Алла тааладан өкүм чыгаруусун талап кылуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла тааладан өкүм чыгаруусун талап кылуу

Саъийд бин Хасана бул дуба жөнүндө мындай дечү эле: «Мен ушундай бир аятты билем: аны окуучу адам Алла Тааладан эмнени сураса, ага берилет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Тахажжуд намазын ушул дуба менен баштачу жана андан мурда

اللَّهُمَّ رَبَّ جَبْرَائِيلَ وَمِيكَائِيلَ وَإِسْرَافِيلَ

ОКУЛУШУ: АЛЛААХУММА РАББА ЖАБРААИЙЛА ВА МИКААИЙЛА ВА ИСРААФИЙЛА.

деп да айтчу». («Тафсир-э-Куртабий» 15-бөлүк, 265-бет) اللّٰہُمَّ فَاطِرَ السَّمٰوٰتِ وَالۡاَرۡضِ عٰلِمَ الۡغَیۡبِ وَالشَّہَادَۃِ اَنۡتَ تَحۡکُمُ بَیۡنَ عِبَادِکَ فِیۡ مَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَОКУЛУШУ: АЛЛААХУММА ФААТИРАС-САМААВААТИ ВАЛ-АРЗИ ААЛИМАЛ-ГАЙБИ ВАШ-ШАХААДАТИ АНТА ТАХКУМУ БАЙНА ИБААДИКА ФИЙ МАА КААНУУ ФИЙХИ ЯХТАЛИФУУН. (39:47)

Котормосу: Эй, Алла! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып жана көрүнөөнү Билүүчү! Өз пенделериңдин ортосунда алар талашып-тартышып жүргөн бардык нерселер тууралуу жалгыз Өзүң өкүм чыгарасың». («Аз-Зумар» сүрөөсү:47)

Share via