Бешенеге жазылуу жана эркин тандоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бешенеге жазылуу жана эркин тандоо

Тагдыр маселесин философтор дагы, кудайчылдар дагы илгертен бери талкуулаган абдан татаал маселе. Дээрлик ар бир дин тагдырдын табияты тууралуу бир аз эскерип өтөт. Тагдырга ишенгендерди эки негизги топко бөлсөк болот. Тагдырга болгон жалпы сокур сезимге жетеленгендер тагдырды ар бир чоӊ нерсе дагы, кичине нерсе дагы Алла таала тарабынан алдын ала аныкталып жазылат деп сүрөттөшөт. Бул пикир жалпы элден сырткары жашашкан суфийлердин кандайдыр бир табышмактуу секталарында кеӊири таралган. Алар адамзат эч нерсени контролдой албайт дешет. Бардыгы алдын ала белгиленген. Андай болгондон кийин, болуп жаткандын баары – Алла таала гана билген, тагдырдын чоӊ планынын ишке ашканы. Бул иш жагдайлардын планынын абдан татаал концепциясы жана ал сөзсүз кылмыш менен жазанын, жазалоо менен сыйлоонун суроосуна такайт. Эгер адам оюндагысын кыла албаса, анда анын кылгандары үчүн жаза да, сыйлоо да болбош керек.  Эркин тандоонун дагы бир башка көз карашы – адам кандай гана чечим чыгарбасын, кандай гана иш-аракет кылбасын, иш жүзүндө тагдыр эч кандай роль ойнобойт. Тагдырды талкуулоонун учурунда дагы бир маанилүү философиялык маселе андан ары татаалдыктарды киргизип, талашка алып келет. Ал – Алла тааланын алдын ала билүү маселеси. Алла тааланын алдын ала билүүсүнүн болочокто боло турган нерселерге кандай тиешеси бар? Аталган суроого берилүүчү жоопту бул талаштагы эки тарап теӊ начар чечмелеген. Биздин максатыбыз сөзсүз эле тагдырга ишенгендердин же ишенбегендердин тыянактарынын салыштырмалуу жагдайлары тууралуу узун талкууга кирип кетүүнү сунуш кылбай, Исламдын көз карашынан сүрөттөөгө гана аракет кылабыз.

Тагдырдын көптөгөн категориялары бар, ар бири бир эле убакта иштеп, өзүнө тиешелүү болгон операциянын тармактарында белгилүү ролду ойнойт. Табияттын мыйзамы эӊ жогорку ролду ойнойт жана эч ким алардын таасиринен сырткары эмес. Бул нерселердин жалпы башкы планы болуп, тагдырдын кеӊири концепциясы катары сунуштоо болот. Кимде-ким табияттын мыйзамдарына тереӊ түшүнүү менен баш ийсе, ал баш ийбегендерге караганда, көбүрөөк үстөмдүккө ээ болот. Андай адамдар тагдырды дайыма туура пайдаланышат жана өздөрү үчүн жакшыраак жашоо шарттарын түзүшөт. Бирок, табият мыйзамдары тарабынан алардын жакшы же жаман болуусуна карата эч кимисинин кандайдыр бир өзгөчө тайпага ээ болуусу алдын ала белгиленип коюлган жок. Европадагы Ренессанстан мурда келген мусулман дүйнөсү табият мыйзамдарын түшүнүүдө биротоло өөрчүгөн ориентацияга жеткен убактысы болгон. Андыктан, мусулмандар ушул билимдин аркасынан пайда алып турушкан. Кийинчерээк бул калыс, таза жана жарык ойдон чыккан табият окуусу Батышка көчкөндө, ал окуу Батышка билимдин жаӊы жарыгын алып келди. Ал эми Чыгыш үмүттүү ой жүгүртүүнүн, ырым-жырымдарга ишенүүнүн жана кыялдануунун узак жана караӊгы түнүнө сүӊгүп бата баштады. Албетте, бул өзү – тагдыр, бирок башка түрдөгүсү. Бул тагдырга байланыштуу алдын ала тагдырлашкан жалгыз гана мыйзам: Ал – «кимде-ким калыстыктан качпай табиятты изилдесе жана өзүн табияттын мыйзамдарына баш ийдирип, алар аны кандай жетелесе да, ошондой жетеленсе, ал түбөлүк прогресстин жолуна түшөт» деген өзгөргүс мыйзам. Бул бардык нерселердин үстүнөн жеӊүүчү тагдырдын жалпы жана бүтүндөй таралып кетүүчү категориясы, ал эми динге байланышкан тагдыр мыйзамы болсо, башка кеп.

Динге байланыштуу тагдырды – талкууга алуудан мурда, биз табият мыйзамдарынын универсалдуу тагдырдын кээ бир аймактарын, андан нары изилдешибиз керек. Глобалдык колдонууда, алар жалпы түшүнүктөн башкача алдын ала аныктоонун кээ бир мүнөздөмөлөрүн чагылдырат. Бул мааниде, жада калса, алыстагы күндүн бетиндеги тактардай окуялар роль ойногон, абдан татаалдашкан экосистеманы көрсөткөн атмосфералык баланстарда сезондук же мезгилдик өзгөрүүлөр жөнүндө сөз козгоп жатабыз. Ошол сыяктуу эле планеталар жер жүзүндөгү аба-ырайынын, климаттын жана ушул сыяктууларга тиешелүү айырмачылыктарына байланышкан белгилүү өзгөрүүлөргө таасирин тийгизет. Бул олуттуу таасирлер (көбү аныктала элек, түркүн факторлор тарабынан чыккан) климаттагы агымдын өзгөрүүлөрү менен бирге, кээде жердеги өсүмдүк жана жаныбарлардын жашоосунун өсүү өзгөчөлүктөрүнө байкалбас өзгөрүүлөрдү алып келет. Мындан тышкары жердин бир бөлүгүнөн башкасында, кургакчылык жана сезондук өзгөрүштөрүнө байланышкан түрдүү факторлор бар. Муз доору менен глобалдык жылуулануунун алмашуусу эч нерсе болбостон, ар түркүн космикалык таасирлердин натыйжалары. Ошондой болгон менен, бул күчтүү таасирлер жер жүзүндөгү жеке инсандын жашоосуна өзгөчө таасир бербейт, бирок акыр аягында жеке инсандар Homo Sapience үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгондуктан, алар кайсы бир деӊгээлде таасирге дуушар болушат.

Ар бир адамдын өмүрү алдын ала сызылган жана анын жакшы менен жаман, туура менен туура эместин ортосунда тандай турган эрки, же тандаганга укугу жок экендигин күбөлөндүргөн эч нерсе жок. Ыйык Куран чечкиндүү түрдө мажбурлоо түшүнүгүн четке кагат жана ар бир адам жакшы менен жамандын ортосунда анын бирөөсүн тандаганга эркин деп ачык айтат:

Ислам Алла Мухаммад дин

Окулушу: лаа ик-раа-ха фид-дийн. (2:257)

Котормосу: Динде эч кандай зордук-зомбулук жок. (2:257)        

Ошондой эле:

Ислам Алла Мухаммад

Окулушу: лаа ю-калли-фуллаа-ху наф-сан илаа вус-ъа-хаа ла-хаа маа ка-са-бат ва алай-хаа мак-та-са-бат. (2:287)

Котормосу: Алла эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артык жүктү жүктөбөйт. Ал кылган амалы өзү үчүн жана ал «тапкан» жамандыктын кесепети дагы өзүнө тиет. (2:287)         

Дагы:

Ислам Алла Мухаммад

Окулушу: ва ал-лай-са лил-ин-саани-иллаа маа саъаа. (53:40)

Котормосу: Инсан үчүн ал өзү умтулган нерседен бөлөк эч нерсе жок. (53:40)

Ошондой болгон менен, динге байланыштуу алдын ала сызылган жана өзгөргүс тагдырдын кээ бир чөйрөлөрү бар. Алар Ыйык Куранда Алла тааланын Сүннөтү деп айтылган. Андай Сүннөттүн бири – Алла тааланын пайгамбарлары кабыл алынабы же жокпу, баары бир жеӊишке ээ болушаары тууралуу тагдыр. Эгер алар четке кагылса, каршылаштардын ойлогондору таш кабат. Алардын душмандары кандай күчтүү болбосун, ага карабастан, пайгамбарлар, алардын кабарлары жана миссиясы дайыма үстөмдүктө болот. Адамдардын жандуу тарыхынан бир нече мисал: Муса (алайхиссалаам) менен Фараондун, Ыйса (алайхиссалаам) менен анын каршылаштарынын жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен анын душмандарынын ортосундагы каршылашуулары. Пайгамбарлар менен алардын душмандарынын ортосундагы өткөн күрөштөн мураска калганы – диндин триумфу. Ибраахийм (алайхиссалаам) жана анын ишеними, ошондой эле аны жана анын кабарын кармангандар дүйнөгө үстөмдүк кылышууда. Муса (алайхиссалаам) жана аны ардактагандар, Ыйса (алайхиссалаам) жана анын кабары, ошондой эле Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын миссиясы дээрлик бүт дүйнөнү ээлеп жатат. Бирок алардын оппоненттеринин ишин жана баалуулуктарын карманган эч бирөөнү азыр таба албайсыӊ. Бул тагдыр адамдар менен адамдардын ортосундагы башка каршылашууларда ишке ашпайт. Жалпы эреже болгону күчтүү эрк алсызын жок кылат. Диний тагдырда карама-каршылык өзгөргүс принцип.

Табият мыйзамдары тегиз багыт аркылуу кеткени менен, адатта жалпы эрежелерден тышкаркысын таппайсыӊ, бирок Курандын ар түрдүү аяттарынан алынган жыйынтыктоолорго караганда, бизге белгилүү болгон табияттын мыйзамдары көптөгөн категория менен тармактарга таандык. Алар өздөрүнүн тармактарында бири-бири менен кагылышпайт, бирок башка мыйзамдар менен карама-каршы чыгышканда, көбүрөөк күчкө ээ болгон мыйзамдар дайыма алсызыраактарына үстөмдүк кылат. Жада калса, эӊ кенен, таасири күчтүү мыйзам кичине тармак ичиндеги ага каршы аракет кылган күчтүүрөөк мыйзам тарабынан жеӊилиши мүмкүн. Термодинамикалык жана электромагниттик мыйзамдар гравитациянын мыйзамдарына каршылаш болуп келгенде, аракет кылуунун чектелген эле тармактарын басып алат. Ошондо да өзүнүн таасири боюнча гравитация мыйзамы абдан кеӊири жана алыска кетүүчү мыйзам. Адамдын табиятты түшүнүгү, муундан-муунга өтүшү менен өөрчүп баратат. Мүмкүн эмес делинип четке кагылган нерселер кабыл алынып, жалпы байкоолорго ээ болуп, эрежелерге айлана баштайт. Бул кириш сөздүн пикиринде, Исламдын пикири боюнча, эгер Алла таала Өзүнүн атайын бир кызматчысын кээ бир катылган мыйзамдардын ачылыштары менен жалгагысы келсе, байкоочулар тарабынан андай ачылыштар керемет-муӊжизалар жана жаратылыштан сырткары көрүнүштөй кабыл алынат. Бирок, кандайдыр бир теӊ салмактуу таасир берүү үчүн табияты жагынан көзөмөлдөнгөн бул нерселер табият мыйзамдарына ылайык жүз берет. Бул жерде тагдыр Алла тааланын атайын кызматчысынын турмушунда өзгөчө роль ойнойт. Ошондой эле тагдырды шарттардын алсыз продуктусу болуп көрүнгөн жеке инсандын генетикалык, социалдык, экономикалык абалына же билим деӊгээлине байланыштуу болгондой түшүнсө да болот. Жеке инсандын мындай алсыздыгы анын өзү башкара албаган тагдырын жасайт. Ошондуктан, бай адамдын баласын оозунда күмүш кашыгы менен туулган дешет.

Адамдын туулган шарттары, өскөн чөйрөсү, ар бирөөнүн жашоосунда роль ойногон шанстын күнүмдүк оюну, бирөөнүн пайдасына же каршы бурулган бактысы, бирөө кутулган же кабылган кырсыктар – ушулардын баары жеке инсандын оюндагыдай боло бербейт. Ошондо да анын жашоосун оӊдоодо же оӊдобоодо маанилүү ролду ойногон окуя менен кырсыктарга өзгөчө бута болгон деп эсептөөгө болбойт. Кедейликтин жамаачысына шыкалган үйлөрдө төрөлгөн жеке инсандар көбүн эсе майда же андан да олуттуу кылмыштардын курмандыгы болуп кетишет. Жакырчылык кылмышты жараткан жана сүрөгөн факторлордун баарынан эӊ өкүмдүү күч. Эгер муну тагдыр деп түшүнсөк, анда ал Жаратуучуга караӊгы чүмбөт жабат. Ошентип, биринчиден, тагдыр иш-чаралардын зор долбоорунун гана бөлүгү экенин ачык түшүнүү керек. Ал атайын бир үй-бүлөдөгү адамдарга каршы атайын буйруктарды чыгарбайт. Кеӊири экономикалык планда салыштырмалуу кепилдиги бар жана кепилдиги жок адамдар, бактылуураак же бактысызыраак болууга тийиш. Аларды тууларынан мурда эле тагдырды Жаратуучу өзгөчө бир белгилүү шарттарда төрөлсүн деп мөөр басып койгон деп айткан туура эмес. Алигиче жооп ала турган башка суроолор да бар. Өздөрү жасаган кылмышка байланыштуу салыштырмалуу; жакшыраак шарттарда туулгандар менен шарты аз же таптакыр эле жокторго, кылмышка шыкак берген факторлору бар болгондорго салыштырмалуу кандайча мамиле кылууга болот? Эгерде кылмыш бирдей эле болсо, анда аларга бирдей эле мамиле кылууга болобу? Ыйык Куран бул татаал суроого төмөнкү аятта жооп берет:

Ислам Алла Мухаммад

Окулушу: лаа ю-калли-фуллаа-ху наф-сан илаа вус-ъа-хаа. (2:287)

Котормосу: Алла эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артык жүктү жүктөбөйт. (2:287)

Мунун мааниси, анын артында адамды курчаган социалдык абалбы же башка факторлорбу, бул албетте, эске алынып, ошого жараша ал соттолот. Алла тааланын көз карашында механикалык түрдө жазаланган кылмыштын өзү эле эмес, кылмыш жасоого түрткү болгон бардык факторлор да эсепке алынып, акыркы жыйынтыгында акыйкат ишке ашат. Бактылуу да, бактысыз да бирдей эле катуу жаза менен соттолбойт. Албетте, чечим чыгаруу укугу кылмыш жасаган адамдын чөйрөсү жана өзгөчө кырдаалына тапшырылат. Ошол сыяктуу эле, кайсы адамдын айлана-чөйрөсү жакшылык кылууга тоскоолдук кылса, ошол адамдын кылган жакшылыгы – айлана-чөйрөсү жакшылык кылууга түрткү берген адамдын жакшылыгынан көрө көбүрөөк сыйланат.

Ошентип, тагдыр маселеси өтө татаалданышкан, бирок акыркы чечим баардыгын Билүүчү, бардыгына Кеӊ Пейилдүү, бардыгына Кудуреттүү жана Эӊ Даанышман Алла тааланын колунда болгондуктан, акыры акыйкаттын чечими чын эле үстөмдүк кылат.

Адам жакшы менен жамандын, туура менен жалгандын ортосун тандай ала турган, өзүнүн эркин ишке ашыра ала турган белгилүү чөйрөсү бар, ал үчүн ал өзү жоопкер болот. Башка жагынан, кыймылдатуучунун колунда так теке болгон жана адамдын өзүнүн эркине бир аз гана баш ийген чөйрөлөр да бар. Улуттар жана адамдардын тагдырларын камтып, аны көзөмөлдөй турган табияттагы нерселердин жалпы планы ошондой чөйрөлөрдүн бири. Мүмкүнчүлүгү кеӊири шарттар коомдогу жеке инсанды таптакыр алсыз кылат, ал оюндагысын кыла албастан, каптаган суунун толкуну агызып бараткан кыпындай болуп кошо жылып кете берет.

Тагдыр маселеси абдан татаал жана кеӊири болуп, өзүнчө жана толук талкууну талап кылат. Ошентип, мына ушул бир нече ишаараттар менен талкуубузду аяктайбыз. («Исламдын элементардык окуусу», 56-62-бет, Бишкек – 2008)

Share via