Алла тааланын жалгыздыгына ишенүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла тааланын жалгыздыгына ишенүү

Бул ишеним жөнөкөй жана элементардуу концепциядай көрүнөт. Алла Тааланын жалгыз экенин түшүнүү эч кимге татаал эместей сезилет. Бирок, бул концепциянын тереӊинде биз ойлогондон да көбүрөөк маани бар. «Тек бирөө» деген концепциянын түпкү тереӊинен карап көрсөк, диндин бүткүл дүйнөсү ушул эле негизги түшүнүктүн тегерегинде айланып тургандай туюлат. Бул ишеним адамдын жашоосунун бардык тармактарына таасирин тийгизет жана Алла Тааладан башка бардык нерселерди жокко чыгарат. Ошентип, Алла Тааланын жалгыздыгына ишенүү – бул бүт бардык ынанымдын аягы эмес, тескерисинче ал түбөлүк чындыктын булагы болуп, андан бардык бөлөк ишенимдер таркайт. Ошондой эле бул бардык башка кулчулуктардан бошонуунун кабарын алып келип, адамзатты анын Алла Таалага болгон баш ийүүсүнөн бөлөк бардык милдеттерден куткарат.

Бул ишеним Ыйык Куран жана Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистеринин экөөсүндө теӊ тереӊирээк айкын көрсөтүлгөн. Мисалы,

Ислам Алла Куран

Лаа хавла валаа куввата иллаа биллах[1] сөзү «Жалгыз» дегендикти тереӊ жана кеӊири түшүнүүгө жаӊы жолдорду ачат. Ал Алла Тааладан коркуудан башка бардык кооптонууларды жокко чыгарат. Ошол үзүндүнүн экинчи бөлүгү Алла Таала «Жалгыз» экендигинин дагы бир маанилүү аспектисин, башкача айтканда, жакшылыкка жетишүү жолундагы күч-кубат жалгыз Алла Таалага эле байланыштуу экенин жана Алла Таала күч-кубаттын бардык булактарынын Ээси экенин айтат. Ошентип, биринчи бөлүгү күч-кубаттын терс аспектисине байланышкан болсо, экинчи бөлүгү оӊуна байланышкан.

Адамдын иш-аракетине ылайыктуу келген ниеттер менен жүйөлүү себептерин жана ушул сыяктуу нерселердин баарын аталган эки эле күч камтыйт. Адамдын ниеттери менен келечектеги аракеттери дайыма коркунуч же үмүт менен жетектелип, көзөмөлгө алынат. Бул эреже-мыйзамда өзгөрүү жок. Жакшы иштерди кылгандар да, бузукулукка берилгендер да, коркунучтан же үмүттөнүүдөн ошондой иш-аракет кылышат. Ишенбегендердин коркуусу кудайсыздыктын терс категориясына кирет жана алар жашоосун ушул дүйнөлүк коркунучтарга ылайык калыптандырышат. Кээде алар падышалардын жана бийликтегилердин нааразылыктарына кабылуудан коркушат. Кээде алар жалпы эле коомдун өзүнөн же заалимдер менен бузукулардан коркушат. Кээде алар жакырчылык менен жоготуудан жана ушул сыяктуулардан коркуп, жамандыкка барышат. Ошентип, дүйнөдөгү бузукулукка толгон адамдардын кылык-жоруктарынын көбүн ошол коркууларга байланыштуу деп түшүндүрүүгө болот.

Алла Тааланын Жалгыздыгына болгон ишенич мындай коркунучтарды таптакыр жоюп, Алла Тааладан коркуунун маанилүүлүгүн акылга киргизет. Анын мааниси, ар бир адам: «Кудайсыздар менден капа болбосун», – деп коркпостон, Алла Тааланы нааразы кылуудан оолак болууга умтулушу керек жана өзүнүн жашоосун жалгыз ошол коркууга гана байлашы керек. Оӊ маанисинде, ошол эле нерсе бардык адамдык ыргактар жана иш-аракеттердин натыйжасына туура келет. Адам баласы дайыма бирөөнү ыраазы кылуунун кандайдыр бир шыкагы менен жашайт, өзү да андан чыга албайт. Чындыгында, ал көп учурда өзүнө жакындардын эсебинен болсо да, керт башын ыраазы кылуу үчүн иштейт.

Бул аракеттин күчөгөн түрү адамды «мен» деген өзүмчүлдүгүнө сыйындырып коёт. Максатына жетишүү үчүн өзүнүн ырахатына байланыштуу болгон кимдир бирөөнү ыраазы кылышы керек болот. Бул үчүн ал кайрадан падышалардын, бийликтегилердин ж.у.с. көӊүлүн такай таап турууга жан талашып аракет жасашы керек болот. Бул – биз кеп кылып жаткан нерсе кулчулуктун эӊ жаман көрүнүшү. Кулдун үмүттөрү жана коркунучтары толугу менен анын кожоюнунун эркине, маанайына жана нааразылыгына көз каранды. Бирок, Кудайсыз адамдын ээси бирөө эле эмес, тескерисинче анын жеке кызыкчылыгына тиешеси бар ар бир адам ага Кудай сыяктуу көрүнөт. Эгерде силер социалдык, моралдык же саясый жамандыктардын негизги кесепетин талдасаӊар, адамдын адамга сыйынуусу жан-дүйнөнүн тынчтыгын бузат. Натыйжада, бүтүн коом бузула баштайт.

Бул көз караштан алганда, «Алла Тааладан башка Кудай жок, Ал Бирөө жана Жалгыз» деген фундаменталдуу декларацияга дагы бир көз чаптырсаӊар, Алла Таалага байланышпаган башка нерселер сыйкырдуу таякчанын бир шилтеминен тарагандай, чачырап жок болуп кетет. Башкача айтканда, жалгыз бир гана кожоюнду тандап алуу менен силер башкаларга моюн сунган кулчулуктан бошоносуӊар. Бир канча «кудайга» кул болуп жүргөн башкалардай кул болгонуӊар – чынында эле начар соодага кабылганыӊар. Бирок, бул ушуну менен эле бүтүп калбайт. Мындай адамдарга сыйынгандар көпчүлүк учурларда аларга жакшылык да, жаманчылык да кыла албай турган өздөрүнүн оюнан чыгарган кудайлары. Экинчи жагынан, көптөгөн адамдар өздөрүндөй эле болгон, өлүмгө дуушар боло тургандарга сыйынышат. Алардын баарына өздөрүнүн «мендиги» жетекчилик кылат. Ошентип, алардын ар бирөөсү көптөгөн өзүмчүл кудайларга жүгүнүп келет, алардын кызыкчылыктары бири-бири менен кагылышууларга учурап, акыр аягында баш аламандыктын чеги болгон абалга такалат.

Исламдагы Алла Тааланын «жалгыздыгы» деген түшүнүк адам тукумунун бүтүндүгүн, расалык жана түс белгилеринин айынан болгон тоскоолдуктардын бардыгын жок кылган түшүнүккө адамды ынандырат. Бул Исламдын өзгөчө мүнөздөмөсү болгон диндеги теӊчиликтин эл аралык түшүнүгүн жаратат. Ошентип, Алла тааланын үстөмдүгү жагынан алганда, Анын алдында бардык адамдар каерде болбосун, кайсы заманда төрөлбөсүн, бирдей болушат. Бир аздан соӊ өзүӊөр күбө болгондой, дал ушул негизги нерсе Исламдагы бардык башка фундаменталдык ишеним менен доктриналарга жол ачат. Мындан мурда кыскача айтылгандай, Исламдын «жалгыздык» доктринасы анык жана бөлүнгүс. Бул жагынан, Алла Таалага кандай формада болбосун, бир нерсе кошууга эч орун жок. Анын эч кандай атасы да, энеси да, жолдошу да жок. Анын балалуу же кыздуу болуусу акылга таптакыр сыйбайт.

Курани карим баяндагандай, Алла Тааланын жалгыз экендигинин дагы бир маанилүү аспектиси – Анын жаратылышындагы толук теӊ салмактуулук. Мына ушул теӊ салмактуулук түшүнүгү Эйнштейнге абдан жаккан. Ал табияттагы кынтыксыз симметрияга баа берүүгө аргасыз болгон. Анын ою боюнча, ал Жаратуучунун жалгыздыгын талап кылат. Ал илимпоз болгондуктан, теӊ салмактуулук тууралуу анын байкоосу материалдык дүйнө менен гана чектелген. Бирок Курани карим жаратылыштагы гармониянын бардык мүмкүн болгон колдонулушун айтып берет. Ыйык Куран Алла Таала жараткан жаратылыштын ичинде да, Алла Таала түшүргөн Ыйык Китептеринде да эч кандай дисгармония жок деп айтат; Алла Таала жараткан бир тармак менен экинчи тармак толук байланышта. Анын бир Китеби менен башка Китеби толук макулдукта.

Мындан келип чыккан жыйынтык – Алла Тааланын Сөзү менен Алла тааланын жасаган Иши бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле жаратылыш менен Алла тааланын пайгамбарларына вахий-аян болуп берилген Сөзүнүн ортосунда эч кандай карама-каршылыктар болушу мүмкүн эмес. Бул маселе «Аль-Мулк» сүрөөсүнүн алгачкы беш аятында абдан көркөм берилген. Ошондой эле Курани каримдин башка аяттарында да бул маселе ар тараптуу талданган.

Жеке адамга келгенде, (Алла Тааланын) жалгыздыгына ишенүү адамдарды окутууда жана тарбиялоодо абдан маанилүү ролду ойнойт. Ал адамдын көз карашы менен анын жүрүм-турумунда кандайдыр бир ырааттуулукту талап кылат. Ошондой эле анын Алла таала жана адамдар менен болгон алака-байланышында да кандайдыр бир туруктуулукту каалайт. Ошентип, бул нерсе жаратылышты биримдиктеги бир бузулгус чынжырга ширетет. Бир жана жалгыз Алланын атынан коомдогу бир тайпаны башка бир тайпага каршы тукурган диний адам сөрөйлөрдүн жасаган иштерине көӊүлүбүздү бурсак, муну жакшыраак түшүнүүгө болот. Алла Тааланын жалгыздык принциби ошондой иштерге шайкеш келбейт. Ошондуктан, Алла Таала менен Анын макулуктарынын ортосун бөлүп-жарууга жана Алла Тааланын жаратылышынын ичин бөлүүгө жол бербейт. («Исламдын элементардык окуусу», 8-12-бет, Бишкек – 2008)


[1] Алла тааладан башка эч кимде күч-кубат жок.

Share via