«Мусулман» деген сөздүн аныктамасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Мусулман» деген сөздүн аныктамасы

Алла Тааладан такыр коркпой калган кээ бир молдокелер Ахмадия Мусулман Жамаатын жана ушул чыныгы Ислам жамаатына мүчө болгон нукура мусулмандар – Ахмадий мусулмандарды «адашкан» жана «Ислам дини менен тиешеси жок адамдар» деп фатва чыгарышкан экен. Ушул сыяктуу фатвалар менен алар карапайым калайык-калкка жана ичи таза жөнөкөй мусулмандарга Ахмадия Мусулман Жамаатын жаманатты кылып көрсөтүп, аларды ушул Жамааттан алыстатууну көздөшөт. Карапайым эл диний билими аз болгондуктан, муфтий мындай дептир, молдо тигиндей айтыптыр деп ошол молдолордун сөзүнө кирип, Ахмадия Мусулман Жамаатын жана Ахмадий мусулмандарды жек көрө башташат. Бул абдан маанилүү маселе болгондуктан, бүгүн «мусулман» деген сөздүн аныктамасына токтолмокчубуз. А дегенде, мусулман ким деген суроо туулат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүүлүгүндө мусулман болууну каалаган адам өз тилинен

ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛААХУ МУХАММАДУР-РАСУЛУЛЛААХ

ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛААХУ МУХАММАДУР-РАСУЛУЛЛААХ

(Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок жана Мухаммад Алла Тааланын Элчиси) деп билдирчү. Мына ушул билдирүүнү жасамайынча ал «мусулман» деп аталчу эмес. Ошондой эле ушул келимени четке какмайынча эч ким аны «мусулман эмес» деп да айтчу эмес.

«Сахих Бухарий» деген китепте бир хадис кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеден Мадинага хижрат кылып (көчүп) келгенде, Мадина жарандары аралашып кетишкен эле. Тагыраак айтканда, мушриктер, христиандар, яхудийлер жана мусулмандар. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарды каттоого буюрган жана мусулмандардын ат-жөнүн жазуу үчүн бир эле усулду (принципти) белгилеген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан эле:

УКТУБУУ ЛИЙ МАН ТАЛАФФАЗА БИЛ-ИСЛАМИ МИНАН-НААСИ.

УКТУБУУ ЛИЙ МАН ТАЛАФФАЗА БИЛ-ИСЛАМИ МИНАН-НААСИ.

Мааниси: кидме-ким өз тилинен мен Исламды кабыл кылдым деп айтса, анын атын мусулмандардын тизмегине жаза бергиле. («Бухарий» Китаабул-Жихади вас-сайир, Баабу китаабатил имаамин-нааси)

«Сахих Бухарийде» дагы бир хадис кезигет:

АН АНАСИБНИ МААЛИКИН, КААЛА: КААЛА РАСУЛУЛЛААХИ САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА: «МАН САЛЛА САЛААТАНАА ВАС-ТАКБАЛА КИБЛАТАНАА, ВА АКАЛА ЗАБИЙХАТАНАА ФА-ЗААЛИКАЛ-МУСЛИМУЛЛАЗИЙ ЛАХУ ЗИММАТУЛЛААХИ ВА ЗИММАТУ РАСУУЛИХИЙ, ФА-ЛАА ТУХФИРУЛЛААХА ФИЙ ЗИММАТИХИЙ». (БУХАРИЙ КИТААБУС-САЛААТ, БААБ ФАЗЛУ ИСТИКБААЛИЛ-КИБЛАТИ)

АН АНАСИБНИ МААЛИКИН, КААЛА: КААЛА РАСУЛУЛЛААХИ САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА: «МАН САЛЛА САЛААТАНАА ВАС-ТАКБАЛА КИБЛАТАНАА, ВА АКАЛА ЗАБИЙХАТАНАА ФА-ЗААЛИКАЛ-МУСЛИМУЛЛАЗИЙ ЛАХУ ЗИММАТУЛЛААХИ ВА ЗИММАТУ РАСУУЛИХИЙ, ФА-ЛАА ТУХФИРУЛЛААХА ФИЙ ЗИММАТИХИЙ». (БУХАРИЙ КИТААБУС-САЛААТ, БААБ ФАЗЛУ ИСТИКБААЛИЛ-КИБЛАТИ)     

Мааниси: кимде-ким төмөнкүдөй үч (3) ишти аткарса, биз сыяктуу намаз окуса, Кыбылабызга жүздөнсө, биз сойгон малдын этинен жесе, ал мусулман. Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) ал адамдын мусулман экенине кепилдик берүүдө. Демек, силер Алла Тааланын кепилдигин бузбагыла. («Бухарий» Китаабус-салаат, Баабу фазлу истикбаалил-киблати)

Каршылаштарыбыздын баары муну билишет: Ахмадия Мусулман Жамааты өзүн мусулман дейт. Беш маал намазды аткарат. Кыбыла жакка жүздөнөт. Мусулмандар сойгон малдын этин, тагыраак айтканда, алал этти жейт. Ахмадийлердин мусулман экендигине Алла жана Анын Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кепилдик берүүдө. Кимде жогорудагы үч (3) өзгөчөлүк бар болсо, ага Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кепилчи, силер ошол кепилдикти бузбагыла.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген экен: менин үммөтүм 73 агымга бөлүнүп кетет. Алардын бирөөсүнөн башка калган 72си туура эмес жолдо болот. Ошого карабастан ал жетимиш эки (72) агымды үммөттөн айдаган эмес жана баланча агымды үммөттөн айдап жибергиле деп бирөөгө уруксат да берген эмес. 73 агымдан бирөөнү гана туура жана жаннатий (бейишке баруучу) деп айткан, бирок калган жетимиш эки (72) агымды мусулман үммөтүнөн айдоого, аларга каршы чара көрүүгө, аларды жек көрүүгө, аларга каршы болбогон фатваларды чыгарууга уруксат берген эмес.

Кыскасы, Ахмадийлердин келиме кетиргендигине карабастан, Каабаны Кыбыла туткандыгына карабастан, алал эт жегендигине карабастан, молдокелердин бир ооздон: «Ахмадийлер Исламдан чыккан», – деп фатва чыгаргандыгы Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата баш ийбестиги.

Ыйык Курандагы «Ал-Хужураат» сүрөөсүндө Алла Таала мындай деп айтат:

КААЛАТИЛ-АЪРААБУ ААМАННАА КУЛ ЛАМ ТУ'МИНУУ ВАЛААКИН КУУЛУУ АСЛАМНАА ВА ЛАММАА ЙАДХУЛИЛ-ИЙМААНУ ФИЙ КУЛУУБИКУМ. (49:14)

КААЛАТИЛ-АЪРААБУ ААМАННАА КУЛ ЛАМ ТУ’МИНУУ ВАЛААКИН КУУЛУУ АСЛАМНАА ВА ЛАММАА ЙАДХУЛИЛ-ИЙМААНУ ФИЙ КУЛУУБИКУМ. (49:14)

Котормосу: Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз» – дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик» – дегиле. Ыйман силердин жүрөктөрүңөргө толук жете элек». (49:14)

Бул аятта Алла таала мындай деп айтат: «Эй, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)! Аларга айтып кой: «мусулман» деп аталууңарга уруксат бар. Тактап айтканда, Алла Таала вахий-аян аркылуу алардын жүрөктөрүндө каапырлык бар экенинен, азырынча ыйман кирбегенинен кабар берди, бирок ушуга карабастан, «мусулман» деп аталуу акысын алардан тарткан эмес. Демек, эй, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)! Алар өздөрүн «мусулман» деп айткандан кийин, аларды «каапыр» деп айтуу укугу эч кимде жок.

Кыскасы, Ыйык Куран жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарын жана көрсөтмөлөрүн уккан жана окуган соң жүрөгүндө кенедей да ыйман бар адам кайсы бир жамаатты же тайпаны же адамды «каапыр» деп айтуудан сак болуусу керек. Эмне дегенде, Алла Таала жана Анын Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кепилчилигин бузган адамдын акыретине эч бир кепилчилик калбай калат. Ахмадия Мусулман Жамаатын жана ушул куттуу Жамааттын мүчөлөрүн «адашкан» жана «каапыр» деп, ар кандай «супсак» фатваларды чыгаргандар ушул ойдон кайтышар деген үмүттөбүз.

Share via