Мухаммад Пайгамбардын өмүр баяны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мухаммад Пайгамбардын өмүр баяны

Жарык дүйнөгө келүүсү

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Асхаабул-Фийл окуясынан жыйырма беш жылдан кийин Рабиъул-Аввал айынын 12синде, 570-жылдын 20-августунда жарык дүйнөгө келген.

Айрым рабаяттарга караганда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атасы Азирети Абдулла ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жарык дүйнөгө келе электе эле каза тапкан болчу.

Эмизилүүсү

 Башында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы Азирети Амина ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды эмизген, анан Азирети Сувейба эмизген. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды эмизүү кызматы биротоло Хаваазин коомунун Бани Саъд уруусундагы Азирети Халийма Саъдия аттуу аялга тапшырылган. Чамасы төрт жашына чейин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Халийма Саъдияныкында жашаган.

Ясрибге тартылган сапары жана энесинин каза тапкандыгы

Жашы алтыга чыкканда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы өзүнүн тууган-туушкандары – Бани Нажжаарды көргөнү Ясрибге барганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да чогуу болчу. Кайтаарда Абуа деген жайда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы көз жумган.

Абдул Мутталибдин көз жумгандыгы

Апасынын кайтышынан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чоӊ атасы Абдул Мутталиб өстүрүп-чоӊойтуп турган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сегизге киргенде, чоӊ атасы да дүйнөдөн өттү. Бул ал (саллаллааху алайхи ва саллам) балалыгында кабылган бул үчүнчү кайгылуу окуя болчу.

Абу Талибдин колунда өсүп-чоӊойуусу

 Азирети Абдул Мутталибдин каза тапканынан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн агасы (атасынын иниси) Абу Талибдин колуна өттү.

Сирияга алган жолу жана Бахийра Рахиб окуясы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) он экиге киргенде, Абу Талиб соода иштери менен бир кербен менен Сирияга барууга аргасыз болду. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сапарда аны менен бирге болчу. Ушул эле сапарда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Бахийра аттуу бир Рахиб (кечил) менен да жолуккан.

Фижаар согушу

Жашы жыйырмага чыкканда «Харб-э-Фижаар» аттуу согуш болгон, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да ага катышкан, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) согушкан эмес.

Хилфул-Фузул

 Арабиядагы айрым сый-урматтуу адамдар биргелешип, акылуу адамга акысын бердиребиз жана заалимди зулумдуктан кайтарабыз деп сөз беришти. Ошол келишимге «Хилфул-фузул» деген наам берилген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да ага кошулган.

Үйлөнүүсү

 Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жыйырма беш жашында биринчи жолу үйлөнгөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын биринчи жубайы Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа) ал убакытта кырк жашта эле.

Балдары

 Жалпы маалыматтарга караганда, Азирети Хадийжа (разияллааху анхаа)дан үч уулу жана төрт кызы төрөлгөн. Азирети Ибрахим Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүрүнүн акырында 8-хижранын Зуль-Хижжа айында Азирети Мария Кибтия (разияллааху анхаа)нын курсагынан төрөлгөн.

Каабанын кайта курулушу

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) отуз бешке киргенде ушул окуя жүз берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да ага катышкан.

Элчилигинин башталуусу

 Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кырк жашында пайгамбар экенин жарыялаган.

Ачык-айкын даават кылуусу жана каршылыктын башталгандыгы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбар болгонуна төртүнчү жыл башталганда, ачык-айкын даават кылууга буйрук келди. Дааваттын башталаары менен каршылык да башталды.

Дар-э-Аркам деген жай – биринчи даават борбору

 Төртүнчү пайгамбарлык жылдан алтынчы пайгамбарлык жылга чейин, тагыраак айтканда, пайгамбарлыктын төртүнчү жылы ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул даават борборун ачкан жана алтынчы жылга чейин анда иштеген.

Абу Талибдин алдына Курайиштин эки делегаты келди

 Дааваттын башталаары менен каршылык да башталды. Мисалга, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды дааваттан кайтаруу үчүн Абу Талибдин алдына Курайиштин бир делегаты келди, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жумшактык менен ошол делегатты кайтарды. Бир аз мөөнөттөн кийин экинчи делегат келди. Ал делегат келген кезде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөнкү сөздөрдү сүйлөгөн белгилүү окуя жүз берген: «Эгер булар бир колума күндү, экинчи колума айды алып келип коюшса да, ошондо да мен өз милдетимди таштай албайм. Үчүнчү жолу Курайиш өзүнүн ардактуу үй-бүлөсүнүн биринен Валийд уулу Аммараны Абу Талибге сунуштап, ордуна Мухаммадды бизге тапшыргын деп суранышты. Азирети Абу Талиб мындай деп жооп берген: «Аллага касам! Андай болушу такыр мүмкүн эмес».

Эфиопияга жасалган хижрат (көчүү)

 Пайгамбарлыктын 5-жылынын Ражаб айында он бир сахааба жана төрт сахаабия (аял-сахааба) Эфиопияга хижрат кылышкан.

Абу Талиб шаарчасында камалуусу жана кутулуусу

 Пайгамбарлыктын жетинчи жылы Мухаррам айында Курайиш ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүнѳ жана мусулмандарга каршы бойкот жарыялоого келишим түзгөн, натыйжасында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Талиб шаарчасында камалып калды.

Пайгамбарлыктын онунчу жылы ошол бойкоттун чамасы үчүнчү жылы бүткөндө, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га төмөнкүдөй кабар берилген: ошол жазылган келишимден Алла тааланын атынан башка бардык сөздөр өчүп кетти жана кагазы жээлип кетти. Абу Талиб Каабага барып, Курайиш аксакалдарын акыйкаттан кулактандырды. Ошентип, камалуу күндөрү соӊуна чыкты.

Шаккул-Камар муъжизасы (айдын экиге бѳлүнүү керемети)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Талиб шаарчасында камалган күндөрдүн өзүндө эле ушул белгилүү муъжиза (керемет) жүз берип, ай экиге бөлүнүп жатканы көрүндү.

Азирети Хадижа жана Абу Талидин кайтышы

Жогорудагы окуялар пайгамбарлыктын онунчу жылы жүз берген жана ошол окуялардын айынан ал жыл «Аамул-хузун», тактап айтканда, «кайгы жылы» деп аталып калган.

Азирети Айша жана Азирети Сауда (разияллааху анхаа)га үйлөнүүсү

Пайгамбарлыктын 10-жылы Шаваал айында Азирети Айша (разияллааху анхаа)га болгону никелеген, ал эми Азирети Сауда (разияллааху анхаа)га нике-той кылып, аны өз үйүнө алып келген.

Тааиф шаарына тартылган сапары

Пайгамбарлыктын 10-жылы Шаваал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) даават кылуу максатында Тааиф жакка жөнөп кетти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жерде он күн турган жана шаар аксакалдары менен жолугушкан, бирок бул шаар да бактысыз болуп чыкты. Ушул шаар тургундары да боору таштыгын көрсөтүп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га катуу каршылык кылышкан.

Меърааж жана Исраа

Меърааж окуясы пайгамбарлыктын 5-жылы, ал эми Исраа 11-жылы же 12-жылы жүз берген. Меърааж жана Исраа – бул эки өзүнчө окуя. Меъраажда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) асмандарга руханий сейлдөөгө алып барылган, бул тууралуу «Ан-Нажам» сүрөөсүндө сөз кылынган, ал эми Исраада ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеден Байтул-Мукаддаска чейин руханий сейилдөөгө алып барылган, бул тууралуу «Бани Исраил» сүрөөсүндө сѳз кылынган.

Байъат-э-Акаба Уулаа жана Саания

Пайгамбарлыктын 11-жылы Ражаб айында Ясриб (Мединанын байыркы аталуусу) шаарынын алты тургуну Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га байъат беришкен, бул окуя Медина шаарында бир үмүт шооласын пайда кылды. Кийинки жылы, Пайгамбарлыктын 12-жылы ажылык учурунда Ясрибден он эки адам, алардын арасында жети адам жаӊы болчу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колуна байъат беришкен. Ушул байъат Мединада Исламдын орношусуна башталгыч таш болчу. Ушул байъат тарыхта «Акаба-уулаа» деп аталат, анткени ушул байъат алынган жай «Акаба», тактап айтканда, «бийик тоолуу жол» дегенди билдирет. Ал Мекке менен Минаанын ортосунда жайгашкан.

Пайгамбарлыктын 13-жылы Аус жана Хазраж уруусунун бир канча жүз адамы ажылык үчүн келишкен, алардын арасынан жетимиш (70) адам байъат беришкен болчу же байъат бермекчи болушчу. Алар «Акаба»нын өзүндө эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуп, байъат беришкен.

Ясириб (Медина) жакка кылынган хижрат (көчүү)

Пайгамбарлыктын 14-жылы Рабиъул-Аввал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеден Мединага хижрат кылган (көчүп барган). Он экинчи Рабиъул-Аввал күнү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага жетип барган.

Пайгамбар мечитинин курулуусу

Мединага жетип, а дегенде ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Кабаа деген жерге конгон. Биринчи түндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Айюб (разияллааху анху)нун үйүндө түнөгөн. Мединага келген соӊ ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жасаган эӊ биринчи иши – бул Пайгамбар Мечитин куруу иши болчу.

Жөөттөр менен түзүлгөн келишими

Биринчи хижра жылы Мединага келген соӊ шаарда тынчтыкты орнотуу максатында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаажирлер (көчмөндөр) менен Ансаарлар (мединалык мусулмандар) үчүн мыйзам-эрежелер белгилегени менен бирге жөөттөр менен да өз ара кызматташуу жолу менен жашоо келишимин түзгөн.

Жихад бис-Сайф – кылыч жихадынын башталгандыгы

Экинчи хижра жылы душмандардын күч алып бара жаткан ээнбаштыктарынын айынан мыйзам-эреже боюнча (же расмий түрдө) жихад бис-сайф – кылыч жыхадына уруксат берилген. Ислам дининин ушул согуштары коргонуу, өзүн-өзү коргоо, тынчтыкты орнотуу, диний эркиндик, жазалоо жана улуттук максаттардын негизинде кылынлган.

Ваддаан казаты

Экинчи хижра жылы Сафар айында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаажирлердин бир жамаатын алып Мединадан чыкты. Мединада Хазраж уруусунун төрагасы – Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анху)ну Амир кылып дайындап, Мединадан түштүк-батыш жакка Мекке жолуна жөнөп, Ваддаан деген жерге жетти. Ушул жерде Курайиштеги Бану Замра уруусунун туугандары отурукташкан эле. Алар менен өз ара келишим түзүлдү. Ваддаан казатынын дагы бир аты «Абва» казаты болот.

Буваат казаты

Экинчи хижра жылы Рабиъул-Аахир айында Курайиш уруусу тарабынан кандайдыр бир кабар келген соӊ ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саиб бин Азирети Усман (разияллааху анху) бин Мазъунду Мединада Амир кылып дайындап, өзү Мухаажирлердин бир жамаатын алып, Буваат деген жерге барышты, бирок Курайиштен эч бир дарек болбоду.

Ушайра казаты

Экинчи хижра жылы Жамаади-ул-Уулаа айында Меккедеги Курайиш уруусу тарабынан дагы кандайдыр бир кабар келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединада өзүнүн эмчектеш бир тууганы – Абу Салама бин Абдул Асадды Амир кылып дайындап, Мухаажирлердин бир жамаатын алып, Ушайра деген жерге жетип барды, бирок Курайш менен согуш болбоду. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Мудлиж деген уруу менен келишим түзүп, кайтып келди.

Сафаваан казаты

Экинчи хижра жылы, Жамаади-ул-Аахир айында Мекке аксакалдарынын бири – Курз бин Жаабир Фехрий Курайиш уруусунан болгон айрым адамдар менен өтө куулук менен Медина жайлоолорунун бирине чабуул жасап, төөлөр ж.б.ны уурдап-тоноп алып кетти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындан кабардар болгондо, өзүнүн артында Азирети Зайд бин Хаариса(разияллааху анху)ну Амир кылып дайындап, Бадарга жакын жайгашкан Сафаваан деген жерге чейин аны кубалап чыкты, бирок ал качып кетти.

Орозолордун башталышы жана «Бадр» согушу

Экинчи хижра жылы, Рамазан айынын келүүсү менен орозолор башталды. Ушул эле айда Курани карим [یَوْمُ الْفُرْقَان], йаум-ул-фуркаан, (акыйкат менен жалгандын ортосун айырмалоочу күн) деп айткан казат болду.

Азирети Айша (разияллааху анхаа)нын узатылуусу

Экинчи хижра жылынын Шаваал айында ал (разияллааху анхаа) узатылган.

«Каркаратул-Кудр» казаты

Экинчи хижра жылынын Шаваал айында Сулайым жана Гатафаан деген эки уруу Мединага чабуул жасоо максатында Каркаратул-Кудр деген жерге чогулуп жатышат деген кабар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын алуу максатында дароо сахаабалары менен Нажад жакка жөнөп кетти. Бир канча күндүк жол тарткан соӊ Ал-Кудр айылынын каркарасына (жайык майдан) жетишкенде, душмандар тоолорго бакинип, дайынсыз болуп кетишти.

«Савийк» казаты

Экинчи хижра жылынын Зуль-Хижжа айында Абу Суфян эки жүз куралданган Курайиш уруусундагы адамдарды алып Мединага жакындап келди жана мединалык жөөттөр менен кутум уюштурууга аракет кылды. Алар мусулмандарга финансылык жана жандык зыянды да келтиришти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды кубалаганда, алар качып кетишти. Жолдо кетип баратканда, алар савийк (арпа унун) түшүрүп жаткандыктан, ал казат ушул эле ат менен аталып калган.

Азирети Фаатима (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Экинчи хижра жылынын башында ал (разияллааху анхаа)нын Азирети Али (разияллааху анху)га никеси кыйылган, ал эми экинчи хижра жылынын Зуль-Хижжа айында узатылган.

«Буну Кенкуааъ» казаты

Ушул казат экинчи хижра жылынын аягында болгон. Мединалык жөөттөр башында өздөрүнүн келишимин аткарышкан, бирок акырындык менен алардын түрү өзгөрө баштады. «Бадар» согушунан кийин болсо, алар ачыкчасынан ээнбаштыктар кыла башташты. Алардын арасында Бану Кенкуааъ уруусу баарынан күчтүү болчу. Айрым өтө жагымсыз окуялардын айынан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын коргондорун курчоого алды, бул курчоо он беш күнгө созулган, акыр аягында аларды тынчтык жолу менен Мединадан кубалап жиберген.

Жаннатул-Бакийъ

Экинчи хижра жылында эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн сахаабалары үчүн бир көрүстөндү сунуштаган, аны «Жаннатул-Бакийъ» деп айтышат. Ушул мүрзөгө эӊ биринчи коюлган инсан Азирети Усман бин Мазъун (разияллааху анху) болчу.

«Зий-Амар» казаты

Үчүнчү хижра жылынын Мухаррам же Сафар айында Бану Гатафаандан болгон Бану Саълба жана Бану Мухаариб деген уруулары Усур бин Хаарис аттуу бир согушкердин үндөөсү менен Мединага чабуул жасоо үчүн Нажадга жакын жайгашкан Зий-Амар деген жерге чогулушкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) төрт жүз (400) сахаабасы менен ошол жерге жетишкенде, алар тоого чыгып кетишти. Үч күн тургандан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага кайтып келди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызы – Азирети Умми Кулсум (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Экинчи хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн кызы Азирети Рукаййа (разияллааху анхаа)нын кайтышынан кийин (ал Азирети Усман (разияллааху анху)нын биринчи жубайы болчу) Азирети Умми Кулсум (разияллааху анхаа)ны Азирети Усман бин Аффаан (разияллааху анху)га никелеп койду. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эки кызы биринин артынан бири Азирети Усман (разияллааху анху)га турмушка чыкты. Мына ошондон улам Азирети Усман (разияллааху анху)га [ذُوالنُّوْرَیْنِ] (зун-Нурайын), «эки нурдуу» деген лакап берилген.

«Бухраан» казаты

Үчүнчү хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га төмөнкүдөй кабар келди: Бану Сулайым жана Курайыш кайрадан Мединага чабуул жасоо максатында «Бухраан» деген айылга чоң санда топтолушууда. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды жазалоо үчүн ѳз сахаабалары менен жөнөп кетти.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келүүсүн угуп, ушул жапайылар таркалып кетишти.

Азирети Умар (разияллааху анху) кызы Азирети Хафса (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Үчүнчү хижра жылынын Шаъбаан айында ал (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га турмушка чыкты.

«Ухуд» казаты

«Ухуд» казаты үчүнчү хижра жылынын Шаваал айында болгон. Мусулман кошууну болгону жети жүз (700) адамдан турган эле. Бир жүз адам соот кийинген жана аларда болгону эки эле ат бар болчу. Каапырлардын аскерлери үч миӊ (3000) болчу. Жети жүз (700) соот кийинген, эки жүз (200) ат жана үч миӊ (3000) төө бар болчу. Ал учурда мусулман кошуунундагы үч жүз (300) мунафык (эки жүздүү) чыккынчылык кылып, артына кайтып кетишти. Ушулардын баарына карабастан душмандар өздөрүнүн максат-мүдөөлөрүнө жетише албай калышты.

«Хамараа-ул-Асад» казаты

«Ухуд» казатынын учурунда каапырлар Меккени көздөй кайтып кетип бара жатышканда, алар дагы бир жолу чабуул жасоого эреже түзүштү. Ошентип, алардын кутумун жок кылуу үчүн Мекке каапырларына каршы ушул казат болгон. Каапырлар мусулман кошуунунун айбатынан эле коркуп качып кетишти.

Каапырлардын чыккынчылыгы жана «Ражийъ» окуясы

Тѳртүнчү хижра жылынын Сафар айында Азал жана Кара деген уруулар Бану Лихяндын тукуруусу менен келишти жана ѳздѳрүнѳ даават кылуу максатында бир канча адамдарды жөнөтүүнү суранышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айрым адамдарды жөнөткөн эле, аларды «Ражийъ» деген жерде алдоо жолу менен өлтүрүп жиберишти, айрымдарын кармап алып, кийинчерээк шейит кылышты.

«Бе’р-э-Маъуна» окуясы

 Төртүнчү хижра жылынын Сафар айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айрым уруулардын суранычы менен сахаабалардын бир жамаатын белгилеп, аларды таалим-тарбия жана даават үчүн алар менен бирге жөнөттү. Алар жетимиш (70) адам болчу. Баардыгы карий (Курани каримди жатка билген адам) болчу. Каапырлар алдоо жолу менен алардын баарын шейит кылышты. Эки эле сахааба тирүү калды, кийинчерээк аларды да шейит кылып коюшту.

Бану Назийр уруусунун айдалуусу

 Төртүнчү хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га таш кулатып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүүнү пландашкан уруу ушул эле болчу. Алардын ээнбаштыктарынын айынан жана келишимдерди улам-улам бузгандыктан алар Мединадан айдалып жиберилишти.

Хазима кызы Азирети Зайнап жана Азирети Умми Салама (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Төртүнчү хижра жылы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга биринин артынан бирине никелеген.

Асад кызы Фаатиманын кайтышы

Төртүнчү хижра жылы Азирети Али (разияллааху анху)нун апасы Мединада дүйнөдѳн кайтты.

«Думатул-Жандал» казаты

Бешинчи хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында Думатул-Жандал деген жерде бир топ адамдарды талап-тоноп жатышкандыгы тууралуу кабар келди. Алардын Медина жакка жүздөнүү коркунучу да пайда болду. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединадан жөнөп, он беш-он алты күндө Думатул-Жандалга жетип барды. Алар таркалып келтишти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир канча күндөрү ал жерде туруп, анан кайтып келди.

Жахаш кызы Азирети Зайнаб (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Бешинчи хижра жылынын Шаъбаан айында болгон «Бани Мусталик» казатынан бир аз убакыт мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Жахаш кызы Азирети Зайнаб (разияллааху анхаа)га үйлөндү. Азирети Зайнаб (разияллааху анхаа)ны Азирети Зайд (разияллааху анху) бин Хаариса талак кылган эле.

«Бану Мусталик» казаты

 Бешинчи хижра жылынын Шаъбаан айында Бану Мусталик деген уруу Мединага чабуул жасоого аябай даярдана баштады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындан кабардар болгон соӊ бир топ сахаабаларын алып, алар жакка жөнөдү. Мунафыктардан турган бир чоӊ тайпа да алар менен чогуу жол тартты. Душмандар жеӊилүүгө дуушар болушту.

Хаарис кызы Азирети Жувейрия (разияллааху анхаа)нын нике-тою

«Бани Мусталик» казатынан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Жувейрия (разияллааху анхаа)га үйлөндү. «Бани Мусталик» уруусунун туткундарынын арасында алардын төрагасы Хаарис бин Аби Зираардын кызы Барра да бар болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага Жувейрия деп ат койду. Ушул нике-тойдон кийин сахаабалар (разияллааху анхум) «Бану Мусталик» уруусунун жүздөгөн туткундарын кун албай коё беришти.

«Хандак» казаты жана «Бану Курайза» казаты

Бешинчи хижра жылынын Шаваал айында «Хандак» казаты жүз берип, анда каапырлар катуу шерменде болушту.

Бешинчи хижра жылынын Зуль-Каъда айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Хандак» казатынан эми гана кайтканда, Кашф (түш) түрүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га мындай деп көрсөтүлгөн: Бану Курайзанын чыккынчылыгы жана көтөрүлүшү жөнүндө өкүм чыгарылмайынча ал (саллаллааху алайхи ва саллам) куралдарды чечпеши керек. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дароо сахаабалары менен Азирети Али (разияллааху анху)ну жөнөттү, анан өзү да алардын коргондорун көздөй жөнөп кетти. Бану Курайза өтө жаман мүнөзүн көрсөтүштү. Ошентип, жыйырма күнгө чейин алар курчалгандан кийин коргондорунан чыгып келишти.

«Бану Лихяан» казаты

Алтынчы хижра жылынын Жамаадиул-Уула айында ушул казат болгон. Мусулмандар алдоо жолу менен өлтүрүлгөн Ражийъ окуясына Бану Лихяандын катышы (колу) бар болчу. Алар Мекке менен Мединанын ортосундагы Гарраан деген өрөөндө отурукташкан эле. Алардын фитна-чагымчылыктарынан сактануу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ѳзүнүн эки жүз (200) сахаабасын алып, Мединадан чыккан. Бану Лихяан мындан кабар таап, ал жер-бул жерге тоолордун арасында таркалып кетишти.

Азирети Умми Хабиба (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Алтынчы хижра жылы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага үйлөндү. Ал киши жесир болчу жана Курайиш уруусунан болчу. Ал (разияллааху анхаа) 44-хижра жылы көз жумган.

Худайбия келишими

Алтынчы хижра жылынын Зу-Каъда айында Худайбия келишими түзүлдү. Сахаабалар ризваануллаахи алайхимдин ыймандарды күчтөндүрүүчү башка көрүнүштөрүнөн тышкары «Байъат-э-ризваан» деген ыймандарды күчтөндүрүүчү көрүнүш да ал учурда байкалды. Ислам элчиси Азирети Усман (разияллааху анху)нун шейит болгондугу деген имишке ушул байъатты ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалардан алган эле.

Падышаларга жолдогон каттары

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Худайбия келишиминен кийин 6-хижра жылында Арабиянын туш тарабында жашаган бардык өкүмдарларга каттарды жолдогон жана ушул максат үчүн мөөр милдетин аткаруучу бир шакекти даярдаткан, ага [مُحَمَّدٌ رَّسُوْلُ اللّٰہِ], Мухаммад Расулуллаах, «Мухаммад –  Алланын Элчиси» деген сөздөр чегилген болчу.

Азирети Мария Кибтия (разияллааху анхаа)нын нике-тою

Жогорудагы даават каттарынын бирин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Искандариянын римдик падышасы «Макаукас» атына жолдогон. Макаукас ага жооп катары кат жана белектерди жиберди, алардын катарында Азирети Мария Кибтия (разияллааху анхаа) да бар болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анхаа)га нике кыйып алды. 

«Хайбар» казаты

Жетинчи хижра жылынын Мухаррам жана Сафар айларында Мединадагы айрым жөөттөр Мединадан кубаланган соӊ Хайбар деген жерге чогула башташты. Ал жактан мусулмандар ар дайым коркунуч астында калышты. Анан дал ошондой болду, алар башка урууларды өздөрүнө кошуп алып, Мединага чабуул жасоого эреже түзүштү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) коргонуу максатында бир миӊ алты жүз (1600) сахаабасы менен ал жакка жөнөштү. Согуш болду. Жөөттөр коргондорго бекинип алышты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) коргонду курчоого алды. Курчоо жыйырма (20) күнгө созулду. Акыр аягында мусулман кошууну жеӊишке жетти.

«Аль-Кураа» өрөөнү жана «Заатур-Рикааъ» казаттары

Ушул казаттар 7-хижра жылынын Жамаади-ус-Сааний айында болду.

Азирети Сафия (разияллааху анхаа) жана Азирети Маймуна (разияллааху анхаа)нун нике-тою

Азирети Сафия (разияллааху анхаа) 7-хижра жылынын Жамаади-ул-Аахир айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га турмушка чыккан. Ал (разияллааху анхаа) жесир болчу жана жашы 17 болчу. Жөөттөрдүн Бану Назийр уруусунан эле.

Азирети Маймуна (разияллааху анхаа) Бану Хилал уруусунан болчу. Ал (разияллааху анхаа) 7-хижра жылынын Зи-Каъда айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га турмушка чыккан. Ал (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайларынын эӊ акыркысы болчу.

Умратуль-Казаа

Жетинчи хижра жылында эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Худайбия келишиминин шарттарына ылайык эки миӊ (2000) сахаабасы менен соӊку умрасын аткарды.

«Маута» казаты

Сегизинчи хижра жылынын Жамаади-ул-Аввал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бусранын өкүмдары – Шаржийлге даават катын жолдогондо, ал киши кат алып барган адамды өлтүрүп салды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зайд бин Хаариса (разияллааху анху)нун жетекчилигинде мусулман кошуунун жөнөткөн. Бир канча мусулман аскер башчылары шейит кетти, акыр аягында Азиртеи Хаалид бин Валийд (разияллааху анху) жетекчиликти өз колуна алды. Ошентип, мусулман кошуун жеӊишке жетти.

«Мекке жеӊиши» казаты

Сегизинчи хижра жылынын Рамазан айында, 630-жылдын январында «Мекке жеӊиши» казаты болду. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге он миӊ (10,000) ыйыктар бар болчу.

«Хунайин» жана «Тааиф» казаты

Сегизинчи хижра жылынын Шаваал айында, 630-жылдын январында ушул эки казат Хаваазан жана Сакийф уруулары менен болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызы Азирети Зайнаб (разияллааху анхаа)нын кайтышы

Ал (разияллааху анхаа) 8-хижра жылында дүйнөдѳн кайтты.

«Табук» казаты

Тогузунчу хижра жылында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Гассаан падышасы Гиркалдын жардамы менен Мединага чабуул жасоо ниетинде деген кабар келди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) отуз миӊ (30,000) сахаабасын алып жөнөдү. Өзүнүн жоктугунда Мединада Азирети Али (разияллааху анху)ну Амир кылып дайындаган. Мусулман кошуунунун айбатынан душмандар тарап кетишти. Мына ушул эле казаттын учурунда төмөнкүдөй окуя жүз берген: ал казат үчүн Азирети Абу Бакр Сыддык (разияллааху анху) өзүнүн мал-мүлкүнүн баарын берип салган, ал эми Азирети Умар (разияллааху анху) жарымын берген.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызы Умми Кулсум (разияллааху анхаа)нын кайтышы

Ал (разияллааху анхаа) 9-хижра жылында дүйнө менен кош айтты.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын уулу Азирети Ибрахим (разияллааху анху)нун кайтышы

 Тогузунчу хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында, 631-жылдын июнунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын перзенти Азирети Ибрахим (разияллааху анху) чарчап калды.

Хажжатуль-Вадааъ (Коштошуу ажылык)

Онунчу хижра жылында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жүз жыйырма төрт миӊ (124,000) сахаабасы менен ажылык кылды.

Ямандан келген делегат

Он биринчи хижра жылынын Мухаррам айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кабыл алган бул эӊ акыркы делегат болчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дүйнө менен коштошуусу

Он биринчи хижра жылынын Сафар айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп калды жана 11-хижра жылынын 1-Рабиъул-Аввал айында, 632-жылдын 26-майында дүйшөмбү күнү өзүнүн эӊ Сүйүктүүсү болгон Алланын алдына кетип калды. Өзүнүн ооруган күндөрүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)ну [اِمَامُ الصَّلٰوۃ] имамус-салаат, намазга имам кылып дайындаган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ааламдан өтүүсү жөнүндөгү кабар чакмак сыӊары Мединага таркалып кетти.

Share via