُمۡ بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۲۲﴾
    3 : 22 Албетте, Алланын аяттарын четке кага тургандар жана пайгамбарларга акысыз катуу каршылык көрсөтө тургандар, ошондой эле адамдардын арасындагы адилеттүүлүккө чакыра тургандарга да катуу каршылык кылгандар – аларга оор азап «куш кабарын» бер.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۫ وَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    3 : 23 Дүйнөдө да, акыретте да амалдары бекер кеткендер – мына ошолор. Аларга эч кандай жардамчылар болбойт.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ اُوۡتُوۡا نَصِیۡبًا مِّنَ الۡکِتٰبِ یُدۡعَوۡنَ اِلٰی کِتٰبِ اللّٰہِ لِیَحۡکُمَ بَیۡنَہُمۡ ثُمَّ یَتَوَلّٰی فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ وَ ہُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    3 : 24 Китептин бир бөлүгү берилгендерге назар таштап көргөн жоксуңбу? Ал (Аланын Китеби) алардын ортосунда чечим чыгарсын үчүн алар Алланын Китебине чакырылышат. Буга карабастан, алардын бир тайпасы жүз буруп кетет. Алар жүз буруучулар болушат.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَالُوۡا لَنۡ تَمَسَّنَا النَّارُ اِلَّاۤ اَیَّامًا مَّعۡدُوۡدٰتٍ ۪ وَ غَرَّہُمۡ فِیۡ دِیۡنِہِمۡ مَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    3 : 25 Алар: «Бизге саналуу күндөрдөн тышкары от тийбейт», - дегендиктери үчүн (алардын ахвалы ошондой). Өздөрү ойлоп чыгарган жалган нерселер алардын дини жөнүндө аларды алдап койду.
  • فَکَیۡفَ اِذَا جَمَعۡنٰہُمۡ لِیَوۡمٍ لَّا رَیۡبَ فِیۡہِ ۟ وَ وُفِّیَتۡ کُلُّ نَفۡسٍ مَّا کَسَبَتۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    3 : 26 Демек, келүүсүнө эч кандай шек-күмөн болбогон күнү үчүн Биз аларды чогултканда, алардын ахвалы кандай болоор экен? Ошондо ар бир жанга кылган амалдары үчүн толук акы берилет жана аларга эч зулумдук кылынбайт.
  • قُلِ اللّٰہُمَّ مٰلِکَ الۡمُلۡکِ تُؤۡتِی الۡمُلۡکَ مَنۡ تَشَآءُ وَ تَنۡزِعُ الۡمُلۡکَ مِمَّنۡ تَشَآءُ ۫ وَ تُعِزُّ مَنۡ تَشَآءُ وَ تُذِلُّ مَنۡ تَشَآءُ ؕ بِیَدِکَ الۡخَیۡرُ ؕ اِنَّکَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲۷﴾
    3 : 27 Айт: Эй, Алла, падышачылык Ээси! Сен каалаганыңа бийлик бересиң жана каалаганыңдан бийликти тартып аласың. Ошондой эле Сен каалаганыңды урматтуу кыласың жана каалаганыңды кор кыласың. Бүт бардык жакшылык болгону Сенин колуңда. Албетте, Сен каалаган ар бир нерсеге дайыма кудуреттүүсүң.
  • تُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ تُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ ۫ وَ تُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَ تُخۡرِجُ الۡمَیِّتَ مِنَ الۡحَیِّ ۫ وَ تَرۡزُقُ مَنۡ تَشَآءُ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۲۸﴾
    3 : 28 Сен түндү күндүзгө кийиресиң жана күндүздү түнгө кийиресиң. Ошондой эле өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Сен каалаган кишиңе эсеп-кысапсыз ырыскы бересиң.
  • لَا یَتَّخِذِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الۡکٰفِرِیۡنَ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ۚ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ فَلَیۡسَ مِنَ اللّٰہِ فِیۡ شَیۡءٍ اِلَّاۤ اَنۡ تَتَّقُوۡا مِنۡہُمۡ تُقٰٮۃً ؕ وَ یُحَذِّرُکُمُ اللّٰہُ نَفۡسَہٗ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۲۹﴾
    3 : 29 Момундар момундарды коюп, каапырлар менен достошпосун. Кимде-ким ушундай кылса, анын Алла менен эч кандай алакасы жок. Алардан бир гана сак болушуңар дурус. Алла силерди Өз (азабы)нан коркутат жана Аллага гана кайтуу бар.
  • قُلۡ اِنۡ تُخۡفُوۡا مَا فِیۡ صُدُوۡرِکُمۡ اَوۡ تُبۡدُوۡہُ یَعۡلَمۡہُ اللّٰہُ ؕ وَ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۳۰﴾
    3 : 30 Айт: «Силер көңүлдөрүңөрдөгү нерсени жашырсаңар же аны ачыкка чыгарсаңар, Алла аны билип алат. Ал асмандар жана жердеги бардык нерсени билет. Алла каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • یَوۡمَ تَجِدُ کُلُّ نَفۡسٍ مَّا عَمِلَتۡ مِنۡ خَیۡرٍ مُّحۡضَرًا ۚۖۛ وَّ مَا عَمِلَتۡ مِنۡ سُوۡٓءٍ ۚۛ تَوَدُّ لَوۡ اَنَّ بَیۡنَہَا وَ بَیۡنَہٗۤ اَمَدًۢا بَعِیۡدًا ؕ وَ یُحَذِّرُکُمُ اللّٰہُ نَفۡسَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ رَءُوۡفٌۢ بِالۡعِبَادِ ﴿٪۳۱﴾
    3 : 31 Ар бир жан өзү кылган бардык жакшы амалдарын жана өзү кылган бардык жаман амалдарын өзүнүн алдында көргөн күн(дөн сак болгула!) Ал өзү менен өзү кылган (жаман амалдарынын) арасында узак ыраактык болоорун каалайт. Алла силерди Өз (азабы)нан коркутат. Чынында, Алла пенделерге абдан мээримдүү.
  • قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ذُنُوۡبَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۳۲﴾
    3 : 32 Айт: «Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, (ошондо) Алла силерди сүйөт жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • قُلۡ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ الرَّسُوۡلَ ۚ فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    3 : 33 Айт: «Аллага жана Пайгамбарга баш ийгиле!» Эгер алар жүз бурушса, анда (билип койгула), Алла каапырларды жактырбайт.
  • اِنَّ اللّٰہَ اصۡطَفٰۤی اٰدَمَ وَ نُوۡحًا وَّ اٰلَ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اٰلَ عِمۡرٰنَ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۳۴﴾
    3 : 34 Албетте, Алла бүткүл ааламдардын ордуна Адам, Нух, Аали Ибраахийм жана Аали Имраанды тандап алды.
  • ذُرِّیَّۃًۢ بَعۡضُہَا مِنۡۢ بَعۡضٍ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۚ۳۵﴾
    3 : 35 Алардын айрымдары-айрымдарынын тукумунан. Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اِذۡ قَالَتِ امۡرَاَتُ عِمۡرٰنَ رَبِّ اِنِّیۡ نَذَرۡتُ لَکَ مَا فِیۡ بَطۡنِیۡ مُحَرَّرًا فَتَقَبَّلۡ مِنِّیۡ ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۳۶﴾
    3 : 36 Имраандын бир аялынын: «Эй, Раббим! Мен карынымдагыны (дүйнө камынан) азат кылган бойдон, албетте, Сага назир кылдым. Ошондуктан, (муну) менден кабыл кылгын! Албетте, жалгыз Өзүң эң жакшы угуучу (жана) билүүчүсүң!» - деген(ин эстегиле).
  • فَلَمَّا وَضَعَتۡہَا قَالَتۡ رَبِّ اِنِّیۡ وَضَعۡتُہَاۤ اُنۡثٰی ؕ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا وَضَعَتۡ ؕ وَ لَیۡسَ الذَّکَرُ کَالۡاُنۡثٰی ۚ وَ اِنِّیۡ سَمَّیۡتُہَا مَرۡیَمَ وَ اِنِّیۡۤ اُعِیۡذُہَا بِکَ وَ ذُرِّیَّتَہَا مِنَ الشَّیۡطٰنِ الرَّجِیۡمِ ﴿۳۷﴾
    3 : 37 Ошентип, аны төрөгөндөн кийин ал айтты: «Эй, Раббим! Мен кыз төрөдүм». Акыйкатта, Алла анын эмне төрөгөнүн жакшыраак билген. (Ал ойлогон) уул бала, (ал төрөгөн) кыз балага тең боло албайт. Ал – (Имраандын аялы) айтты: «Албетте, мен ага Марям деп ат койдум жана аны менен анын тукумун (Сенин алдыңдан) сүргүндөлүп куулган шайтандан Сенин паанаңа тапшырамын».
  • فَتَقَبَّلَہَا رَبُّہَا بِقَبُوۡلٍ حَسَنٍ وَّ اَنۡۢبَتَہَا نَبَاتًا حَسَنًا ۙ وَّ کَفَّلَہَا زَکَرِیَّا ۚؕ کُلَّمَا دَخَلَ عَلَیۡہَا زَکَرِیَّا الۡمِحۡرَابَ ۙ وَجَدَ عِنۡدَہَا رِزۡقًا ۚ قَالَ یٰمَرۡیَمُ اَنّٰی لَکِ ہٰذَا ؕ قَالَتۡ ہُوَ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَرۡزُقُ مَنۡ یَّشَآءُ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۳۸﴾
    3 : 38 Ошентип, анын Раббиси аны абдан жакшы кабыл алып, жакшы өстүрдү жана Закарияны ага көзөмөлчүсү кылды. Ар дайым Закария анын алдына – «Михраабга» киргенде, анын алдында кандайдыр бир ырыскыны көрчү. Ал айтты: «Эй, Марям! Бул сага кайдан келет?» Ал: «Бул – Алланын алдынан», - деп (жооп берди). Албетте, Алла Өзү каалаган кишиге эсеп-кысапсыз ырыскы берет.
  • ہُنَالِکَ دَعَا زَکَرِیَّا رَبَّہٗ ۚ قَالَ رَبِّ ہَبۡ لِیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ ذُرِّیَّۃً طَیِّبَۃً ۚ اِنَّکَ سَمِیۡعُ الدُّعَآءِ ﴿۳۹﴾
    3 : 39 Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып, мындай айтты: «Эй, Раббим! Мага Өзүңдөн пакиза тукум тартуулагын. Албетте, Сен дубаны угуучусуң».
  • فَنَادَتۡہُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ ہُوَ قَآئِمٌ یُّصَلِّیۡ فِی الۡمِحۡرَابِ ۙ اَنَّ اللّٰہَ یُبَشِّرُکَ بِیَحۡیٰی مُصَدِّقًۢا بِکَلِمَۃٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ سَیِّدًا وَّ حَصُوۡرًا وَّ نَبِیًّا مِّنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۴۰﴾
    3 : 40 Ошентип, ал «Михраабда» туруп, ибадат кылып жатканда, периштелер ага үн салышты: «Алла сага Яхйанын куш кабарын берет: ал Алланын бир улуу Сөзүн тастыктоочу болот. Ал жетекчи болот жана өзүн коргоочу жана саалихтерден – (жакшылардан) болгон пайгамбар болот».
  • قَالَ رَبِّ اَنّٰی یَکُوۡنُ لِیۡ غُلٰمٌ وَّ قَدۡ بَلَغَنِیَ الۡکِبَرُ وَ امۡرَاَتِیۡ عَاقِرٌ ؕ قَالَ کَذٰلِکَ اللّٰہُ یَفۡعَلُ مَا یَشَآءُ ﴿۴۱﴾
    3 : 41 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мен карыган жана аялым уруксуз болсо, кандайча менден уул болот?» Ал: «Мына ушундай, Алла каалаган ишти кылат», - деп жооп берди.
  • قَالَ رَبِّ اجۡعَلۡ لِّیۡۤ اٰیَۃً ؕ قَالَ اٰیَتُکَ اَلَّا تُکَلِّمَ النَّاسَ ثَلٰثَۃَ اَیَّامٍ اِلَّا رَمۡزًا ؕ وَ اذۡکُرۡ رَّبَّکَ کَثِیۡرًا وَّ سَبِّحۡ بِالۡعَشِیِّ وَ الۡاِبۡکَارِ ﴿٪۴۲﴾
    3 : 42 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мага бир белги дайындагын». Ал мындай деди: «Сага бериле турган белги: сен үч күн адамдар менен ишаарат аркылуу гана сүйлөшкүн. Ошондой эле Раббиңди көп-көп эске алгын жана кечкисин дагы, таңкысын дагы тасбийх айткын!»
  • وَ اِذۡ قَالَتِ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یٰمَرۡیَمُ اِنَّ اللّٰہَ اصۡطَفٰکِ وَ طَہَّرَکِ وَ اصۡطَفٰکِ عَلٰی نِسَآءِ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    3 : 43 (Эстегиле), качан периштелер айтышты: «Эй, Марям! Албетте, Алла сени тандап алды, сени тазалады жана сени бүткүл ааламдардын аялдарынан абзелирээк кылды.
  • یٰمَرۡیَمُ اقۡنُتِیۡ لِرَبِّکِ وَ اسۡجُدِیۡ وَ ارۡکَعِیۡ مَعَ الرّٰکِعِیۡنَ ﴿۴۴﴾
    3 : 44 Эй, Марям! Раббиңе моюн сунгун, сажда кылгын жана ийилүүчүлөр менен бирге ийилгин!»
  • ذٰلِکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ الۡغَیۡبِ نُوۡحِیۡہِ اِلَیۡکَ ؕ وَ مَا کُنۡتَ لَدَیۡہِمۡ اِذۡ یُلۡقُوۡنَ اَقۡلَامَہُمۡ اَیُّہُمۡ یَکۡفُلُ مَرۡیَمَ ۪ وَ مَا کُنۡتَ لَدَیۡہِمۡ اِذۡ یَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    3 : 45 Бул кайып кабарларынан, аны Биз сага вахий-аян кылуудабыз. Чынында, алардын арасынан кайсы бири Марямга көзөмөлчүсү болушу үчүн чүчү кулак кармашып жатышканда, сен алардын жанында болгон эмессиң жана (бул жөнүндө) алар бири-бири менен талашып жатышканда дагы сен алардын жанында болгон эмессиң.
  • اِذۡ قَالَتِ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یٰمَرۡیَمُ اِنَّ اللّٰہَ یُبَشِّرُکِ بِکَلِمَۃٍ مِّنۡہُ ٭ۖ اسۡمُہُ الۡمَسِیۡحُ عِیۡسَی ابۡنُ مَرۡیَمَ وَجِیۡہًا فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ وَ مِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾
    3 : 46 (Эстегиле), качан периштелер айтышты: «Эй, Марям! Албетте, Алла сага Өзүнөн бир таза Сөздүн куш кабарын берет: анын ысымы Масийх Иса Марям уулу болот. Дүйнөдө да, акыретте да абройлуу жана (Аллага) жакын болгондордон болот.
  • وَ یُکَلِّمُ النَّاسَ فِی الۡمَہۡدِ وَ کَہۡلًا وَّ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۴۷﴾
    3 : 47 Ал адамдарга бешикте дагы, орто жашта дагы сүйлөйт. Ал саалих-жакшы пенделерден болот.
  • قَالَتۡ رَبِّ اَنّٰی یَکُوۡنُ لِیۡ وَلَدٌ وَّ لَمۡ یَمۡسَسۡنِیۡ بَشَرٌ ؕ قَالَ کَذٰلِکِ اللّٰہُ یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ ؕ اِذَا قَضٰۤی اَمۡرًا فَاِنَّمَا یَقُوۡلُ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿۴۸﴾
    3 : 48 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мага эч бир адамзат кол тийгизбеген болсо, менде кандайча уул болот?» Ал айтты: «Ушундай! Алла Өзү каалаган нерсесин жаратат. Ал бир нерсени жаратууга чечим кылганда, ага: «Бол!» - дейт. Ошондо (ал нерсе) боло баштайт жана сөзсүз болуп калат.
  • وَ یُعَلِّمُہُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ التَّوۡرٰٮۃَ وَ الۡاِنۡجِیۡلَ ﴿ۚ۴۹﴾
    3 : 49 Ал ага Китеп жана хикмат-акылмандыкты, ошондой эле Тоорат жана Инжилди үйрөтөт.
  • وَ رَسُوۡلًا اِلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ۬ۙ اَنِّیۡ قَدۡ جِئۡتُکُمۡ بِاٰیَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ۙ اَنِّیۡۤ اَخۡلُقُ لَکُمۡ مِّنَ الطِّیۡنِ کَہَیۡـَٔۃِ الطَّیۡرِ فَاَنۡفُخُ فِیۡہِ فَیَکُوۡنُ طَیۡرًۢا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ۚ وَ اُبۡرِیٴُ الۡاَکۡمَہَ وَ الۡاَبۡرَصَ وَ اُحۡیِ الۡمَوۡتٰی بِاِذۡنِ اللّٰہِ ۚ وَ اُنَبِّئُکُمۡ بِمَا تَاۡکُلُوۡنَ وَ مَا تَدَّخِرُوۡنَ ۙ فِیۡ بُیُوۡتِکُمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۵۰﴾
    3 : 50 Ал Исрааийл балдарына пайгамбар болот (жана мындай дейт:) «Мен силерге Раббиңерден бир аят-белги келтирдим: мен силерге ылайдан куш кейпин жаратамын; анан аны үйлөймүн, ошондо Алланын буйругу менен ал (дароо) куш – (руханий куш) болуп калат; ошондой эле мен тубаса сокур жана ала оорууга чалдыкканды айыктырамын; жана мен Алланын амири менен (руханий) өлүктөрдү тирилтемин; ошондой эле мен эмнени жейсиңер жана эмнени үйлөрүңөргө сактайсыңар, андан силерге кабар беремин. Эгер ыйман келтирүүчү болсоңор, албетте, мында силер үчүн бир чоң аят-жышаан бар.
  • وَ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیَّ مِنَ التَّوۡرٰٮۃِ وَ لِاُحِلَّ لَکُمۡ بَعۡضَ الَّذِیۡ حُرِّمَ عَلَیۡکُمۡ وَ جِئۡتُکُمۡ بِاٰیَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ۟ فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۵۱﴾
    3 : 51 Жана силерге арам кылынган нерселердин айрымдарын силерге адал кылуу максатында Тоораттагы алдымда бар нерсени тастыктоочу катары келгенмин; мен силерге Раббиңерден бир (чоң) аят-жышаан келтирдим. Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле!
  • اِنَّ اللّٰہَ رَبِّیۡ وَ رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡہُ ؕ ہٰذَا صِرَاطٌ مُّسۡتَقِیۡمٌ ﴿۵۲﴾
    3 : 52 Албетте, Алла менин Раббим жана силердин Раббиңер; ошондуктан, Ага гана ибадат кылгыла; мына ушунун өзү туура жол».
  • فَلَمَّاۤ اَحَسَّ عِیۡسٰی مِنۡہُمُ الۡکُفۡرَ قَالَ مَنۡ اَنۡصَارِیۡۤ اِلَی اللّٰہِ ؕ قَالَ الۡحَوَارِیُّوۡنَ نَحۡنُ اَنۡصَارُ اللّٰہِ ۚ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ ۚ وَ اشۡہَدۡ بِاَنَّا مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    3 : 53 Ошентип, Иса алардын четке кагууга (ыктап турганын) сезгенде: «Алла тарапка (даават кылууда) мага кимдер жардамчы болушат?» - деп айтты. Шакирттер айтышты: «Биз Алланын жардамчыларыбыз. Биз Аллага ыйман келтиргенбиз. Сен биздин моюн сунуучу экенибизге күбө болгун!
  • رَبَّنَاۤ اٰمَنَّا بِمَاۤ اَنۡزَلۡتَ وَ اتَّبَعۡنَا الرَّسُوۡلَ فَاکۡتُبۡنَا مَعَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    3 : 54 Эй, Раббибиз! Сен түшүргөн нерсеге биз ыйман келтирдик жана биз пайгамбарды аркаладык. Ошондуктан, бизди (чындыкка) күбөлүк берүүчүлөрдүн катарына жазып койгун».
  • وَ مَکَرُوۡا وَ مَکَرَ اللّٰہُ ؕ وَ اللّٰہُ خَیۡرُ الۡمٰکِرِیۡنَ ﴿٪۵۵﴾
    3 : 55 Алар – (Масийхти четке кагуучулар дагы) бир амал кылышты, Алла дагы бир чара көрдү. Алла чара көрүүчүлөрдүн эң жакшысы.
  • اِذۡ قَالَ اللّٰہُ یٰعِیۡسٰۤی اِنِّیۡ مُتَوَفِّیۡکَ وَ رَافِعُکَ اِلَیَّ وَ مُطَہِّرُکَ مِنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ جَاعِلُ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡکَ فَوۡقَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ ۚ ثُمَّ اِلَیَّ مَرۡجِعُکُمۡ فَاَحۡکُمُ بَیۡنَکُمۡ فِیۡمَا کُنۡتُمۡ فِیۡہِ تَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    3 : 56 Алла мындай айткан(ын эстегиле:) «Эй, Иса! Албетте, Мен сени өлтүрүүчүмүн жана Өзүмө карай жогорулатуучумун жана каапыр болгондор(дун жалаалары)нан сени арылтуучумун, ошондой эле сени ээрчигендерди кыямат күнүнө чейин каапырлык кылгандардан өйдө коюучумун. Анан Мага гана кайтасыңар. (Ошондо) Мен араларыңарда силер талашып-тартышкан нерселер туурасында өкүм кыламын.
  • فَاَمَّا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَاُعَذِّبُہُمۡ عَذَابًا شَدِیۡدًا فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۫ وَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    3 : 57 Ал эми, каапыр болгондорго келсек, Мен аларга бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап беремин жана аларга эч кандай жардамчылар болбойт».
  • وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَیُوَفِّیۡہِمۡ اُجُوۡرَہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    3 : 58 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга болсо, Ал сыйлыктарын толук берет. Алла заалимдерди жактырбайт.
  • ذٰلِکَ نَتۡلُوۡہُ عَلَیۡکَ مِنَ الۡاٰیٰتِ وَ الذِّکۡرِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۵۹﴾
    3 : 59 Бул – аяттар жана акылман Зикирден Биз сага окуп бере турган нерсе.
  • اِنَّ مَثَلَ عِیۡسٰی عِنۡدَ اللّٰہِ کَمَثَلِ اٰدَمَ ؕ خَلَقَہٗ مِنۡ تُرَابٍ ثُمَّ قَالَ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿۶۰﴾
    3 : 60 Албетте, Алланын алдында Исанын мисалы кудум Адам мисалы сыяктуу. Ал аны топурактан жаратты, анан ага карата: «Бол!» - деди, ошондо ал боло баштады (жана болду).
  • اَلۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ فَلَا تَکُنۡ مِّنَ الۡمُمۡتَرِیۡنَ ﴿۶۱﴾
    3 : 61 (Бул албетте), Раббиң тарабынан акыйкат. Ошондуктан, шек кылуучулардан болбо!
  • فَمَنۡ حَآجَّکَ فِیۡہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَکَ مِنَ الۡعِلۡمِ فَقُلۡ تَعَالَوۡا نَدۡعُ اَبۡنَآءَنَا وَ اَبۡنَآءَکُمۡ وَ نِسَآءَنَا وَ نِسَآءَکُمۡ وَ اَنۡفُسَنَا وَ اَنۡفُسَکُمۡ ۟ ثُمَّ نَبۡتَہِلۡ فَنَجۡعَلۡ لَّعۡنَتَ اللّٰہِ عَلَی الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۶۲﴾
    3 : 62 Эми, сага билим келгенден кийин (дагы) бул жөнүндө кимде-ким сени менен талашса, (ага) айт: «Келгиле, биз уулдарыбызды да, силердин уулдарыңарды да жана аялдарыбызды да, силердин аялдарыңарды да, ошондой эле өзүбүздү да, өзүңөрдү да чакыралы! Анан: «Жалганчыларга Алланын каргышы болсун!» - деп өтүнүп жалбаралы».
  • اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡقَصَصُ الۡحَقُّ ۚ وَ مَا مِنۡ اِلٰہٍ اِلَّا اللّٰہُ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۶۳﴾
    3 : 63 Албетте, мына ушул акыйкат баян. Алладан бөлөк эч кандай кудай жок. Албетте, Алла жеңүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِالۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿٪۶۴﴾
    3 : 64 Анан, эгер алар жүз бурушса, анда (билип койгула), албетте, Алла бүлүк салуучуларды жакшы билет.
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ تَعَالَوۡا اِلٰی کَلِمَۃٍ سَوَآءٍۢ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکُمۡ اَلَّا نَعۡبُدَ اِلَّا اللّٰہَ وَ لَا نُشۡرِکَ بِہٖ شَیۡئًا وَّ لَا یَتَّخِذَ بَعۡضُنَا بَعۡضًا اَرۡبَابًا مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَقُوۡلُوا اشۡہَدُوۡا بِاَنَّا مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    3 : 65 Айт: «Эй, Китеп ээлери! Биз менен силердин араңардагы «биз Алладан башка эч нерсеге ибадат кылбайбыз жана эч нерсени Ага теңештирбейбиз, ошондой эле араларыбыздан эч ким Алладан башка бирөөнү Рабби кылып албайт» - деген окшош сөзгө келгиле». Анан, эгер алар жүз бурушса, анда: «Күбө болгула, албетте, биз мусулманбыз», - деп айткыла.
  • یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لِمَ تُحَآجُّوۡنَ فِیۡۤ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَتِ التَّوۡرٰٮۃُ وَ الۡاِنۡجِیۡلُ اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    3 : 66 Эй, Китеп ээлери! Эмнеге Ибраахийм туурасында талашасыңар? Акыры, Тоорат дагы, Инжил дагы, андан кийин түшүрүлгөн го! Демек, ой жүгүртпөйсүңөрбү?
  • ہٰۤاَنۡتُمۡ ہٰۤؤُلَآءِ حَاجَجۡتُمۡ فِیۡمَا لَکُمۡ بِہٖ عِلۡمٌ فَلِمَ تُحَآجُّوۡنَ فِیۡمَا لَیۡسَ لَکُمۡ بِہٖ عِلۡمٌ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    3 : 67 Карагыла! Силер өзүңөр билген нерселер туурасында талаша турган кишилерсиңер. Андай болсо, эмнеге өзүңөр такыр билбеген нерселер туурасында талашасыңар? Алла билет, а силер билбейсиңер.
  • مَا کَانَ اِبۡرٰہِیۡمُ یَہُوۡدِیًّا وَّ لَا نَصۡرَانِیًّا وَّ لٰکِنۡ کَانَ حَنِیۡفًا مُّسۡلِمًا ؕ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۶۸﴾
    3 : 68 Ибраахийм жөөт дагы, христиан дагы болгон эмес. Тескерисинче, ал дайыма Аллага таазим кылуучу жана баш ийүүчү болгон. Ал эч качан мушриктерден болгон эмес.
  • اِنَّ اَوۡلَی النَّاسِ بِاِبۡرٰہِیۡمَ لَلَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡہُ وَ ہٰذَا النَّبِیُّ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ وَلِیُّ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    3 : 69 Албетте, Ибраахиймге эң жакын адамдар – аны ээрчигендер, ушул Пайгамбар жана ага ыйман келтиргендер. Алла момундардын досу.
  • وَدَّتۡ طَّآئِفَۃٌ مِّنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ لَوۡ یُضِلُّوۡنَکُمۡ ؕ وَ مَا یُضِلُّوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    3 : 70 Китеп ээлеринин бир тайпасы силерди адаштырууну абдан каалайт. Бирок, алар бир гана өздөрүн адаштыра алат. Алар муну түшүнүшпөйт.
  • یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لِمَ تَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ اَنۡتُمۡ تَشۡہَدُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    3 : 71 «Эй, Китеп ээлери! Силер көрүп туруп, эмнеге Алланын аят-белгилерин жалганга чыгарасыңар?»
  • یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لِمَ تَلۡبِسُوۡنَ الۡحَقَّ بِالۡبَاطِلِ وَ تَکۡتُمُوۡنَ الۡحَقَّ وَ اَنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿٪۷۲﴾
    3 : 72 «Эй, Китеп ээлери! Силер билип туруп, эмнеге чындыкты жалганга аралаштырасыңар жана акыйкатты жашырасыңар?»
  • وَ قَالَتۡ طَّآئِفَۃٌ مِّنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ اٰمِنُوۡا بِالَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ عَلَی الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَجۡہَ النَّہَارِ وَ اکۡفُرُوۡۤا اٰخِرَہٗ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿ۚۖ۷۳﴾
    3 : 73 Китеп ээлеринин бир тайпасы айтты: «Күндүн биринчи бөлүгүндө момундарга түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиргиле жана анын акырында аны четке каккыла, балким алар дагы кайтышаар.
  • وَ لَا تُؤۡمِنُوۡۤا اِلَّا لِمَنۡ تَبِعَ دِیۡنَکُمۡ ؕ قُلۡ اِنَّ الۡہُدٰی ہُدَی اللّٰہِ ۙ اَنۡ یُّؤۡتٰۤی اَحَدٌ مِّثۡلَ مَاۤ اُوۡتِیۡتُمۡ اَوۡ یُحَآجُّوۡکُمۡ عِنۡدَ رَبِّکُمۡ ؕ قُلۡ اِنَّ الۡفَضۡلَ بِیَدِ اللّٰہِ ۚ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۚۙ۷۴﴾
    3 : 74 Жана өзүңөрдүн диниңерди жолдогондордон бөлөк эч кимдин сөзүнө ишенбегиле». Айт: «Албетте, чыныгы хидаят – Алланын хидаяты. Силерге берилген нерсеге окшош нерсе башкаларга да берилиши (шарт эмес) же (эгер ал берилбесе), (анда) алар силер менен Раббиңердин алдында талашууга (акылуу болуп калышабы)?» Айт: «Албетте, (бардык) берешендик Алланын колунда. Ал аны Өзү каалаганына берет. Алла өтө көп кеңчилик тартуулоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • یَّخۡتَصُّ بِرَحۡمَتِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۷۵﴾
    3 : 75 Ал Өзүнүн рахматына Өзү каалаган пендесин тандайт. Алла үлкөн берешендик ээси.
  • وَ مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ مَنۡ اِنۡ تَاۡمَنۡہُ بِقِنۡطَارٍ یُّؤَدِّہٖۤ اِلَیۡکَ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ اِنۡ تَاۡمَنۡہُ بِدِیۡنَارٍ لَّا یُؤَدِّہٖۤ اِلَیۡکَ اِلَّا مَادُمۡتَ عَلَیۡہِ قَآئِمًا ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَالُوۡا لَیۡسَ عَلَیۡنَا فِی الۡاُمِّیّٖنَ سَبِیۡلٌ ۚ وَ یَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    3 : 76 Китеп ээлеринин арасында ушундай киши да бар: эгер сен ага чексиз-эсепсиз дүнүйө-мүлктү аманатка койсоң, аны албетте, сага кайтарат; ошондой эле алардын арасында ушундай бирөө да бар: эгер сен ага бир динар берсең да, сен үстүнөн күзөтүп турмайынча, аны сага кайтарбайт. Мунун себеби, алар: «Биз «Уммий» — (сабатсыз)дар туурасында жоопкерчиликке тартылбайбыз», - деп айтышат. Алар билип туруп, Аллага каршы жалган сүйлөшөт.
  • بَلٰی مَنۡ اَوۡفٰی بِعَہۡدِہٖ وَ اتَّقٰی فَاِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۷۷﴾
    3 : 77 Ооба, албетте, ким өз убадасына турса жана такыба болсо, (ал такыбалуу). Алла такыбаларды сүйүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَشۡتَرُوۡنَ بِعَہۡدِ اللّٰہِ وَ اَیۡمَانِہِمۡ ثَمَنًا قَلِیۡلًا اُولٰٓئِکَ لَا خَلَاقَ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ وَ لَا یُکَلِّمُہُمُ اللّٰہُ وَ لَا یَنۡظُرُ اِلَیۡہِمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وَ لَا یُزَکِّیۡہِمۡ ۪ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۷۸﴾
    3 : 78 Албетте, Алланын убадаларын жана өздөрүнүн касамдарын арзыбас наркка сата тургандар – мына ошолор үчүн акыретте эч кандай үлүш болбойт. Алла алар менен сүйлөшпөйт, кыямат күнү аларга карабайт жана аларды тазалабайт. Алар үчүн оор азап бар.
  • وَ اِنَّ مِنۡہُمۡ لَفَرِیۡقًا یَّلۡوٗنَ اَلۡسِنَتَہُمۡ بِالۡکِتٰبِ لِتَحۡسَبُوۡہُ مِنَ الۡکِتٰبِ وَ مَا ہُوَ مِنَ الۡکِتٰبِ ۚ وَ یَقُوۡلُوۡنَ ہُوَ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ وَ مَا ہُوَ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ۚ وَ یَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷۹﴾
    3 : 79 Албетте, алар – (Китеп ээлеринин) арасында ушундай бир тайпа да бар: ошол сөз Китептен болбосо да, силер аны «Китептен (болсо керек)», - деп ойлошуңар үчүн алар Китепти окуп жатканда, тилдерин буруп коюшат. Алар: «Бул – Алладан», - дешет, чынында, ал Алладан эмес. Алар билип туруп, Алла жөнүндө калп сүйлөшөт.
  • مَا کَانَ لِبَشَرٍ اَنۡ یُّؤۡتِیَہُ اللّٰہُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحُکۡمَ وَ النُّبُوَّۃَ ثُمَّ یَقُوۡلَ لِلنَّاسِ کُوۡنُوۡا عِبَادًا لِّیۡ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ لٰکِنۡ کُوۡنُوۡا رَبّٰنِیّٖنَ بِمَا کُنۡتُمۡ تُعَلِّمُوۡنَ الۡکِتٰبَ وَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَدۡرُسُوۡنَ ﴿ۙ۸۰﴾
    3 : 80 Алла Китеп, хикмат-акылмандык жана пайгамбарлык берген инсандын адамдарга карата: «Алланы коюп, мага ибадат кылуучу болгула!» - деп айтышы эч мүмкүн эмес. Тескерисинче, (ал:) «Алланын пенделери болгула, анткени силер Китепти үйрөтөсүңөр жана (аны) окуйсуңар», - (деп айтат).
  • وَ لَا یَاۡمُرَکُمۡ اَنۡ تَتَّخِذُوا الۡمَلٰٓئِکَۃَ وَ النَّبِیّٖنَ اَرۡبَابًا ؕ اَیَاۡمُرُکُمۡ بِالۡکُفۡرِ بَعۡدَ اِذۡ اَنۡتُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿٪۸۱﴾
    3 : 81 Ошондой эле ал: «Периштелер жана пайгамбарларды Рабби кылып алгыла», - деп да силерге буюра албайт. Баш ийүүчү болгонуңардан кийин ал силерди каапырлыкка буюрабы?
  • وَ اِذۡ اَخَذَ اللّٰہُ مِیۡثَاقَ النَّبِیّٖنَ لَمَاۤ اٰتَیۡتُکُمۡ مِّنۡ کِتٰبٍ وَّ حِکۡمَۃٍ ثُمَّ جَآءَکُمۡ رَسُوۡلٌ مُّصَدِّقٌ لِّمَا مَعَکُمۡ لَتُؤۡمِنُنَّ بِہٖ وَ لَتَنۡصُرُنَّہٗ ؕ قَالَ ءَاَقۡرَرۡتُمۡ وَ اَخَذۡتُمۡ عَلٰی ذٰلِکُمۡ اِصۡرِیۡ ؕ قَالُوۡۤا اَقۡرَرۡنَا ؕ قَالَ فَاشۡہَدُوۡا وَ اَنَا مَعَکُمۡ مِّنَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    3 : 82 (Эстегиле), качан Алла: «Мен силерге Китеп жана хикмат-акылмандык берген болсом, анан силерге өзүңөрдөгү бар нерсени тастыктоочу бир пайгамбар келсе, силер албетте, ага ыйман келтиресиңер жана албетте, ага жардам бересиңер», - деп пайгамбарлардын ант-убадасын алган. Ал айтты: «Макул болосуңарбы жана бул (маселе)де Мени менен убадалашасыңарбы?» Алар: «(Ооба!) Биз макулбуз», - деп айтышты. Ал айтты: «Демек, күбөлүк бергиле жана Мен дагы силер менен бирге күбөмүн».
  • فَمَنۡ تَوَلّٰی بَعۡدَ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۸۳﴾
    3 : 83 Демек, ушундан кийин кимде-ким жүз бурса, мына ошолор бузукулар.
  • اَفَغَیۡرَ دِیۡنِ اللّٰہِ یَبۡغُوۡنَ وَ لَہٗۤ اَسۡلَمَ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ طَوۡعًا وَّ کَرۡہًا وَّ اِلَیۡہِ یُرۡجَعُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    3 : 84 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер, мейли кааласа, мейли каалабаса, Ага моюн сунган болсо, алар Алланын дининен башка бир нерсени каалашабы? Алар Анын Өзүнө гана кайтарылат.
  • قُلۡ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡنَا وَ مَاۤ اُنۡزِلَ عَلٰۤی اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ وَ الۡاَسۡبَاطِ وَ مَاۤ اُوۡتِیَ مُوۡسٰی وَ عِیۡسٰی وَ النَّبِیُّوۡنَ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ۪ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ اَحَدٍ مِّنۡہُمۡ ۫ وَ نَحۡنُ لَہٗ مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    3 : 85 Айт: «Биз Аллага жана өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге, ошондой эле Ибраахиймге, Исмааийлге, Исхаакка, Яъкуубга жана (анын) насилдерине түшүрүлгөн нерсеге, ошондой эле Раббиси тарабынан Муса, Иса жана (башка) пайгамбарларга берилген нерсеге ыйман келтирдик. Биз алардын бирин дагы ажыратпайбыз жана биз Анын Өзүнө гана моюн сунуучубуз».
  • وَ مَنۡ یَّبۡتَغِ غَیۡرَ الۡاِسۡلَامِ دِیۡنًا فَلَنۡ یُّقۡبَلَ مِنۡہُ ۚ وَ ہُوَ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۸۶﴾
    3 : 86 Кимде-ким Исламдан башка динди жактырса, андан эч кабыл алынбайт жана акыретте ал зыян көрүүчүлөрдөн болот.
  • کَیۡفَ یَہۡدِی اللّٰہُ قَوۡمًا کَفَرُوۡا بَعۡدَ اِیۡمَانِہِمۡ وَ شَہِدُوۡۤا اَنَّ الرَّسُوۡلَ حَقٌّ وَّ جَآءَہُمُ الۡبَیِّنٰتُ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۸۷﴾
    3 : 87 Ыйман келтирип, бул Пайгамбардын акыйкат экенине күбөлүк берген жана өздөрүнө ачык-айкын далилдер келгенден кийин каапыр болгон коомду Алла кандайча туура жолго салат? Алла заалим коомду туура жолго салбайт.
  • اُولٰٓئِکَ جَزَآؤُہُمۡ اَنَّ عَلَیۡہِمۡ لَعۡنَۃَ اللّٰہِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ وَ النَّاسِ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۸۸﴾
    3 : 88 Мындайлардын жазасы: алардын үстүндө Алланын, периштелердин жана бардык кишилердин каргышы бар –
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ۚ لَا یُخَفَّفُ عَنۡہُمُ الۡعَذَابُ وَ لَا ہُمۡ یُنۡظَرُوۡنَ ﴿ۙ۸۹﴾
    3 : 89 Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар. Алардан азап жеңилдештирилбейт жана аларга эч мөөнөт берилбейт –
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ تَابُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ وَ اَصۡلَحُوۡا ۟ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۹۰﴾
    3 : 90 (Ооба), мындан кийин тобо кылып, өздөрүн оңдогондор болсо, анда башка кеп. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بَعۡدَ اِیۡمَانِہِمۡ ثُمَّ ازۡدَادُوۡا کُفۡرًا لَّنۡ تُقۡبَلَ تَوۡبَتُہُمۡ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الضَّآلُّوۡنَ ﴿۹۱﴾
    3 : 91 Албетте, ыйман келтирип, анан каапыр болгондор, кийин каапырлыктарын арттыргандар – алардын тобосу эч кабыл алынбайт. Мына ошолор гана адашкандар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ مَاتُوۡا وَ ہُمۡ کُفَّارٌ فَلَنۡ یُّقۡبَلَ مِنۡ اَحَدِہِمۡ مِّلۡءُ الۡاَرۡضِ ذَہَبًا وَّلَوِ افۡتَدٰی بِہٖ ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ وَّ مَا لَہُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿٪۹۲﴾
    3 : 92 Албетте, каапыр болгондор жана каапыр бойдон өлгөндөр – алардын бирисинен дагы, ал жерчелик алтынды фидя катары берсе да, эч кабыл алынбайт. Мына ошолорго гана оор азап бар. Аларга эч кандай жардамчылар болбойт.
  • لَنۡ تَنَالُوا الۡبِرَّ حَتّٰی تُنۡفِقُوۡا مِمَّا تُحِبُّوۡنَ ۬ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡا مِنۡ شَیۡءٍ فَاِنَّ اللّٰہَ بِہٖ عَلِیۡمٌ ﴿۹۳﴾
    3 : 93 Силер өзүңөр жакшы көргөн нерселериңерден сарптамайынча, эч жакшылыкка жетише албайсыңар. Силер сарптай турган бардык нерселериңерди Алла абдан жакшы билет.
  • کُلُّ الطَّعَامِ کَانَ حِلًّا لِّبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اِلَّا مَا حَرَّمَ اِسۡرَآءِیۡلُ عَلٰی نَفۡسِہٖ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تُنَزَّلَ التَّوۡرٰٮۃُ ؕ قُلۡ فَاۡتُوۡا بِالتَّوۡرٰٮۃِ فَاتۡلُوۡہَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۹۴﴾
    3 : 94 Тоорат түшүрүлө электе Иcрааийл – (Азирети Яъкууб) өзүнө арам деп билген тамактардан башка бардык тамактар Исрааийл балдарына адал болчу. Айт: «Эгер чынчыл болсоңор, Тооратты алып келип, аны окуп (көргүлөчү!)»
  • فَمَنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ الۡکَذِبَ مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۹۵﴾؃
    3 : 95 Демек, ким ушундан кийин да Аллага жалаа жапса, мына ошолор гана заалимдер.
  • قُلۡ صَدَقَ اللّٰہُ ۟ فَاتَّبِعُوۡا مِلَّۃَ اِبۡرٰہِیۡمَ حَنِیۡفًا ؕ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۹۶﴾
    3 : 96 Айт: «Алла туура сүйлөдү. Ошондуктан, дайыма (Аллага) бой сунган Ибраахиймдин динин ээрчигиле. Ал мушриктерден эмес эле».
  • اِنَّ اَوَّلَ بَیۡتٍ وُّضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِیۡ بِبَکَّۃَ مُبٰرَکًا وَّ ہُدًی لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۚ۹۷﴾
    3 : 97 Албетте, адамдар(дын пайдасы) үчүн курулган биринчи үй – Баккадагы Үй. (Ал) бүткүл ааламдар үчүн куттуу жана хидаят катары курулган.
  • فِیۡہِ اٰیٰتٌۢ بَیِّنٰتٌ مَّقَامُ اِبۡرٰہِیۡمَ ۬ۚ وَ مَنۡ دَخَلَہٗ کَانَ اٰمِنًا ؕ وَ لِلّٰہِ عَلَی النَّاسِ حِجُّ الۡبَیۡتِ مَنِ اسۡتَطَاعَ اِلَیۡہِ سَبِیۡلًا ؕ وَ مَنۡ کَفَرَ فَاِنَّ اللّٰہَ غَنِیٌّ عَنِ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۹۸﴾
    3 : 98 Анда ачык-айкын аят-белгилер — Ибраахиймдин орду бар. Ким ага кирсе, аманчылыкка жетишет. (Бул) Үйгө барууга күчү жеткен кишилер үчүн ажылык кылуу – Алла тарабынан парыз-милдет. Ким четке какса, (ырас), албетте, Алла бүткүл ааламдардан бейкажет.
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لِمَ تَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ٭ۖ وَ اللّٰہُ شَہِیۡدٌ عَلٰی مَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۹﴾
    3 : 99 (Аларга) айт: «Эй, Китеп ээлери! Эмнеге Алланын аяттарын четке кагасыңар, акыры Алла кылып жаткан иштериңерге күбө го?»
  • قُلۡ یٰۤاَہۡلَ الۡکِتٰبِ لِمَ تَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ مَنۡ اٰمَنَ تَبۡغُوۡنَہَا عِوَجًا وَّ اَنۡتُمۡ شُہَدَآءُ ؕ وَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    3 : 100 Айт: «Эй, Китеп ээлери! Силер (акыйкатка) күбө болуп туруп, эмнеге ыйман келтирген кишини Алланын жолунан, ошол (жол)до кыйшыктыкты чыгаруу максатында тососуңар? Алла кылып жаткан амалдарыңардан кабарсыз эмес».
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنۡ تُطِیۡعُوۡا فَرِیۡقًا مِّنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ یَرُدُّوۡکُمۡ بَعۡدَ اِیۡمَانِکُمۡ کٰفِرِیۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    3 : 101 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер Китеп берилгендердин кандайдыр бир тайпасына моюн сунсаңар, алар ыйман келтиргениңерден кийин силерди (кайрадан) каапыр кылып коюшат.
  • وَ کَیۡفَ تَکۡفُرُوۡنَ وَ اَنۡتُمۡ تُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتُ اللّٰہِ وَ فِیۡکُمۡ رَسُوۡلُہٗ ؕ وَ مَنۡ یَّعۡتَصِمۡ بِاللّٰہِ فَقَدۡ ہُدِیَ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۱۰۲﴾٪
    3 : 102 Алланын аяттары силерге окулуп жаткандан кийин жана Анын Пайгамбары араңарда (бар) болгондон кийин силер кандайча каапырлык кыла аласыңар? Ким Алланы бекем тутса, ал туура жолго хидаят кылынды.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ حَقَّ تُقٰتِہٖ وَ لَا تَمُوۡتُنَّ اِلَّا وَ اَنۡتُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    3 : 103 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан, Андан коркуш керек болгондой корккула жана силер толук бойдон моюн сунуучу болмоюнча өлбөгүлө!
  • وَ اعۡتَصِمُوۡا بِحَبۡلِ اللّٰہِ جَمِیۡعًا وَّ لَا تَفَرَّقُوۡا ۪ وَ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ اِذۡ کُنۡتُمۡ اَعۡدَآءً فَاَلَّفَ بَیۡنَ قُلُوۡبِکُمۡ فَاَصۡبَحۡتُمۡ بِنِعۡمَتِہٖۤ اِخۡوَانًا ۚ وَ کُنۡتُمۡ عَلٰی شَفَا حُفۡرَۃٍ مِّنَ النَّارِ فَاَنۡقَذَکُمۡ مِّنۡہَا ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اٰیٰتِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۰۴﴾
    3 : 104 Ошондой эле баарыңар Алланын жибин бекем кармагыла жана бөлүнүп кетпегиле. Жана Алланын өзүңөргө көрсөткөн нээматын эстегиле: силер өз ара душман болгонуңарда, Ал силердин жүрөктөрүңөрдү бири-бирине байлап койду, анан Анын нээматы менен силер бир тууган болуп калдыңар. Силер оттуу жардын жакасында (турган) элеңер, Ал силерди андан куткарып калды. Силер туура жолду табууңар үчүн, Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай ачык-айкын баян кылат.
  • وَلۡتَکُنۡ مِّنۡکُمۡ اُمَّۃٌ یَّدۡعُوۡنَ اِلَی الۡخَیۡرِ وَ یَاۡمُرُوۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ یَنۡہَوۡنَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۰۵﴾
    3 : 105 Араңардан жакшылыкка чакыра турган, изги иштерге буюра турган жана жамандыктардан кайтара турган бир жамаат болушу керек. Мына ошолор гана ийгилик табуучулар.
  • وَ لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ تَفَرَّقُوۡا وَ اخۡتَلَفُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَہُمُ الۡبَیِّنٰتُ ؕ وَ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۰۶﴾ۙ
    3 : 106 Өздөрүнө ачык аят-жышаандар келгенден кийин бөлүнүп кеткен жана (өз ара) карама-каршылык чыгаргандардай болбогула. Мына ошолорго гана үлкөн азап бар.
  • یَّوۡمَ تَبۡیَضُّ وُجُوۡہٌ وَّ تَسۡوَدُّ وُجُوۡہٌ ۚ فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اسۡوَدَّتۡ وُجُوۡہُہُمۡ ۟ اَکَفَرۡتُمۡ بَعۡدَ اِیۡمَانِکُمۡ فَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡفُرُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    3 : 107 Ал күнү айрым жүздөр жарык, а айрым жүздөр кара болуп калат. Ошондо, жүздөрү кара болгондор(го айтылат:) «Силер ыйман келтиргениңерден кийин каапыр болгон белеңер? Демек, каапырлык кылганыңар үчүн азапты татып көргүлө!»
  • وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ ابۡیَضَّتۡ وُجُوۡہُہُمۡ فَفِیۡ رَحۡمَۃِ اللّٰہِ ؕ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    3 : 108 Жүздөрү жарык болгон кишилер болсо, алар Алланын рахматында болушат. Алар анда түбөлүк калуучулар.
  • تِلۡکَ اٰیٰتُ اللّٰہِ نَتۡلُوۡہَا عَلَیۡکَ بِالۡحَقِّ ؕ وَ مَا اللّٰہُ یُرِیۡدُ ظُلۡمًا لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    3 : 109 Булар Алланын аяттары. Биз аларды сенин алдыңда чындык менен окуйбуз. Алла ааламдарга эч кандай зулумдукту каалабайт.
  • وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿۱۱۰﴾٪
    3 : 110 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Алланыкы. Бардык иштер Аллага гана кайтарылат.
  • کُنۡتُمۡ خَیۡرَ اُمَّۃٍ اُخۡرِجَتۡ لِلنَّاسِ تَاۡمُرُوۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ تَنۡہَوۡنَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ ؕ وَ لَوۡ اٰمَنَ اَہۡلُ الۡکِتٰبِ لَکَانَ خَیۡرًا لَّہُمۡ ؕ مِنۡہُمُ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ وَ اَکۡثَرُہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    3 : 111 Силер бардык адамдардын пайдасы үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Силер изги иштерге буюрасыңар, жамандыктардан кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер. Эгер Китеп ээлери дагы ыйман келтиришкенде, бул өздөрү үчүн албетте, жакшы болмок. Алардын арасында момундар дагы бар, бирок алардын көпчүлүгү фасыктар.
  • لَنۡ یَّضُرُّوۡکُمۡ اِلَّاۤ اَذًی ؕ وَ اِنۡ یُّقَاتِلُوۡکُمۡ یُوَلُّوۡکُمُ الۡاَدۡبَارَ ۟ ثُمَّ لَا یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    3 : 112 Алар силерге бир аздан башка эч зыян келтире алышпайт. Эгер алар силер менен согушса, албетте, аркаларына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт.
  • ضُرِبَتۡ عَلَیۡہِمُ الذِّلَّۃُ اَیۡنَ مَا ثُقِفُوۡۤا اِلَّا بِحَبۡلٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ حَبۡلٍ مِّنَ النَّاسِ وَ بَآءُوۡ بِغَضَبٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ ضُرِبَتۡ عَلَیۡہِمُ الۡمَسۡکَنَۃُ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ یَقۡتُلُوۡنَ الۡاَنۡۢبِیَآءَ بِغَیۡرِ حَقٍّ ؕ ذٰلِکَ بِمَا عَصَوۡا وَّ کَانُوۡا یَعۡتَدُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾٭
    3 : 113 Табылган жерлеринде аларга кордук урулду. Алла жана адамдардын убадасы(нын паанасы)нда болгон кишилер буга киришпейт. Алар Алланын каары менен кайтышты жана аларга жардылык жазылып коюлду. Себеби, алар Алланын аят-белгилерин четке кагышчу жана пайгамбарларга акысыз катуу каршылык кылышчу. Анткени, алар ээн баштык кылышты жана чектен ашаар эле.
  • لَیۡسُوۡا سَوَآءً ؕ مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ اُمَّۃٌ قَآئِمَۃٌ یَّتۡلُوۡنَ اٰیٰتِ اللّٰہِ اٰنَآءَ الَّیۡلِ وَ ہُمۡ یَسۡجُدُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    3 : 114 Алардын бардыгы бир кыл эмес. Китеп ээлеринин арасында (өз көз карашында) бекем турган бир жамаат бар. Алар түнкүсүндө Алланын аяттарын окушат жана сажда кылып турган болушат.
  • یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ یَاۡمُرُوۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ یَنۡہَوۡنَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ یُسَارِعُوۡنَ فِی الۡخَیۡرٰتِ ؕ وَ اُولٰٓئِکَ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾
    3 : 115 Алар Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтиришет, ошондой эле жакшылыктарга буюрушат жана жамандыктардан кайтарышат. Алар жакшы иштер боюнча бири-биринен озууга аракет кылышат. Мына ошолор саалих-жакшылардан болушат.
  • وَ مَا یَفۡعَلُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ فَلَنۡ یُّکۡفَرُوۡہُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۱۶﴾
    3 : 116 Алар кандай гана жакшылык кылбасын, ал жөнүндө аларга эч шүкүрсүздүк кылынбайт. Алла такыбаларды жакшы билет.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَنۡ تُغۡنِیَ عَنۡہُمۡ اَمۡوَالُہُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ شَیۡـًٔا ؕ وَ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۱۷﴾
    3 : 117 Албетте, каапырлык кылгандардын дүнүйө-мүлктөрү жана укум-тукумдары аларды Алладан куткарууда такыр жардам бере алышпайт. Мына ошолор от ээлери. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • مَثَلُ مَا یُنۡفِقُوۡنَ فِیۡ ہٰذِہِ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا کَمَثَلِ رِیۡحٍ فِیۡہَا صِرٌّ اَصَابَتۡ حَرۡثَ قَوۡمٍ ظَلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ فَاَہۡلَکَتۡہُ ؕ وَ مَا ظَلَمَہُمُ اللّٰہُ وَ لٰکِنۡ اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۱۱۸﴾
    3 : 118 Бул дүйнөлүк жашоодо алар сарптай турган нерсенин мисалы өздөрүнө зулумдук кылган коомдун эгинине (кырсык катары) түшүп, аны жок кыла турган катуу ызгаардуу шамалга окшойт. Алла аларга зулумдук кылбады. Бирок алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوۡا بِطَانَۃً مِّنۡ دُوۡنِکُمۡ لَا یَاۡلُوۡنَکُمۡ خَبَالًا ؕ وَدُّوۡا مَا عَنِتُّمۡ ۚ قَدۡ بَدَتِ الۡبَغۡضَآءُ مِنۡ اَفۡوَاہِہِمۡ ۚۖ وَ مَا تُخۡفِیۡ صُدُوۡرُہُمۡ اَکۡبَرُ ؕ قَدۡ بَیَّنَّا لَکُمُ الۡاٰیٰتِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۱۹﴾
    3 : 119 Эй, ыйман келтиргендер! Өз кишилериңерди коюп, өзгөлөрдү сырдаш дос тутпагыла. Алар силерге жамандык кылуудан тойбойт. Алар силердин азап чеккениңерди жакшы көрүшөт. Албетте, кек алардын ооздорунан ачык чыгып калган жана алардын жүрөктөрү жашырып турган нерсе мындан дагы чоңураак. Албетте, эгер силер акылыңарды колдонсоңор, Биз силерге аяттарды ачык-айкын баян кылып койдук.
  • ہٰۤاَنۡتُمۡ اُولَآءِ تُحِبُّوۡنَہُمۡ وَ لَا یُحِبُّوۡنَکُمۡ وَ تُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡکِتٰبِ کُلِّہٖ ۚ وَ اِذَا لَقُوۡکُمۡ قَالُوۡۤا اٰمَنَّا ۚ٭ۖ وَ اِذَا خَلَوۡا عَضُّوۡا عَلَیۡکُمُ الۡاَنَامِلَ مِنَ الۡغَیۡظِ ؕ قُلۡ مُوۡتُوۡا بِغَیۡظِکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۱۲۰﴾
    3 : 120 Силер кызыксыңар, силер аларды сүйөсүңөр, алар болсо, силерди сүйүшпөйт. Силер Китептеги бардык нерсеге ыйман келтиресиңер. Алар силерге туш келишкенде: «Биз ыйман келтирдик», - дешет, өздөрү жалгыз калышканда болсо, силерге каршы ачууланып бармактарын тиштешет. Айт: «Ачуу-каарыңар менен өлүп кеткиле!» Албетте, Алла көкүрөктөрдөгү нерселерди жакшы билет.
  • اِنۡ تَمۡسَسۡکُمۡ حَسَنَۃٌ تَسُؤۡہُمۡ ۫ وَ اِنۡ تُصِبۡکُمۡ سَیِّئَۃٌ یَّفۡرَحُوۡا بِہَا ؕ وَ اِنۡ تَصۡبِرُوۡا وَ تَتَّقُوۡا لَا یَضُرُّکُمۡ کَیۡدُہُمۡ شَیۡـًٔا ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ مُحِیۡطٌ ﴿۱۲۱﴾٪
    3 : 121 Эгер кандайдыр бир жакшылык силерге жетсе, аларга жакпайт. Ал эми эгер башыңарга кандайдыр бир кырсык-балээ түшсө, алар мындан курсант болушат. Эгер силер сабырдуу жана такыба болсоңор, алардын айла-амалы силерге эч кандай зыян жеткире албайт. Албетте, Алла алар кылып жаткан амалдарды курчап турган.
  • وَ اِذۡ غَدَوۡتَ مِنۡ اَہۡلِکَ تُبَوِّیٴُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ مَقَاعِدَ لِلۡقِتَالِ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۲۲﴾ۙ
    3 : 122 Сен таң заарда момундарды (өздөрүнүн) уруш орундарына жайгаштырганы үйүңдөн чыгып кеткениң(ди эстегин). Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اِذۡ ہَمَّتۡ طَّآئِفَتٰنِ مِنۡکُمۡ اَنۡ تَفۡشَلَا ۙ وَ اللّٰہُ وَلِیُّہُمَا ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    3 : 123 Качан силердин эки тайпаңар жүрөксүздүк кылууга ниет кылган(ын эстегин). Чындыгында, Алла алардын досу эле. Момундар Аллага гана тобокел кылуулары зарыл.
  • وَ لَقَدۡ نَصَرَکُمُ اللّٰہُ بِبَدۡرٍ وَّ اَنۡتُمۡ اَذِلَّۃٌ ۚ فَاتَّقُوا اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    3 : 124 Албетте, Алла Бадрда күчсүз болгонуңарда силерге жардам берген эле. Ошондуктан, шүгүр кылууңар үчүн Алладан корккула.
  • اِذۡ تَقُوۡلُ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ اَلَنۡ یَّکۡفِیَکُمۡ اَنۡ یُّمِدَّکُمۡ رَبُّکُمۡ بِثَلٰثَۃِ اٰلٰفٍ مِّنَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ مُنۡزَلِیۡنَ ﴿۱۲۵﴾ؕ
    3 : 125 Качан сен момундарга: «Раббиңер (асмандан) түшүрүлүп туруучу үч миң периште менен силерге жардам бергени силер үчүн жетишпейби?» - деп айтканың(ды эстегин).
  • بَلٰۤی ۙ اِنۡ تَصۡبِرُوۡا وَ تَتَّقُوۡا وَ یَاۡتُوۡکُمۡ مِّنۡ فَوۡرِہِمۡ ہٰذَا یُمۡدِدۡکُمۡ رَبُّکُمۡ بِخَمۡسَۃِ اٰلٰفٍ مِّنَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ مُسَوِّمِیۡنَ ﴿۱۲۶﴾
    3 : 126 Ооба, (жетишет). Эгер силер сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, алар болсо өздөрүнүн ошол кызуулугу менен (кайнап турган бойдон) үстүңөргө жапырылып келишсе, Раббиңер беш миң азап берүүчү периштелер менен силерге жардам кылат.
  • وَ مَا جَعَلَہُ اللّٰہُ اِلَّا بُشۡرٰی لَکُمۡ وَ لِتَطۡمَئِنَّ قُلُوۡبُکُمۡ بِہٖ ؕ وَ مَا النَّصۡرُ اِلَّا مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۱۲۷﴾ۙ
    3 : 127 Алла бул (убада)ны силерге бир гана куш кабар катары, мындан жүрөктөрүңөр тынчтык тапсын үчүн берди. (Чынында), жардам эң жеңүүчү (жана) акылмандык ээси Алла тарабынан гана берилет.
  • لِیَقۡطَعَ طَرَفًا مِّنَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَوۡ یَکۡبِتَہُمۡ فَیَنۡقَلِبُوۡا خَآئِبِیۡنَ ﴿۱۲۸﴾
    3 : 128 (Алла) каапырлардын бир бөлүгүн кырып таштоо же аларды катуу кордоо үчүн, натыйжада алар ийгиликсиз кайтуулары үчүн (бул убаданы берди).
  • لَیۡسَ لَکَ مِنَ الۡاَمۡرِ شَیۡءٌ اَوۡ یَتُوۡبَ عَلَیۡہِمۡ اَوۡ یُعَذِّبَہُمۡ فَاِنَّہُمۡ ظٰلِمُوۡنَ ﴿۱۲۹﴾
    3 : 129 Сенде эч кандай эрк-ыктыяр жок. (Алла) тобону кабыл кылган бойдон аларга мээрбан болсунбу же аларга азап берсинби, алар баары бир заалимдер.
  • وَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ یَغۡفِرُ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۳۰﴾٪
    3 : 130 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Алланыкы. Ал Өзү каалаганын кечирет жана каалаганына азап берет. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَاۡکُلُوا الرِّبٰۤوا اَضۡعَافًا مُّضٰعَفَۃً ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۳۱﴾ۚ
    3 : 131 Эй, ыйман келтиргендер! Сүткорлуктун үстүнө сүткорлук кошуп жебегиле жана ийгиликке жетишүүңөр үчүн Алладан корккула.
  • وَ اتَّقُوا النَّارَ الَّتِیۡۤ اُعِدَّتۡ لِلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۳۲﴾ۚ
    3 : 132 Жана каапырлар үчүн даярдалып коюлган оттон корккула.
  • وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ الرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۱۳۳﴾ۚ
    3 : 133 Силерге ырайым кылынсын үчүн Аллага жана Пайгамбарга баш ийгиле.
  • وَ سَارِعُوۡۤا اِلٰی مَغۡفِرَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ جَنَّۃٍ عَرۡضُہَا السَّمٰوٰتُ وَ الۡاَرۡضُ ۙ اُعِدَّتۡ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ۙ
    3 : 134 Раббиңердин кечирүүсүнө жана кеңдиги асмандар менен жерди камтып турган бейиш тарапка чуркагыла. Ал такыбалар үчүн даярдалып коюлган –
  • الَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ فِی السَّرَّآءِ وَ الضَّرَّآءِ وَ الۡکٰظِمِیۡنَ الۡغَیۡظَ وَ الۡعَافِیۡنَ عَنِ النَّاسِ ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۳۵﴾ۚ
    3 : 135 (Алар) токчулукта да, жокчулукта да сарп кылышат. Алар ачууну ичине жута турган жана адамдарды кечире тургандар. Алла марттык кылуучуларды сүйөт.
  • وَ الَّذِیۡنَ اِذَا فَعَلُوۡا فَاحِشَۃً اَوۡ ظَلَمُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ ذَکَرُوا اللّٰہَ فَاسۡتَغۡفَرُوۡا لِذُنُوۡبِہِمۡ ۪ وَ مَنۡ یَّغۡفِرُ الذُّنُوۡبَ اِلَّا اللّٰہُ ۪۟ وَ لَمۡ یُصِرُّوۡا عَلٰی مَا فَعَلُوۡا وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    3 : 136 Жана (алар) кандайдыр бир жарабас иш кылышканда же өздөрүнө бир зулумдук кылышканда, Алланы өтө көп эстешет жана өз күнөөлөрү үчүн кечирим сурашат. Алладан башка ким күнөөлөрдү кечирет?! Алар бирдеме кылып коюшса, ал боюнча өжөрлүк кылышпайт.
  • اُولٰٓئِکَ جَزَآؤُہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَ نِعۡمَ اَجۡرُ الۡعٰمِلِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾ؕ
    3 : 137 Мына ошолордун сыйлыгы өздөрүнүн Раббиси тарабынан кечирим жана ортосунан дайралар агып туруучу бейиштер. Алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. Амал кыла тургандардын сыйы кандай сонун!
  • قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ سُنَنٌ ۙ فَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿۱۳۸﴾
    3 : 138 Албетте, силерден мурун дагы бир топ жол-сүннөттөр өтүп кеткен. Ошондуктан, жерди кыдырып чыккыла жана четке кагуучулардын акыбети кандай болгонун көргүлө.
  • ہٰذَا بَیَانٌ لِّلنَّاسِ وَ ہُدًی وَّ مَوۡعِظَۃٌ لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۳۹﴾
    3 : 139 Бул адамдар үчүн (ак-караны айырма кылып көрсөтүүчү) бир баян. Ошондой эле такыбалар үчүн хидаят жана насыйкат.
  • وَ لَا تَہِنُوۡا وَ لَا تَحۡزَنُوۡا وَ اَنۡتُمُ الۡاَعۡلَوۡنَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۴۰﴾
    3 : 140 Алсызданбагыла жана сар-санаа да болбогула. Эгер момун болсоңор, (албетте), силер гана жеңүүчүсүңөр.
  • اِنۡ یَّمۡسَسۡکُمۡ قَرۡحٌ فَقَدۡ مَسَّ الۡقَوۡمَ قَرۡحٌ مِّثۡلُہٗ ؕ وَ تِلۡکَ الۡاَیَّامُ نُدَاوِلُہَا بَیۡنَ النَّاسِ ۚ وَ لِیَعۡلَمَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ یَتَّخِذَ مِنۡکُمۡ شُہَدَآءَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۴۱﴾ۙ
    3 : 141 Эгер силер кандайдыр бир жаракат алган болсоңор, (силерге каршы болгон) коомго дагы кудум ушундай жаракат жеткен го! Алла ыйман келтиргендерди билип алыш үчүн жана араларыңардын айрымдарыңарды күбө катары тандаш үчүн Биз ушул күндөрдү адамдардын арасында алмаштырып турабыз. Алла заалимдерди жактырбайт.
  • وَ لِیُمَحِّصَ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ یَمۡحَقَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾
    3 : 142 Алла ыйман келтирген кишилерди тазалоосу үчүн жана каапырларды жок кылуусу үчүн (дагы ушундай кылабыз).
  • اَمۡ حَسِبۡتُمۡ اَنۡ تَدۡخُلُوا الۡجَنَّۃَ وَ لَمَّا یَعۡلَمِ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ جٰہَدُوۡا مِنۡکُمۡ وَ یَعۡلَمَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۴۳﴾
    3 : 143 Алла араларыңардан жихад кылган кишилерди али сынабастан туруп: «Бейишке киребиз», - деп ойлойсуңарбы? (Алла) сабыр кылуучуларды билип алышы (үчүн Анын мына ушундай адаты бар).
  • وَ لَقَدۡ کُنۡتُمۡ تَمَنَّوۡنَ الۡمَوۡتَ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تَلۡقَوۡہُ ۪ فَقَدۡ رَاَیۡتُمُوۡہُ وَ اَنۡتُمۡ تَنۡظُرُوۡنَ ﴿۱۴۴﴾٪
    3 : 144 Албетте, өлүмгө бетме-бет келишиңерден мурунураак аны каалоочу элеңер. Эми болсо, силер аны көзүңөр алайганча көрүп жатасыңар.
  • وَ مَا مُحَمَّدٌ اِلَّا رَسُوۡلٌ ۚ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِ الرُّسُلُ ؕ اَفَا۠ئِنۡ مَّاتَ اَوۡ قُتِلَ انۡقَلَبۡتُمۡ عَلٰۤی اَعۡقَابِکُمۡ ؕ وَ مَنۡ یَّنۡقَلِبۡ عَلٰی عَقِبَیۡہِ فَلَنۡ یَّضُرَّ اللّٰہَ شَیۡئًا ؕ وَ سَیَجۡزِی اللّٰہُ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۱۴۵﴾
    3 : 145 Мухаммад болгону бир Пайгамбар. Албетте, андан мурун пайгамбарлар өтүп кетишкен. Демек, эгер ал дагы өлсө же өлтүрүлсө, силер өз изиңерге кайтасыңарбы? Ким изине кайтса, ал Аллага эч зыян жеткире албайт. Алла албетте, шүкүр кылуучуларга сыйлык берет.
  • وَ مَا کَانَ لِنَفۡسٍ اَنۡ تَمُوۡتَ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ کِتٰبًا مُّؤَجَّلًا ؕ وَ مَنۡ یُّرِدۡ ثَوَابَ الدُّنۡیَا نُؤۡتِہٖ مِنۡہَا ۚ وَ مَنۡ یُّرِدۡ ثَوَابَ الۡاٰخِرَۃِ نُؤۡتِہٖ مِنۡہَا ؕ وَ سَنَجۡزِی الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۱۴۶﴾
    3 : 146 Эч бир жан Алланын уруксатысыз өлүшү мүмкүн эмес. Бул бир бүткөн жазмыш. Кимде-ким дүйнө сообун тилесе, Биз ага ошондон беребиз жана кимде-ким акырет сообун тилесе, Биз ага ошондон беребиз. Биз шүкүр кылуучуларга албетте, сыйлык беребиз.
  • وَ کَاَیِّنۡ مِّنۡ نَّبِیٍّ قٰتَلَ ۙ مَعَہٗ رِبِّیُّوۡنَ کَثِیۡرٌ ۚ فَمَا وَہَنُوۡا لِمَاۤ اَصَابَہُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ مَا ضَعُفُوۡا وَ مَا اسۡتَکَانُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۴۷﴾
    3 : 147 Канчалаган пайгамбарлар чыккан, алар менен бирдикте көптөгөн кудайчыл адамдар уруш кылышкан. Анан Алла жолунда өздөрүнө келген балээ себебинен алар эч алсызданган эмес жана алар күчсүздөнгөн эмес, ошондой эле алар (душмандын алдында) багынган эмес. Алла сабыр кылуучуларды сүйөт.
  • وَ مَا کَانَ قَوۡلَہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡا رَبَّنَا اغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوۡبَنَا وَ اِسۡرَافَنَا فِیۡۤ اَمۡرِنَا وَ ثَبِّتۡ اَقۡدَامَنَا وَ انۡصُرۡنَا عَلَی الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۴۸﴾
    3 : 148 Алар: «Эй, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү жана Өзүң жөнүндө болгон мыйзамсыздыгыбызды кечиргин, ошондой эле кадамдарыбызды бекем кылгын жана каапыр коомуна каршы бизге жардам бергин!» - деген сөздөрдөн бөлөк эч нерсе айтышкан эмес.
  • فَاٰتٰٮہُمُ اللّٰہُ ثَوَابَ الدُّنۡیَا وَ حُسۡنَ ثَوَابِ الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۴۹﴾٪
    3 : 149 Ошентип, Алла аларга дүйнө сообун дагы, акыреттин эң сонун сообун дагы тартуулады. Алла изги иштер кылуучуларды сүйөт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنۡ تُطِیۡعُوا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یَرُدُّوۡکُمۡ عَلٰۤی اَعۡقَابِکُمۡ فَتَنۡقَلِبُوۡا خٰسِرِیۡنَ ﴿۱۵۰﴾
    3 : 150 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силер каапырлык кылгандарга баш ийсеңер, алар силерди издериңерге кайтарышат. Анан силер зыян көргөн бойдон кайтасыңар.
  • بَلِ اللّٰہُ مَوۡلٰٮکُمۡ ۚ وَ ہُوَ خَیۡرُ النّٰصِرِیۡنَ ﴿۱۵۱﴾
    3 : 151 Чындыгында, бир гана Алла силердин коргоочуңар. Ал жардамчылардын эң жакшысы.
  • سَنُلۡقِیۡ فِیۡ قُلُوۡبِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوا الرُّعۡبَ بِمَاۤ اَشۡرَکُوۡا بِاللّٰہِ مَا لَمۡ یُنَزِّلۡ بِہٖ سُلۡطٰنًا ۚ وَ مَاۡوٰٮہُمُ النَّارُ ؕ وَ بِئۡسَ مَثۡوَی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۵۲﴾
    3 : 152 Биз албетте, каапырлык кылгандардын жүрөктөрүнө айбат салабыз. Себеби, Алла эч кандай далил түшүрбөгөн нерсени алар Ага шерик кылышты. Алардын турар жайы – от. Заалимдердин турар жайы кандай жаман!
  • وَ لَقَدۡ صَدَقَکُمُ اللّٰہُ وَعۡدَہٗۤ اِذۡ تَحُسُّوۡنَہُمۡ بِاِذۡنِہٖ ۚ حَتّٰۤی اِذَا فَشِلۡتُمۡ وَ تَنَازَعۡتُمۡ فِی الۡاَمۡرِ وَ عَصَیۡتُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَاۤ اَرٰٮکُمۡ مَّا تُحِبُّوۡنَ ؕ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّرِیۡدُ الدُّنۡیَا وَ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّرِیۡدُ الۡاٰخِرَۃَ ۚ ثُمَّ صَرَفَکُمۡ عَنۡہُمۡ لِیَبۡتَلِیَکُمۡ ۚ وَ لَقَدۡ عَفَا عَنۡکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ ذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۵۳﴾
    3 : 153 Силер Алланын уруксаты менен аларды кырып жатканыңарда, Ал албетте, Өзүнүн убадасынын үстүнөн чыкты. А түгүл силер жүрөксүздүк кылып, негизги буйрук тууралуу өз ара талашып, өзүңөр жактырган нерсени Ал силерге көрсөтүп койгондон кийин дагы баш ийбестик кылдыңар. Араңарда дүйнөнү талап кылгандар да бар болушкан, акыретти талап кылгандар да бар болушкан. Анан силерди сыноодон өткөрүү үчүн Ал силерди алардан четтетти. Ал албетте, силерди кечирди. Алла момундарга абдан айкөл.
  • اِذۡ تُصۡعِدُوۡنَ وَ لَا تَلۡوٗنَ عَلٰۤی اَحَدٍ وَّ الرَّسُوۡلُ یَدۡعُوۡکُمۡ فِیۡۤ اُخۡرٰٮکُمۡ فَاَثَابَکُمۡ غَمًّۢا بِغَمٍّ لِّکَیۡلَا تَحۡزَنُوۡا عَلٰی مَا فَاتَکُمۡ وَ لَا مَاۤ اَصَابَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۵۴﴾
    3 : 154 Силер артка кайрылып, эч кимге карабай качып баратканыңарда, Пайгамбар башка тайпаңарда (туруп), силерди чакырган болчу. Ошондо, силер өзүңөрдөн кеткен нерселер жана өзүңөргө жеткен кырсыкка кайгырбагыла, деп Алла силерге санаанын үстүнө санаа берди. Алла кылып жаткан иштериңерден жакшы кабардар.
  • ثُمَّ اَنۡزَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ الۡغَمِّ اَمَنَۃً نُّعَاسًا یَّغۡشٰی طَآئِفَۃً مِّنۡکُمۡ ۙ وَ طَآئِفَۃٌ قَدۡ اَہَمَّتۡہُمۡ اَنۡفُسُہُمۡ یَظُنُّوۡنَ بِاللّٰہِ غَیۡرَ الۡحَقِّ ظَنَّ الۡجَاہِلِیَّۃِ ؕ یَقُوۡلُوۡنَ ہَلۡ لَّنَا مِنَ الۡاَمۡرِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ قُلۡ اِنَّ الۡاَمۡرَ کُلَّہٗ لِلّٰہِ ؕ یُخۡفُوۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ مَّا لَا یُبۡدُوۡنَ لَکَ ؕ یَقُوۡلُوۡنَ لَوۡ کَانَ لَنَا مِنَ الۡاَمۡرِ شَیۡءٌ مَّا قُتِلۡنَا ہٰہُنَا ؕ قُلۡ لَّوۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ بُیُوۡتِکُمۡ لَبَرَزَ الَّذِیۡنَ کُتِبَ عَلَیۡہِمُ الۡقَتۡلُ اِلٰی مَضَاجِعِہِمۡ ۚ وَ لِیَبۡتَلِیَ اللّٰہُ مَا فِیۡ صُدُوۡرِکُمۡ وَ لِیُمَحِّصَ مَا فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۱۵۵﴾
    3 : 155 Анан санаадан кийин Ал силерге бейпилдик берүү үчүн уйку түшүрдү: ал силердин бир бөлүгүңөрдү курчап алган эле. Ал эми, башка бир тайпа болсо, өз жандары туурасында алек болчу. Алар Алла тууралуу наадандык (доорундагы) күмөндөр сыяктуу туура эмес күмөн санашчу. Алар: «Коош, маанилүү чечимдерде биздин дагы кандайдыр бир катышыбыз барбы?» - деп айтышчу. Айт: «Албетте, өкүм кылыш бүтүндөй Алланын ыктыярында». Алар сага ачыкка чыгарбаган нерсени көңүлдөрүндө жашырышат. Алар айтышат: «Эгер өкүм кылышта кенедей укугубуз болгондо, биз бул жерде эч качан (ушундайча) өлтүрүлбөгөн болоор элек». Айт: «Эгер үйлөрүңөрдө калганыңарда дагы, силерден өлтүрүлүшү анык болгондор, албетте, өздөрүнүн (өлүп) кулап түшө турган жайларына чыгышмак». Алла силердин көкүрөгүңөрдөгү нерсени сыноодон өткөрүүсү жана жүрөгүңөрдөгү нерсени тазалоосу үчүн (ушундай болду). Алла көкүрөктөрдөгү нерселерди жакшы билет.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ تَوَلَّوۡا مِنۡکُمۡ یَوۡمَ الۡتَقَی الۡجَمۡعٰنِ ۙ اِنَّمَا اسۡتَزَلَّہُمُ الشَّیۡطٰنُ بِبَعۡضِ مَا کَسَبُوۡا ۚ وَ لَقَدۡ عَفَا اللّٰہُ عَنۡہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ حَلِیۡمٌ ﴿۱۵۶﴾٪
    3 : 156 Эки тайпа кезиккен күнү араларыңардан кайткан кишилерди, албетте, шайтан алардын кылган айрым амалдары себебинен жолдон чыгарган. Албетте, Алла аларды кечирип койгон. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) өтө жумшак көңүл.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ قَالُوۡا لِاِخۡوَانِہِمۡ اِذَا ضَرَبُوۡا فِی الۡاَرۡضِ اَوۡ کَانُوۡا غُزًّی لَّوۡ کَانُوۡا عِنۡدَنَا مَا مَاتُوۡا وَ مَا قُتِلُوۡا ۚ لِیَجۡعَلَ اللّٰہُ ذٰلِکَ حَسۡرَۃً فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۱۵۷﴾
    3 : 157 Эй, ыйман келтиргендер! Каапырлык кылган жана бурадарлары туурасында, качан алар жерде сапар кылышканда же урушка чыгышканда: «Алар биз менен бирге калышканда, (мындайча) өлбөгөн же өлтүрүлбөгөн болоор эле», - дегендердей болбогула. Алла муну алардын жүрөктөрүндөгү өкүнүчкө айландырып коюусу үчүн (аларга мөөнөт берилүүдө). Бир гана Алла тирилтет жана өлтүрөт. Алла кылып жаткан иштериңерди терең күзөтүүчү.
  • وَ لَئِنۡ قُتِلۡتُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَوۡ مُتُّمۡ لَمَغۡفِرَۃٌ مِّنَ اللّٰہِ وَ رَحۡمَۃٌ خَیۡرٌ مِّمَّا یَجۡمَعُوۡنَ ﴿۱۵۸﴾
    3 : 158 Эгер силер Алланын жолунда өлтүрүлсөңөр же (өз ажалыңар менен) өлсөңөр, албетте, Алла тарабынан боло турган кечирим жана рахмат алар топтой турган бардык нерселерден жакшыраак.
  • وَ لَئِنۡ مُّتُّمۡ اَوۡ قُتِلۡتُمۡ لَاِالَی اللّٰہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۱۵۹﴾
    3 : 159 Эгер силер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Алла тарапка гана чогултуласыңар.
  • فَبِمَا رَحۡمَۃٍ مِّنَ اللّٰہِ لِنۡتَ لَہُمۡ ۚ وَ لَوۡ کُنۡتَ فَظًّا غَلِیۡظَ الۡقَلۡبِ لَانۡفَضُّوۡا مِنۡ حَوۡلِکَ ۪ فَاعۡفُ عَنۡہُمۡ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُمۡ وَ شَاوِرۡہُمۡ فِی الۡاَمۡرِ ۚ فَاِذَا عَزَمۡتَ فَتَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُتَوَکِّلِیۡنَ ﴿۱۶۰﴾
    3 : 160 Алланын өзгөчө мээримдүүлүгү себептүү сен аларга абдан жумшак болдуң. Ошондой эле эгер сен орой (жана) таш жүрөк болгонуңда, алар сөзсүз сенин тегерегиңден алыстап кеткен болоор эле. Ошондуктан, аларды кечиргин жана алар үчүн кечирим сурагын, ошондой эле (ар бир) маанилүү маселеде алар менен кеңешкин. Анан бир чечимге келгениңде, Аллага гана тобокел кылгын. Албетте, Алла тобокел кылуучуларды сүйөт.
  • اِنۡ یَّنۡصُرۡکُمُ اللّٰہُ فَلَا غَالِبَ لَکُمۡ ۚ وَ اِنۡ یَّخۡذُلۡکُمۡ فَمَنۡ ذَا الَّذِیۡ یَنۡصُرُکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِہٖ ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۶۱﴾
    3 : 161 Эгер Алла силерге жардам берсе, эч ким силерди жеңе албайт жана эгер Ал силерди таштап койсо, анда Андан бөлөк силерге ким жардам бере алат? Момундар Аллага гана тобокел кылуулары керек.
  • وَ مَا کَانَ لِنَبِیٍّ اَنۡ یَّغُلَّ ؕ وَ مَنۡ یَّغۡلُلۡ یَاۡتِ بِمَا غَلَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ۚ ثُمَّ تُوَفّٰی کُلُّ نَفۡسٍ مَّا کَسَبَتۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۱۶۲﴾
    3 : 162 Кыянат кылуу эч бир пайгамбарга жарашпайт. Ким кыянат кылса, ал (кылган) кыянаты(нын жаман натыйжасы)н кыямат күнү өзү менен бирге алып келет. Анан ар бир жанга ал кылган амалына жараша толук акы берилет жана аларга акысыздык кылынбайт.
  • اَفَمَنِ اتَّبَعَ رِضۡوَانَ اللّٰہِ کَمَنۡۢ بَآءَ بِسَخَطٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ مَاۡوٰٮہُ جَہَنَّمُ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۶۳﴾
    3 : 163 Алланын ыраазычылыгын ээрчиген киши Алланын нааразылыгы менен кайта турган жана турак жайы тозок боло турган кишидей болушу мүмкүнбү? Ал абдан жаман кайтып бара турган жай!
  • ہُمۡ دَرَجٰتٌ عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۶۴﴾
    3 : 164 Алар Алланын алдында түрдүү даражаларга бөлүнгөн (адамдар). Алла алар кылып жаткан амалдарды терең күзөтүүчү.
  • لَقَدۡ مَنَّ اللّٰہُ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اِذۡ بَعَثَ فِیۡہِمۡ رَسُوۡلًا مِّنۡ اَنۡفُسِہِمۡ یَتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِہٖ وَ یُزَکِّیۡہِمۡ وَ یُعَلِّمُہُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ ۚ وَ اِنۡ کَانُوۡا مِنۡ قَبۡلُ لَفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۱۶۵﴾
    3 : 165 Албетте, Алла момундарга өздөрүнөн бир Пайгамбар жиберип, аларга жакшылык кылды. Ал – (Пайгамбар) аларга Анын аяттарын окуйт, аларды тазалайт жана аларга Китеп менен хикмат-акылмандыкты үйрөтөт. Ал эми, мындан илгери алар, албетте, ачыктан-ачык адашууда болушчу.
  • اَوَ لَمَّاۤ اَصَابَتۡکُمۡ مُّصِیۡبَۃٌ قَدۡ اَصَبۡتُمۡ مِّثۡلَیۡہَا ۙ قُلۡتُمۡ اَنّٰی ہٰذَا ؕ قُلۡ ہُوَ مِنۡ عِنۡدِ اَنۡفُسِکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۶۶﴾
    3 : 166 Силерге кандайдыр бир кырсык-балээ келгенде, силер (душманга) андан эки эсе көп (балээ) жеткирген болсоңор да: «Бул балээ кайдан келди?» - дейсиңерби? Айт: «Бул силердин өзүңөрдөн». Албетте, Алла Өзү каалаган бардык нерсеге кудуреттүү.
  • وَ مَاۤ اَصَابَکُمۡ یَوۡمَ الۡتَقَی الۡجَمۡعٰنِ فَبِاِذۡنِ اللّٰہِ وَ لِیَعۡلَمَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۶۷﴾ۙ
    3 : 167 Эки тайпа кезиккен күнү башыңарга түшкөн балээ Алланын уруксаты менен Ал момундарды ажыратып койсун үчүн болгон эле.
  • وَ لِیَعۡلَمَ الَّذِیۡنَ نَافَقُوۡا ۚۖ وَ قِیۡلَ لَہُمۡ تَعَالَوۡا قَاتِلُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَوِ ادۡفَعُوۡا ؕ قَالُوۡا لَوۡ نَعۡلَمُ قِتَالًا لَّا تَّبَعۡنٰکُمۡ ؕ ہُمۡ لِلۡکُفۡرِ یَوۡمَئِذٍ اَقۡرَبُ مِنۡہُمۡ لِلۡاِیۡمَانِ ۚ یَقُوۡلُوۡنَ بِاَفۡوَاہِہِمۡ مَّا لَیۡسَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا یَکۡتُمُوۡنَ ﴿۱۶۸﴾ۚ
    3 : 168 Жана Ал мунафыктарды да аныктап койсун үчүн (болгон эле). Аларга: «Келгиле, Алла жолунда урушкула же (душмандын чабуулунан) коргогула», - деп айтылганда, алар: «Эгер биз уруш кылууну билгенибизде, албетте, силерди ээрчийт элек», - дешти. Ошол күнү алар ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак болушкан. Алар дилдеринде жок нерселерди ооздору менен айтышат. Алла алар жашырып турган нерсени абдан жакшы билет.
  • اَلَّذِیۡنَ قَالُوۡا لِاِخۡوَانِہِمۡ وَ قَعَدُوۡا لَوۡ اَطَاعُوۡنَا مَا قُتِلُوۡا ؕ قُلۡ فَادۡرَءُوۡا عَنۡ اَنۡفُسِکُمُ الۡمَوۡتَ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۶۹﴾
    3 : 169 Өздөрү отуруп алып, бурадарлары туурасында: «Эгер алар бизге кулак салышканда, өлтүрүлбөгөн болоор эле», - дегендерге айткын: «Эгер чынчыл болсоңор, анда өлүмдү өзүңөрдөн четтетип көрсөткүлөчү?»
  • وَ لَا تَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ قُتِلُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَمۡوَاتًا ؕ بَلۡ اَحۡیَآءٌ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ یُرۡزَقُوۡنَ ﴿۱۷۰﴾ۙ
    3 : 170 Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү эч качан өлгөн деп ойлобогула! Тескерисинче, (алар) тирүү (жана) аларга өздөрүнүн Раббисинин алдында ырыскы берилүүдө.
  • فَرِحِیۡنَ بِمَاۤ اٰتٰہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ۙ وَ یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ بِالَّذِیۡنَ لَمۡ یَلۡحَقُوۡا بِہِمۡ مِّنۡ خَلۡفِہِمۡ ۙ اَلَّا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۱۷۱﴾ۘ
    3 : 171 Алар Алла Өз мээримдүүлүгүнөн аларга тартуулаган нерселерден абдан кубанышууда. Алар артында калып калган, али аларга жетпегендер тууралуу: «Аларга дагы эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа тартышпайт», - деп куш кабар алышууда.
  • یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ بِنِعۡمَۃٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ فَضۡلٍ ۙ وَّ اَنَّ اللّٰہَ لَا یُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۷۲﴾ۚ٪ۛ
    3 : 172 Алар Алланын нээмат-тартуусу жана кеңчилиги жөнүндө, ошондой эле Алла момундардын сыйлыгын бекер кылбастыгы жөнүндө дагы куш кабар алышууда.
  • اَلَّذِیۡنَ اسۡتَجَابُوۡا لِلّٰہِ وَ الرَّسُوۡلِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَاۤ اَصَابَہُمُ الۡقَرۡحُ ؕۛ لِلَّذِیۡنَ اَحۡسَنُوۡا مِنۡہُمۡ وَ اتَّقَوۡا اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۷۳﴾ۚ
    3 : 173 Өздөрү жаракат алгандан кийин дагы Алла жана Пайгамбарга «лаппай», - дегендер – алардын арасынан жакшы амалдарды кылган жана такыба болгондор үчүн үлкөн сыйлык бар –
  • اَلَّذِیۡنَ قَالَ لَہُمُ النَّاسُ اِنَّ النَّاسَ قَدۡ جَمَعُوۡا لَکُمۡ فَاخۡشَوۡہُمۡ فَزَادَہُمۡ اِیۡمَانًا ٭ۖ وَّ قَالُوۡا حَسۡبُنَا اللّٰہُ وَ نِعۡمَ الۡوَکِیۡلُ ﴿۱۷۴﴾
    3 : 174 Аларга адамдар айтышты: «Элдер силерге каршы биригишти. Ошондуктан, алардан корккула». Ал эми, бул нерсе алардын ыйманын гана көбөйттү. Алар айтышты: «Бизге Алла жетиштүү. Ал кандай сонун коргоочу!»
  • فَانۡقَلَبُوۡا بِنِعۡمَۃٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ فَضۡلٍ لَّمۡ یَمۡسَسۡہُمۡ سُوۡٓءٌ ۙ وَّ اتَّبَعُوۡا رِضۡوَانَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ ذُوۡ فَضۡلٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۷۵﴾
    3 : 175 Ошентип, алар Алланын нээматы-мээримдүүлүгү жана мол берешендиги менен кайтышты; аларга кенедей дагы зыян тийген эмес. Алар Алланын ыраазычылыгын ээрчишти. Алла үлкөн берешендик ээси.
  • اِنَّمَا ذٰلِکُمُ الشَّیۡطٰنُ یُخَوِّفُ اَوۡلِیَآءَہٗ ۪ فَلَا تَخَافُوۡہُمۡ وَ خَافُوۡنِ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۷۶﴾
    3 : 176 Албетте, бир гана шайтан өз досторун коркутат. Ошондуктан, алардан коркпогула. Эгер момун болсоңор, бир гана Менден корккула.
  • وَ لَا یَحۡزُنۡکَ الَّذِیۡنَ یُسَارِعُوۡنَ فِی الۡکُفۡرِ ۚ اِنَّہُمۡ لَنۡ یَّضُرُّوا اللّٰہَ شَیۡئًا ؕ یُرِیۡدُ اللّٰہُ اَلَّا یَجۡعَلَ لَہُمۡ حَظًّا فِی الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۷۷﴾
    3 : 177 Тездик менен каапырлыкта алга кадам таштай тургандар сени сар-санаага салбасын. Албетте, алар Аллага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Алла аларга акыретте кенедей дагы үлүш ажыратпастыкты каалайт. Алар үчүн үлкөн азап бар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اشۡتَرَوُا الۡکُفۡرَ بِالۡاِیۡمَانِ لَنۡ یَّضُرُّوا اللّٰہَ شَیۡئًا ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۷۸﴾
    3 : 178 Албетте, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алгандар Аллага эч зыян жеткире алышпайт. Алар үчүн абдан оор азап бар.
  • وَ لَا یَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنَّمَا نُمۡلِیۡ لَہُمۡ خَیۡرٌ لِّاَنۡفُسِہِمۡ ؕ اِنَّمَا نُمۡلِیۡ لَہُمۡ لِیَزۡدَادُوۡۤا اِثۡمًا ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿۱۷۹﴾
    3 : 179 Каапырлык кылгандар: «Биздин аларга мөөнөт беришибиз алар үчүн жакшы», - деп эч ойлошпосун. Биз аларга дагы (көбүрөөк) күнөөгө батып кетүүлөрү үчүн мөөнөт берип жатабыз. Алар үчүн кордоочу азап бар.
  • مَا کَانَ اللّٰہُ لِیَذَرَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ عَلٰی مَاۤ اَنۡتُمۡ عَلَیۡہِ حَتّٰی یَمِیۡزَ الۡخَبِیۡثَ مِنَ الطَّیِّبِ ؕ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُطۡلِعَکُمۡ عَلَی الۡغَیۡبِ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَجۡتَبِیۡ مِنۡ رُّسُلِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ۪ فَاٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رُسُلِہٖ ۚ وَ اِنۡ تُؤۡمِنُوۡا وَ تَتَّقُوۡا فَلَکُمۡ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۸۰﴾
    3 : 180 Алла ыпластыкты тазалыктан ажыратмайынча, момундарды силердин мына ушул ахвалыңарда таштап коюучу эмес. Силердин (баарыңарды) кайыптан кабардар кылуу – Алланын сүннөт-адаты эмес. Тескерисинче, Алла Өз пайгамбарларынан каалаганын тандап алат. Демек, Аллага жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирсеңер жана такыба болсоңор, анда силер үчүн зор сыйлык бар.
  • وَ لَا یَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ یَبۡخَلُوۡنَ بِمَاۤ اٰتٰہُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ ہُوَ خَیۡرًا لَّہُمۡ ؕ بَلۡ ہُوَ شَرٌّ لَّہُمۡ ؕ سَیُطَوَّقُوۡنَ مَا بَخِلُوۡا بِہٖ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ لِلّٰہِ مِیۡرَاثُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۱۸۱﴾٪
    3 : 181 Алла Өзүнүн мол берешендиги менен тартуулаган нерселерге сараңдык кыла тургандар: «Бул биз үчүн жакшы», - деп эч ойлошпосун. Тескерисинче, бул алар үчүн абдан жаман. Алар сараңдык кылган (дүнүйө-мүлктөрү) кыямат күнү, албетте, моюндарына моюнтурук кылып асылып коюлат. Асмандар жана жердин мурасы Алланыкы. Алла кылып жаткан амалдарыңардан дайыма кабардар.
  • لَقَدۡ سَمِعَ اللّٰہُ قَوۡلَ الَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ فَقِیۡرٌ وَّ نَحۡنُ اَغۡنِیَآءُ ۘ سَنَکۡتُبُ مَا قَالُوۡا وَ قَتۡلَہُمُ الۡاَنۡۢبِیَآءَ بِغَیۡرِ حَقٍّ ۙ وَّ نَقُوۡلُ ذُوۡقُوۡا عَذَابَ الۡحَرِیۡقِ ﴿۱۸۲﴾
    3 : 182 «Алла – кембагал, а биз – байбыз», - дегендердин сөзүн Алла албетте, укту. Биз албетте, алардын айтканын жана пайгамбарларга акысыз катуу каршылык көрсөткөнүн жазып коёбуз. Биз (аларга): «Күйдүрүүчү азапты татып көргүлө», - дейбиз.
  • ذٰلِکَ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡکُمۡ وَ اَنَّ اللّٰہَ لَیۡسَ بِظَلَّامٍ لِّلۡعَبِیۡدِ ﴿۱۸۳﴾ۚ
    3 : 183 Бул (азап өз) колдоруңар жасаган иштер себептүү. Ал эми, Алла Өз пенделерине кенедей да зулумдук кылуучу эмес.
  • اَلَّذِیۡنَ قَالُوۡۤا اِنَّ اللّٰہَ عَہِدَ اِلَیۡنَاۤ اَلَّا نُؤۡمِنَ لِرَسُوۡلٍ حَتّٰی یَاۡتِیَنَا بِقُرۡبَانٍ تَاۡکُلُہُ النَّارُ ؕ قُلۡ قَدۡ جَآءَکُمۡ رُسُلٌ مِّنۡ قَبۡلِیۡ بِالۡبَیِّنٰتِ وَ بِالَّذِیۡ قُلۡتُمۡ فَلِمَ قَتَلۡتُمُوۡہُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۸۴﴾
    3 : 184 «Албетте, биз эч бир пайгамбарга, ал бизге от жей турган курмандыкты келтирмейинче, эч ыйман келтирбестикке Алла бизден сөз алган», - дегендерге айткын: «Менден мурун дагы силерге ачык-айкын аят-белгилер жана силер айтып жаткан нерсе менен пайгамбарлар келишкен го! Анда, эгер чынчыл болсоңор, эмне үчүн силер аларга катуу азап бердиңер?»
  • فَاِنۡ کَذَّبُوۡکَ فَقَدۡ کُذِّبَ رُسُلٌ مِّنۡ قَبۡلِکَ جَآءُوۡ بِالۡبَیِّنٰتِ وَ الزُّبُرِ وَ الۡکِتٰبِ الۡمُنِیۡرِ ﴿۱۸۵﴾
    3 : 185 Анан, эгер алар сени жалганчыга чыгарган болушса, сенден мурун келген пайгамбарлар дагы жалганчыга чыгарылган. Алар ачыктан-ачык аят-белгилер, (Кудайдан келген) баракчалар жана жарык Китеп менен келишкен болчу.
  • کُلُّ نَفۡسٍ ذَآئِقَۃُ الۡمَوۡتِ ؕ وَ اِنَّمَا تُوَفَّوۡنَ اُجُوۡرَکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ فَمَنۡ زُحۡزِحَ عَنِ النَّارِ وَ اُدۡخِلَ الۡجَنَّۃَ فَقَدۡ فَازَ ؕ وَ مَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَاۤ اِلَّا مَتَاعُ الۡغُرُوۡرِ ﴿۱۸۶﴾
    3 : 186 Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Кыямат күнүндө гана силерге сыйлыктарыңар толук берилет. Ошондо, кимде-ким оттон четтетилип бейишке киргизилсе, ал ийгиликке жетишти. Дүйнөлүк жашоо болсо, алдоодон турган убактылуу пайдадан бөлөк эч нерсе эмес.
  • لَتُبۡلَوُنَّ فِیۡۤ اَمۡوَالِکُمۡ وَ اَنۡفُسِکُمۡ ۟ وَ لَتَسۡمَعُنَّ مِنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ وَ مِنَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡۤا اَذًی کَثِیۡرًا ؕ وَ اِنۡ تَصۡبِرُوۡا وَ تَتَّقُوۡا فَاِنَّ ذٰلِکَ مِنۡ عَزۡمِ الۡاُمُوۡرِ ﴿۱۸۷﴾
    3 : 187 Силер албетте, дүнүйө-мүлкүңөр жана жандарыңар тууралуу сыноо кылынасыңар. Силер албетте, өзүңөрдөн мурунку Китеп берилгендерден жана мушриктерден көптөгөн азаптуу нерселерди угасыңар. Эгер силер сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, бул өтө кайраттуу иш.
  • وَ اِذۡ اَخَذَ اللّٰہُ مِیۡثَاقَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ لَتُبَیِّنُنَّہٗ لِلنَّاسِ وَ لَا تَکۡتُمُوۡنَہٗ ۫ فَنَبَذُوۡہُ وَرَآءَ ظُہُوۡرِہِمۡ وَ اشۡتَرَوۡا بِہٖ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ؕ فَبِئۡسَ مَا یَشۡتَرُوۡنَ ﴿۱۸۸﴾
    3 : 188 Алла: «Силер муну адамдардын пайдасы үчүн ачык баян кыласыңар жана аны жашырбайсыңар», - деп Китеп берилгендерден убада-ант алган(ын эстегиле). Анан алар ал (убада-ант)ты артына ыргытышты жана аны арзыбаган баага сатып жиберишти. Демек, алар алмаштырып алып жаткан нерселери аябай жаман!
  • لَا تَحۡسَبَنَّ الَّذِیۡنَ یَفۡرَحُوۡنَ بِمَاۤ اَتَوۡا وَّ یُحِبُّوۡنَ اَنۡ یُّحۡمَدُوۡا بِمَا لَمۡ یَفۡعَلُوۡا فَلَا تَحۡسَبَنَّہُمۡ بِمَفَازَۃٍ مِّنَ الۡعَذَابِ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۸۹﴾
    3 : 189 Өздөрүнүн кылмыштарына курсант болгон жана өздөрү кылбаган амалдары менен «мактанууну» жактыргандар туурасында (ооба), алар жөнүндө: «Алар азаптан кутула алышат», - деп эч ойлобогун! Алар үчүн оор азап бар.
  • وَ لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۹۰﴾٪
    3 : 190 Асмандар жана жердин падышачылыгы Алланыкы. Алла Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма кудуреттүү.
  • اِنَّ فِیۡ خَلۡقِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ اخۡتِلَافِ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ لَاٰیٰتٍ لِّاُولِی الۡاَلۡبَابِ ﴿۱۹۱﴾ۚۙ
    3 : 191 Албетте, асмандар жана жердин жаратылышында, ошондой эле түн жана күндүн алмашып турушунда акылдуулар үчүн аят-белгилер бар –
  • الَّذِیۡنَ یَذۡکُرُوۡنَ اللّٰہَ قِیٰمًا وَّ قُعُوۡدًا وَّ عَلٰی جُنُوۡبِہِمۡ وَ یَتَفَکَّرُوۡنَ فِیۡ خَلۡقِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ رَبَّنَا مَا خَلَقۡتَ ہٰذَا بَاطِلًا ۚ سُبۡحٰنَکَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِ ﴿۱۹۲﴾
    3 : 192 Алар турушканда дагы, отурушканда дагы, жанбаштап жатышканда дагы Алланы эске алышат. Алар асмандар жана жердин жаралуусу (жөнүндө) ой жүгүртүшөт. Алар (дароо айтышат): «Эй, Раббибиз! Сен буларды бекер жараткан эмессиң. Сен ыйыксың. Ошондуктан, бизди от азабынан куткаргын!
  • رَبَّنَاۤ اِنَّکَ مَنۡ تُدۡخِلِ النَّارَ فَقَدۡ اَخۡزَیۡتَہٗ ؕ وَ مَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ اَنۡصَارٍ ﴿۱۹۳﴾
    3 : 193 Эй, Раббибиз! Сен кимди отко киргизсең, албетте, Сен аны кор кылып койдуң. Заалимдерге эч кандай жардамчылар болбойт.
  • رَبَّنَاۤ اِنَّنَا سَمِعۡنَا مُنَادِیًا یُّنَادِیۡ لِلۡاِیۡمَانِ اَنۡ اٰمِنُوۡا بِرَبِّکُمۡ فَاٰمَنَّا ٭ۖ رَبَّنَا فَاغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوۡبَنَا وَ کَفِّرۡ عَنَّا سَیِّاٰتِنَا وَ تَوَفَّنَا مَعَ الۡاَبۡرَارِ ﴿۱۹۴﴾ۚ
    3 : 194 Эй, Раббибиз! Албетте, биз бир жарчынын: «Раббиңерге ыйман келтиргиле», - деп ыйманга чакырып жатканын уктук. Ошентип, биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, эй, Раббибиз! Ушул себептүү күнөөлөрүбүздү кечиргин, жамандыктарыбызды бизден алып таштагын жана бизди жакшылар менен өлтүргүн.
  • رَبَّنَا وَ اٰتِنَا مَا وَعَدۡتَّنَا عَلٰی رُسُلِکَ وَ لَا تُخۡزِنَا یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِنَّکَ لَا تُخۡلِفُ الۡمِیۡعَادَ ﴿۱۹۵﴾
    3 : 195 Эй, Раббибиз! Биз жөнүндө пайгамбарларыңа Өзүң парыз кылып койгон убадаң – (Мийсаак-ун-Набиййин)ди бизге тартуулагын жана кыямат күнү бизди кор кылбагын. Албетте, Сен убадаңа каршы иш кылбайсың».
  • فَاسۡتَجَابَ لَہُمۡ رَبُّہُمۡ اَنِّیۡ لَاۤ اُضِیۡعُ عَمَلَ عَامِلٍ مِّنۡکُمۡ مِّنۡ ذَکَرٍ اَوۡ اُنۡثٰی ۚ بَعۡضُکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡضٍ ۚ فَالَّذِیۡنَ ہَاجَرُوۡا وَ اُخۡرِجُوۡا مِنۡ دِیَارِہِمۡ وَ اُوۡذُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِیۡ وَ قٰتَلُوۡا وَ قُتِلُوۡا لَاُکَفِّرَنَّ عَنۡہُمۡ سَیِّاٰتِہِمۡ وَ لَاُدۡخِلَنَّہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۚ ثَوَابًا مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ عِنۡدَہٗ حُسۡنُ الثَّوَابِ ﴿۱۹۶﴾
    3 : 196 Анан алардын Раббиси алардын дубаларын кабыл алып: «Мен силерден бир амал кылуучунун амалын, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун, эч текке кетирбеймин», - (деди). Силер өз ара мамиледесиңер. Ошондуктан, көчкөн жана үйлөрүнөн куулган, Менин жолумда кыйынчылыкка кабылган жана уруш кылган, анан өлтүрүлгөндөр – алардан Мен албетте, жамандыктарын алып таштаймын жана албетте, аларды ортосунан дайралар агып турган бейиштерге кийиремин. (Бул) Алла тарабынан сооп катары (болот). Эң сонун сооп бир гана Алланын алдында.
  • لَا یَغُرَّنَّکَ تَقَلُّبُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِی الۡبِلَادِ ﴿۱۹۷﴾ؕ
    3 : 197 Каапырлык кылгандардын шаарларга барды-келдиси эч качан сени алдабасын.
  • مَتَاعٌ قَلِیۡلٌ ۟ ثُمَّ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمِہَادُ ﴿۱۹۸﴾
    3 : 198 (Бул) бир кичине убактылуу пайда. Анан алардын турар жайы тозок болот. Ал абдан жаман турак жай!
  • لٰکِنِ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا رَبَّہُمۡ لَہُمۡ جَنّٰتٌ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا نُزُلًا مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ ؕ وَ مَا عِنۡدَ اللّٰہِ خَیۡرٌ لِّلۡاَبۡرَارِ ﴿۱۹۹﴾
    3 : 199 Бирок, өз Раббисинен корккондор – алар үчүн ортолорунан дайралар агып турган бейиштер бар. Алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. (Бул) алар үчүн Алла тарабынан меймандостук (болот). Алланын карамагындагы нерселер такыба кишилер үчүн абдан жакшы.
  • وَ اِنَّ مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ لَمَنۡ یُّؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکُمۡ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡہِمۡ خٰشِعِیۡنَ لِلّٰہِ ۙ لَا یَشۡتَرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ اَجۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۲۰۰﴾
    3 : 200 Албетте, Китеп ээлери ичинде Аллага, силерге түшүрүлгөн нерсеге жана өздөрүнө түшүрүлгөн нерсеге Алланын алдында баш ийген бойдон ыйман келтире тургандар да бар. Алар Алланын аяттарын арзыбас баага сатышпайт. Мына ошолор үчүн алардын сыйлыгы өздөрүнүн Раббисинин алдында бар. Албетте, Алла эсеп-кысапта абдан тез.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اصۡبِرُوۡا وَ صَابِرُوۡا وَ رَابِطُوۡا ۟ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۲۰۱﴾٪
    3 : 201 Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр кылгыла жана сабырдуулукка чакыргыла, ошондой эле чегараларды коргоого даяр тургула жана ийгиликке жетишүүңөр үчүн Алладан корккула.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via