Периштелерге ишенүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Периштелерге ишенүү

Периштелердин бар экендиги ар кайсы өлкөлөрдө жана ар түрдүү диндерде эл аралык масштабда кабыл алынган доктрина. Бирок, ошондой болсо да, кээде алар башка ат менен аталып жүрөт. Болгон айырмасы – аталышы. Ошондой эле периштелердин табиятын ар кайсы диндердин жолдоочулары ар кандайча түшүнүшөт. Ислам дини периштелерди адамдар сыяктуу өздөрүнүн денелери бар, табиятынан көрүнбөгөн-руханий, көктөгү жандар катары сүрөттөйт. Алардын ойногон негизги ролу – бул Алла тааладан адамдарга кабар жеткирүү. Бирок, көпчүлүк адамдар аларды туура эмес түшүнүшөт, жада калса, Исламдын ичинде аларды адам кейпинде же кандайдыр бир башка кейпи же сөлөкөтү бар деп түшүнүшөт. Бул түшүнүк, чынында эле, материалдык жашоодон ажырагыс ой. Нерсенин кейпи жана даана белгиленген чектери болушу керек, бирок рух адам баласы түшүнгөн беш өлчөмдөн тышкары нерсе. Эгер динге ишенген адам болсо, ал рухтун бар экендигине  ишене алат; болбосо рухтун кейпи менен сөлөкөтүн элестетүү анын колунан келбейт. Ыктымал, ушул маселени чечүү үчүн жана адамдардын периштелерди элестетүүсүн жеӊилдетүү үчүн алардын адам кейпинде ыйык адамдарга түшкөндүгү айрым диний Китептерде баяндалган. Ал гана эмес, алар Алла тааланын кээ бир пайгамбарларына куштар кейпинде пайда болуп көрүнгөнү белгилүү. Ыйса (алайхиссалаам)га Ыйык Рух көгүчкөн болуп келген:

«Ыйса чокундурулуп, ошол замат суудан чыкты. Ошол замат асман ачылды да, ал Кудайдын Руху көгүчкөн сымал түшүп аны жаркыратканын көрдү». (Матфей 3:16)

Мүмкүн, түрдүү диндерди тутунгандардын арасында үстөмдүк кылуучу жаӊылыштыктарга көбүнчө диний Китептерде табылган периштелердин кейпи менен табияты жөнүндөгү ушундай ар түркүн үзүндүлөр себеп болсо керек. Түп нускаларда периштелер ааламда бир белгилүү тапшырманы аткаруу үчүн Алла Таала тарабынан атайын жаратылган жардамчылар катары гана түшүндүрүлсө, ал эми кээ бир диндерде периштелерден кичине кудайчалар менен кудайлар жаратылган. Бул жөнүндө бизде көптөгөн диний Китептерден алынган айкын далилдер бар. Ошентип, кээ бир адамдар ушундай баяндоолордун маанисин жаӊылыш түшүнүп, периштелерди Алла тааланын кичүү шериктери катары мамиле кыла башташат.

Эми келгиле, периштелердин табиятын – жалпы карманган көз караш боюнча эмес, тескерисинче Ыйык Курандын үзүндүлөрү менен Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистерине кайрылуу менен гана түшүнүүгө аракет кылалы. Курани карим боюнча, бүткүл диний дүйнө сыяктуу эле бардык материалдуу аалам да кандайдыр бир руханий күчтөр тарабынан көзөмөлдөнөт, алар «периштелер» деп айтылат. Туура, Жабрааийл, Микааийл же Азрааийл сыяктуу кээ бир периштелер жеке адам катары сүрөттөлгөн, бирок чынында алар жалгыз аракеттенишпейт. Ар бир функция үчүн бирден жетекчи же улуу периште тийиштүү функцияны аткарат жана анын кол астында периштелердин тобу кызмат кылышат. Ыйык Куранда алар «Теӊирдин кошуундары» деп аталышкан. Алар эмнени аткарышса да, Алла Тааланын эрки боюнча жана Ал Зат нерселерге берген схемага жараша аткарышат. Аларга белгиленип берилген көрсөтмөлөрдүн багытынан же Алла тааланын амиринен эч жакка четтеп кете алышпайт.

Курани карим боюнча ар бир пенде үчүн анын жакшы жана жаман амалдарын, болгонун болгондой жазып турууга экиден периште дайындалган. Бул жагынан, периштелердин милдети – жазып алуунун эӊ эле чиеленишкен жана тереӊ системасын жөнгө салып туруу. Бирок, бул ар бирөө колуна китеп алып көргөнүнүн баарын жаза салып жүрөт дегенди билгизбейт. Чындыгында, периштелер адам баласынын жасаган амалдарынын – анын руху жана өзүнө тийгизген таасиринин абдан татаал системасы үчүн жооптуу. Анын натыйжасында жакшы адам сергек рухту өнүктүрөт, ал эми жаман адам начар рухту өнүктүрөт.

Ар бир адамдагы рух – анын өлөөрүнө чейин болушунча калыптанып турат жана ага адамдын ойлорунун, иштеринин ж.б.ларынын эффектилерин өткөрүп берип туруучу аӊ-сезимдүү Уюштуруучу керек. Бул деген абдан татаал, адамзат толугу менен түшүнө албаган процесс. Бирок бир чети ошондо да, кеӊ пейил, үлгүлүү жүрүм-турумга ээ болгон адамдардан көрө, анын терс формасына ээ болгон кылмышкерлердин маселесинде буга күбө болобуз. Туура, мындай көрүнүштү ак же кара дагы башка материалдык терминдер менен сүрөттөөгө мүмкүн болбосо да, мындай айырмачылыкты бирөө таптакыр эле байкабай калышы мүмкүн дегендик да дурус эмес. Чынында эле бир чоӊ ааламды башкаруу жана анын башталуусунан тартып, миллиарддаган жылдарга созулган эволюциялык тарыхын такай көзөмөлдөө жана контролдоо эбегейсиз зор уюштуруучулукту талап кылат. Бул иш сансыз периштелер тарабынан аткарылат. Алар – Алла тааланын өкүлдөрү катары иш жүзүндө кеӊ ааламды жана анын татаал мыйзамдарынын системасын башкарышат.

Уламыштардан биз периштелердин көп түрдүүлүгүн ар кандай келбетте материалдашуу же пайда болуу жөндөмдүүлүгү бар болгонун гана түшүнө алабыз. Бул алардын реалдуу формасы жана жашоосуна эч кандай байланышы жок. Ал адамзаттын элестетүүсүнөн ары жана бизге белгилүү болгон өлчөмдөрдөн башка өлчөмдөргө ээ болгон нерсе.

Бир жолу чоочун адамдын капысынан Исламдын Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн сахаабалары менен олтурган мечитке кирип келгендиги баяндалган. Бул адам жыйынга жакындап келип, адептүүлүк менен биринчи катарга олтуруп, Исламдын табиятына байланыштуу суроолорду бере баштайт. Ал суроолорунун тизмегин бүтүп, чыгып кетет. Ал жерде олтургандар абдан таӊ калышат. Анткени, биринчиден, бул адам мечитке жетиш үчүн алыстан жол жүрүп келген таптакыр бейтааныш адам болчу. Кичинекей айылдарда мындай визиттердин болгондугу билинбей калбайт жана ким кайсы себептер менен келгенин элдин баары билип турат эмеспи. Бул окуяда болсо, анын келүүсү күтүүсүз болгондуктан, элге табышмактуу болуп көрүнгөн. Экинчиден, анын жүрүм-турумунда же кийиминде жолоочунун эч белгилери жок болчу. Ал сергек көрүнгөн, кынтыксыз таза кийимчен жигит болчу. Баарынан да анын эч кандай кириш сөзү жок эле суроо бере баштаган жоругу жана анын чукул кетиши, ачык айтканда, өтө эле адаттан тышкары болчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары сурай электе, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) (табышмактуу) адам, чындыгында, Жабрааийл периште болгонун маалымдайт. Ал сахаабалардын берилген жооптордогу фактылардан кабардар болуусу үчүн негизги суроолорду сураган эле. Кээ бир сахаабалар өздөрү ойлогондой, өзгөргөн келбетке кирген периштеге жолугушуу үчүн мечиттен чуркап чыгышты, бирок анын изин эч жерден таппай калышты. Айылдын ичиндеги эч ким андай адамды көргөнүн ырасташпады. Абдан ишеничтүү хадис китептеринде жазылгандай, периштелердин кээде жөнөкөй адамдын кейпинде ар кандай тапшырмаларды аткаруу үчүн келерин биз чоочулабай эле жыйынтыктай алабыз. Периштелер жөнүндө көптөгөн башка хадистерден, өзгөчө Бадр жана Ухуд салгылашууларына байланыштуу баяндоолордон табабыз, бирок бул маселеге өтө узак токтолгонубуз туура эместир.

Жогоруда түшүндүрүлгөн Курандын көз карашына каршы дүйнөдөгү дээрлик бүт дин өкүлдөрүнүн арасында периштелер көккө таандык макулук болгондугу туурасындагы жалпы түшүнүктөн көрө жомоктордогудай макулук деген түшүнүк артыкчылык кылат. Алардын куштардай же перилердей канаттары бар болгону жана бир жерден бир жерге канатын каккылап учканы айтылат. Бул туура эмес түшүнүк, мүмкүн диний терминологияны өтө эле эркин коё берип, табышмактуу жана көп учурларда салыштырмалуу эскертмелерден келип чыккан. Ошентип, Ыйык Курандан да периштелерге байланыштуу экиден, үчтөн, төрттөн канаттары бар экенин көрөбүз:

Ислам Алла Периште

Котормосу: Бардык мактоо асмандар менен жердин Жаратуучусу, периштелерди экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу (кудуреттүү) элчи кылуучу Аллага таандык (35:2)

Тереӊ караӊгылыктарга ээ болгон мына ушул бардык үзүндүлөрдү түшүндүрүүнүн Ыйык Куранда өзгөчө стили бар,  ал муну башка окшош сөз бирикмелеринин жардамы менен түшүндүрөт. Мисалы, канаттар жөнүндөгү ушул баяндардын бир уулдун карыган ата-энесине болгон мамилесине да байланыштуу экенин табабыз. Ушул мазмунга басым жасап жатып, Ыйык Куран уулун анын бала кезинен тарбиялап өстүргөн ата-энесине боорукерлик канаты менен калкалашына насаат берет. «Канат» касиеттер менен «күчтөр» дегенди гана билгизет жана биздин ишенимибизде дал ушул мааниде канаттар периштелерге ыйгарылат же кудайлык белгилери бар ар түрдүү диндерден чыккан адамдарга жалганат. Маселен: Гитада Кришнанын эки колунун ордуна төрт колу бар экендиги белгилүү. Ушул экиден артык кол башка диний китептеринде табылуучу канаттардай эле максаттар үчүн кызмат кылат.

Периштелер жаратылыштын мыйзамдарын көзөмөлдөп, сактап турушу үчүн жооптуу. Вирустар менен бактериялар өзгөчө периштелер тарабынан башкарылып, ыраатталып жана сакталып турат. Алар толук теӊ салмактуулукту сактап туруу үчүн бири-бири менен гармонияда иштешет. Ошондой эле эко-системалар да кокусунан же баш аламан болбостон, көрүнбөгөн руханий макулуктар тарабынан ирээттелип турат, биз аларды «периштелер» деп айтабыз.

БУЗУЛГАН «ПЕРИШТЕНИН» ОКУЯСЫ

Шайтан жөнүндө таптакыр туура эмес түшүнүктөн турган дагы бир эпизод бар. Бузулаардан мурда анын периштелер катарына таандык болгонун айтып, ошого ишенип жүрүшөт. Ыйык Куран бул көз карашты четке кагып, оттуу табияты бар шайтанды жин сыяктуу оттон жаралган жашоонун формасына таандык кылып сүрөттөйт. («Исламдын элементардык окуусу», 12-17-бет, Бишкек – 2008)

Share via