Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо айт кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо айт кутбасын окуду

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис халифа халифат

«Бир күнү бүткүл дүйнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат окуп, салам жолдойт».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2019-жылдын 5-июнунда Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде Ийд-ул-Фитр кутбасын окуду.

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети Айттын мааниси тууралуу сөз кылып, ал адамдарды бири-бирине жакындатып, кубаныч менен майрамдоо булагы катары кызмат кылат деп айтты.

Ал Азирети бүгүнкү күндө адамдар «Аллааху Акбар» деген сөздөн коркушат же Ислам динин зордук-зомбулук жана экстремисттик дин катары карашат деп билдирди. Ошондуктан, «Аллааху Акбар» деген сөздөрдүн чыныгы жана толугу оң маани-мазмунун көрсөтүү, ошондой эле бүткүл дүйнөгө Исламдын тынчтык таалимдерин көрсөтүү Ахмадий мусулмандардын башкы милдети болуп саналат.

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Ал Азирети адамзатты Алла таалага алып келүү Ахмадий мусулмандардын милдети экенин, ошондой эле дүйнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жана тынчтык жолдоочу адамдарга толуп кеткен күнү чыныгы майрам күнү болоорун айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад адам баласынын кубанычтары менен коомдук жолугушууларынын ортосундагы өз ара байланышын түшүндүргөн, ошондой эле экөө өз ара тыгыз байланыштуу жана кубанычтуу учурларда чогулуп туруу адам баласынын табиятынын бир бөлүгү деп билдирди.

Ал Азирети Ислам «адам табиятынын дини» болуп саналат, ошондуктан, ал Айт убагында адамдарды ири өлчөмдө алардын кубанычын дагы күчөтүү максатында чогултат деп айтты.

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Ал Азирети чыныгы Айт адамзаттын баары өз ара бириге тура турган күн болот жана бул максат үчүн Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жиберген деп да айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Улуу Айт ири чогулуштар боло турган күнү гана болушу мүмкүн. Алланын Сүйүктүү пендеси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, адамдар! Чынында, мен баарыңарга Алланын Элчиси болуп келдим», – деген жарыяны жарыялаган күнү адамдардын ири чогулушуна негиз салынган болчу».

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Азирети Мырза Масрур Ахмад Алланын бардык пайгамбарлары адамдарды бирге чогултууга аракет кылышкан болсо да, бирок алар өз улуттары үчүн гана келген болчу, ал эми экинчи жактан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүткүл адамзат үчүн жөнөтүлгөн деп түшүндүрдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер дүйнөдө кандайдыр бир «улуу Айт» болгон болсо, ал Алла Таала Өзүнүн эң Сүйүктүүсүнө: «Бүткүл адамзатты бирге чакыргын жана чогулткун», – деген буйрук берген күнү гана болгон.  Ал дүйнө Алла Таала тарабынан Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га берилген кут-берекелерден пайда алуу үчүн анын чакырыгына кулак салуу шарт экенин жарыялоого буюрган эле».

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Ал Азирети Алла Таала адамзаттын биригүүсүн каалайт жана ушул себептен Алла Таала Ыйык Куранда кезиккен биригүү кабары менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды бул дүйнөгө жөнөткөн деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүткүл дүйнө бир эле ишенимге ээ боло турган күнү гана чыныгы жана улуу Айт болот, жана ошол Айтты алып келүү жоопкерчилигин Алла Таала бизге жүктөгөн».

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай деди:

«Ошондуктан, Ахмадий мусулмандар бүткүл адамзатты чогултуучу чыныгы Айтты орното ала турган адамзаттын ошондой чогулушун кандай жаратуу мүмкүн экендигине көңүл-дитин буруулары лаазым, ал аркылуу адамдар Кудайдын Сөзүн угууга чогулушат».

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Ал Азирети адамдар жыл сайын Айт үчүн кийим-кечекти сатып алуу жана тамак-ашты даярдоо үчүн көптөгөн даярдыктарды көрүшөт, бирок адамзаттын Ислам динин кабыл кыла турган улуу Айтка көбүрөөк көңүл бурулуу керек экенин айтты.

Ал Азирети дүйнө Ислам дини тууралуу кабылган негизсиз коркунучтар жөнүндө сөз кылды жана бул түшүнбөстүктөрдү кетирүү үчүн Ахмадий мусулмандарды колунан келишинче зарыл чара көрүү керектигине чакырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Аллааху Акбар» (Алла баарынан Улуу) деген терминди мисал келтирип, анын кантип террордук жана дүйнөгө коркунуч алып келүүчү термин болуп калганын айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээ бир мусулмандардын ушундай иш-аракеттери бар: адамдар «Аллааху Акбар» деген термин жана Ислам ишениминен коркушат. Ошондуктан, бул терминдин кооздуктарын дүйнөгө ачып берүү биздин милдетибиз болуп саналат, натыйжада бардык коомдордун адамдары: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок экенине,  жана Мухаммед Анын Элчиси экенине күбөлүк берем» деген Ислам ишенимин окуп, ошондой эле аны менен кубанып жана ыракат алышсын. Бүткүл дүйнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кордогондон көрөө, ага салаваат жана тынчтык жолдоочу болуп калсын. Дүйнө Алла Тааланын ысмын жаманатты кылгандан көрө, «Аллааху Акбар» деп ураан айтуучу болуп калсын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ошондой болот жана, албетте, бир күн келип, бүткүл дүйнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваатты жолдошуп, саламдарды айтышат. Бул кандайдыр бир акылсыз адамдын кыялдануусу да эмес, бир жаш баланын ойлогон ойлору да эмес, тескерисинче бул бир күнү аткарыла турган Алланын убадасы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад бардык муктаж болгондор үчүн дуба кылып, Ахмадий мусулмандарды чыныгы Айтка жетишүү үчүн дуба кылууга чакырып, өзүнүн ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун аяктады.

Айт кутбасынан бир күн мурун, быйылкы Рамазан айынын акыркы күнү Ал Азирети Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсүн тафсир кылып, чечмелеп берди. Аталган Куран сабагы Суррей, Тилфордго караштуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын борборунда жайгашкан «Мубарак» мечитинде болуп өттү.

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис

Ал Азирети мусулман дүйнөсүндө биримдиктин зарылчылыгы тууралуу сөз кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүн дүйнөдөгү тынчтык үчүн жана азап чегип жаткан бардык адамдар үчүн дуба кылууга чакырды.

Share via